СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айлануу телолору конус жана цилиндр.

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Айлануу телолору конус жана цилиндр.»


























Геометрия: 9-класс


Сабактын темасы: Айлануу телолору жөнүндө түшүнүк. Цилиндр. Конус. (2саат)


Сабакка чейин:


Өтүлүүчу сабактын темасын аныктагандан кийин мурда өтүлгөн материалдарды жана аларды окуучулардын өздөштүрүү денгээлин эске алуу менен, жаңы теманы өтүүдө пайдалана турган стратегияны тандадым.


Бул теманы өтүүдө «Б. Бк. Б» стратегиясын пайдалануу ыңгайлуу деген чечимге келдим, анткени окуу китебинде тексттин мазмуну окуучулар үчүн жеткиликтүү. Жаңы теманы өтүүдө пайдаланган түшүнүктөрдүн көпчүлүгү окуучулар үчүн тааныш.


Сабактын мотивин, милдеттерин, өбөлгөсүн аныктоодо окуучулардын өзгөчөлүктөрүн эске алдым.


Сабактын мотиви:


Мейкиндиктеги геометриялык фигуралар боюнча окуучулардын билимдерин кеңейтүү.


Сабактын милдети:

Окуучуларды жеке, жуп менен, топто иштөө аркылуу теориялык материалды өздөштүрүүсунө жана аны практикада колдонуу ыкмасына ээ болууга шарт түзүү.


Сабактын өбөлгөсү:

Теманы өздөштүрүүсүндө окуучулардын мейкиндиктеги айрым геометриялык фигуралар жана айлануу телолордун мазмунун ачуучу кээ бир тушунуктөр менен тааныштыгы.






Сабак учуру:


Сабактын жүрүшү.

Комментарийлер.

1.ЧАКЫРУУ СТАДИЯСЫ.

Сабактын башталышында өтүлүүчү теманы билдирдим. Андан кийин окуучуларга төмөндөгүдөй

суроолор менен кайрылдым:

-Кандай геометриялык фигураларды айлануу

телолору деп айтабыз?

-Айлануу телолорунун түрлөрүнүн

аталыштарын билесиңерби?

-Аларды турмушта кезиктирдиңер беле?

Окуучулар адегенде жеке, андан кийин жупта жазгандарын талкуулашты.

2.Түшүнүү стадиясы


3.Ойлонуу стадиясы

4.Сабакты жыйынтыктоо

1.Окучуларды билим алуу иш -аракеттерине аң-сезимдүү багыттоо. Жаңы теманы өтүүдө окуучуларды жеке тажрыйбаларына кайрылтуу. Окуучулардын ой жүгүртүү процесси активдештирилет. Жупта иштегенде малыматтары менен пикир алышат. Кызматташтыкта иштөө жөндөмүнө ээ болушат.



Кичи топто иштөөну уюштурдум.


Ал учун ар бир жуптан бирден пикирлерин доскага жаздым:

-айлануу телолор сөзсүз мейкиндикте каралат;

-айлануу телолор тегиздикте жаткан фигураны анын огунун айланасында айландырганда пайда болот;

-айлануу телолорго цилиндр, конус, шар, сфера кирет;

-биздин ЖЕР планетабыз шар түрүндө;

-глобус-шар;

-цилиндр-цистерна;

-боз үйдүн керегеси-цилиндр;

мунаралар;

-конус-боз үйдүн ууктарынан түзүлгөн бөлүгү;

-чөптүн үймөгу;

-автомашинанын тетиктери;

- жаңы архитектуралык курулуштар;

-шар-топ;

-планеталар , ай, кун;

-тегерек, айлана, радиус, борбор.



Балдар, жогорудагы тизмектин негизинде кандай чоң топторду түзсөк болот?

Деген суроо менен окуучуларга кайрылдым.

Биргелешип төмөндөгүдөй категорияларды белгиледик:

-айлануу телолор боюнча жалпы тушунук,

-цилиндр,

-конус,

-сфера,шар.


Бугунку өтө турган теманы дагы бир жолу эскерттим.

Мындан кийин уч мамычадан турган таблица чийүүнү сунуш кылдым.

Таблицанын аталыштарын жаздым. Биринчи жана экинчи мамычаларына эмнелерди жаза турганыбызды түшүндүрдүм. “Билем” мамычасына жогоруда белгиленген категорияларды жазып,алар боюнча кеңири маалымат алууга карата пайда болгон суроолорду жеке,жупта түзүшүп, топто иштөөдө “Билгим келет”мамычасына жазылды.

Жеке, жупта иштеген учурда пайда болгон ойлорун жалпы классттык денгээлде топтоо иши жүргүзүлдү,иштеринин натыйжаларын бардык окуучулар көрө жана баамдай алышты.

Тизмекте жазылган айлануудан пайда болгон телолорду түрлөрүнө карата классификациялоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Цилиндр жана конус жөнүндө гана ой жүгүртүүсүнө багыттоо болду.

Окуучулар билгендерин тактоо жана кошумча маалыматка муктаж экендигин аң-сезимдүү түшүнүп, суроолорду түзүштү. Жаңы маалымат алууга карата муктаждыктары пайда болду.Билгим келет деген ойго ар бир окуучуну келтирүүгө шарттар түзүлдү.















Билем

Билгим келет

Билдим


1.Айлануу телолору. Мейкиндиктеги геометриялык фигуралар.

2. Цилиндрдин сүрөттөлүшү

З.Конустун сүрөттөлүшү.



4.Куб,тик бурчтуу параллелепипед, шар.

5.Айлануу огу.

6.Тегерек жана анын радиусу.

7.Тик бурчтуу уч бурчтуктун катеттери, гипотенузасы.

8.Тик бурчтуу трапеция.


2.Цилиндр кантип пайда болот?

3. Цилиндрдин элементтери кандай болот?

4.Цилиндр термини кайсы сөздөн келип чыккан?

5. Конус кантип пайда болот?

6.Конустун элементтери кандай болот?

7. Конус менен тегиздик кесилишкенде кандай фигура пайда болот?

8.Конус термини кайсы сөздөн келип чыккан?

9.Кандай цилиндр тик тегерек цилиндр деп аталат?

10.Качан конус тик тегерек конус боло алат?

11 .Кесилген конус кантип пайда болот?


1 Тегиздикте жаткан жалпак фигураны огунун айланасында

айландырсак,анда айлануу телосу пайда болот.

2.Тик бурчтукту анын бир жагынын айланасында айландыруудан пайда болгон тело цилиндр деп аталат.

3.Айлануу огу,тузуучусу, радиусу, борбору, бийиктиги.

4.Грек сөзү, “айландыруу” дегенди түшүндүрөт.

5.Тик бурчтуу уч бурчтукту анын бир катетинин айланасында айландыруудан пайда болгон тело конус деп аталат.

6. Айлануу огу,радиусу.

7.Текстте бул суроого жооп жок.

8.Грек сөзү “кайыңдын түспөлү” дегенди түшүндүрөт.

9.Тик тегерек цилиндр анын бийиктиги ВС.

10.Айлануу огу катет аркылуу өтсө, анда ал конустик тегерек конус деп аталат.

11. Тик бурчтуу трапецияны огунун айланасында айландырганда кесилген конус пайда болот.

12.Цилиндр эки негизге ээ болот,алар - тегеректер.

13.Тегеректердин радиустары цилиндрдин радиустары болот.





TYШYHYY СТАДИЯСЫ: Текст менен иштөө. Балдар,силер эң сонун суроолорду түздүңөр. Ал суроолорго жооп алуу учун окуу китебиңердеги 59- параграфтын 59.1,59.2 пункттарын өз алдынча окуйсуңар , окуп жаткан учурда мамычадагы сууролорго жооп издегиле, айрым суроолорго текстте жооп жок болушу да мумкун,ошондой эле силер түзгөн суроолор теманы толук ачпай калышы да мумкун. Текстте билгениңер да болушу мумкун, анда аны «Билем» мамычасына кошуп жазсанар болот.Эгерде окуп жаткан учурда суроолор пайда болсо, анда аны “Билгим келет”мамычасына жазасынар. Суроолордун жоопторун “Билдим” мамычасына жазасыңар.

Окуучулар текст менен иштеп жаткан учурда өздөру түзгөн суроолорго кызыгуу менен жооп издешти. Анткени ал суроолор алардын иш-аракетинин натыйжасы экендигине ынанышкан. Бир дагы суроо мен тарабынан танууланган эмес.

Окуучулар айрым суроолорго текстте жооп жок болуп калганын көрүп, кошумча маалымат алууга карата аракеттери пайда болду. Таблицанын биринчи,экинчи мамычаларын текст менен иштеп жатканда да толтурула бере тургандына өтө кызыгышты.


Жуп менен талкуу уюштурдум.

Балдар, эми топто иштейли. “Билгим келет” мамычасындагы суроолорго табылган жоопторду “Билдим” мамычасына суроолордун тушуна жазалы.Бул учурда да ар бир жуптун пикирин биргелешип угуп, талкуулап жаттык.

“Билдим” мамычасын толтурууда суроолордо камтылбаган маалыматтарга окуучулардын көңүлүн буруу учун, аларга төмөндөгүдөй кайрылдым: -Балдар тексттен силерди кызыктырган кандай кошумча билимдерге ээ болдуңар?

Алар төмөндөгү жаңы билимдерди белгилешти:

Цилиндр темасында—тик тегерек цилиндр, негиздердин радиусу тегеректин радиусу болот. Конус темасында-тик тегерек конус, кесилген конус деген тушүнүктөр. “Билгим келет” мамычасына кошумча суроолорду жазууга сунуш кылышты.

«Билдим» мамычасы толтурулду.

ОЙЛОНУУ СТАДИЯСЫ: «Билем» мамычасына окуучулар менен кайрылып тексттен кошумча дагы билгендерди тактап жазып, окуучулар менен талкуулап, категорияларга кайрылып,аларды толуктоо жүргүздүк. Айлануу телолору боюнча жалпы түшүнүк.

Кызматташтыкта иштөө менен биргелешип текстти талдашып, бири-бирин ынандыруу менен жаңы продукт жаратышты.

Мында толеранттуулук, башкаларды уга билүүсү калыптанат. Синтез жана анализ, баалоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Мында окуучулар алар түзгөн суроолор дайыма эле теманы толук ачпагандыгын байкашты.Суроолордун ролу алар учун өтө маанилүү экендигин билип калышты.

Мында теманын мазмуну ачылып, жаңы билимдердин системасы түзүлөт.

Чакыруу жана тушунуу стадиясында иштелген иштер жыйынтыкталат.

Билим ынанымга айланат. Өтүлүп жаткан тема толугу менен өздөштүрүлүп, жогорку денгээлдеги ой жүгүртүүнүн натыйжасында

Сфера, шар темалары кийинки сабактарда өтүлө тургандынын окуучуларга эскерттим.

Окуу китебинин 217-бетиндеги №1,2,5,6,7 көнүгүүлөрдү иштөөнү сунуш кылдым.

№7 көнүгүүдө 8-суроого жооп бар эле.

Бул көнүгүүлөрдү иштөөнүн натыйжасында окуучулардын теориялык, практикалык билимдери кеңее тургандыгын сезе билүүсүнө шарт түзүүгө аракет кылдым.

Балдар, эми цилиндр жана конусту салыштыруу учун Вендин диаграммасын түзөлү.

Ал учун кичине төрт топко бөлүнөлү. Адегенде аларды салыштыруунун компоненттерин тандап алалы.Мээ чабуулу менен төмөндөгү компонеттерди тандап алдык:

-айлануу телолордун пайда болуусу;

-алардын элементтери;

-алардын геометриялык сүрөттөлүшү.

Ар бир топ жекече иштеп бүткөндөн кийин презентация уюштуруп окуучулар менен бирге алардын иштерин баалап, сабакты жыйынтыктадык.

Окуучулар жеке, жупта, топто иштеп жаңы продукт жаратышты.Ар бир идея менчиктештирилди. Ар бир окуучу жаңылык ачкандай чөйрө түзүлдү. Ал чөйрө - чыгармачылык чөйрө.

Айлануу телолорунун өкүлдөрү болгон цилиндр жана конусту салыштырууда окуучулардын теориялык билимдери кеңеет.Алардын жалпы касиеттерин жана айырмачылыгын изилдөөдө анализ жана синтез, логикалык ой жүгүртүү ыкмаларына ээ болушат.

Билимдерин бышыктоо катары жана чыгармачылык иштерин улантууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Yй тапшырма берилди. И.Б.Бекбоев, А.А.Бөрүбаев, А.А. Айылчиев. Геометрия 7-9 , 227- бет көнүгүүлөр №3,4,8. Окуп келүү §59,59.1,59.2 «Б,Бк,Б» таблицасын аягына чейин толуктоо.






ТЕКСТ

§59. Айлануу телолору жөнундө тушунук.

Геометриялык фигуралар мейкиндикте да берилет.Алардын айрымдары менен силер таанышсынар.Мисалы: куб, тик бурчтуу параллелепипед, шар ж.б. Мейкиндикте аларды геометриялык телолор деп эсептешет. Демек, геометриялык телолор мейкиндиктин туюк жана чектелген белугу катары каралат.

Эгерде кандайдыр жалпак фигураны анын тегиздикте жаткан L огунун айланасында айландырсак, анда мейкиндикте айлануу телосу пайда болот. Айлануу телолорунун айрымдарына токтолобуз.

§ 59.1. Цилиндр

Тик бурчтукту анын бир жагынын айланасында айландыруудан пайда болгон тело цилиндр деп аталат. Эгерде ABCD тик бурчтугун ВС жагынын айланасында айландырсак, анда андан пайда болгон айлануу телосу цилиндрди аныктайт (160- сурет).Мында ВС туз сызыгы же L айлануу огу цилиндрдин огу болуп эсептелет.

ВС кесиндиси цилиндрдин бийиктиги болот.Бул цилиндр тик тегерек цилиндр деп аталат. AD-үшиүр дии т^зу^сч болуп эсептелет. CD жана В А кесиндилери октун айланасында айланууда барабар жана параллель тегеректерди аныктайт, В,С чекиттери алардын борборлору болушат. Ал тегеректер цилиндрдин негиздери деп аталат, алардын радиустары цилиндрдин радиусун аныктайт.

160-сурет


§59.2. Конус

Тик бурчтуу уч бурчтукту анын бир катетинин айланасында айландыруудан пайда болгон тело конус деп аталат.

Эгерде ABC тик бурчтуу уч бурчтугун (АС-гипотенуза,АВ,ВС-катеттер) катетинин айланасында айландырсак, андан пайда болгон айлануу телосу конусту аныктайт (161-сурет). Мында ВС катети аркылуу еткен L туз сызыгы конустун айлануу огу же конустун огу деп аталат.Пайда болгон конус тик тегерек конус деп аталат.

АВ катетин L огунун айланасында айландыруудан алынган тегерек конустун негизин аныктайт, анын радиусу АВ катетине барабар. ВС кесиндиси конустун огу болуп эсептелет.

ABBtAi тик бурчтуу трапециясын (АВ± ВВ1; AjBj XBBj) BBi огунун айланасында айландырсак, анда кесилген конус пайда болот (162-сурвт). Радиустары АВ, AjBj болгон тегеректер кесилген конустун негиздери болот.


161-Сүрөт


162-Сүрөт


САБАКТАН КИЙИН. Айрым окуучулардын сабак жөнүндө пикирлерин угуп көрдүм.Тема өтө деле оор эмес болгондуктан “Б.Бк.Б” стратегиясы жана Вендин диаграммасы материалды өздөштүрүүгө жакшы жардам берди деп белгилешти. Мен мындан стратегия туура тандалган экен деген ойго келдим.

Борттук журналдын негизинде сабактын жүрүшүнүн ар бир стадиясында сабактын милдеттеринин аткарылышы боюнча талдоо жүргүздүм.


Окуучулардын жана өзүмдүн иш-аракеттериме кеңири өздүк талдоо жүргүздүм. Жетишкендиктерди жана кемчиликтерди белгилеп, аларды кийинки сабакта эске алууну чечтим.


…………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………

…………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………