СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атадан калган туяк

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ч.Айтматовдун "Атандан калган туяк" аңгемеси

Просмотр содержимого документа
«Атадан калган туяк»

Ч.АЙТМАТОВ “АТАДАН КАЛГАН ТУЯК”

Сабактын темасы: Ч.Айтматов “Атадан калган туяк” аңгемесин жыйынтыктоо жана бышыктоо

Сабактын максаты:

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемеси боюнча алган билимдерин бышыкташат.

Суроолорго жооп беришет. Чыгарманын картасын толтура алышат.Чыгармадагы кездешкен айрым сөздөрдүн маанилери менен туташтыра алышат.

Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесинин сюжетин толук өздөштүрө алышса;


Өнуктүрүүчүлүк: Логикалык ойлоо жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө кыскача маалымат алышат.Айрым сөздөрдүн маанисинин чечмеленишин билишет.

Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө маалымат алышып, кээ бир сөздөрдүн маанисин түшүнө алышса;

Тарбия берүүчүлүк: Чыгармадагы тарбиялык идеяларды достору менен бөлүшө алышат. Бири-биринин оюн сыйлоону, мамиле тузүүну үйрөнүшөт. Атанын барктуу экендигин туюшат.

Бири-бири сыйлоо менен туура мамиле түзүп, атанын барктуу экенин аңдап билишсе;

Сабактын тиби: Билимдерди системалаштыруу жана жалпылоо сабагы

Сабактын усулу: Интерактивдүү, коммуникативдүү

Сабактын уюштуруунун формасы: Жекече жана жупта иштөө

Сабактын жабдылышы: ТСО,сүрөттөр, таратмалар, чыгарманын картасы, сырдуу сандык, балыктар көлмөсү

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашам. «Конок келсе, үй ээси кубанат» дегендей, бүгүн бизге коноктор келип отурат.Бул үчүн биз абдан кубанычтабыз. Анда эмесе, коноктор менен дагы амандашып алсак.

Балдар, бүгүнкү сабакты “Сыйкырдуу көз айнек” оюну менен сабак баштайбыз.

Сабактын максатын,алтын эреже жана баалоо критерийлерин айтып кетем.

2.Үй тапшырма суроо: Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесин окуп келүү

1.Өткөнкү сабакта кайсы теманы өткөнбүз?

2.”Атадан калган туяк” деген аңгеме кимдин чыгармасы?

3.Бул чыгармада кайсы мезгилди сүрөттөлөт?

3.Чыгарманы кайталап, бышыктоо үчүн тапшырмалар

1-тапшырма:

Сөздүк менен иштөө: Сөздөрдүн маанилерин сөздөр менен туташтырабыз

Сөздөр

Мааниси

Кашар

Мал баккан жай

Кыркын

Койлордун жүнүн кырккан убак

Көчмө кино

Ар башка айылдарга өчүп кино көрсөтүү

Замбирекчилер

Душманга каршы замбирек менен ок аткан адам

Телефонист

Почтада телефонго жооп берген адам

Согушта курман болгон

Согуш болгондо өлгөн

Жалгыз бой

Күйөөсү же аялы жок жалгыз адам

Безерман

Бекер жүргөн адам

5 мүнөттүк “Атадан

калган туяк” аңгемеси жөнүндөгү мультфильм көрөбүз

2-тапшырма: Бул Ч.Айтматовдун сырдуу кутучасы. Сырдуу кутучанын ичинен таркатмаларды алып, суроолорго жуп-жубубуз менен талкуулап жооп беребиз

1.Баш каармандын аты ким?

Авалбек

2.Баш каармандын апасынын аты ким?

Жээнгүл

3.Баш каармандын атасынын аты ким?

Токтосун

4.Авалбектин апасы ким болуп иштейт?

Телефонист

5.Авалбек менен Жээнгүл кинону кайсы жерден көрүштү?

Кашардан

6.Кино эмне жөнүндө эле?

Ата Мекендик согуш жөнүндө. Чыгарманын киносунан үзүндү коюлат.

7.»Атадан калган туяк» чыгармасы кайсы жанрда жазылган?

Аңгеме

8.Авалбек кыркынга эмне үчүн келчү эле?

Анткени аны караганга эч ким жок болгон

9.Жээнгүл кыркында эмне кылчу?

Койдун жүнүн кыркчу
10.Көчмө кинону кантип сүйүнчүлөдү?
«Кино келди! кино келди!»

11.»Атадан калган туяк» чыгармасын ким жазган?

Ч.Айтматов

12.Ч.Айтматов канчанчы жылы туулган?

12-декабрь, 1928-жылы

13.Ч.Айтматов кайсы жерде туулган?

Талас облусу, Кара-Бура району,Шекер айылы

Эс алуу убактысы: Денелерибизди мугалимдин көрсөтмөсү менен кыймылга келтиребиз

3-тапшырма: Чыгарманын картасын түзүү аркылуу сабакты жыйынтыктайбыз.

1.Бүгүнкү сабакта кайсы чыгарманы өттүк?

2.Чыгарманын автору ким?

3.Чыгармада болгон окуя кайсы жерде, кайсы мезгилде болуптур?

4.Чыгармадагы башкы каармандар?

5.Чыгарманын башталышы кандай?

6.Чыгарманын кульминациясы?

7.Чыгарманын аягы эмне болуп бүтөт?

4.Үй таршырма берүү: Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин эскерүүлөрүн чоң ата, чоң энелерден сурап жазып келгиле

5.Баалоо: Топтогон упайларга карап баалап коем.

Айбек Касымовдун аткаруусундагы “Эстелик” ырын угабыз.