СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алымбек Датка 8-кл

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алымбек Датка 8-кл»

Алымбек Датка Асан бий уулу, Алымбек парваначы (1799–1862) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Жыйырма жети жашында Кокон ханы Мадалиге кызмат өтөй баштаган. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан (алайлык) эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. Алымбек 1831 ­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.

Отуз эки жашында Анжиян вилайэтинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү рол ойногон.

1842-жылы Шераалыны хан (Шераалы хан) көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген.

Хандыктагы саясий жана мамлекеттин 30 жылдык (1831–62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга (заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жеени Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес.

Алымбек Датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган, өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган.

Отуз жылдык (1831-62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. Алымбек датка Кокондун 4 ханын көргөн (Мадалы, Шералы, Мала, Шах мурад).

1. Алымбектин теги. Анын атасы Асан бий, анан Шамырза, анын аталары Ажы бий, Тилеке баатыр болуп кетет. Булардын баары азыркы Фергана өрөөнүнө, Кашкарга, Бухара шаарына чейин таанымал эл башкаруучу жана ири соодагерлер болгон. Алайдан чыккан адигине уруусунун баргы уругунан. Алымбек мына ушундай тектүү үй-бүлөдө 1799-жылы туулган.


2. Билим алууну көздөп Римге чейин барган. Алымбектин атасы аны өтө жаш чагынан соода кербендерине кошуп, Кокон, Ташкент, Жаркен, Самаркан, Бухара, Кабул, Стамбул шаарларына алып барган. Алымбек жаш чагында Алайдагы үйүндө молдодо окуп, кат сабатын жоёт. Атасынан дайындоосу менен Шамырзанын Арык деген баласы 1813-жылы Алымбекти Бухарадагы Жакыпбек аталык салдырган медресеге киргизип келет. Бул жерде ал казактын Казыбек деген бегинин уулу Максүт, соодагер Эшматтын уулу Азим дегендер менен бирге жатып окуйт. Үчөө 1815-жылы Меккеге жол алган зыяратчыларга кошулуп кетет да, адегенде Стамбулга келет, ал жерде бир жылдай окуйт. Анан татар соодагери Мансурду ээрчип Италиянын Рим шаарына барат. Римде төрт ай туруп, Кара деңиз менен Севастополь аркылуу Россияга келип, андан мекенине кайтат.

3. Кокон хандыгынын парваначысы жана даткасы. Кокондун Мадали ханы атактуу Ажы бийдин тукуму болгон Алымбекти 1826-жылы – 27 жашында хан ордого алдырып, парваначы даражасын берет. "Парвана" — чырактын жарыгын айланып жүргөн түнкү көпөлөктүн аты. Ал эми парваначы хандын жанындагы киши дегенди билдирет. Ал кезде парваначы хандыктагы эң жогорку кызмат болуп, аны хан өзү гана бекиткен, ордодон атайын эсеп менен каржылап турган, ордодо жашаган, хандык кеңештин мүчөсү катары жыйындарда чечүүчү добушка ээ болгон, өзүнүн мөөрүнө ээлик кылган, ал катардагы вазирлерден эмес эле, хан менен дайым бирге жүргөн, хандыктагы хандан кийинки экинчи киши катары эсептелген. Алымбекке 32 жашында, 1831-жылы "датка" наамы берилген. "Датка" фарси тилинен которгондо "адилеттүүлүк" дегенди түшүндүрүп, ири диний ишмерге ыйгарылган, ага жыл сайын 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман эгин алып турууга укук берилген. Бул ошол кездин чени менен алганда өтө чоң сый болгон.

4. Анжиан бектиги. Кокон ордосу 1831-жылы 32 жаштагы Алымбек парваначы-датканы Анжианга бек кылып жиберет. Ага азыркы аймактык бөлүштүрүү боюнча Өзбекстандын Анжиан, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо райондорунун аймактары кирген. Анжиан Кокон ордосунун Чыгыш чеги болуп, ага караган хандыктын Кетмен-Төбө, Көк-Арт, Алай сыяктуу "чуулгандуу" жерлерин башкаруу керек эле. Хандыктын жер чегин кеңейтип, ары Нарын, Ысык-Көл, Кашкар, Сары-Кол жерлерин каратып алуу ойлору да Алымбек датканын "колу" менен ишке ашырылмак. Ошол кезде бектин Кашкар, Ош, Анжиан, Кокон, Бухара шаарларында 160тан ашык соода дүкөндөрү, бул шаарларды бириктирип мал (товар) ташып турган кербендери болгон.

5. Датканын бүлөсү. Анжиандын беги, ири мамлекеттик ишмер жана атактуу байлардын бири Алымбек 1832-жылы 21 жаштагы Курманжанды аял кылып алат. Ага чейин анын бир зайыбы болгон. Улуу аялы — байбичеден Акынбек. Курманжандан Абдылдабек, Оморбек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек. Кичүү жубайынан Кылычбек.

6. Анжиан бектигинин ордосун Ошко көчүрүү. XIX кылымдын 40-жылдарынын башында бектиктин борбору Анжиандан Ош шаарына көчүрүлө баштайт. Ал жерде Ак-Буура дайрасынан Күн батышка карай чыга бериштеги дөңсөөгө, Сулайман-Тактын этегине, болжолу азыркы (ОшМУнун жатаканалары, "Алай" мейманканасы, Шейит-Дөбө, Тешик-Таш, филармания жайгашкан жерлерге) Ак Ордо орнотуп, боз үйлөр айылын курган. Ортодо бийик секиге Алымбек датканын 12 канат ак өргөсү тигилген. Алымбек датка, ал каза болгондон кийин чоң уулу Абдылдабек, зайыбы Курманжан датка, анын урпактары дал ошол жерден элчилерди, мамлекеттик кызматкерлерди жана букара калкын кабыл алып турган. Ош борбор болуу менен шаар аралап өткөн Ак-Буура дарыясына эки өйүздү туташтырган 9 көпүрө курулуп, соода жайлары узарып жана жакшырып, кербен сарайлар кеңейтилип, мечит, медреселер, акжуваздар, майжувар, тегирмендер, жибек, жүн, пахта, тери иштетүүчү ишканалар салынган. Алымбек датканын жана анын балдарынын убагында Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуучу Төлөйкөн-Арык, Жоош-Арык, Жапалак-Арык, Баргы-Арык, Увам-Арык, Сабай-Арык, Анжиан-Арык, Коңурат-Арык, Кыдырша-Арык, Жаннат-Арык деген арыктар казылып, Ак-Буурадан суу чыгарылган. Жаннат-Арык азыркы Сулайман-Тактын түштүк жагында, мүрзөлөрдүн этегинен орун алган Айдың-Көл деген жасалма аузга (көлгө) куюп, ал жерде ак куулар, өрдөк-каздар каршы-терши сүзүп жүргөн. Шаар ичиндеги негизги жана шаардан Анжиан, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Араван жакка чыгып кетчү жолдорго таш төшөлгөн, Ак-Буура дайрасынын боюна бак отургузган.

7. Ошто туруп ордону башкаруу иштери. Алымбек датка Кокон хандыгынын четки жагына — Анжиан менен Ошко кеткени менен ордо иштерине активдүү катышып турган: 1842-жылы Шералыны хан көтөрүүнүн, 1845-жылдагы Ош көтөрүлүшүнүн уюштуруучусу болгон; 1862-жылы 24-февралда Мала ханды жок кылууга катышкан; такка Шералы хандын он эки жашар жээни Шах Мурадды коюп алып, өзү бүт бийликти колго алып аталык аталган.

8. Алымбек — ири агартуучу. Алымбектин медресеси, же Ак медресе Ош шаарында 1844-жылы салына баштайт, башкы архитекторлору катары Самарканддан Камал ибн-ал Кадырулла, Кашкардан Ахматбек ибн-ал Курбани чакырылат, алардын чыгымын, үй-бүлөсүнүн каржы муктаждыгын бүт Алымбек датка өзү көтөрөт. Имарат алты жылдан соң 1850-жылы бүткөрүлгөн. Медресе Ак-Буура суусунун оӊ жээгинде, чыгыш тарабында, азыркы борбордук базарга Кара-Суу жактан келип кошулган жолдун тоомунда жайгашкан. Ал Кокон хандыгынын жана Бухара шаарындагы атактуу медреселер менен бир катарда турган. Төрт купасы, алдындагы эки бурчунда эки мунарасы болуп, алардын ар биринин бийиктиги он беш метр келген, имарат эки кабат болуп, шыптары бийик курулган, экинчи катарга айланма тепкичтер менен көтөрүлүшкөн. Окуу процессин жүргүзүлүүчү дарсканалары, намазканасы, кең жана кооз түркүктүү айбандары, чарпаялары, мударисканалары жана 28 чакан бөлмөдөн (келийе) турган жатак жайлары — үжүрөлөрү болгон. Жатак жайында бир эле мезгилде үч мударис, 80-100 талаба (окуучу) жаткан. Ал эми алдындагы кооз аузга (хауз – көлмө, бассейин) тоо дайрасынан муздак, таза суу улам кирип, жаңыртылып турган. Мударистери Мекке, Кашкар, Букара, Самарканд, Кокондон келген. Медресе башчылары (мутавалилери): Алымбек (1850-1862-жылда), андан кийин, Жаркынбай (1865-жылга чейин), андан кийин Абдылдабек, Камчыбек, Курманжан датка, Баатырбек болгон. Медресеге таандык 10 000 танап жер ("Алымбек чек" деп аталган Чын-Абад кыштагында, Папанда, Көк-Белде), 120 соода дүкөнү жана устаканасы иштечү. Медресенин мыкты бүтүрүүчүлөрү Бухара, Самаркан, Ташкент, Кокон, Тегеран, Дамаск, Багдад, Стамбул, Кашкар, Мекке, Каир сыяктуу ири шаарлардагы чоң окууларга жиберилип, ал жактагы окуусун Алымбек датка жана кийин анын балдары камсыз кылып турган.

9. Алымбектин өлүмү. 1860-жылы Кокон аскерлери падышалык Россиянын кубаттуу армиясына каршы алдыларынан тосуп чыгат. Ага жалпы Канаат шаа командалык кылат. Азыркы Алма-Атага жакынкы Узун-Агачта орус колуна туруштук бере албасын түшүнгөн Алымбек датка өзүнүн 12 миңге жеткен сарбаздарын өлүмгө салбай чегинет, алар Нарын тарапка өтөт. Ошол 1860-1861-жылдары Алымбек арка кыргыздарынын эл башылары, баатырлары Үмөталы, Байтик, Жангарач, Ажы бий, Адыл баатыр, Төрөгелди менен мамиле түзүп, арка кыргыздары менен алай жана анжиан кыргыздарын бириктирүү идеясын көтөрүшөт. Бул арада Кокон бийлиги аны өлүм жазасы тартуу өкүмүн чыгарат. Анын өлүмүнүн кандай болгону да азырга чейин табышмактуу: өзүнүн атаандашы Алымкул тарабынан 1863-жылы өлтүрүлгөн (Ч.Валиханов), 1863-жылы дарга асылган ("Туркстанские ведомости" газетасы, В.М.Плоских жана В.П.Мокрынин), 1862-жылы кутумчулар тарабынан муунтулган (А.Х.Хасанов), Алымкул аталыктык буйуртмасы менен Чотон өлтүргөн (Т.Өмүрзакова) ж.б. пикирлер айтылып келет. Ал Кокон хандыгында отуз бир жыл чечүүчү фигура болуу менен Мадали, Шералы, Мала, Шах Мурад деген төрт хан менен иштешкен.

10. Эстеликке айланган тагдыр. Алымбек датканын эстелиги Ош шаарына Чыгыш тараптан кире бериш дарбазага (Кыр-Арык), Ош шаарындагы "Алымбектин ак өргөөсү" деген аянтка жана Алай районунун Гүлчө кыштагы башталган айлампага тургузулган.

12. Көркөм образга өткөн өмүр. Алымбек датка Курманжан датка менен бирге Т.Касымбековдун "Келкел" романында, Т.Касымбеков менен К.Сактановдун пьесасында, С.Жусуевдин "Курманжан датка" деген ыр менен жазылган романында, З.Эралиевдин "Тоо ханышасы" документалдык жана С.Шернияздын "Курманжан датка" деп аталган көркөм фильминде чагылдырылган. 2016-жылдын май айында ОшМУда анын 215 жылдыгына карата "Алымбек датка жана анын доору" деген илимий-тажрыйбалык жыйын өтүп, анда окулган макалалар китеп болуп чыкты.

Алымбек датканын неберелери Кадырбек Камчыбеков менен Жамшитбек Карабеков Кыргызстанда социализмдин орун-очок алышына жан аябай кызмат кылып, 1937-жылы атылып кеткен.

«Мен хан болдум таажысыз да тактысыз»

Алымбек датканын алты уул, эки кызы болгон. Кокон хандыгындагы таасирдүү инсандын тагдыры кайгылуу аяктап, ордодогу тымызын бийлик талаштан ич ара ынтымагы жок дымактуу инсандар өмүр менен кош айтышкан.

Биринчи болуп миңбашы Нүзүптүн, андан соң кандай жерге келип отуруп калганын жакшы аңдай албаган Шералы хандын, артынан тоолук кыргыздар арасында таасири ченемсиз бийик Алымбек датканын башы кетип, ар кандай амал-айлага жакын Мусулманкул да бу канабайрамдан четте калбай, армандуу ажалга туш келген.

Батыш өлкөлөрү жапырт жаңы дүйнөнү басып алып, колония чегин кеңейтип атканда орто кылымдык караңгылыктын сормо сазында калган Кокон хандыгын орус бийлиги оңой эле жок кылып, ага караштуу элдер менен жерлерге катаал бийлигин орноткон. Аны да биринчилерден болуп Алымбек менен Курманжан датканын үй-бүлөсү жон териси менен сезген. Чек арадагы чатакка байланыштуу орус бийлиги Камчыбек менен Акбалбанды дарга аскан.

Алымбек датка Кокон хандыгындагы таасирдүү адам болгон, ал үч ирет бийликти алмаштыруу ишине катышып, башкы вазирлик даражага чейин жеткен. Төртүнчү аракети оңунан чыкпай, оор жазага тартылган. Анын отуз жылдык бийлик тарыхы тоолук элдин Кокон хандыгы менен мамилеси кандай болгонун кашкайтып көрсөтүп турат. Кийин бул милдет анын жары Курманжан даткага өткөн.

«Сырттан куунап, ичтен куурап жүдөгөн» улуу инсандын жаңы бийликтеги орду чектелип, колониялык бийликтин катаал жазасы эң алгач Курманжан датканын үй-бүлөсүнөн башталган. Душманга багынгысы келбеген Абдылдабек ооган жеринде каза болсо, «чек ара көзөмөлчүсүн жок кылды» деген күнөө менен 1895-жылдын 2-мартында Камчыбек Алымбеков менен Акбалбан Бакыбаев дарга асылган.

1898-жылкы Анжыян көтөрүлүшүнүн капшабынан Курманжан датканын Баатырбеги менен Мамытбеги, небереси Мырзапаяз - баары болуп ондон ашуун киши Сибирге сүргүнгө айдалган. Калгандары абакка камалган. Сибирге айдалгандардын арасында 12 жаштагы небереси Арстанбек, Мырзапаяз, ошо кезде Гүлчө болуштугун башкарып турган Мамытбек да бар болчу.

Мындай катаал жазага макул болбогон Курманжан датка арызданып жүрүп эки жылдан кийин балдарын сүргүндөн бошотууга жетишкен. Анткен менен бийликтеги таасирдүү адамдын үй-бүлөсүн баласынан чоңуна карабай катаал жазага кириптер кылуу Алымбек датканын укум-тукумунун эси-көөнүнөн кеткис кайгылуу окуя болгон.

Ошондуктан Курманжан датканын укум-тукумунун жаңы совет бийлигин жактыруу менен кабыл алышын, эки небереси Кадырбек менен Жамшитбек анын жайылышына аянбай кызмат кылышын түшүнсө болот.

Кадырбек Камчыбеков 1917-жылдан бери совет бийлигине кызмат кылып, алгач Гүлчө болуштугун жетектеп, кийин басмачылык кыймыл күчөп кеткенде ага каршы колуна курал алып күрөшкөн ыктыярдуу кыргыз милициясынын жетекчиси болгон.

Ал эми Жамшитбек Карабеков Казандагы университетти бүтүп келгенден кийин Оштун жанындагы Мады кыштагында орус-тузем мектебинде мугалим болуп иштеген. Билимдүү жаштардын кызматы керек болгондо жаңы бийлик аны «эл бийлеген датканын небереси, социалдык жат элементтин өкүлү» дебей жооптуу кызматтарга дайындаган.

Жамшитбек Ош үйөздүк билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп, жер-жерлерде жаңы мектеп ачуу, билим берүү системасын жайылтуу жаатында аянбай кызмат өтөгөн.

«Кызыл командирдин» трагедиясы

Кадырбек Камчыбеков 1919-жылы большевиктер партиясына мүчөлүккө өтүп, Орусия компартиясынын Ош үйөздүк комитетинин Гүлчө болуштугунун аткаруу бюросунун мүчөсү, Мады айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Кадырбек Камчыбеков совет бийлигине каршы чыккандар менен күрөшкө жыйырма жылдан ашуун өмүрүн арнаган. Ал Ош, Ноокат, Өзгөн тараптагы басмачыларга каршы күрөштө таанылган. 1920-жылы Түркстан фронтунун басмачыларга каршы эмгекчилер арасынан ыктыярдуу отряддарды түзүү жөнүндө буйругу чыккан. Кадырбек Камчыбековдун отряды ошол кезде түзүлүп, совет бийлигине каршы чыгып карапайым калктын үшүн алган басмачылык топторду жок кылууга катышкан. Эмгеги эске алынып, 1922-жылы күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Айтмакчы, мына ушул басмачылар менен күрөш жаңыдан башталып жаткан чакта Кадырбек Чырмыш Жусупбаев деген басмачылар отрядына колго түшүп калган. Ошондо баргы, тооке, сабай, какал урууларынын аксакалдары ортого түшүп, басмачыларга элден чогулган эки мүшөк акча алып барып берип, бошотуп чыгышканын изилдөөчүлөр белгилеп жүрүшөт.

Кадырбек Камчыбековдун өмүр жолу жалаң уруш-күрөш менен өткөн. Анын Мойдун бекти кантип колго түшүргөнү эл арасында кыйла жылдардан бери айтылып, аңыз кеп катары жайылып кеткен.

Мойдун бек бир топ жыл бою колго түшпөй, советтик активисттерди өлтүрүп, кыз-келиндерди кордоп, баарынын көкөйүнө көк таштай тийген кезде аны совет бийлиги менен жарашууга чакырышкан экен. Кызыл-Кыянын жанындагы бир кыштакта айтылуу корбашы кызылдардын жетекчиси менен кездешет. Эт бышып калган маалда кызылдар документ даярдамыш болуп бейкам отурган корбашыны кармашат. Анын зөөкүрдүгүнөн тажаганбы же капыс болгон ишке буямасы келбей калганбы, иши кылып корбашынын жан жигиттери каршылык көрсөтүшпөптүр. Мойдунбекти кандай да болсо жок кылуу жөнүндө тапшырма 1922-жылы Түркстан фронтунун атайын буйругунда белгиленген. Айтылуу корбашыны Кадырбек колго түшүргөн.

Анын Калкожо паңсаттын колун кантип жок кылганы да айтып отурса узун кеп. Түрмөдөн качып кеткен Калкожо паңсат Мадаминбектин колуна кошулуп, көптөгөн бүлгүнчүлүк иштерди кылган. Кадырбектин ыктыярдуу милициясы Алайдын Бий-Мулла деген жайлоосунда Юлдаш палвандын басмачыларын жок кылган. Басмачылар менен күрөш 1927-жылга чейин созулган. Алардын негизгилери жок кылынып, кийинки жашоо-турмуш тынч нукта уланышы керек эле. Бирок да Кыргызстандын түштүгүндө совет бийлигинин орношу минтип куралдуу каршылыкка туш келгенде жанын аябай күрөшкөн Алымбек датканын укум-тукумунун асманында да кара булут айланып, «тап душмандарын» кодулоо, сүргүнгө айдоо, жер оодарып ийүү, улутчулдарды, революция душмандарын издөө аракети күчөй баштаган.

«1929-жылы кулактарды тап катары жоюу саясатын жүзөгө ашырып жатканда, «чоң атаң менен чоң энең даткалар болушкан экен, сен биздин тап душманыбыз экенсиң» деп камакка алып, анан атып жок кылышкан… 1955-жылы гана «ал ак жерден сталиндик репрессияга дуушар болгон экен» деп актап, бала-чакаларына компенсация төлөшкөн. Кокон кандыгынын тушунда бийликтин эң бийик тепкичине - вазирликке чейин көтөрүлгөн Алымбек датка 63 жашында капыс өлүмгө туш келген. Чыгыштык жексур режим жок кылынганы менен, анын ордун баскан Орусиянын колониялык бийлигинин кандуу кылычы Алымбек датканын урпактарынан кетпей, асылып, сүргүнгө айдалып, куугун-сүргүндөн кутулушкан эмес.

Жамы журттун максат-мүдөөсүн баарынан жогору койгон кадырлуу датканын балдары 1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшүнүн капшабы менен Сибирге сүргүнгө айдалып, абакка отургузулган. Бирок куугун-сүргүндүн, басым-кысымдын эң ооруна Алымбек датканын урпактары совет бийлиги кезинде туш келишти.

«Баш көтөргөндүн баарын жок кылышты»

Жаңы бийликке айтылуу династиянын бир тобу чын дилден кызмат кылган, кийин алар репрессияга кабылып, «Алымбек датканын урпагымын» деп ачык айта албай, дайым басым-кысымдын, кодулоонун алдында жүрүштү. Баарынан да совет бийлигин коргош үчүн колуна курал алып, басмачыларга каршы күрөшкөн кызыл командир Кадырбек Камчыбеков менен билим берүү тармагына опол тоодой эмгек кылган Жамшитбек Карабековдун социалдык жат элементтер катары атылып кеткен.

Карапайым калктын таламын баарынан бийик койгон нукура мамлекетчил династиянын үч доор, айырмалуу саясий системанын тушунда кез келген кыйынчылыгы, азап-тозоктору көп айтылып, арбын жазылгандай таасир калтырары бышык. Подполковник болуп жүргөн, Мойдундан атасынын өчүн алды. Мойдунду кармаганы аябай кызык. Мен Мойдун менен жанаша отуруп кандай кылып кармашканын уккам. Бапа деген алайлык киши эле, ошол киши жанында болгон. Кадырбекти күнөөсү жок эле кармап жок кылып коюшпадыбы. Уругунун бардыгын жок кылышкан. Камчыбектин балдарын жок кылышты. Абдылдабектин балдарын куугунтукташып, андан анча-мынча эле калды. Калгандарынын баарын алып кетишти. Баатырбектин балдарын да алып кетип жок кылышты. Аз эле калды. Баш көтөргөндүн баарын камап коюшту. Абдылдабектен балдар калган.

Алымбек датканын демилгеси, каржысы менен Ошто «Ак медресе» деген Чыгыш архитектурасындагы мыкты имарат салынган. ХХ кылымда большевиктер заманында мына ошол тарыхый эстелик жок кылынган. Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов Ак медресени калыбына келтирүү тууралуу өтүнүчүн үнү жеткен жердин баарына айтып, колу жеткен жердин баарына жазып жүрүп бу жалгандан өтүп кетти. Улуу жазуучу Алымбек датка тууралуу тарыхый баянында анын кандай иштерди жасап, алдына койгон милдеттерин кантип жүзөгө ашырганан.