СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атом молекулалык окуу

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бардык заттар андан ары бөлүнбөгон майда бөлүкчөлөрдөн атомдордон (грек, atomos - болүнбос) турат. Атомистиканын өнүгүшү М. В. Ломоносов, А. А. Лавуазье, К. Пруст, Л. К. Бертолленин илимий эмгектеринин натыйжасы болуп эсептелет. Кийин Дж. Дальтон 1803-1807-жылдарда топтолгон эксперименталдык жана теориялык материалдары менен толуктаган.

Просмотр содержимого документа
«Атом молекулалык окуу»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Атом молекулалык окуу

Сабактын методу: Көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү

Максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Атом молекулалык окууну окуп үйрөнүшөт.

  • Атом молекулалык окуунун негизги жоболорун айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук,тарбиялоочулук):

Зат, жөнөкөй жана татаал зат,аралашма, молекула, атом, атомдун түзүлүшү, кристаллдык торчо боюнча алган билими өнүгөт.

Жоопкечиликтүү болууга тарбияланышат.

  • Зат;

  • жөнөкөй жана татаал заттар;

  • аралашма;

  • молекула;

  • атом;

  • атомдун түзүлүшү;

  • кристаллдык торчо боюнча алган билимдерин пайдаланып атом молекулалык окуунун негизги жоболорун далилдүү жазып түшүндүрүп бере алышса.


Күтүлүүчү натыйжа: Атом молекулалык окуунун негизги жоболорун далилдүү түшүндүрүп бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет?): Атом молекулалык окуунун негизги жоболорун окуп үйрөнүшөт.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими):

Зат, жөнөкөй жана татаал зат, аралашма, молекула, атом, атомдун түзүлүшү, кристаллдык торчо, химиялык байланышты билишет.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү: Чакыруу этабы:5-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):20-25 мин

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү:

Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай тартулоо:

Сизге кайсы гүл жагат? тети

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:



Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Атом-молекулалык окуу

Бардык заттар андан ары бөлүнбөгон майда бөлүкчөлөрдөн атомдордон (грек, atomos - болүнбос) турат. Атомистиканын өнүгүшү М. В. Ломоносов, А. А. Лавуазье, К. Пруст, Л. К. Бертолленин илимий эмгектеринин натыйжасы болуп эсептелет. Кийин Дж. Дальтон 1803-1807-жылдарда топтолгон эксперименталдык жана теориялык материалдары менен толуктаган. Атом-молекулалык теориянын негизги жоболору төмөнкүлөр:

1. Ар бир элемент андан ары курамдык бөлүктөргө ажырабаган эн майда бөлүкчөдөн - атомдон турат.

  1. Берилген затты түзгөн жөнөкөй жана татаал атомдор бири-бирине толук окшош, массалары бирдей болгондуктан заттардын курамы туруктуу болот.

  2. Түрдүү элементтердин атомдору ѳзара аракеттенишип татаал затты пайда кылат, ал эми реакциянын натыйжасында бир элементтин атому башка элементтин атомуна айлана албайт.

  1. Жѳнөкөй атомдор андан ары бөлүнбөгөн бөлүкчөлөр. Татаал атомдор татаал заттын эн кичине бөлүгү, аларды ажыратуу ал затка таандык касиеттердин жоголушуна алып келет.

  2. Эки же андан көп элементтердин атомдорунан бирикме пайда болсо, алардын атомдору өз ара жөнөкөй бүтүн сандар катарында катышышат.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

Бышыктоо:

1.Атом молекулалык окууга салымын кошкон окумуштууларды атап эмгектери жөнүндө айтып бергиле.

2.Атом молекулалык окуунун жоболорун далилдүү түшүндүрүп бергиле.




Үйгѳ тапшырма:

1.Ренген нурлары жана радиоактивдүүлүк жөнүндө айтып бергиле.


Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!