СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аккредитациялоо

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМЫ

Тема: Аккредитациялоо

Максаты: Аккредитациялоо жөнүндө түшүнүк

Аккредитациялык агенттик - ишинин негизги максаты билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын аккредитациялоону жүзөгө ашыруу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте катталган мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюм;

аккредитация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге билим берүү уюмунун же билим берүү программаларынын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин бүтүндөй же анын айрым бир билим берүү программаларын баалоонун жол-жобосу;

институционалдык аккредитация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге анын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин баалоонун жол-жобосу;

программалык аккредитация - тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге алардын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү программаларынын сапатынын деңгээлин баалоонун жол-жобосу;

2013-жылдын 4-июлундагы № 110 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2012-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 1-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү – алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “аккредитациялык агенттик – ишинин негизги максаты билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын аккредитациялоону жүзөгө ашыруу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте катталган мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюм; аккредитация – билим берүү уюмунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатынын деңгээлин бүтүндөй же анын айрым билим берүү программаларын аккредитациялык агенттик тарабынан баалоонун жол-жобосу, анын жүрүшүндө билим берүү уюмунун же билим берүү программасынын белгилүү бир критерийлерге жана стандарттарга ылайыктуулугу таанылат; институционалдык аккредитация – билим берүү уюмунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатынын деңгээлинин бүтүндөй белгилүү бир критерийлерге, стандарттарга жана анын статусуна ылайыктуулугун аккредитациялык агенттик тарабынан таануунун жол-жобосу; программалык аккредитация – билим берүү уюмунун айрым программаларынын белгилүү бир критерийлерге жана стандарттарга ылайыктуулугун баалоонун жолжобосу;”. 2. 9-статьянын 4-бөлүгүндө “(аттестациялоо)” деген сөз алып салынсын. 3. 25-статьянын 1-бөлүгүндө “андан кийин мамлекеттик аккредитациялоодон (аттестациялоодон)” деген сөздөр “андан кийин аккредитациялоодон” деген сөздөргө алмаштырылсын. 4. 26-статьянын 6-бөлүгүндө “(аттестациясы)” деген сөз алып салынсын. 5. 35-статьянын алтынчы абзацында “республикалык” деген сөз “улуттук” деген сөзгө алмаштырылсын. 6. 40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “40-статья. Билим берүү уюмдарын жана программаларды лицензиялоо жана аккредитациялоо, окуп жаткандарды тестирлөө Мамлекеттик мектептерден, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынан башка билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана башташат. Билим берүү уюмдарын лицензиялоо Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Жогорку окуу жайларына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо жалпы республикалык тестирлөө менен айкалыштырылышы мүмкүн. Билим берүү уюмунун билим берүү программаларын, анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларынын жардамы менен ишке ашырууга даярдыгы билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия берүүдө белгиленет. Диний билим берүү уюмдарына (бирикмелерине) билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар тиешелүү конфессиянын жетекчилигинин сунуштамасы боюнча жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен берилет. Көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын ырастоо максатында билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитациялоодон өтөт. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан билим берүү уюмдарын аккредитациялоо алардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан беш жылдык мөөнөткө алардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат. Аккредитациялоодон өткөн билим берүү уюму билим берүү уюмунун чечими боюнча бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди же өзүнүн үлгүсүндөгү документтерди берүү укугуна ээ. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоону жүзөгө ашыруучу аккредитациялык агенттиктер мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюмдар түрүндө түзүлөт. Аккредитациялык агенттиктерди каржылоо артыкчылыктуу билим берүү уюмдарынан алынуучу аккредитациялык жыйымдардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын жетекчисинин төрагалыгы астында, аккредитациялык агенттиктердин ишин таануу жөнүндө маселени коллегиялуу жана айкын кароо үчүн түзүлгөн, консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналган, коомдук башталышта иштөөчү Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүлөт. Улуттук аккредитациялык кеңеш 15 адамдан турат, алардын ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 депутаты – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин өкүлдөрү, өзүнүн карамагында билим берүү уюмдары болгон мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук жана кесиптик бирикмелердин, билим берүү уюмдарынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын коомдук байкоочу кеңештеринин өкүлдөрү кирет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин өкүлдөрү Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына кеңеш берүү добуш укугу менен кирет. Улуттук аккредитациялык кеңешти түзүүнүн жана ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Аккредитациялык агенттиктерди таануу Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат. Таануунун же болбосо таануудан баш тартуунун негизи жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, аккредитациялануучу билим берүү уюмунун өзүнүн каражаттарынын эсебинен аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт. Аккредитациялануучу уюм тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтары белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, аккредитациялык агенттик билим берүү уюмун аккредитациялоодон баш тартууга укуктуу. Аккредитациянын жол-жоболорун өткөрүүнүн тартиби, аккредитациялануучу уюмга карата коюлуучу эң төмөнкү талаптар, ошондой эле аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу үчүн негиздер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.”. 7. 47-статьянын 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Улуттук жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмегине кирбеген мамлекеттик жогорку окуу жайлары, негизги катары билим берүү ишин сактап калуу менен өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген мамлекеттик коммерциялык эмес билим берүү уюмдарына кайра уюштурулат. Улуттук жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Улуттук жана региондук маанидеги жогорку окуу жайларынын тизмегине кирбеген билим берүү уюмдарын каржылоодон бошотулган каржы ресурстары билим берүү уюмдарын өнүктүрүүгө багытталат.”. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам: баштапкы, орто билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн – 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып; башка билим берүү уюмдары үчүн – 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев

Просмотр содержимого документа
«Аккредитациялоо»