КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СӨЗДҮКТӨРҮ
Кыргыз тилинин сөздүктөрү жөнүндө түшүнүк.
Сөздүктөгү шарттуу кыскартуулар.
Сөздүктөрдүн түрлөрү.
Кыргыз тилинин сөздүктөрү жөнүндө түшүнүк.
Сөздүктөр милдетине, мазмунуна, мүнөзүнө карай төмөнкүдөй эки типке бөлүнөт:
Энциклопедиялык сөздүктөр.
Лингвистикалык сөздүктөр.
Энциклопедиялык сөздүктөр нагыз энциклопедиялык сөздүктөр жана тармактык энциклопедиялык сөздүктөр деп экиге бөлүнөт.
Нагыз энциклопедиялык сөздүктөрдө маанилүү илимий- техникалык терминдер, көрүнүштөр, буюмдар, жер – суунун, адамдардын, шаар – кыштактардын аттары кеңири мүнөздөлүп берилет. сүрөттөр, схемалар, библиографиялар менен жабдылат. Энциклопедиялык сөздүктөн баардык илимдин тармактары боюнча кабар алууга болот. Алар универсалдуу келет.
Кыргыз тилинин энциклопедиялык мүнөздөгү сөздүктөрүнө « Кыргыз совет энциклопедиясын » мисал келтирүүгө болот. КСЭнин 6 тому жана Кыргызстанга арналган кыргызча, орусча 2 тому 1976 – 82 – жылдарда жарык көрдү. Бул маалыматчыл зор справочникте 30 миңге жакын макала бар. Алардын 5 миңге жакыны жалаң Кыргызстанга тиешелүү болуп, республикабыздын тарыхы, жер- суусу, маданияты, экономикасы, илим- техникасы, коомдук- маданий ишмерлери, окумуштуулары жөнүндө кабар берет. Мисалы: «үзөңгү - ат жабдыктарынын негизги бөлүктөрүнүн бири. Ал ээрдин эки капталындагы атайын көзөнөктөргө үзөңгү боонун жардамы менен асылып тагылат . Ал унаага минерде же түшкөндө бутка таканч болуп, кишинин ээр-токумдун үстүндө ишенимдүү жана түз отурушуна шарт түзөт. Алгачкы үзөңгү кайыш, аркан сыяктуу металл эмес материалдардан илмек түрүндө жасалган. Кийин жыгачтан, мүйүздөн даярдалган. Биздин замандын 3-4 кылымдарында металл ( коло, жез, темир ) үзоңгү пайда болгон ».
« Асан кайгы – уламыш боюнча, ойчул, акылман, сынчы адам. Өмүр бою элдин муңун муңдап, зарын зардап жүргөндүктөн Асан кайгы аталган. Ал жөнүндө айрым түрк ( каракалпак, казак ) элдеринде да айтылат. Асан кайгынын өмүр баяны тууралуу так маалымат жок, фальклордук материалдарга караганда, ал 15 - кылымдарда жашап өткөн. Карөзгөй Жаныбек ханды сындап, ырайымсыздыгын ашкерелеген. Чокон Валиханов аны « Көчмөн элдердин философу » деп атаган. Асан кайгы элдин камын ойлоп,
«Кой үстүндө торгой уялаган» жер издеп, Едилден тартып Таласка, Нарын, Ак-Сай, Ат-Башыга чейин барган. Оюндагыдай конушту, адамга сыйлуу, малга жайлуу жер таппай кайгыда жүрүп каза тапкан. Уламада анын табыты Ысык-Көлдүн боюнда делет ».
«Универсал улуттук энциклопедияны эне тилде жаратуу, - дейт КСЭнин мааниси жөнүндө анын башкы редакторлорунун бири, академик Б.Ө.Орузбаева, - элибиздин илимий жана маданий деңгээлинин жогорку сереге чыккандыгын күбөлөйт».
Ошондой эле, нагыз энциклопедиялык сөздүктө 4 томдон турган «Энциклопедиялык сөздүктү» (1984 – 1987 ) кошууга болот. Бул сөздүктөн 80 миң макала орун алган. Демек, окурман азыркы учурда адамзат жетишкен цивилизациянын, илимий – маданий жетишкендиктердин бардык тармактарынан эне тилинде кыскача кабар ала алат.
Белгилүү бир илимдин тармактары боюнча жетишерлик кеңири маалымат берген тармактык энциклопедиялык сөздүктөр бар. Аларга Б.У.Урустанбеков, Т.К.Чороев « Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк » ( Фрунзе, 1990 ), «Географиялык энциклопедиялык сөздүк» (Фрунзе, 1987), «Айыл чарба энциклопедиясы» ( Фрунзе, 1990 ) жана башкалар кирет.
Тармактык энциклопедиялык сөздүктөргө терминологиялык сөздүктөр окшош. Анткени аларга тигил же бул илимдин, техниканын, өндүрүштүн, чарбанын тармактарында колдонулган терминдер бир топ толук деңгээлде топтоштурулат.
Кыргыз тилинин терминологиялык сөздүктөрүн түзүүдө Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президиумуна баш ийген терминологиялык комиссиянын эмгеги зор. Алсак, терминком өткөн жарым кылымдан ашык мезгилде 90 го жакын сөздүктөрдү жарыялады. Албетте, терминологиялык сөздөрдүн бардыгы эле тармактык энциклопедиялык мүнөздөгү сөздүктөргө жакын эмес. Айрымдары тизме түрүндө орусча- кыргызча берилет да, котормо сөздүктөрдү элестетет.
Кыргыз тилиндеги энциклопедиялык сөздүктөргө окшош терминологиялык эмгектерге төмөнкүлөрдү кошууга болот. К.Асаналиев, Р.Кыдырбаева, Х.Жумалиев « Адабият таануу терминдеринин кыргызча сөздүгү » ( Фрунзе, 1961), Ж.Шериев, А.Муратов « Адабият терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү » ( Фрунзе, 1987 ), коллектив: « География терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү » ( Фрунзе, 1990 ), М. Эшбаев « Искусство терминдеринин кыскача түшүндүрмө сөздүгү » ( Ош, 1994 ), А.Абилов, Н.Базарбаев « Физика терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү » ( Фрунзе, 1989 ) жана башка. Белгилей турган нерсе, айтылган сөздүктөрдүн көпчүлүгү мектеп окуучуларына арналып, окуу максатында түзүлгөн. Мисалы:
«Драма - сахнага коюуга ылайыкталып жазылган чыгарма, өзүнчө бир адабий тек. Ал байыркы грек адабиятында пайда болгон, анын ошол мезгилдеги негизги сапаты азыр да кадимкисиндей сакталып келе жатат, башкача айтканда драмалык чыгармаларда окуя каармандардын речинде гана өнүгөт, мында прозадагыдай автордук баяндоо, сүрөттөөлөр болбойт, жанрдын негизин конфликт түзөт. Драма комедия , трагедия, драма болуп , үч чоң бөлүктөн турат. Кыргыз адабиятында бул жанр совет бийлигинин жылдарында гана пайда болду. Анын негиз салуучулары болуп М.Токобаев
(«Кайгылуу Какей»), К.Жантөшев («Карачач») эсептелишет. Азыр драма – кыргыз совет адабиятынын өнүккөн жанры ».
«Корук (заповедник) – табият комплекси мурдагы калыбынан өзгөртүлбөй толук сакталган аймактын бир бөлүгү; табиятты коргоонун бир түрү. Мында чарбалык иштер жүргүзүлбөйт. Адатта, корук үчүн белгилүү географиялык зонага өтө баалуу табигый обьектилер (айбанат жана өсүмдүк түрлөрү, тоо байлыктары жана башкалар) бөлүнүп берилет. Анда табиятка ар тараптан илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. СССРде 1986-жылы 151 корук болгон. Кыргызстанда, Беш-Арал, Нарын, Сары-Челек, Ысык-Көл коруктары, Ала-Арча табият паркы бар».
Лингвистикалык сөздүктөрдө сөздөрдүн, фразеологизмдердин маанилери, колдонулуштары көрсөтүлөт, грамматикалык табияты ачылат. Алар котормолуу болушу мүмкүн. Ошондуктан филологиялык сөздүктөр бир тилдүү сөздүктөр жана эки тилдуу сөздүктөр деп эки топко болүнөт.
Бир тилдүү лингвистикалык сөздүктөрдө тил фактылары бир тилде гана түшүндүрүлөт. Мындай сөздүктөргө түшүндүрмө сөздүктөрдү, омонимдерди , синонимдердин, фразеологизмдердин сөздүктөрүн жана башкаларды киргизебиз. Кыргыз тилинин төмөнкүдөй бир тилдүү филологиялык сөздүктөрү жарык көргөн.
1. Түшүндүрмө сөздүк. Тилдеги сөздөрдүн симантикалык, фразеологиялык, грамматикалык маанилери кеңири ачылып , стилдик нормасын белгилеп туюндурган сөздүк түшүндүрмө сөздүк деп аталат. Анда сөздөрдүн маанилери ачылып, мисалдар менен жабдылат:
« Данек
*. Кээ бир жемиштердин ( өрүк, алча, шабдалы жана башка ) сырты катуу кабык менен капталган даны. Өрүктүн данеги. Данегинен өстүрүлгөн жемиштер.
*. Өт. Маани, иштин маңызы, негизи. Данегин чакпай, кабыгын мактап жатасың, - деди ал .Талканбаев иштин данегин чечпей буйтактады ».
«Күңгөй Күнгө караган бет, күндү караган жак, тарап. Күңгөйгө батпай кой, жылкы кар тээп, чыктуу чөп жешет. Күңгөйү күнгө чагылып, Тескей жагы көлөкө.
«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн» бир томдогу 1969–жылы жарык көргөн. Андан кийин «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн» эки томдугу түзүлүп, 1-тому 1984-жылы чыкты, 2-тому жарык көрүү алдында турат.
Синонимдик сөздүк. Бир тилдеги маанилеш сөздөрдү камтыган сөздүк синонимдик сөздүк деп аталат. Анда өз ара маанилеш сөздөр синонимдик катар менен берилет, маанилери ачылат, мисалдар менен жабдылат. Буга Ш.Жапаровдун «Азыркы кыргыз тилиндеги синонимдер» деген китебин акырындагы сөздүк – тиркемеси, Ш. Жапаров менен К.Сейдакматов түзгөн «Кыргыз тилинин синонимдер сөздүгү» мисал болот.
«Даамдуу, таттуу, ширин, ширелүү. (даамы жакшы)
Жакшы санаалаш адамдарың менен гана жеген тамак даамдуу болот . Тамакты татту кылган – туз, эрди таттуу кылган – кыз. Шерт менен үзүп бергемин, Шекерден ширин алманы .Берекелүү , ширелүү сүт келет, Байып кеткен желинге » кирет.
Омонимдик сөздүк. «Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү, жарык көрдү. Китепте 2 миңден ашык бирдей эле тыбыштык айкалыштардан туруп, түрдүүчө маанилерге ээ болгон омоном сөздөр топтолгон:
«Чым. 1 тамырлары тартышып, жыш болуп кеткен, калың чөп баскан жердин үстүңкү бети, кыртышы. Келиндер күрөктөрүн кыртыштуу чымга батыра- батыра сайышат Шамбет камчысынын сабы менен ташты түртүп, чымды ачып таштап, арыктарга суу жиберип коңт.
Чым кызыл. Чым кара».
« Арык I суу агызуу, эгин же башка өсүмдүктөрдү суугаруу үчүн казылган алыш, өстөн. Семирткич эзилип, суу киргил тартып, тигил арыктар менен кызылча жерине тегиз жетти.Экөө дүкөндүн артындагы арыкка буттарын салып коюп, көпкө суйлөшүштү
Арык II эти качкан, толук эмес, семиз эмес.« Ачтын тогу,арыктын семизи бар »
Фразеологиялык сөздүк. Бир тилдеги фразеологизмдердин жыйындысын камтыган сөздүк фразеологиялык сөздүк делет. Анда фразеологизмдердин маанилери түшүндүрүлөт, мисалдар келтирилет.
«Жүрөгү жок. Коркок, өтүмү жок, кайратсыз. Болуптур эмесе, жүрөгү жок коркоктор. Жүрөгү жок ургандар, качып берип сайдырар»
Диалектилик сөздүк. Диалектилик мүнөзгө ээ болгон сөздөрдү, фразеологизмдерди өз кучагына алган сөздүк диалектилик сөздүк болуп эсептелет. “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнүн”
1-тому Ж. Мукамбаев тарабынан 1972-жылы биринчи жолу, 1976-жылы оңдолуп экинчи жолу басылып чыкты. Мындай сөздүктөрдө диалектилик сөздөр берилет. Алардын кайсы аймакта, райондо колдонулары көрсөтүлөт.
Орфографиялык сөздүк. Сөздүн туура жазылыш варианттарын белгилеп көрсөткөн сөздүк орфографиялык сөздүк болот:
«мээлей
мээлейлик
мээнет (мейнет эмес) мээнети, мээнетти
мээнеткеч (мейнеткеч эмес )
мээнеткечтик, мээнеткечтиги, мээнеткечтикке
мээр, мээрим, (мейрим эмес )
мээримдүү (мейримдүү эмес)»
Орфографиялык сөздүктөрдүн жалпы сабаттуулукту көтөрүүдө ролу чоң. Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүктөрү 1938-жылдан бери бир нече басылды. 1966–жылы Х.Карасаев тарабынан түзүлүп,60 000 миңге жакын сөздү камтыган. « Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү » жарык көрдү. Бул сөздүк кыргыз лексикасын бир топ кеңири камтыгандыгы менен баалуу. Ал толукталып, учурунда басма сөзгө айтылган кемчиликтер эске алынып,
1984–жылы кайра басылды. Х.К.Карасаевдин мектеп окуучуларына арналган «Орфографиялык сөздүгү» да үч жолу кайталанып жарык көргөн. Атайын башталгыч класстын окуучуларына арналган « Орфографиялык сөздүкчө » да бар. Муну силер окуучуларга сунуш кылып, пайдалансаңар болот.
7. Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн сөздүгү. Мындай сөздүктөргө башка тилдерден кирген сөздөр топтоштурулат, кайсы тилден киргендиги көрсөтүлүп, мааниси түшүндүрүлөт. Бул типтеги сөздүккө Х.К.Карасаевдин
«өздөштүрүлгөн сөздөр» деген 5100 сөздү камтыган создугун айтса болот.
Морфемалык сөздүктөрдө сөздөр морфологиялык структурасы боюнчабоюнча морфемаларга ажыратылат. Алар морфологияны өздөштүрүүдө практикалык жардам көрсөтүү максатында төзөлүт. Мындай сөздүк кыргыз тилинде биринчи жолу Ж.Мукамбаев, А.Осмонкулов тарабынан түзүлүп, «Кыргыз тилинин морфемалык сөздүгү» деген ат менен жарык көргөн:
«текшер
Текшер-ил
Текшерелүү-ил үү
Текшер- иш
Текше- иш-тир
Текшер- ттир
Текшерүү»
Ономастикалык сөздүк. Тилдин сексикасынын өзгөчө катмарын энчилүү аттар түзөт. Аларды топтоштурган сөздүктөр ономастикалык сөздүктөргө кирет. Мындай мүнөздөгү сөздүктөргө Ш.Жапаровдун «Кыргыз адам аттарынын сөздүгү»
С.Ө.Өмүрзаков, А.А.кешикбаев, Л.И.Мээрина, Т.Э.Эшенкуловдун
«Кыргыз СССРнин география аттарынын өздүгү» сыяктуу эмгектерди кошууга болот.
Этимологиялык сөздүк. Сөздөрдүн тегин, келип чыгышын баяндаган сөздүк – этимологиялык сөздүк. К.Сейдакматов түзгөн « Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү » басылып чыккан. Бул сөздүктөн мисал келтирели:
«Буудай. Көпчүлүк түрк тилдеринде бугдай түрүндө айтылган сөз кыргыз тилинде буудай деп, өзбек тилинин диалектиренде бугдаг түрүндө айтылат. Булардын ичинен өзбек тилинин диалектисиндеги бугдаг түрү эң алгачкы калыбына жакыны дешке болот. Анткени бул сөз буг – бугу этиши азыркы буу этишинин жана – дак синде болгон, ага зат атооч жасоочу – дак мүчөсү жалганган.»
Лингвистикалык сөздүктөрдүн экинчи тобу - эки тилдүү же котормо сөздүктөр. Булар башка тилдин сөздүк курамын кыргыз тилине же, тескерисинче, кыргыз тилинин сөздүк курамын башка тилге которуу үчүн зарыл. Котормо сөздүктөрдүн ичинен эң кеңири тараганы – кыргызча –орусча , орусча – кыргызча сөздүктөр.
Кыргыз тилиндеги котормо сөздүктөрдү түзүүдө профессор К.К.Юдахиндин эмгегин өзгөчө белгилөө керек. Анын 25 миң сөздү камтыган « кыргызча- орусча сөздүгү » 1940 – жылы басылып чыгат. Сөздүктө ошол учурдагы улуттук сөздүктөрдөн айырмаланып, сөздөрдүн кайсы тилден киргени да көрсөтүлөт. Сөздүктү автор кайра иштеп, көлөмүн эки эсеге жакын ашырып, 1965- жылы басмадан кайра чыгарат. Ал китеп 1967–жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 1985-жылы эки томго бөлүнгөн үчүнчү басылышы жүзөгө ашырылды. Сөздүк кыргыз тилинин өтө бай материалдары менен жабдылган.К.К.Юдахин бул залкар эмгекти көп жылдар бою талыкпай эмгектенөө менен жараткан.
Котормо тибиндеги лексикографиялык ири эмгектердин дагы бири – Х.Карасаев , Ж.Шүкүров, К.К.Юдахиндер тарабынан түзүлүп , К.К.Юдахин редакцияган «Орусча – кыргызча сөздүк». Мектеп окуучулары үчүн Ж.Шүкүров, Ю.Яншансиндер түзгөн «Орусча–кыргызча сөздүк» да 1955-жылдан бери бир нече жолу басылды. Бул сөздүктөр орус тилин үйрөнүүдө белгилүү роль ойноду.
Кийинки мезгилде «Орусча-кыргызча фразеологиялык сөздүк», «Орусча-кыргызча жана кыргызча-орусча антонимдердин сөздүгү», кыргызча-орусча-англисче сыяктуу котормо сөздүктөрдүн түрлөрү пайда болууда.
Колдонулган адабияттар: Азыркы кыргыз тили. А.Жалилов.