СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 23.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башталгыч класстар

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫ ОКУТУУДА ИНОВАЦИЯЛЫК МЕТОДДОРДУ КОЛДОНУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ На этой статье рассматриваются вопросы и проблемы использования новых технологии в обучении начальных классах. This article is about the peculiarities of using computer technologies in teaching mathematic lessons at elementary classes. Бүгүнкү күндөгү коомдо болуп жаткан социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр биринчи иретте билим берүү системасына таасир этип, жаңы технологиялардын тездик менен өнүгүүсү жана окутуу процессине сүңгүп кирүүсү билим берүүчү системасын түп тамырынан бери жаңылоону талап кылууда. Педагогикалык инновациялык процесстер батыштагы чет өлкөлөрдө 1950-жылдын акырында, ал эми оруссияда акыркы он жылдыкта атайын изилдөөнүн предметине айланды. Кыргызстанда инновация боюнча макалалар 1990-жылдардан баштап гана жарыялана баштаган. Инновациялык процесстер – жаңыча окутууну, жаратууну, кабылдоону, баалоону, педагогикалык жаңылыкты өздөштүрүүнү, колдонууну жана жайылтуучу комплекстүү ишкер аракеттенүүнү өзүнө камтыйт. Мына ушул ишкер аракеттенүүлөр окуу процессине киргизилгенде гана ал инновациялык окутууга жатат [1]. Акыркы жылдардагы жаңы технологиялардын тездик менен өнүгүүсү жана окуу процессине интенсивдүү түрдө кирүүсү жалпы билим берүүнүн фундаменти болгон башталгыч билим берүүдөгү окутуу процессине иновациялык жаңы методдорду колдонууну ишке ашыруунун зарылдыгын жаратты. Окутуунун традициялык методу ар дайым негизги орунда болуп келген. Окутуунун традициялык системасында маалымат алмашуу билим берүү процессинин эки субъектинин – окуучу менен мугалимдин ортосунда жүрөт. Окуу процессинде традициялык окутуу каражаттары (демонстациялык таблицалар, таркатма материалдар, стенддер, приболор ж.б.) колдонулган учурда байланыш мугалим менен окуучунун ортосунда гана ишке ашат. Окуучунун “керектөөчү” катары активдүүлүгү китептен же башка традициялык окутуу каражатынан маалыматты издөө, суроо-талаптарына жооп алуу мүмкүнчүлүгү чектелген болот. Традициялык окутууда окуучуларга мугалим тарабынан көрсөтмөлөр берилип, ал эми окуучулар ошонун тегерегинен чыкпай келген болсо, азыркы күндөгү окутуу процессине жана инсандын өнүгүүсүнө коюлган жаңы талаптар мектепте окутуунун жаңыча жолдорун, жаңы методдорун издөөгө жана колдонууга алып келип отурат. Учурда мугалимдер өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө окутуунун түрдүү методдорун жана формаларын колдонуп келишүүдө [2]. Атап айтсак: ü Интерактивдүү методдор; ü инсанга багыттап окутуу; ü педагогикалык кызматташтык; ü окутууну дифференцирлөө жана жекелештирүү; ü оюн технологиялары; ü маалыматтык-компьютердик технологияларды колдонуп окутуу. [3]. Компьютердик технологиялардын базасында колдонулуучу окутуу каражаттарынын пайда болуусу менен маалыматтык өз ара аркеттешүүлөргө дагы бир субъект – окутуунун интерактивдүү каражаты кошулуп, мугалим менен окуучунун ролу өзгөрдү. Мугалим бул учурда окутуу процессине жетектөөчү, багыттоочу орунга чыгат жана окуу маалыматын берүүдөгү убактысы үнөмдөлөт. Аз убакыттын ичинде материалдын негизгилерин берүү, ар бир окуучунун оюн угуу аларды анализдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал эми окуучу “керектөөчү” катары маалыматты издөөнүн, алуунун, иштеп чыгуунун жана тандоонун бир кыйла татаал жолуна түшөт, б.а. окуучулар өз алдынча изденип, пикир айтууга, пикирин билдирүүгө, бири-бири менен мамилелешүүгө, суроолорду берүүгө, бирөөнүн оюн угууга жана бири-бирин сыйлоого үйрөнүшөт, ошондой эле компьютердик окутуу каражаттарынын жардамында өз ара жана бири-бири менен кайтарым байланыш ишке ашырылат. Интерактивдүү методдорду дискуссия, диспут, викторина, класстан тышкаркы сабактарда проблемалык ситацияларды чечүүдө колдонууга болот []. 1). Инсанга багытталган окутууда ар бир окуучунун жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүнө ылайыкташтырып түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды берүү. Мында окуучулардын өз алдынчалуугугу, инициативдүүлүгүн өнүктүрүүчү, тапшырмаларды чыгарууда өзү жол таап кетүүсүнө мүмкүндүк берүүчү дидактикалык материалдарды колдонуу керек. 2). Педагогикалык кызматташтык окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн интенсивдештирүүнүн жана активдештирүүнүн негизинде жүргүзүлөт. Окуучулар коллективдүү, группалык жана жуптарда иштешет. Мында окуучулар колле ктив менен иштөөдө жоопкерчиликтүү болууга, жеке, жуптардагы ойлонуу машыгуулары, эске сактоо, алган билимдерин жана тажрыйбаларын актуалдаштырууга көнүгүшөт. 3). Окутууну дифференцирлөө жана жекелештирүүдө мугалимдин 75-80% убактысы окуучулар жана класс менен иштөөгө жумшалат. Дифференцирлештирип окутууда: · бардык окуучуга бирдей тапшырма берилип, жакшы окуган окуучуга тапшырманы чыгаруу убактысы кыскартылат; · окуучуларга түрдүү деңгээлдеги тапшырмалар берилет; · бардык окуучуларга бирдей тапшырма берилип, начар окуган окуучуларга тапшырманы аткаруу үчүн таяныч бере турган кошумча материал берүү; · бир канча варианттын ичинен туурасын тандоо үчүн тапшырмаларды ж.б. Мында окуучулардын психологиялык акыл-эсинин өнүгүүсү, ар бир окуучунун жеке жөндөмдүүлүгү өркүндөп, ойлоо мүмкүнчүлүктөрү калыптанат. 4). Башталгыч класстарда дидактикалык оюндарды сабактын бардык этаптарында колдонууга болот. Оюндар аркылуу математикалык маселелерди чечүүгө, жаратылышты сүрөттөөгө, сөздөрдү үйрөтүүгө болот. 5). Маалыматтык-компьютердик технологияларды колдонуп окутуу учурда өтө актуалдуу болууда. Оруссия жана шериктеш өлкөлөрдүн окуу тажрыйбаларын кайрылсак, бул маселелер аларда бир канча жыл мурун каралып, окуу процессинде ийгиликтүү колдонулуп келе жаткандыгына күбө болобуз. Биздин өлкөдө да акыркы мезгилде бул маселелердин үстүндө алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. - мектептердин жаңы муундагы компьютерлер менен камсыздалышы; - аудио-визуалдык каражаттардын окуу процессине кириши; - интерактивдүү доскалардын, проекторлордун колдонула башташы; - электрондук окуулуктардын түзүлүшү - жер-жерлерде окутуу процессин өнүктүрүү боюнча семинарлар, тренингдердин өткөрүлүшү ж.б. айтсак болот. Ушу менен катар эле бир катар проблемалар чечилбей келет: 1). Мектеп мугалимдеринин анын ичинде башталгыч класстын мугалимдеринин жаңы маалыматтык технологияларды окутууда колдонууга даяр эместиги; 2). Окутууда жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча Ата мекендик тилде түзүлгөн окуу-методикалык колдонмолор, окуу китептери, дидактикалык материалдар жокко эсе; 3). Мугалимдер билимин өркүндөтүүгө келишпейт, даяр окутуучу программаларды колдоно алышпайт. Бул проблемаларды ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте мектептин мугалимдеринин маалыматтык компетенттүүлүгүн калыптандыруу иш – чараларын жүргүзүү керек (алар үчүн компьютердик курстарды уюштуруу, окутуунун жаңы технологиялары боюнча маалымат берүү, мугалимдер үчүн методикалык окуу колдонмолорду, дида ктикалык материалдарды иштеп чыгуу жана бүт мектептерге жайылтуу). Окутууда маалыматтык технологиялардын мүмүкнүчүлүктөрүн колдонуу мугалимге төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт: · мугалим сабагын көрсөтмөлүү түрдө уюштурат; · мугалимдин көрсөтмө курал даярдоого кеткен убактысы үнөмдөлөт; · сабактын бардык этаптарында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ; · окуу материалын түшүндүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт · Өз билимин жогорулатууга шарт түзүлөт. Бул учурда мугалим төмөнкүдөй функцияларды аткарат: - окуу процессин башкарат жана окутууну уюштурат, өзүнүн жана үйрөнүлүүчү ишмердүүлүгүн пландаштырат, окуу процессинин жүрүшүн текшерип турат; - окууга арналган программалык каражаттарды иштеп чыгат, модернизациялайт жана адаптациялайт, окуу материалын тексттерди, формулаларды, таблицаларды, схемаларды, сүрөттөрдү тандайт жана компановкалайт; - окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн баалоо процессин автоматташтырат; - билимдерди текшерүүнү автоматташтыруу үчүн тапшырмаларды, суроолорду жана көнүгүүлөрдү иштеп чыгат; - окуу программасындагы жана окуу планындагы өзгөрүүлөрдү анализдейт; - окуучуларды инсандык өнүгүүгө багыттайт.

Показать полностью

Просмотр содержимого документа
«Башталгыч класстар»

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫ ОКУТУУДА ИНОВАЦИЯЛЫК МЕТОДДОРДУ КОЛДОНУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ На этой статье рассматриваются вопросы и проблемы использования новых технологии в обучении начальных классах. This article is about the peculiarities of using computer technologies in teaching mathematic lessons at elementary classes. Бүгүнкү күндөгү коомдо болуп жаткан социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр биринчи иретте билим берүү системасына таасир этип, жаңы технологиялардын тездик менен өнүгүүсү жана окутуу процессине сүңгүп кирүүсү билим берүүчү системасын түп тамырынан бери жаңылоону талап кылууда. Педагогикалык инновациялык процесстер батыштагы чет өлкөлөрдө 1950-жылдын акырында, ал эми оруссияда акыркы он жылдыкта атайын изилдөөнүн предметине айланды. Кыргызстанда инновация боюнча макалалар 1990-жылдардан баштап гана жарыялана баштаган. Инновациялык процесстер – жаңыча окутууну, жаратууну, кабылдоону, баалоону, педагогикалык жаңылыкты өздөштүрүүнү, колдонууну жана жайылтуучу комплекстүү ишкер аракеттенүүнү өзүнө камтыйт. Мына ушул ишкер аракеттенүүлөр окуу процессине киргизилгенде гана ал инновациялык окутууга жатат [1]. Акыркы жылдардагы жаңы технологиялардын тездик менен өнүгүүсү жана окуу процессине интенсивдүү түрдө кирүүсү жалпы билим берүүнүн фундаменти болгон башталгыч билим берүүдөгү окутуу процессине иновациялык жаңы методдорду колдонууну ишке ашыруунун зарылдыгын жаратты. Окутуунун традициялык методу ар дайым негизги орунда болуп келген. Окутуунун традициялык системасында маалымат алмашуу билим берүү процессинин эки субъектинин – окуучу менен мугалимдин ортосунда жүрөт. Окуу процессинде традициялык окутуу каражаттары (демонстациялык таблицалар, таркатма материалдар, стенддер, приболор ж.б.) колдонулган учурда байланыш мугалим менен окуучунун ортосунда гана ишке ашат. Окуучунун “керектөөчү” катары активдүүлүгү китептен же башка традициялык окутуу каражатынан маалыматты издөө, суроо-талаптарына жооп алуу мүмкүнчүлүгү чектелген болот. Традициялык окутууда окуучуларга мугалим тарабынан көрсөтмөлөр берилип, ал эми окуучулар ошонун тегерегинен чыкпай келген болсо, азыркы күндөгү окутуу процессине жана инсандын өнүгүүсүнө коюлган жаңы талаптар мектепте окутуунун жаңыча жолдорун, жаңы методдорун издөөгө жана колдонууга алып келип отурат. Учурда мугалимдер өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө окутуунун түрдүү методдорун жана формаларын колдонуп келишүүдө [2]. Атап айтсак:  Интерактивдүү методдор;  инсанга багыттап окутуу;  педагогикалык кызматташтык;  окутууну дифференцирлөө жана жекелештирүү;  оюн технологиялары;  маалыматтык-компьютердик технологияларды колдонуп окутуу. [3]. Компьютердик технологиялардын базасында колдонулуучу окутуу каражаттарынын пайда болуусу менен маалыматтык өз ара аркеттешүүлөргө дагы бир субъект – окутуунун интерактивдүү каражаты кошулуп, мугалим менен окуучунун ролу өзгөрдү. Мугалим бул учурда окутуу процессине жетектөөчү, багыттоочу орунга чыгат жана окуу маалыматын берүүдөгү убактысы үнөмдөлөт. Аз убакыттын ичинде материалдын негизгилерин берүү, ар бир окуучунун оюн угуу аларды анализдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал эми окуучу “керектөөчү” катары маалыматты издөөнүн, алуунун, иштеп чыгуунун жана тандоонун бир кыйла татаал жолуна түшөт, б.а. окуучулар өз алдынча изденип, пикир айтууга, пикирин билдирүүгө, бири-бири менен мамилелешүүгө, суроолорду берүүгө, бирөөнүн оюн угууга жана бири-бирин сыйлоого үйрөнүшөт, ошондой эле компьютердик окутуу каражаттарынын жардамында өз ара жана бири-бири менен кайтарым байланыш ишке ашырылат. Интерактивдүү методдорду дискуссия, диспут, викторина, класстан тышкаркы сабактарда проблемалык ситацияларды чечүүдө колдонууга болот []. 1). Инсанга багытталган окутууда ар бир окуучунун жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүнө ылайыкташтырып түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды берүү. Мында окуучулардын өз алдынчалуугугу, инициативдүүлүгүн өнүктүрүүчү, тапшырмаларды чыгарууда өзү жол таап кетүүсүнө мүмкүндүк берүүчү дидактикалык материалдарды колдонуу керек. 2). Педагогикалык кызматташтык окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн интенсивдештирүүнүн жана активдештирүүнүн негизинде жүргүзүлөт. Окуучулар коллективдүү, группалык жана жуптарда иштешет. Мында окуучулар колле ктив менен иштөөдө жоопкерчиликтүү болууга, жеке, жуптардагы ойлонуу машыгуулары, эске сактоо, алган билимдерин жана тажрыйбаларын актуалдаштырууга көнүгүшөт. 3). Окутууну дифференцирлөө жана жекелештирүүдө мугалимдин 75-80% убактысы окуучулар жана класс менен иштөөгө жумшалат. Дифференцирлештирип окутууда:  бардык окуучуга бирдей тапшырма берилип, жакшы окуган окуучуга тапшырманы чыгаруу убактысы кыскартылат;  окуучуларга түрдүү деңгээлдеги тапшырмалар берилет;  бардык окуучуларга бирдей тапшырма берилип, начар окуган окуучуларга тапшырманы аткаруу үчүн таяныч бере турган кошумча материал берүү;  бир канча варианттын ичинен туурасын тандоо үчүн тапшырмаларды ж.б. Мында окуучулардын психологиялык акыл-эсинин өнүгүүсү, ар бир окуучунун жеке жөндөмдүүлүгү өркүндөп, ойлоо мүмкүнчүлүктөрү калыптанат. 4). Башталгыч класстарда дидактикалык оюндарды сабактын бардык этаптарында колдонууга болот. Оюндар аркылуу математикалык маселелерди чечүүгө, жаратылышты сүрөттөөгө, сөздөрдү үйрөтүүгө болот. 5). Маалыматтык-компьютердик технологияларды колдонуп окутуу учурда өтө актуалдуу болууда. Оруссия жана шериктеш өлкөлөрдүн окуу тажрыйбаларын кайрылсак, бул маселелер аларда бир канча жыл мурун каралып, окуу процессинде ийгиликтүү колдонулуп келе жаткандыгына күбө болобуз. Биздин өлкөдө да акыркы мезгилде бул маселелердин үстүндө алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. - мектептердин жаңы муундагы компьютерлер менен камсыздалышы; - аудио-визуалдык каражаттардын окуу процессине кириши; - интерактивдүү доскалардын, проекторлордун колдонула башташы; - электрондук окуулуктардын түзүлүшү - жер-жерлерде окутуу процессин өнүктүрүү боюнча семинарлар, тренингдердин өткөрүлүшү ж.б. айтсак болот. Ушу менен катар эле бир катар проблемалар чечилбей келет: 1). Мектеп мугалимдеринин анын ичинде башталгыч класстын мугалимдеринин жаңы маалыматтык технологияларды окутууда колдонууга даяр эместиги; 2). Окутууда жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча Ата мекендик тилде түзүлгөн окуу-методикалык колдонмолор, окуу китептери, дидактикалык материалдар жокко эсе; 3). Мугалимдер билимин өркүндөтүүгө келишпейт, даяр окутуучу программаларды колдоно алышпайт. Бул проблемаларды ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте мектептин мугалимдеринин маалыматтык компетенттүүлүгүн калыптандыруу иш – чараларын жүргүзүү керек (алар үчүн компьютердик курстарды уюштуруу, окутуунун жаңы технологиялары боюнча маалымат берүү, мугалимдер үчүн методикалык окуу колдонмолорду, дида ктикалык материалдарды иштеп чыгуу жана бүт мектептерге жайылтуу). Окутууда маалыматтык технологиялардын мүмүкнүчүлүктөрүн колдонуу мугалимге төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт:  мугалим сабагын көрсөтмөлүү түрдө уюштурат;  мугалимдин көрсөтмө курал даярдоого кеткен убактысы үнөмдөлөт;  сабактын бардык этаптарында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ;  окуу материалын түшүндүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт  Өз билимин жогорулатууга шарт түзүлөт. Бул учурда мугалим төмөнкүдөй функцияларды аткарат: - окуу процессин башкарат жана окутууну уюштурат, өзүнүн жана үйрөнүлүүчү ишмердүүлүгүн пландаштырат, окуу процессинин жүрүшүн текшерип турат; - окууга арналган программалык каражаттарды иштеп чыгат, модернизациялайт жана адаптациялайт, окуу материалын тексттерди, формулаларды, таблицаларды, схемаларды, сүрөттөрдү тандайт жана компановкалайт; - окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн баалоо процессин автоматташтырат; - билимдерди текшерүүнү автоматташтыруу үчүн тапшырмаларды, суроолорду жана көнүгүүлөрдү иштеп чыгат; - окуу программасындагы жана окуу планындагы өзгөрүүлөрдү анализдейт; - окуучуларды инсандык өнүгүүгө багыттайт.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!