СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Автордук ырлар жыйнагы

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Автордук ырлар жыйнагы»

Москвадагы күндөр

Күндөр өттү, түндөр өттү арадан

Айлар, жылдар саат санап бараткан

Убакыт бул учкан куштай зымырлап

Шашып кайда баратат деп муңданам



Кусалык бул кээде арман саналат

Кээ күндөрү убакыт тар какшалат

Кусалык бул минут сайын ар күнү

Ойго батып сана тартып зарлантат



Эх күндөрүм өтүп жатат кызыктай

Түшумбү же өңүмдөбү биле албай

Ботөн жердин каардуу заардуу,турмушуна

Көнүп аста же жакындап кете албай.



Сагынычтуу кыргыз жерим таза абам

Суусу тунук кенен тоолуу садагым

Бир көрүүгө кусалыктан зар болуп

Жете албай тээ алыстан карасам



Кыргызым ай, тоо талаалап баратат

Напсини кууп тез жетем деп жатышыт

Байлык избеп бөтөн жерден суу ичип

Бала чака үй бүлөсүн карашат.



Кантсе дагы аман болгун туугандар

Кыргыз атын унутпаган уул кыздар

Тилиңди саат мейли, динди сатпагын,

Кыргыз атын атак даңктап кармагын



Жылдыздуу түн таң агараар мезгилде

Кун санап шашып кээде ашыгам

Ай эмес күн,саат санап азгырып,

Күн өтүшүн самап кайра шашылам



Телпинип басып ойноп жүргөн кезиңди

Эстегенде ушунчалык сагыным

Алдыга коюп кадамыңды сен уулумун

Умтула бер, алгалай бер, өсө бер



Сагындым алтындарым асылдарым

Кучагыма качан кайра мен касамын

Сагынычым улам күчөп ан сайын

Күтөм жаным күтөм балам ар дайым.



Мен алыстап сени таштап басканда

Жүрөгүмдүн ооруганын сездиңби

Алыс, алыс жол арасы жатканда

Жүрөгүмдүн жакындыгын сездиңби.



Саргайгандан сагынычым көгөрүп,

Кайра соолуп кайра куурап жаралат

Кээде ыйлап, кээде өкүнүп басаарга,

Жолун издеп таба албай да адашат.

Күндө самап түндөр өтөт уктабай

Кээде туруп баарын таштап кете жаздайм

Өйдо туруп аста басып алаксырап

Москванын күндөрүнө көнө баштайм.

Турмуш черкин жашоо чиркин

Чындыгына жараша

Чын дүйнөдө байлык үчүн

Эч ким күч да сынабайт.



Акча үчүн байлык үчүн

Талаа аралап барабыз

Үй бүлөнү таштап коюп,

Бөтөн журтта жатабыз.

Автору: Саит кызы Айнура

Кыздарга

Эх чиркин кызды неге жаратты экен

Атагын бүт ааламга таратты экен

Ырахатын көрбөгөн соң ата-эне

Бирөөгө сатмак үчүн багат экен


Кыз бала улут наркы, улут салты,

Кыз бала келечектин пайдубалы

Балдарына мээримдүү эне болуп,

Бир уруктук тукумуну улантаары.


Эне болот ар бир бөбөк сулуу кыздар

Эже болот келечекте тайманбаган

Эне сүтүн актоо үчүн ар бир адам

Өмүр бою эмгегини ага арнаган


Энелер үйдүн куту деген сөз бар,

Ал сөздүн мазмуну бар сыйкыры бар,

Бул ааламда эне болуу ар бир кызга,

Насип кылсын бала жытын жыттаганга.








Автору: Саит кызы Айнура

Сүйүү

Сүйүү деген жара кылат жүрөктү

Сүйүү деген чачыратат сөөлөттү

Сүйүп калсаң капысынан бирөөнү,

Ой санаадан ажыратат мүнөздү.


Сүйүү деген жараланган жалгыз жүрөк

Ал жүрөк сүйүп жүрүп үмүттөнөт.

Эгер сүйүү түбөлүккө жетпей калса

Ал жүрөк жара бойдон соолуп бүтөт.


Жүрөгүмө кулак салсам аста, секин,

Ал жүрөк жалганбы деп согуп турат.

Соккон жүрөк каккан сайын кайра, кайра,

Денемде от алоолоп күйүп бүтөт.


Күйгөн дене айыкканча убакыт өтөт,

Ал жүрөк да сабыр кылып жашап жүрөт,

Кайра,кайра алоолонуп жанып турса,

Күйгөн дене айыкканча өмүр өтөт.


Өмүр сүйүү,бул ашоодо бир келет да,

Сүйүшкөндөр түбөлүкө боло албаса.

Жашоо, тагдыр, насип бул деп заматта,

Эки жолго түшүп кетүү бул заматта.





Автор: Саит кызы Айнура.