Баткен облусу
Баткен облусу – Кыргызстандын түштүк-батышындагы дубан. Облус Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан. Ал 1999-ж. 12-октябрда Ош облусунан Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорун жана Кызылкыя, Cүлүктү шаарларын бөлүп, облус уюштурулган. 2000-ж. райондун борбору Баткен жана 2001-ж. Исфана кыштактары шаар статусун алган. 2012-ж. Кадамжай жана Айдаркен шаарчалары шаар статусун алган. Облустун аймагында 3 район, 6 шаар, 3 шаарча (Восточный, Cовет, Чабай) жана 189 кыштак, 30 айыл өкмөтү бар. Облустун борбору – Баткен шаары. Облустун түштүк-батыш жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Анын аймагында башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече анклавдар (архипелагдар) бар. Ушуга байланыштуу транспорттук катнашы көп чек аралар жана анклавдар аркылуу өтөт. Бул болсо облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө. Аянты 17,0 миң чарчы километр же республиканын аймагынын 8,5%ын түзөт. Калкы 492,6 миң (2016) же республиканын калкынын 8,0%ын түзөт.
Табияты.
Баткен облусу Фергана өрөөнүнүн түш. өндүрүн, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түн. капталдарын, этек тоолорун, адыр тилкесин ээлейт. Бул кырка тоолор-дун кырлары деңиз деңг. 4000—5000 мбийиктиктен ашык көтөрүлөт; облустун эң бийик жерлери Түркстан кырка тоосунда 5580 м, Алай кырка тоосунда 5880 м. Облустун аймагында, Кулунду өрөөнүндө Кыргызстандын эң жапыз жери жайгашкан; ал деңиз деңг. 401 м бийиктикте. Жеринин бетинин түзүлүшү б-ча облустун аймагы төмөнкү геоморфологиялык зоналар-га бөлүнөт: тоо этектериндеги түздүктөр зонасы, тоо арасындагы ойдуңдар зонасы, орто бийиктиктеги тоолор зонасы, бийик тоо зонасы. Тоо этектериндеги бир аз жантайыңкы түздүктөр облустун эң жапыз жайгашкан бөлүгү.Түздүктөр негизинен антропогендик чөкмө тектерден (шагыл таштардан) түзүлүп, үстүн түрдүү калыңдыктагы лёсс сымал кумай топурактар жаап жатат. Бул зонага Кастакөз-Кулунду, Төөмоюн, Кызылжар ж. б. түздүктөр кирет. Андан жогору адырлар зонасы жатат. Адырлар бийик тоолордун кырынын ж-а капталдарынын жайпагыраак түзүлүштөгү рельефи м-н айырмаланат. Адырлар Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун этектеринде — Шаймерден-Cох суу бөлгүчтүрүндө, Кожобакырган-Аксуу суу бөлгүчүнүн батыш бөлүгүндө, Аксуунун алабында зор аянттарды ээлейт. Адырлардын эң бийиги ж-а өзгөчөсү Белисынык жалдары болуп саналат. Анын түн. капталы узун ж-а жазы, Кастакөз өрөөнүн карай жантайып түшөт; түш. капталы кыска ж-а аскалуу, узатасынан созулган жазы Ташрабат ойдуңуна тик түшөт. Белисынык ж-а Чимион адырлуу жалда-ры жайпак-ийилген, кургак колоттор-сайлар м-н тилмеленген чөлдүү жалдар болуп са-налат; алар шагыл-таш басымдуулук кылган борпоң чөкмө тектерден турат. Чимион жалы жаңы тектон. кыймылда көтөрүлгөн антиклиналдык түзүлүш. Бул аймактын адырларынын төмөнкү бөлүктөрүн палеоген-неогенде пай да болгон конгломерат, жогорку бөлүктөрүн дислокацияга дуушарланган байыркы антропогендик конгломерат тектери түзөт. Неоген конгломераттуу катмарларынын айрым жерлерин андан мурдараак пайда болгон түрдүү түстөгү мергель, кумдук ж-а чопо тектери жиреп чыгып, ал аймактарда өтө тилмеленген, жыбыттуу, чөлдүү жерлерди — чаптарды («бедленддерди») пайда кылат. Тоо арасындагы ойдуңдар адырлар, этек тоо кыркалары, о.э. негизги кырка тоолордун аралыктарынан орун алган. Алар рельефтин төмөн ийилген формасын пайда кылып, кеңдик б-ча созулган эки тилкени түзүп жатат. Анын түн. тил кеси түш. тилкесине караганда гипсометриялык деңгээли төмөн жайгашкан . Тоо аралык ойдуңдардан жогору орто бийиктиктеги тоолор зонасы жатат. Ал бийик этек тоолорду, Түркстан, Алай кырка тоолорунун алдыңкы жалдарын камтыйыт. Бийикт. 2000—2500 м ж-а 3000 метрге чейин. Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун курамына кирген бийик этек тоолор өтө ж-а терең тилмеленген айрым токол тоолордон турат.Бийик тоолуу зонага ири Түркстан ж-а Алай кырка тоолору кирет. Мөңгүлөр, көп жылдык карлар бар. Кар чеги негизинен 4000—4500 метр бийиктиктен өтөт. Кыры аска-зоокалуу.Облустун климаты негизинен континенттик, кургакчыл континеттик белгилери бар жер ортолук деңиздик климатка окшош. Жайкы нымы жетишсиз, мелүүн жылуу, кышы мелүүн-суук. Облустун 2500 мге чейинки бийиктикте жайгашкан аймагында январдын көп жылдык орт. температурасы –3,3°Cден –6,9°C, июлдуку 25,3 –15°C. Деңиз деңг. 3000 м бийиктикте жайгашкан Теминген станциясында январдын орт. температурасы –8,9°C (абс. минимуму –30°C), июлдуку 10°C (абс. максимуму 38,7°C).
Облустун суулары Cырдарыянын алабына кирет. Алай кырка тоосунун түн. каптал-дарынан башталган ири сууларга — Исфайрамсай, Шаймерден, Cох ж.б., Түркстан кырка тоосунан башталгандарга — Исфара, Исфана, Кожобакырган, Аксуу ж. б. кирет. Бул суулардын бардыгы Cырдарыянын сол куймалары, бирок алар тоодон чыга беришинде сугатка таралып же өзүнүн шиленди конустарында ж-а кургак сайларында жерге сиңип кетет. Бул суулар негизинен эриген кар ж-а мөңгү сууларынан куралат.
Облустун аймагынын топурак өсүмдүктөрүнүн таралышы ж-а алардын жалпы арид-дик мүнөздө болушу жылуулукка ж-а нымдалуу шарттарына түздөн-түз байланыштуу. Орто бийиктиктеги ж-а бийик тоонун төмөнкү бөлүгүндөгү күрөң, куба күрөң, тоо-шалбаалуу талаа топурактуу жерлерде арча токою, сейрек токой, талаа ж-а шалбаа-луу талаанын ар кандай типтери басымдуу. Арчалуу токой тилкесинин нымды, топурак кыртышын сактоодо, селге каршы ж-а санитария-гигиеналык мааниси зор.
Калкы.
1999-жылкы эл каттоо б-ча 382,4 миң киши же респ-нын калкынын 7,9%ын түзгөн. Шаар калкы 100,2 миң киши , айыл калкы 282,2 миң Калктын жыштыгы 1 чарчы км жерге 22,5 киши. Шаарлары: Кызылкыя, Cүлүктү, Исфана, Баткен ; Шаарчалары: Айдаркен, Кадамжай , Восточный, Чабай Cовет ; Ири айылдары: Үчкоргон, Орозбеков , Кулунду , Бужум , Караван , Карабак, Cамаркандык , Марказ, Андарак ж. б. Облустун калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыздар, өзбек , тажик, орус, түрк ж. б. улуттун өкүлдөрү жашайт.Облустун калкынын табигый өсүшү салыштырмалуу жогору,ал эми өлүм-житимдин коэффициенти төмөн. Бул болсо жергиликтүү улуттун басымдуулук кылышы м-н түшүндүрүлөт. Облустун калкынын көбөйүшү негизинен табигый өсүшкө байланыштуу. 2000-ж. өсүш ар 1000 кишиге 17,7 адамды түзгөн.Облустун калкынын өзгөчөлүгү мында аялдарга караганда эркектердин санынын көптүгүндө. 1000 аялга 1002 эркек туура келет. Облустун эмгекке жарамдуу жалпы калкынын ичинен өспүрүмдөр, ал эми эмгек курагынан өткөндөр түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын ыйсанынын азайышы респ-дагы базар экономикасына өтүүдөгү өткөөл мезгилдеги социалдык-экон. реформага байланыштуу өндүрүш-түн деңгээлинин төмөндөшү ж-а ө. ж. ишканаларынын иштебей калышы себеп болууда. Натыйжада шаарлар м-н шаарчаларда иштебей калгандардын саны көбөйүп, миграция өскөн.
Улуттук курамы Оңдоо
Кыргыздар – 279,750 (57.3 %) (2016)
Өзбектер – 172,202 (34.6 %)
Тажиктер - 33,847 (6.8 %)
Орустар – 2,579 (0.5 %)
Татарлар – 1,505 (0.3 %)
Башка улуттар - 2,717 (0.5 %)
Райондору.
Баткен району 1933-ж. уюшулган. Облустун борб. бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн ж-а түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай р-ндору, түш.- чыгышынан Ош облусунун Чоң Алай р-ну м-н чектешет. Райондун чыгышында Сох (Өзбекстан), борб. бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавдары бар. Аянты 6,2 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 36,2% түзөт). Кал-кы 64,6 миң (2002). Район 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору — Баткен шаары. Ал эми Кадамжай району 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен р-ну, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноокат р-ндору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аян-ты 6,1 миң чарчы км. Калкы 151,0 миң (2002). Борбору – Пүлгөн кышталат. Лейлек району Баткен облусундагы адм. район. Район 1928-ж. уюшулган. Түн.-батышынан ж-а түштүгүнөн Тажик-стан, чыгышынан Баткен р-ну м-н чекте-шет. Аянты 4,7 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 27,4%и түзөт). Калкы 105,5 миң (2002). Райондо 2 шаар (Исфана, Сүлүктү), Восточный (Кошбулак) шаар-часы ж-а 8 айыл өкмөтү бар. Борбору - Исфана ш.