СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айлананын тендемеси

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Айлананын тендемеси

Просмотр содержимого документа
«Айлананын тендемеси»

Предмети: Геометрия классы: 9

Бекитемин:






Датасы:







Сабактын темасы: Айлананын теӊдемеси

Сабактын тиби: Стандарттык

Колдонулуучу усулдар: Топко, жупка, жеке

Баалоо усулдары жана техникалары: Диагностикалык

Сабактын жабдылышы:Таблица


Сабактын максаты(күтүлүүчү натыйжа)

Компетенттүүлүк

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга айлананын теӊдемеси жѳнүндѳ түшүнүк берүү


Окуучулар берилген суроолорго жооп бере алышса

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын эске тутуусун, элестѳѳсүн ѳстүрүү менен ѳз алдынча иштѳѳгѳ кѳндүрүү


Окуучулар ѳз алдынча кѳнүгүүлѳрдү ишей алышса

Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды ыймандуулукка, адептүүлүккѳ тарбиялоо


Окуучулар бири-бирине жардам бере алышса

Сабактын мазмуну

Түшүндүрмөлөр (комментарийлер)


1.Уюштуруу. Саламдашуу. Балдар менен ишенимдүү сүйлөшүү.

Жагымдуу маанай жаралат. Психологиялык чѳйрѳ түзүлѳт. Теманы түшүнүүгѳ ѳбѳлгѳ түзүлѳт.

2. Үй ишин текшерүү. Кѳнүгүү иштѳѳ менен.

3. Жаңы теманы өтүү.

1-кадам. Сызыктын баардык чекиттеринин координаталары кандайдыр бир теӊдемени канааттандырса, анда ал теӊдеме ошол сызыктын (айлананын) теӊдемеси деп аталат. Жалпы учурда F(х;у)=0 түрүндѳ жазылат, мында F дегенибиз х жана у аркылуу аткарылуучу амалдарды аныктайт. хОу системасына карата радиусу R ге барабар болгон жана борбору С(а;b) чекитинде жаткан айлана берилсин. Ал айлананын теӊдемесин түзѳбүз. Ушул максатта айлананын каалаган жеринен М(х;у) чекитин белгилейбиз. Бул айлананы С(а;b) борбордон R аралыкта жаткан чекиттердин геометриялык орду деп кароого болот. Ошондуктан СМ=R же деп алабыз. Анда эки чекиттин аралыгын аныктоо формуласы боюнча

ка ээ болобуз. Бул берилген айлананын теӊдемеси болот. Эгерде С(а;b) борбору координаталар башталышы менен дал келип калса, анда а=0, b=0 болуп калат. Анда тѳмѳндѳгүгѳ ээ болобуз: бул борбору координаталар башталышында жатуучу, радиусу R ге барабар болгон айлананын теӊдемеси

4. Бышыктоо.

2-кадам. №1, №2

5. Баа коюу: Окуучулардын билимин баалоо

6. Жыйынтыктоо

7. Үй тапшырма. №4, №5, №6



Маалымат алуу жогорулайт.



Түшүндүрүү процесси жүрѳт.



Алган маалыматтан окуучуда кызыгуу пайда болот.












Жупта жана жекече иштѳѳ процесстери жүрѳт.






Түшүндүрүү процесси жүрѳт.