СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адамзаттын мугалими - Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адамзаттын мугалими - Айтматов

Просмотр содержимого документа
«Адамзаттын мугалими - Айтматов»



Сабактын темасы: Адамзаттын мугалими-Айтматов Сабактын максаты: 1. Билим берүүчүлүк максат: Окуучулар Ч.Айтматовдун басып өткөн жолу, өмүрүндөгү урунттуу учурлар, чыгармалары тууралуу билимдерин тереңдетишет жана жалпылаштырат.

2. Өнүктүрүүчүлүк максат: Адамдагы улуу касиеттерди баалай билишет,ой жүгүртүүлөрү, сөз байлыгы өнүгөт, үн кубултуп көрктүү окууга, сахна маданиятына калыптанат.

3. Тарбия берүүчүлүк максат: Адамгерчиликке, жөнөкөйлүккө, жигердүү эмгектенүүгө, адамдардагы асыл сапаттардын ичинен эң негизгиси ата-энени сүйүүгө, өз учурунда баркына жете билүүгө тарбияланат.

Көрсөткүчтөрү:

а) Жазуучунун айрым чыгармаларынын маани-маңызын кандай проблеманы ичине камтыганын билишсе; б)”Адам” деген атка татыктуу болуу кыйындыгын, ак мээнеттин пайдасы акыры жүрүп ирденерин сезе билишсе; в) Ч. Айтматовдун басып өткөн жолуна терең маани берип, аны тушунуктуу ырааттуу баяндап бере алышса.

Сабактын формасы: Изилдөөчүлүк, сахналаштыруу.

Сабактын жабдылышы: Жазуучунун портрети, буклеттер, китептери, учкул сөздөр, Ч. Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган балдардын сурөттөрү, бейне тасмалар.

Сабактын журушу: Уюуштуруу учуру: Кутмандуу күнүңөр менен! Мугалим: Саламатсынарбы, менин сезимдери таптаза, бактылуу балалыктын кучагында жашап жаткан окуучуларым!

Талантыңдын ташкынына таң берем, Талыкпастан эмгектенип тер төккөн. Теңиримдин буйруп берген таланты, Тээ алыскы ааламды да терметкен - дегендей, бугункү биздин кечебиз кыргыздын кылым жазуучусу, ааламдын алпы, жердешибиз Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналат. 1. Адахан: Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Социалистик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республиксынын Баатыры 2. Бегимай: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башка көптөгөн академиялардын ардактуу мүчөсү, дүйнөнүн бир катар университеттеринин ардактуу доктору 3. Эдил: СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Ысык –Көл форумунун президенти, Рим клубунун мүчөсү





4. Нуризат: Ленин жана СССРдин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, Германиянын, Индиянын, Россиянын, АКШнын, Түркиянын, Франциянын, Япониянын Эл аралык сыйлыктарынын лауреаты 5. Асел: Ленин , Эмгек Кызыл туу, 1 даражадагы “Манас” орденинин жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүнун жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын ээси

6.Аулес: Орошон ойчул, абройлуу адабиятчы, кылым кеменгери - Айтматов Чынгыз Төрөкулович 90жашта.

Ч Ы Ң Г Ы З

Алты окуучу “ Чынгыз” деген жазуунун ар бир тамгасын кармап: Чынгыз ким? Чолпону го жылдыздын. Жөпжөнөкөй бир уулу го кыргыздын. Чыңгыз ким ? Чыгып жаткан чыгармасын окусаң, Философтук ойлор жатат тымызын. Чынгыз ким? Көз жетпеген чынар терек. Тынчтык деп, жер бетине ураан салган, Мына ушундай атуулду мен бүгүн, Айткым келет, айткым келет!

1928- жыл 12-декабрь. Айлана аппак түскө боёлуп, дүйнө ак карга тазарып. Кыргыз жеринде кыштын суугу орун алып турган кез. Өзгөчө ушул кыш ызгаардуу болуп, адамдар көр тириликтин маңызынан чыга албай күн кечирүүдө. Бирок ушул ызгаарда Көк асмандан, Көкө Теңирдин колдоосу менен кыргыз жергесине кут түштү. Куттун нуру жер жүзүнө тарап, кыштын күнү жаз күнүндөй чайыттай ачылып, айылдан ааламга наристе үнү жаңырды.

Төрөкул: ( уулун колуна алып)

-“Чынгыз” орток тилибиз болгон түрк элинде “деңиз”, “океан” деген маанини берет, уулум. Андыктан, деңиздей толкуп, океандай чалкып, элге керегиң тие жүрсүн! Чыңгыз, Чыңгыз, Чыңгыз- ушул ысымды сага ыйгардым, сага энчиледим, уулум.

Автор: “Жакшы тилек – жарым дөөлөт” деп бекер айтылбаган экен. Эмесе, алгачкы эскерүүбүздү Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдон баштамакчыбыз. (Атайын даярдалган бейне тасма менен бирге)

Чыңгыз: “ Мен бала кезимде эсимде калган атамдын элеси көз алдыма мындайча тартылат, узун бойлуу, ичке, коюу капкара чачтары артка таралып, кийгени кончу узун булгаары өтүкчөн эле. 1934- жыл. Мен алтыга чыгып калганмын. Атам Төрөкул өз мезгилинин таанымал адамы болчу. Ал көп окуган билимдүү, Жамбулда орус мектебин бүткөн эле. Отуз жашка чыга элек кезинде жооптуу кызматтарда иштеп калган. Фергана өрөөнүндө жер реформасы боюнча кызматкер да болгон. Кийин иши боюнча Москвага котрулуп, бир жарым жылдан кийин бизди чакырды. Ошентип биз 1935-1937-жылдары москвада туруп калдык. 1935- жылдары репрессиялар башталды. Биз Москвада турчубуз, дагы деле тура берсек болмок. Бирок атам апаатты алдын ала туйса керек. Бизди Кыргызстанга кетирүүнун камын көрдү. Биз Фрунзеге да келе албайт болчубуз, ал жерде да массалык репрессия жүрүп жаткан. Биз кайда барабыз? Жалгыз үмүт Маймакта калды. Ал жерден биздин айыл шекер анча деле алыс эмес. 1937- жылы августтун аягында керектүү буюмдарыбызды алып, апам колуна алты айлык Розаны көтөрүп, улуу жолго чыктык. Атам бизди Казань вокзалына алып келди. Вагондон биздин ордубузду таап отургузду. Апам көз жашын тыя албай бышактап, атам болсо эрдин кесе тиштеп, өзүн -өзү бекем карманып турду. Акыры поюз жылды, атам бизди дагы бир жакшылап карап алайын деп поюзду коштоп чуркады. Биз менен коштошуп, кол булгалап кала берди. Ошондо биз атамды эч качан көрбөй каларыбыз эсиме кылт дей түшүп, мен караңгы киргенче ыйладым. Апам менин оюмду сезип эле турду. Мени кантип сооротушту билбей, оор үшкүрүп, башыман сылап акырын шыбырады: “ Бул вагондо жалаң биз эмеспиз, айланайын балам!” деди. Атам менен биз ошентип коштоштук. Ошол 1937- жылдын 1-сентябрын өмүр бою унутпаймын... Ошентип, Ата журтубузга – Шекерибизге карай жол тарттык. Туугандарыбыз бизди тосуп алышты. Ошентип Шекерде жашап калдык...





Автор: Жашоо оор. Ошондой күндөрдүн биринде бир кезде Төрөкулдун колтугуна кирүүгө далбас уруп, жасакерленип жүргөн жигит эсине түшүп, бир жагы өзүнө жумуш издеп Нагима апа Кировкага келет. Ал жигит ошондо көздөгөнүнө жетип, райкомдун катчысы болуп турган экен. Эне турмуш шартын түшүндүрүп, өзүнө жумуш жана баш калкалар жер сурайт. Колунан даам сызып жүргөн соң, терс жооп берүүгө адегенде даабайт. “Анан кел”, “кийин кел” менен бир жыл убара кылат. Дагы бир жолу кезектеги убада боюнча келип, үстүндө киши болгон соң эшигинде күтүп турса, эшик ачылганда көрө коюп:

Райкомдун катчысы: - Сиз дагы эмнеге келдиңиз? Мындан ары келбеңиз! Эл душманынын аялына бере турган бизде жумуш жок!

Нагима: - Ким душман, ким дос экенин мезгил өзу териштирер, деги мейли Төрөкул душман болгон күндө да, анын балдарында эмне айып?! Мен балдарымды багышым керек го!

Райком катчысы: - Бага албасаңар, детдомго тапшыргыла!

Автор: Бир жыл күткөн үмүтү ушундай заар жооп менен талкаланганда, башына таш тийгендей теңселип, араң сыртка чыгат да, эптеп ат байлаган даракка жетип, жыгылып кетпеш үчүн кучактап, буркурап боздойт. Аңгыча желкесинен бирөө сылап:

Бейтааныш адам: - Деги эмне иш келет колуңдан?

Нагима: - Кандай иш болсо да иштейт элем.

Бейтааныш адам: - Анда эртең мага кел.

Автор: Нагима апа бул кишини райондук катчынын бөлмөсүндө отурганын эстейт. Бул немец улутундагы райондук борбордо жайгашкан бир мекеменин жетекчиси экен. Кийинки күнү Нагима Хамзаевна ошол жерге эсепчи болуп орношот. Өз мезгилинин өтө билимдүү аялы Нагима берилген ишти камчы салдырбай иштеп кетет. Аңгыча согуш башталып. Жумушчулар кажет болуп, Жийде калхозуна эсепчи зарыл болгондо аны жумушка чакырышат. 1942- жыл- дын март айында ал балдары менен Жийде айылына көчүп келишет. Айылга келгенден кийин , табиятынан адептүү, маданияттуу аял тез эле элеттиктердин урмат- сыйына татыйт.







Эмесе, кезекти Чыңгыз Айтматовдун апасын эскерүүсүнө берсек.

Чыңгыз: 1971- жыл август айы. Ооруканадабыз. Апам оорусунун айынан кыйналып жатат. Менин көз алдымда азыр 1937-жылы ушул август айында Москвадан түн ичинде келип, биз поездден түшкөн Маймак темир жол станциясы элестеп жатат. Мен ошол караңгы түндө тургандай болуп турам. Апам байкуш ошондо 33 жаштагы жаш келин экен. Төртөөбүздү бүжүрөтүп, канатына калкалап, жөжөлүү тооктой күйпөлөнүп, эки минута токтогон поездден алты айлык эмчектеги Розаны кучагына кысып, үч жашар Люцияны колуна жетелеп, Илгиз экөөбүздү ээрчитип, көтөргөн оор сумкасы менен араң түштү эле. “ Силер туруп тургула, мен кыздарды жарык чыккан үйгө жеткирип келейин” десе, Илгиз экөөбүз тең чырылдап макул болбойбуз. Эптеп түшкөн жерден Маймак станциясынын күтүүчү залына жетип түнөгөнбүз. Ошол түнү апамдын да башына түшкөн кара түн тура. Биз үчүн кандай азаптарга чыдады. Ошонун баарын эч кимге билгизбей , ичинен сызып унчукпай көтөрдү. Эми гана жаңы турмушубуз оңолгондо ушинтип кете береби! -Апа, кечир мени, сени ажалдан алып калуу үчүн эмне гана кылбадым. Бирок, шум оору сени алып тынды. Эне – бул мекендин башталышы, эне – бул эне тил, эне – эне сүтү менен кошо сиңген абийир.

-Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын, сенин кай жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам – Төрөкул Айтматов, сага арнаймын. Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың, сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам - Нагима Айтматова, сага арнаймын.

Автор: Мына ата-энесинин урматына Айтматов белгилүү “Саманчынын жолу” повестин арнаган экен. Кийин жазуучунун чыгармачылыгы гүлдөп турган убагында 1988-жылы 60 жылдык юбилейинде Кара –Буурага келгенинде, элине кезиккенде эң биринчи өтүнүчү “ Мени Маймак станциясына алып баргылачы” деген сөзү болду. Чыңгыз Төрөкулович жакшы күндөрдө да, өзүнүн бактылуу доорунда да бул станцияны унуткан жок. Анткени, атасыз калган Маймак станциясы жоготуунун символу болуп эсинде калса керек.

(Сахналаштыруу) Автор: Мектеп – балалыктын бешиги, рухий байлыктын ууз эмгеги. Турмуштун оор дөңгөлөгүнө жанчылып, ал эми мизи кайта элек Чыңгыздын балалык кыялдары алда кайда алып-учуп , чогуу окуган классташтары менен бүгүн пионерге өтөм деп, көңүлү көтөрүңкү. Пионерге өтчү балдарды солдаттардай каз-катар тизип, улам кезеги менен, улам кезеги менен аты-жөнун айтып. Бир-бирден алдыга чакырып жатышты. Мойнуна тагылган кызыл жагоого эдирее тушкөн бала. “Даяр бол!” – деген буйрукка,колун чекесине тийгизип , мурдатан үйрөнүп алган: “Дайым даярмын!” – деген жообун айтып, чыкчырылат.





Класс жетекчи: (Асель) - Айтматов Чыңгыз! (фамилиясы окулганда, Чыңгыз жерди оё тээп, эки кадам алдыга чыкты. Райондон келген өкүл: (Жакан) - Бул кимдин баласы? Класс жетекчи: (Бир аз буйдала түшүп, бир нерсеге кабатырлангандай бошон унчукту) - Төрөкул Айтматовдун уулу. Мыкты окуйт. Райондон келген өкүл: - Эмне , саясий сокурсуңарбы? Контрдын баласы экенин унуттунарбы? Муну пионерге өткөргөндөй, менин башым экөө эмес. Токтоткула! Автор: Чыңгыз үчүн жер астын-үстү боло түштү. Өзун бир саамга жоготуп койду. Бирге окуган, азыр эле чогуу ойноп жүргөн, катарлаш турган классташтарынын арасынан бөлүнүп чыга албай, башын шылкыйтып, буттарын араң шилтеп, артка бурулду... Мектептен арыраак жерде бир булак боло турган. Аны “Бото көз булак” деп атап коюшчу. Кийинчирээк “Чыңгыз булак” деп да жүрүшөт. Чыңгыз ошол “Бото көз булакка” бет алды. Булакка жетип- жетпей , буркурап ыйлап жиберди. Баланын бешенесин сылай турган, көңүлүн улай турган эч ким жок эле. Мектеп жактан “Даяр бол!”, “Дайым даярмын!” – деген шаңдуу ундөр угулуп жатты. Ал-ансайын Чыңгыз өпкө-өпкөсүнө батпай өрөпкүп ыйлап, “Бото көз булакка” муңун төгөт. Булактын суусу жерден оргуп чыгып жатса, Чыңгыздын жашы журөгүнөн сызылып чыгып жатты. Суу да, баланын көз жашы да туптунук эле... Адамга аткан октон өткөн душман жок. Жаза атсаң- өтүп кетет, таамай атсаң- тешип кетет. Тыгыны жок кулактан кирген сөз, биринен кирип, биринен чыгып кетпей, эки кулактан тең куюлуп кирип, өмүр бою жүрөгүндө эн тамга болуп басылып, дабасыз дартка айланып каларын, создон күчтүү эч нерсе жок экенин бала Чыңгыз ошондо биринчи жолу түшүндү. Ал окуучулардын сабактан тараарын күттү. Күндүн батышын күттү. Чыңгыз: - Эми айылга кантип барам? Балдар менен чогуу кантип барам? Апама да “бүгүн пионерге өтөм” деп койдум эле, эми эмне деп жооп берем. Өзү араң жургөндө... Бекер айтыпмын!.. Байкуш апам... Автор: Чыңгыз оор үшкүрүнө, солугуп отуруп калды. Көөдөнүнө жык толгон ызасы бошой түшкөнсүдү. Ый да адамга жардам берерин бала Чыңгыз ошондо сезди. Көрсө, адамдар бири-бирине сөз менен жеткире албаган арманын ыйдан, көз жаштан чыгарат тура. Бул убакта кубанычтары койнуна батпай, жол катар ойношуп, үйлөрүнө келген балдар, ата-энелерине сүйүнчүлөп:



Бейтааныш бала: - Апа, мен пионепге өтуп келдим! Эми дайыма кызыл жагоо тагынып жүрөм. Апасы: Айланайын сенден! Мына, чоңоёт деген ушул. Көлөкөм, берекем! Кудай ак жолуңду ачсын! Бала: Апа, Чыңгызды пионерге өткөрбөй коюшту... Апасы: Ботом, анчалык эмне болуп кетти? Бала: - Атаң эл душманы деп... Апасы: - Балада эмне жазык! Шордуу Нагима, шору көп экен да... Автор: Ошол кечте ар үйдө ушундай кептер айтылып жаткан эле... Чыңгыз: - “Бото көз булак”, эч болбосо, сен айтчы, атам кайда? (ыйлайп) “Бото көз булак”: - Кой Чыңгыз ыйлаба! Ыйлаган – жеңилгендик! Мокобо! Мына көрүп турасын го, мен да жер астынан жаңы эле чыктым, али эч булгана элекмин. Андан көрө бетиңди жуу, тазалан! Көрөсүң, баары жакшы болот. Сен жашсың, сенин келечегиң али алдыда! Чыңгыз: - Ата, кайдасың?! (кайгылуу музыка коштойт)

Автор: 1942-1943-жылдын кышы. Согуш запкысы кыйнап заарын чачып турган өзгөчө кысталыш учур. Айылдагы ишке жараган күч берер эркектердин баары майданда. Бир күнү Чыңгызды айыл башкармасы Кабылбек өзүнө чакыртат.

Башкарма: Ии, кана айтчы, канча жаштасың?

Чыңгыз: Он беш жаштамын

Башкарма: Ап, баракелде, он беш жашымда мен бир короо койду бакчумун. Кат тааныйсыңбы?

Чыңгыз: Ооба, тааныйм.

Башкарма: Болду анда! Калкоско кат сабаты жоюлган, ыйман- адептүү бирөө керек эле. Сенден башка эч ким жок. Баары бронтко кеткен. Бизге болсо ишке жарабаган кары- картаңдар менен бала-бакыралар гана калды. Ырас болбодубу, сен бар экенсиң. Окууңду кийин деле улантасың, айылга катчы бол! Макулбу?

Чыңгыз: Жакшы, иштеп көрөйүн, балким иштеп кетем. Ошентип, ошол катаал жылдарда фронтто курман болгондордун кабарын билдирген “кара кагазды” маркумдун үй-бүлөсүнө тапшыруу иши да менин мойнума жүктөлдү. Мен бул жумуштан оңбогондой оор азап чектим. Аптасына кара кагаздан биздин айылга жок дегенде эле экөө келчү. Кээде кат бергенимде, алар сүйүнүшчү. Ал эми өлүм кабары келгенде... (башын чайкап) Айылдан бирөөгө ошондой кара кагаз келсе, адегенде айыл аксакалдарына барып, иштин жайын тушүндүрчүбүз. Анан алар курман болгондордун жакындарын чогултуп алып, кеңешип –кесип, мени менен кошо маркумдун үйүнө барышчу. Мен үй-бүлөсүнө кара кагазды окуп берчүмүн. Коңшу-колоң тууган –туушкандардын баары чогулуп, кыйкырык-өкурүк, ый башталчу. Кулагым ыйга



тунуп калчу... Кийин өзүмчө, “ Эмне үчүн кара кагаздарды дайыма мен тапшырам? Эмне үчүн күндө эле элге жамандыктын кабарчысы болуп, басып келем? Анан эмне үчүн аны окуп бергеним аз келгенсип, ушундай азап-тозоктун күбөсү болуп карап турам?”- деп ойлончу болдум. Анысы аз сыяктанып, үйүнө жакындап келе жатсам, адамдар кооптоно башташат да, “ Биздикине кирбе! Жогол! Кетип калчы деги, кетчи! Келсең эле жамандыкты алып келесиң! Үйгө каран түн түшүрөсүң! Жогол! Кет,кет!”-деп алыстан кыйкырышчу. Ошондон кийин, Шекер айылындагы бала чактагы досум Сейтаалы Бекмаматов мени “ орусчаны жакшы билесиң, менден качып кутулам деп ойлобо, мектепке келип орус тилинен сабак бер” деп калды. А кезде ал мектеп директору болчу. Макулдугумду берип, ал жакка кезерип, жөө барып, жолдон Күркүрөө суусун да кечип өтүүгө мажбур болдум.

Биринчи мугалимди” ошол Арчалуудагы кыска мөөнөттүк мугалимдигимден алган таасирлерим менен жазгам” Ошентип согуш аяктады. 1945-1946-жылдары Жийдеде мектеп жогунан улам Пакровка деген жердеги орус мектепке барып, билим алдым. Андан соң Жамбул шаарындагы Ветеринардык техникумга кирип, аны жалаң “беш” деген баага окуп, ийгиликтүү бүткөрдүм. 1948-жылы Фрунзедеги К. Скрябин атындагы Айыл чарба институтуна кабыл алынып, студенттик жашоону дагы беш жылга узарттым.

Мугалим: Эмесе кезекти, Айтматовдун кандай адам болгондугу, уй-бүлөсү, ата-теги, жубайы, балдары тууралуу маалыматты экран аркылуу бейне тасмадан көрө аласыздар. (Бейне тасма көруп жаткан учурда окуучулар төмөнкү маалыматты берип турушат)

Бегимай: Айтматовдун атасы -Төрөкул Айтматов. Көрүнүктүү партиялык кызматкер болгон. Ал 1937-жылы жалган жалаа менен камалып 1939-жылы 5-ноябрда репрессияга дуушар болуп атылып кеткен. 1957-жылы 15-июнда кайрадан акталып 1990-жылы анын сөөгү Чон-Таштан табылып Ата-Бейитке коюулган.

Аулес: Энеси татар кызы-Нагима Хамзаевна. Билимдүү, маданияттуу, сөзмөр аял болгон. Убагында бухгалтер болуп иштеген.

Нуризат: Чоң атасы- Айтмат Кимбилдиев. Эл ичинде уста, бычмачы, тикмечи болгон.

Аделя: Чоң апасы- Айымкан Сатаалы кызы. Сөзмөр , жомокчу, эски ырлар менен уламыштардын өзүнчө бир кенчи болгон.

Асель:Таятасы - Хамза Абдувалиев, Атактуу ишкер, Ал кыргыздын мал менен соода кылган адамдары менен мамиле тузүп, Караколдун түштүк жагына тери заводун курган.





Хамид: Таэнеси -Газиза апай Абдувалиева.Тектүү, мартабалуу, даражасы бийик адамдын кызы. Орто бойлуу, келишимдүү, ак жүздүү, мурду кырдач, көздөрү чоң, сурмалуу, токтоо, оор басырыктуу кыз болгон.

Садык: Бир туугандары: иниси Илгиз, карындаштары Люция, Роза.

Эдил: Кичинесинде Ч.Айтматов орусча, кыргызча мектептерде окуган. Алгач Жамбыл шаарындагы ветеринардык техникумга тапшырып, андан соң азыркы Бишкек шаарындагы айыл чарба инстутутун бутүргөн. Кесиби зоотехник.

Адахан: Дуйнөдө өткөн эки Чынгыз, Бири монгол, бири кыргыз. Биринин кылычынан кан тамган, Биринин калеминен бал тамган.

1-окуучу. Күркурөө башы Манас тоо Ак кар, көк муз ээлеген Атактуу Чынгыз атабыз Шекер айылын жердеген.

Ким тааныбайт. Айтматов Чынгызды, Кыргыз учүн көктө жанган жылдызды Жер жүзунун бут элине таратты Атын данктап улуу кылып кыргызды.

Ажайып жер улуу журт болсо кыргыз Ааламдан бир жаралып келди жылдыз Дуйнөгө кыргыз элин жери менен Бир көтөрүп кайра ааламга кетти Чынгыз.

2-окуучу: Чынгыз Айтматовдун адабиятка болгон кызыгуусу эрте ойгонот. Адегенде студент кезинде Мисалы: Бубенковдун “Ак кайын” романын которот.”Газетчи Дзюйо” деген япон баланын турмушун чагылдырган ангемесин жазуу менен өзунун чыгармачылык жолун баштайт. “Ашым”, “Ак жаан”, “Тунку суугат”, “Асма көпурө”, “Атадан калган туяк”,“Бото коз булак” жазуучунун алгачкы аңгемелери.

3-окуучу: Повесттери: “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Жамийла”, “Көздөн учкан көк жээк”, “Кызыл алма”, “Делбирим”, “Гулсарат”, “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”, “Дениз бойлой жорткон Ала Дөбөт”, “Кызыл алма”.

4-окуучу: Романдары: “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”,”Кассандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда”,

5-окуучу: Кыргыз элин “Манас” эпосунан кийинки дуйнөгө тааныткан Чынгыз Айтматов. Анын чыгармалары бутундөй адамдын жан дүйнөсүн изилдеп, журөгүнөн түнөк тапкан чыгармалар.





6-окуучу : Кыргыз аялдарынын образдарын чыгармаларында таамай көрсөтөт. Толгонай, Жамийла, Сейде согуш убагындагы аялдардын тагдырын чагылдырат. Толгонай жөнундө сөз болгондо, Майсалбектин катын айтпай коюуга болбостур.

Майсалбектин каты” ( Адахан сахналаштырып көркөм айтат)

7-окуучу: Ч.Айтматовдун “Кыямат” чыгармасындагы “Моюнкум трагедиясы”-адамзат менен табият проблемасын чагылдырат.

Көркөм окуу: М.Осмонкулова

Акбаранын ыры

Бөрүлүгум ырыас бирок энемин, Бөөдө кырсык басып дайым келемин. Айткандары чын болсо эгер канакей, Адамдардын аалам чексиз дегени?

Түрдүу жорук дүңгүрөтүп денени, Жок дегенде аяшпайбы энени. Күнөөсү жок бөлтүрүктөр эле го, Көз алдымда олуп жатакан береги.

Моюн сунбай тагдырыма эгерим , Моюнкумдан качып келген себебим, Койну кенен касиеттүү Ысык- Көл, Колтугуна катып алат дегенмин.

Айбан элем, бирок жырткыч болбогом, Болгон айыбым тукумумду коргогом. Айлам куруп ай талаада калаарда, Адам уулун багайын деп ойлогом.

Ак тилек да ара жолдо таш капты, Алар неге баланы атты, мени атты? Адам- Кудай амиринин күчүнөн, Аалам тарып, асман түшүп келатты...

8-окуучу: Жаз мезгили. Бул мезгил мага абдан жагат. Тиричилик жанданып, жерге жашоо кирет.”Жаздын бир күнү бир жылга тете”. Себеби ал жаз менин өмүрүмдө өзгөчө оорунду ээлейт. Ал 1942-жылдын жазы эле. Элет балдарынын эрдиги “Эрте келген турналар” чыгармасында берилет.

С.Бейшекеев “Махабат дастаны” ырын ырдашат. (Слайддын коштоосунда)

9-окуучу: Мен мугалимди келечектин жарыгы деп эсептейм.

Мугалим: Устат-бул мугалим

Ар мезгилдин өзүнүн Баатыры болот элинде



Эл баатыры деп Дүйшөндү Эсептейсин дилиңде

Баарыбыздын биринчи мугалимибиз болгон, аны сыңарындай Чыңгыз агабыздын “Биринчи мугалим” повестиндеги Алтынайдын да биринчи мугалими Дүйшөн экени баарыбызга маалым . Ал повесть убагында сахналаштырылып, көптөгөн театрларга коюлган. Бул тууралуу Чыңгыз агабыз мындайча эскерет: “Бринчи мугалимди” Арчалуудагы кыска мөөнөттүк мугалимдигимден алган таасирлерим менен жазгам. Арчалуудагы балдарга 1943-жылдын кыш айларында сабак бердим. “Биринчи мугалимдеги” окуялар илгерирээкки мезгилди – жыйырманчы жылдарды чагылдырат. Бул да башка бир мезгилдин, башка бир коомдун драмасы. Бирок, суу мурун баланын мугалим болгондогу сезимдерин жакшы билем. Арчалуудагы мугалимдик кылып жыйнаган тажрыйбам буга себепкер болгон”. (Ч. Айтматов “Асыл ой берметтери” 27-бет ) ( Чыгармадан үзүндү )

Катышуучулар:

Дүйшөн - Адахан Алтынай - Асел Алтынайдын акеси - Аулес Алтынайдын жеңеси - Мадина Дүйшөндүн окуучулары

Дүйшөн: О, жеңе. Иш илгери! Мына, бул балдар болуп баарыбыз конокко келдик! Жеңеси : Келгиле, Дүйшөн: Кана эмесе, бугун окуу башталат. Кызыңар нече жашта? Алтынай, жашын канчада? Жеңеси: Мунун жаш-пашын эмне кыласың? Буга окшогон томаяк куу жетим эмес, нанды “на-на” деп жургон аталуу, энелүү эркелер да окубай жүрөт. Тетиги ээрчиткен балдарды эле окутуп ал, мында ишиң болбосун! Дүйшөн: Бул эмне дегениңиз. Жетим деген кудайга жазыптырбы! Жетим кыздар окубасын деген закон бар бекен? Жеңеси: Закун-пакунуң менен ишим жок. Дүйшөн: Байкап сүйлөңүз. Бул кыз сизге кереги жок болсо, кеңеш өкмөтүнө керек! Жооп берип калып жүрбөңүз! Жеңеси: Ой, сен каяктагы чоң элең? Багып жүргон кызды мен билемби, же жериңден ооп тентип келген сен билесиңби? Бул иштин аягы эмне болуп бүтөрун кудай билсин!

Акеси: Эй, катын! Сен качантан бери элди башкарып билерман болуп кеткенсиң. Көп сүйлөбөй ишиңди кыл. Айда, Таштанбектин баласы, чатагыңды кой, алып кет кызды мектебиңе, окутасыңбы- чокутасыңбы, айда, чатагың керек эмес, алып кет... Жеңеси: Муну мектепке берип коюп, сокуну ким жанчып, жаргылчакты ким тартат экен! Акеси: Жап жаагыңды калжырабай! Дегеним деген, айттым бүттү!...



(Мына ушинтип жатып, Алтынай биринчи жолу мектепке барды)

10- окуучу Алтынайдын монологу



11-окуучу: Айтматовдун "Делбирим" повесттин алып көрсөк. Башкы каармандар Иляс менен Асел . Тагдыр ал экөөнү кошкон эмес. Алар бат эле табышып, кайра эки жолго түшүшкөн.

Өзгөчө салат кейишке Иляс менен Асел кыз Таш боор, тагдыр айынан Журөктөр калды айыккыс.

Көркөм окуу: Илястын монологу

Кош Асел. Кош бол сулуу жалжалым, Кетип жатып коштошо да албады. Кайра менин келбешимди билгенде, Жер которуп мен Долондо калбадым.

Түшүнбөдук бирибиз бирибизди, Айталбадык жүрөктөгү кирибизди. Долонду тайгак жолго буруп салды, Түбөлүк бирге басчу изибизди.

Кош бол эми, айланайын Саматым, Бир кездерде болгон элең канатым. Азыр болсо жатыркайсын алыстан, Не кыйнадың, өз атаңды чанасың.

Эске түшөт көлдө сүзгөн бир ак куу, Жалгыз эле бир калыпта чайпалат суу. Ошондо сезбептирмин азыр сездим, Ал дагы жалгыз гана мен сыяктуу.

Кетип жатам, Памирге издеп таалай, Баратамын силерге бакыт каалай. Кош Асел, кош бол, уулум, кош бол, Долон! Мындан кийин ак сүйүүнү журөм баалай.

12-окуучу: “Жамийла” повестин алып көрөлү. Жамийла эркин, кайраттуу кыз. Эмгекчил боорукер, ал бактылуу болууга тийиш.

Көркөм окуу: Сейиттин кундөлүгүнөн үзүндү.

Кызыл беле, жашыл беле, көк беле Боёкторум болгон эмес көп деле Жамийланы тарттым сүйгөндүгүмдөн Тартып койдум анан көпкөк көктү эле

Ал ырдаса тунуп барат теребел Анткен менен ырдай бербейт көп эле Ашыктыктын ырын созот муңканып Анда санда карап коюп жеңемди



Мен анчалык сүйө бербейм анысын Жеңемди эле тиктей берет ай ушу Кээде четте карап турат кусалуу Улан кыздар ойноп жүрсө алышып

Деги кызык. Даниярдын мүнөзү Көп эл билбейт кайдан келген ким өзу Кээлер айтат биздин тууган экен деп Кээлер айтат кыйын деги бүлөөсүз

Данияр жок кетти бир күн айылдан Туркун жака кетти дешти ал курган Баарыбызды чуу түшүрүп билгизбей Аны менен кошо кетти Жамила

Ыйлап алдым, жашып алдым чөпкө мен Унута албай жеңекемди көпкө мен Тарттым анан ал экөөнү бактылуу Жашыл менен кызыл менен көк менен.

13-окуучу: Билесиңби, Айтматовдун ааламында автордун “Ысык-Көлдүн куту жана куну” деген көлөмдүү аңгемеси бар.

Автордун “Ысык-Көлдү сагынуу” ( Бий)

14-окуучу: Ч.Айтматовдун “Манас атанын Ак кар, Көк музу” өзүнүн туулуп өскөн айылы Шекер жөнүндө жазылган. Ааламга кеткен жол - айылдан башталат.

Көркөм окуу: Шекер жана Аалам (М. Жакыпбеков)

ШЕКЕР жатты ааламга балын чачып, Аалам жатты Шекердин балын татып. ААЛАМ менен ШЕКЕРГЕ суусап келем, Кечкен сайын кечүүсүн, каным катып.

Даңканына жер айлана арытып, Деңиз бойлойт АЛА ДӨБӨТ жарышып. Көздөн учуп, көлдө барат АК КЕМЕ, Ар бир күнуү КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТЫП.

Аптап өтсө, АК ЖААН бар канчалык, Айыл түзгө, ТҮНКҮ СУГАТ жан салып. Паритеттер САМАНЧЫНЫН ЖОЛУНДА, ЖЕР ЭНЕНИН этегине даң салып.





БОТО КӨЗҮН жайнатып, булак турат, Чаңкап келип, АПТАПТА сары ат турат. БЕТМЕ-БЕТ , тике турган улуу эрдик, БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕН калган туяк.

Тээ бийикте жетпей адам санаты, Кыз колунда КЫЗЫЛ АЛМА манаты. ЭРТЕ ЖАЗДА КАРКЫРАЛАР кайтышат, КЫЯМАТКА кылыч болуп канаты.

МАНАС бар, ак кар кок муз кете элек, Тоолорунда торгой ОБОН безелеп. БАХИАНА бара жатат батышка, ЧЫҢГЫЗХАНДЫН ак булутун жетелеп.

асыл агартуучу

алдыңкы аалам

аздектүү адабиятчы

абийирдүү аксакал

аброюу асмандаган адам

ашкере акылман адам

акылман, айкөл

адабияттан алкыш алган ата

Элхан: Ааламга жарык тараткан, Акылмандарды караткан. Чыгармаларын уктунар, Айтматов Чынгыз жараткан.

Чогуу айтышат: Төрөкулдун Чыңгызы - кыргызымдын Жылдызы!

Мугалим: Азаматсынар! Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде кайталангыс кинофильмдер жаралды, сүрөтчүлөрдүн кыл калеминен сырдуу сүрөттөр тартылды. обончуларыбыз , композиторлорубуз сыйкырдуу обондорду жаратты, сахнада керемет драмалардын бет ачары болду, каармандарды чындыкка айланткан скульптуралык галлереялар түзүлдү, жүздөгөн илимий эмгектер жаралды.

Даанышман өтөт - сөз калат” дегендей мына бугун ошол адам жок.





Аалам бугун канатынан кайрылды, Аза кутуп, арман түтөп кайгырды. Ала Тоонун ак кар, көпкөк музу эрип, Адамзаттын элчисинен айрылды.

Кандай гана керемет улуу адам көз жумду! Кандай гана керемет улуу тоо кулап түштү! Кандай гана керемет өмүр токтоп калды! Кандай гана керемет акыл-эс ойлонбой калды! Кандай гана керемет кол калем кармап жазбай калды!

Эми ошол кол менен жазылар кандай гана керемет чыгармаларды адамзат окубай калды! Демек, кандай гана улуу адам болсо да, өлум андан улуу тура! “Сильва” борборунун президенти А. Темиралиевдин: “ Кантсе да, бул адам күчтүү адам, бул адамдыкындай күчтүу журөк жок белем! - деп таң калганын билдирип буларды айткан: Мен Чыңгыз ага 1963- жылдагы Лениндик сыйлык алаган күндөн бери ушул каза болгонго чейин дүйнөнун кайсы жерин, качан барганын бүтүндөй эсептеп чыктым. Чыңгыз агабыз ошондон бери 45жылдын ичинде расмий визиттери менен дүйнөнүн 98 өлкөсүн кыдырып журүп. Жер шарын 75 ирет айланыптыр. Бул жолдун узундугу 2млн 100 километрдей болот экен. Ушунча аралыкты Чыңгыз агабыз самолет менен басып өтүптүр. Караңызчы, мен үчүн Чыңгыз аганын жүрөгүндөй жүрөк жок экен деп ойлоп жатам. Анткени самолет менен ушунча аралыкты учуу үчүн дасыккан учкучка да медиктер уруксат бербей келет.” – деп эскерет. ( Эскерүүлөр. Сулайман Рысбаев)

14- окуучу: “.. Бөтөн жерде... Нюрнбергде... Оорукананын бир бөлмөсү... Дүйнөнун акыркы аялдамасы бул жер... Кыргыздардын капкараңгы түнүндө аткан таңы бул бөлмөдө батты. Чыгышта күйгөн жарык батышка барып бул бөлмөдө өчтү. Бир кылымга жакын, көк асманда кайкып учкан куштун акыркы ыры ушул бөлмөдө ырдалды. Океандын чексиз тоодой толкундары ушул бөлмөдө токтоду. Эч ким жашабаган ээн талааларды жаңырткан үн ушул бөлмөдө басылды. Адабиятыбыздын чолпон жылдызы ушул бөлмөдө өчтү. Ысык- Көл- жердин бермети асманды мелтиреп тиктейт, бирок, Айтматовду көрө албайт. Сары-Өзөктун талааларында поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттайт, бирок ичинде Чыңгыз Айтматов жок... Кош... Кош,” Гулсары”, “Кылым карытар бир күн”, “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”, “Чынгызхандын ак булуту”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”... Кош... Кош, “Кызыл жоолук жалжалым”!...





Мугалим: Ооба, Жер Эне, Бугу Эне, Бөрү - Ана, Найман Эне мына ошондой Улуу уулунан ажырады. Чындыгында ар улутка, ар качан генийлер келе бербейт эмеспи. Кыргыз эли ошондой генийинен ажырады. Ошентсе да, анын улуу сабактары калды. Залкар инсанга жеке кыргыз эли эмес, дүйнө эли талантына таазим этип, баа беришкен. Учурда дүйнө эли Ч.Айтматовдун 90жылдык маарекесин белгилеп келет. Быйыл 2018-жылды Түрк дуйнөсу “Айтматовдун жылы” деп белгиледи. Арман дүйнө ! Бир кем дүйнө деген ушул экен. “Өмур бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин “ демекчи ,анын көзу өтсө да, ар бир сөзү жүрөгүңөрдун тупкүрунөн орун алат деп ишенем. Бүгункү сабагыбыз Айтматов ааламынын бир гана учкуну. Анын ааламы чексиз. Биз дагы анын өмрун, чыгармаларын тереңдетип окуйбуз. Мен ойлойм, Айтматовдун экинчи өмүрү эми гана башталды...

Чогуу айтышат: Улутум - Кыргыз! Атам - Манас! Уулуң - Чыңгыз! Жерим - Талас!

Хор: “Таласым”

































Сабактын темасы: Адамзаттын мугалими-Айтматов Сабактын максаты: 1. Билим берүүчүлүк максат: Окуучулар Ч.Айтматовдун басып өткөн жолу, өмүрүндөгү урунттуу учурлар, чыгармалары тууралуу билимдерин тереңдетишет жана жалпылаштырат.

2. Өнүктүрүүчүлүк максат: Адамдагы улуу касиеттерди баалай билишет,ой жүгүртүүлөрү, сөз байлыгы өнүгөт, үн кубултуп көрктүү окууга, сахна маданиятына калыптанат.

3. Тарбия берүүчүлүк максат: Адамгерчиликке, жөнөкөйлүккө, жигердүү эмгектенүүгө, адамдардагы асыл сапаттардын ичинен эң негизгиси ата-энени сүйүүгө, өз учурунда баркына жете билүүгө тарбияланат.

Көрсөткүчтөрү:

а) Жазуучунун айрым чыгармаларынын маани-маңызын кандай проблеманы ичине камтыганын билишсе; б)”Адам” деген атка татыктуу болуу кыйындыгын, ак мээнеттин пайдасы акыры жүрүп ирденерин сезе билишсе; в) Ч. Айтматовдун басып өткөн жолуна терең маани берип, аны тушунуктуу ырааттуу баяндап бере алышса.

Сабактын формасы: Изилдөөчүлүк, сахналаштыруу.

Сабактын жабдылышы: Жазуучунун портрети, буклеттер, китептери, учкул сөздөр, Ч. Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган балдардын сурөттөрү, бейне тасмалар.

Сабактын журушу: Уюуштуруу учуру: Кутмандуу күнүңөр менен! Мугалим: Саламатсынарбы, менин сезимдери таптаза, бактылуу балалыктын кучагында жашап жаткан окуучуларым!

Талантыңдын ташкынына таң берем, Талыкпастан эмгектенип тер төккөн. Теңиримдин буйруп берген таланты, Тээ алыскы ааламды да терметкен - дегендей, бугункү биздин кечебиз кыргыздын кылым жазуучусу, ааламдын алпы, жердешибиз Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналат. 1. Адахан: Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Социалистик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республиксынын Баатыры 2. Бегимай: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башка көптөгөн академиялардын ардактуу мүчөсү, дүйнөнүн бир катар университеттеринин ардактуу доктору 3. Эдил: СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Ысык –Көл форумунун президенти, Рим клубунун мүчөсү





4. Нуризат: Ленин жана СССРдин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, Германиянын, Индиянын, Россиянын, АКШнын, Түркиянын, Франциянын, Япониянын Эл аралык сыйлыктарынын лауреаты 5. Асел: Ленин , Эмгек Кызыл туу, 1 даражадагы “Манас” орденинин жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүнун жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын ээси

6.Аулес: Орошон ойчул, абройлуу адабиятчы, кылым кеменгери - Айтматов Чынгыз Төрөкулович 90жашта.

Ч Ы Ң Г Ы З

Алты окуучу “ Чынгыз” деген жазуунун ар бир тамгасын кармап: Чынгыз ким? Чолпону го жылдыздын. Жөпжөнөкөй бир уулу го кыргыздын. Чыңгыз ким ? Чыгып жаткан чыгармасын окусаң, Философтук ойлор жатат тымызын. Чынгыз ким? Көз жетпеген чынар терек. Тынчтык деп, жер бетине ураан салган, Мына ушундай атуулду мен бүгүн, Айткым келет, айткым келет! Автор: Айтылуу Байтик баатыр Сары- Өзөн Чүйгө чоң той берет. Ошол тойго Айтмат өзү менен кошо Төрөкулду ээрчитип барат. Той бүтүп, конокторду узатар мезгил келет.

Байтик баатыр: (ордунан обдула тура калып) - Айтматты эшикке өзүм узата чыгайын.

Байбичеси: - Сиз отура берсеңиз кантет, байым? Автор: Ордунан туруп калган соң, Байтик баатыр узатууну жөн көрөт. Байтик баатыр: (эшиктен кирип келген соң) - Аттиң ооматым ооду, ырысым өтүп кетти Айтматтын кара баласына.

Автор: Көрсө, жашоодо биз этибар албаган майда нерселердин да тагдыр жашообузда таасири зор болот бейм... Ошентип Төрөкул тегине оомат ооду. 1928- жыл 12-декабрь. Айлана аппак түскө боёлуп, дүйнө ак карга тазарып. Кыргыз жеринде кыштын суугу орун алып турган кез. Өзгөчө ушул кыш ызгаардуу болуп, адамдар көр тириликтин маңызынан чыга албай күн кечирүүдө. Бирок



ушул ызгаарда Көк асмандан, Көкө Теңирдин колдоосу менен кыргыз жергесине кут түштү. Куттун нуру жер жүзүнө тарап, кыштын күнү жаз күнүндөй чайыттай ачылып, айылдан ааламга наристе үнү жаңырды.

Төрөкул: ( уулун колуна алып)

-“Чынгыз” орток тилибиз болгон түрк элинде “деңиз”, “океан” деген маанини берет, уулум. Андыктан, деңиздей толкуп, океандай чалкып, элге керегиң тие жүрсүн! Чыңгыз, Чыңгыз, Чыңгыз- ушул ысымды сага ыйгардым, сага энчиледим, уулум.

Автор: “Жакшы тилек – жарым дөөлөт” деп бекер айтылбаган экен. Эмесе, алгачкы эскерүүбүздү Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдон баштамакчыбыз. (Атайын даярдалган бейне тасма менен бирге)

Чыңгыз: “ Мен бала кезимде эсимде калган атамдын элеси көз алдыма мындайча тартылат, узун бойлуу, ичке, коюу капкара чачтары артка таралып, кийгени кончу узун булгаары өтүкчөн эле. 1934- жыл. Мен алтыга чыгып калганмын. Атам Төрөкул өз мезгилинин таанымал адамы болчу. Ал көп окуган билимдүү, Жамбулда орус мектебин бүткөн эле. Отуз жашка чыга элек кезинде жооптуу кызматтарда иштеп калган. Фергана өрөөнүндө жер реформасы боюнча кызматкер да болгон. Кийин иши боюнча Москвага котрулуп, бир жарым жылдан кийин бизди чакырды. Ошентип биз 1935-1937-жылдары москвада туруп калдык. 1935- жылдары репрессиялар башталды. Биз Москвада турчубуз, дагы деле тура берсек болмок. Бирок атам апаатты алдын ала туйса керек. Бизди Кыргызстанга кетирүүнун камын көрдү. Биз Фрунзеге да келе албайт болчубуз, ал жерде да массалык репрессия жүрүп жаткан. Биз кайда барабыз? Жалгыз үмүт Маймакта калды. Ал жерден биздин айыл шекер анча деле алыс эмес. 1937- жылы августтун аягында керектүү буюмдарыбызды алып, апам колуна алты айлык Розаны көтөрүп, улуу жолго чыктык. Атам бизди Казань вокзалына алып келди. Вагондон биздин ордубузду таап отургузду. Апам көз жашын тыя албай бышактап, атам болсо эрдин кесе тиштеп, өзүн -өзү бекем карманып турду. Акыры поюз жылды, атам бизди дагы бир жакшылап карап алайын деп поюзду коштоп чуркады. Биз менен коштошуп, кол булгалап кала берди. Ошондо биз атамды эч качан көрбөй каларыбыз эсиме кылт дей түшүп, мен караңгы киргенче ыйладым. Апам менин оюмду сезип эле турду. Мени кантип сооротушту билбей, оор үшкүрүп, башыман сылап акырын шыбырады: “ Бул вагондо жалаң биз эмеспиз, айланайын балам!” деди. Атам менен биз ошентип коштоштук. Ошол 1937- жылдын 1-сентябрын өмүр бою унутпаймын... Ошентип, Ата журтубузга – Шекерибизге карай жол тарттык. Туугандарыбыз бизди тосуп алышты. Ошентип Шекерде жашап калдык...





Автор: Жашоо оор. Ошондой күндөрдүн биринде бир кезде Төрөкулдун колтугуна кирүүгө далбас уруп, жасакерленип жүргөн жигит эсине түшүп, бир жагы өзүнө жумуш издеп Нагима апа Кировкага келет. Ал жигит ошондо көздөгөнүнө жетип, райкомдун катчысы болуп турган экен. Эне турмуш шартын түшүндүрүп, өзүнө жумуш жана баш калкалар жер сурайт “Анан кел”, “кийин кел” менен бир жыл убара кылат. Дагы бир жолу кезектеги убада боюнча келип, үстүндө киши болгон соң эшигинде күтүп турса, эшик ачылганда көрө коюп:

Райкомдун катчысы: - Сиз дагы эмнеге келдиңиз? Мындан ары келбеңиз! Эл душманынын аялына бере турган бизде жумуш жок!

Нагима: - Ким душман, ким дос экенин мезгил өзу териштирер, деги мейли Төрөкул душман болгон күндө да, анын балдарында эмне айып?! Мен балдарымды багышым керек го!

Райком катчысы: - Бага албасаңар, детдомго тапшыргыла!

Автор: Бир жыл күткөн үмүтү ушундай заар жооп менен талкаланганда, башына таш тийгендей теңселип, араң сыртка чыгат да, эптеп ат байлаган даракка жетип, жыгылып кетпеш үчүн кучактап, буркурап боздойт. Аңгыча желкесинен бирөө сылап:

Бейтааныш адам: - Деги эмне иш келет колуңдан?

Нагима: - Кандай иш болсо да иштейт элем.

Бейтааныш адам: - Анда эртең мага кел.

Автор: Нагима апа бул кишини райондук катчынын бөлмөсүндө отурганын эстейт. Бул немец улутундагы райондук борбордо жайгашкан жон гана бир мекеменин жетекчиси экен. Кийинки күнү Нагима Хамзаевна ошол жерге эсепчи болуп орношот. Өз мезгилинин өтө билимдүү аялы Нагима берилген ишти камчы салдырбай иштеп кетет. Аңгыча согуш башталып. 1942- жылдын март айында аны Жийде айылына жумушка чакырышат. Айылга келгенден кийин , табиятынан адептүү, маданияттуу аял тез эле элеттиктердин урмат- сыйына татыйт.

Эмесе, кезекти Чыңгыз Айтматовдун апасын эскерүүсүнө берсек.

Чыңгыз: 1971- жыл август айы. Ооруканадабыз. Апам оорусунун айынан кыйналып жатат. Менин көз алдымда азыр 1937-жылы ушул август айында Москвадан түн ичинде келип, биз поездден түшкөн Маймак темир жол станциясы элестеп жатат. Мен ошол караңгы түндө тургандай болуп турам. Апам байкуш



ошондо 33 жаштагы жаш келин экен. Төртөөбүздү бүжүрөтүп, канатына калкалап, жөжөлүү тооктой күйпөлөнүп, эки минута токтогон поездден алты айлык эмчектеги Розаны кучагына кысып, үч жашар Люцияны колуна жетелеп, Илгиз экөөбүздү ээрчитип, көтөргөн оор сумкасы менен араң түштү эле. “ Силер туруп тургула, мен кыздарды жарык чыккан үйгө жеткирип келейин” десе, Илгиз экөөбүз тең чырылдап макул болбойбуз. Эптеп түшкөн жерден Маймак станциясынын күтүүчү залына жетип түнөгөнбүз. Ошол түнү апамдын да башына түшкөн кара түн тура. Биз үчүн кандай азаптарга чыдады. Ошонун баарын эч кимге билгизбей , ичинен сызып унчукпай көтөрдү. Эми гана жаңы турмушубуз оңолгондо ушинтип кете береби! -Апа, кечир мени, сени ажалдан алып калуу үчүн эмне гана кылбадым. Бирок, шум оору сени алып тынды. Эне – бул мекендин башталышы, эне – бул эне тил, эне – эне сүтү менен кошо сиңген абийир.

-Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын, сенин кай жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам – Төрөкул Айтматов, сага арнаймын. Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың, сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам - Нагима Айтматова, сага арнаймын.

Автор: Мына ата-энесинин урматына Айтматов белгилүү “Саманчынын жолу” повестин арнаган экен. Кийин жазуучунун чыгармачылыгы гүлдөп турган убагында 1988-жылы 60 жылдык юбилейинде Кара –Буурага келгенинде, элине кезиккенде эң биринчи өтүнүчү “ Мени Маймак станциясына алып баргылачы” деген сөзү болду. Чыңгыз Төрөкулович жакшы күндөрдө да, өзүнүн бактылуу доорунда да бул станцияны унуткан жок. Анткени, атасыз калган Маймак станциясы жоготуунун символу болуп эсинде калса керек.

Ошентип согуш аяктайт. 1945-1946-жылдары Жийдеде мектеп жогунан улам Пакровка деген жердеги орус мектепке барып, билим алат. Андан соң Жамбул шаарындагы Ветеринардык техникумга кирип, аны жалаң “беш” деген баага окуп, ийгиликтүү бүтуруп, 1948-жылы Фрунзедеги К. Скрябин атындагы Айыл чарба институтуна кабыл алынып, студенттик жашоону дагы беш жылга узарткан.

Мугалим: Эмесе кезекти, Айтматовдун кандай адам болгондугу, уй-бүлөсү, ата-теги, жубайы, балдары тууралуу маалыматты экран аркылуу бейне тасмадан көрө аласыздар. (Бейне тасма көруп жаткан учурда окуучулар төмөнкү маалыматты берип турушат)

Бегимай: Айтматовдун атасы -Төрөкул Айтматов. Көрүнүктүү партиялык кызматкер болгон. Ал 1937-жылы жалган жалаа менен камалып 1939-жылы 5-ноябрда репрессияга дуушар болуп атылып кеткен. 1957-жылы 15-июнда кайрадан акталып 1990-жылы анын сөөгү Чон-Таштан табылып Ата-Бейитке коюулган.





Аулес: Энеси татар кызы-Нагима Хамзаевна. Билимдүү, маданияттуу, сөзмөр аял болгон. Убагында бухгалтер болуп иштеген.

Нуризат: Чоң атасы- Айтмат Кимбилдиев. Эл ичинде уста, бычмачы, тикмечи болгон.

Аделя: Чоң апасы- Айымкан Сатаалы кызы. Сөзмөр , жомокчу, эски ырлар менен уламыштардын өзүнчө бир кенчи болгон.

Асель:Таятасы - Хамза Абдувалиев, Атактуу ишкер, Ал кыргыздын мал менен соода кылган адамдары менен мамиле тузүп, Караколдун түштүк жагына тери заводун курган.

Хамид: Таэнеси -Газиза апай Абдувалиева.Тектүү, мартабалуу, даражасы бийик адамдын кызы. Орто бойлуу, келишимдүү, ак жүздүү, мурду кырдач, көздөрү чоң, сурмалуу, токтоо, оор басырыктуу кыз болгон.

Садык: Бир туугандары: иниси Илгиз, карындаштары Люция, Роза.

Эдил: Кичинесинде Ч.Айтматов орусча, кыргызча мектептерде окуган. Алгач Жамбыл шаарындагы ветеринардык техникумга тапшырып, андан соң азыркы Бишкек шаарындагы айыл чарба инстутутун бутүргөн. Кесиби зоотехник.

Адахан: Дуйнөдө өткөн эки Чынгыз, Бири монгол, бири кыргыз. Биринин кылычынан кан тамган, Биринин калеминен бал тамган.

1-окуучу. Күркурөө башы Манас тоо Ак кар, көк муз ээлеген Атактуу Чынгыз атабыз Шекер айылын жердеген.

Ким тааныбайт. Айтматов Чынгызды, Кыргыз учүн көктө жанган жылдызды Жер жүзунун бут элине таратты Атын данктап улуу кылып кыргызды.

Ажайып жер улуу журт болсо кыргыз Ааламдан бир жаралып келди жылдыз Дуйнөгө кыргыз элин жери менен Бир көтөрүп кайра ааламга кетти Чынгыз.

2-окуучу: Чынгыз Айтматовдун адабиятка болгон кызыгуусу эрте ойгонот. Адегенде студент кезинде Мисалы: Бубенковдун “Ак кайын” романын которот.”Газетчи Дзюйо” деген япон баланын турмушун чагылдырган ангемесин жазуу менен өзунун чыгармачылык жолун баштайт. “Ашым”, “Ак жаан”, “Тунку суугат”, “Асма көпурө”, “Атадан калган туяк”,“Бото коз булак” жазуучунун алгачкы аңгемелери.



3-окуучу: Повесттери: “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Жамийла”, “Көздөн учкан көк жээк”, “Кызыл алма”, “Делбирим”, “Гулсарат”, “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”, “Дениз бойлой жорткон Ала Дөбөт”, “Кызыл алма”.

4-окуучу: Романдары: “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”,”Кассандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда”,

5-окуучу: Кыргыз элин “Манас” эпосунан кийинки дуйнөгө тааныткан Чынгыз Айтматов. Анын чыгармалары бутундөй адамдын жан дүйнөсүн изилдеп, журөгүнөн түнөк тапкан чыгармалар.

6-окуучу : Кыргыз аялдарынын образдарын чыгармаларында таамай көрсөтөт. Толгонай, Жамийла, Сейде согуш убагындагы аялдардын тагдырын чагылдырат. Толгонай жөнундө сөз болгондо, Майсалбектин катын айтпай коюуга болбостур.

Майсалбектин каты” ( Адахан сахналаштырып көркөм айтат)

7-окуучу: Ч.Айтматовдун “Кыямат” чыгармасындагы “Моюнкум трагедиясы”-адамзат менен табият проблемасын чагылдырат.

Көркөм окуу: М.Осмонкулова

Акбаранын ыры

Бөрүлүгум ырыас бирок энемин, Бөөдө кырсык басып дайым келемин. Айткандары чын болсо эгер канакей, Адамдардын аалам чексиз дегени?

Түрдүу жорук дүңгүрөтүп денени, Жок дегенде аяшпайбы энени. Күнөөсү жок бөлтүрүктөр эле го, Көз алдымда олуп жатакан береги.

Моюн сунбай тагдырыма эгерим , Моюнкумдан качып келген себебим, Койну кенен касиеттүү Ысык- Көл, Колтугуна катып алат дегенмин.

Айбан элем, бирок жырткыч болбогом, Болгон айыбым тукумумду коргогом. Айлам куруп ай талаада калаарда, Адам уулун багайын деп ойлогом.

Ак тилек да ара жолдо таш капты, Алар неге баланы атты, мени атты? Адам- Кудай амиринин күчүнөн, Аалам тарып, асман түшүп келатты...

8-окуучу: Жаз мезгили. Бул мезгил мага абдан жагат. Тиричилик жанданып, жерге жашоо кирет.”Жаздын бир күнү бир жылга тете”. Себеби ал жаз менин





өмүрүмдө өзгөчө оорунду ээлейт. Ал 1942-жылдын жазы эле. Элет балдарынын эрдиги “Эрте келген турналар” чыгармасында берилет.

С.Бейшекеев “Махабат дастаны” ырын ырдашат. (Слайддын коштоосунда)

9-окуучу: Мен мугалимди келечектин жарыгы деп эсептейм.

Мугалим: Устат-бул мугалим

Ар мезгилдин өзүнүн Баатыры болот элинде Эл баатыры деп Дүйшөндү Эсептейсин дилиңде

Баарыбыздын биринчи мугалимибиз болгон, аны сыңарындай Чыңгыз агабыздын “Биринчи мугалим” повестиндеги Алтынайдын да биринчи мугалими Дүйшөн экени баарыбызга маалым . Ал повесть убагында сахналаштырылып, көптөгөн театрларга коюлган. Бул тууралуу Чыңгыз агабыз мындайча эскерет: “Бринчи мугалимди” Арчалуудагы кыска мөөнөттүк мугалимдигимден алган таасирлерим менен жазгам. Арчалуудагы балдарга 1943-жылдын кыш айларында сабак бердим. “Биринчи мугалимдеги” окуялар илгерирээкки мезгилди – жыйырманчы жылдарды чагылдырат. Бул да башка бир мезгилдин, башка бир коомдун драмасы. Бирок, суу мурун баланын мугалим болгондогу сезимдерин жакшы билем. Арчалуудагы мугалимдик кылып жыйнаган тажрыйбам буга себепкер болгон”. (Ч. Айтматов “Асыл ой берметтери” 27-бет ) ( Чыгармадан үзүндү )

Катышуучулар:

Дүйшөн - Адахан Алтынай - Асел Алтынайдын акеси - Аулес Алтынайдын жеңеси - Мадина Дүйшөндүн окуучулары

Дүйшөн: О, жеңе. Иш илгери! Мына, бул балдар болуп баарыбыз конокко келдик! Жеңеси : Келгиле, Дүйшөн: Кана эмесе, бугун окуу башталат. Кызыңар нече жашта? Алтынай, жашын канчада? Жеңеси: Мунун жаш-пашын эмне кыласың? Буга окшогон томаяк куу жетим эмес, нанды “на-на” деп жургон аталуу, энелүү эркелер да окубай жүрөт. Тетиги ээрчиткен балдарды эле окутуп ал, мында ишиң болбосун! Дүйшөн: Бул эмне дегениңиз. Жетим деген кудайга жазыптырбы! Жетим кыздар окубасын деген закон бар бекен? Жеңеси: Закун-пакунуң менен ишим жок.

Дүйшөн: Байкап сүйлөңүз. Бул кыз сизге кереги жок болсо, кеңеш өкмөтүнө керек! Жооп берип калып жүрбөңүз!



Жеңеси: Ой, сен каяктагы чоң элең? Багып жүргон кызды мен билемби, же жериңден ооп тентип келген сен билесиңби? Бул иштин аягы эмне болуп бүтөрун кудай билсин!

Акеси: Эй, катын! Сен качантан бери элди башкарып билерман болуп кеткенсиң. Көп сүйлөбөй ишиңди кыл. Айда, Таштанбектин баласы, чатагыңды кой, алып кет кызды мектебиңе, окутасыңбы- чокутасыңбы, айда, чатагың керек эмес, алып кет... Жеңеси: Муну мектепке берип коюп, сокуну ким жанчып, жаргылчакты ким тартат экен! Акеси: Жап жаагыңды калжырабай! Дегеним деген, айттым бүттү!...

(Мына ушинтип жатып, Алтынай биринчи жолу мектепке барды)

10- окуучу Алтынайдын монологу



11-окуучу: Айтматовдун "Делбирим" повесттин алып көрсөк. Башкы каармандар Иляс менен Асел . Тагдыр ал экөөнү кошкон эмес. Алар бат эле табышып, кайра эки жолго түшүшкөн.

Өзгөчө салат кейишке Иляс менен Асел кыз Таш боор, тагдыр айынан Журөктөр калды айыккыс.

Көркөм окуу: Илястын монологу

Кош Асел. Кош бол сулуу жалжалым, Кетип жатып коштошо да албады. Кайра менин келбешимди билгенде, Жер которуп мен Долондо калбадым.

Түшүнбөдук бирибиз бирибизди, Айталбадык жүрөктөгү кирибизди. Долонду тайгак жолго буруп салды, Түбөлүк бирге басчу изибизди.

Кош бол эми, айланайын Саматым, Бир кездерде болгон элең канатым. Азыр болсо жатыркайсын алыстан, Не кыйнадың, өз атаңды чанасың.

Эске түшөт көлдө сүзгөн бир ак куу, Жалгыз эле бир калыпта чайпалат суу. Ошондо сезбептирмин азыр сездим, Ал дагы жалгыз гана мен сыяктуу.

Кетип жатам, Памирге издеп таалай, Баратамын силерге бакыт каалай. Кош Асел, кош бол, уулум, кош бол, Долон! Мындан кийин ак сүйүүнү журөм баалай.



12-окуучу: “Жамийла” повестин алып көрөлү. Жамийла эркин, кайраттуу кыз. Эмгекчил боорукер, ал бактылуу болууга тийиш.

Көркөм окуу: Сейиттин кундөлүгүнөн үзүндү.

Кызыл беле, жашыл беле, көк беле Боёкторум болгон эмес көп деле Жамийланы тарттым сүйгөндүгүмдөн Тартып койдум анан көпкөк көктү эле

Ал ырдаса тунуп барат теребел Анткен менен ырдай бербейт көп эле Ашыктыктын ырын созот муңканып Анда санда карап коюп жеңемди

Мен анчалык сүйө бербейм анысын Жеңемди эле тиктей берет ай ушу Кээде четте карап турат кусалуу Улан кыздар ойноп жүрсө алышып

Деги кызык. Даниярдын мүнөзү Көп эл билбейт кайдан келген ким өзу Кээлер айтат биздин тууган экен деп Кээлер айтат кыйын деги бүлөөсүз

Данияр жок кетти бир күн айылдан Туркун жака кетти дешти ал курган Баарыбызды чуу түшүрүп билгизбей Аны менен кошо кетти Жамила

Ыйлап алдым, жашып алдым чөпкө мен Унута албай жеңекемди көпкө мен Тарттым анан ал экөөнү бактылуу Жашыл менен кызыл менен көк менен.

13-окуучу: Билесиңби, Айтматовдун ааламында автордун “Ысык-Көлдүн куту жана куну” деген көлөмдүү аңгемеси бар.

Автордун “Ысык-Көлдү сагынуу” ( Бий)

14-окуучу: Ч.Айтматовдун “Манас атанын Ак кар, Көк музу” өзүнүн туулуп өскөн айылы Шекер жөнүндө жазылган. Ааламга кеткен жол - айылдан башталат.

Көркөм окуу: Шекер жана Аалам (М. Жакыпбеков)

ШЕКЕР жатты ааламга балын чачып, Аалам жатты Шекердин балын татып. ААЛАМ менен ШЕКЕРГЕ суусап келем, Кечкен сайын кечүүсүн, каным катып.



Даңканына жер айлана арытып, Деңиз бойлойт АЛА ДӨБӨТ жарышып. Көздөн учуп, көлдө барат АК КЕМЕ, Ар бир күнуү КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТЫП.

Аптап өтсө, АК ЖААН бар канчалык, Айыл түзгө, ТҮНКҮ СУГАТ жан салып. Паритеттер САМАНЧЫНЫН ЖОЛУНДА, ЖЕР ЭНЕНИН этегине даң салып.

БОТО КӨЗҮН жайнатып, булак турат, Чаңкап келип, АПТАПТА сары ат турат. БЕТМЕ-БЕТ , тике турган улуу эрдик, БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕН калган туяк.

Тээ бийикте жетпей адам санаты, Кыз колунда КЫЗЫЛ АЛМА манаты. ЭРТЕ ЖАЗДА КАРКЫРАЛАР кайтышат, КЫЯМАТКА кылыч болуп канаты.

МАНАС бар, ак кар кок муз кете элек, Тоолорунда торгой ОБОН безелеп. БАХИАНА бара жатат батышка, ЧЫҢГЫЗХАНДЫН ак булутун жетелеп.

асыл агартуучу

алдыңкы аалам

аздектүү адабиятчы

абийирдүү аксакал

аброюу асмандаган адам

ашкере акылман адам

акылман, айкөл

адабияттан алкыш алган ата

Элхан: Ааламга жарык тараткан, Акылмандарды караткан. Чыгармаларын уктунар, Айтматов Чынгыз жараткан.

Чогуу айтышат: Төрөкулдун Чыңгызы - кыргызымдын Жылдызы!





Мугалим: Азаматсынар! Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде кайталангыс кинофильмдер жаралды, сүрөтчүлөрдүн кыл калеминен сырдуу сүрөттөр тартылды. обончуларыбыз , композиторлорубуз сыйкырдуу обондорду жаратты, сахнада керемет драмалардын бет ачары болду, каармандарды чындыкка айланткан скульптуралык галлереялар түзүлдү, жүздөгөн илимий эмгектер жаралды.

Даанышман өтөт - сөз калат” дегендей мына бугун ошол адам жок.

Аалам бугун канатынан кайрылды, Аза кутуп, арман түтөп кайгырды. Ала Тоонун ак кар, көпкөк музу эрип, Адамзаттын элчисинен айрылды.

Кандай гана керемет улуу адам көз жумду! Кандай гана керемет улуу тоо кулап түштү! Кандай гана керемет өмүр токтоп калды! Кандай гана керемет акыл-эс ойлонбой калды! Кандай гана керемет кол калем кармап жазбай калды!

Эми ошол кол менен жазылар кандай гана керемет чыгармаларды адамзат окубай калды! Демек, кандай гана улуу адам болсо да, өлум андан улуу тура! “Сильва” борборунун президенти А. Темиралиевдин: “ Кантсе да, бул адам күчтүү адам, бул адамдыкындай күчтүу журөк жок белем! - деп таң калганын билдирип буларды айткан: Мен Чыңгыз ага 1963- жылдагы Лениндик сыйлык алаган күндөн бери ушул каза болгонго чейин дүйнөнун кайсы жерин, качан барганын бүтүндөй эсептеп чыктым. Чыңгыз агабыз ошондон бери 45жылдын ичинде расмий визиттери менен дүйнөнүн 98 өлкөсүн кыдырып журүп. Жер шарын 75 ирет айланыптыр. Бул жолдун узундугу 2млн 100 километрдей болот экен. Ушунча аралыкты Чыңгыз агабыз самолет менен басып өтүптүр. Караңызчы, мен үчүн Чыңгыз аганын жүрөгүндөй жүрөк жок экен деп ойлоп жатам. Анткени самолет менен ушунча аралыкты учуу үчүн дасыккан учкучка да медиктер уруксат бербей келет.” – деп эскерет. ( Эскерүүлөр. Сулайман Рысбаев)

14- окуучу: “.. Бөтөн жерде... Нюрнбергде... Оорукананын бир бөлмөсү... Дүйнөнун акыркы аялдамасы бул жер... Кыргыздардын капкараңгы түнүндө аткан таңы бул бөлмөдө батты. Чыгышта күйгөн жарык батышка барып бул бөлмөдө өчтү. Бир кылымга жакын, көк асманда кайкып учкан куштун акыркы ыры ушул бөлмөдө ырдалды. Океандын чексиз тоодой толкундары ушул бөлмөдө токтоду.



Эч ким жашабаган ээн талааларды жаңырткан үн ушул бөлмөдө басылды. Адабиятыбыздын чолпон жылдызы ушул бөлмөдө өчтү. Ысык- Көл- жердин бермети асманды мелтиреп тиктейт, бирок, Айтматовду көрө албайт. Сары-Өзөктун талааларында поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттайт, бирок ичинде Чыңгыз Айтматов жок... Кош... Кош,” Гулсары”, “Кылым карытар бир күн”, “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”, “Чынгызхандын ак булуту”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”... Кош... Кош, “Кызыл жоолук жалжалым”!...

Мугалим: Ооба, Жер Эне, Бугу Эне, Бөрү - Ана, Найман Эне мына ошондой Улуу уулунан ажырады. Чындыгында ар улутка, ар качан генийлер келе бербейт эмеспи. Кыргыз эли ошондой генийинен ажырады. Ошентсе да, анын улуу сабактары калды. Залкар инсанга жеке кыргыз эли эмес, дүйнө эли талантына таазим этип, баа беришкен. Учурда дүйнө эли Ч.Айтматовдун 90жылдык маарекесин белгилеп келет. Быйыл 2018-жылды Түрк дуйнөсу “Айтматовдун жылы” деп белгиледи. Арман дүйнө ! Бир кем дүйнө деген ушул экен. “Өмур бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин “ демекчи ,анын көзу өтсө да, ар бир сөзү жүрөгүңөрдун тупкүрунөн орун алат деп ишенем. Бүгункү сабагыбыз Айтматов ааламынын бир гана учкуну. Анын ааламы чексиз. Биз дагы анын өмрун, чыгармаларын тереңдетип окуйбуз. Мен ойлойм, Айтматовдун экинчи өмүрү эми гана башталды...

Чогуу айтышат: Улутум - Кыргыз! Атам - Манас! Уулуң - Чыңгыз! Жерим - Талас!

Хор: “Чынгызым- Жылдызым!