Сабактын темасы: Рахмат, сага Алиппе
Сабактын максаты: а) Окуучулар алиппе мезгилинде алган билимдерин
жыйынтыктап, окууда, жазууда, сүйлөө речинде колдонууга
көнүгүшөт.
б). Элдик педагогиканын элементтерин колдонуп, дүйнөгө
болгон көз караштары калыптанат.
в) Окуучулар бири – бирин сыйлоого, жардамдашууга
тарбияланышат.
Сабактын тиби: Аралаш сабак
Сабактын усулу: Көрсөтмөлүүлүк, түшүндүрмө, слайд менен иштөө
Сабактын ресурстары: тамгалар, сүрөттөр, слайд, музыка.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу учуру
Мугалим:
-Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер, кымбаттуу мугалимдер, ардактуу окуучулар жана бүгүнкү майрамдын катышуучулары. Биздин сабатыбызды ачып, “А” тамгасын таанытып, билимдин чексиз тепкичине жетелеп, алып барар “Алиппе” майрамына кош келиңиздер! Эмесе, ушул кичинекей аруу жүрөк, таза тилек наристелердин күчү менен даярдалган алиппе майрамын баштоого уруксат этиниздер.
Бүгүн бизде чон майрам,
Кош Алиппе майрамы.
Дүркүрөтүп кол чаап,
Тосуп алалы балдарды.
(Окуучулар колдоруна шар кармап бирден музыканын коштоосунда
окууга жетишүүсү боюнча ырлар айтылат, балдар киришет).
Кириш сөз: Кымбаттуу окуучулар биз үчүн кубанычтуу күн. Себеби “Билим дүйнөсүнүн дарбазасы болгон” силердин эн алгач колунарга алган сүйүктүү китебинер “Алиппе” болду. Бул “Алиппе” майрамын биз менен бирге ата-энелер, мугалимдер белгилеп отурушат.
Урматтуу ата-энелер 2022-жылдын 1-сентябрында мектеп босогосун аттап “Билим дүйнөсүнө” алгач кадам таштаган бөбөктөр, бүгүнкү күндө кат сабаты ачылып, өз алдынча окуганга жарап калды. Балдар бүгүн билим бешигиндеги 1-китеби “Алиппе” менен коштошкону отурат. Эмесе 1б классынын “Рахмат, сага Алиппе” майрамын ачык деп жарыялаймын.
- Гимн ырдалат.
Эмесе, бүгүнкү “Алиппе” майрамын баштаардан алдын сөздү мектептин директору Мадмусаева Гульсунай Каримовнага берсек.
Саламдашуу: Кыргызымда салты бар,
Саламдашуу жагы бар
Саламдашуу салт экенго элимде,
Амандашып жүрөлүчү келгиле.
Ошондуктан эн биринчи саламды
Жаш муундар айтат сиздерге.
Хор : Кыргыздар создүн чебери
Кылымдан өткөн белеги
Кана эмесе баарыбыз
Кыргызча салам берели.
Ассалому алейкум!
Кубанам, куттуктаймын, колду чабам,
Жаркыраган нур заманда толкунданам.
Ук жер жүзү, ук бүт аалам,
Бүгун бизде Алиппе майрам (Улан, Умутай, Амина, Асия, Эламан, Салиха, Нуртилек)
Алиппе китеби (музыка коюлат. Гүлдөр, көпөлөктөр бийлеп жүрүшөт. Ак гүлдөр ыры)
Кыз - Гүлдөр, көпөлөктөр мына мен Алиппе китебин окуп бүттүм!
Гүлдөр :- Ой абдан кооз китепко
Кыз:- Сентябрдын биринде,
Алдым китеп колума.
Китептердин төл башы,
Китептердин жол башы, мына ушул сүйүктүү китебимди окуп бүттүм
Гулдөр: азаматсын, китебинди таза кармагансын
Кыз: ооба таза кармадым. Мен эми алиппенин жардамы менен бардык китептерди окуй алам. Оюнчугум кош болгун! Мен эми Алиппе менен дос болдум!
Гүлдөр: Биз жашаган шаардын ичинде,
Бир укмуштуу жай бар.
Ал жерде билим алат,
Биздей кыздар, балдар
Мугалим: Балдар уккулачы.
Ичи толгон арипке,
Билим берген бул бизге,
Биринчи колго кармаган.
Кайсы китеп ал сенде?
Хор: Келечекке жол ачкан, ал суйукту алиппе.
Арыбаныздар, энелер,
Барсынарбы бөбөктөр.
Сөзүмө кулак салыныз.
Бир серпилип калыныз.
Алиппеге арналат.
Бүгүнкү ушул майрамыбыз. . Жасмина
Бүгүн биздин мектепте,
Алиппенин майрамы.
Окуп калдым бут таанып,
Отуз алты тамганы. Бостонов муслим
Алгач журсок апкаарып.
Анан көнө баштадык.
Жанылмачка тил көнүп,
Жакшы ырларын жаттадык. Нурболот
Көптү билдик, көп окуп,
Алиппе менен достошуп.
Сезимдерди ойготту,
Оюбузга ой кошуп. Салих
Сүйүктүү ушул алиппе,
Китептердин төл башы.
Жолуктурган доолорго,
Жомогу бар көп жакшы. Медина
Быйтын-быйтын басамын,
Мектепти көздөй шашамын.
Сабагымдан беш алып.
Көңүлүмдү ачамын. Акылбеков
Отуз алты тамганы,
Оной эле үйрөндүм
Сөзүн окуп алиппенин.
Эжейимдей сүйлөдүм. Нурислам
Жакшы окуп билим алдык,
Көрсүн бизди калайык,
Эмне үйрөнүп,эмне билдик.
Кана, ортого салайык. Билал
Өттү бизде сан сабак,
Бүгүн бизде салтанат.
Башка окуу менен достоштук
Алиппе менен коштоштук. Бакыт
Алиппе менен кош айтышып калабы
Эми колго башка китеп алабыз.
Ата-эне кубанычка орток бол.
Сабаттуу болуп чыкты эми баланыз. Кылымай
Алиппебиз алтын китеп ачылган
Тамгалары бермет шуру чачылган
Босогосун ачып бизге билимдин
Алиппебиз бизге арналып жазылган Амина Нуруллаева
Ушул китеп мени уйротту жазууга
Шар окууга, жанылмачты айтууга
Эн алгачкы достоштурган алиппе
Бизди окутуп ушул ак мектепте. Орозалиева
Хор: “Китеп ыры”
Билбегенди билгизген,
Мээге сезим киргизген.
АК булуттун үстүндө,
Айга жакын жүргүзгөн.
Китеп-менин акылым,
Китеп-менин жакыным.
Турмуш сырын үйрөткөн,
Көркөм, чечен сүйлөткөн.
Көкөлөтүп көңүлдү,
Табиятты бийлеткен.
Китеп -менин акылым
Китеп -менин жакыным
Ооба алиппе биз бугун.
Даярданып келгенбиз.
Тамгалардын ырларын,
Баарын айтып беребиз. Илима
Ынтымактуу баарыбыз
36 тамгабыз.
Ундуу, унсуз тамга деп,
Топторго болуп алганбыз. Мустапакулова
Бугун бизде чон майрам,
Алиппенин майрамы.
Тыбыш менен тамгалар,
Бизди алга кадамдар. Сара
Кана эмесе бир бирден,
Тыбыштарды козгойлу.
Тамгаларды кезектеп
Ролу менен ойнойлу. Рахима
Майрамы деп алиппенин,
Ыр жаттап келдик баарыбыз.
Кайсы тамга экенин,
Ырларынан тааныныз. Айсырга
Хор Биз тамгаларды таанып, (Муслим, Салиха, Медина, Салих, Айсырга, Ясмин)
Шар окууга жетиштик
Кыргыз тилинде
Кыска ундуулор сегиз,
Созулма ундуулор алты,
Каткалан унсуздор он,
Жумшак унсуздор он эки,
Еттошкон тамгалар торт,
Айткылачы кайсы тамга тыбыш болбойт?
Ааа билдим, билдим.
Ажыратуу белгиси жана ичкертуу белгиси тыбыш болбойт.
1.Үндүү тамгалар
“Аа” деген үндүү тамгамын ( Амина Н)
Апам тарбия берет.
Атам тапшырма берет,
Аларды уят кылбай.
Адептүү кыздан боломун
“Оо” деген үндүү тамгамын, (Нуртилек)
Окуу менен билим ал.
“Оо” дегенде ойлонгун,
Окуучулук күнүң ал.
“Уу” деген үндүү тамгамын (Улан)
Уларбек ууга чыкты
Уудан улар көрдү.
Улар чоочуп учту,
Уларбек уларга жетпей ыр жазды.
“Ыы” деген үндүү тамгамын, (Муслим А)
Ыза кылба кичүүнү.
Ырахмат айткын улууга,
Ыркырашпай үндөгүн.
Ынтымактуу болууга.
“Ии” деген үндүү тамгамын, (Илима)
Ийнелик, ийикте айтылат.
“Ии” тамгасын билип ал,
Ийкемдүү ал жазылат.
“Өө” деген үндүү тамгамын ( Арууке О)
Өрүк, өтүктө айтылат.
Өрүк зар эске салынат,
Өрүк гүлү ачылат.
Көпөлөктөр конушса,
Гүл таатылар чачылат.
“Үү” деген үндүү тамгамын, (Умутай)
Үпөл сиңдим асманды карады.
Үркөр жылдыз жылт этти,
Үпөл үшүп турганда,
Үркөр жылдыз жылытты.
Үтүрөңдөп мен аны.
Үйгө кир – деп уруштум.
“Э э” деген үндүү тамгамын, (Эламан)
Эне, эшик, эликте айтылат,
“Ээ” десем, эне келди көзүмө.
Энемдин угуп насаатын,
Эркеледим өзүнө.
2.Жумшак үнсүздөр.
1. “Б б” тамгасы (Бакыт)
Бала, балык, балкага,
“Бб” жазылат баш тамга.
Балдар туруп эртелеп,
Баратышат бакчага.
2. “В в” тамгасы (Медина)
Велосипед, верталёт,
“В в” тамгадан башталат.
Вокзал жакка паравоз,
Вагон сүйрөп баратат
3. “Гг” тамгасы (Ясмина)
Гимн, гербди жазганда,
Керек дайым “Гг” тамга.
Гүлай, Гүлзат баратышат.
Гүл тергени талаага.
4. “Дд” тамгасы (Айсырга)
Данек, дарак. Дарбызга,
“Дд” жазылат дайыма.
Дамир, Дөөлөт –эки дос,
Жардам берди Дайырга.
5. “Жж” тамгасы ( Жасмина )
Желек, жебе, жарканат,
“Жж” тамгадан башталат.
Жоо келтирбей жерине,
Жоокер жерин кайтарат.
6. Зоока “Зз” дан башталат. (Салих)
Зым заводдон жасалат,
Уйдун пири билип ал,
Зеңги баба аталат.
7. Лампочкага, лыжага, (Нурислам)
“Лл” жазылат башына.
Лейла кооздоп алыптыр,
Лента тагып башына.
Мышык, маймыл, мамалак, (Мариям)
“Мм” тамгадан башталат.
Майрам эже мышыгын
Мый, мый деп чакырат.
Мен “Нн” деген тамгамын, (Нурболот)
Нанды, нанды жазамын.
Нандан ыйык байлык жок,
Нанды дайыма барктагын.
Дөңгөлөнөт, дөңгөлөк, (Муслим б)
Дөнгөлөккө “ң” келет.
Дагы кайсы сөздөргө,
“ң” тамгасы эң керек?
Ракетага, Рахатка, (Рахима)
Сөз башына “Рр” келет,
Компьютер башкарган,
Роботтор иштетилет
Каткалаң үнсүздөр
Кийим кийип камындап, (Билал)
Канат кайда камынат.
Карасаңар баарына,
“К” тамгасы жазылат.
Пахта, пилге, партага, (Асия)
“П” жазылат баш тамга
“П” тамгасы болбосо,
Парча айланат арчага.
Сабыр сабиз суугарат, (Салиха)
Сайра сайдан суу алат.
“С” тамгадан башталып,
Сүйлөм сөздөн куралат.
Темир, тырмоок окшогон, (Сара)
“Т” тамгасы мен болом.
“Т” тамгасын жазбасаң,
“Топ” болбостон “оп” болом.
Фартук жана фонарга, (Арууке М)
“Ф” жазылат баш тамга.
Фломастерлер эн керек,
Кооздоп сүрөт тартканга
Халат, Хасан, халвага, (Абубакир)
“Х” тамгасын жазабыз.
Көк тиреген чокуну,
Хан-Тенир деп атайбыз.
Айлананы кагазга, (Амина Г)
Циркуль менен чиебиз.
Сонун оюн көргөнү,
Циркке барып киребиз.
Чабалекей, чагылган, (Кылымай)
“Ч” тамгасы жазылган.
Чынчыл болуп чоңойгун,
Чындык ыйык баарынан.
Шыпылдатып колдорун,
Шырдак шырыйт Шарипа.
Шабдалы терем деп,
Шакир чыкты шатыга.
Й менен У биригип,
“Ю” тамгасы жазылат.
Юла деген оюнчук,
Чимирилип айланат
Хор : Алиппе
Аппак кылып дилимди,
Так сүйлөтүп тилимди.
Тамгаларды таанытып,
Тартуу кылдын билимди.
Китеп окуу саптары,
Аңгеменин аттары,
Элестетип көзүмө,
Көңүлүмдө бут баары.
Мугалим: Кыргызстан кандай өлкө?
Окуучулар: Тоолуу өлкө
1.Көркөм окуу Ж.Бөкөнбаев “Кыргыздын Ала-Тоосу” ( Ясмина)
Мугалим: Бир жылда канча мезгил бар?
Окуучулар: 4 мезгил бар. Жаз, жай, күз,кыш
2. Аалы Токомбаев “Төрт мезгил” ыры ( Эламан, Сара , Бакыт, Мариям)
Мугалим: Кайсы мезгил болуп калды?
3. “Болуп калды жазгы убак” (Жасмина, Айсырга)
Мугалим: Кайсы досубуз келет экен?
4. “Чыйырчык дос” Абдрасул Токтомушев ( Асия)
Мугалим: Билимди эмнеден алабыз?
5. Китептен. А.Осмонов “Китепти сүй” (Арууке, Арууке)
«Манас- кыргыз рухунун туу чокусу»-дегендей кезекте манас эпосунан узунду айтуу.
Мугалим: Бизге билим - тарбия берген ким?
Мугалим жаркын омур эн бир кымбат,
Адамга ак жол тилейт чебер кылдат.
Билимдин акыл эстин саяпкери.
Мугалимге мин мертебе алкыш урмат-демекчи бизге билим тарбия берип жаткан агай-эжелерибизге да ырларыбызды тартуулап келсек.
Окуучулар: мугалим жөнүндө ырлар
Мен үчүн мөмөлүү дарак, (Умутай)
Жарык берип,күйүп турган шам чырак.
Суусу тунук,мөлтүрөгөн шылдыр булак,
Бизди окутуп,тарбиялап билим сунат.
Мугалим жаркын өмүр эн бир кымбат (Амина Н)
Адамга ак жол тилейт чебер кылдат
Билимдин акыл-эстин саяпкери. Мугалимге мин мертебе алкыш урмат.
Окуучусун артык көрөт баарынан, ( Асия)
Эжекеме кандай рахмат,айта алам.
Жүрөгүмдөн толкуп чыккан ыр менен,
Рахмат эже ,шыбыраймын кайталайм.
Мамилеси ата-энедей мэримдүү ( Жасмина)
Мектеп мага өз үйүмдөй көнүлдүү
Баардыгы үчүн эжекеме ыракмат
Жүрөк сезим кубанычка бөлөндү.
Жеке номер: “Биринчи мугалимим” Абдикаимова Жасмина
Бий: “Мики Маус” Джумашова Илима
Жеке номер: “Байчечекей” Нуруллаева Амина
Бий: “Сардал кыз”
Эненин акылдыгын барктай билгин,
Даназалап дуйного данктай билгин.
Жэтишээр деп даназалап койбостон,
Кулча иштен ак сутун актай билгин.
Жеке номер: “Ата-энем” Каныбекова Умутай, Каныбеков Улан
Бий: “Туча”
Жалпы бий: “Мекеним Кыргызстан”
Алиппени бүтүрдүк
Адабий окууну баштадык,
Жетишпестик жалкоолук.
Баарын артка таштайлык.
Мугалимдерге, ата-энелерге соз берилет
Жыйынтыктоо: Эмесе бүгүнкү 1б классынын “Кош Алиппе!” майрамы
соңуна чыкты .Көнүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!