СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Англис тили предметтик стандарты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Англис тили предметтик стандарты»

Англис тили стандарт Мазмуну

1-бөлүм. Жалпы жоболор.

    1. Документтин макамы жана түзүлүшү.

    2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер.

2-бөлүм. Предметтин концепциясы.

2.1. Окутуунун максаты жана милдеттери.

2.2. Окутуунун методологиялык негиздери.

2.3. Предметтик компетенттүүлүктөр.

2.4. Түйүндүү компетенттүүлүктөр менен предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы.

2.5.Мазмундук түзүмдөр. Окуу материалынын мазмундук түзүмдөр жана класстар боюнча бөлүнүшү

2.6. Предметтер аралык байланыштар. Өтмө тематикалык түзүмдөр



3-бөлүм.Окутуудан күтүлүүчү натыйжалар жана баалоо.

3.1. Окуу материалдарынын мазмундук түзүмдөргө жана класстарга күтүлүүчү натыйжалар боюнча бөлүштүрүлүшү.

3.2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары.


4-бөлүм. Билим берүү процессине коюлуучу талаптар.

4.1. Ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар.

4.2. Кызыктыруучу окутуу чөйрөсүн түзүү.

1-бөлүм. Жалпы жоболор



    1. Документтин макамы жана түзүлүшү


Предметтик стандарт Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин менчигинин түрлөрүнө, типтерине (лицей, гимназия, автордук мектеп ж.б.) карабай 3-11-класстарында чет тилдерин окутуунун негизги окуу-нормативдик документи катары КРнын орто жалпы Мамлекеттик билим берүүчү стандартынын негизинде иштелип чыкты. Ошону менен бирге крустун мазмунун ачып берет

Чет тилдерин окутуунун бул стандарты бүтүн логикада түзүлгөн документ, ал төрт негизги бөлүмдөн турат, алар: жалпы маселелер; предметтин концепциясы; күтүлүүчү натыйжалар жана баалоо; билим берүү процессине коюлуучу талаптар.

Мындагы негизги жана өз ара логикалык байланышта турган үч өзгөчөлүктүү компонентти бөлүп көрсөтүүгө болот: мурдагы стандартка караганда окутуунун компетенттүүлүккө багытталышы жана түйүндүү (б.а. негизги) компетенттүүлүктөрдүн (маалыматтык, социо-коммуникативдик жана өзүн-өзү уюштуруучулук, көйгөйлөрдү чечүү) предметтик компетенттүүлүктөр менен (окурмандык, баалуулук - дүйнө таанымдык жана адабий - чыгармачылык компетенттүүлүк) байланышы; окутуудан алынуучу натыйжалардын даана белгилениши; окуучулардын жетишкен теориялык жана практикалык ийгиликтерин обьективдүү баалоо багыттарынын сунушталышы.

  • Сунушталган чет тилдери боюнча стандарт азыркы мезгилдеги окуу процессин жетекчиликке алуу менен бирге, стандартты, окуу процессин жаңылоо багытындагы окутуу усулдарын, окуу китептерин жаңылоо максатында колдонулуп келген программадагы жана окуу китебиндеги ашыкча кайталоолорду азайтып, окутуу системасын дүйнөлүк стандартка алып чыгууга, соңку учурда педагогика, психология, социология, адабият таануу, лингивистика ж.б. илимдер ачкан жаңы технологияларды колдонууга жардам берет.

    1. Негизги нормативдик документтердин системасы


Бул стандарт төмөнкү нормативдик документтердин негизинде түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы (2003-ж.);

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты;

  • Кыргыз Республикасында көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү концепциясы (2008-ж.); 

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүү системасынын өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары;

  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 22-июлундагы № 545/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларын жана окуган жаштарын тарбиялоонун 2020-жылга чейинки   концепциясы.



1.2 Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Текстти адаптациялоо (көнүктүрүу)- тексттин жөнөкөйлүгү, жеңилдиги, татаалдыгы окуучунун ички туруктуу инсандык сапаттарына, жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү. Текстти баалоодо лексикалык мааниси боюнча түшүнүксүз сөздөрдүн санына, синтаксистик структурасына жана текстин көлөмүнө көңүл буруу.

Уктуруу (аудирование) – укканын чыгармачылык менен аң – сезимдүү түрдө кабыл алуунун түрү. Уктуруу учурунда тексттин мазмунун түшүнүп, укканын айтып берүү.

Билингивизм – кош тилдүүлүк, эки тилде бирдей ойлоп , жаза жана айта билген окуучу (индивид) же топ.

Коммуникативдик окутуу ыкмасы – окутуунун топтоштурулган ыкмасынын атын окумуштуу Е.И Пассов аркылуу сунушталган. Ыкманын негизине коммуникативдик лингвистиканын идеясы, психологиялык теориянын иштелишине мүнөздүу. Бул ыкманын өзгөчөлүгү окуу процесси менен баарлашуу процессин жакындаштыруу болуп эсептелет.

Коммуникативдүү – чыгармачылык мамиле - окуучунун белгилүү бир кырдаалда: окуу учурунда инсандык жана кесиптик тарбияланууда майнаптуу, натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл болгон билим даярдыгына карата коюлуучу талаптар же нормалардын тизмеси эсептелет. Коммуникативдүү – чыгармачылык мамиле окуучунун кебинин чыгармачылыгына жазуу жана окуусуна, угуусуна, сүйлөсүнө тиешелүү болуш керек.

Компетенция– (лат. competere – ээ болуу, шайкеш келүү, туура келүү)- окуучунун белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесиптик) натыйжалуу, майнаптуу иштөөсү үчүн зарыл болгон билим даярдыгына карата алдын ала коюлуучу социалдык талаптар (нормалар, стандарттардын тизмеси).

Компетенттүүлүк – адамдын ар түрдүү билимдердин, билгичтиктердин элементтерин жана иш - аракеттин ыкмаларын белгилүү бир кырдаалда (окуу,

инсандык, кесиптик) өз алдынча колдонууга болгон интегративдик жөндөмдүүлүгү. Компетенттүүлүк – окуучунун белгилүү бир кырдаалда: окуу учурунда,инсандык жана кесиптик тарбияланууда майнаптуу, натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл болгон билим даярдыгына карата коюлуучу талаптар менен нормалардын тизмеси эсептелет. Бул жагынан окутуунун борборунда окуучу окуу кыймылынын субьект болот да, окуунун системасы окуучунун өздүк- психологиясын жан жаш өзгөчөлүктөрун ошондой эле улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алып, кызыгуусун көңүл борборуна коюусу зарыл.

Тил өстүрүүнүн түрлөрү: угуу, сүйлөө, окуу , жазуу – окуучунун обьекти болуп эсептелет.

Негизги (түйүндүү) компетенттүүлүктөр – окуучуларга үйрөнгөн шык ишмердүүлүктөрүн жашоодо жана практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу мүнкүнчүлүктөрүн камсыздайт.

Предметтик компетенттүүлүктөр – негизги компетенттүүлүктөргө карата алганда жекече мүнөздөргө ээ. Билим берүүчүлүк мамлекеттик стандарт негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмегин аныктайт, ал эми предметтик стандарттар айрым алынган предметтердин материалында аларды предметтик компетенттүүлүктөр түрүндө конкреттештирет.

Тил – маданиятынын бирдейлиги- кептик окууну жана пикир алышууну аныктоо, тил үйрөнүү жөндөмдүүлүгүн сациалдык - маданий жактан адаптациялоого жана орус тилдүүлөр арасында интеграциялоонун жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат.

Көндүм (навык) – аракет, көнүгүүлөрдү жогорку деңгээлде автаматтык түрдө аткарууга жетишүү. Көндүмдөр сенсордук, акыл – эстик, кыймыл көндүмдөрүн айырмалашат. . Сабак берүү усулдарынын бөлүнүшү: фонетикалык ( угуп айтуу), грамматикалык, лексикалык жана жазууну илгерилетүү.

Предметтик стандарт – документ, окуучуларга билим берүү эрежелеринин жыйынтыгы.

Кеп иш – аракетинин натыйжасы – түрткү берүүчү маалыматты берүүгө багыттоо. Анын түрлөрү: сүйлөө жана жазуу кеби.

Сүйлөө кебинин көркөмдүүлүгү- кепте даяр тилдик формаларды ар дайым кайталоо, кеп чөйрөсүндө кабыл алынган тиешелүү коммуникативдик талаптардын аныктамаларга дал келиши. Мисалы: кутмандуу кеч, ишиңиз кандай

Кеп иш – аракетинин ыгы (жолу) – иштелип чыккан акыркы маалыматтарды кайрадан иштеп чыгуу жана түшүнүгүн калыптандыруу. Анын түрлөрү: угуу (аудирование) жана окуу

Билүү ыгы (ык, эп) - окуучунун өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүнүн аткаруу таасири, акыл – эс жана көндүмдөрдүн кабыл алуу жыйындысынын камсыздандырылышы аныкталган аткарылуучу аракеттер көндүм болгон аракетте гана эмес , өзгөрүлгөн шартта да билүү мүнкүнчүлүгү түзүлөт. Көнүгүүнү аткаруу жолдору билүү көндүмдөрүнүн ыгын түзөт.


Бөлүм 2. Предметтин концепциясы ?

Англис тили илими коомдук жана гуманитардык илимдер: тил илими, өнөр таануу, этика, эстетика, тарых, психология, педагогика жана логика менен байланышта өнүгөт.

Англис тили окуу предмети катары башка предметтер, курстар жана билим берүүчү башка тармактар менен карым-катышта болот, тил предметтери менен бирдикте окуучунун сөз маданиятын өстүрөт; адеп сабагы сыяктуу окуучулардын ыймандык жактан таза болушу үчүн таасир этет; көркөм-эстетикалык циклдеги (сүрөт, живопись, музыка ж.б.) предметтер менен бирдикте окуучунун айлана-чөйрөгө болгон эстетикалык табитин, мамилесин калыптандырат; коомдук циклдеги (тарых, коом таануу, география, экономика ж.б.) предметтер сыяктуу эле адабият адам жана анын коомдогу ролу, орду жөнүндөгү проблемаларды көтөрөт, ой жүгүртүүнүн өнүгүшүн калыптандырат, тарыхкка болгон окуучулардын сезимин байытат, эске тутуусун жөнгө салат, эң негизгиси чет тилдерге болгон мамилесин,тилдин тактыгын калыптандырып, анын чексиз мүмкүнчүлүгү менен инсандык башталмаларга жол ачат.



2.1 Окутуунун максаты жана милдеттери.

Билим беруунун максаты чет тилин иш жүзүндө колдоно билүү менен эффективдуу баарлашууга үндөө, түрткү берүү.

Чет тилине окууту окуучунун өсүүсүнө, тил үйрөнүү жөндөмдүүлүгүн калыптануусуна, кабыл алуусуна жардам берет. Ошону менен бирге окуучунун кыялдануусун өсүүшүнө, эмоциясынын өнүгүшүнө түрткү берет.

Чет тилдерине окуутунун тарбиялык максаты окуучунун ички дуйнөсүн, толук байытууга, алардын ой маданиятына, сезимталдыгына, журуш-туруш маданиятына тарбиялоо болуп эсептеле.

Окутуу процессинде окуучулардын гуманистик баалуулуктарын туура талдоо, баарлашуунун маданияттуу жолун табуу менен бир нече тилде сүйлөшө билүүгө психологиялык даярдыгы калыптанат. Чет тилин билүү менен окуучу өзүнө “бөтөн” чөйрөдө, коомдо тез эле аралашып, ал чөйрөдө өзүнүн баасын берип көзөмөлдөй алат.

Чет тилдерин окутуунун максаты:


Когнитивдүү(таанып – билүүчүлүк) – сүйлөө максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн керектүү грамматикалык формаларды, лексикалык бирдиктерди туура тандай билүү (3-11- класстар)

Поведенческая- сабак учурунда, социалдык чөйрөдө чет тилинде түшүнүп, сүйлөп, баарлашууда жетишерлик чекте тилдин түрлөрүн ( окуу, жазуу,сүйлөө,угуу) билет.

Ценностная ( баалуулук)- өзүн өстүрүүдө, коомдун өнүгүшүндө көп тил билүү баалуулугун кабыл алуу


2.2. Окутуунун методологиялык негиздери.

Чет тилдердин 3- 11 – класстарда инсанга багыттап окутуу процессинин жалпы мазмуну төмөндөгулөрдү камтыйт.

1. Чет тилдерин окутуунун ишмердүулүк мамилеси - окутууга негизделген билим берүүнү гана камсыздабастан, чет тилидерин билүүсүн жана билгичтигин, көндүмдөрүн жана чет тилдерин билүү ишмердүүлүгүндө практикалык тапшырмаларды аткаруу процесси окутуунун жаш өзгөчөлүгүнө туура келиши керек.

2. Чет тилдерин окутуунун комуникативдүү мамилеси - окутууда иштелип чыккан концепциялардын, технологиялардын, критерийлердин соңку жетишкендиктерин пайдалануу. Мында окутуунун негизги максаттарынын принциби окутуунун жаш өзгөчөлүгү, жөндөмдүүлүгү жана чет тилинде баарлашуунун кептик мүнкүнчүлүгүнүн деңгээлин эске алып окутуу негизги мааниге ээ. Чет тилдерин 3-11- класстарда окутуу курсу- окуучулардын окуусу, баарлашуусу окуу программасынан алыстабай , турмуш чындыгына жакын коммуникативдик багытта болуш керек.

Чет тилдерин окутуунун комуникативдик мамилеси- тилдик бирдиктерди үйрөнүү эрежелерин камтыйт.

3. Чет тилдерин окуутуда оозеки кебинин оозуп кетүү принциби – окуу материалын уюштурууда кептик иш –аракетинин коммуникативдик ыгынын өнүгүшүнүн төрт түрүн (окуу , жазуу , угуу, оозеки кеби) камтыйт жана негизги көңүл оозеки кебине бурулат. Бул принципте бардык курактагы окуучулар укканын жеңил кабыл алып, айрым тыбыштарды, сөздөрдү үйрөнүүдө жана кептин толук үлгүлөрүн окшоштуруп тууро жана үндөрдү кайталоо кыйынчылыксыз жакшы өнүгөт. Ошондуктан мугалим биринчи оозеки түрүндө айтып берүү менен окуучулардан да оозеки айтып берүүсүн, колдонушун талап кылат.

4. Интегративдик өнүгүүнүн коммуникативдик ыктарынын принциби- турмуш чындыгына жакын кырдаалдарда тилдик каражатттарды өздөштүрүү менен тил ыктарын колдонуу. Мисалы: Окуучуларга окууга текст берилип, аны талкулоо сунушталат. Бул окуунун угуу жана сүйлөө ыктарын сабакта интеграциялоого мүнкүндүк берет. Демек, чет тили баарлашуу каражаты катары колдонулуп, чет тилинде жазылган , угулган тексттер аркылуу жаңы нерселерди үйрөнүшөт.

5. Чет тилин үйрөнүүнүн социалдык – маданий багытынын принциби- окуучулардын социалдык – маданий баарлашуусунун тажрыйбасын кеңейтет. Окуучу өз дүйнө таануусунун адеп – ахлак, таалим – тарбия алуунун негизги каражаты катары кабыл алынып, чет тилин терең өздөштүрүп, өз турмушунда колдоно алуусуна жетиштирттүү максаты коюлат.

2.3. Предметтик компетенттүүлүктөр.


Компетенттүүлүк – бул адистин интеллектуалдык, психологиялык, моралдык жана ишмердик (функционалдык) абалы, ошол аркылуу анын канчалык билим алгандыгы, көндүмдөргө ээ болгондугу, тажрыйба топтогондугу, башкалардын ишмердүүлүгүн өзүнө сиңиргендиги, маалыматтар менен куралдангандыгы жана аларын кандайча колдоно алары аныкталат.

Компетенттүүлүк – бул натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн ыңгайлуу жүрүш-туруш модели, алгоритм, кыймыл-аракеттерди ишке ашыруунун жолдору.

Кептик компетенттүүлүк- окуучу кеп чыгармачылыгынын негизги төрт түрүнүн(сүйлөө, угуу,окуу, жазуу) комуникативдик ыгын өнүктүрөт. Сөз өстүрүү компоненти маалыматты алууда жана берүүдө тилдик каражаттардын жетишсиздигин өнүктүрөт, баарлашуу жөндөмүн арттырат.

Тил үйрөнүү компетенттүүлүк – окуучу темага байланышкан тил үйрөнүү булактарынан түрлөрү (фонетикалык орфографиялык,лексикалык)билет үйрөнүп жаткан тилдин өзгөчөлүктөрүн өз тилинде айтып берүүгө аракеттенет.

Социалдык маданият компетенттүүлүк - окуучу үйрөнүп жаткан тилдин,өлкөнүн маданияты,үрп-адаты менен таанышып,өзүн кызыктырган суроолорго жооп алуу менен,өз өлкөсүн,анын маданиятын чет элге тааныштыруу,көрсөтө билүү жөндөмүн калыптануусу окуучунун өз билимин өркүндөтүүдө жаңы маалымат технологияларын колдоно билүүсү.

Предметтик компетенттүүлүк жогорку шарттарда ишке ашат:

1. Окуучунун проект түзүүгө активдүү катышуусу

2. Окуу процессинде ишин уюштуруу жана жыйынтыктоодо өз алдынчалыгыг,жоопкерчилигин өстүрүүдөгү багыты

3. Жеке, топтор, түгөйлөр менен жемиштүу иш алып баруу

4. Максатты ишке ашырууда жана өнүктүрүүдө түрдүу кырдаалдарды түзүү

2.4. Түйүндүү компетенттүүлүктөр менен предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы.


Түйүндүү компетенттүүлүктөрдү – орчундуу компетенттүүлүктөр деп да атасак болот, анткени алар предметке багытталган, конкреттүү жана айкыныраак компетенттүүлүктөргө негиз боло алышат. Түйүндүү компетенттүүлүктөр ишмердүүлүктүн бардык жаатына тиешелүү мүнөздө деп божомолдосок болот: маалыматтык, социо-катнаштык, өзүн-өзү уюштуруучулук жана көйгөйлөрдү чечүү.

Предметтик компетенттүүлүктөр болсо окуучулардын чыныгы муктаждыктарынан, зарылчылыктарынан аныкталат да, маалыматтык, социо-катнаштык, өз ишмердигин уюштурууга жана маселе чечүүгө байланышкан орчундуу билгиликтерин калыптандырууга шарт түзөт.

1-схема: Түйүндүү компетенттүүлүктөрдүн предметтик компетенттүүлүктөрдө көрсөтүлүшү.

Предметтик компетенттүүлүк бардык билим берүү баскычтары аркылуу өткөн негиз катары каралат жана предметти бүтүндөй көзөп өтөт. Ал «конкреттүү сүрөттөөгө жана конкреттүү окуу предметинин алкагында калыптандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ» (А.В. Хуторской). Биз предметтик

компетенттүүлүк дегенде окуучулардын чет тилин окутуу тарамында түрдүү билимдерди, билгиликтерди жана көндүмдөрдү колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана кийинки билим алуусунда да практика жүзүндө ушул билимдерин колдонуп кете алуусун түшүнөбүз. Окуучунун окуу ишмердүүлүгүнүн сапатын аныктоодо предметтик компетенттүүлүк алдыңкы катардагы жетекчи компетенттүүлүк болуп эсептелет. Предметтик компетенттүүлүк окуу жана практикалык ишмердүүлүктө ар дайым иш жүзүнө ашырылып турганда гана ийгиликтүү калыптандырылат. Педагог окуу тексттерине жана адабий тексттерине керектүү иш-аракеттери менен кайсы мазмунга максимум көңүл буруу керектигин баамдап түшүнгөндө гана окуучунун компетенттүүлүгү жогорку деңгээлде калыптанат.














2.5.Мазмундук түзүмдөр. Окуу материалынын мазмундук түзүмдөр жана класстар боюнча бөлүнүшү

2.5.Мазмундук түзүмдөр. Окуу материалынын мазмундук түзүмдөр жана класстар боюнча бөлүнүшү

Мазмундук түзүмдөр





3-5- класс

6-7- класс

8 – 9 - класс

10 – 11- класс

1.

Социалдык – турмуш – тиричилик чөйрөсү

Менин үй-бүлөм, саламдашуу, коштошуу. Чоңдорго жана балдарга кайрылуу. Үй жана жапайы жаныбарлар. Дене мүчөлөрү. Жер-жемиштер жана жашылчалар. Эртең мененки, түшкү, кечки тамак. Туулган күн. Кийимдер. Үй-бүлө жана үй-бүлөдөгү чыгармачылык. Туугандык байланыштар (байке, жеңе ж.б). Тамактардын бөлүнүшү (салат, чай, шорпо). Досторго кат жазуу (туугандарга)

Үй-бүлө, достор менен болгон карым-катыш. Сырткы келбет. Хобби жана кызыгуулары (спорт, музыка, кино, театр, ж.б.). Сатып алуу. Ой-пикирин жазышуу. Ден соолук жана өздүк тазалыгын сактоо.

Үй-бүлөдөгү өз ара мамилелер, мектепте достор менен болгон мамиле; адамдын сырткы келбети жана мүнөзү; хобби жана кызыгуулары (спорт, музыка, кино, театр, кафе); жаштардын саркеч сатып алуулары жана күнүмдүк акчасы. Дени сак жашоо мүнөзү.

Үй-бүлөнүн күнүмдүк жашоо-тиричилиги, кирешеси,шаарда жана айыл жергесиндеги турак жай жана турмуш-тиричилик шарттары. Үй турмушундагы милдеттерди бөлүштүрүү. Үй-бүлөдө жана мектепте баарлашуу, достор жана тааныштар менен өз ара мамиле,. Ден соолук, акыбал, медициналык тейлөөлөр.

2.

Социалдык-маданий чөйрө


Өз өлкөсү менен таанышуу. Үйрөнүп жаткан тилдин өлкөсү менен таанышуу. Майрамдар. Жаңы жыл. Транспорттун түрлөрү. Багыттар (түндүк, түштүк, чыгыш, батыш, оң жак, сол жак). Саясий географиясы (өлкөсү, борбору, чек арасы). Физикалык географиясы (көл, дарыя, тоолор, токойлор). Үйрөнүп жаткан тилде сүйлөгөн өлкөлөр. Адамдарды сүрөттөө (сырткы келбети, мүнөзү, ж.б). Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн негизги майрамдарын үйрөнүү. Саякаттоо (өзүнүн жана үйрөнүп жаткан өлкөлөрдүн көрүнүктүү жерлерине баруу).

Өзүнүн жана үйрөнүп жаткан тилдин өлкөсү. Алардын географиялык жайгашуусу, климаты, аба ырайы, борбор шаарлары. Шаардык жана айылдык

Айланы-чөйрөнү коргоо.


Өзүнүн өлкөсүнүн жана үйрөнүп жаткан тилдин өлкөсүнүн маданий өзгөчөлүктөрү (улуттук майрамдар, майрам күндөрү, салттары, үрп-адаттары). Өз өлкөсү жана үйрөнүп жаткан тилдин өлкөсүнө саякаттоо. Көрүнүктүү адамдар, алардын илимге жана дүйнөлүк маданиятка кошкон салымдары; массалык маалымат каражаттары (пресса, телевидение, радио).

Азыркы коомдогу жаштар. Жаштардын бош убактысы: ийримдерге, спорттук секцияларга жана кызыккан клубдарына баруусу. Өзүнүн өлкөсү жана үйрөнүп жаткан жаткан тилдин өлкөсү, маданий көзгө урунарлык жерлери. Өз өлкөсү жана чет жерге саякаттоо, туристтердин жашаган жерлеринин шарттары, көзгө урунарлык жерлерди кыдыруу, көрүү. Жаратылыш жана экология, илимий-техникалык прогресс.


3.




Окуу –эмгек чөйрөсү

Менин мектебим. Гүлдөр. Жыл мезгилдери, айлар, эртең мененки, түшкү, кечки убактар (жыл мезгилинин өзгөрүшү, кар, жаан, ж.б). Жуманын күндөрү. Убакытты аныктоо. Жаратылыштагы кубулуштар (күн, ай, асман, жаан, булут, ж.б.). Кесиптер.

Мектеп жана мектеп турмушу, үйрөнүп жаткан сабактар жана аларга болгон мамиле. Каникулдар.

Мектеп билими, мектептеги турмуш, үйрөнүп жаткан сабактар жана аларга болгон мамиле. Ой-пикирин жазышуу. Кесип тандоо көйгөйү жана чет тилинин ролу.

Заманбап кесиптер. Жогорку окуу жайда билимин улантуу мүмкүнчүлүктөрү. Келечектеги кесипти тандоо көйгөйү, жакынкы аралыктагы пландары. Эл аралык баарлашуудагы тилдер жана алардын азыркы заманда кесип тандоодогу ролу.

3-11-класстардын окуу курсунун логикалык ой-жүгүртүүсүнүн түзүлүшү

Темалар:

1. Инсан

2. Үй-бүлө

3. Мектеп

4. Турак-жайы жана жашаган жери

5. Сатып алуулар, кийим, тамак-аш

6. Спорт жана ден соолук

7. Күндөлүк жашоо

8. Айлана-чөйрө

9. Менин өлкөм

10. Үйрөнүп жаткан тилдин өлкөсү

11. Илим жана техника дүйнөсү

12. Адабият, музыка жана искусство дүйнөсү















тема

3- класс

4 -класс

5-класс

6-класс

7-класс

8-класс

9-класс

10-класс

11-класс

Инсан

Саламдашуу-коштошуу. таанышуу

Менин досум. Чоңдорго жана балдарга кайрылуу

Өздүк келбетти сүрөттөө

Мүнөз белгилери. Кызыгуулары.

Кесиптер.

Менин биографиям

Белгилүү инсандардын биографиялары

Адам жана коом. Адамдын укук жана эркиндиктери.

Инсандын дүйнө таанымы. Башка адамдар менен болгон мамилеси. Бакыт деген нерсени түшүнүшү.

Жеке инсандын жүрүш-турушунун эң жакшы сапатын көрсөтүү.

Үй-бүлө

Үй-бүлө мүчөлөрү. Туулган күнү менен! Жаңы жылыңар менен!

Үй-бүлө дарагы.

Жаш курак

Үй-бүлө мүчөлөрү. Достор.

Майрамдар

Үй жумуштары.

Үй-бүлөнүн турмушу.

Менин досумдун үй-бүлөсү.

Үй-бүлөнүн кызыгуулары.

Үй-бүлө салттары, окуялары, көйгөйлөрү. Кыргызстандагы үй-бүлө салттары.

Үй-бүлө, достор менен өз-ара карым-катыш. Үйрөнүп жаткан тилдин өлкөсүнүн салттары.

Азыркы замандагы үй-бүлө. Ата-эне жана балдар менен өз ара мамиле.

Негизги дүйнөлүк диндер.

Майрамдар жана каада-салттар.

Мектеп

Окуу куралдар. 1-10 чейин саноо (колдонмолор)

Менин классым. 10,20,30..100

Сабактар. (колдонмолор)

Жуманын күндөрү

Менин мектебим.

Эсептик жана иреттик сан атоочтор

Менин жакшы көргөн сабагым.

1-1000 чейин саноо.

Каникулдар жана алардын жыл мезгилинде ар кандай өткөрүүсү

Сабактан тышкаркы мектептеги иш-аракети

Кесип тандоо, жана балдар өспүрүмдөр уюмдары.

Чет тилинин ролу

Өспүрүм жана

анын дүйнөсү

Турак-жай, жашаган жери

Эмерек (стол, стул ж.б.)

Эмерек.

Менин бөлмөм

Квартира, үй, эмерек

Короо жай, үй тиричилик.

Айылда жана шаардагы турмуш

Үй милдеттери.

Шаардагы кыймыл каражаттары

Жашоо деңгээли жана жашоо мүнөзү

Заманбап шаарлардын көйгөйү

Шаардык архитектура

Сатып алуулар, кийимдер, тамак-аш

Жер-жемиштер жана жашылчалар.

Кийимдер

Негизги тамак-аштар, тамактануу.

Жайкы жана кышкы кийимдер.

Жыл мезгилдери жана аба ырайы

Тамак-аш сатып алуу,

Ашкана буюмдары.

Кийим сатып алуу

Дүкөндүн түрлөрү, эмне жана кайсы жерден сатып алса болот

Узундук ченемдер жана салмак

Ресторан, кафе, рецепт.

Туура тамактануу, бүгүнкү мода.

Азыркы замандагы адам жана акча. Акча каражаттарынын формасы

Улуу Британиянын белгилүү магазиндери жана. Банктары жана кызматтары

Спорт жана ден соолук

Дене мүчөлөрү

Кийимдер


Спорттук оюндар

Ден соолук жана өздүк тазалык

Мен жакшы көргөн спорттун түрү

Кыргызстандагы спорт

Олимп оюндарынын тарыхынан

Бүгүнкү Олимп оюндары

Адамдын жашоосунда спорттун мааниси

Азыркы күндөгү белгилүү спортчулар

Күндөлүк жашоо

Айлар жана жыл мезгилдер

Менин иш күнүм.

Убакыт жана күн режими

Менин иш күнүм. Бош убакыт. Айлар жана жыл мезгилдери

Бейтапкана

Транспортто

Шаарда

Алкоголь жана наркомания.

Жаштардын көйгөйлөрү

Жакшы көргөн жумуш

Адам жашоосунда маанилүү окуялар. Адамдын төрөлүшү, үйлөнүү той

Айлана-чөйрө

Үй жана жапайы жаныбарлар.

Түстөр

Менин жакшы көргөн үй жаныбарым. Сүрөттөө

Жаратылыш жана адам. Флора жана фауна.

Булгануунун түрлөрү. Климаттык өзгөрүүлөр.

Планета коркунучта

Космос. Жер. Адам

Азыркы күндөгү экологиялык көйгөйлөр.

Айлана-чөйрөнүн акыбалына адамдын тийгизген таасири

Жаратылыш катаклизмалары. Аларды чечүү жолдору

Менин өлкөм

Менин өлкөм-Кыргызстан.

Жалпы маалымат

Кыргыз элинин каада-салт жана үрп-адаттары.

Өлкө ичинде саякаттоо

Борбору жана көзгө урунар жерлери

Географиялык жайгашуусу, климаты, аба ырайы

Маданият жана салты.

Улуттук майрамдар

Кыргызстандын чыгаан инсандары

Өз өлкөсүнө саякат

Кыргызстандын политикалык системасы

Үйрөнүп жаткан тилдин өлкөсү

Англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдүн аталыштары.

Үйрөнүп жаткан тилдин өлкөсү менен таанышуу

Дүйнө өлкөлөрүнүн аталыштары. Улуттар жана тилдер

Бириккен королдук (географиялык жайгашуусу)

Англия, Уэльс, Шотландия жана түндүк Ирландия

Австралия жана Жаңы Зеландия

Канада

АКШ

Үйрөнүп жаткан тилдин өлкөлөрүнө саякаттоо

Англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдүн саясый системасы

Илим жана техника дүйнөсү

Англис тилинде кошомун жана кемитемин

Транспорттун түрлөрү

Жаратылыш кубулуштары

Медицина

Массалык маалымат каражаттары

Интернет булактарынан

маалымат издөө,жазуу

Илим жана техника тармагындагы ачылыштар

Жер планетасынын кереметтери

Дүйнөнүн жети керемети

Адабият, музыка жана искусство дүйнөсү

Менин жакшы көргөн китебим

Музыкалык

аспаптар

Музыка. Жакшы көргөн композиторум

Адабият. Белгилүү жазуучу жана анын чыгармалары

Искусствонун түрлөрү. Театр жана кино

Театр жана кинонун тарыхы

Кыргыз элинин улуттук чыгармалары

Адам -кереметтердин жаратуучусу

Музыка адам жашоосунда. Белгилүү композиторлор жана алардын чыгармалары.






















2.6. Предметтер аралык байланыштар. Өтмө тематикалык түзүмдөр

Предмет аралык байланыштарды сабактын элементтери катары ар кандай этаптарда колдонуу, дүйнө таанымын кеңитип, башка предметтерди билүү мүнкүнчүлүгүн түзөт.

Чет тилдеринин башка предметтер менен болгон интеграциялык үлгүсү

Адабият менен болгон интеграция. Предметтер аралык байланыштын негизги булагы текст жана текст үстүндө иштөө чет тилдерин үйрөнүү аспабы катары кызмат кылат.

География менен болгон интеграция 5 – класстагы окуучуларга негизинен географиялык маалыматтар, Кыргызстандын жана ага чектеш мамлекеттердин географиялык абалы жөнүндө айтылат.

Биология менен болгон байланыш. Кыргызстан боюнча модул тапшырууда 6- класстарга “Дары өсүмдүктөрү” 7- кл “Канаттуулар”

ИКТ интеграциясы. Слайдды жактоону пландоо, Призентациянын элементтерин түзүү(текст,таблица, сүрөт, схема)














3-бөлүм.Окутуудан күтүлүүчү натыйжалар жана баалоо.

3.1. Окуу материалдарынын мазмундук түзүмдөргө жана класстарга күтүлүүчү натыйжалар боюнча бөлүштүрүлүшү.

Кептик жана социалдык - маданий компетенция

3-класс

Угуп кабыл алуу көндүмдөрү

  • Окуу материалдарын угуп кабыл алуу(0,5 минут)

  • Фразаларды түшүнүу

  • Тема текст негизги бөлүгүн түшүнүу

Окуу көндүмү

  • Жөнөкөй , кыска текстин негизги мазмунун түшүнөт

  • Маалыматтын бөлүгүн талдайт

  • Кыска билдирүүлөрдү тааныш сөздөрдү окуйт

Сүйлөө кебинин көндүмү

-үй , жапайы жаныбарлар, кийим, окуу куралдары жөнүндө сүйлөй алышат

- жөнөкөй сүйлөмдөрдү, фразаларды, сөздөрдү байланыштыра алат



4-класс

Угуп кабыл алуу көндүмдөрү

  • Окуу материалдарын угуп кабыл алуу(0,5 минут)

  • Фразаларды түшүнүу

  • Тема текст негизги бөлүгүн түшүнүу

Окуу көндүмү

  • Жөнөкөй , кыска текстин негизги мазмунун түшүнөт

  • Маалыматтын бөлүгүн талдайт

  • Көрсөтүлгөн визуалдык материалдардан маалымат алат

Сүйлөө кебинин көндүмү

-үй , жапайы жаныбарлар, кийим, окуу куралдары жөнүндө сүйлөй алышат

- жөнөкөй сүйлөмдөрдү, фразаларды, сөздөрдү байланыштыра алат

- Айлана – чөйрө , окуялар, үй бүлө тууралуу сүйлөм түзө алышат

5-кл

Угуп кабыл алуу көндүмдөрү

  • Башка тилдеги тексти угуп кабыл алуу(1 минут)

  • Текстин мазмунун тушунүү текстин коммуникациялык(катташ ,байланыш) жана функционалдык тибине байланыштуу

  • Тексти угуп кабыл алууда негизги ойду белгилөө

  • Негизги фактыларды тандоо

  • Прагматикалык мүнөздөгү билдирүүгө таянып, контекстен керектүү маалыматы алуу

Окуу көндүмү

  • текстин мазмунун түшүнөт,окуйт

  • негизги мазмунун түшүнөт( таанышып окуу)

  • тексти толугу менен түшүнөт( үйрөнүп окуу)

  • окутуунун тибине карабастан сөздүктөрдү колдонот

  • окуунун түрүн пайдаланат

Текст менен таанышып окуу(200-250 сөз)

-Тексттин мазмунун, темасын аныктайт

- негизги ойду белгилейт

- үйрөнүп окуу(150 сөз) текстеги негизги фактылардын ыраатуулугун белгилейт

- маалыматты кайра иштетүүнүн негизинде тексти толук жана так түшүнөт ( тилдик божомолдор, сөздөргө анализ, сөздүк пайдалануу)

-текст боюнча ой- пикирин айтат

Көрүу окуу

  • Окуучуларга керектүү жана кызыктуу маалыматты тандайт

Сүйлөө кебинин көндүмү

-үй , жапайы жаныбарлар, кийим, окуу куралдары жөнүндө сүйлөй алышат

- жөнөкөй сүйлөмдөрдү, фразаларды, сөздөрдү байланыштыра алат

- Айлана – чөйрө , окуялар, үй бүлө мүчөлөрү тууралуу сүйлөм түзө алышат ( 10 дон ашык сүйлөм)

- ден соолук, жеке тазалык, бош убактысы жөнүндө диалог түзө алат(5 сүйлөмдөн ашык текст )





6- класс

Угуп кабыл алуу көндүмдөрү

  • Башка тилдеги тексти угуп кабыл ала алат (1- 1,5 минут)

  • Текстин мазмунун текстин коммуникациялык(катташ ,байланыш) жана функционалдык тибине байланыштуу түшүнө алат

  • Тексти угуп кабыл алууда негизги ойду бөлө алат

  • Негизги фактыларды тандай алат

  • Прагматикалык мүнөздөгү билдирүүгө таянып, контекстен керектүү маалыматы алуу

Окуу көндүмү

  • текстин мазмунун түшүнөт,окуйт

  • негизги мазмунун түшүнөт( таанышып окуу)

  • тексти толугу менен түшүнөт( үйрөнүп окуу)

  • окутуунун тибине карабастан сөздүктөрдү колдонот

  • окуунун түрүн пайдаланат

Текст менен таанышып оку (250-270 сөз)

-Тексттин мазмунун, темасын аныктайт

- негизги ойду белгилейт

- үйрөнүп окуу(150 сөз) текстеги негизги фактылардын ыраатуулугун белгилейт

- маалыматты кайра иштетүүнүн негизинде тексти толук жана так түшүнөт ( тилдик божомолдор, сөздөргө анализ, сөздүк пайдалануу)

-текст боюнча ой- пикирин айтат

Үйрөнүп окуу (170 сөз)

- маалыматты кайра иштетүүнүн негизинде тексти толук жана так түшүнөт, окулган текст боюнча ой-пикирин айта алат ( тилдик божомолдор, сөздөргө анализ, сөздүк пайдалануу)

Көрүу окуу

  • Окуучуларга керектүү жана кызыктуу маалыматты тандайт

Сүйлөө кебинин көндүмү

- сырткы келбети, мүнөздү сүрөтөөгө тиешелүү сөздөрдү, фразаларды колдонуп, кийим, жакшы көргөн сабагы, атактуу адамдар, кооз жерлер жөнүндө сүйлөй алышат

-сүйүктүү жазуучусу, анын чыгармалары жөнүндө айтып бере алышат( 12 сүйлөмдөн ашык)

- жөнөкөй,татаал сүйлөмдөрдү, фразаларды, сөздөрдү байланыштыра алат

- түрдүү суроолорду бере алат жана суроолорго жооп берет

Жазуу кебинин көндүмдөрү

  • Бланка толтурат, майрамдык куттуктоолорду кыскача жаза алат (30 сөз)

  • Айлана – чөйрө, окуялар, өзү жөнүндө текст жаза алат



7- класс

Угуп кабыл алуу көндүмдөрү

  • Башка тилдеги тексти угуп кабыл ала алат (1- 1,5 минут)

  • Текстин мазмунун текстин коммуникациялык(катташ ,байланыш) жана функционалдык тибине байланыштуу түшүнө алат

  • Тексти угуп кабыл алууда негизги ойду бөлө алат

  • Негизги фактыларды тандай алат

  • Прагматикалык мүнөздөгү билдирүүгө таянып, контекстен керектүү маалыматы алуу

Окуу көндүмү

  • текстин мазмунун түшүнөт,окуйт

  • негизги мазмунун түшүнөт( таанышып окуу)

  • тексти толугу менен түшүнөт( үйрөнүп окуу)

  • окутуунун тибине карабастан сөздүктөрдү колдонот

  • окуунун түрүн пайдаланат

Текст менен таанышып оку (270 – 300 сөз)

-Тексттин мазмунун, темасын аныктайт

- негизги ойду белгилейт

- үйрөнүп окуу(150 сөз) текстеги негизги фактылардын ыраатуулугун белгилейт

- маалыматты кайра иштетүүнүн негизинде тексти толук жана так түшүнөт ( тилдик божомолдор, сөздөргө анализ, сөздүк пайдалануу)

-текст боюнча ой- пикирин айтат

Үйрөнүп окуу (200 сөз)

- маалыматты кайра иштетүүнүн негизинде тексти толук жана так түшүнөт, окулган текст боюнча ой-пикирин айта алат ( тилдик божомолдор, сөздөргө анализ, сөздүк пайдалануу)

Көрүу окуу

  • Окуучуларга керектүү жана кызыктуу маалыматты тандайт

Сүйлөө кебинин көндүмү

- өзүнү өмүр баянын, үй бүлөнүн кызуугулары, каада – салт жөнүндө айтып бере алышат( 15 сүйлөмдөн ашык)

- каникулдар, англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөр жөнүндө аңгеме түзө алышат( 15 сүйлөмдөн ашык)

- жөнөкөй,татаал сүйлөмдөрдү, фразаларды, сөздөрдү байланыштыра алат

- түрдүү суроолорду бере алат жана суроолорго жооп берет

Жазуу кебинин көндүмдөрү

  • Үлгүгө таянып сөздүк кат жаза алат(40- 50 сөз), майрамдык куттуктоолорду кыскача жаза алат, ыраазычылык , өтүнүч билдире алат

  • Айлана – чөйрө, окуялар, өзү жөнүндө текст жаза алат( 40-50 сөз)


8-класс


Угуп кабыл алуу көндүмдөрү

  • Башка тилдеги тексти угуп кабыл ала алат (1,5- 2 минут)

  • Текстин мазмунун текстин коммуникациялык(катташ ,байланыш) жана функционалдык тибине байланыштуу түшүнө алат

  • Текстин башталышын угуп, мазмунун анализдей алат

  • Негизги фактыларды тандай алат

  • Прагматикалык мүнөздөгү билдирүүгө таянып, контекстен керектүү маалыматы алуу

Окуу көндүмү

  • текстин мазмунун түшүнөт,окуйт

  • негизги мазмунун түшүнөт( таанышып окуу)

  • тексти толугу менен түшүнөт( үйрөнүп окуу)

  • окутуунун тибине карабастан сөздүктөрдү колдонот

  • окуунун түрүн пайдаланат

Текст менен таанышып оку (300 – 320 сөз)

-Тексттин мазмунун, темасын аныктайт

- негизги ойду белгилейт

- үйрөнүп окуу(150 сөз) текстеги негизги фактылардын ыраатуулугун белгилейт

- маалыматты кайра иштетүүнүн негизинде тексти толук жана так түшүнөт ( тилдик божомолдор, сөздөргө анализ, сөздүк пайдалануу)

-текст боюнча ой- пикирин айтат

Үйрөнүп окуу (250 сөз)

- маалыматты кайра иштетүүнүн негизинде тексти толук жана так түшүнөт, окулган текст боюнча ой-пикирин айта алат ( тилдик божомолдор, сөздөргө анализ, сөздүк пайдалануу)

Көрүу окуу

  • Окуучуларга керектүү жана кызыктуу маалыматты тандайт

Сүйлөө кебинин көндүмдөрү

- сөздү баштап, колдоп аяктай алат, куттуктоо, каалоо айтып кайра жооп кыла алат,

- маалыматтарды сурап биле алат ( ким?, эмне?, каерде?, ким аркылуу?,качан?, эмне үчүн?)

- өтүнүч менен кайрылууга, же баш тартууга даяр экенин билдирет

- кеңеш берет, аны кабыл алат ( кабыл албайт)

- Үлгүгө таянып өздүк кат жаза алат(40- 50 сөз), майрамдык куттуктоолорду кыскача жаза алат, ыраазычылык , өтүнүч билдире алат

- өзүнүн көз карашын билдирет, өнөктөшүнүн көз карашына сын көз менен карай алат

- текстти талкуулап, негизги оюн бере алат, билдирүү жасай алат (18 же андан көп айтуулар)

Жазуу кебинин көндүмдөрү

-сөздүк кат жаза алат(180- 200 сөз), майрамдык куттуктоолорду кыскача жаза алат, ыраазычылык , өтүнүч билдире алат

- белгилүү инсандар, айлана – чөйрө, окуялар, өзү, тилин үйрөнүп жаткан өлкө жөнүндө текст жаза алат ( 180-200 сөз)


9- класс

Угуп кабыл алуу көндүмдөрү

  • Чет тилдеги тексти угуп кабыл ала алат ( 2 минут)

  • Текстин мазмунун текстин коммуникациялык(катташ ,байланыш) жана функционалдык тибине байланыштуу түшүнө алат

  • Текстин башталышын угуп, мазмунун анализдей алат

  • Негизги фактыларды тандай алат

  • Прагматикалык мүнөздөгү билдирүүгө таянып, контекстен керектүү маалыматы алуу

Окуу көндүмү

  • текстин мазмунун түшүнөт,окуйт

  • негизги мазмунун түшүнөт( таанышып окуу)

  • тексти толугу менен түшүнөт( үйрөнүп окуу)

  • окутуунун тибине карабастан сөздүктөрдү колдонот

  • окуунун түрүн пайдаланат

Текст менен таанышып оку (350 – 400 сөз)

-Тексттин мазмунун, темасын аныктайт

- негизги ойду белгилейт

- үйрөнүп окуу(150 сөз) текстеги негизги фактылардын ыраатуулугун белгилейт

- маалыматты кайра иштетүүнүн негизинде тексти толук жана так түшүнөт ( тилдик божомолдор, сөздөргө анализ, сөздүк пайдалануу)

-текст боюнча ой- пикирин айтат

Үйрөнүп окуу (250 сөз)

- маалыматты кайра иштетүүнүн негизинде тексти толук жана так түшүнөт, окулган текст боюнча ой-пикирин айта алат ( тилдик божомолдор, сөздөргө анализ, сөздүк пайдалануу)

Көрүп окуу

  • Окуучуларга керектүү жана кызыктуу маалыматты тандайт

Сүйлөө кебинин көндүмдөрү

- сөздү баштап, колдоп аяктай алат, куттуктоо, каалоо айтып кайра жооп кыла алат,

- маалыматтарды сурап биле алат ( ким?, эмне?, каерде?, ким аркылуу?,качан?, эмне үчүн?)

- өтүнүч менен кайрылууга, же баш тартууга даяр экенин билдирет

- кеңеш берет, аны кабыл алат ( кабыл албайт)

- Үлгүгө таянып өздүк кат жаза алат(40- 50 сөз), майрамдык куттуктоолорду кыскача жаза алат, ыраазычылык , өтүнүч билдире алат

- өзүнүн көз карашын билдирет, өнөктөшүнүн көз карашына сын көз менен карай алат

- текстти талкуулап, негизги оюн бере алат, билдирүү жасай алат (18 же андан көп айтуулар)

Жазуу кебинин көндүмдөрү

- сөздүк кат жаза алат ( 200 сөздө ашык), майрамдык куттуктоолорду кыскача жаза алат, ыраазычылык , өтүнүч билдире алат

- белгилүү инсандар, айлана – чөйрө, окуялар, өзү, тилин үйрөнүп жаткан өлкө жөнүндө текст жаза алат ( 200 сөздөн ашык)
















Тилдик компетентүүлүк

3 - класс

Графика жана орфография

-лексико – грамматикалык материалдардын негизинде сөздөрдү окуйт жана жазат

Фонетика

-анлис тилиндеги бардык тыбыштарды адекваттуу тааный билет, айта алат

- сөздөрдөгү жана фразалардагы басымды туура пайдаланат

-сүйлөмдүн түрлөрүнө карай интонацияларды туура пайдаланат

- угуп – айтуу көндүмдөрүн өнүктүрөт

Лексика

-кебинде темага ылайык ( 300) лексикалык сөз үйрөнөт, пайдаланат

Грамматика

-кебинде колдонот жана биле алат

- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- жөнөкөй сүйлөм

- суроолуу сүйлөмдүн түрлөрү (жалпы, атайын)

- сүйлөмдөрдүн жай жана таңгыч формасы

- модалдык этиштер

4-класс

Графика жана орфография

-лексико – грамматикалык материалдардын негизинде сөздөрдү окуйт жана жазат

Фонетика

-анлис тилиндеги бардык тыбыштарды адекваттуу тааный билет, айта алат

- сөздөрдөгү жана фразалардагы басымды туура пайдаланат

-сүйлөмдүн түрлөрүнө карай интонацияларды туура пайдаланат

- угуп – айтуу көндүмдөрүн өнүктүрөт

Лексика

-кебинде темага ылайык ( 400) лексикалык сөз үйрөнөт, пайдаланат

Грамматика

-кебинде колдонот жана биле алат

- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- жөнөкөй сүйлөм

- суроолуу сүйлөмдүн түрлөрү (жалпы, атайын)

- сүйлөмдөрдүн жай жана таңгыч формасы

- модалдык этиштер



5- кл

Графика жана орфография

-лексико – грамматикалык материалдардын негизинде сөздөрдү окуйт жана жазат

Фонетика

-анлис тилиндеги бардык тыбыштарды адекваттуу тааный билет, айта алат

- сөздөрдөгү жана фразалардагы басымды туура пайдаланат

-сүйлөмдүн түрлөрүнө карай интонацияларды туура пайдаланат

- угуп – айтуу көндүмдөрүн өнүктүрөт

Лексика

-кебинде темага ылайык ( 500) лексикалык сөз үйрөнөт, пайдаланат

Грамматика

-кебинде колдонот жана биле алат

- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- жөнөкөй сүйлөм

- суроолуу сүйлөмдүн түрлөрү (жалпы, атайын)

- сүйлөмдөрдүн жай жана таңгыч формасы

- модалдык этиштер

6-кл



Графика жана орфография

-лексико – грамматикалык материалдардын негизинде сөздөрдү окуйт жана жазат

Фонетика

-анлис тилиндеги бардык тыбыштарды адекваттуу тааный билет, айта алат

- сөздөрдөгү жана фразалардагы басымды туура пайдаланат

-сүйлөмдүн түрлөрүнө карай интонацияларды туура пайдаланат

- угуп – айтуу көндүмдөрүн өнүктүрөт

Лексика

-кебинде темага ылайык ( 700) лексикалык сөз үйрөнөт, пайдаланат

Грамматика

-кебинде колдонот жана биле алат

- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- жөнөкөй сүйлөм

- суроолуу сүйлөмдүн түрлөрү (жалпы, атайын)

- сүйлөмдөрдүн жай жана таңгыч формасы

- модалдык этиштер



7-кл

Графика жана орфография

-лексико – грамматикалык материалдардын негизинде сөздөрдү окуйт жана жазат

Фонетика

-анлис тилиндеги бардык тыбыштарды адекваттуу тааный билет, айта алат

- сөздөрдөгү жана фразалардагы басымды туура пайдаланат

-сүйлөмдүн түрлөрүнө карай интонацияларды туура пайдаланат

- угуп – айтуу көндүмдөрүн өнүктүрөт

Лексика

-кебинде темага ылайык ( 800) лексикалык сөз үйрөнөт, пайдаланат

Грамматика

-кебинде колдонот жана биле алат

- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- жөнөкөй сүйлөм

- суроолуу сүйлөмдүн түрлөрү (жалпы, атайын)

- сүйлөмдөрдүн жай жана таңгыч формасы

- модалдык этиштер жана анын эквалентүүлүгү

- фразалык этиштер

- белгилүү, белгисиз, нулевой артикл

- саналуучу жана саналбоочу зат атоочтор

-этиштин – ing мүчөсү( келер чак үчүн)

-- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- сын атоочтун, тактоочтун салыштырма даражасы, сүйлөмдү тактоочтун эрежесине эмес, сын атоочтун формасына дал келтирүү

8 -кл

Графика жана орфография

-лексико – грамматикалык материалдардын негизинде сөздөрдү окуйт жана жазат

Фонетика

-анлис тилиндеги бардык тыбыштарды адекваттуу тааный билет, айта алат

- сөздөрдөгү жана фразалардагы басымды туура пайдаланат

-сүйлөмдүн түрлөрүнө карай интонацияларды туура пайдаланат

- угуп – айтуу көндүмдөрүн өнүктүрөт

Лексика

-кебинде темага ылайык ( 900) лексикалык сөз үйрөнөт, пайдаланат

Грамматика

-кебинде колдонот жана биле алат

- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- жөнөкөй сүйлөм

- суроолуу сүйлөмдүн түрлөрү (жалпы, атайын)

- сүйлөмдөрдүн жай жана таңгыч формасы

- модалдык этиштер жана анын эквалентүүлүгү

- фразалык этиштер

- белгилүү, белгисиз, нулевой артикл

- саналуучу жана саналбоочу зат атоочтор

-этиштин – ing мүчөсү( келер чак үчүн)

-- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- сын атоочтун, тактоочтун салыштырма даражасы, сүйлөмдү тактоочтун эрежесине эмес, сын атоочтун формасына дал келтирүү

9-кл

Графика жана орфография

-лексико – грамматикалык материалдардын негизинде сөздөрдү окуйт жана жазат

Фонетика

-анлис тилиндеги бардык тыбыштарды адекваттуу тааный билет, айта алат

- сөздөрдөгү жана фразалардагы басымды туура пайдаланат

-сүйлөмдүн түрлөрүнө карай интонацияларды туура пайдаланат

- угуп – айтуу көндүмдөрүн өнүктүрөт

Лексика

-кебинде темага ылайык ( 900) лексикалык сөз үйрөнөт, пайдаланат

Грамматика

-кебинде колдонот жана биле алат

- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- багынычсыз татаал сүйлөмдүн байламталар менен келиши

- багыныңкы татаал сүйлөмдүн реалдуу жана реалдуу эмес мүнөздөмөсү

- суроолуу сүйлөмдүн түрлөрү (жалпы, атайын)

- сүйлөмдөрдүн жай жана таңгыч формасы

- модалдык этиштер жана анын эквалентүүлүгү

- фразалык этиштер

- белгилүү, белгисиз, нулевой артикл

- саналуучу жана саналбоочу зат атоочтор

-этиштин – ing мүчөсү( келер чак үчүн)

-- жөнөкөй жалаң жана жөнөкөй жайылма сүйлөм, анын ичиндеги бир нече бышыктооч

- сын атоочтун, тактоочтун салыштырма даражасы, сүйлөмдү тактоочтун эрежесине эмес, сын атоочтун формасына дал келтирүү

10-11-кл

Угуп кабыл алуу көндүмдөрү

Угуп түшүнүүнү өнүктүрүүдө маектешүү, аудио жана видео тексттер ар кандай жанрда 3 минутага чейин болот:

. Монолог, диалог түрүндөгү татаал эмес тексттерди угуп , түшүнөт: теле көрсөтүу, радио уктуруу теманын чегинде болот

. Жарыя жана маалыматтык жарнактагы керектүү материалдарды талдап билет

. Баарлашууда маектешин толук түшүнөт

. Негизги маалыматты ажырата алат

. Белгилүү фактыларды бөлүп көрсөтөт

. Аудио тексттен кызыктуу маалыматты алып чыгат


Окуу көндүмдөрү

Аутенттик текстердин ар кандай стилин өнүктүрү (публист,илимий,көркөм,прогмат) тааныштыруу окутуу

Көркөм репортаж чыгармалардын үзүндүлөрүн, илимий публицтикалык татаал илимий таанып билүүчү мүнөздө;

Үйрөнүп окуу – прогматикалык текстеги маалыматарды так, ьолук түшүнүу (инструкция, рецепт жана статистикалык маалыматар);

Көрүп изилдеп окуу – текстеги статияларды бөлүп түшүнөт

Негизги фактыларды белгилейт

Өтө маанилүү маалыматты ажыраталат

Фактылардын себеп натыйжа – байланыштарын таба алат

Аргумментерин түшүнө алат

Керектүү маалыматты алат

Окулган текстке өзүнүн мамилесин билгизет

Сүйлөө кебинин көндүмдөрү

Жаны теманын негизинде ар кандай элементтердин түрлөрүн камтыган окуу ыкмаларын өстүрүү

-Белгиленген темада аңгеме, дискуссияга катышат.

-Маалыматтын суроо – талабын иш жүзүнө ашырат

-Түшүнүк алуу үчүн кайрылат

-Талкуу жүргөн тема боюнча өз оюн билдирет, маектешинин сөзүнө өзүнүн мамилесин билдирет

Диалогдун көлөмү ар бир окуучуга беш-алты репликага чейин болуш керек.

Монологдук кеп

Чет тилинде иштелген долбордун жыйынтыгы боюнча көрүп – окуунун негизинде маалыматты оозеки айтып берүү ыкмасын өнүктүрүү. Монолог кебинин көлөмү 8- 10 фраза болот

.Тема боюнча маанилүү маалымат камтыган билдирүү жасайт

. Алынган маалыматтын мазмунунан кыскача кабар берет

. Өзүнүн пландары, айлана – чөйрөсү тууралуу айтып берет

. Мисал, аргумент , фактылардын негизинде чечим чыгара алат

. Өз өлкөсүнүн жана үйрөнгөн тилинин өлкөсүнүн маданиятын, тарыхын, жашоо өзгөчөлүгүн салыштырып, сүрөттөйт

Жазуу кебинин көндүмдөрү

. Бланка толтурат, майрамдык куттуктоолорду кыскача жаза алат

. Англис тилиндеги өлкөлөргө кабыл алуудагы формаларды ( өмүр баян, резюме) толтура алат

. Тексттин негизинде оозеки жана жазуу тезисин түзө алат

Ыкмалардын өсүшү

. Өздүк катта жаңылыктар жөнүндө сурамжылап, маалымдайт

. Өзүнүн оюн билдирүү менен өз жашоосундагы окуяларды, фактыларды маалымдай алат

. Өзүнүн келечектеги пландарын сүрөттөйт






    1. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары

Баалоо окуучулардын окуу жетишкендиктеринин предметтик стандарттын мазмунуна дал келишин аныктоо максатында жүргүзүлөт. Инсанга багытталган окутуунун практикасында окуучулардын окуу жетишкендиктерин текшерүүнүн төмөнкү стратегиялары көбүрөөк жайылтылган: 1) окуучунун баштапкы жана аякталыштагы жыйынтыктарынын дал келиши, б.а. окуучунун жеке өсүшүнүн динамикасы; 2) окуучу жасаган иштин критерийлер менен дал келиши.

Төмөнкүлөр бааланат:

  • сабак учурундагы окуучулардын иши;

  • окуучулардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы;

  • портфолионун чыгармачылык презентациясы.

Тапшырмаларды топторго бөлүштүрүү төмөндөгүлөрдү эске алуу менен өткөрүлөт:

  • берилген тапшырмаларды чечүүнүн ар түрдүү деңгээлдеги татаалдыгын;

  • окуучулардын тапшырмаларды чечүүнүн ар түрдүү деңгээлдеги өз алдынчалыгын.

1-топтогу тапшырмалар – текст боюнча жалпы багыт алуу, ачык берилген маалыматты колдонуу (тексттеги маалыматтын негизги темасын жана идеясын түшүнүү, тексттеги айтылгандар боюнча жалпы түшүнүк).

2-топтогу тапшырмалар – текстти терең түшүнүү, маалыматты интерпретациялоо жана өзгөртүп түзүү, анализдөө, текстте ачык эмес берилген маалыматты жалпылоо жана интерпретациялоо, текстте түз айтылбаган байланыштарды орнотуу, бир топ татаал жыйынтыктарды жана баалоочу ойлорду айтуу.

3-топтогу тапшырмалар – маалыматты окуу-практикалык тапшырмаларда колдонуу жана өз тексттерин түзүү, карама-каршы жана талаш маалыматты табуу, алынган маалымдоо боюнча баалоочу пикирин жана өз көз карашын айтуу.

Иштердин саны жана баалардын оордугу боюнча бөлүштүрүү класстан-класска компетенттүүлүгүнүн өсүү динамикасын эске алуу менен ишке ашырылат.

Класстарга бөлүштүрүүгө ылайык баалоо үчүн жалпы багыт болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • жумуштун көлөмү

  • кабыл алуу , угуу менен түшүнүүнүн терендиги

  • өз алдынчалыктын деңгээли (демилгелөө, тандоо, интерпретациялоо)

  • чыгармачылык ыкма

  • айтканын аргументтештирүүсү

Баалоонун негизги принциптери:

Окуучуларды баалоодо мугалим – обьективдүүлүк, негиздүүлүк, системалуулук, бирдиктүү талап, ар тараптуулук, жекелик мүнөздөгү принциптерди жетекчиликке алышы зарыл.

Обьективдүү баа субьективдүү жана жаңылыш ойду жокко чыгарат. Обьективдүүлүк көп фактордон көз каранды. Алардын ичинен эң маанилүүсү окуунун максатынын диагноздуулугу, баанын мазмуну менен обьектти тандоонун негизделиши, талдоо, жыйынтыктарды баалоо методдору менен камсыздалышы. Обьективдүүлүк төмөнкүлөрдөн турат:

  • билим берүү системасынын көсөткүчтөрү менен критерийлерин аныктайт;

  • илимий негизделген баалоо каражаттарынын мазмуну (суроолор менен тапшырмалар, тесттер, анкета, сурамжылоо);

  • ар түрдүү баалоо процедураларынын (байкоо, өлчөө, анкета алуу, суроо-жооп) туура келүүчүлүгү;

  • талапка жооп берген критерийлер аркылуу системадагы компоненттердин абалын баалоо.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе баанын чындыгынын обьективдүүлүгү баалоону аткаруучу мугалимдерден, баа каражаттарынан жана методдордон көз карандысыздыгы.

Негиздүүлүк. Коюлган баа сөзсүз аргументи менен болушу керек. Ошол эле учурда, аргумент мазмундуу мүнөздөлүп жана мазмун формасы менен окуучунун аткарган ишине, баанын критерийлеринин талабына жооп берүүсү

керек. Бааны негиздөөдө мугалим окуу материалынын көлөмүн, деңгээлин жана берилген тапшырманын аткарылган сапатына көңүл буруусу керек. Мугалим бааны аргументтегенде төмөндөгүлөрдү бөлүп көрсөтүшү керек:

  • окуучунун анализ бере билүү билгичтиги;

  • себеп-натыйжалык байланыштын орнотулушу;

  • ой-жүгүртүүнү маалымдоосу;

  • өзүнүн көз карашын далилдөөсү;

  • ар кандай шартта алган билимин колдоно билүүсү;

  • окуу материалын жалпылоо менен негизгисин белгилеп көрсөтө билүүсү.

Системалуулук принциби билим берүү процессинин баштапкы этабынан акырына чейин баа ишмердүүлүгү аткарылат. Системалуу баалоого билим берүү системасынын бардык компоненттери дуушар болот. Контролдоо менен баалоону системаны туруктуу текшерген жыштыкта өткөрүү керек. Баалоонун

системалуулук принциби комплекстүү ыкма аркылуу аткарылып, ар кандай формалар, методдор жана баа каражаттары тыгыз байланышта бирдиктүү максатта башкарылат.

Бирдиктүү талап. Көпчүлүк учурларда кээ бирокуучуларга жеңил суроолор берилсе, кээ бирөөлөргө узак жоопту талап кылган тапшырмалар берилет. Ал эми окуучулардын билими бирдей балл менен бааланат. Бардык окуучуларга бирдей талап коюлушу керек. Баалоодо бирдиктүү программалык талаптар коюлушу керек, билимди баалоодо бирдей критерий болууга тийиш. Окуучулар кандай билимди кандай көлөмдө өздөштүрүшү керек экендигин билүүсү керек.

Ар тараптуулук принциби. Баалоо окуучулардын ээ болгон билимдерин аныктоону, жана ошондой эле билгичтик менен көндүмдөрдү калыптандыруунун даражасын аныктоону шарттайт, алар ар тараптуулук принцибинин мазмунун түзүшөт. Мугалим ар тараптуу өнүгүү принцибин жетекчиликке алуу менен төмөндөгүлөрдү эске алуусу керек:

  • өздөштүрүлгөн материал боюнча билимдин көлөмүн (окуу обьектилери жана билимдин элементтери, түшүнүк, мыйзамдар, идеялар ж.б.);

  • өздөштүрүлгөн билимдин деңгээли, билимди текшерүү, стандарттык эмес шартта билимди колдонуу;

  • билимдин сапаты (толуктугу, бекемдиги, тереңдиги, ийилчектиги ж.б.).

  • Жекелик принциби. Баа жекелик мүнөздү да алып жүрөт. Оозеки же фронталдык суроо-жоопто, дилбаян жазганда же жат жазуу жазганда, экзамен же зачетто дайыма өзгөчөлөнгөн билими билинип турат. Ошондуктан, баалоо процесси ар бир окуучунун билиминин деңгээлин билгенден кийин жүргүзүлүүгө тийиш. Жекелик принциби төмөндөгүлөрдү аныктоону талап кылат:

  • окуу материалы боюнча окуучу эмнелерди билет;

  • окуучунун билим деңгээли кандай;

  • окутуу процессинде окуучу эмнени үйрөнө алган жок;

  • жетишпегенин себеби кайсы;

  • билими боюнча жетишпегендигин жоюу үчүн эмне кылуу керек.

Ошондуктан, бул принциптин маңызы ар бир окуучунун өгөчөлүгүн жакындан билүү болуп саналат.




Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо үчүн баалоонун үч түрү колдонулат: диагностикалык, формативдик жана суммативдик, булардын ар бири белгилүү бир формада ишке ашырылат.

Баалоонун түрлөрү

Диагностикалык баалоо - окуучунун прогрессин баалоо үчүн пайдаланылат – окуу жылынын ичинде мугалим окуучуда компетенттүүлүктөрдүн калыптангандыгынын баштапкы деңгээлин жетишилген натыйжалар менен салыштырууну жүргүзөт. Диагностикалык баалоонун жыйынтыктары сыпаттамалар түрүндө каттоого алынат, алар жалпылаштырылып, мугалимге окутуу милдеттерин жана окуучуларга окуу милдеттерин коюу аркылуу окутуу процессин өркүндөтүү жана коррективаларды киргизүү үчүн негиз катары кызмат кылат.

Формативдик баалоо - материалды өздөштүрүүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн (иштин темпи, теманы өздөштүрүү ыкмалары ж.б.) эске алуу менен окуучулардын прогрессин аныктоо үчүн, ошондой эле ийгиликке жетишүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу максатында колдонулат. Формативдик баалоону мугалим окутууну өз учурунда коррекциялоо, пландаштырууга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, ал эми окуучу өзү аткарып аткан иштин сапатын жакшыртуу үчүн колдонот. Окуучунун прогресси билим берүүчүлүк тармактардын алкагында окутуунун максаттарында көрсөтүлгөн белгилүү бир натыйжаларга окуучу аткарган конкреттүү иштин негизинде жетүү катары аныкталат. Мугалим журналга баа коюу аркылуу окуучулардын жекече прогрессин байкоосун белгилейт.

Суммативдик баалоо- окуучунун окутуунун ар бир баскычы үчүн пландалган натыйжаларга жетүү даражасын аныктоо үчүн кызмат кылып, күндөлүк, аралык жана жыйынтык баалоодон келип чыгат.

Күндөлүк баалоо теманы сабакта окуп-үйрөнүүдө ишке ашырылат. Анын негизги милдеттери болуп: теманы түшүнүү жана баштапкы өздөштүрүү деңгээлин аныктоо, анын айрым элементтери менен мурунку темалардын мазмунунун ортосундагы байланыштарды белгилөө эсептелет. Күндөлүк баалоо предметтик стандарт тарабынан сунуш кылынган баанын критерийлери жана ченемдерине ылайык, окуучулардын окуу материалын өздөштүрүүдөгү жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. Күндөлүк баалоону мугалим, ошондой эле окуучулар жүргүзөт: жуптардагы жана топтордогу өз ара көзөмөл, өзүн өзү көзөмөлдөө.

Аралык баалоо предметтик стандарт менен аныкталган күтүлгөн натыйжаларга, мазмундук тилкелерге ылайык, иштин негизги түрлөрү аркылуу жүргүзүлөт:

  • жаратылыштын объектисин же кубулушун байкоо жана сыпаттоо;

  • лабораториялык-практикалык иш;

  • жазуу иштери (графикалык жат жазуулар, өз алдынча иштер, тесттик тапшырмалар, конспектилерди, схемаларды, кластерлерди түзүү ж.б.);

  • оозеки жооп;

  • тажрыйба, эксперимент жүргүзүү;

  • долбоор, изилдөө иши;

  • портфолио (жетишкендиктер папкасы).

Иштин бардык түрлөрү баалоонун критерийлери менен ченемдеринин негизинде бааланып, милдеттүү болуп саналат жана мугалим тарабынан календардык-тематикалык планды иштеп чыгууда пландаштырылат.

Жыйынтык баалоо мектеп календарына (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы), окуу-тематикалык планга (темалар боюнча баалоо) ылайык жүргүзүлүп, төмөнкү формаларда болот:

  • зачет, текшерүү иши, тандалып алынган тема боюнча доклад даярдоо, презентация, слайдарды даярдоо;

  • баа коюу.

Баалоонун негизги принциптери:

  • Ишенимдүүлүк – педагогикалык өлчөөнүн тактык даражасы.

  • Валиддүүлүк (жеткиликтүүлүк, шайкештик) же баалоо методунун шексиздиги чындыгында эле өлчөнүүгө тийиш болгон нерсе же башка нерсе өлчөнүп жатканын көрсөтөт.

  • Объективдүүлүк – бардык окуучулар бирдей эле кырдаалда бир эле сыноодон өткөрүлүшүн талап кылат. Маалыматтарды иштеп чыгуунун объективдүүлүгү баанын муглимге да, бардык окуучуларга да белгилүү болгон так критерийлеринин болушун талап этет.

Объективдүүлүк принцибин камсыз кылган баалоо бул – критерийлер боюнча баалоо. «Критерий – кандайдыр бир нерсени баалоо, аныктоо же классификациялоого негиз болгон белги. Баанын чени».

Баалоонун тиби

Билим берүу системасында өзүнүн милдеттери менен айырмаланган педагогикалык баалоонун 2 тиби бар:

Критерийлер боюнча баалоо ар бир окуучунун ишмердүүлүгүн гана баалоого мүмкүндүк берет (бир окуучунун жообун/ишин башка окуучунун жообу/иши менен салыштырбай). Окутуунун жыйынтыктарына карата окуучунун окутулгандык деңгээлин аныктайт. Бул жерде ар бир окуучу тарабынан окуу материалын өздөштүрүү деңгээли баалоо критерийлерине жана тиешелүү күтүлгөн натыйжаларга жараша бааланат.

Окуучунун окуудагы жетишкендиктерин баалоо критерийлеринин негизи болуп окутуудан күтүлгөн натыйжалардын жыйынтык максаттары эсептелет.

Мындай баалоонун критерийлерин пайдаланууда окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн баалоо ачык-айкын жана түшүнүктүү болот.

Нормативдик баалоо алдын ала окулган өзүнчө топтун даярдык деңгээлине карата аткарылат. Максаты - айрым окуучулардын жана калган окуучулардын ортосундагы билимдерди практикалык жактан салыштырууну ишке ашырат.

Баалоонун формасы


1.Окуу Чет тилдеринде окуп үйрөнүү тексттин татаалдыгына жараша болот. (5.4.3.2.)

  • Негизги мазмунун түшүнүп окуу

  • Толук мазмунун түшүнүп окуу

  • Кызыктуу жана керектүү маалыматтарды таап окуу

2.Угуп түшүнүү кеби

  • Текстти угуп кабыл алууда окуучунун негизги кептик түшүнүгү

3.Сүйлөө – мында баарлашуунун 2 формасы кездешет:

баарлашууда сүрөттөнү же аңгемени кеңири колдонуу

  • Баарлашууда темага ылайык тил каражаттарын колдонуу









4.2. Кызыктыруучу окутуу чөйрөсүн түзүү

Чет тили сабактарында белгиленген компетенттүүлүктөрдү калыптандырууда өнүмдүү (натыйжалуу) окуу технологиясы жетектөөчү технология болуп эсептелет. Технология текст менен иштөөнүн үч этабын киргизет, бул этаптар окурмандык ишмердүүлүктүн структурасынын өзгөчөлүгүнө негизделген.

I этап. Текстти окууга чейинки иш.

Актуалдаштыруу. Антиципация (алдын ала кубануу, окула турган текстти божомолдоо). Тексттин маанилик, тематикалык, эмоционалдык багытын аныктоо, чыгарманын аталышына, автордун атына, орчундуу сөздөргө карап, тексттен мурунку келген иллюстрация менен таанышып, окурмандык тажрыйбага таянуу.

Сабактын максаттарын коюуда окуучунун ишке жалпы даярдыгын (окутуучу, кызыктыруучу, эмоционалдык, психологиялык) эске алуу.

II этап. Текстти окуу учурундагы иш. Окуу процесси.

  • Текстти алгачкы окуу. Мазмуну боюнча жалпысынан маектешүү. Алгачкы кабыл алууну аныктоо, алгачкы таасирленүүнү белгилөө. Текстти кайрадан окуп чыгуу. Шашпай “ойлонуп” кайталап окуу.

  • Текстти анализдөө.Текстти кабыл алуу менен анын анализдөөнүн арасындагы ажырымды жеңүү.

III этап. Текстти окугандан кийинки иш. Кийинки окуу.

  • Интерпретациялоо. Текст боюнча концептуалдуу (маанилик) маек.Тексттин негизги идеясын жана анын башкы маанилеринин кошулушун аныктоо.Ойлонуу, өздөштүргөндөрүн текшерүү, окуганы боюнча сүйлөшүү.

  • Чыгарманы баалоо. Окуганын практикалык ишмердүүлүктө колдонуу. Окуучулардын адабий чыгармачылыгы.