Мөөнөтү ____________ Предмети ________________________ Класс ________
Сабактын темасы: Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. Аныктооч.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: окуучулар айкындооч мүчөлөр, анын ичинде аныктооч боюнча маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрүн билишет жана сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоого машыгышат.
Тарбиялоочулук: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...
а) айкындооч мүчөлөр, анын ичинде аныктооч боюнча маалымат алса;
б) аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрүн билип, сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзө алса;
в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара пикирлерин баалашса;
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
- сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүнө аныктооч, толуктооч, бышыктооч кирерин билет;
- аныктоочтун заттын сын-сыпатын, санын билдирип, кандай? кимдин? эмненин? канча? деген суроолорго жооп берерин өздөштүрөт.
Кептик компетенттүүлүктөр:
- сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн катыштырып сүйлөмдөр түзө алат;
- тексттен жана сүйлөмдөрдөн сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн жана аныктоочту аныктай алат.
Маданий компетенттүүлүк:
- сөздүн маанисин түшүнүп, баалай билет;
-оозеки кепте туура сүйлөөгө калыптанат.
Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.
Сабактын методу: проблемалуу метод.
Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, методикалык колдонмолор, ватман, маркер ж. б.
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу. Жагымдуу маанай тартуулоо. Окуучулар бири – бирине комплимент айтып, маанайлар көтөрүшөт.
2. Өтүлгөн теманы кайталоо.
Класстагы окуучулар 1, 2, 3 деп саноо менен топторго бөлүнүшүп, ар бир топко тапшырмалар берилет:
1-топ үчүн:
- Эмне үчүн ээ менен баяндоочту баш мүчө деп атайбыз?
- Класстагы үлгүлүү окуучу – Жадыра деген сүйлөмдүн ээ, баяндоочун тапкыла.
2-топ үчүн:
- Берилген сүйлөмдөрдү окуп, баш мүчөлөрүн тапкыла: Гений мезгилге багынбайт, кайра мезгил генийге багынат.
- баяндоочтун милдетин кайсы сөздөр аткарат? Мисал келтиргиле.
3-топ үчүн:
- ээ менен баяндоочко Венндин диаграммасын түзгүлө.
- ээнин милдетин кайсыл сөздөр аткарат? Мисал келтиргиле.
Акыл даярдыгы:
1. Эмне үчүн сүйлөм мүчөлөрүн баш жана айкындооч мүчө деп бөлчү элек?
2. Баш же айкындооч мүчөлөрдүн жардамы менен гана сүйлөм түзүүгө болобу, б.а. адам өз оюн толук түшүндүрө алабы?
3. Кандай зарылдыктан улам айкындооч мүчөлөрү жаралган деп ойлойсуӊар?
Окуучулар өз ойлорун ортого салып талкуулашат.
Жаңы тема: Аныктооч заттын сын-сыпатын, санын ж. б. белгилерин билдирет. Ал кимдин? эмненин? кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берет. Аныктоочтун милдетин зат атоочтор, көбүнчө сын атоочтор аткарат.
Аны толкундуу сызык менен сызып белгилейбиз: Катуу дабыш тынчтыкты бузат. Катуу дабыш тынчтыкты эмне кылат? – бузат – баяндооч. Эмне тынчтыкты бузат? – дабыш – ээ. Кандай дабыш тынчтыкты бузат? – катуу – аныктооч. Жазуу жүзүндө: Катуу дабыш тынчтыкты бузат.
Эненин мээрими күндөн жылуу. Эненин мээрими кандай? – жылуу –
баяндооч. Эмнеси күндөн жылуу? – мээрими – ээси. Кимдин мээрими күндөн жылуу? – эненин – аныктооч.
Жазуу түрүндө: Эненин мээрими күндөн жылуу.
Сүйлөмдө өз ара байланышкан сөздөрдүн биринчиси аныктооч, экинчиси аныкталгыч болот.
Мисалы: Жаман жолдош жоого алдырат. (мак.) Аныктооч – жаман, аныкталгыч – жолдош.
Аныктооч аныкталгыч менен ыкташуу же таандык байланыш аркылуу байланышат. Эгерде ыкташуу жолу менен байланышса, аныктоочтор аныкталгычка карата кандай? кайсы? Канча? Нече? Канчанчы? Деген суроолорго, ал эми таандык байланыш аркылуу байланышса, кимдин? Эмненин? Деген суроолорго жооп берет.
Түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана тутумдаш аныктооч болуп бөлүнөт. Жөнөкөйү бир гана сөздөн, тутумдаш аныктооч бир нече сөздөн турат.
Мисалы: Чолпонбайдын эрдиги жолдошторун таӊ калтырды. (кимдин? Чолпонбайдын)
Биз ушул айылдын жигиттерибиз. (кайсы? Ушул айылдын)
Тутумдаш аныктооч туруктуу сөз айкашынан(фразеология) же атоочтук түрмөктөн да түзүлөт.
Мисалы: Ат жалын тартып минген бала жаш эмес. Кайсы бала? –ат жалын тартып минген – туруктуу сөз айкашы.
Жайбаракат басып келе жаткан Акман чоӊ короого бурулду. Кайсы Акман? – жайбаракат басып келе жаткан – атоочтук түрмөк.
151 – көнүгүү.таблицаны карап, аныктооч менен аныкталгычты тапкыла. Аныктооч менен аныкталгыч байланыштын кайсы түрү боюнча байланышкан?
Сабакты бышыктоо: «Аныктооч» деген темага кластер түзүү менен ишке ашырылат.
Окуучулардын өздөштүрүүсүн баалоо:
- эрежени билет;
- сабакта үйрөнгөнүн колдоно алат;
- көнүгүүлөрдү туура аткарат;
- сабакта активдүүлүгүн көрсөтє алат;
- суроолорго так жана туура жооп берет;
Үй тапшырма: 153 – көнүгүү. Анда көрсөтүлгөн жол – жобо боюнча сүйлөм түзгүлө.
Колдонулган адабияттар: 8 – класс окуу китеби, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо.