СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баалоо, окутуу принциптери, окутуунун ыкмалары

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Баалоо, окутуу принциптери, окутуунун ыкмалары»

И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети Тема: Баалоо, окутуу принциптери, окутуунун ыкмалары Физик мугалими Тынышова Айнура Медеркуловна

И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети

Тема: Баалоо, окутуу принциптери, окутуунун ыкмалары

Физик мугалими

Тынышова Айнура Медеркуловна

План: Баалоо Окуучулардын ишмердүүлүгүн баалоо Баалоо көндүмү Өзүн-өзү баалоо 2 . Окутууунун принциптери Окутуунун  илимий  принциби Окутуунун жеткиликтүүлүк принциби Окутуунун турмуш менен,  коом дук курулуш менен байланыштуулук принциби Окутуунун системалуулук жана удаалаштык прициби Окутуунун сезимталдуулук принциби. Окутуудагы  билим дердин бекемдик принциби.   3. Окутуунун ыкмалары Репродуктивдик Конструктивдик Чыгармачылык

План:

  • Баалоо
  • Окуучулардын ишмердүүлүгүн баалоо
  • Баалоо көндүмү
  • Өзүн-өзү баалоо

2 . Окутууунун принциптери

  • Окутуунун  илимий  принциби
  • Окутуунун жеткиликтүүлүк принциби
  • Окутуунун турмуш менен,  коом дук курулуш менен байланыштуулук принциби
  • Окутуунун системалуулук жана удаалаштык прициби
  • Окутуунун сезимталдуулук принциби.
  • Окутуудагы  билим дердин бекемдик принциби.  

3. Окутуунун ыкмалары

  • Репродуктивдик
  • Конструктивдик
  • Чыгармачылык
 Окуучулардын ишмердүүлүгүн баалоо – педагогикалык процесстин маанилүү элементи болуп эсептелет, ал эми баа – мугалимдин тигил же бул милдетин аткарууда таасирдүү педагогикалык каражат. Кандай гана баалоо болбосун, ал окутуу-окуу процессинде мугалим менен окуучунун өз ара аракеттешүүсү канчалык натыйжалуу экендиги тууралуу окуучунун же мугалимдин маалымат алуу муктаждыгынан келип чыгат. Педагогикалык иш-аракеттердин негизги принциби – бул окуучулардын өнүгүүсүнө түрткү берүү.  Баланын окуп-өнүгүү процесси ар дайым өзгөрүп турат. Кенже класстын окуучусунун окууда өз алдынчалыкка, демилгелүү жана жоопкерчиликтүү болууга жетишүүсү үчүн баланын өзүн-өзү текшерип, баалоосу өзгөчө мааниге ээ, башкача айтканда, өзүнүн жана классташтарынын ишмердүүлүгүн өз алдынча текшерип, баалай алуусу, окуудагы кемчиликтеринин себептерин аныктап, аларды жоё алуу жөндөмдүүлүгү. Бул жөндөмдүүлүктү күнүмдүк практикада калыптандыруучу баалоону ар дайым колдонуу аркылуу калыптандырууга болот.

Окуучулардын ишмердүүлүгүн баалоо – педагогикалык процесстин маанилүү элементи болуп эсептелет, ал эми баа – мугалимдин тигил же бул милдетин аткарууда таасирдүү педагогикалык каражат. Кандай гана баалоо болбосун, ал окутуу-окуу процессинде мугалим менен окуучунун өз ара аракеттешүүсү канчалык натыйжалуу экендиги тууралуу окуучунун же мугалимдин маалымат алуу муктаждыгынан келип чыгат. Педагогикалык иш-аракеттердин негизги принциби – бул окуучулардын өнүгүүсүнө түрткү берүү.

Баланын окуп-өнүгүү процесси ар дайым өзгөрүп турат. Кенже класстын окуучусунун окууда өз алдынчалыкка, демилгелүү жана жоопкерчиликтүү болууга жетишүүсү үчүн баланын өзүн-өзү текшерип, баалоосу өзгөчө мааниге ээ, башкача айтканда, өзүнүн жана классташтарынын ишмердүүлүгүн өз алдынча текшерип, баалай алуусу, окуудагы кемчиликтеринин себептерин аныктап, аларды жоё алуу жөндөмдүүлүгү. Бул жөндөмдүүлүктү күнүмдүк практикада калыптандыруучу баалоону ар дайым колдонуу аркылуу калыптандырууга болот.

Баалоо менен окутуу бири-бирине тыгыз байланышта. Баалоонун үч түрү бар: диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу. Булар бири-бири менен тыгыз байланышта, бири-биринен көз каранды.

Диагностикалык баалоонун натыйжасы болбосо, мугалим калыптандыруучу баалоону тийиштүү деӊгээлде колдоно албайт. Ал эми сабак учурундагы калыптандыруучу баалоонун сапаты жыйынтыктоочу баалоонун натыйжасына таасирин тийгизет. Баалоонун бул ырааттуулугун сактоо менен окутууда жогорку деңгээлге жетишүүгө мүмкүн.

Калыптандыруучу баалоо күн сайын ар бир сабакта колдонулат. Окуучунун окуганын түшүнүүсү калыптандыруучу баалоонун түрдүү ыкмаларын колдонуу менен сабак учурунда бир нече жолу текшерилет. Калыптандыруучу баалоо баа коюу үчүн эмес, окуу процессинде пайда болгон көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жүргүзүлөт.

Калыптандыруучу баалоонун натыйжалары мындан аркы окутууну пландаштыруунун каражаты болуп эсептелет. Калыптандыруучу баалоонун ыкмаларынын ар түрдүүлүгү жана аларды ишке ашыруунун универсалдуулугу окуучуларды окуу процессине шыктандырган түрдүү сабактарды пландаштырууга өбөлгө түзөт. Калыптандыруучу баалоо ар бир окуучунун натыйжалуу билим алуусуна шарт түзөт.

 Баалоо көндүмү – окуучуларга окутуу процессинде үйрөтүлүүчү турмушта зарыл болгон, өтө манилүү көндүмдөрдүн бири. Калыптандыруучу баалоо бул көндүмдү билим берүүнүн сапатына таасир тийгизе турган негизги көндүм катары колдонууну талап кылат. Каталарды байкоо, иш-аракетке карата баалоо критерийлерин колдонуу, классташынын жообун угуу – абдан татаал, бирок окуучуга зарыл болгон көндүм болуп эсептелет. Баалоо ишмердүүлүгүнө болгон негизги талаптардын бири – бул окуучулардын өз натыйжаларын баалоо, каталарын байкоо жана түрдүү иштерге карата коюлган талаптарды билүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу. Бул максатка жетүү үчүн өзүн-өзү жана бирин-бири баалоо ыкмаларын колдонуу шарт.

Баалоо көндүмү – окуучуларга окутуу процессинде үйрөтүлүүчү турмушта зарыл болгон, өтө манилүү көндүмдөрдүн бири. Калыптандыруучу баалоо бул көндүмдү билим берүүнүн сапатына таасир тийгизе турган негизги көндүм катары колдонууну талап кылат. Каталарды байкоо, иш-аракетке карата баалоо критерийлерин колдонуу, классташынын жообун угуу – абдан татаал, бирок окуучуга зарыл болгон көндүм болуп эсептелет. Баалоо ишмердүүлүгүнө болгон негизги талаптардын бири – бул окуучулардын өз натыйжаларын баалоо, каталарын байкоо жана түрдүү иштерге карата коюлган талаптарды билүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу. Бул максатка жетүү үчүн өзүн-өзү жана бирин-бири баалоо ыкмаларын колдонуу шарт.

Өзүн-өзү баалоо – бул өзүнүн күчтүү жана алсыз жактары, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоп, талдоого багытталган процесс. Окуучунун өзүн-өзү баалоо көндүмү өз ишин бир катар критерийлер боюнча баалоонун негизинде калыптанууга тийиш. Аталган шартта гана окуучу өзүнүн ишин, ар бирине өзүнчө баалоо критерийи колдонулган, бир кыйла жөндөмдүүлүктөрдүн топтому катары көрө алат. Окуучу өзүнүн жетишкендиктерине өзү байкоо жүргүзө алат.

Өзүн-өзү баалоо – бул өзүнүн күчтүү жана алсыз жактары, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоп, талдоого багытталган процесс. Окуучунун өзүн-өзү баалоо көндүмү өз ишин бир катар критерийлер боюнча баалоонун негизинде калыптанууга тийиш. Аталган шартта гана окуучу өзүнүн ишин, ар бирине өзүнчө баалоо критерийи колдонулган, бир кыйла жөндөмдүүлүктөрдүн топтому катары көрө алат. Окуучу өзүнүн жетишкендиктерине өзү байкоо жүргүзө алат.

Окутуунун принциптери – окутуу процесси (сабакты) даярдап өткөрүүгө коюлуучу талаптарды туюнта турган алгачкы дидактикалык жоболор. Принциптер мыйзамченемдүүлүктөргө салыштырмалуу туунду түшүнүк болуп эсептелет. Чындыгында мугалим сабакты тобокелдикке салып «кайдан чыксаң андан чык» деп өткөрө албайт, анткени анын ар бир сабагы окуучуларга сөзсүз пайдалуу, (аларга билим, билгичтик, көндүмдөрдү калыптандырып, активдүү инсандыкка тарбиялап, өстүрүп өнүктүрүүчү) болууга тийиш.

Окутуунун принциптери – окутуу процесси (сабакты) даярдап өткөрүүгө коюлуучу талаптарды туюнта турган алгачкы дидактикалык жоболор. Принциптер мыйзамченемдүүлүктөргө салыштырмалуу туунду түшүнүк болуп эсептелет. Чындыгында мугалим сабакты тобокелдикке салып «кайдан чыксаң андан чык» деп өткөрө албайт, анткени анын ар бир сабагы окуучуларга сөзсүз пайдалуу, (аларга билим, билгичтик, көндүмдөрдү калыптандырып, активдүү инсандыкка тарбиялап, өстүрүп өнүктүрүүчү) болууга тийиш.

 1. Окутуунун илимий принцибине ылайык сабакта окуучуларга илимий такталган, аларды эки ача ойго келтирбей турган гана маалыматтар берилүүгө тийиш, башкача айтканда, • үйрөнүлүүчү фактылардын, кубулуштардын, закондордун, эрежелердин чындыктуулугу, алардын илим менен техниканын эң жаңы жетишкендиктерине туура келүүчүлүгү; • үйрөнүлүп жаткан материал б-ча чыгарылган корутундулардын негизделиниши, далилденүүчүлүгү; • программанын ар бир суроосун жалпы теориялык жана жалпы илимий идеялык позицияда карап чыгуу; • сабактын бардык этаптарында теманын мазмунундагы эң негизги түйүндүү суроолорго бөтөнчө көңүл буруу менен окуучуларда жалпыланган билим, билгичтик жана көндүмдөрдү калыптандыруу маселелери толук аткарылууга тийиш.

1. Окутуунун илимий принцибине ылайык сабакта окуучуларга илимий такталган, аларды эки ача ойго келтирбей турган гана маалыматтар берилүүгө тийиш, башкача айтканда,

• үйрөнүлүүчү фактылардын, кубулуштардын, закондордун, эрежелердин чындыктуулугу, алардын илим менен техниканын эң жаңы жетишкендиктерине туура келүүчүлүгү;

• үйрөнүлүп жаткан материал б-ча чыгарылган корутундулардын негизделиниши, далилденүүчүлүгү;

• программанын ар бир суроосун жалпы теориялык жана жалпы илимий идеялык позицияда карап чыгуу;

• сабактын бардык этаптарында теманын мазмунундагы эң негизги түйүндүү суроолорго бөтөнчө көңүл буруу менен окуучуларда жалпыланган билим, билгичтик жана көндүмдөрдү калыптандыруу маселелери толук аткарылууга тийиш.

 2. Окутуунун жеткиликтүүлүк принцибине ылайык : • үйрөнүлүүчү материалдын татаалдыгын жана класстагы окуучулардын даярдык деңгээлин эске алуу менен билимдерди туура тандап алуу; • жаңы материалды өздөштүрүүгө керектүү убакытты оптималдуу бөлүштүрүү; • татаал нерселерди да жөнөкөй, түшүнүктүү, жеткиликтүү кылып айтып берүү; • «жеңилден оорго», «жакындан алыска», «жөнөкөйдөн татаалга» карай деген эрежелерди колдонуу талап кылынат.

2. Окутуунун жеткиликтүүлүк принцибине ылайык :

• үйрөнүлүүчү материалдын татаалдыгын жана класстагы окуучулардын даярдык деңгээлин эске алуу менен билимдерди туура тандап алуу;

• жаңы материалды өздөштүрүүгө керектүү убакытты оптималдуу бөлүштүрүү;

• татаал нерселерди да жөнөкөй, түшүнүктүү, жеткиликтүү кылып айтып берүү;

• «жеңилден оорго», «жакындан алыска», «жөнөкөйдөн татаалга» карай деген эрежелерди колдонуу талап кылынат.

 3. Окутуунун турмуш менен, коомдук курулуш менен байланыштуулук принциби – үйрөнүлүүчү жаңы материалды мүмкүн болушунча окуучулардын турмуштук тажрыйбасынан, аларды курчап турган айлана - чөйрөдөгү кубулуштардан, курулуштардан алынган мисалдар менен конкреттештирүүнү, практикалык маселелерди чыгарууну талап кылат. Бул принципке ылайык коомдук турмушта болуп жаткандарды жаап жашырбастан чындыкты айтуу, жалаң жетишкендиктер жөнүндөгү далилдерди келтирүү менен гана чектелбестен болуп жаткан негативдик көрүнүштөрдү да келтирип, алардын себептерин түшүндүрүү.  4. Окутуунун системалуулук жана удаалаштык прициби – ар бир иште логикалык байланыштуулуктун болушу зарыл. Демек окутууда эч убакта баш аламандыкка жол берилбөөгө тийиш, башкача айтканда үйрөнүлүүчү окуу материалынын ар бир кийинки дозасы (кадамы) сөзсүз ага чейинки өтүлгөн материалдын логикалык уландысы болууга тийиш, ошондо гана окуучу жаңы материалды сезимталдуу түшүнүп өздөштүрүү үчүн өзүнүн буга чейинки билгендерин таяныч катары пайдалана алат.

3. Окутуунун турмуш менен, коомдук курулуш менен байланыштуулук принциби – үйрөнүлүүчү жаңы материалды мүмкүн болушунча окуучулардын турмуштук тажрыйбасынан, аларды курчап турган айлана - чөйрөдөгү кубулуштардан, курулуштардан алынган мисалдар менен конкреттештирүүнү, практикалык маселелерди чыгарууну талап кылат. Бул принципке ылайык коомдук турмушта болуп жаткандарды жаап жашырбастан чындыкты айтуу, жалаң жетишкендиктер жөнүндөгү далилдерди келтирүү менен гана чектелбестен болуп жаткан негативдик көрүнүштөрдү да келтирип, алардын себептерин түшүндүрүү.

4. Окутуунун системалуулук жана удаалаштык прициби – ар бир иште логикалык байланыштуулуктун болушу зарыл. Демек окутууда эч убакта баш аламандыкка жол берилбөөгө тийиш, башкача айтканда үйрөнүлүүчү окуу материалынын ар бир кийинки дозасы (кадамы) сөзсүз ага чейинки өтүлгөн материалдын логикалык уландысы болууга тийиш, ошондо гана окуучу жаңы материалды сезимталдуу түшүнүп өздөштүрүү үчүн өзүнүн буга чейинки билгендерин таяныч катары пайдалана алат.

 5. Окутуунун сезимталдуулук принциби. Окуучулар окуу материалын формалдуу эмес сезимдүү кабылдап өздөштүрүүлөрү зарыл, аны үчүн алар окуу процессине (сабактын бардык этабына) активдүү катыштыруулары керек, буга жетишүү үчүн ар бир окуучуну өз алдынча эмгектентүүгө туура келет. Демек: сезимталдуулук болсун үчүн окуучуларда активдүүлүк керек, ал эми активдүүлүк болсун үчүн өз алдынча эмгектенүү керек. Сезимталдуулук – активдүүлүк – өз алдынча иштеп эмгектенүү сезимталдуулук принцибине ылайык мугалим окуу материалын окуучуларга даяр койбоого тийиш, окуучулар болсо ал материалды даяр бойдон кабыл алып тим болбоого тийиш.  6. Окутуудагы билимдердин бекемдик принциби. Окутууда формалдуулукка, үстүрдөндүккө жол берилбөөгө тийиш. Ал үчүн окулуп өтүлгөн билим, билгичтик, көндүмдөрдүн окуучулар тарабынан колдонулуп турушун такай текшерип туруу талап кылынат. Бул максатта өтүлгөн материалды окуучулардан дайыма кайталап сурап туруу, контролдук иштерди тез-тез өткөрүп,

5. Окутуунун сезимталдуулук принциби. Окуучулар окуу материалын формалдуу эмес сезимдүү кабылдап өздөштүрүүлөрү зарыл, аны үчүн алар окуу процессине (сабактын бардык этабына) активдүү катыштыруулары керек, буга жетишүү үчүн ар бир окуучуну өз алдынча эмгектентүүгө туура келет. Демек: сезимталдуулук болсун үчүн окуучуларда активдүүлүк керек, ал эми активдүүлүк болсун үчүн өз алдынча эмгектенүү керек. Сезимталдуулук – активдүүлүк – өз алдынча иштеп эмгектенүү сезимталдуулук принцибине ылайык мугалим окуу материалын окуучуларга даяр койбоого тийиш, окуучулар болсо ал материалды даяр бойдон кабыл алып тим болбоого тийиш.

6. Окутуудагы билимдердин бекемдик принциби. Окутууда формалдуулукка, үстүрдөндүккө жол берилбөөгө тийиш. Ал үчүн окулуп өтүлгөн билим, билгичтик, көндүмдөрдүн окуучулар тарабынан колдонулуп турушун такай текшерип туруу талап кылынат. Бул максатта өтүлгөн материалды окуучулардан дайыма кайталап сурап туруу, контролдук иштерди тез-тез өткөрүп,

 Окутуу ыкмасы – окуучуларга билим, билгичтик, көндүмдөрдү берүүгө, аларды тарбиялоого жана өстүрүп өнүктүрүп чыгармачыл инсандыкка даярдоого багытталган мугалим менен окуучулардын арасындагы өз ара максаттуу биргелешип аракеттенүүлөрүнүн ыкмасы. Демек, окутуу методу үч нерседен: окутуунун максатынан, окуучунун окуп үйрөнүү ыкмаларынан жана окутуучунун (мугалимдин) окутуу ыкмаларынан турат. 

Окутуу ыкмасы – окуучуларга билим, билгичтик, көндүмдөрдү берүүгө, аларды тарбиялоого жана өстүрүп өнүктүрүп чыгармачыл инсандыкка даярдоого багытталган мугалим менен окуучулардын арасындагы өз ара максаттуу биргелешип аракеттенүүлөрүнүн ыкмасы. Демек, окутуу методу үч нерседен: окутуунун максатынан, окуучунун окуп үйрөнүү ыкмаларынан жана окутуучунун (мугалимдин) окутуу ыкмаларынан турат. 

Репродуктивдик  Бул деңгээл билүү, түшүнүү деңгээлинде колдонулат, жана бул учурда мугалимдин кошумча колдоосу керек (толук көрсөтмө берүү, жалпы класс менен иштөө, жазуу иштеринен кийин талдоо жүргүзүү, көрсөтмө берүүчү карточкалар). Үйрөнүүгө, окууга кызыгуу деңгээли, жетишүү көрсөткүчтөрү төмөн, тез чарчаган, билим алууда көйгөйлөрү бар окуучулар. Бул деңгээлдеги окуучулар көбүнчө жай, көңүлү чөккөн болушат жана класстагы окуучулардан артта калышат. Инсанга багытталган окутуу ыкмасы колдонулбаган учурда, алар окууга кызыгуусун такыр жоготуп, класстан артта калуусу мүмкүн. Бирок чындыгында, ылайыктуу ыкма колдонулса, алар ийгиликтүү окуй алышат. Окуучулардын тапшырма аткаруу учурунда мугалимдин аларга өтүлгөн материалды кайталап түшүндүрүп, мазмундуу колдоо көрсөтүүсү керек.

Репродуктивдик

Бул деңгээл билүү, түшүнүү деңгээлинде колдонулат, жана бул учурда мугалимдин кошумча колдоосу керек (толук көрсөтмө берүү, жалпы класс менен иштөө, жазуу иштеринен кийин талдоо жүргүзүү, көрсөтмө берүүчү карточкалар). Үйрөнүүгө, окууга кызыгуу деңгээли, жетишүү көрсөткүчтөрү төмөн, тез чарчаган, билим алууда көйгөйлөрү бар окуучулар. Бул деңгээлдеги окуучулар көбүнчө жай, көңүлү чөккөн болушат жана класстагы окуучулардан артта калышат. Инсанга багытталган окутуу ыкмасы колдонулбаган учурда, алар окууга кызыгуусун такыр жоготуп, класстан артта калуусу мүмкүн. Бирок чындыгында, ылайыктуу ыкма колдонулса, алар ийгиликтүү окуй алышат. Окуучулардын тапшырма аткаруу учурунда мугалимдин аларга өтүлгөн материалды кайталап түшүндүрүп, мазмундуу колдоо көрсөтүүсү керек.

Конструктивдик  Алынган билим колдонулат Түшүндүрүлгөндөн кийин тапшырма өз алдынча аткарылат жана мугалим сөзсүз аларды текшерет. Бул деңгээлдеги окуучулардын окурмандык компетенттүүлүгү орто. Алар көп учурда шашып кетишет. Окуудагы жетишпегендиктердин себеби интеллектуалдык жөндөмдөрүнөн эмес, өтө шашмалыктан жана эмоционалдуулуктан болуусу мүмкүн. Мугалимдин колдоосу мотивация берет жана окуу жол-жоболорун көрсөтөт: тапшырманын максатын эскертүү, топтук иш эрежелерин кайталоо, топтун ичинде ролдорду бөлүштүрүүгө жардам берүү.

Конструктивдик

Алынган билим колдонулат

Түшүндүрүлгөндөн кийин тапшырма өз алдынча аткарылат жана мугалим сөзсүз аларды текшерет. Бул деңгээлдеги окуучулардын окурмандык компетенттүүлүгү орто. Алар көп учурда шашып кетишет. Окуудагы жетишпегендиктердин себеби интеллектуалдык жөндөмдөрүнөн эмес, өтө шашмалыктан жана эмоционалдуулуктан болуусу мүмкүн. Мугалимдин колдоосу мотивация берет жана окуу жол-жоболорун көрсөтөт: тапшырманын максатын эскертүү, топтук иш эрежелерин кайталоо, топтун ичинде ролдорду бөлүштүрүүгө жардам берүү.

Чыгармачылык  Окуучулардын билимин тереңдетет Тапшырма өз алдынча аткарылат. Окуучулар алынган билимдерин өз алдынча колдонууга жана айрым тапшырмаларды чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылууну талап кылган бир кыйла татаал көнүгүүлөр менен иштешет. Бул окуучулар туруктуу көңүл буруп, маселени бөлүктөргө бөлүп талдай алышат; натыйжада алардын бирдиктүү көз карашы жана түшүнүүсү калыптандырылат. Алар окуу убагында жалпылоо жөндөмүн ийгиликтүү өздөштүрүшүп, сөз байлыгы кенен болушат. Бул топ башка эки топко караганда өз алдынча иштөө жөндөмүнө көбүрөөк ээ. Мугалим окуучуларга топтордо талкуулоо үчүн кошумча кеңештерди берип, колдоо көрсөтөт.

Чыгармачылык

Окуучулардын билимин тереңдетет

Тапшырма өз алдынча аткарылат. Окуучулар алынган билимдерин өз алдынча колдонууга жана айрым тапшырмаларды чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылууну талап кылган бир кыйла татаал көнүгүүлөр менен иштешет. Бул окуучулар туруктуу көңүл буруп, маселени бөлүктөргө бөлүп талдай алышат; натыйжада алардын бирдиктүү көз карашы жана түшүнүүсү калыптандырылат. Алар окуу убагында жалпылоо жөндөмүн ийгиликтүү өздөштүрүшүп, сөз байлыгы кенен болушат. Бул топ башка эки топко караганда өз алдынча иштөө жөндөмүнө көбүрөөк ээ. Мугалим окуучуларга топтордо талкуулоо үчүн кошумча кеңештерди берип, колдоо көрсөтөт.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!