Просмотр содержимого документа
«Айгул гүлү 2-класс»
Мен жана менин дүйнөм 2 класс
Айгүл гүлү
Сабактын максаты:
Айгүл гүлү жөнүндө маалымат алышат. Жаратылышты коргоого үйрөнүшөт, кагаздан Айгүл гүлүн жасашат
Гүлдүн бир артыкчылыгы тоонун капталына өскөнүндө болуп саналат. Айгүл гүлү –бул бийиктиги 1 метрге жеткен бүт сабагы жашыл жалбырактуу өсүмдүк
Айгү гүлү – Баткендин эңкооз гүлү .
Ал кызгылт сары коңгуроого окшоп кетет. Айгүл гүлү апрель айында гүлдөйт. Ошондуктан Баткен облусунда гүл майрамы өткөрүлүп турат. Айгүл гүлүнүн көчөттөрү 7 жылдан кийин өсө баштап, кийинки 7 жылда алгачкы гүлү ачылат.
Ар бир жылы бирден бутон кошуп гүл ачып турат. Ушуга байланыштуу Айгүл гүлүн коруп туруп канча жашта экенин айтууга болот.
Табиятынан кооз гүл аталган Айгул гүлү илимий эмгектерде "Петимум Эдуарда" же орусча "Рябчик Эдуарда" д.а. Бул ажайып кооз гүл жалаң гана таштуу жерлерде өсүп, тамыры да терең жайгашкан. Бир караганда гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жергиликтүү эл ушуну сүйүшкөн эки жаштын көз жашы деп аташат.
Азыр Айгүл тоосу корукка алынып, андагы гүл СССРдин "кызыл китеби"1978-жылы киргизилген. "Айгүл гүлү" Баткен областынын Кара Булак кыштагында орун алган.
Жарыгы ай нурунун токтоп өткөн, Жамалын Чолпон жылдыз жаба төккөн. Жаз сайын жасанат дейт бактылуу тоо, Кучактап койнунда айгүл өскөн. Тагдырын таштак тоого байлап койгон, Тамырын терең дешет айгүлүнүн. Ошондуктан бийик өсөт, сулуу өсөт, Көркүнө тартылалы ай жүзүнүн. Шаңкайып ай чыкканда ал ачылат, Нурлары асман-жерге бүт чачырап. Ай менен гүлдүн ыйык арзуусунан, Тоо бети кыпкызыл бир гүлгө айланат.
Айгү гүлүнүн кооздугу
Айгү гүлүн кагаздан жасайбыз
Азаматсыңар
Көңүл бурганыңарга рахмат!