Просмотр содержимого документа
«Аныктама жана белгисиз ат атооч»
саламатсыНарбы?
Маанайыбызды көтөрөп алуу үчүн бир туугандарыбызга жана ата-энебизге карап жылмаябыз балдар
Аныктама жана белгисиз ат атоочтор
- Аныктама жана белгисиз ат атооч туураалуу маалымат алат.
- Кебинде ат атоочторду ыктуу колдоно алат.
- Теориялык билимдерин жазуу жана сүйлөө ишмердүүлүгүндө пайдаланат.
Заттын сандык жалпылыгын же жекелигин аныктап, тактап көрсөтүүчү ат атоочтор аныктама ат атооч деп аталат.
Аныктама ат атоочторго төмөнкүдөй сөздөр кирет: бүткүл, бардык, бүтүн, баары, ар ким, ар бир,ар кандай, ар качан, өзүм
Аныктама ат атоочтор ээлик, толуктоочтук, аныктоочтук милдетти аткарат.
Ар кимдин билгени бар.
Баарыбызга ишене бергиле.
Ар ким бакытты эмгектен табат .
Сүйлөмдөрдү толуктагыла
- Ала-Тоодо ... дары чөптөр көп.
- Коноктор ... келишти.
- .... маанайыбыз ачык.
- Көнүгүүнү ... иштөөгө даярбыз.
- Өзөктөн күйгөн өрт жаман, ... чыккан жат жаман .
Пайдалануучу сөздөр: өздөн, ар дайым, өзүбүзчө, ар түрдүү, ар тараптан.
Белгисиз ат атооч
Заттардын,кубулуштардын жана алардын ким-эмне экендигин, сан-өлчөмүн, сын-сыпатын, ордун,мезгилин так көрсөтпөстөн, болжолдоп ,бүдөмүк, күдүк көрсөтүүчү ат атоочтор белгисиз ат атоочтор деп аталат.
Белгисиз ат атоочторго:кайсы бир, кимдир бирөө, алда кандай, алда эмне, алда ким, качандыр бирр, бир нерсе, кай бир, кээ бир, бирдеме, балан-түкүн ж.б. сөздөр кирет.
Белгисиз ат атоочтордун синтаксиситик кызматы
Ээлик: Кимдир бирөө келди. Кээ бирлери чыгып сүйлөштү.
Аныктоочтук: Кээ биринин колунда китеп, кээ биринин колунда портфель бар.
Толуктоочтук: Бир нерсени айтканы турам.
Төмөнкү сөздөрдү бөлүп жазгыла: алда эмне,ар бир, бардык, өзүм , кайсы бир, өз, кай бир, баланча-түкүнчө, ар кайсы, бир нерсе.
Аныктама ат атооч
Белгисиз ат атооч
Даярдаган:Т.Кулатав орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жороева Жазгүл.