Просмотр содержимого документа
«АРИСТОТЕЛЬ тууралуу маалымат»
Аристотель
Аристотель (Х.Т.ч. 384—322) — байыркы эң улуу грек философу, анын жараткан оригиналдуу окуусу философияда өзүнчө бир доорду түзгөн. Ал Стагир шаарында туулган (ошондуктан көп учурда аны Стагирлик деп аташат). Анын атасы Никомах Македония падышасы Аманта ІІІнүн сарайында дарыгер болгон. Христос туулганга чейинки 367-жылы он жети жашында Аристотель билим алуусун улантуу үчүн Афинага келет да, платондук Академияга окууга кирип, Платондун окуучусу болуп калат. Академияда Платон өлгөнгө чейин 20 жыл ашап турат, андан кийин Атарнейге, андан соң Метиленге көчүп келет. Бир аз убактан кийин ал македондук падыша Филипптин уулу Александрдын тарбиячысы болуп калат. Үч жылдан кийин Филипп өлүп, Александр такка отурат, Аристотель болсо он эки жыл сыртта жүрүп, элүү жаш курагында, Афинага кайтып келет. Афинада ал Ликей деп аталган мектеп ачат, анткени мектеп Аполлон Ликейскийдин храмына туташ жаткан гимназиянын территориясына жайгашкан эле. Окутууну Аристотель адатта гимназиянын аллеяларында өткөргөн, ошондуктан мектепти перипатетикалык (гректин «перипатео» — сейилдөө деген сөзүнөн) мектеп деп аташкан. Александр өлгөндөн кийин (Х.Т.чейинки 323-ж). Афинада антимакедондук көтөрүлүш чыгат. Аристотель дайыма Македония менен байланышта болууну жактаган. Ал «кудайсыз» деп айыпталып, бирок ал сотту күтпөстөн Эвбея аралындагы Халкидага кетип калат да бир жылдан кийин Х.Т.чейинки 322-ж.каза болот.
Аристотелдин бизге чейин келип жеткен адабий мурасы толук эмес, анын үстүнө бизге жеткендер толук бойдон чыныгы аристотелдик эмгектер деп таанылбайт. Аристотелдин мыкты жетик чыгармаларын үч топко бөлүүгө болот: «Органон» деп аталган логикалык эмгектери, буга «Категориялар», «Иликтеп-талдоо жөнүндө», «Аналитиктер», «Топика», «Софистикалык төгүндөөлөр» кирет; бытье жөнүндөгү китеп — «Метафизика», табият таануу боюнча илимий чыгармалар — «Физика», «Асман жөнүндө», «Айбанаттар дүйнөсү жөнүндө» ж.б.; этикалык чыгармалар — «Никомах этикасы»; «Саясат» трактаты; риторика жана поэтика боюнча эмгектер — «Риторика искусствосу», «Поэтика жөнүндө». Аристотелдин чыгармаларынын тизмеси эле ал талдап-караган маселелердин көп түрдүүлүгүн далилрдеп турат.
Аристотель, платондук Академияда окуп жүргөндө эле өзүнүн философиялык көз караштары боюнча Платон менен келише албай калат. Кийинки чыгармаларында ал идеялардын платондук теориясын сынга алат, бул философиянын андан аркы өнүгүшү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон. Ал идеяларга жана нерселерге бөлүүнүн рационалдык мааниси жок, анткени идеялар — бар болгону сезимдик нерселердин көчүрмөлөрү жана мазмуну жагынан аларга окшош деп эсептеген. Идеяларды нерселерден бөлүп кароо түшүндүрүлө турган нерсени экиге бөлүп, ажырымдыкка алып келет. Платондун пикири боюнча, нерселер идеялардын жардамы менен түшүндүрүлүүгө тийиш, б.а. Аристотелдики боюнча, идеялар менен нерселердин ортосундагы себептик байланыштарды таануу керек, бирок Платон алардын ортосундагы себептик байланыштардын бар экендигин танат. Платондун пикири боюнча, идеялар-нерселердин үлгүлөрү, бирок бул философиялык түшүндүрүү эмес, кооз сөз гана. Мындан башка да нерсе көп түрдүү болгондуктан, мындай учурда ал бир нече үлгүгө, б.а. бир нече идеяга ээ болууга тийиш. Аристотелдики боюнча платондук идея нерсенин маңызы боло туруп, ошол эле убакта нерсенин өзүнөн ажыратылып салынат, муну менен нерсенин маңызы нерсенин өзүнөн ажырап калат.
Аристотель өзүнүн философиялык ой-жүгүртүүлөрүндө баарынан мурда материалдуу болгон обьективдүү дүйнөнүн бар экендигин таанууга таянат.
Нерселерден сыртта турган платондук «идеяларды» сындаганына негизденип, Аристотель маңыз нерселердин сыртында эмес, анын өзүндө болорун далилдеген теорияны жаратууга аракеттенет.
Аристотель боюнча ар бир конкреттүү сезимдик нерсе «материя» менен «форманын» биримдигинен турат. Аристотель «форманы» нерсенин маңызы деп түшүнөт. Форма ошол эле учурда материалдуу эмес, бирок ал материяга карата алганда кандайдыр бир сыртта турган бир деме да эмес. «Нерселердин курамы» материя менен формадан турат. Ар бир нерсе толук калыптанып бүткөн материя катарында көрүнөт. Мисал катарында жез шарды алса болот, бул шар түрүндөгү (форма) жез (нерсе) экөө биригип бир бүтүн материяны түздү. «Форма» менен «материянын» карама-каршылыгы Аристотель үчүн салыштырмалуу. Жез бир предметке (мисалы, шарга) карата алганда материяны түзөт, башка бир предметке (мисалы, физикалык элементтерге) карата алганда форманы түзөт. Жез калыптанган бир бүтүн буюм болбошу мүмкүн, бирок ал ошол эле учурда потенциалында мүмкүндүк катарында форманы камтып турат. Б.а. форма-материяда камтылып турган мүмкүндүктүн ишке ашкандыгы. Мына ошентип, Аристотелде материядан формага жана формадан материяга салыштырмалуу өтмөлүк пайда болот. Форманын бул иерархиясы эң жогорку «формага» алып келет, бул эң акыркы форма жана андан ары форма да, материя да болбойт. Эң акыркы форма — бул түпкү кыймылдаткыч, же Кудай. Мына ошентип, Аристотелде материя менен форма бир бүтүндүктү түзөт, кубулуштардын өз ара байланыштарын, өнүгүшүн болсо ал материянын калыптанышы катары түшүнөт.
Аристотель себептердин төрт түрү жөнүндөгү оригиналдуу окууну иштеп чыккан. Ал себептердин төрт түрүн айырмалайт: 1) материалдык себеп же материя; 2) формалдуу себеп же форма; 3) жаратуучу себеп; 4) түпкү же максаттык себеп. Материалдык себеп — бул материя, ал «нерселердин курамына кирген материалды билдирет, бул материалдан нерселер жаралат» [Аристотель. Метафизика. V, 2, 1013а24—1013в21]. Формалдуу себеп дегенибиз форманын таасири аркылуу материя чындыкка айланат. Жаратуучу себеп — нерселерди жарата тургандар. «Алсак, мисалы, кеңеш берген адам ошол кеңештен кийин иштелип жаткан иштин себепчиси, ал эми өзгөртө турган нерсе өзгөрүп жаткан нерсенин себепчиси болуп саналат» [Ошонун өзүндө]. Максаттык себепти Аристотель кандайдыр бир максат үчүн кандайдыр бир нерсе иштелип жатат деген мааниде түшүнөт. «Мисалы, сейилдөөнүн максаты-ден соолук». Аристотелдин себептер теориясы ал өзү келтирген мисалдар менен түшүндүрүлүшү мүмкүн: архитектор үй куруп жатат, бул учурда материалдар — материя, үйдүн планы — форма, архитектор — жаратуучу себеп, ал эми курулуп бүткөн үй — түпкү максат болуп саналат.