СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдарды коргоо

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Балдарды коргоо»

Баланы эрте өнүктүрүү үчүн үй бүлөдө жагымдуу психологиялык жагдай жаратуу Зордук зомбулуктун алдын алуу Балдар биздин келечек

Баланы эрте өнүктүрүү үчүн үй бүлөдө жагымдуу психологиялык жагдай жаратуу

Зордук зомбулуктун алдын алуу

Балдар биздин келечек

Балдарды зордук зобулуктан жана катаал, кайдыгер мамиледен сактайлы. Баланын укугу.   Балдарды зомбулуктан коргооо механизимдери кандай?

Балдарды зордук зобулуктан жана катаал, кайдыгер мамиледен сактайлы. Баланын укугу.

Балдарды зомбулуктан коргооо механизимдери кандай?

Балдардын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн зомбулуксуз чөйрө жаратуу шарт Балдардын эрте өнүгүүсү жөнүндө кеп кылып жатканда, балдарга карата болгон зордук зомбулук маселесин, баланын укугун билуу маанилүү

Балдардын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн зомбулуксуз чөйрө жаратуу шарт

  • Балдардын эрте өнүгүүсү жөнүндө кеп кылып жатканда, балдарга карата болгон зордук зомбулук маселесин, баланын укугун билуу маанилүү
Баланын укугун коргоо механизмдери Бириккен Улуттар Уюмунун баланын укуктары жөнүндө Конвенциясында ар бир балага зыян келтирүүнүн жана ырайымсыз мамиленин ар кандай формасынан коргонуу укугу бекитилген, ал эми алдын алуу системаларын түзүүнү камсыздоо, зомбулукту ачып көрсөтүү, маалымдоо, окуяларды текшерүүгө жөнөтүү, изилдөө жана жабыркаган балдарга чара көрүү милдети БУУга мүчө мамлекеттерге жүктөлгөн.

Баланын укугун коргоо механизмдери

  • Бириккен Улуттар Уюмунун баланын укуктары жөнүндө Конвенциясында ар бир балага зыян келтирүүнүн жана ырайымсыз мамиленин ар кандай формасынан коргонуу укугу бекитилген, ал эми алдын алуу системаларын түзүүнү камсыздоо, зомбулукту ачып көрсөтүү, маалымдоо, окуяларды текшерүүгө жөнөтүү, изилдөө жана жабыркаган балдарга чара көрүү милдети БУУга мүчө мамлекеттерге жүктөлгөн.
БУУнун Баланын укугу жөнүндөгү  Конвенциясы 20 ноябрь 1994 ж. Кыргызстан БУУнун Балдардын укугу жөнүндө Конвенциясына кол койгонуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын балдар укугун коргогон документтеринин баары ушул Конвенциянын жоболоруна туура келиши керек.  Бул Конвенция балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзам чыгаруучулуктун негизи болуп саналат.

БУУнун Баланын укугу жөнүндөгү Конвенциясы

  • 20 ноябрь 1994 ж. Кыргызстан БУУнун Балдардын укугу жөнүндө Конвенциясына кол койгонуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын балдар укугун коргогон документтеринин баары ушул Конвенциянын жоболоруна туура келиши керек.
  • Бул Конвенция балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзам чыгаруучулуктун негизи болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси. Кыргыз  Республикасынын  балдар  жөнүндө  кодекси (10.07.2012 )  12-глава. Зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон балдарды коргоонун өзгөчөлүктөрү каралат.

Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси.

  • Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (10.07.2012 )
  • 12-глава.
  • Зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон балдарды коргоонун өзгөчөлүктөрү каралат.

. Турмуштук кыйын кырдаалдагы үй бүлөнү жана балдарды табуунун тартиби тууралуу Өкмөттүн № 391 Жобосу

.

  • Турмуштук кыйын кырдаалдагы үй бүлөнү жана балдарды табуунун тартиби тууралуу Өкмөттүн № 391 Жобосу
 БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) “ Тааныш жүз: балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зомбулук”  аттуу жаңы глобалдык отчету чыккан. Ага ылайык, дүйнөдө экиден төрт жашка чейинки курактагы бардык балдардын төрттөн үчү – 300 миллионго жакын бала – үйүндө аларга кам көргөн адамдар тарабынан психологиялык агрессияга жана/же дене бойлук жазалоого кабылат. Дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын бир өспүрүм зомбулуктан көз жумат.
  • БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) “ Тааныш жүз: балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зомбулук”  аттуу жаңы глобалдык отчету чыккан.
  • Ага ылайык, дүйнөдө экиден төрт жашка чейинки курактагы бардык балдардын төрттөн үчү – 300 миллионго жакын бала – үйүндө аларга кам көргөн адамдар тарабынан психологиялык агрессияга жана/же дене бойлук жазалоого кабылат. Дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын бир өспүрүм зомбулуктан көз жумат.
1 Маалыматтары жеткиликтүү болгон 30 өлкөдө бир жаштагы 10 баланын ичинен алтоо тарбиялоонун ташбоор усулдарына туруктуу кабылып келет. Бир жаштагы балдардын дээрлик жарымын дене бойлук жазалоо катары жулкулдатышкан, он баланын ичинен бирөөнү бетке, башына же кулак тарапка урушкан. ·    Дүйнө жүзү боюнча беш жашка чейинки курактагы төрт баланын ичинен бирөө – 177 миллиону – күйөөсү же жакын өнөктөшү тарабынан зомбулуктун курмандыгы болгон апасы менен жашашат.

1

  • Маалыматтары жеткиликтүү болгон 30 өлкөдө бир жаштагы 10 баланын ичинен алтоо тарбиялоонун ташбоор усулдарына туруктуу кабылып келет. Бир жаштагы балдардын дээрлик жарымын дене бойлук жазалоо катары жулкулдатышкан, он баланын ичинен бирөөнү бетке, башына же кулак тарапка урушкан.
  • ·    Дүйнө жүзү боюнча беш жашка чейинки курактагы төрт баланын ичинен бирөө – 177 миллиону – күйөөсү же жакын өнөктөшү тарабынан зомбулуктун курмандыгы болгон апасы менен жашашат.
Балдарга карата болгон зомбулуктун динамикасы кандай Күндөн-күнгө балдарга карата зордук-зомбулук күч алып жатканы өкүндүрүп келет. Өткөн жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып, оор акыбалда калган 7981 бала табылган. Анын ичинен зомбулук көрсөткөн 57 жаран камалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашканын айткан. 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул билинип калганы эле. Ал эми билинбей калганы канча?

Балдарга карата болгон зомбулуктун динамикасы кандай

  • Күндөн-күнгө балдарга карата зордук-зомбулук күч алып жатканы өкүндүрүп келет. Өткөн жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып, оор акыбалда калган 7981 бала табылган. Анын ичинен зомбулук көрсөткөн 57 жаран камалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашканын айткан. 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул билинип калганы эле. Ал эми билинбей калганы канча?
Балдарга карата көрсөтүлгн зомбулуктун түрлөрү Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук, бул физикалык күч колдонулбаган, бирок баланын беделин түшүрүүгө багытталган бардык мазактоо, кемсинтүү, намысына шек келтирүү, жаман аттарды коюу, адилетсиз мамиле жасоо, шылдыңдоо, бир тараптуу мамиле жасоо, коркутуу, коомдон сыртка бөлүү, кодулоо жана балага карата нормативдик лексикага жооп бербеген тилди колдонуулар кирет.

Балдарга карата көрсөтүлгн зомбулуктун түрлөрү

  • Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук, бул физикалык күч колдонулбаган, бирок баланын беделин түшүрүүгө багытталган бардык мазактоо, кемсинтүү, намысына шек келтирүү, жаман аттарды коюу, адилетсиз мамиле жасоо, шылдыңдоо, бир тараптуу мамиле жасоо, коркутуу, коомдон сыртка бөлүү, кодулоо жана балага карата нормативдик лексикага жооп бербеген тилди колдонуулар кирет.
Физикалык зомбулук(күч колдонуу) – бул атайылап балага залака тийгизүү, жана денесин жаралоо, денесинин бир жерин оорутуу, соккулар, тепкилер, желкеге чабуулар, кулактан чойуу, уруп-сабоо, түртүү, жолун тозуу, буюм менен согуу, байлоо, эркиндигин чектөө, буюмун сындыруу же тартып алуулар .

Физикалык зомбулук(күч колдонуу)

  • – бул атайылап балага залака тийгизүү, жана денесин жаралоо, денесинин бир жерин оорутуу, соккулар, тепкилер, желкеге чабуулар, кулактан чойуу, уруп-сабоо, түртүү, жолун тозуу, буюм менен согуу, байлоо, эркиндигин чектөө, буюмун сындыруу же тартып алуулар .
Баланын негизги муктаждыктарына кайдыгер мамиле жасоо – Ата эненин, баланы баккан адамдардын баланын физикалык, эмоционалдык, интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктурүүгө зарыл болгон муктаждыктарын эске албоо. Бала дуйнөгө келгенден кийин тамак ашка, кийим кечеге, жашай турган жерге, гигиенага, коопсуз жагдайга, медициналык кароого, камкордукка муктаж. Мындай камкордук өзгөчө 5 жашка чейинки балдарга өтө зарыл. Белгилүү болгондой бул куракта бала сезимтал мезгилди башынан кечирип жаткан учуру. Ушул мезгилде алган эмоционалдык жаракат, баланын келечегине кедерги болорун унутпасак.

Баланын негизги муктаждыктарына кайдыгер мамиле жасоо

  • – Ата эненин, баланы баккан адамдардын баланын физикалык, эмоционалдык, интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктурүүгө зарыл болгон муктаждыктарын эске албоо. Бала дуйнөгө келгенден кийин тамак ашка, кийим кечеге, жашай турган жерге, гигиенага, коопсуз жагдайга, медициналык кароого, камкордукка муктаж. Мындай камкордук өзгөчө 5 жашка чейинки балдарга өтө зарыл. Белгилүү болгондой бул куракта бала сезимтал мезгилди башынан кечирип жаткан учуру. Ушул мезгилде алган эмоционалдык жаракат, баланын келечегине кедерги болорун унутпасак.
Сексуалдык зомбулук . бул күчкө салып жыныстык катнашка мажбурлоо же баланы бузуктук иштерге багыттоо, баланын жашы жете электигине байланыштуу анын түшүнбөстүгүнөн пайдаланып жыныстык катнашка тартуу, чечинүүгө мажбурлоо, сүрөткө тартуу, сексуалдык мүнөздөгү кыймыл аракеттерди, жыныстык катнашка зордоо.

Сексуалдык зомбулук .

бул күчкө салып жыныстык катнашка мажбурлоо же баланы бузуктук иштерге багыттоо, баланын жашы жете электигине байланыштуу анын түшүнбөстүгүнөн пайдаланып жыныстык катнашка тартуу, чечинүүгө мажбурлоо, сүрөткө тартуу, сексуалдык мүнөздөгү кыймыл аракеттерди, жыныстык катнашка зордоо.

Зордук зомбулукка таасир эткен Үй бүлөдөгү факторлор Үй бүлөдөгү социалдык-психологиялык жайсыздык; Баланын жашоосундагы ата эненин кайдыгер мамилеси Үй бүлөдөгү жанжалдуу мамиленин орун алышы; Ата эне менен баланын ортосундагы жылуу, ишенимдүү мамиленин жоктугу; Үй бүлө мүчолөрүнун ортосундагы мамилелердин суздугу, ырктын жоктугу; Үй бүлө мүчөлөрү бири бирин колдобойт

Зордук зомбулукка таасир эткен Үй бүлөдөгү факторлор

  • Үй бүлөдөгү социалдык-психологиялык жайсыздык;
  • Баланын жашоосундагы ата эненин кайдыгер мамилеси
  • Үй бүлөдөгү жанжалдуу мамиленин орун алышы;
  • Ата эне менен баланын ортосундагы жылуу, ишенимдүү мамиленин жоктугу;
  • Үй бүлө мүчолөрүнун ортосундагы мамилелердин суздугу, ырктын жоктугу;
  • Үй бүлө мүчөлөрү бири бирин колдобойт
Зордук зомбулуктун балага тийгизген кесепети Өз ара мамиле түзүүдө: ишенбөөчүлүк, шектенүү, социалдык обочолонуу, ичимен таптык, түнттүк башка адамдардын эмоционалдык абалына ыңгайлаша албоо, келечекти божомолдой албагандык;

Зордук зомбулуктун балага тийгизген кесепети

Өз ара мамиле түзүүдө:

  • ишенбөөчүлүк,
  • шектенүү,
  • социалдык обочолонуу,
  • ичимен таптык, түнттүк
  • башка адамдардын эмоционалдык абалына ыңгайлаша албоо,
  • келечекти божомолдой албагандык;
Балага карата жасалган катаал мамиле Жогорудагы аталган зордук зомбулуктун баары балага карата жасалган катаал мамиле деп таанылат. Катаал мамиленин кесептинен баланын жан дүйнөсундө травма жаралып, баланын гармонияда өнугүүсүнө чоң тоскоолдук жаратат.

Балага карата жасалган катаал мамиле

  • Жогорудагы аталган зордук зомбулуктун баары балага карата жасалган катаал мамиле деп таанылат.
  • Катаал мамиленин кесептинен баланын жан дүйнөсундө травма жаралып, баланын гармонияда өнугүүсүнө чоң тоскоолдук жаратат.
Биологиялык жактан:   акыл-сезиминин өсүүсү, мээ жана нерв системасынын өнүгүшү солгундайт, наристе куракта алган жаракат баш мээнин кыртышынын өспөй калышына алып келиши ыктымал. катуу стресстен мээнин химиялык түзүлүшү өзгөрөт, ооруну, ысык-суукту сезүүсү начарлайт, дене-боюн түздөп алып жүрүүсү, кыймылынын координациясы өзгөрөт, ар кандай илдеттердин белгилери байкала баштайт (астма, тери оорулары, аутоиммундук бузулуулар, аш казандын оорусу, талма ж.б.) Жан дүйнөсү жабыркаган балдардын стресс гормондорунун өзгөрүшүнүн деңгээли согуштун ветерандарыныкы менен бирдей эле болот. Дайыма тынчсызданып, коркунучту сезип турган мээ “мушташ, кач, жашын, катып кал, унчукпа” сыяктуу сигналдарды гана иштеп чыкканга даяр болуп калат.

Биологиялык жактан:

  • акыл-сезиминин өсүүсү, мээ жана нерв системасынын өнүгүшү солгундайт, наристе куракта алган жаракат баш мээнин кыртышынын өспөй калышына алып келиши ыктымал.
  • катуу стресстен мээнин химиялык түзүлүшү өзгөрөт,
  • ооруну, ысык-суукту сезүүсү начарлайт, дене-боюн түздөп алып жүрүүсү, кыймылынын координациясы өзгөрөт,
  • ар кандай илдеттердин белгилери байкала баштайт (астма, тери оорулары, аутоиммундук бузулуулар, аш казандын оорусу, талма ж.б.)
  • Жан дүйнөсү жабыркаган балдардын стресс гормондорунун өзгөрүшүнүн деңгээли согуштун ветерандарыныкы менен бирдей эле болот.
  • Дайыма тынчсызданып, коркунучту сезип турган мээ “мушташ, кач, жашын, катып кал, унчукпа” сыяктуу сигналдарды гана иштеп чыкканга даяр болуп калат.
Эмоционалдык сезимдерди башкаруу жагынан   Өзүн өзү башкарууда кыйынчылык жаралат Сезимин ачык айтуудан тартынат Өзүндө кандай өзгөрүү болуп жатканын түшүнө да, түшүндүрө да албайт Эмнени каалап, эмнеге муктаж болуп жатканын дааналап айта албайт Буулугуп, өзүнөн өзү кысылып, кайгынын кучагында калат

Эмоционалдык сезимдерди башкаруу жагынан

  • Өзүн өзү башкарууда кыйынчылык жаралат
  • Сезимин ачык айтуудан тартынат
  • Өзүндө кандай өзгөрүү болуп жатканын түшүнө да, түшүндүрө да албайт
  • Эмнени каалап, эмнеге муктаж болуп жатканын дааналап айта албайт
  • Буулугуп, өзүнөн өзү кысылып, кайгынын кучагында калат
Жүрүм-турум жагынан   Башка адамдарга карата тажаал мамиле жасайт Тынчтана албайт Уйкусу бузулат Тамакка табити тартпайт Адепсиз жоруктарды көбүрөөк жасай баштайт Башкаларга жагымпоздук же тескерисинче каршылашуу мүнөзү пайда болот Эрежелерди түшүнүү жана тутунуу кыйынга туруп калат Урунуп-беринип жатып кокустуктарга дуушар болот.

Жүрүм-турум жагынан

  • Башка адамдарга карата тажаал мамиле жасайт
  • Тынчтана албайт
  • Уйкусу бузулат
  • Тамакка табити тартпайт
  • Адепсиз жоруктарды көбүрөөк жасай баштайт
  • Башкаларга жагымпоздук же тескерисинче каршылашуу мүнөзү пайда болот
  • Эрежелерди түшүнүү жана тутунуу кыйынга туруп калат
  • Урунуп-беринип жатып кокустуктарга дуушар болот.
Таанып билүү жөндөмү жагынан   Көңүлүн токтотуп, баш-учун жыйышы кыйынга турат Бир нерсеге кызыгуусу жоголот Жаңы маалыматтарды сиңириши начарлайт Сабакты бир калыпта кабыл алышы кыйындайт Алдын ала уюштуруу, келечекти көрө билүү төмөндөйт Жоопкерчиликти сезүү бүдөмүктөйт Окуу материалдарын кабыл алуу начарлайт Сүйлөө, түшүндүрүү жөндөмү азаят Убакытты сезүү жана мейкиндикке багыт алуу начарлайт Өзүн эки же андан да көп түрлүү абалда сезүү пайда болот.

Таанып билүү жөндөмү жагынан

  • Көңүлүн токтотуп, баш-учун жыйышы кыйынга турат
  • Бир нерсеге кызыгуусу жоголот
  • Жаңы маалыматтарды сиңириши начарлайт
  • Сабакты бир калыпта кабыл алышы кыйындайт
  • Алдын ала уюштуруу, келечекти көрө билүү төмөндөйт
  • Жоопкерчиликти сезүү бүдөмүктөйт
  • Окуу материалдарын кабыл алуу начарлайт
  • Сүйлөө, түшүндүрүү жөндөмү азаят
  • Убакытты сезүү жана мейкиндикке багыт алуу начарлайт
  • Өзүн эки же андан да көп түрлүү абалда сезүү пайда болот.
Өзүн өзү баалоо   Туруктуу, алдын көрө билген кабылдоо сезими жок Өз алдынча боло албайт, ишенимсиз жүрүм турумга кабылат; Дене түзүлүшү өзгөрөт Өзүн төмөн сезип, басынат Уялуу жана өзүн күнөөлөө сезими күч алат.

Өзүн өзү баалоо

  • Туруктуу, алдын көрө билген кабылдоо сезими жок
  • Өз алдынча боло албайт, ишенимсиз жүрүм турумга кабылат;
  • Дене түзүлүшү өзгөрөт
  • Өзүн төмөн сезип, басынат
  • Уялуу жана өзүн күнөөлөө сезими күч алат.
Баланын жеке турмушу деген эмне?   Ар бир адамдын өзүнө гана тиешелүү болгон психологиялык чек арасы бар. Ал чекти эч кимдин бузууга акысы жок. Кичине балдар дагы керек болгон учурда өзү менен өзү болгусу келет, бул анын укугу. Өзгөчө өспүрүм курактан баштап баланын өзүнө гана тиешелүү жеке дүйнөсү башталат. Бала бир нерсе жөнүндө айтпай, сыр катса-демек бул чектен нары өтүүгө болбой турганын ата-эне сезүүгө тийиш.

Баланын жеке турмушу деген эмне?

  • Ар бир адамдын өзүнө гана тиешелүү болгон психологиялык чек арасы бар. Ал чекти эч кимдин бузууга акысы жок. Кичине балдар дагы керек болгон учурда өзү менен өзү болгусу келет, бул анын укугу. Өзгөчө өспүрүм курактан баштап баланын өзүнө гана тиешелүү жеке дүйнөсү башталат. Бала бир нерсе жөнүндө айтпай, сыр катса-демек бул чектен нары өтүүгө болбой турганын ата-эне сезүүгө тийиш.
Бала менен психологиялык байланышта болуу Психологиялык контакт, бала менен ата эненин ортосундагы ишеним, баланын инсан экендигине маани берүү, баланын өнүгүүсундөгү анын табигый муктаждыктарын эске алуу – бала тарбиялоонун ийгилиги ушунда! Кээде ата эне чечкиндүүлүктү, талап коюууну көрсөтүшү керек, бирок эч качан зомбулук көрсөтпөшү керек!

Бала менен психологиялык байланышта болуу

  • Психологиялык контакт, бала менен ата эненин ортосундагы ишеним, баланын инсан экендигине маани берүү, баланын өнүгүүсундөгү анын табигый муктаждыктарын эске алуу – бала тарбиялоонун ийгилиги ушунда! Кээде ата эне чечкиндүүлүктү, талап коюууну көрсөтүшү керек, бирок эч качан зомбулук көрсөтпөшү керек!
Балдарыбыз өксүбөй жетилсин!

Балдарыбыз өксүбөй жетилсин!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!