СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атомдун түзүлүшү

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Атомдун түзүлүшү»

№ 1 билет

1. Түз сызыктуу бир калыптагы, бир калыптагы эмес кыймыл. Толкундун түрлөрү, мүнөздөрү

2. Жер шарынын өз огунда айлануу мезгили 24 саат болсо, анда Бишкек шаарынын аянтында турган адам кандай ылдамдык менен кыймылдап жаткан болот. Жердин радиусу 6400 км.



№ 2 билет

1. Инерциялдык жана инерциялдык эмес эсептөө системалары.

Ньютондун 1- закону.

2. Жерди ай болжол менен 27 суткада 1 км/с ылдамдык менен толук айланып чыгат. Жердин борборунан айдын борборуна чейинки аралыкты тапкыла.



№ 3 билет

1. Ылдамдануу. Ылдамдатылган кыймыл кезинде өтүлгөн жолдун формуласы. Архимед күчү.

2. Патефон пластинканы 0,83 с да бир толук айландырат. Анын айлануу жыштыгы эмнеге барабар?



№ 4 билет

1. Векторлор. Векторлорду кошуу жана кемитүү. Деформация

2. 100 Н күчтүн таасири алдында массасы 20 кг болгон нерсе кандай ылдамданууну өөрчүтө алат?



№ 5 билет

1. Ийри сызыктуу кыймыл. Термодиканын 1- закону.

2. Мааниси 30 Н барабар болгон күчтүн таасири менен кандай массадагы нерсеге 50 см/с2 ылдамдануу берүүгө болот.

№ 6 билет

1. Нерсенин айлана боюнча кыймылы.Паскаль закону.

2.Көлөмү 0,28 м3 болгон кирпичти сууга салышты. Ага карата аткарылган күчтүн чоңдугун тапкыла.



№ 7 билет

1. Борборго умтулуучу ылдамдануу. Үн толкундары.

2. “ Ленин” муз жаргыч кемесинин кубаттуулугу 32,4 МВт болсо, анда ар бир саат ичинде кандай жумуш аткарат.



№ 8 билет

1. Ньютондун 2- закону.Жел кыймылдаткычтар.

2. Жер Күндү 30 *103 м/с ылдамдык менен айлануу аркылуу кандай кинетикалык энергиянын чондугун өөрчүтөт? Жердин массасы 6*1024 кг.



№ 9 билет

1. Күч масса. Оордук күчү. Газ абалы жана анын параметр.

2. Кандайдыр бир темир брусогуна берилген жылуулук саны 0,2 МДж болсо, бул жылуулук менен кандай массадагы темирдин температурасын 200 С ден 1300 ге чейин көтөрүүгө болот.



№ 10 билет

1. Ньютондун 3-закону. Жарым өткөргүчтөгү токтун табияты.

2. Массасы 250г болгон коргошун брусогуна 2,3 кДж жылуулук санын беришип, температурасын 780 С ге көтөрүштү. Коргошундун баштапкы температуасын тапкыла.





№ 11 билет

1. Импульс. Импульстун сакталуу закону. Реалдык газ.

2. 5 Н күчтүн таасири астында пружинаны 4 см ге чоюуга болот. Бул пружинанн катуулук коэффициентин тапкыла.



№ 12 билет

1. Буткүл дүйнөлүк тартылуу күчү. Идеалдык газ абалынын теңдемеси.

2. Катуулук коэффициенти 250 Н/м пружинага 20 Н күч жумшоо аркылуу, аны кандай аралыкка кысууга болот.



№ 13 билет

1. Эркин түшүү жана анын ылдамдануусу. Нымдоо жана нымдабоо.

2. 10 кг дан ашык тартпоого негизделген таразага 80 Н салмактагы жүктү илишет. Натыйжада таразанын пружинасы 7,5 см ге созулган болсо, анын катуулугун эсептегиле.



№ 14 билет

1. Жердин жасалма жандоочулары. Беттик тартылуу коэффициенти.

2. Чыналышы 800 Н/Кл болгон электр талаасына киргизилген 3,5 МККл зарядга аракет эткен электр күчүн тапкыла.



№ 15 билет

1. Сүрүлүү күчү. Температура түшүнүгү.

2. Кандай чондуктагы зарядка чыналышы 600 Н/Кл болгон электр талаасы 1,2 мН күч менен аракет этет?





№ 16 билет

1. Жумуш. Жумуштун жалпы формуласы. Буулануу.

2. Электр талаасынын чыналышы 950 Н/Кл болгон учурда, ага киргизилген 2*10-7 Кл зарядка кандай электрдик күч аракет этет?



№ 17 билет

1. Сүрүлүүнүн ролу. Кайноо.

2. Чыналышы 750 Н/Кл электр талаасы кандайдыр бир зарядка 5,25 мкН күч менен аракет этет. Белгсиз заряддын чондугун тапкыла.



№ 18 билет

1. Кубаттуулук. Термодинамикадагы жумуш.

2. Заряды 30мкКл жана 100мкКл болгон эки бөлүкчө 0,003 мм аралыкта жайгашкан. Алардын ортосундагы өз ара аракеттешүү күчүн тапкыла.



№ 19 билет

1. Механикалык энергиянын түрлөрү. Термо элементтер.

2. Аракеттешүү күчү 0,9 Н болгон 0,5 мкКл жана 20нКл заряддарынын ортосундагы аралыкты эсептегиле.



№ 20 билет

1. Шамал жана суунун энергиялары. P-n контактынын касиети.

2. 20см аралыкта турган эки заряд бири- бири менен 22,5 мкН күч аркылуу аракеттешип жатат. Эгерде экинчи заряддын чондугу 5нКл болсо, биринчи заряддын мааниси эмнеге барабар болгон?







№21 билет

1. Серпилгичтүү деформациянын түрлөрү. МКТнын негизги жоболору.

2. Чондугу 4,5 нКл болгон заряддын жанына 9 мН күч менен аракет этиши үчүн, андан 3 см аралыкка кандай зарядды жайгаштыруу керек.



№22 билет

1. Гук закону. Жылуулук кыймылдаткычтар.

2. Бири- иринен 48 см аралыкта жайгашкан эки металл шарчасы бирдей он заряддарга ээ жана өз ара 0,5 мН күч менен аракеттенишет. Заряддардын чондуктарын тапкыла.



№23 билет

1.Серпилгичтүү деформацияланган ружинанын энергиясы. Кулон закону.

2. Чыналышы 0,2 кН/Кл электр талаасында чондугу 0,4 мкКл зарядды кандай аралыкка которууда 8*10-5 Дж жумуш аткарат.

№24 билет

1.Суюктуктун касиети. Көтөрүү күчү. Металлдардын электр өткөрүмдүүлүгү.

2. Чыналышы 1кН/Кл электр талаасындагы кандай чондуктагы зарядды 100мм ге жылдыруу үчүн 46* 10-4 Дж жумуш аткарылат.



№ 25 билет

1. Механикалык термелүүлөр. Күн энергиясын электр энергиясына айландыруу боюнча Кыргызстандагы окуумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрү.

2. Чондугу 2,3 10-8 Кл зарядды которууда 4,6 мкДж жумуш аткарылса, талаанын чыналуусу кандай болот?



№ 26 билет

1.Резонанс. Жылуулук кыймылдаткычтары жана экология.

2. Сыйымдуулугу 45 мкФ конденсаторго чыналуу берүү менен катушкага туташтырылган. Мындан сон контурда термелүү мезгили 0,9 мкс болгон басандоочу термелүү пайда болот. Анда катушканын индуктивдүүлүгү кандай болот?



№ 27 билет

1. Толкундун интерференциясы, дифракциясы.Ваакуумдагы электр тогунун табияты.

2. Сыйымдуулугу 0,058 мкФ жана индуктивдүүлүгү 1,4 мГн болгон термелүү контурундагы заряддардын термелиши кандай мезгил менен кайталанат?



№28 билет

1. Ультра үн жана анын колдонулушу. Электролиз үчүн Фарадейдин закону.

2. Өзгөрмөлүү 220 В чыналууга туташтырылган электр плитасынын спиралындагы ток күчү 5 А ге жетет. Спиралдын каршылыгын тапкыла.



№29 билет

1.Идеалдык жана реалдык газдын ички энергиясы. Өз алдынча разряддын түрлөрү.

2. Чыналуусу 3 В болгон гальваникалык элемент аркылуу пайда болгон ток күчүн тапкыла. Гальваникалык элемент туташкан өткөргүчтүн каршылыгы 10 Ом.



№30 билет

1. Газдардын жылуулук сыйымдуулугу. Ом закону.

2. Чынжырдагы ток күчүн мааниси 15 А ге жеткирүү үчүн, каршылыгы 2,5 Ом болгон өткөргүчкө кандай чыналуу берүү керек?


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!