СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акылдуу дыйкан

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Акылдуу дыйкан»

2 форма

Сабактын план-конспектиси







-КЛАСС

Предмет: Адабий окуу.

Сабактын темасы: Акылдуу дыйкан.

Сабактын тиби : Жаңы билимди өздөштүрүү

Колдонулган методдор: Көрсөтүп берүү,түшүндүрүү

Сабактын жабдылышы : Сүрөттөр, таблица, сандар, карточкалар



Максаты:


1.

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар теманын мазмуну менен таанышат

2.

Өнүктүрүүчүлүк:

Ой жүгүртүүсүн, эске сактоосун, өнүктүрөт.

3.

Тарбия берүүчүлүк:

Адептүү, акылдуу, ыймандуу болууга тарбияланышат


Сабактын журүшү :



Сабактын этабы

(убактысы)

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү


Компетент түүлүк

Баалоо (калыптан дыруучу баалоонун ыкмасы)

эскертүү

Негизги (НК)

Предметтик (ПК)

1

Уюштуруу:

1.1.Саламдашуу

Саламдашат,окуучулардын катышуусун тактайт.ЭШ жоктойт

Саламдашат,

-окуу куралдарын даярдайт


НК 3



1.2.Шыктандыруу


Жагымдуу маанай түзөт.



.Ырдоо менен маанайлары көтөрүлөт.

Алтын эреже түзүшөт

НК 2

П К 3


2

Үй тапшырмасын текшерүү

Цереброскоп - 2

Өтүлгөн темалардын негизи боюнча суроо-жооп менен бышыктайт .


Н К 2

П К 3



Жаңы теманы түшүндүрүү

Окуучуларга жаңы тема жөнүндө кеңири маалымат берет.ЭШ теманы белгилейт.

Жаңы темадагы берилген тапшырмалар ды туура так аткарышат.

Н К 1

П К 2


4

Практикалык иш

Тема менен таанышат. Мазмунун түшүнөт.

Жаңы тема менен таанышып түшүнүгүн айтып берүүгө үйрөнүшөт.

Н К 1

П К 2


5

Бышыктоо

Суроо жооп иретинде суроо менен бышыктайт

Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет.

Н К 2

П К 3


6

Баалоо

Окуучуларды билимине жараша баалайт. ЭШ баа коёт.

Күндөлүктөрүнө баа койдурушат

Н К 2

П К 3


7

Үй тапшырмасы

Акылдуу дыйкан.

Өтүлгөн теманы окуп келүү.




8

Жыйынтыктоо

рефлексия

Бүгүнкү сабакта эмне маанилүү болду? Эмнени үйрөндүк?

Окуучулар үйрөнгөндөрүн айтышат




Жаңы тема:


Акылдуу дыйкан

(Швед эл жомогу)

Бир жолу король аң уулоого чыгып, талаада аштык эгип жүргөн дыйканды көрүп калат.

– Күндүк тапкан акчаң канча? – деп сурады андан.

– Төрт теңге, – деди дыйкан.

– Ко-ош, а төрт теңгени кантип сарптайсың?

– Бирин ичкен ашыма кетирем, экинчисин катып коём, үчүнчүсүн кайра кайтарып бөрем, төртүнчүсүн ыргытып жиберем.

– Жообуң мага түшүнүксүз, – деп таң калды король, – эмне деген сөз: ичкен ашыма, катып коём, кайра кайтарам, ыргытып жиберем?

– Түшүнүктүү эле нерсе, – деп жооп кайтарды дыйкан.

– Бир теңгени өз тамагыма сарптайм, экинчисин мен карыганда багар-көрөр балдарыма чыгымдайм. Үчүнчүсүн мени багып чоңойткон ата-энеме берем. А төртүнчүсүн болсо жеткен илээнди, жалкоо, ажаан аялыма керектейм. Бул теңгени коромжу пул деп эсептейм. Ыргытып жибергеним ошо да.

– Эми түшүндүм, – деп кубанды король.

– Бирок сенден өтүнөрүм – менин жүзүмдү жүз жолу көрмөйүнчө бул табышмактуу кебиңди жан кишиге айтпа! Дыйкан ага макулдугун берди. Король сүйүнгөн бойдон ак сарайына жол тартты. Келери менен увазирлерди чогултуп:

– Мен айта турган сырдуу кептин жандырмагын кимиңер табасыңар?

– Бир дыйкан күнүгө төрт теңге табат дейли. Бирин өзү жейт, экинчисин катып коёт, үчүнчүсүн кайра кайтарат, төртүнчүсүн таштап салат. Бул эмне деген табышмак? Увазирлери баштарын тырмап туруп калышты. Бирок бир митаам увазири королдун кечээ аң уулоодон келатып, дыйканга жолугуп, кыйлага аңгемелешкенин эсине түшүрдү. «Мандем ошондо болбосун» деп ойлоду да жолго чыкты. Дыйканды тапты. Бирок ал увазирге эч сыр айтпай койду. Королдун жүзүн жүз жолу көрмөйүнчө жандырмагын айтпаска убада бергендигин эскертти.

– Таппасаң, сыйпалап кал! – деп кудуңдады айлакер увазир. Анан капчыгынан жүз күмүш тыйынды алып чыкты да, дыйканга сунду. Ар бир тыйынга королдун багжайган сүрөтү түшүрүлүптүр. Тыйындарды бир-бирден карап чыкты да, дыйкан өзү айткан табышмак сөздүн жан‑ дырмагын баяндап берди. Кубанычы койнуна батпаган увазир королго келип:

– Улуу урматтуу төрөм! Табышмагыңызды таптым, – деди да, айтып берди. – Буга сенин акылың жетмек эмес. Дыйкандан уккан окшойсуң! – деди ачууланып. Акыры дыйканды сарайына алдыртты.

– Убададан танганың жүзү каралык! – король дыйканды жекирди.

– Танганым жок, урматтуу төрө, – деп жай баяндады ал.

– Өзүңүз айткандай, жүзүңүздү жүз жолу көрдүм. Андан соң айтпаска аргам калбады. Дыйкандын колундагы өзүнүн сүрөтү чөгөрүлгөн жүз тыйынды көргөн соң, король башын мыкчып отуруп калды.

Суроолор жана тапшырмалар:

1. Король дыйканга кайдан жолукту?

2. Эмне үчүн король дыйкандын сөзүнө таң калды? Король дыйканга кандай шарт койду? Сен кандай ойлойсуң, дыйкан королдун шартын аткарар бекен?

3. Митаам увазир дыйканга кандай максат менен жолукту? Күмүш тыйында кимдин сүрөтү бар эле? 4. Ал эмне үчүн король койгон шартты аткарган жок?

5. Король увазирдин өзү тапканына ишендиби?

6. Дыйкандын «Өзүңүз айткандай, жүзүңүздү жүз жолу көрдүм» дегенин силер кандай түшүндүңөр?


Макалдардын маанисин жомокко карап түшүндүргүлө:

Алтын сарайдан табылбаган акыл Жаман алачыктан табылыптыр.

Адамдын акылманы алысты көрөт.

Адамдын өзγнө баа бербе, Акылына баа бер.

Адамдын тизгини – акыл.