КАГЫЛЫШУУ. Саманчынын жолу (Млечный путь) жана Андромеданын тумандуулугу галактикаларынын кагылышуусунун болжолдуу убактысын баалоо. Күн системасынын мындан ары өнүгүү сценарийин сүрөттөө.
КАН ТҮСТҮҮ АЙ. Эмне үчүн Ай тутулган учурда кызыл өңдө болот? Силерге белгилүү дагы кайсы көрүнүштөр ушуну менен жалпы себепке ээ болот?
АЛМАШТЫРУУ. Күн системасындагы Күндүн ордун Юпитер ээлеп алды, ал эми Жер ошол эле радиус менен орбита боюнча айланууну улантты дейли. Жерде жыл кандай боло тургандыгына баа бергиле.
ТҮНДҮК ЖЫЛДЫЗЫ. Кохаб – бул, (Кичи) Жетиген жылдызы . Кайсы кылымда бул жылдызга ушундай аталыш бергендигин баалагыла.
ЖЫЛ МЕЗГИЛИ. Орионду дүйнөнүн уюлу менен дал келет деп элестетип койгула. Жерде жыл мезгилинин алмашуусуна кандай таасир этет?
ЭЛОГАНЦИЯДАГЫ ВЕНЕРА. Обсерваториянын окумуштуусу Жерде туруп Венерадан түшкөн жарыктын чагылышуусуна байкоо салуу боюнча Күнгө жарк этмени каттайт. Марстагы окумуштуу Күнгө түздөн-түз байкоолорду жүргүзөт. Марстагы Жердегиге караганда жарк этмени эртерээк каттап алуусунун мүмкүндүгү кандай?
БУЛ КАЧАН БОЛГОН? 2018-жылы Бишкек шаарында күндүн узактыгы качан 7 саат 30 мүнөткө барабар болгон?
АЙДЫН ДИАМЕТРИ. Сиздин көз карашыӊыз боюнча Айдын диаметрин аныктоонун жөнөкөйүрөөк ыкмасын сунуштагыла.
ПОСТЕР. Акыркы 3 жылдагы маанилүү астрономиялык ачылыштар жана жетишкендиктер менен постер түзгүлө. Өз тандооңорду аргументтегиле.
АРАЛЫК. Метагалактиканын Жердин аралыгына космологиялык кеңейүүсү кандай таасир этет