Сабак: Айлана чөйрө менен тааныштыруу.
Тема: Жазгы сейилдөө .
Максаты: Билим берүү. Балдардын мезгилдер жөнүндө түшүнүгүн кеңейтип
жаратылыштын кереметтери менен тааныштыруу.
Өнүктүрүүчүлүк: Жаратылыштын өзгөчөлүктөрүн жана өзгөрүүлөрүн байкоо аркылуу тилди жана сөз байлыгын өнүктүрүү.
Тарбиялык жаратылышка аяр мамиле жасоого, жаратылыштын кооздугун көрүп, сезүүгө үйрөтүү жана тарбиялоо;
Жабдылышы: токойдун сүрөтү; таркатма материалдар;
Усулдар жана ыкмалар. Түшүндүрүү, суроо-жооп, дидактикалык-оюн, сергитүү, ырдоо.
Тарбиячы : Балдар, силер ушунчалык сулуу, боорукер, акылдуусуңар. Силердин сулуу жана шайыр болуп өсүшүңө жаратылыштын таасири чоң.
Балдар бүгүнкү сабагыбызды чоң мээримдүүлүк жана жакшы маанай менен баштайлы.
Кубаныч чөйрөсү:
Жазгы күндөй жаркырап,
Биз көңүлдү, биз курак.
Биздин максат, биздин иш,
Ырыс алды ынтымак.
Бүгүн бизде айлана чөйрө менен таанышуу сабагыбызда "Жазгы сейилдөө"деген темада сабак өтөбүз.
Суроо-жооп: "Жылдын өзгөчөлүктөрү"
- Бир жылда канча мезгил бар?
- Бир жылда төрт мезгил бар.
- Жылдын кайсы мезгили?
- Азыр жаз.
- Жаз айларында канча ай болот?
- Жаздын үч айы бар.
Март, апрель, май.
- Жаз мезгилинде жаратылышта кандай өзгөрүүлөр болот?
- Жазында кар эрип, дарыялар агып, лилия гүлдөрүн ачат, бак-дарактар бүчүрлөйт, куштар жылуу жактан учуп келет, күн жылыйт.
- Жазында эмне кылабыз?
- Жазында бак- дарактарды отургузабыз , гүлдөрдү уругун себебиз, куштарга уя салабыз жана дагы көп деген жумуштар бар.
Тарбиячы "Поезд" оюнун ойноону сунуштайт: Шарты: Балдар бири-биринин артынан кармап поезд болушат.
Тарбиячы мен поезд болом силер менин аркамдагы кичинекей вагондор болосуңар. "Кеттик" дейт тарбиячы. Балдардын бардыгы кыйкырып, анын артынан жөнөшөт. Аялдамага келгенде "Токтоткула" деп билдирет. Бир аздан кийин дагы бир сигнал угулуп, поезд кайрадан жолго чыгат.
- Балдар, бүгүн биз токойго саякатка барабыз.
- Мени менен токойго саякатка барасыңбы?
- Ооба.
- Токойго барчу жол узун.
Ошол үчүн поезд менен баралы.
Токойго саякат.
Аюу: Токойдун тынчтыгын ким бузду?
- Салам, аюу!
Биз "Сагындыков Бейшебек" атындагы балдар бакчасынын билим берүү борборунан келгенбиз.
- Салам балдар!
Эгер силер билим берүү мекемесинен келген болсоңор, анда мен силердин билимиңерди текшерип чыгам.
Мен табышмакты айтам,силер жандырмагын тапкыла.
1-тапшырма
1. Күн күлөт,
Жер көгөрөт. (жаз)
2. Асманда кооз нурду,
Белиме байлап койсомбу. (Асан- үсөн)
3. Кышында гана бар,
Эгер кармасаң, колуң тоңуп калат (кар)
Аюу: Ооба, балдар.
Азаматсыңар балдар! Силер абдан акылдуу жана билимдүү экенсиңер .
II тапшырма.
- Балдар, бул бакты карагыла!
Бактын жалбырактарында тапшырмалар бар окшойт.
Келгиле тапшырманы оюн аркылуу жооп берели.
Оюн. "Жакшы жана жаман"
Максаты: Жакшы сапат болсо, алакан чабышат, жаман сапат болсо, тынч отурушат.
1. Көчөттөрдү отургузуу (жакшы)
2. Бактарды сындыруу (жаман)
3. Канаттууларды багуу (жакшы)
4. Чымчыктын уясын бузуу (жаман)
5. Бактарды сугаруу (жакшы)
6. Гүлдөрдү жулуп алуу (жаман)
7. Куштарга уя жасоо.
(Оюн ушундай улана берет)
III тапшырма.
"Куштарга уя жасоо"
Балдар карагыла, бузук балдар куштардын уясына бузуп салышыптыр
Келгиле, куштарга кам көрүп, анын уясын оңдоп, бакка илип коёлу.
(уя жасап, бакка илип коёт).
- Биз аюу берген тапшырманы аткардык.
Биз куштарга уя жасадык.
Эми бала бакчабызга кайтып келели.
- Балдар, биздин бала бакчага чейин бир топ жол бар. Келгиле узун жолду кыскартып ыр ырдайбыз . « жаз келди» ырын ырдашат. Ырды ырдап бала бакчага кайтышат.
- Балдар бүгүнкү саякатыбыз жактыбы?
- -Ооба.
- Балдар, жаңы токойдон эмнени көрдүк?
- Биз гүлдөрдү, бак-дарактарды, аюуну көрдүк.
Эми токойдон көргөн кооз гүлдөрдү тартабыз .
Тыныгуу . Кыймыл менен музыка.
Корутунду:
- Балдар, бүгүнкү сабак жактыбы?
- Ооба
- Кайсы бөлүгү жакты?
- Мага сапардын учуру жакты.
- Уя салгандыгыбыз мага жакты.
- Поездде чогуу жүргөнүбүз мага жакты.
- Мага табышмактарды чечкен жагат.
- Биз канаттууларды багып, бакка уя курганды жакты
- Поезд менен келип, чогуу ырдаган жакты
- Мага токой жакты.
- Мен ар кандай оюндарды ойногон жакты. .........
Балдар бүгүнкү сабакка силер абдан жакшы катыштыңар. Бүгүнкү сабак ушуну менен аяктады.