СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баалоо системасы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын (НКББПнын) инсанга билим берүү багытындагы максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:

- гуманитардык, социалдык, экономикалык, математикалык жана табыгый-илимий билимдердин негиздерин берүү;

- тандап алган кесиптик ишмердүүлүгүндѳ ийгиликтүү иштѳѳгѳ мүмкүндүк берген орто кесиптик билим берүү;

- социалдык мобилдүүлүктү жана эмгек аймагында туруктуулукту камсыз кылган универсалдуу жана атайын предметтик компетенцияларды калыптандыруу.

Просмотр содержимого документа
«Баалоо системасы»

Инсанга багытталган окутуу жана студенттердин билимдерин (жетишүүсүн) баалоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын (НКББПнын) инсанга билим берүү багытындагы максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:

- гуманитардык, социалдык, экономикалык, математикалык жана табыгый-илимий билимдердин негиздерин берүү;

- тандап алган кесиптик ишмердүүлүгүндѳ ийгиликтүү иштѳѳгѳ мүмкүндүк берген орто кесиптик билим берүү;

- социалдык мобилдүүлүктү жана эмгек аймагында туруктуулукту камсыз кылган универсалдуу жана атайын предметтик компетенцияларды калыптандыруу.

Баалоо системасы

3.1. Баалоо милдеттери

- баалоо билим берүү ишмердигин аныктоо каражаты болуп саналат;

- баалоо окутуучу, окуучу жана ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда байланыштыруучу звено болуп саналат.

3.2. Баа коюунун принциптери:

- акыйкаттуулук жана калыстык – бул билим берүү процессине катышуучулардын баарына алдын-ала белгилүү болгон студенттердин билимдерин, жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн, компетенцияларын баалоонун бирдиктүү критерийлери;

- студенттердин курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу;

- ачыктык жана маалымдуулук - студенттердин окуудагы жетишкендиктери тууралуу маалыматтын түшүнүктүүлүгү жана ачыктыгыгы, ар кандай кызыкдар тараптардын жыйынтыктарды талдоо жана тиешелүү тыянак чыгаруу мүмкүндүгү.

3.3. Баанын функциялары:

- нормативдик - мамлекеттик билим берүү стандарттарында бекитилген нормалар менен салыштыруу;

- маалыматтык-диагностикалык (студенттердин окуу материалын окуп-үйрөнүүсүнүн тереңдигин, кыйынчылыктарга дуушар болуусун, билимдериндеги боштуктарды көрсөтөт);

- кызыктыруучу (стимулирующая), шыктандыруучу.

3.4. Баалардын шкаласы:

"5 (эң жакшы, мыкты)", - берилген суроо боюнча студент терең билимин көрсөтө алат, негизги түшүнүктөрдү жана терминдерди билет; окутулуп жаткан предмет боюнча мамлекеттик стандартка ылайык конкреттүү билимдерге, жөндөмгө жана компетенцияларга ээ болгон: жооп толук, далилденген, так, сабаттуу, кесиптик ишмердиктеги практикалык тажрыйба аркылуу көрсөтө алат;

"4 (жакшы)", - студент окуу материалынын мазмунун терең жана толук өздөштүргөндүгүн көрсөтөт, программалык материалды туура жана далилдүү айтып берүүгө жөндөмдүү, алган билимдеринин практикалык колдонулушун билет, ошону менен бирге жооптун формасында жана стилилинде кээ бир так эместиктерге жол берет;

"3 (канааттандырарлык)", - окуучу окуу программасынын негизги мазмунун түшүнөт, алган билимдеринин практикада колдонулушун көрсөтө алат, ошону менен бирге эле кээ бир каталарга, жооптун мазмунунда так эместиктерге жол берет; жоопто жетиштүү ырааттуулук, далилдүүлүк жана сабаттуулук жетишсиз;

"2 (канааттандырарлык)", - студенттин билиминде олуттуу боштуктар бар; каталарды кетирет, жоопто башкысын, маанилүүсүн бөлүп көрсөтүп бере албайт; жооп үстүртөн, далилденбеген, сүйлөө речинде (кебинде) каталарды кетирет.

3.5. Баа коюу критерийлери

Билим деңгээлин аныктоо үчүн негиз баалоо критерийлери болуп эсептелет - билимдердин толуктугу, алардын жалпылангандыгы жана системалуулугу:

- туура, толук жооп;

- туура, бирок толук эмес же так эмес жооп;

- туура эмес жооп;

- жооп жок.

Бизде студенттердин билимдерин баалоо ооз өки, жазуу түрүндө жана тестирлөө ыкмасы менен жүргүзүлөт. Бардык эле окутуучуларыбыз баалоо системасындагы эрежелерди сактабаган учурлар бар. Студенттерге талапка ылайык дэңгээлде тапшырмалар берилбестен үстүртөн жыйынтык чыгарган учурлар да бар. Билимдерди баалоону адилеттүү жүргүзүлбөй калган учурларда студенттерден даттанулар келип чыгат. Ошондуктан жогоруда айтылган баалоо системасынын талаптарын сактоо зарыл.