Просмотр содержимого документа
«Аяз ата 1 иштелме»
Аяз ата
Кеч күз. Асмандагы сүрүлгөн булуттар кез-кез муздак жамгырын төгүп өтөт. “Арыктагы суу каймактап калыптыр “,-деди.
Барып көрсөм,арыктын бетин жалтырвган муз каптап,анын астындагы суу чулдурап агып жатат.Апама келдим да: -Суунун каймагы жок тура,-дедим.
-Бетиндеги жука муздуу суунун каймагы жок тура,-дедим.
-Бетиндеги жука муздуу суунун каймагы дейт,-деди
Апам.
-Аны ким жасады?
Аяз ата келе баштадыбы? Түн ичинде ошол жасаган
Тура
Аяз атаны көрбөй, анын сууну кантип каймактатып муз кылганын Билбей калганыма аяьай өкүндүм.
Эртеси кечке асман тунөрүп, самсаалап кар жаап турду. Кечке жуук чыгыштан бир аз шамал жүрдү да түнөргөн булуттарды алда кайда айдап кетти. Түн киргенде асманда Ай жаркырап көрүнүп турду. Айрыкча үйдөгү жарык өчкөндөн кийин терезеден бадырайган жылдыздарды тиктеп жатып уктап калыпмын.
Апам эрте менен ойготуп:
-Карасаң, сен уктап жатканда Аяз ата келип, терезеге гүл тартып койгон тура,-деп терезенин айнегин көрсөттү.Чын эле сырт көрүнбөйт. Терезенин айнегинен бир да жылчык калтырбай кооз гүлдөр менен ар түрдүү жалбырактын сүрөтү каптап калыптыр. Деги эле мындай сүрөттү биздин класстан эч ким тарта алгыдай эмес.
-Аяз ата кайда-деп сурадым апамдан.
-Сыртта жүрөт.
Шашкан бойдон жүгүрүп эшикке чыгып, эки жакты карадым. Айлана аппак кар. Бак-дарактар ак тон кийген адамдай дүпүйөт. Ал жактан да Аяз атаны көрө албадым. Бетим менен колумдун учтары, кулак, мурдум кошо бирөө чымчылагандай тызылдап чыкты. Аяз атаны көпкө күтө албай үйгө кире качтым.
-Аяз ата көрүнбөйт, китеп калган окшойт,-дедим апаматаарынчымды билдирип.
-Эмне үчун кетмек эле,-деди апам жай гана,- бетиң менен кулагыңды тызылдата чымчып ким кызартты Кызык. Көрсө кулак, мурдумду тызылдата чымчыган Аяз ата тура.