СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аттуу сандарды көбөйтүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аттуу сандарды көбөйтүү»

Адам болуу аста-аста, айбан болуу бир паста

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматов: “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”,деп айткандай, бул жашоодо адамга биринчи кезекте эле адам болуу маанилүү деп ойлойм. Эгерде адам өзүнө өзү талдоо жүргүзө алса, өзүнүн кемчиликтерин сезе билип, сынды туура кабыл алса, анда ал адамдын жеке жетишкендиктеринин бири болуп саналат.

Албетте азыркы жашоодо мыкты адис болуу деле маанилүү. Бирок, сенин адамдык касиетиң төмөн болсо, анда эртели кечпи адистигиңдин да кереги жок болуп, жардамы тийбей калат.

Азыркы заманда адамдар өздөрүнүн адамдык сапатын жоготуп бара жатышат. Бири бирине күйүмү жок, керек болсо бир туугандар да бир-бирине жат адамдай мамиле жасап калган мезгил. Андан сырткары жакын адамың да сатып кеткен заман. Бекеринен айтылбаса керекӨзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман”,деп. Мындай нерсенин баары адам өзүнүн адамдык сапатын жоготкондуктан келип чыккан маселе болуп эсептелип, азыркы замандын чоң көйгөйү десек да жаңылышпайбыз.

Адамдар убактылуу дүйнөнү сүйүшөт, ал эми алдыдагы оор күнгө кайдыгер болушат. “Адам болуу аста-аста, айбан болуу бир паста дегендей, адам миң жакшы болгон күндө деле, колуна бийлик, мансап берсең, ошол нерселерге азгырылып, адамдык сапат деген нерсени унутуп, жаман жолго түшүп кетүүсү мүмкүн. Бирок, баардык адам ошондой деп айтуудан алысмын, анткени: “Бир карын майды бир кумалак чиритет”,деген сыяктуу эле, биз жашообузда мансапкор адамдарды кезиктирип, кыйын учурда жардам бере албай калсак, анда бүтүндөй ааламды жек көрүп, адамзатты ыймансыз, ынсапсыз деп бир жактуу жыйынтык чыгарып жүргөндөрүбүз дагы көп. Биз жаркыраган заманда эл алдында жүзүбүз жарык, адептүү болууга умтулалы. Элибизден айтылуу Каныкей, Кыз Сайкал, Айчүрөк, Жаңыл Мырза, Айсулуу, Кызжибек, Акыл Карачач, Уркуя аттуу сулуу, баатыр, тайманбас кыздарыбыз чыккан. Биз да ушул эжелерибиздин жолун жолдоп тайманбас, эр жүрөк, кайраттуу, намыстуу болушубуз керек.

Ар бир бала өзүнүн ата-энесин сыйлап, алар менен каяша айтышпай, айткандарын аткарып турушу керек. Мектептин босогосун аттагандан баштап бизди сылык, адептүү болууга үндөгөн, баарыбызга окуганды, жазганды үйрөткөн мугалимдердин да тарбиялоодо чоң салымы бар. Адам баласы сырткы келбети, кийими, кылган жумуштары, ички дүйнөсү – бардык жагынан сулуу болууга тийиш. Азыркы турмушта кээ бирөөлөр өздөрүнчө болушуп, керт башын ойлоп, бири-бирине жардам беришпей калышты. Боорукердик, сылыктык, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, ыймандуу болуу – биз кийип жүргөн кийимден, биз жеп жүргөн тамак-аштан, алтындан да баалуу. Ошондуктан биз бул сапаттарды кичинекейибизден баштап, ата-бабадан калган салт катары тутушубуз зарыл. Кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардам керектерге ар дайым көмөктөшкөн Каныкей менен Чыйырды апалардай болушубуз керек.

Адептүүлүк деген өзү — адамдын күзгүсү, сулуулугу болуп эсептелинет. Адептүү адам өзүнүн чөйрөсүнө дайыма жакшы саамалыктарды алып жүрөөрү талашсыз. Адам баласы төрөлгөндө эле акыл-эстүү, адептүү боло калбасы белгилүү. Ал сапат эң биринчи үй бүлө аркылуу, мектеп аркылуу, коом аркылуу тарбияланат. Албетте адептүүлүк бардык адамдын көркүн чыгарары талашсыз. Ошентсе да аял затынын адептүү болгону өзгөчө зарыл нерсе. “Абийириңди жашыңдан сакта"-дегендей абийир, намысыбызды коргоп, ыймандуу кыздардан болушубуз керек. Адептүү болсок, ата-энелерибизди уятка калтырбайбыз.

Жашпы, карыбы өзүнүн сөзүн же жүрүш-турушун сактай албаса, анда ал адам сөзсүз уят болот. Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың”,- деген макалда айтылгандай, үйдө баланын күлк-мүнөзү, жүрүш-турушу ата-энесине аттын кашкасындай белгилүү. Баланын тарбиясы үйдөн башталат. Ошондуктан ата-эне баласын туура тарбиялап, жаман жактарын оңдоп, башка балдарга салыштырмалуу бул жериң туура эмес деп, дайыма айтып турушу керек. Көбүнчө балдарга атанын тарбиясы абдан керек. Баладан талап кылаардан мурда ата өзү арак ичип, тамеки тартып, жаман жактарын көргөзбөсө деп ойлойм. Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө”-дегендей, коомдук жерлерде, жада калса үйдө, мектепте да туура сүйлөп, өзүн таза, тыкан алып жүрсө, мына ушул абийирАл эми кыздар болсо, балдарга караганда эки эсе тартиптүү, адептүү, намыстуу болушу керек.

Адам бул кайталангыс уникалдуу көрүнүш, ал коомдун эң негизги өзөгү, түзүүчүсү эмеспи. Чынында эле адам коомдун чыныгы адамы болушу үчүн негизги үч асыл сапат болуш керек деп эсептейм. Алар: ыймандуулук, акыл-эстүүлүк, жана жоопкерчилик. Адам адам катары калыптанууда ал жеке эле физиологиялык жактан эмес, психологиялык жактан да өнүгүүсү маанилүү.

Адамдын акыл-эси, жүрүм-туруму жогорку деңгээлде өнүккөндө гана ал чыныгы кесиптин адиси ээ боло алат. Бир сөз менен айтканда, коомдун чыныгы жана негизги мүчөсүнө айланып, коомго, өзүнө пайда алып келет. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, айтаар оюм, адамга бул жашоодо мыкты адис болуудан мурда, адамдык сапат, мыкты адам болуу маанилүү экендигин эскертким келет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!