СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бар бол жер эне

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучуларга Жер эне бар бол деген темада квн оттум

Просмотр содержимого документа
«Бар бол жер эне»

Токтогул району Өзгөрүш айылы №31 Казат Чодошев атындыгы орто мектеби


Тема:«Бар бол, Жер эне» конкурсу

(7а-б-класс)

Конкурстун максаты:

  1. Туулган жердин жаратылыш чөйрөсүн коргоо,

  2. айлана -чөйрөнү жашылдандыруу жана жаныбарлар дүйнөсүн асыроо.

  3. Экологиялык өзгөрүүлөр жөнүндө кеңири түшүнүк берүү. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын азайып бара жатышынын таасирин түшүндүрүү.

  4. Кыргызстандын жаратылышы корголбой жылдан жылга арча кайындардын жана башка өсүмдүктөрдүн түрлөрүн коргоого үйрөтүү.

Конкурстун программасы:

  1. Саламдашуу (декламация)

  2. Хор

  3. Жеке номер (жаратылыш боюнча ыр)

  4. Викториналык суроолор

  5. Интермедия (жаратылыш боюнча )

  6. Викториналык суроолор

  7. Бий (кыргыз бийи )

  8. Эмблема жана дубал газетаны коргоо

Иш чаранын жүрүшү:

1. «Бар болер эне» конкурсуна 7а-б-класстар арасында КВНге команданын атын коюшту. 7а-класстын командасынын аты «Түштүк Америка» 7б-класстын командасынын аты «Жаратылыш жан досум» деп аташты.


Жасалгаланышы: Команданын атына ылайык дубал газета жана эмблема


Түштүк Америка командасы конкурсту биринчи баштады

Саламдашуу:

Эсендикти сурап көрүшкөн,

Эзелтеден кыргыз салты экен.

Жер энени коргойм дегендер,

Жер үстүндө аман бар бекен.


Калыстарга айтам саламды,

Карап баарын көрүңүздөр.

Байгеси белен болгон соң,

Баарына тегиз бөлүңүздөр.


Конкурска келген уландар,

Кол сунуп салам айтабыз.

Жер эне жалгыз бирөө эле,

Коргойлу аны байкаңыз.

Атандашыбыз «Жаратылыш жан досум» командасына

«Түштүк Америка» командасынан жалпы

Жалындуу ысык салам айтабыз


Жалпы: Бар бол жер эне,

Ооруба тек эле,

Койнуңда балдарың,

Жашасын эркинче.


Декламация:

  1. Баарына бирдей кам көргөн,

Бар болсун Жер энебиз.

Балдары өссө бей капар,

Бактылуу өмүр кечебиз.


  1. Ала-Тоо турса көк тиреп,

Арчасы жытын аңкытып.

Адырлуу жашыл тоолордо,

Аркарың эркин оттосо.


  1. Ракета атып учуруп,

Рахат алдык ааламдан.

Ыраатын көрбөй булардын,

Булгадык озон катмарын.


  1. Булгадык аба катмарын,

Быкшыган коюу түтүнгө.

Бузулуп барат кыртыштар,

Буулгуп дем алалбай.

  1. Оюп- чукуп ар жерди,

Ойлонбой кенин алабыз,

Ошондон чыккан уу затар,

Оорукчан болуп калабыз.


  1. Лесниктер жоюлат деп корука алды,

Лаамалар жер үстүндө сейрек калды.

Лиля гүлү өңдүү, көзгө жакын гүлдөрдү,

Жоготпой бул жандыкты сактап калды.



  1. Жоголду жер бетинен канча жандык,

Жоготбой сактап аны жүрө албадык,

Жомоктой айткан менен эч ким билбейт,

Ээн-эркин азыр алар оттоп жүрбөйт.


  1. Эрисе муздак тоолордо

Эгерде жакшы иш болбойт,

Эң куулуп аккан суу солуп,

Эгинин курап тук болбойт.


  1. Радио актив таркаса,

Рак менен оруйбуз,

Роза гүлдөр өсө албай,

Рахат албай соолуйбуз.





  1. Элбиз эркин жүрөлүк,

Эми биз чырпык тигелик,

Эч бир жан калбай эмгектен,

Эл үчүн өмүр сүрөлүк.


  1. Нурада болгон зилзала,

Нукура кырсык ушуда .

Негедир ооруйт жүрөгүм,

Негизин билбей жүрөмүн.


  1. Эзелтен элим колдонгон,

Эндигин билбейт жаш муундар.

Эрмеде оттоп семирген,

Элигин билбейт жаш муундар.


2. «Жаратылыш жан досум» командасы


Саламдашуу:

Арбаныздар ардактуу агай эжейлер жана «Бар бол,Жер эне» конкрсунун көрүүчүлөрү.

Салам айтам таазим кылам кыргызым ай,

Жаркылдашын жарык күндүн чыгышындай.

Неге мынча сулуусуң,апакайсың кыргыз жерим,

Жарын тосуп жашаган сулуу кыздай.


Сууктандырат Ала тоо неге мындай,

Гаухар менен алмаздан бут жыгандай.

Салам айтып көңүл ташып толкундайбыз,

Суунун күүсү аргенден угулгандай.


Атып чыгып асыл заттуу жеримен,

Акылга бай атагы зор эмесбиз.

Таазим кылып салам айтабыз замандаш,

Жөн турбастан байкап,сында атандаш.


Калыстарга айтам саламды,

Карап баарын көрүңүздөр.

Байгеси белен болгон соң.

Баарына тегиз бөлүңүздөр.

Жалпы:

Жер-эне багат баарысын,

Жер бетин сактай билели.

Жашартам десең жер бетин,

Жылына дарак тигели.


Декламация:

Аалам айтат мага дагы багынба,

Ой жабыртап ашып ташкан чагымда.

Мен да адамга багынуунуну каалабайм.

Аалам деген чексиз атым барында.


Биздин суубуз тап-таза,

Ичсең дароо канасың.

Тоолорубуз дагы бар,

Бут дүйнөнү суктанткан.


Космос дейбиз жылдызга көз салабыз,

Жетсек деп биз үмүт отун жагабыз.

Жаш балаты күндөн-күнгө азайса,

Айткылачы жерди кайдан табабыз.


Күн нуру күлүп нурданып,

Жер бети күндө жылмайып.

Элимде оюун тамаша,

Эмгектин ыры ырдалып.


Тоодо өзөн бар, мөлтүрөгөн булак бар,

Бизде укмуш берекелүү турак бар.

Нарын болуп бары бирге агылып,

Бирикенде миң сандаган булактар.


Ысык -Көлдө кээде толкун болуп турат,

Ысык-Көлдө кээде шамал согуп турат.

Бут дүйнөнүн адамдары кызыгып,

Ысык-Көлгө эс алууга келип турат.


Хор 1. команда Түштүк Америка

Жаш балбандар ыры


Тердетик даалай чекени,

Тигилди бактын нечени.

Көрктөнүп гүлдүү бакчабыз,

Булбулдун болду2 мекени.


Жемиштин 15 түрү бар,

Тоолордун түркүн гүлү бар.

Багбандык өнөр урматтуу,

Кызыксан келип2 билип ал.


Жол бою кочо жактарга,

Тизилип кыркаа тоолорго.

Жеримдин бүткүл аймагын,

Болойбуз жашыл2 бактарга.


Хор 2-команда “Жаратылыш жан досум”


Кыргызстан

Кыргызстан тоолордун мекени,

Тунук суулар,токойлор,кендери.

Кылымда туболук жашай бер,

Осо бергин гулдогун мекеним.



Көк асманды тиреген зоолору,

Ак булутту жандаган тоолору.

Жаратканым сулуулук бериптир,

Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.




Кайырма

Кыргызстан ыйык мекеним,

Кыргызстан ойлон кенен.

Кыргызстан, Кыргызстан.

Коргойбуз сени бек туруп,


Ата журтум Ала Тоом мекеним,

Коргойбуз биз сактайбыз өзүңдү.

Түн уйкудан бөлүнүп жергебиз,

Кыргызымдын эрдигин дактайбыз


Жек номер: 1-команда

Биздин айыл

Айланасын тоолор курчаган,

Кайда журсом эстен чыпаган.

Биздин айыл жердин сулуусу,

Жылда барсам,жылда суктанам.

Кайырма

Биздин айыл биздин сүйүбүз,

Береке көп толо үйүбүз.

Айланайын менин айылым.

Түбөлүк сага калар сүйүбүз.

Шыңгыраса тоонун булагы,

Көңүлүмдүн өчпөс чырагы.

Ыйык туткан биздин айылдын,

Өчпөсө экен дайым чырагы.


Жек номер: 2-команда

Кыргызстан

Асманды тиреп,

Булуту жиреп.

Ак мөңгү баскан,

Ала- Тоом тиреп.

Сууларын тунук,

Суусаса суунун.

Алыска кеткен,

Атагың улук.

Кайырма

Кыргызстан, Кыргызстан,

Чанкасам ичем бал кымыздай.


Чертилсе комуз,

Керемет добуш.

Чер жазып улам,

Мун ата болуп,










Викториналык суроолор 1-команда



  1. Дүйнө жүзүндө экинчи орунда турган шаркыратманы жана анын бийиктигин атагыла?


  1. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң көлдү атагыла?


  1. Дүйнө жүзүндөгү эң нымдуу материк кайсы?


  1. Дүйнө жүзүндөгү нечен жылдар боюу жаан жабаган чөлдү атагыла?


  1. Дүйнө жүзүндө деңиз деңгээлинин эң бийик жайгашкан көлдү атагыла?


  1. Дүйнө жүзүндөгү эң бийик чокуну атагыла?


Викториналык суроолор 2-команда



1 . Дүйнө жүзүндөгү эң чоң шаркыратманы жана анын бийиктигин атагыла?


2. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң аралды атагыла?


3. Дүйнө жүзүндөгү эң туздуу деңизди атагыла?


4. Дүйнө жүзүндө жаан эң көп жааган жерди атагыла?


5. Дүйнө жүзүндөгү эң узун көл кайсы?


6. Дүйнө жүзүндөгү эң узун кырка тоону атагыла?

1-команда

Сандар сүйлөйт


5млн км2 6671км


149млн км2 18,3млн км2


8848м 180млн км2


2-команда

Сандар сүйлөйт


7млн км2 6480км


510млн км2 29,2 млн км2


11022 м 75млн км2













Интермедия

1-команда

«Жер көйгөйү»


2-команда

«Жер бөлүштүрүү»


«Түштүк Америка» командасы 80 уппай топтоду


«Жаратылыш жан досум» командасы 87 упай менен жеңишке жетишти

Даярдаган : Тезекбаева Мыскал №31 атындагы орто

мектеби география мугалими












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!