СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алгоритмдин типтери

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алгоритмдин типтери»

Бекитем ОББ: _________________________ 17-октябрь 2022 -жыл 6-класс

Предмети: Информатика

Сабактын темасы: Алгоритмдердин типтери

Сабактын тиби: Жаны теманы ѳздѳштүрүү

Сабактын максаттары

Көрсөткүчтөр, Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчүлүк:

  • Жаңы маалымат менен жаңы тема менен түшүнөп, таанышышат

  • Алгоритмдин типтерин билишет

  • Мисалга Алгоритм түзгөндү үйрөнөт

Ѳнүктүрүүчүлүк: Алгоритмдин типтери жөнүндө маалыматка ээ болуп, бири-биринен айырмалоого калыптанышат.

Тарбия берүүчүлүк: Өз алдынчалыкка көндүрүү

Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:

Н.Ж.А.Э.(натыйжага жете алат эгер) окуучу тема тушүнүп комрьютер менен иштей билсе

Н.Ж.А.Э. компьютерде графиканы колдоно билсе

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу. Саламдашуу. Окуучуларды журнал боюнча толуктоо.

Окуучулардын китептерин, окуу куралдарын, класстын тазалыгын кѳзѳмѳлдѳѳ .

Жагымдуу маанай түзүү:________________________________________________

  • Ѳтүлгѳн теманы кайталоо

  • Жаӊы тема

Ѳтүлгѳн теманы кайталоо

Мугалим окуучуларга ѳтүлгѳн темалар боюнча суроо берүү менен кыскача аӊгеме жүргүзѳт.

  • Компьютердик графиканы берүүдө кайсыл моделдерди пайдаланабыз

Окуучулар берилген

суроолорго жооп берүү

менен ѳздѳрү билгендерин

ортого салышат.

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш-аракети

Темасын максатын айтат жана түшүндүрѳт

Алтын эреже менен тааныштырат.

Окуучулар сабактын темасын, максатын угат жана түшүнүшѳт.

Жаӊы теманы түшүндүрүү

Маанилүү терминдер:

сызыктуу алгоритмдер, бутактанган алгоритмдер, кайталануучу алгоритмдер.

Бири-бирине удаалаш аткарылган алгоритмдер сызыктуу деп аталат. М: жумуртканы ал;аны кызыган казанга салгыла; жумуртканы бышыргыла; казанды өчүргүлө.

Кандайдыр бир шарттын аткарылышына же аткарылбашына жараша аракеттердин ырааттуулугун бир тарапка же башка тарапка ашыруучу аракеттердин уюштуруу формасы бутактануу деп аталат. М: ЭГЕРДЕ чабалекейлер ылдый укса,АНДА жаан жаайт,БОЛБОСО жаан жашабайт.

Бир же бир нече аракеттердин ыраттуулугу алдын ала түзүлгөн шарты сакталганча кайталаган аракеттерди уюштуруу формасы циклдик (кайталоо) деп аталат. М: Жыл мезгилдери, аптанын күндөрү, жердин айды айлануусу ж.б.

Мисал карайлы: Бирдей даражадагы үч монетанын ичинен бирөө фальш (жалган). Ташы жок таразанын жардамы менен бир эле жолу тартып, аны (фальшты) кантип билсе болот? Мисалдын блок-схемасын түзөлү:

Окуучулар тема боюнча билгендерин эркин айтып беришет. Мугалим теманы түшүндүрүп жатканда кунт коюп угушат. Теманын үстүнѳн талкууга активдүү катышышат.

Түшүнбѳгѳн жерин мугалимден сурашат.

Мугалимге суроо берүүнү үйрѳнүшѳт.

Сабакты бышыктоо

Сүрөт менен блок-схеманы карагыла. Бул блок-схеманын маселесин түзгүлө. Кайсыл циклге кирээрин тапкыла.

Окуучулар

Ойлорун эркин айтышат.

Талкууларды уюштурушат. Мисалды доскага чыгып иштешет.

Сабакты жыйынтыктоо:

окуучунун суроосуна жооп берүү

Баалоо:

окуучулардын билимин баалоо

Үйгѳ тапшырма берүү:

Суроолор жана тапшырмалар

1. Кандай алгоритмдер сызыктуу деп аталат? Сызыктуу алгоритмдердин мисалдарын келтиргиле.

2. Эсепчи аткаруучусу эки гана команданы аткарганды билет: экиге көбөйткөндү жана бирди кошконду. Бул аткаруучуга нөлдөн 50 деген санды алуунун эң кыска алгоритмин ойлоп тапкыла.

3. Аракеттерди кандай уюштуруу формасы бутактануу деп аталат? Бутак- танууну камтыган алгоритмди келтиргиле.

Бекитем ОББ: _________________________ 17-октябрь 2022 -жыл 6-класс

Предмети: Информатика

Сабактын темасы: Математикалык моделдер

Сабактын тиби: Жаны теманы ѳздѳштүрүү

Сабактын максаттары

Көрсөткүчтөр,Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчүлүк: Окуучулар математикалык моделдер түшүнүгүнө ээ болушат. Моделдөөнүн турмуштагы маанисин жана колдонулушун билишет. Математикалык моделдөөгө карата мисалдарды келтиришет.

Ѳнүктүрүүчүлүк: Окуучулар топто жана жупта кызматташтыкта иштешет. Бири-бирине жардам беришет.

Тарбия берүүчүлүк: Өз алдынчалыкка көндүрүү

Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:

Н.Ж.А.Э.(натыйжага жете алат эгер) окуучу тема түшүнүп компьютер менен иштей билсе

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу. Саламдашуу. Окуучуларды журнал боюнча толуктоо.

Окуучулардын китептерин, окуу куралдарын, класстын тазалыгын кѳзѳмѳлдѳѳ .

Жагымдуу маанай түзүү:________________________________________________

  • Ѳтүлгѳн теманы кайталоо

  • Жаӊы тема

Ѳтүлгѳн теманы кайталоо

Мугалим окуучуларга ѳтүлгѳн темалар боюнча суроо берүү менен кыскача аӊгеме жүргүзѳт.

  • Илимий жана көркөм сыпаттоолор боюнча айтып бергиле

Окуучулар берилген

суроолорго жооп берүү

менен ѳздѳрү билгендерин

ортого салышат.

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш-аракети

Темасын максатын айтат жана түшүндүрѳт

Алтын эреже менен тааныштырат.

Окуучулар сабактын темасын, максатын угат жана түшүнүшѳт.

Жаӊы теманы түшүндүрүү

Илимде информациялык моделдөөнүн негизги тили болуп математиканын тили эсептелет.

Математикалык түшүнүктөр жана формулалардын жардамы менен түзүлгөн модель математикалык модель деп аталат.

Адамдардын бири-бири менен пикир алмашуусу кадимки тилди кызыктуу, кооз, эмоционалдуу көрсөтөт. Бирок, ар тараптуу кесиптик ишмердүүлүктө информациялык моделдерди түзүүдө ал жараксыз (М: «адам-компьютер» системаларында).

Информациялык моделдөөнүн негизги тили болуп математика тили эсептелет. Математикалык түшүнүктөр жана формулалар менен түзүлгөн модель математикалык модель деп аталат.