СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айлана жана тегерек. Циркуль.

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Айлана жана тегерек. Циркуль. 6 класс

Просмотр содержимого документа
«Айлана жана тегерек. Циркуль.»


Сабактын темасы: Айлана жана тегерек. Циркуль.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга айлана жана тегерек жана аларды сызуучу курал –циркуль тууралуу үйрөтүү.

Өнүкүтүрүүчүлүк: Турмушта колдонулушун мисалдарда чагылдырып берүү аркылуу айлана менен тегеректин айырмасын түшүндүрүү.

Тарбия берүүчүлүк: Математика предметине кызыктырып, логикалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү, бири-биринин пикирин уга билүүгө жана сыйлоого, өз оюн айта билүүгө, тактыкка, тыкандыкка үйрөтүү, топто иштей билүүгө үйрөтүү.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү.

Сабактын формасы: топтордо иштөө, интерактивдуу ыкмалар («Бурчтар стратегиясы»).

Сабактын жабдылышы: Циркуль, шакекче, боз үйдүн макети, сүрөттөр, плакаттар жана окуу куралдары.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу;

  • Үй тапшырмасын текшерүү;

  • Жаңы теманы түшүндүрүү;

  • Практика – тема боюнча суроолор жана көнүгүүлөр;

Сабактын мазмуну:

Силер ар кандай сызыктар менен таанышсынар. Мисалы, түз сызык, ийри сызык.

Ийри сызыктар туюк жана туюк эмес болушу мүмкүн. Туюк ийри сызыктардын эң жөнөкөйү болуп айлана эсептелет. Силер аны менен таанышсыңар.

Түз сызыкты сызуу үчүн сызгыч колдунулаары белгилүү. Ошондой эле айлананы сызуу үчүн да атайын курал колдонулат. Ал циркуль деп аталат (циркулду көрсөтөм).

Айлананы сызуу үчүн тегиздикте (мисалга, кагаздын бетинде) кандайдыр бир чекитти (О) белгилеп алабыз. Андан кийин циркулдун ийне менен бекитилген учун ошол чекитке коюп, аны жылдырбастан карандаш бекитилген учун толук бир айландырып сызуу керек. Натыйжада айлана сызылат, бул учурда О чекити айлананын борбору болот.

Айлананы сызып жатканда циркулдун арышы өзгөргөн жок, ошондуктан айлананын бардык чекиттери борбордон бирдей алыстыкта жатат.

Мында борбору О болгон айлана берилген. А,В,С чекиттери бул айланада жатат. Анда ОА=ОВ=ОС болору түшүнүктүү. Айлананын борборунан анын каалагандай чекитине чейинки аралыкты (ОА,ОВ) радиус деп аташат. Радиусту r (R) тамгасы аркылуу белгилейбиз да, «эр» деп окуйбуз, ал ОА=r болот.

Эгерде айлананын О борборун сызгычтын бир кыры менен дал келтирип, AD кесиндисин сызсак, анда айлананын диаметри деп аталуучу кесиндиге ээ болобуз. Мында AD=AO+OD=r+r=2r. Демек, айлананын диаметри анын эки радиусуна барабар:

AD=2R

Ошентип, айлананын борбору анын диаметринин тең ортосунда жатат.

M жана N чекиттери айланада жатпайт, M чекити анын ичинде, N чекити сыртында жатат деп эсептелет. Анткени OMr, ал эми ONr. Демек, айлананын борборунан анын ичигде жжаткан (сыртында) жаткан чекитке чейинки аралык радиустан кичине (чоң) болот.

Эгерде айлананын каалагандай эки чекитин (A жана C) туташтырсак, анда айлананын АС хордасына ээ болобуз. «Хорда» грек тилинен алынган, музыкалык аспаптын керилип турган кылы дегенди түшүндүрөт. Ал эми айлананын ал хордага туура келүүчү же ага тирелип турган бөлүгү айлананын жаасы (АС) деп эсептелет.

Айлана менен тегерек тыгыз байланышта. Тегиздиктин айлана менен чектелген бөлүгү тегерек деп аталат. Демек, ал сызык эмес, тегиздиктин кандайдыр бир айлана менен чектелген бөлүгү. Мисалы чаканын түбү, боз үйдүн орду тегеректи элестетет.

Тегерек айлана менен чектелгендиктен, айлананын борбору, радиусу жана диаметри тегеректин да борбору, радиусу жана диаметри болот. Демек, айланада жана анын ичинде жаткан чекиттер ал айлана менен чектелип турган тегеректин чекиттерои болушат, анда О борбору да ал тегеректин чекити.

Мисалы, айлананын радиусу 2 см болсун дейли. Анын диаметри эмнеге барабар? Жогоруда айтылгандай 2 радиус диаметрди берет. Анда 2*2=4, диаметри 4 см.

Өтүлгөн тема боюнча көнүгүүлөрдү иштейбиз. «Бурчтар» стратегиясын пайдаланабыз демек дебат турундо отот. Ирээти менен суроолорду берем. Макул, макул эмес, арсар болуп уч топко бөлүнушот, да аларды графаларга жжайгаштырабыз.


Макул

Макул эмес

Арсар





























  1. Айлана – деген эмне?

  2. Айланага мисал келтир.

  3. Тегерек деген эмне?

  4. Тегерекке мисал келтир.

  5. Диаметр деген эмне?

  6. Радиус деген эмне?

  7. Боз үйдө катылган тегеректи (айлананы) («Тегерек» тобу- тегеректи, «Айлана» тобу-(айлананы) тап.

Кереге уук боз үй


  1. Төмөндөгү сүрөттөрдөн айлананы тап жана аларды ата.

  1. Төмөндөгү сүрөттөрдөн тегеректи тап жана аларды ата.


Жыйынтык проектилерин окушат. Тапшырмаларга карата берген жоопторуна жараша ар ким өз бааларын алышат.

Жыйынтыктоо: Эмнени үйрөндүңөр? Кандай суроолор бар бүгүнкү тема боюнча? (окуучулар берген суроолорго жооп берүү).

Билимдерин баалоо: «5» алган окуучуга «калпак», «4» алган окуучуга «көөкөр», «3» алган окуучуга «оюу» беребиз.

Бышыктоо: Суроолор.

а) Айлана, тегерек жана алардын диаметри, радиусу жөнүндө билүү турмушубузда кереги тиеби, кайсы учурда?

б) D=2r формуласын түшүндүрүп бер.

Үйгө тапшырма: № 258, 259, 260- көнүгүүлөрдү аткаруу.

3



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!