Просмотр содержимого документа
«Американын тарыхы»
Америка Тарыхы.
Азыркы АКШ аймагын индейлер жана эскимостор (Аляскада) мекендеген. 15-кылымда (1492) Х. Колумбдун экспедициясы Американы ачкан соң Түндүк Америкага европалыктар (Испания, Англия, Франция, Голландия, Швециядан) көчүп бара баштаган. 1587-ж. азыркы Виргиния аймагында 1-англ. колония пайда болгон. 18-кылымда орустар Алясканы өздөштүрө баштаган, 18-кылымдын аягында Калифорнияга испандар, 19-кылымдын башында орустар отурукташкан. Колониялаштыруунун жүрүшүндө жергиликтүү элдерди сүрүп чыгарып, аларды кыра баштаган. Англиянын үстөмдүгүнө каршы жана Түндүк Американын көз каранды эместиги үчүн согушка (1775-83) көтөрүлгөн 13 Түндүк америкалык колония 1775-ж. күрөштө жеңишке жетишкен. 1776-ж. 4-июлда Көз каранды эместиктин Декларациясы кабыл алынган жана Америка Кошмо Штаттары түзүлгөндүгү жарыяланган. Англия 1783-ж. Версалъ тынчтык келишими боюнча АКШнын көзкаранды эместигин тааныды. Колониялардагы 1775-83-жылдардагы көз каранды эместик үчүн согуш Америка континентиндеги 1-буржуазиялык революция катары саналган. АКШнын 1-президенти болуп, көз каранды эместик үчүн согушта америкалык аскерлердин башкы командачысы болгон Ж. Вашингтон болду. Көз каранды эместик үчүн согуштан кийин АКШнын социалдык-экономикалык өнүгүшү негизги эки багыт боюнча жүрдү: Түндүк-батыш жакта өнөр-жай төңкөрүшү болсо, түштүк штаттарда плантациялык кулчулуктун реакциячыл системасы өкүм сүргөн. АКШ 1812-14-жылдардагы Англия-Америка согушунда жеңип чыгып, көз каранды эместигин чыңдады. 1787-ж. АКШда конституция кабыл алынып, 1789-жылдан күчүнө кирген.
АКШдагы граждандык согушу.
1803-ж. АКШ Франциядан Луизиана колониясын, 1819-ж. Испаниядан Флориданы сатып алган. АКШнын экономикалык жактан жогорулашы менен коңшу аймактарды күч менен кошуп алуу башталып, 1836-ж. Мексикадан Техасты, 1846-48-ж. Америка-Мексика согушунан кийин Мексиканын жарымына жакын аймагын, 1846-ж. Улуу Британиядан Тынч океан дын жээктерин (Орегон) кошуп алган, 1867-ж. Россиядан Аляска жана ага жакын Алеут аралын сатып алуу менен аяктаган. 30-жылдардын башынан АКШда кулчулукту жоюу үчүн жалпы улуттук кыймыл пайда болуп, ага негрлердин көтөрүлүштөрү кошулду. Бул Граждандык согушка (1861-65) алып келди. Согуштун жүрүшүндө жана андан кийинки Түштүктөгү буржуазиялык-демократиялык кайра куруулардын натыйжасында кулчулук маселеси демократиялык жол менен чечилди, экономикалык тез прогресс үчүн жана айыл-чарбасында фермердик өнүгүү жолунун (америкалык. жолдун) биротоло жеңиши үчүн шарттар түзүлдү. Бүткүл бийлик буржуазиянын колуна өттү. 19-кылымдын акыркы чейрегинде АКШда монополисттик капитализмдин калыптануу процесси жүрүп, өлкө кубаттуу индустриялык державага айланды да, өнөр-жай продукциясынын көлөмү боюнча дүйнөдө 1-орунга чыкты. Өндүрүштүн концентрацияланышы менен кошо финансы олигархиясы түзүлүп, ал республикалык (1854-ж. түзүлгөн) жана демократиялык (1828) партиялардын системасы аркылуу өлкөнү бийлеп турду. АКШ 1880-90-ж. Гавайи аралын басып алды, 1898-ж. Испанияга согуш жарыялап, Филиппинди, Гуам, Пуэрто-Рико аралын каратты, Кубага протекторат орнотту. 1899-ж. Кытайга карата «ачык эшик» доктринасы жарыяланды.
Франклин Рузвельт (1933).
20-кылымдын башында АКШ Латын Америка өлкөлөрүнө каршы бир нече жолу интервенция жасады. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, АКШ 2,5 жыл бою бейтараптыкты сактап, аны америкалык монополиялардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланган. 1917-ж. 6-апрелде АКШ Антанта тарапта согушка кирди. Согуш жылдарында АКШнын монополиялары ички жана тышкы позициясын чыңдап алды. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ менен Улуу Британия, Франция, Япония ортосундагы карама-каршылыктардын күчөгөнү 1919-20-ж. Париждеги тынчтык конференциясында (Версаль келишимин иштеп чыгууда) жана 1921-22-ж. Вашингтон конференциясында көрүндү. 1924-ж. башталган экономикалык стабилдешүүнүн кыска мезгили 1929-33-ж. дүйнөлүк экономикалык кризистен үзгүлтүккө учурап, өнөр-жайдын кескин кыскарышына жана жапырт жумушсуздукка алып келди (1932-ж. жумушсуздардын саны 17 млнго жеткен). Ошол учурда бийликке келген Американын 32-президенти Ф. Рузвелът (1933-45) «жаңы курс» деп аталган бир катар реформаларды жүргүздү. Ал реформалар өлкөнү кризистен чыгарууда зор роль ойногон. Рузвельттин өкмөтү 1933-ж. ноябрда СССР менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Фашисттик Германия СССРге кол салганда, Рузвельт СССРге жардам көрсөтүүгө АКШнын даяр экендигин билдирген. 1941-ж. 7-декабрда Япония АКШнын Тынч океандагы жерлери менен базаларына кол салгандан кийин АКШ Японияга, анан Германияга жана анын Европадагы союздаштарына каршы согуш ачкан. Согуштун жүрүшүндө СССР, АКШ жана Улуу Британия башында турган антигитлердик коалиция түзүлүп, Европада 2-фронт ачуу жөнүндө 1942-ж. июлдагы союздаштардын макулдашуусу 1944-ж. ишке ашырылган. 1942-ж. АКШ менен Улуу Британиянын аскерлери Түндүк Африкага, 1943-ж. Италияга кирип барган. Фашисттик Германия кыйраган соң, АКШ 1945-ж. Потсдам конференциясына катышты. 1945-ж. августта АКШ Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына зарылчылыгы болбосо да атом бомбаларын таштаган. 1945-ж. 2-сентябрда Япония багынып берген, ал эми анын аймагы америкалык аскерлер тарабынан оккупациялаган. Согуштан кийин дүйнөдө АКШнын экономикалык, согуштук, саясий позициясы күчөдү.
Ж. Ф. Кеннеди (1962).
Президент Г. Трумендин өкмөтү (1945-52) СССРге каршы «кансыз согуш» саясатын жүргүзүп, согуш базаларынын тармактарын кеңейткен. 1947-ж. кабыл алынган Маршалл планы боюнча АКШ өкмөтү согуштан кийинки Батыш Европа Өлкөлөрүнүн экономикасын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө зор каражат бөлүү менен өзүнүн Европадан негизги союздаштарын чыңдоого түрткү берген. 1949-ж. 4-апрелде АКШнын демилгеси менен НАТО (Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму) блогу түзүлгөн. 1960-ж. президент Ж. Кеннединин администрациясы техникалык прогресс, илим-билимди өнүктүрүү жана жакырчылык менен күрөшүү үчүн атайын программаларды ишке ашыра баштаган, артта калган өлкөлөрдүн экономика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында эмгектенүүгө даяр ыктыярдуулардын уюму - «Тынчтык корпусу» уюштурулган. Ж. Кеннединин тушунда Кубанын аймагына советтик ракеталарды жайгаштырууга байланыштуу келип чыккан Куба кризиси дүйнөнү термоядролук коркунучка алып келген. Бирок Ж. Кеннеди менен Н. С. Хрущевдун өз ара сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кризис дипломатиялык жол менен чечилген. 1963-ж. Кеннединин администрациясы абада, суу астында жана космосто ядролук сыноолорго тыюу салуу жөнүндөгү Москва келишимине кол койгон. 1963-ж. 22ноябрда Ж. Кеннеди кезектеги шайлоо алдындагы компаниясын жүргүзүү учурунда Даллас (Техас штаты) шаарында өлтүрүлгөн. Анын ордуна вице-президент Л. Жонсон келген жана 1964-ж. шайлоодо ишенимдүү жеңип чыккан. Кеннединин курсун улантуу менен Жонсон «Улуу коом» программасын жарыялаган. 60-жылдардын экинчи жарымында жумушсуздукту жоюу, кары-картаңдарга жардам берүү, мектеп, жогорку окуу жайларын, дарылоо борборлорун көбөйтүү боюнча программалардын негизинде бир топ социалдык-экономикалык иш-чаралар жүзөгө ашкан. 1965-ж. африка-америкалыктардын шайлоого катышуу тууралуу мыйзам кабыл алынганына карабастан, расалык дискриминация болуп турган. 1964-ж. АКШ Вьетнамга аскерлерин киргизгендигине карабастан, АКШнын вьетнам элине каршы агрессиясы жеңилүүгө учураган. Президент Р. Никсондун (1969–74) администрациясы 1973-ж. согушту токтотуу тууралуу Париж макулдашуусуна кол койгон. 1972-ж. шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкендигине карабастан, « Уотергейт» чатагына байланыштуу Никсон мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүгө мажбур болгон. Анын ордун вице-президент Ж. Форд (1974–77) ээлеген. 1976-ж. президенттик шайлоодо демократиялык партиянын өкүлү Ж. Картер (1977–81) жеңишке жетишкен. Ал Панама каналын 2000-ж. Панамага кайтарып берүү жөнүндөгү макулдашууга кол койгон. 1979-ж. Ирандагы революция жана Тегерандагы америкалык дипломаттарды барымтага алуу жана аларды бошотуу боюнча операциянын ийгиликсиз аякташы Картердин администрациясынын кадыр-баркын төмөндөткөн. 1980-ж. кезектеги президенттик шайлоодо белгилүү киноактёр, мурдагы Калифорния штатынын губернатору Р. Рейган жеңишке жетишкен. Рейгандын (1981–89) администрациясы экономикада жана социал. чөйрөдө мамлекеттин ролун чектөө саясатын жүргүзгөн. Рейгандын социал.-экономикалык программасы «рейганомика» деген ат менен белгилүү болгон. Рейган СССРди «кесептүү империя» деп атоо менен ага жарыша куралданууну таңуулоо аркылуу экономикалык жактан алсыратууну көздөгөн. 1980-90-ж. аралыгында Америка менен СССРдин ортосунда ядролук куралдардын санын кыскартуу, куралданууну токтотуу, сооданы өнүктүрүү жөнүндөгү бир катар келишимдер түзүлгөн. 1986-ж. Рейкьявикте өткөн АКШ менен СССРдин жетекчилеринин ортосундагы жолугушуу советтик-америкалык мамилелерди жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп калган. 1988-ж. президент болуп Жорж Герберт Уокер. Буш (1989–93) шайланган. 90-жылдардын башында Буштун администрациясы «дүйнөлүк жаңы тартипти» орнотуу саясатын жарыялаган. 1990-ж. АКШ Кувейтке кол салган Иракка каршы батыш өлкөлөрүнүн коалициясын уюштурган. Перс булуңундагы согуш аяктаган соң АКШда терең экономикалык кризис башталган. 1992-ж. шайлоодо демократиялык партиянын өкүлү У. Ж. Клинтон (1993–2001) бийликке келген. Клинтон ички саясатында согуштук чыгымдарды кыскарткан жана социалдык программалар кеңейтилген, 20 млнго жакын жаңы жумушчу орундары түзүлгөн. Инфляция дээрлик эки эсеге кыскарган. 1998-ж. куралдуу күчтөр үчүн бөлүнгөн каражаттар федералдык бюджеттин 16%ин гана түзүп, социалдык программаларга жумшалчу каражаттар ага караганда үч эсеге көбөйгөн. Тышкы саясатта Клинтондун администрациясы АКШнын «дүйнөдөгү лидерлик» ролун сактап турууга аракеттенген. 90-жылдарда АКШнын куралдуу күчтөрү Югославиядагы конфликти жөнгө салууга катышкан.
11 сентябрь 2001 (Нью-Йорк).
2000-ж. шайлоодо АКШнын 43-президенти болуп Ж. У. Буш (Ж. Г. У. Буштун уулу) шайланган (2001–09). 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Эл аралык соода борборунун жана Вашингтондогу Пентагондун имараттарынын террорчулар тарабынан жардырылышы 4 миң кишинин өлүмүнө алып келди. Буштун администрациясы «Ал-Каеда» террордук уюмун жана анын башчысы Усама бен Ладенди, ошондой эле аны колдоп жаткан Афганстандагы талибдердин режимин күнөөлөп, антитеррордук коалицияны түзүүнү баштаган. АКШнын бен Ладенди кармап берүү талабынан баш тарткандыгы үчүн Афганстанда, 2003-ж. АКШ Иракта Саддам Хусейндин режимине каршы согуштук операциясын ишке ашырды. 2009-жылдагы кезектеги шайлоодо Американын президенти болуп (Американын тарыхында биринчи жолу) афро-америкалык Б. Обама шайланган. Ал биринчи иретте АКШнын экономикасын стимулдаштыруу, кризистерге каршы күрөшүү планын колдоп, саламаттыкты сактоо реформасына кол койду (2010).Ошол эле учурда АКШнын тышкы саясатында Россия, Иран, Кытай сыяктуу дүйнөнүн ири державалары менен мамилеси сууй баштады. АКШ биринчилерден болуп (1991-ж. 21-декабрь) Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин тааныган. 1992-ж. 1-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги ачылган.