СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атомдун тузулушу. Көнүгүү иштөө

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

атомдун электрондук  түзүлүшүн туура жазууну, Паули принсибин, Гунд эрежесин,  Кличковскийдин эрежесин туура пайдалануу менен көнүгүүлөрдү өз алдынча  иштөөнүн үйрөнүшөт.

Просмотр содержимого документа
«Атомдун тузулушу. Көнүгүү иштөө»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Көнүгүү иштөө

Сабактын методу: Өз алдынча иштөө

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын формасы: өз алдынча иштөө

Максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): атомдун электрондук түзүлүшүн туура жазууну, Паули принсибин, Гунд эрежесин, Кличковскийдин эрежесин туура пайдалануу менен көнүгүүлөрдү өз алдынча иштөөнүн үйрөнүшөт.

  • Атомдун электрондук түзүлүшүн жаза алышса;

  • Атомдун электрондук түзүлүшүн жазууда Паулинин принцибин, Гунд эрежесин, Кличковскийдин эрежесин туура пайдалана алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук,тарбиялоочулук):

Атом молекулалык окуу, атомдун түзүлүшү, мезгилдик система боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ынтымактуу болууга тарбияланышат.

.

  • Атом молекулалык окуу;

  • атомдун түзүлүшү;

  • мезгилдик система боюнча алган билимдерин пайдалануу менен атомдун электрондук түзүлүшүн өз алдынча иштей алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Атомдун электрондук түзүлүшүн жаза алышат;

  • Атомдун электрондук түзүлүшүн жазууда Паулинин принцибин, Гунд эрежесин, Кличковскийдин эрежесин туура пайдалана алышат;

  • Мезгилдик системаны туура пайдалана алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет?): Атомдун электрондук түзүлүшүн Паулинин принцип, Кличковский, Гунддун эрежелерин пайдалануу менен туура жазууга көнүгүшөт.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими)): мезгилдик система, зат, атом, атомдун электрондук түзүлүшү, Паули принсибин, Гунд эрежесин, Кличковскийдин эрежесин билишет.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү: Чакыруу этабы:5-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):20-25 мин

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү:

Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай тартулоо:

Өзүӊөргө жаккан түстү тандагыла (түс боюнча мүнөздөмө берилет).

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Суроолорго жооп берүү

1. 1- жана 2- мезгилдердеги элементтердин атомунун түзүлүшүн түшүндүрүп электрондук формулаларын жазып бергиле?

2. Эмне үчүн инерттүү газдар химиялык жактан активсиз болушат?

3. Эмне үчүн S, p элементтер дейбиз, аларга кайсылар кирет?

Түшүнүү этабы (сабактын негизги бөлүгү) жана ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):

1. Электрондук формуласы 1s22s22p63s23p64s2 болгон элемент кайсы? Анын ионунун структуралык формулаларын жазгыла.

2. Электрондук формуласы 1s22s22p63s23p5 болгон элемент кайсы? Анын ар бир

кычкылдануу даражаларына туура келген электрондук структуралык формулаларын жазгыла.

3. Суутек менен хлордун изотопторундагы нейтрон менен протондордун санын көрсөткүлө.


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

Бышыктоо:

1. Төмөнкү электрондук формулалардан туура эмес (мүмкүн эмес) формуланы

көрсөткүлө?

а) 1s1; б) 5d8; в) 3f2; г) 2p5; д) 4f5;




Үйгѳ тапшырма:

Күкүрт, вольфрам, хлор, висмуттун атомунун электрондук түзүлүшүн жазып валенттүүлүгүн аныктагыла.

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!