СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Байдылда Сарногоев

Нажмите, чтобы узнать подробности

Байдылда Сарногоев жонундо маалымат

Просмотр содержимого документа
«Байдылда Сарногоев»

Байдылда Сарногоев. Өмүр баяны Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев. Байдылда Сарногоев 1932–жылы Таластын Кара-Ой деген айылында жарыкка келген. Бирок акындын өмүрлүк жубайы Зина Сарногоеванын эскерүүсүндө, чыныгы туулган жылы 1928-жыл экен. Ата-энесинен эрте ажырап калган балага убагында күбөлүк алып берген киши жок, кийин паспортуна болжол менен эле 1932-жыл деп жазылып калыптыр.  Ал тургай, акын өзү 50 жаш деген ырында бул жөнүндө минтип жазган: Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө, Мезгил өтүп калп, чыктымбы элүүгө. Айтор, билбейм…, атам, энем өлбөсө, Айтып бермек менин жашым жөнүндө. Кайсы жылы, кайсы айда төрөлгөм, — Билбеймин,- дейт, сурап көрсөм жеңемден. Кайдан билсин, мен оозанып жатканда,  Он бештеги келин экен кедейген. Не болсо да, жашсыз адам болобу… Мен өзүмдү байкап көрүп оболу, Болжоп туруп коюп алгам датасын, Же төмөндүр, же кеткендир жогору.  1951-жылдан тартып Байдылда Сарногоев Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчө болгон.  Акындын алгачкы ырлар жыйнагы 1952-жылы "Шумкар" деген ат менен жарык көрөт. Ага кирген ырлары автордун өзгөчө талантын ачып көрсөтүп, көпчүлүккө дароо таанымал кылат.  1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүрүп келгенден кийин "Ала-Тоо" журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–жылдан баштап Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген. Б.Сарногоевдин көптөгөн чыгармалары орус тилине которулуп чыккан. Ал эми 1986-жылы "Ашуудан берген отчетум" аттуу ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына ээ болгон. 1991-жылы Б.Сарногоевге "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардактуу наамы берилип, ал эми 1996-жылы Казакстан Республикасынын эл аралык "Алтын көпүрө" сыйлыгы ыйгарылып, каза-кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы жогору бааланган.  2000-жылы болсо "Байдылда" аттуу жыйнагы үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алат. "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "Каарман эмгеги үчүн" медалы, I даражадагы "Манас" ордени ж.б. сыйланган. Байдылда Сарногоев 2004-жылдын 19-ноябрында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. Чыгармачылыгы жөнүндө Байдылда Сарногоевдин жөнөкөйлүгү, башкага өйдө карабаган маданияттуулугу, оор басырыктуулугу эл арасына терең сиңип кеткен ырларында эч айрып алууга болбой тургандай чагылганын замандаштары көп эскеришет. "Байдыкем айткандай", "Байдыкемдин сөздөрүнөн" сыяктуу уламалуу кептер бекер айтылбаса керек.  Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,  Колунда койкоңдогон калам сабы. Энекем эптеп төрөп койсо керек, Кыргыздын көбөйсүн деп адам саны.  жана дагы Мен болсом жүрөм мен болуп,  Мекеним — кыргыз эл болуп.  Бир акындан кем болуп,  Бир акынга тең болуп, деген акындын саптары чынында анын ары шайыр, ары бой көтөрбөс, өзүнө жөнөкөй караган, башканы басынтпаган адамды мүнөздөйт.  Эл оозуна алынып калган жана чыгармаларында айкын көрүнгөн дагы бир касиети – Байдылда кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон, бирок эч бир ураан-чакырык, ызы-чуусу жок, карапайым берилгендик менен элин сүйгөн адам болгон экен.  Кыргыз элим кызыл гүлдүү жаз айым,  Бул карекке элесиңди катайын.  Өмүр бою өзүңдү ырдап келатам,  Өлсөм көрдө кыргызмын деп жатайын деген ыр да Байдылдага таандык. 

Кулундай кезинен жамактата ыр айтып, элдик оозеки чыгармачылыкка тең жуурулушуп калган акын элдин ой-санаасын канына сиңирип, атуулдук сезимдеринен эч кайткан эмес. Ал кайсы бир маегинде: "Бир ырды ырдап эле такыр бүтпөй койдум… Бул кыргыз эли жөнүндө…Менден кийин да кыргызым жашайт кагылып кетейин…Элим аман болсо экен…" деп төмөнкү ыр саптарын окуп берген экен: Кыргызым бүтпөс ырымсың, Кыярбас кызыл суумсуң, Сан жагың чакан болсо да, Сапатың менен улуусуң. Кыргызым бүтпөс ырымсың, Көрөр көз, ичер суумсуң, Улгайып кайра жаралган, Улуу да, кичүү муунсуң… Ал эми акындыктын эл алдында алган анык милдетин, өз жашоосунун башкы максатын жакшы билген чебер:  Жаз, акын, жабык көөнүң чокулансын,  Ырыңда жүрөгүңдүн оту жансын.  Эл сени эски жылдай эске тутуп,  Эл сени жаңы жылдай тосуп алсын, — деп да жазган.  Ошондой эле Байдылда Сарногоевдин көп ырлары обонго салынып, эл ичинде кеңири ырдалып жүрөт. Алардын катарында "Жылкычы бозой", "Ак чыны", "Кызыл гүл", "От койгун махабаттын милтесине" жана башка ырлары бар.  Байдылда Сарногоевдин "Досторума" (1955), "Бала мерген" (1956), "Баяс" (ыр түрүндөгү поэма) (1956), "Ак калпак" (1961), "Тоолор жана тоолуктар" (1966), "Үзүлбөгөн үмүттөр" (1968), "Сүйлөшүү" (1970), "Менин батпас күнүм" (1972), "Ашуудан берген отчётум" (1982), "Таалай өлбөйт" (1982) жана башка жыйырмадан ашык китептери басылып чыккан.  Азыркы учурда Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлык уюшулган. Ал таланттуу акындарга эки жылда бир жолу ыйгарылып турат. Быйылкы 2015-жылы бул сыйлыкка алтайлык акын Боронтай Бедюров, экинчиси кыргызстандык акын Сагын Акматбекова татыган. Жеңүүчүлөргө лауреаттык күбөлүк, акындын элеси түшүрүлгөн алтын медаль жана акчалай сыйлык берилет.





КЫЗЫЛ ГҮЛ

Кырында кызыл гүл турат,

Кызыктырып кулпурат.

Адамды тартат өзүнө

Атырдай жыты буркурап.

Жүрөгүм ошол гүл үчүн,

Ашыгып согот күнү-түн.

Күзгүдөй ачык, айдан ак

Гүлдө чоң менин үмүтүм.

Толкутуп учкул көңүлдү,

Өткөрөм бирге өмүрдү,

Кызматын баалап сүйгөнмүн,

Карагат көздүү теңимди.

Жүрөктүн ошол тапканы,

Алмашпайм ага башканы,

Сүйүүнүн күчү керемет

Толкуса бузат асканы.

Заманам ырыс, жемиш бак,

Сайрандап өстүк, көңүл шат.

Кызыл гүл деп айтканым

Кымбат баалуу замандаш.

 

КЫМБАТСЫҢАР

Аз эмес дүйнө жүзүндө,

Ала-Тоо, сендей жерлер көп.

Аз эмес дүйнө жүзүндө,

Ысык-Көл, сендей көлдөр көп.

Пейзажы сулуу сенден да,

Мен көрдүм нечен жерлерди.

Тунугу тунук сенден да,

Мен көрдүм нечен көлдөрдү.

Бирок, сен мага, Ала-Тоо,

Кымбатсын тууган энемдей.

Бирок, мен сени, Ысык-Көл,

Сүйөмүн боордош эжемдей.

Анткени сенде, Ала-Тоо,

Мен өскөн чынар — кыргыз бар.

Сүйөмүн сени, Ысык-Көл,

Сүйүшкөн үчүн кыргыздар.

 

  • 3



Дудуктун тили

 

Жаңжалын күндө салган көп,


Жададым бейжай жардан деп.


Түрткүлөп, жандап сүйлөшкөн,


Дудук кыз алды Абжалбек.


Кеп-сөз жок уккан мурдагы,


Кулагы тынчып жыргады.


Урматтап, сыйлап аялы,


Унчугуп койбойт бир дагы.


Күн өтүп айга байланды,


Ай өтүп жылга айланды.


Балалуу болуп Абжалбек,


Бар жактан көөнү жайланды.


Калбайт го ушак дегени…


Кай бирөө айтты жемени…


Кай жактан таап алган деп,


Карангы, макоо немени.


Болгон соң жашоо, жай бирге,


Болот го чатак ар кимде.


Дудугу менен Абыш да,


Түртүшүп жүрдү кай бирде.


Балапан окшоп жөргөлөп,


Баласы чыкты экиге.


Аталап чуркайт алдынан,


Абжалбек калса кезиге.


Аялы анда кол жансап,


Алганын карап күлүндөп, -


Уулунун өбөт ууртунан:


Мынакей менин тилим — деп.




















БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ

Бүркүттүн өлүмү

Өзүңчө оокат кылгың — деп
Көп бактырбай энени,
Учуруп бүркүт уядан
Баласын күүлөп жөнөдү.
Окутуп жүрдү балага
Коркпогон кыраан болууну,
Абада кандай учууну,
Аскага кандай конууну.
Окутуп жүрдү балага
Көрсөтүп түрлүү жерлерди,
Түлкүнү кандай сермээрди,
Эликти кандай эңгенди.
Окутуп жүрдү балага
Көрөгөч, сактык жактарын,
Карышкыр, каман мүнөзүн,
Кайберен кайда жатканын.
Окуу да бүтүп окуткан
Зуулады кыраан көк жарып.
Этият болуп артынан
Энеси жүрдү көз салып.
Кекилик менен уларды
Таранчы менен бирдей деп,
Коёнго койду кол шилтеп
Тумшугум булгап журбөйм — деп.
Эмгектен колун бошотуп
Энесин салды жыргатып.
Кашкулак алды кашкайтып,
Түлкүнү алды туйлатып.
Талыды бутум көп басып,
Табам—деп — кайдан тамакты.
Капчыгай өрдөп бир күнү
Карышкыр кетип баратты.
Көргөндө кыраан турчубу,
Көп турбай көккө чыкты атып.
Айланып алып азыраак
Көзүндө өрт, бойдо күч ташып.
Салмоор таш болуп заматта
Сайылды төмөн куркурап.
Асманда жүрдү энеси
Жүрөгу жүз жол зыркырап.
Жемине кыраан жетти эми,
Чеңгелдеп оозун көктөдү.
Асманга алып чыгууга
Ал-күчү бирок жетпеди.
Кай бирде томолонушуп,
Кай бирде жулмаланышып.
Өчөшүп жатты экөө тең
Өлбөгөн жерде калышып.
Далайды көргөн карт бөрү
Далайдан митаам сак бөрү.
Бошонуп темир чеңгелден
Боёнуп канга качты эми.
Жаш кыраан жатты жаны жок
Акыркы демин бүтүрүп.
Көк жалдан карды эшилип,
Көк жалдан башы үзүлүп.
Ошондо байкуш энеси
От болуп жанды денеси.
Капталдай жүргөн көк жалды
Качырып кирди эми өзү.
Көз ачып, кайра жумгуча
Көтөрүп чыгып асманга.
Кайрадан таштап жиберди
Таманы таштуу как сайга.

Аза күтүп баласын
Асманда муңдуу шаңшыды.
Аза күтүп баласын
Асманда сырдуу калкыды.
Аздан соң төмөн бурулду
Акыркы үнү угулду.
Күүлөнүп келип аскага
Өзүнүн боюн бир урду.
Балам — деп күчүн сарп кылып,
Балам — деп өзүн ташка уруп,
Өлсө да эки көзүнөн
Балам деп жатты жаш чыгып.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!