Просмотр содержимого документа
«Байламталар 7-класс»
Саламатсыздарбы!
233-көнүгүү
Үй тапшырма
Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү
1.Байланыштыргыч
2.Божомолдогуч
3.Каршылагыч
4.Себеп-натыйжалагыч
5.Салыштырма
6.Шарттуу
Сабактын темасы: Байланыштыргыч байламта
Сабактын максаты:
- Байланыштыргыч байламталар менен таанышышат.
- Алардын с ү йл ө м тизмегинде аткарган кызматын ү йр ө н ү ш ө т.
Оозеки жана жазуу кепте байламталарды туура колдонууга к ө н ү г ү ш ө т.
- Кыргыз тилин кадырлоого, с ү й үү г ө тарбияланышат.
Байланыштыргыч байламта деген эмне
Сүйлөм тизмегиндеги бир өңчөй мүчөлөрдү, бири-бирине багынбаган сөздөрдү, сөз айкаштарын жана татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү өз ара байланыштырган байламталар байланыштыргыч байламта деп аталат.
Буга төмөнкү байламталар кирет: жана,менен, да, дагы, ары(нары), жана да, жана дагы,менен да ж.б.
Мисалы:
- Адамды таалай менен эмгек гана даңкка бөлөйт.
- Биздин күчүбүз да , бактыбыз да эл менен.
- Бектургандын аңгемеси уккулуктуу жана кызыктуу болду.
- Атадан алтоо болсо дагы , сыйлашпаса жат болот.
- Сатар, энеңдин тилинен чыкпа, жана дагы жакшы оку.
Сүйлөмдүн тутумунда да байламтасы менен да бөлүкчөсү аралаш колдонула берет.Мындай учурда да байламтасынан кийин үтүр коюлат:
байламта
бөлүкчө
- Эл турду да, кыймыл да башталды.
- Той бүттү да, эл да тарай баштады.
- Кар кетти да, күн да жылый баштады.
Жана, менен деген сөздөр дайыма эле байламталык милдет аткара бербейт, жана-тактоочтун,
менен-жандоочтун да милдетин аткарат.
1. Жана уулунун үйүндө унчукпай койгон Зулайка азыр келип кетти.(тактооч)
2. Ушул сөздү жана айтса болмок.(тактооч)
3. Эмгек менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.(жандооч)
4. Каркыра катары менен жүрөр, кадырлашың сени менен жүрөр.(жандооч)
Дагы деген сөз сүйлөм тизмегинде төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:
Байламталык: Түн ортосу болсо дагы , Танабай жол жүрүп келет.
Тактоочтук: Мен китепти дагы сатып алдым.
Бөлүкчөлүк: Мен дагы жакшы окуй алам.
Машыгуу жумуштары
- Жүгүрүү ..., чуркоо ... ден соолукту чыңдайт ... жакшыртат. Булчуң гимнастикасы машыгуу ... жүгүрүүнү ... талап кылат. Жумасына бир жолу жүгүрүү ..., жакшы натыйжаларды берет. Жүгүрүү жүрөктүн иштешине ..., ден соолукка ... жакшы таасир этет. Өзгөчө жүрөк ... кан тамыр системасынын көрсөткүчтөрү жүгүрүү убагында абдан жакшырат. Окуу менен ..., иштөө менен ... алекпиз.
Машыгуу жумуштары
ЖҮГҮРҮҮ
- Жүгүрүү да , чуркоо да ден соолукту чыңдайт жана жакшыртат. Булчуң гимнастикасы машыгуу менен жүгүрүүнү да , талап кылат. Жумасына бир жолу жүгүрүү да, жакшы натыйжаларды берет. Жүгүрүү жүрөктүн иштешине дагы , ден соолукка дагы жакшы таасир этет. Өзгөчө жүрөк жана кан тамыр системасынын көрсөткүчтөрү жүгүрүү убагында абдан жакшырат. Окуу менен да , иштөө менен да алекпиз.
237-к ө н ү г үү
Сүйлөм түзгүлө.
Ү йг ө тапшырма
Саламатта калгыла !