2.Окуучулардын билимин актуалдаштыруу: | - Кана балдар, экранга көңүл бөлүп, сүрөттөгү сөздөрдүн атын атайбыз, аталышын билебизби ? Демек, балдар бүгүнкү Алиппе сабагынан кайсы тыбышты таанып билебиз деп ойлойсуңар? | -окуучулар кластердеги сүрөттөрдөн самоор, саратан, сайгак, сайма, сүлөөсүн, суур, сандык жана самындын сүрөттөрүн көрүп, алардын аталыштарын атоо менен, баардыгы Сс тыбышынан башталганын байкашат. Балдар жооп беришет: -Бүгүнкү сабакта Сс тыбышын окуп билебиз | НК3 | ПК5 ПК3 | Калып. баалоо | | | |
3. Жаңы теманы өздөштүрүү: | -Ооба, азаматсыңар! Бүгүнкү сабакта Сс тыбышын таанып билебиз. Сс тыбышы катышкан сөздөрдү туура, так окуу менен Сс тыбышын туура айтууга машыгабыз. Тыбышты айтабыз, угабыз. Кулакка угулган айрым-айрым үндөр тыбыш деп аталат. Тыбыш Үндүү Үнсүз тыбыштар болуп экиге бөлүнөт. Кыргыз тилинде 14 үндүү, 25 үнсүз тыбыш бар. Үнсүз тыбыштарды айтканда өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ооз көңдөйүндө тоскоолдукка учурап, үн менен шыбыштын жардамы менен жасалат Аларды биз үндүүлөрдөй кылып созо албайбыз. Балдар Сс тыбышы да үнсүз тыбыш. Сс тыбышын айтканда тил тиш таңдайга тийип, үнгө шыбыш кошулуп чыгат. Сс тыбышы сөздүн башына , ортосуна, аягына келет. Мисалы : сандык, сайгак, саратан, самоор; каскан, барскан, кумурска; жолборс, бас, кас душман ж.б. Балдар окуу китебиндеги сүрөттү карап Сс тыбышын катыштырып аңгемелешүү жүргүзөбүз. -Муундардан сөз курап окуйбуз п ас к ка аска, сака; са л са т н -Келгиле балдар, Сс тыбышы катышкан сөздөрдү чоогу окуйбуз -Эми балдар сүрөттүү сөзгө тыбыштык жана муундук талдоо жүргүзөлү Сабак- 5 тамга, 5 тыбыш 2 муун бар- СҮ-ЛӨӨ-СҮН - сөздө 8 тамга 7 тыбыш, үч муун бар С тыбышы –үнсүз, каткалаң, түгөйлүү, түгөй з-с Ү тыбышы – үндүү, кыска, ичке Л тыбышы – үнсүз, жумшак , түгөйсүз ӨӨ тыбышы –үндүү, созулма, ичке Н тыбышы – үнсүз,жумшак, түгөйсүз -Балдар, эми Салтанат деген текстти көркөм, шар окууга машыгабыз, мазмунун түшүнүп айтып беребиз. Салтанат Салтанат жомок окуду. Жомок жолборс, арстан жана карышкыр жөнүндө эле. Салтанатка жомок абдан жакты. Сайкал менен Садыр Салтанаттын достору. Салтанат досторуна жомокту айтып берди. | Окуучулар Сс тыбышы жөнүндө берилген маалыматтарды алуу менен алган билимдерин тереңдетишет. Сс тыбышы – каткалаң, түгөйлүү үнсүз экенин билишет. Окуучулар окуу китебиндеги сүрөттү карап Сс тыбышын катыштырып сүйлөп беришет. -Сс тыбышы сөздүн башында,ортосунда, аягында келет. -Салтанат жолборс, арстан ж.б. жапайы жаныбарлар жөнүндө жомок окуп, досторуна айтып берди. - окуучулар сап,сак, сал, сат, сан деген сөздөрдү окушат. - Сары, самын, самоор, суроо, сайма, сандык, кумурска, саратан деген сөздөрдү мугалим менен бирге окуп, шар окууга көнүгүшөт. | НК1 НК1 НК2 НК3 НК1 НК2 НК3 | ПК 1 ПК2 ПК3 ПК4 ПК5 ПК 1 ПК2 ПК3 ПК4 ПК5 ПК 1 ПК2 ПК3 ПК4 ПК5 | Калып. баалоо Калып. баалоо Калып. баалоо | | | |
4. Бышыктоо: Кайтарым байланыш : | Биздин досторубуз көп, алардын ичинен чыныгы досту таап, табышмактын жообун таап бергилечи? Сүйлөбөйт, бирок акыл үйрөтөт -Бүгүн кайсы тыбышты билдиңер? -Ал кандай тыбыш? -Текстте ким жөнүндө сөз болду? -Салтанат досторуна эмне айтып берди ? -Алар кандай достор экен? -Жомок эмне жөнүндө экен ?https://learningapps.org/display?v=perjp6tet24 | Окуучулар сүрөттү карап жооп беришет. Табышмактын жообу китеп. -Бүгүнкү сабакта Сс тыбышын билдик -Сс тыбышы каткалаң,үнсүз, түгөйлүү г-к -Текстте Салтанат деген кыз жөнүндө сөз болду -Салтанат досторуна жомок айтып берди. -Алар ынтымактуу достор. -Жомок жаныбарлар жөнүндө экен. | НК3 | ПК 1 ПК 2 ПК3 ПК 4 ПК 5 | Калып. баалоо | | | |