Акжол, Нооруз
Нооруз-жа ёы к\н
6-окуучу: Келди Нооруз жер энебиз нан берсин,
Жериме көк, жер жайнаган мал берсин,
Канат бутак өсүп, тукум жаңырып,
Бешиктерге бакыт шерик жан берсин.
7-окуучу: Келди Нооруз, жаңырып кун, жаңы тилек,
Өмүргө бир кылчайып ойлонуучу.
Белгилеп амандыгын ар бир адам,
Кубаныч ар бир үйдө тойлонуучу.
8-окуучу: Келди Нооруз, дил майрамы жаркыраган,
Күндүн нуру төгүлүп дүйнө шаңдуу.
Өлбөгөн жан жазды көрдү кубанып,
Кыбырап күнгө умтулду бардык жандуу.
9-окуучу: Нооруз жалган куран айынын 20сынан 21ине караган түнү өткөрүлгөн. Бул кунду баары: кары-жашына карабай чыдамсыздык менен кутушкөн.
10-окуучу: Алар жаңы жылга жаңы кийимдерди даярдашкан. Алсак, карыялар, байбичелер ак, жашыл түстүү кездемелерден кийимдерди, көйнөктөрдү кийишкен.
11-окуучу: Ушул куну колунда барлар бей-бечараларга кайыр-садага беришкен.
12-окуучу: Ушул күнү Баба дыйкандар мол түшүмдү сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишкен.
13-окуучу: Ушул күнү айыл-ападагылар жаңы жыл бизге оттой ысык жашоону алып келишсин дешип, балбылдата от жагышып, тегеренип бий бийлешкен.
14-окуучу: Ушул күнү ага-туугандар, достор, коңшу-колоңдор бири-бири менен таарынышып журушсө, элдешишкен жана кечирим сурашкан.
15-окуучу: Ошентип, алардын биринин да көкүрөгүндө кири калбаган.
16-окуучу: Мына ушунусу менен Нооруз майрамы барктуу да, данктуу да болгон. Ошентип, Нооруз майрамын жылга-жыл улаар, өмүргө-өмүр улаар – улуу күндү тосуп алдык.
Куш келипсиз Нооруз!
Жер жарылып чөп чыгып,
Желин айрылып сүт чыксын.
Ар балээ бизден алыс болсун,
Дасторкон жайылып береке толсун.
17-окуучу: Ноорузга арналган тамак-аштын эң сыйлуусу, өткөрө сыйлуусу сүмөлөк менен чоң көжө болгон. Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө, эл ичинде ар кандай уламыштар айтылат, алардын бирин угуп көрөлү:
Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында, калкты ачарчылык каптайт. Эл ичин өлум-житим аралайт. Жумурай-журттун айласы куруп, самандай сапырылат. Ошол заманда бир аялдын көп балдары бар экен . Кыйынчылык , жокчулуктан балдарынын жей турган тамагы жок . Алар тамак сурап ыйлашат. Эне эмне айла кылаарын билбей чоң казанга сууну куюп, ташты салып, кайната баштайт. Балдарына “мына азыр оокат бышайын деп калды” деген жоопту айтып, ыйлап, оттон жагып олтуруп , балдары да өзү да уктап калышат . Эртең менен ойгонуп карашса казандагы таш кайнап , сүмөлөккө айланып калганын көрүшөт . Мына ошондуктан сүмөлөк сырдуу дагы ыйык дагы тамак деп аталып калган дешет .
Сүмөлөк жасаш үчүн адегенде буудайды жууп, тазалап алабыз . Аны тегиз тактага жайып , күнүгө суу куюп турабыз . Ал жети күндө даяр болот, өнүп чыккан буудайдын узундугу 1-2 см ден ашыш керек. Буудай көп өсүп кетсе сүмөлөк кычкыл, даамсыз болуп калат. Өнүп даяр болгон буудайды жанчып, сууга салып сүзүп алабыз . Сүзүп алынган сууларды казанга куябыз. Сүмөлөккө сүзүп алынган суу, ун, 40 таш салынат . Жакшы тилек айтып , сүмөлөктү тынбай аралаштырып туру керек. Сүмөлөк эң узак 6-8 саат кайнап быша турган тамак. Сүмөлөктү баштаардан мурда жети токоч салынат . Жети күндө буудай өнөт. Жети саны кыргыз үчүн ыйык сан. Нооруздун дагы жети түрдүү тамагы бар. Алар: сүмөлөк, көк самса, бадырак, май талкан, эжигей, ширин күрүч , курут .
Сабакты жыйынтыктоо .
“ Арыба, Нооруз!
Келе бер, Нооруз!
Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!
Талаабызга ак нан берсин!
Алдыбыздан ак дасторкон,
Башыбыздан бак-дөөлөт,
Ырыс-кешик, ынтымак,
Узун өмүр ырашкерчилик кетпесин!” деген баталар жакында кирип келчу “Нооруз” майрамында берилет. Нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору менен ритуалдары эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдерин чыныгы элдик майрамы катары калууда. Аны 2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.