СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим беруу боюнча

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Билим беруу боюнча»

Бишкек шаары

2003-жылдын 30-апрели N 92


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


Билим берүү жөнүндө


(Кыргыз Республикасынын

2006-жылдын 28-декабрындагы N 225,

2007-жылдын 31-июлундагы N 111,

2007-жылдын 31-июлундагы N 115,

2009-жылдын 20-январындагы N 10,

2009-жылдын 17-июнундагы N 185,

2010-жылдын 15-январындагы N 2,

2011-жылдын 13-июнундагы N 42,

2011-жылдын 8-августундагы N 150,

2011-жылдын 29-декабрындагы N 255

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


I Глава. Жалпы жоболор

II Глава. Билим берүү тутуму

III Глава. Билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын,

педагогдордун жана ата-энелердин укуктары менен

милдеттери

IV Глава. Окуп жаткандар менен билим берүү тутумунун

кызматкерлерин социалдык жактан коргоо

V Глава. Билим берүү тутумун башкаруу

VI Глава. Билим берүүнү өнүктүрүүнүн экономикалык негиздери жана

каржылоо

VII Глава. Билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтык жана

тышкы экономикалык иш

VIII Глава. Корутунду жоболор


Ушул Мыйзам билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын, билим берүү процессин жүзөгө ашыруунун, билим берүү уюмдарынын ишинин, Кыргыз Республикасында билим алуунун принциптерин белгилейт, ошондой эле аны жүзөгө ашыруунун укуктук базасы болуп кызмат кылат.


I Глава

Жалпы жоболор


1-статья. Негизги түшүнүктөр


Ушул Мыйзамда негизги түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:

академиялык эркиндик - мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде окутуу программаларын иштеп чыгуу, окуу сабактарын өз алдынча баяндоо, илимий изилдөөлөр үчүн теманы жана аларды ишке ашыруунун усулдарын тандап алуу, ошондой эле окуп жаткандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүнө ылайык билим алуу укугу;

аккредитация (аттестация) - билим берүү уюмунун статусун же билим берүү программаларын таануу;

мамлекеттик аккредитация - мамлекеттик аккредитациялык уюм жүргүзүүчү аккредитация;

институционалдык аккредитация - аккредитациялык уюмдун билим берүү уюмдарынын статусун аныктоосу (тастыктоосу);

программалык аккредитация - мамлекеттик же билим берүүнүн башка стандарттарына билим берүү программасынын ылайык келишин аныктоо (тастыктоо);

бакалавр - магистратурага өтүүгө жана кесиптик ишин жүргүзүүгө укук берген базалык жогорку кесиптик билимдин академиялык даражасы;

жогорку кесиптик билим берүү - билим берүү программаларынын жана стандарттарынын тиешелүү деңгээлинде адистерди окутуу, даярдоо, кайра даярдоо;

бюджеттен тышкаркы билим берүү иши - акы төлөө негизинде мамлекеттик билим берүү уюмдары көрсөткөн билим берүү кызматы;

билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясат - мамлекеттик билим берүү жаатында толук аныкталган стратегиялык максаттарды жана жалпы мамлекеттик же глобалдуу маанидеги милдеттерди чечүү үчүн билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында ал жүзөгө ашыруучу багыттоочу жана жөнгө салуучу иши. Ал мыйзамдар, жалпы мамлекеттик программалар, өкмөттүк токтомдор, ошондой эле коомдук уюмдарды жана кыймылдарды, кеңири коомчулукту алардын карамагында болгон каражаттар (массалык маалымат каражаттары, коомдук академиялар, кесиптик ассоциациялар, союздар ж.б) аркылуу колдоо көрсөтүү үчүн аларды тартуу жолу менен ишке ашырылат;

дистанциялык билим берүү технологиялары - негизинен информатизация жана телекоммуникация каражаттарын колдонуп, окуп жаткандар менен педагогикалык кызматкердин кыйыр же толук эмес кыйыр түрдө өз ара иш жүргүзүүсү аркылуу ишке ашырылуучу билим берүү технологиялары;

эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү - билим берүү стандарттары тынымсыз өркүндөп жатканына байланыштуу жумушчулардын, кызматчылардын, адистердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу максатында инсандын суроо-талаптарын толугураак канааттандыруу;

балдарга кошумча билим берүү - жалпы билим берүү жана башка билим берүү уюмдарында окуудан бош мезгилинде базалык билим берүүдөн тышкары кошумча программаларды өздөштүрүү аркылуу балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын кесипти эркин тандоосуна жана алардын кызыкчылыктарын, руханий талаптарын жана муктаждыктарын толугураак канааттандырууга негизделген мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүү тутумунун өзгөчө бөлүгү;

мектеп жашына чейинки билим берүү - баланы турмушка жана мектепке алгачкы даярдоо, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү негизги максаты болуп саналган таалим-тарбия берүү тутуму;

кабыл алуу квотасы - мамлекеттик билим берүү тапшырыгынын, анын ичинде I, II топтордогу майыптардын ичиндеги жарандарды, жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңештирилген адамдарды, бала күнүнөн майыптарды, майып балдарды, айылдык жаштарды жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдарды, ошондой эле жетим балдарды жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды техникалык жана кесиптик орто жана жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн бөлүнүп берилүүчү билим берүү гранттарынын көлөмүнүн чектелүү саны;

лицензиялоо - билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берүү, анын максаты билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары койгон талаптардын деңгээлинде кепилдикке алынган билим сапатын камсыз кылуу болуп саналат;

магистр - аспирантурага өтүүгө жана кесиптик ишин жүргүзүүгө укук берген толук жогорку кесиптик билимдин академиялык даражасы;

кесиптик башталгыч билим берүү - негизги же жалпы орто билим берүү базасында квалификациялуу эмгек кызматкерлерин (жумушчуларды, кызматчыларды) коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча даярдоо;

билим берүү - инсанды, коомду жана мамлекетти гармониялуу өнүктүрүү максатында окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлине жетишүүсүн тастыктоо менен коштолгон тарбиялоонун жана окутуунун тынымсыз, тутумдуу процесси. Билим алуу деп окуп жаткандардын тиешелүү документ менен тастыкталган белгилүү бир билим деңгээлине жетиши жана аны ырасташы түшүнүлөт;

билим берүү программасы - конкреттүү бир деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүү мазмуну;

билим берүү процесси - педагогдордун түздөн-түз катышуусу жана окуп жаткандардын өз бетинче окуусу менен ар кандай түрдөгү сабак өтүү формасында, ошондой эле окуп жаткандардан жана бүтүрүүчүлөрдөн экзамен, зачет алуу, аттестациялоонун дагы башка түрлөрү аркылуу тарбиялоонун жана окутуунун уюшулган процесси. Билим берүү процесси менен билим берүү программалары ишке ашырылат;

билим берүү стандарты - негизги билим берүү программаларынын мазмунунун билим берүү минимумун, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына коюлуучу базалык талаптардын, окуп жаткандарга жетимдүү окуу жүктөмүнүн чегин аныктоочу ченемдер менен эрежелердин жыйындысы;

билим берүү стратегиясы (билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы) бир бүтүн социалдык институт катары билим берүү тутумунун негизги багыттарын жана принциптерин аныктоо;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши (мындан ары - камкорчулук кеңеши) - мамлекеттик билим берүү уюмунун уставдык максаттарына жетүүсү үчүн, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуу жана алардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча көмөк көрсөтүү функцияларын жүзөгө ашыруучу, юридикалык жак статусу жок мамлекеттик билим берүү уюмунун тең башкаруусунун шайлануучу органы;

жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү - кесиптик жогорку билим берүү базасында жарандарга билим деңгээлин, илимий педагогдук квалификациясын жогорулатууга мүмкүн болгон билим берүү;

кесиптик даярдоо - окуп жаткандардын белгилүү бир ишти, иштердин тобун аткарууга зарыл билимге, жөндөмгө жана ыкка ээ болуусу. Кесиптик даярдык окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим деңгээлин жогорулатуу менен коштолбойт;

билим берүү тутуму - өз ара иш жүргүзүүчү жолун уланткан билим берүү программаларынын жана ар кандай деңгээлдеги жана багыттагы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, аларды ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын жана адамдардын, ошондой эле билим берүүнү башкаруу органдарынын жана аларга ведомстволук жактан караштуу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жыйындысы;

адис - жогорку окуу жайдан кийинки тиешелүү билим берүү формаларында квалификациясын жогорулатуу укугу менен тиешелүү адистик боюнча толук кесиптик жогорку билим берүүнүн кесиптик квалификациялык даражасы;

атайын билим берүү - саламаттыгы же психикалык жагынан кемчилиги бар балдарды атайын же кадимки окуу жайларында окутуу;

кесиптик орто билим берүү - негизги, жалпы орто же кесиптик башталгыч билим берүү базасында белгилүү бир адистик (багыт) боюнча окуп жаткандардын кесиптик билимге, жөндөмгө жана ыкка ээ болуусун камсыз кылуучу даярдык;

билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - компетенциясына билим берүү жагындагы маселелер кирген Кыргыз Республикасынын министрлиги жана ведомстволору жана алардын аймактык түзүмдөрү;

билим берүү процессине катышуучулар - окуп жаткандар (тарбиялануучулар), педагогикалык кызматкерлер, билим берүү уюмдарынын окутуучу-көмөкчү жана башкаруучу кызматкерлери, окуп жаткандардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү);

мектеп (жалпы) билим берүүсү - тарбиялоо жана окутуу тутуму, ушул тутумдун баскычтарына шайкеш келүүчү коомдо активдүү иштөөгө зарыл билимди, жөндөмдү, практикалык ыкты камсыз кылат;

экстернат - тиешелүү билим берүү уюмунда кийин аттестациядан (учурдагы жана жыйынтыктоочу) өтүү менен негизги билим берүү программаларына ылайык окуп жаткандардын сабактарды өз алдынча окуп үйрөнүшү.

Билим берүү жаатындагы ченемдик базаны калыптандырууда колдонулуучу башка бардык атайын түшүнүктөр ушул статьяда баяндалган негизги түшүнүктөргө карама-каршы келбөөгө тийиш.

(КР 2010-жылдын 15-январындагы N 2, 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


2-статья. Билим берүү жөнүндө


Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Билим берүү жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары менен жөнгө салынат.


3-статья. Билим алуу укугу


Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим алышат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


4-статья. Билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери


Билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылык берилген стратегиялык багыты болуп саналат.

Кыргыз Республикасында билим берүү эл аралык келишимдерде жана пактыларда, Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясында жарыяланган принциптерге, демократиянын жана элдин гумандуу баалуулуктарына, дүйнөлүк маданияттын принциптерине негизделет. Билим берүүнү уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөндөгүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын сапаттуу билим алуу укуктарынын теңдиги;

- ар бир жарандын милдеттүү жана акысыз баштапкы жана негизги билим алуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда акысыз жалпы орто билим алуу; мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын чегинде мамлекеттик окуу жайларында акысыз кесиптик, атайын орто жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү;

- акы төлөө негизинде, анын ичинде мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуу мүмкүнчүлүгү;

- билим берүүнүн гумандуу мүнөзү, улуттук маданий байлык менен шайкеш келген жалпы адамзаттык баалуулуктарга артыкчылык берүү, жарандуулукка, эмгекти сүйүүгө, патриотизмге жана адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоого тарбиялоо;

- ата мекендик, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык тажрыйбанын жетишкендиктерине багыт алуу;

- билим берүү процессинин ырааттуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

- билим берүүнүн саясий жана диний институттарга көз карандысыздыгы;

- окутуунун, тарбия берүүнүн типтери жана формалары, иш багыттары, менчик формалары жагынан билим берүү уюмдарынын көп түрдүүлүгү;

- билим берүү уюмдарында окутуунун динден тышкаркы мүнөзү;

- жалпы орто билим берүүнүн жалпыга жетимдүүлүгү, билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын өсүп-жетилүүсүнүн жана даярдыгынын деңгээли менен өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келиши;

- окуп жатышкандардын өзгөчө зээндүүлөрүнүн чыгармачылыгы тынымсыз өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;

- билим берүүнүн мамлекеттик эмес түзүмдөрүнүн иштөө мүмкүнчүлүгү;

- билим берүү уюмдарынын академиялык эркиндиги, академиялык ак ниеттиги.


5-статья. Мамлекеттик билим берүү стандарттары


Кыргыз Республикасында негизги билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет, алар негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумун, окуп жаткандардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн, бүтүрүүчүнү даярдоонун деңгээлине карата талаптарды, окуп жаткандардын белгилүү бир билим берүү программаларын өздөштүргөнүн ырастаган документтердин формаларын аныктайт.

Негизги билим берүү программалары үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруу билим алуунун формасына карабастан, билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

Мамлекеттик билим берүү стандарттары Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-июлундагы N 554 "Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому


6-статья. Окутуунун тили


Билим берүү уюмдарында тил саясаты Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекет ар бир жаранды мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тартып негизги билим берүүгө чейин мамлекеттик тилди жана эки чет тилди окутуп, үйрөтүүгө шарттарды түзөт.

Тиешелүү шарттар болсо, окутуу ошондой эле ар кандай башка тилде да жүргүзүлсө болот.

Эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыз элинин өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде билим алууга мамлекет көмөк көрсөтөт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


7-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алуу

укуктарына мамлекеттик кепилдиктер


Мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жарандардын билим алуу укугун төмөндөгүдөй жолдор менен камсыз кылат:

- инсандын, коомдун жана мамлекеттин таламдарына ылайык келген билим берүү тутумун түзүү;

- эгерде билим берүүнүн ушул деңгээлин жаран биринчи жолу алып жатса, акысыз милдеттүү негизги жалпы, жалпыга жетимдүү акысыз жалпы орто, акысыз кесиптик башталгыч жана конкурстук негизде кесиптик орто, кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайдан кийин мамлекеттик кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик тапшырыктын жана билим берүү стандарттарынын чегинде билим алуу үчүн зарыл социалдык-экономикалык жана укуктук шарттарды түзүү. Окуп жаткандардын акысыз билим алуусу мамлекеттик билим берүү уюмдарын күтүүнү бюджеттен каржылоо, билим берүү уюмдарынын билим берүүчү кызматтарына бюджеттик каражаттардан акы төлөө, болбосо мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү аркылуу ишке ашырылат;


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы N 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому


- окутуу, тарбиялоо формасына, билим берүү уюмунун тибине жана менчигинин түрүнө карабастан окуп жаткандарды жана тарбиялануучуларды социалдык жана укуктук жактан коргоону жүзөгө ашыруу;

- окуу китептерин, окуу жана усулдук колдонмолорду чыгаруу жана алар менен мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларын камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү квоталардын чектеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга акысыз баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


8-статья. Билим берүүнү өнүктүрүүгө мамлекеттик стимулдаштыруу


Мамлекет билим берүүнү каржылоо, мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим берүү тутумунун кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө маселелеринде артыкчылыктуу саясатты жүргүзөт, коомдо педагогдук, илимий жана камкордук көрүү ишинин кадырын көтөрүүнү колдойт.

Кыргыз Республикасында билим берүү жаатында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана атайын белгилер белгиленет.


9-статья. Билим берүү уюмунун укуктук статусу


Билим берүү уюму юридикалык жак болуп саналат.

Мамлекет аралык билим берүү уюмдарынын укуктук статусу өкмөт аралык келишимдерге ылайык аныкталат.

Юридикалык жактын укуктары, ошондой эле билим берүү уюмдарынын уставдык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүү жагынан жарандык укуктары алар катталган жана билим берүү ишине лицензия алган учурдан тартып пайда болот.

Билим берүү уюмунун статусу (ишке ашырылуучу билим берүү программаларынын деңгээлине жана багытына ылайык аныкталуучу тиби, түрү жана категориясы) аны аккредитациялоо (аттестациялоо) учурунда белгиленет (тастыкталат).

Инсанды тарбиялоого, окутууга, кесиптик жактан калыптанышына олуттуу салым кошкон айрым мамлекеттик билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Улуттук" деген статус ыйгарылышы мүмкүн.

Билим берүү уюмунун укуктары менен ыйгарым укуктары ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылары, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы тарабынан бекитилүүчү билим берүү уюмдарынын тиешелүү типтери жөнүндө жобо жана алардын негизинде иштелип чыгуучу устав менен аныкталат.


10-статья. Билим берүү уюмунун уставы


Билим берүү мекемесинин уставы анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) тарабынан бекитилет, ал эми билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте катталат.

Билим берүү уюмунун уставында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- аталышы, жайгашкан жери (юридикалык дареги) жана уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар);

- ишинин предмети жана максаты;

- билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби;

- билим берүү уюмуна кабыл алуунун тартиби;

- окуп жаткандарды чыгарып жиберүү тартиби;

- окуу процессин, анын ичинен окутуунун жана тарбиялоонун тилин (тилдерди), окуп жаткандарга сабак берүү режимин уюштуруу;

- билим берүү уюмунун кызматкерлеринин штатын түзүүнүн тартиби, эмгекке акы төлөөнүн шарты жана тартиби, алардын укуктары жана милдеттери;

- каржылоонун, чарбалык иштин түзүмү жана тартиби, билим берүү уюмунун ишин финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун булактары;

- билим берүү уюмунун органдары, алардын компетенциясы жана башкаруу тартиби;

- уставын өзгөртүүнүн тартиби;

- билим берүү уюмун кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби.

Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын уставы, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттарды чыгымдоо маселеси боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.

Билим берүү уюмунун уставы билим берүү жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылгандан кийин юстиция органдарында катталууга тийиш.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


II Глава

Билим берүү тутуму


11-статья. Билим берүү программалары


Кыргыз Республикасында жалпы (негизги жана кошумча) жана кесиптик (негизги жана кошумча) билим берүү программалары ишке ашырылат.

Билим берүү программалары инсандын жалпы маданиятын калыптандырууга жана коом турмушуна ыңгайлашуусуна, кесиптик билим берүү программасын аңдап тандап алышынын жана өздөштүрүшүнүн пайдубалын түптөөгө багытталган.

Жалпы билим берүү программаларына төмөндөгүлөр кирет:

- мектепке чейинки билим берүү;

- башталгыч жалпы билим берүү;

- негизги жалпы билим берүү;

- жалпы орто билим берүү;

- кошумча билим берүү.

Кесиптик билим берүү программалары кесиптик деңгээлди ырааттуу жогорулатууга, тиешелүү квалификациядагы адистерди даярдоого багытталган.

Кесиптик билим берүү программаларына төмөндөгүлөр кирет:

- кесиптик башталгыч билим берүү;

- кесиптик орто билим берүү;

- кесиптик жогорку билим берүү;

- жождон кийинки кесиптик билим берүү;

- кошумча кесиптик билим берүү.


Караңыз:

Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруунун шарттары жана структурасы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 53 токтому менен бекитилген)


Ар бир негизги жалпы билим берүү же негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн милдеттүү минималдуу мазмуну менен ченемдик мөөнөттөрү тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарында белгиленет.


12-статья. Билим берүү уюмдары


Билим берүү уюмдарына мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жалпы билим берүү уюмдары (мектептер, лицейлер, гимназиялар), мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, атайын билим берүү уюмдары, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмдары, башталгыч (кесиптик лицей, кесиптик орто окуу жайы ж.б.), орто (орто окуу жайы, колледж, техникум ж.б.), жогорку (институт, академия, университет, консерватория ж.б.) жана жождон кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары кирет.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 53 токтому менен бекитилген);

Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 53

токтому менен бекитилген);

Кыргыз Республикасынын жогорку аскер окуу жайларынын билим берүү мекемелери жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 275 токтому менен бекитилген).


13-статья. Билим берүү уюмдарын уюмдаштыруучулар


Билим берүү уюмдарынын уюмдаштыруучулары катары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар мамлекеттик билим берүү стандарттарын сактаса, эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар боло алышат.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, министрликтер жана башка аткаруу бийлик органдары үчүн аскердик кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт.

Билим берүү уюмдарын түзүүдө бөтөнчө учурлардан тышкары, төмөнкүлөрдө: мектеп билимин берүүдө - жалпы билим берүү мектеби, кесиптик орто билим берүүдө - кесиптик орто окуу жайы, кесиптик жогорку билим берүүдө - институт баштапкы статусун алат.

Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын уюмдаштыруучулардан болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы, министрликтер менен мамлекеттик комитеттер саналат.

Мамлекеттик бийлик органдары, билим берүү мамлекеттик башкаруу органдары жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кайра түзүлгөн учурда уюмдаштыруучулардын укугу тиешелүү укук мураскорлоруна өтөт.

Билим берүү уюмдарына көрүнүктүү инсандардын атын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органынын макулдугу менен жүргүзүлөт.


14-статья. Билим берүү формалары


Билим берүү программалары окуп жаткандардын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу, дистанциялык, экстернат, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жекече мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы деңгээлдеги билим берүү формаларында өздөштүрүлөт.

Экстернаттык, күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу, дистанциялык билим берүү формаларында үйрөнүүгө тыюу салынган кесиптер менен адистиктердин тизмеси Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы тарабынан аныкталат.

Күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу формасында жана экстернат формасында кесиптерге жана адистиктерге ээ болууга жол берилбейт, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы тарабынан белгилеген тартипте дистанциялык билим берүү технологиясы аркылуу аны өздөштүрүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн.

Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы белгилеген тартипте жарым-жартылай же толук көлөмүндө билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн дистанциялык билим берүү технологиясын колдоно алат.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 2005-жылдын 14-сентябрындагы N 617/1 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында экстернат таризинде мектептик билим алуу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" буйругу


15-статья. Мектепке чейинки билим берүү


Мектепке чейинки билим берүү үй-бүлөдө жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат жана инсандын дене, интеллектуалдык жана адеп-ахлактык жактан өсүп-жетилишинин негиздерин түптөйт.

Ата-эне (мыйзамдуу өкүлдөр) мектеп жашына чейинки балдардын инсан катары дене, адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан өсүп-жетилишинин негиздерин түптөөгө милдеттүү.

Мамлекет мектеп жашына чейинки балдардын тарбияланышына финансылык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө кепилдик берет, калктын бардык катмарлары үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан таалим-тарбия ала алгыдай шартты камсыз кылат.

Мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоо, алардын дене-боюнун жана психикалык саламаттыгын сактоодо жана чыңдоодо, жеке шыгын өнүктүрүү жана мындай балдардын өсүп-жетилишиндеги өксүктөрдү зарыл түрдө оңоодо үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагы иштейт.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосундагы мамиле алар өз ара түзгөн келишим менен жөнгө салынат, ал тараптардын мыйзамда белгиленген укуктарын чектей албайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектеп жашына чейинки балдарды үйүндө тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө усулдук, диагностикалык жана консультациялык жардам берүүнү уюштурат жана координациялайт.

Мектепке чейинки билим берүү уюму 6 айдан 7 жашка чейинки балдарга кызмат кылат.

Мектепке чейинки билим берүү мамлекеттик, муниципалдык менчик мектепке чейинки уюмдарында жана альтернативалуу билим берүү түзүмдөрүнүн мектепке чейинки уюмдарында жүзөгө ашырылат.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун статусу жана эмгек акысы башталгыч билим берүүнүн мугалимдердикине теңештирилет.

(КР 2010-жылдын 15-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


16-статья. Мектепте билим берүү


Мектептик билим берүү билим берүү тутумунун негизги звеносу саналат жана 3 баскычты камтыйт:

- жалпы башталгыч - 1-4-класстарды;

- жалпы негизги - 5-9-класстарды;

- жалпы орто - 10-11-класстарды.

Жалпы башталгыч жана жалпы негизги мектепте окуу Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында - акысыз болуп саналат. Мамлекет жарандардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында акысыз жалпы орто билим алууга болгон укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылат.

Мектептеги билим берүү инсандын коомдо активдүү иштеши жетиштүү болгон, өз баскычтарына шайкеш келгидей билимин, жана практикалык ык алуусу менен өсүп-жетилүүсүн камсыз кылып, кесип жана квалификация алышына база катары кызмат кылат.

Эреже катары, мектепке кирүү курагы - 6-7 жаш, ар бир класста окуунун узактыгы - бир окуу жылынан кем эмес.

Жалпы башталгыч билим берүүнүн максаты: баланын инсандыгын калыптандыруу, анын интеллектуалдык шыгын өөрчүтүү, окуп жаткан тилинде эсеп-кысап, окуу жана жазуу ыктарына, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөшө билүү өнөрүнө үйрөтүү.

Жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүү окутуунун күндүзгү формасы боюнча жүзөгө ашырылат. Жалпы негизги билим берүү программасы боюнча окууга башталгыч мектепти бүткөн бардык окуучулар конкурссуз кабыл алынат. Атайын башталгыч мектептин бүтүрүүчүлөрү жалпы негизги билим берүүнүн программаларын өздөштүрүүгө даярдыгынын деңгээлин текшертүү шарты менен кабыл алынат.

Жалпы негизги билимге ээ болгон адамдар кесиптик башталгыч жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча, окууну улантууга укуктуу.

Жалпы орто билим берүү кесиптик орто же кесиптик жогорку билим берүү программалары боюнча окууну улантууга зарыл болгон инсандын негизги теориялык даярдыгын, билим алып жаткандардын таламдары жана жөндөмдүүлүктөрү боюнча тармактык тереңдетилген жалпы маданиятын калыптандырууну камсыз кылат.

Мамлекеттик орто мектепке жалпы негизги мектепти бүтүргөн бардык каалоочулар акысыз кабыл алынат.


17-статья. Балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим

берүү


Балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү мектептен тышкаркы, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мектептерде жана кошумча билим берүүчү башка уюмдарда ишке ашырылат, инсандын аңдап-билүүгө жана чыгармачылыкка болгон умтулуусун өнүктүрүүнү, инсандын, коомдун жана мамлекеттин таламдарын көздөп, кошумча билим берүү программаларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн ишке ашырууну камсыз кылат жана ыктыярдуу башталыштарда жүзөгө ашырылат.

Мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоону камсыз кылат.


18-статья. Мектептен тышкаркы билим берүү


Мектептен тышкаркы билим берүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн ар кандай таламдары менен муктаждыктарын толук канааттандыруу, бош убакыттарын жана эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо, кесиптик багыт берүү, инсанды адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан жетилтүү максатында маданий-эстетикалык, табигый-илимий, экологиялык-натуралисттик, техникалык, спорттук жана башка багыттардагы мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдар тармагы аркылуу жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарын каржылоону мамлекет камсыз кылат.


19-статья. Кесиптик даярдык


Мамлекет зарыл болгон учурларда жалпы негизги билими жок адамдарга алардын кесиптик даярдык алышы үчүн шарт түзөт.

Кесиптик даярдык кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынан, билим берүүчү башка уюмдардан жана жекече даярдоо тартибинде тийиштүү лицензиясы бар адистерден алынышы мүмкүн.


20-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү


Кесиптик башталгыч билим берүү квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону камтыйт.

Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга жалпы негизги же жалпы орто билими бар адамдар кабыл алынат. Квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин даярдоо жалпы жана кесиптик билим берүүнүн бирдиктүү интеграцияланган программасы боюнча жүргүзүлөт.

Зарыл болгон учурларда жалпы негизги билими жок адамдардын кесипке ээ болушу үчүн шарттар түзүлөт.

Кесиптик башталгыч билим берүү программалары кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында ишке ашырылат.

Кесиптик башталгыч билим берүү программасы боюнча окууну бүтүргөн адамга кесиби боюнча квалификация ыйгарылат.


21-статья. Кесиптик орто билим берүү


Кесиптик орто билим берүү жалпы негизги же жалпы орто билим берүү базасында ортоңку звенодогу адистерди даярдоону жана кайра даярдоону көздөйт.

Кесиптик орто билим берүү программасы боюнча окуусун ийгиликтүү бүтүргөн адамдарга тиешелүү адистик боюнча квалификация ыйгарылат.

Кесиптик орто билим берүү программалары кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарында ишке ашырылат.


22-статья. Кесиптик жогорку билим берүү


Кесиптик жогорку билим берүү жалпы орто, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү базасында инсандын билимин тереңдетүүдөгү жана кеңейтүүдөгү муктаждыктарын канааттандыруу максатында бакалаврларды, адистерди жана магистрлерди даярдоону жана кайра даярдоону камтыйт.

Кесиптик жогорку билим берүү программалары кесиптик жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарында (жогорку окуу жайларда) ишке ашырылат.

Тиешелүү багыттагы кесиптик орто билими бар адамдар тездетилген программалар боюнча кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн.

Кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген программа боюнча экинчи жана үчүнчү кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн.

Кесиптик жогорку билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмеси, программаларды өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү, аларды ишке ашыруу тартиби мамлекеттик билим берүү стандарттары менен аныкталат.

Кесиптик жогорку билим алууга жалпы орто билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи, үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет.


23-статья. Жождон кийинки кесиптик билим берүү


Жождон кийинки кесиптик билим берүү илимдин кандидаты жана доктору деген окумуштуулук даражалары бар илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууну көздөйт.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, эреже катары, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында жана илимий мекемелерде түзүлүүчү изденип алуу, аспирантура, адъюнктура жана докторантура аркылуу жүзөгө ашырылат.

Илимдин кандидаты жана илимдин доктору деген окумуштуулук даражалар мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан эл алдында диссертациясын жактап чыгуунун натыйжасы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин расмий өтүнмөсүнүн негизинде ыйгарылат.

Улук илимий кызматкердин, доценттин, профессордун окумуштуулук наамдары мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан окумуштуулук наам берүү сунушу жөнүндө жогорку окуу жайдын (илим-изилдөө институтунун) окумуштуулар кеңешинин (илимий-техникалык) чечиминин негизинде ыйгарылат.

Жождон кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.


24-статья. Эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү


Эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү (анын ичинде кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу) билим берүү уюмдарынын ар кандай түрлөрүнүн жана типтеринин тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат.

Эрезеге жеткендерге кошумча билим берүүнүн негизги милдети инсандын өз билимин өзү өркүндөтүү, өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу жана квалификациясын алмаштыруу муктаждыгын толугураак канааттандыруу болуп саналат.

Кошумча билим берүү программаларына төмөндөгүлөр аркылуу ишке ашырылуучу ар кандай багыттагы билим берүү программалары кирет:

- негизги билим берүү программаларынын чегинен тышкары жалпы жана кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында;

- кошумча билим берүүчү билим берүү уюмдарында (квалификацияны жогорулатуу курстарында, музыкалык жана көркөм өнөр мектептеринде, искусство мектептеринде жана тиешелүү лицензияга ээ болгон дагы башка билим берүү уюмдарда);

- жекече педагогикалык иш аркылуу.


25-статья. Билими жөнүндө документтер


Мектепке чейинки жана кошумча билим берүүдөн тышкаркы, лицензиялоодон жана андан кийин мамлекеттик аккредитациялоодон (аттестациялоодон) өткөн билим берүү уюмдары жалпы негизги билим берүү жана (же) кесиптик негизги билим берүү программаларын толук өздөштүргөн жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө (ар бир билим берүү уюмуна бирден ашпаган) билими (жана) же квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү документ беришет.

Окуп жаткандар жогорку окуу жайынын филиалын же башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмүн (юридикалык жакты) окуп бүтүрүшкөндө, билими жөнүндөгү документине ошол филиалдын же түзүмдүк бөлүмдүн жайгашкан жери көрсөтүлүү менен маалымат жазылат.

Тийиштүү билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ билим берүүнүн андан кийинки программаларынын деңгээли боюнча окууну улантуунун зарыл шарты болуп саналат.

Кесиптик башталгыч, кесиптик орто, кесиптик жогорку билими жана (же) квалификациясы жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жана жождон кийинки кесиптик билими тууралу документтерде көрсөтүлгөн окумуштуулук даражалар менен наамдар алардын ээлерине алган даярдыгына жараша кесиптик ишти жүргүзүүгө, анын ичинде белгиленген тартипте тийиштүү билим деңгээлине жараша милдеттүү квалификациялык талаптар кызмат орунун ээлөөгө укук берет.

Билим берүү уюму окуп жаткандардын билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн натыйжаларын жекече эсепке алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы белгилеген тартипте кагаз жүзүндө жана (же) электрондук жазуу түрүндө анын натыйжалары жөнүндөгү маалыматтарды архивге сактоону жүзөгө ашырат.

Билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтер так отчеттуулуктун документтери болуп саналат, аларды даярдоо, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын жекелештирилген документтеринин Мамлекеттик тизмегин жүргүзүүгө жана тейлөөгө жооптуу мамлекеттик органга таандык болуп эсептелет.


III Глава

Билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын,

педагогдордун жана ата-энелердин

укуктары менен милдеттери


26-статья. Окуп жаткандардын укуктары менен милдеттери


Ар кандай типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын укуктары менен милдеттери ушул Мыйзам жана билим берүү уюмдары жөнүндө жоболор менен аныкталат.

Кайсы типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында болбосун окуп жаткандар окутуунун кайсы гана этабында болбосун (кесиптик жогорку билим берүүчү окуунун биринчи жылынан кийин) билим берүү уюмун, билим алуунун формасын, белгилүү бир мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим алууну, ошол стандарттардын алкагында жекече билим берүү кызматтарын тандап алууга, өздөрүнүн адамдык аброюнун урматталышына, өз көз караштарын жана ынанымдарын эркин билдирүүгө укуктуу.

Билим берүү программасын толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн дистанциялык билим берүү технологиясын колдонушкан билим берүү уюмунда окуп жаткандар билим алуунун бардык укуктары менен милдеттерине, ал эми аны бүтүргөндө ошол билим берүү уюмунун билим жөнүндө документин алуу укугуна ээ.

Аккредиттелбеген билим берүү уюмдарында жекече билим берүү жана өз алдынча билим алуу түрүндө билим алган жарандар, экстернат (өзгөчө, адаттан тыш учурларда) түрүндө тиешелүү типтеги аккредиттелген билим берүү уюмдарында аттестациядан өтүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына мамлекеттик бюджеттин эсебинен студенттерди кабыл алуу 2000-жылдагы кабыл алуу планынан төмөн болбогон деңгээлде сакталат.

Лицензиясы же мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку окуу жайынын студенттери анык аскердик кызмат өтөөгө чакырылуу мөөнөтүн узартуу укугуна ээ.

Окуп жаткандар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программаларын өздөштүрүүгө, билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоого, улуттук каада-салттарды урматтоого, билим берүү уюмуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте юридикалык жоопкерчилик тартууга милдеттүү.

Жаш адистерди бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.


27-статья. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары менен

милдеттери


Жаш балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөндөгүлөргө укуктуу:

- окутуунун формасын, билим берүү уюмдарынын тибин жана түрүн тандап алууга, ошондой эле балага үй-бүлөдө билим берүүгө (өзгөчөлөнгөн, бөтөнчө жагдайларда);

- баланы окутуунун кайсы гана этабында болбосун окуусун улантуу үчүн билим берүү уюмдарына жиберүүгө;

- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында окуп жаткандардан билим алуу укугун сактоону талап кылууга.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) өзгөчө учурларда үй-бүлөдө балага жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүгө укуктуу. Үй-бүлөдө билим алган бала аттестациядан жакшы өткөндө окутуунун кайсы гана баскычында болбосун ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) чечими боюнча билим алуусун билим берүү уюмунда улантууга укуктуу.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) буларга милдеттүү:

- балдардын саламаттыгынын сактыгын, алардын руханий жана дене-боюнун жетилишин, үй-бүлөдө адеп-ахлактык жактан калыптанышын камсыз кылуучу тиричилик жана окуу шартын түзүүгө;

- балдарды билим берүү уюмдарына жайгаштырууга жана алардын жалпы негизги билим алуусуна кепил болууга;

- билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты колдоого.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланын жалпы негизги билим алышы боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.


28-статья. Педагогдук ишти иштөө укугу


Педагогдук ишти иштөө укугуна зарыл билим алган жана тиешелүү педагогдук квалификациясы бар адамдар ээ болушат.

Педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар кайра даярдоодон өткөндөн кийин педагогдук иште иштөө укугуна ээ болот.

Кесиптик жогорку билим берүү уюмунда педагог болуп иштөөгө эреже катары магистрден төмөн эмес билими бар адамдарга уруксат берилет.

Педагогдук иште иштөөгө соттолгон же медициналык жактан каршы көрсөтмөсү бар адамдарга жол берилбейт, анын тизмеси Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аркылуу аныкталат.

Педагогдук иште иштөө укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.


29-статья. Педагогдордун укуктары менен милдеттери


Педагогдор төмөндөгүлөргө укуктуу:

- педагогдук ишти уюштуруунун усулдары менен түрлөрүн эркин тандап алууга;

- педагогдук алдыңкы тажрыйбаны ишке жайылтууга;

- өз аброюн жана кесиптик баркын коргоого;

- кесиптик иши үчүн тиешелүү шарттарды талап кылууга.

- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы аныктаган тартипте мамлекеттин эсебинен өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатууга.

Педагогдор төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- педагогдук этиканын ченемдерин сактоого;

- окуучулардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн болбогон деңгээлде билим берүү программаларын өздөштүрүшүн камсыз кылууга;

- окуп жаткандардын өз алдынчалуулугун, окууга чыгармачыл мамиле жасоосун өнүктүрүүгө, жүрүм-турумунда жогорку адеп-ахлактык ченемдерди калыптандырууга;

- өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын кеминде 5 жылда бир жолу жогорулатууга;

- окуп жаткандарга карата күч жана моралдык зомбулук көрсөтүү усулдарын колдонбоого.


IV Глава

Окуп жаткандар менен билим берүү

тутумунун кызматкерлерин социалдык

жактан коргоо


30-статья. Окуп жаткандарды социалдык жактан коргоо


Мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте окуп жаткандарга окуу үчүн шарт түзөт, окуй турган жайлар, жабдуу, жатакана, жөлөкпул, материалдык жардам, тамак-ашка жана транспортто жүрүүгө жеңилдиктер, медициналык жактан тейлөө жана ден соолукту чыңдоо, окуу китептери менен (республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен студенттерге, окуп жаткандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө стипендиялар төлөнөт) камсыз кылат.

Социалдык жактан көмөк көрсөтүү үчүн кесиптик башталгыч, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын студенттерине, окуп жаткандарга социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн.

Социалдык билим берүү кредити жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Биринчи кесиптик жогорку билим берүү алкагында сырттан жана дистанциялык окуу формасында окугандар Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен белгиленген тартипте берилүүчү кошумча жеңилдиктерди алууга укуктуу. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери сырттан, дистанциялык окуу формасында окугандарга экинчи жогорку билим алышы үчүн кошумча жеңилдиктерди бериши мүмкүн, эгерде ал өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу болсо.

Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиондору жана байге ээлери жана Азия оюндарынын чемпиондору дене тарбия жана спорт жаатындагы адистик жана даярдоонун багыттары боюнча (бакалавриат, магистратура) окуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кирүү сынагысыз (экзамендерсиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.

"Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланат. "Спорттун чеберлигине талапкер" спорттук разряды, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик орто билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланышат.

Жетим балдарга жана ата-эне (мыйзамдуу өкүлдөрү) көзөмөлдүгүнөн камкордугунан өксүп калган балдарга билим берүү, алардын жашы жетилгенге чейин мамлекеттик камсыз кылуу негизинде жүзөгө ашырылат.

Окуп жаткандарды окуу сабактарынан жана окуу процессинен алагды кылууга Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органынын уруксаты менен жол берилет. Окуу процессин бузууга күнөөлүү болгон (тике же кыйыр) адамдар окуп жаткандарга келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруп беришет.

(КР 2009-жылдын 17-июнундагы N 185, 2011-жылдын 13-июнундагы N 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


31-статья. Балдардын жана окуучу жаштардын саламаттыгын сактоо


Билим берүү уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдардын жана окуучу жаштардын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого кепилдик берүүчү шарттарды түзөт.

Окуу-эмгек жүктөмү, окуучулардын окуу режими, анын ичинде дене тарбиясы билим берүү уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча аныкталат.

Узак дарыланууга муктаж болгон балдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден соолукту чыңдоо мекемелеринде окутуу шартын түзөт. Окуу сабактары ошондой эле үйдө, дарылоо мекемесинде жүргүзүлөт.


32-статья. Билим берүү тутумунун кызматкерлерин социалдык жактан

коргоо


Билим берүү уюмунун кызматкерлерине эмгек акы жана кызматтык маяна алардын эмгек келишиминде (контрактта) каралган иш-милдеттерин жана жумуштарды аткарганы үчүн төлөнүп берилет. Кызматкер аткарган башка жумуштар менен милдеттерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда жумуштун көлөмүнө жараша кошумча келишим боюнча төлөнөт.

Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Билим берүү уюмдары өздөрүнүн тескөөсүндөгү каражаттарынын чегинде эмгекке акы төлөөдө илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөндөргө жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдагандарга эмгек акысына (дифференциацияланган) үстөктөрдү өз алдынча кое алат.

Билим берүү кызматкерлерине төмөндөгүдөй кошумча акы белгиленет:

- илимдин доктору же кандидаты деген илимий даража үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;

- 5 жылдык педагогдук иш стажы үчүн - эмгек акынын он пайызынан аз эмес, 10 жыл үчүн - жыйырма пайызынан аз эмес, 15 жана андан да көп жыл үчүн - отуз пайызынан аз эмес өлчөмүндө.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы N 65 "Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө" токтому


Айыл жерлеринде жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендиги үчүн педагогикалык кызматкерлерге кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.

Билим берүү уюму өзүндө болгон каражаттардын чегинде кызматкерлерге эмгекке акы төлөөдө акчалай сыйлыктарды, материалдык кызыктыруунун жана компенсациянын дагы башка түрлөрүн белгилейт, ошондой эле окуу, усулдук жана илимий адабияттарды сатып алуу үчүн каражат бөлүп берилет.

Айыл жеринде жана шаарчаларда жашаган билим берүү кызматкерлерине дыйкан жана фермердик чарбаларынын мүчөлөрү менен бирдей эле жер үлүшүнө, кыймылсыз мүлккө жана башка мүлккө ээ болуу укугу берилет.

Айыл мектептерине иштегени келген жаш адистерге жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен чарбачылыгын жүргүзүү үчүн кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул берилет.

(Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жыл сайын милдеттүү түрдө мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелеринде амбулатордук медициналык акысыз кароосунан өтүшөт.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 225, 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


33-статья. Окуучулардын өзгөчө контингентик социалдык жактан

коргоо


Мамлекет балалыкты социалдык жактан коргоо саясатын жүргүзөт жана жетим балдарды мамлекеттик камсыздоого алат, ошондой эле дарттын оор түрлөрүнөн жабыр тарткан же дене-боюнан же акыл-эсинин өсүшү жагынан кемчилдиги бар балдарды камкордукка алат.

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары жалпы негизги билим (жалпы орто билим) алгандан кийин акысыз кесиптик башталгыч билим алуу укугуна ээ болушат.

Дене-боюнун же акыл-эсинин өсүшү жагынан кемчилдиги бар балдар үчүн аларды дарылоону, тарбиялоону жана окутууну, социалдык жактан байыр алууну жана коомго жуурулушууну камсыз кылуучу атайын топтор, класстар же уюмдар уюштурулат.

Дене-боюнун же акыл-эсинин өсүшү жагынан кемчилдиги бар балдар үчүн уюмдарды ачуу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

Балдарды мындай уюмдарга жиберүү медициналык комиссиянын корутундусу боюнча жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Бул уюмдарга жиберилген балдардын категориясы, ошондой эле аларды мамлекеттин толук камкордукка алышы тийиштүү медициналык комиссиялар тарабынан аныкталат.

Социалдык жактан коркунуч туудурган жана тарбия берүү менен окутуунун өзгөчө шарттарына муктаж болгон балдар үчүн аларды окутууну, кесиптик даярдоону жана медициналык-социалдык жактан калыбына келтирүүнү камсыз кылуучу атайын окутуу-көмөкчү уюмдары түзүлөт.

Балдарга социалдык коркунуч туудурган жана өзгөчө тарбия берүүгө жана окутууга муктаж болгон окуучуларды балдар уюмдарына жиберүү соттун чечими боюнча гана жүзөгө ашырылат.

Түзөтүү-эмгек мекемелеринде жаткан балдар үчүн ошол уюмдардын администрациясы жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы тарабынан жалпы негизги жана кесиптик башталгыч билим берүү, ошондой эле өз алдынча билим алуу үчүн шарттар түзүлөт.


V Глава

Билим берүү тутумун башкаруу


34-статья. Билим берүү тутумун мамлекеттик башкаруу органдары


Билим берүү тутумун башкаруу Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук жана региондук органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Билим берүү тутумун мамлекеттик башкаруунун түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ага мыйзам берген ыйгарым укуктардын чектеринде иштелип чыгат жана бекитилет.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы N 639 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому


35-статья. Билим берүүнү башкаруудагы мамлекеттин компетенциясы


Билим берүү жаатындагы мамлекеттин компетенциясына төмөндөгүлөр

кирет:

- мамлекеттик билим берүү саясатын, билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүү жана жүзөгө ашыруу, бул чөйрөдөгү артыкчылыктарды аныктоо;

- билим берүү жаатындагы мамилелерди жалпы мамлекеттик деңгээлде укуктук жактан жөнгө салуу;

- мамлекеттик бюджеттин билим берүүгө жумшалуучу чыгымдар жагын ченемдик негизде түзүү, билим берүү тутумун каржылоонун тартибин аныктоо;

- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан,

бардык билим берүү уюмдарына жалпы окуу-илимий-усулдук жактан жетекчилик кылуу;

- мамлекеттик каржылоо үчүн республикалык жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмесин аныктоо;

- билим берүү тутумун маалыматтар менен камсыз кылуу, окуу адабияттарын жана окуу куралдарын бастырууну жана чыгарууну уюштуруу;

- окутуунун ченемдик мөөнөттөрүн билим берүүнүн деңгээлдери боюнча аныктоо;

- билим берүү уюмдары үчүн кесиптердин жана адистиктердин тизмесин аныктоо;

- билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын белгилөө;

- билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана эл аралык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо;

- лицензиялоо, тестирлөө, аккредитациялоо институттары аркылуу билим берүүнүн сапатына кепилдик берүү;

- камкорчулук жана билим берүү кыймылдарына колдоо көрсөтүү жана аларды өнүктүрүү;

- мыйзам тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кадр саясатын жүзөгө ашыруу.


36-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

компетенциясы


Билим берүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- билим берүү уюмдарынын тармагын өнүктүрүү жана жарандардын билим алуу укугун камсыз кылуу;

- ведомстволук караштыгы бар билим берүү уюмдарын чарбалык жактан тейлөөнү жана каржылоону жүзөгө ашыруу;

- жетим жана ата-энесинин кароосунан калган жашы жетиле элек балдарды камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алуу, алардын укуктарын коргоо, балдар үйлөрүндө, жатак мектептеринде үй-бүлөлөргө тарбиялоо же асырап алуу үчүн жайгаштыруу;

- айылдык мектептердин окуучуларын - кембагал үй-бүлөдөгү балдарды окуу китептери менен акысыз камсыз кылуу;

- жаштардын кесиптик даярдык маселелерин координациялоо.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте тиешелүү педагогикалык (илимий-педагогикалык) кадрлар, материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу аркылуу билим берүү уюмдарын түзө алат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондусунан айылдык мектептерге жер үлүшүн бөлүп берүүнү жүзөгө ашырат.


37-статья. Билим берүү уюмдарынын компетенциясы


Билим берүү уюмдары өзүнө мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кадр саясатын жүргүзүүдө, окутуунун, тарбиялоонун усулдарын тандап алууда, илимий изилдөөлөрдүн багыттарын аныктоодо, уюштуруу, кесиптик, финансылык-чарбалык жана башка маселелерде уставдын, уюмдаштыруу келишиминин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук башка актыларынын чегинде өз алдынчалуулукка ээ.

Билим берүү уюму окуп жаткандардын маалы менен аттестациялоо тутумунун баасын, формасын, тартибин жана мезгилдүүлүгүн, билим берүү процессинин жана билим берүү технологияларынын, анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларынын усулдарын тандоодо өз алдынчалыкка ээ.

Билим берүү уюму билим берүү программаларын жарым-жартылай же толугу менен (айрым сабактарды эске албаганда) ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы чектеген тартипте дистанциялык билим берүү технологияларын колдоно алат.

Билим берүү уюмдары юридикалык жакты же филиалды өзүнчө мүлккө ээ кылуу менен статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрдү түзө алат. Түзүмдүк бөлүмдөр филиалдарды жана башка бөлүмдөрдү түзүүгө укуксуз.

Кесиптик жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү бир билим берүү уюмунун алкагында бир адистик боюнча студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн биринин ишин бири кайталаган түзүмдүк бөлүмдөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.

Билим берүү уюмунун тиби жана статусу институционалдуу аккредиттөөнүн жүрүшүндө белгиленет.


38-статья. Билим берүү уюмдарын башкаруу


Билим берүү уюмдарын башкаруу демократиялуулук, борборлоштуруудан окчундоо, өз алдынчалуулук жана өз алдынча башкаруу принциптеринде курулат.

Жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар педагогдук жана башка кеңештер же комитеттер билим берүү уюмдарын тең башкаруунун формасы болуп саналат. Тең башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциялары, кеңеш менен билим берүү уюмунун жетекчисинин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат. Билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти ректор, директор, башчы же башка жетекчи (администратор) жүзөгө ашырат.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 53 токтому менен бекитилген);

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 11-августундагы N 495/1 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында ата-энелер комитети жөнүндөгү" Типтүү жобосун бекитүү тууралуу" буйругу


Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектептердин, балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын мектептен тышкаркы, атайын жана кошумча билим берүү уюмдарынын, кесиптик башталгыч билим берүү кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдардыкы - билим берүүнү мамлекеттик башкаруу региондук органы тарабынан дайындалат.

"Улуттук" статусу бар жогорку окуу жайлардан тышкары мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоонун жана бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. "Улуттук" статусу бар жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы N 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтому


Эгерде ал кызматка көрсөтүлгөнгө чейин ошол окуу жайында иштесе, мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин, жетекчи болгонго чейинки кызмат ордун (же ошого тете кызматты) конкурстан тышкары 3 жыл бою ээлеп туруу укугу сакталат.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарынын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы окумуштуулук даражасы бар адистердин ичинен уюмдаштыруучулар тарабынан дайындалат. Дайындоонун жол-жобосу, ошондой эле жетекчилердин ыйгарым укуктары уюмдаштыруучулар тарабынан ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат жана билим берүү уюмунун уставына жазылат.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы N 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтому


Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы окумуштуулук даражалары бар мамлекеттик билим берүү уюмдарынын адистеринин ичинен контракттык-конкурстук негизде билим берүү уюмдарынын уставы белгилеген тартипте дайындалат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскердик кызмат өтөө каралган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, министрликтер жана башка аткаруу бийлик органдары үчүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын жетекчилери уюмдаштыруучунун чечими же тиешелүү ведомствонун жетекчисинин буйругу менен дайындалат.

(КР 2009-жылдын 20-январындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


39-статья. Билим берүү уюмдарынын коомдук, саясий, диний уюмдар,

ассоциациялар жана союздар менен өз ара мамилеси


Билим берүү тутумунда коомдук уюмдар менен бирикмелер (союздар, академиялар, кесиптик ассоциациялар, окуу-усулдук бирикмелер окуу-усулдук, окуу-техникалык жана башка кеңештер менен уюмдар) түзүлүшү мүмкүн.

Билим берүү уюмдарында саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынат.

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, студенттери, окуучулары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каттоодон өткөн саясий партиялардын жана уюмдардын мүчөсү болууга укугу бар.

Иши билим берүү уюмдарынын ишинин негизги багыттарына ылайык келген коомдук уюмдар менен болгон өз ара мамилелер келишим негизинде жөнгө салынат.

Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши өз ишин мамлекеттик билим берүү уюмунун уставдык максаттарына жетүүсү, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуусу үчүн жүзөгө ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган акча каражаттарынын, анын ичинде бюджеттен тышкары каражаттардын чыгымдалышын контролдоону жүзөгө ашырат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


40-статья. Билим берүү уюмдарын жана программаларды лицензиялоо

жана аккредитациялоо (аттестациялоо), окуп жаткандарды

тестирлөө


Билим берүү уюмдарын жана программаларды лицензиялоо, аккредитациялоо (аттестациялоо) жана окуп жаткандарды тестирлөө өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тийиштүү жобого ылайык белгиленет.

Жогорку окуу жайына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо жалпы республикалык тестирлөө менен шайкеш өтүшү мүмкүн.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы N 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому


Билим берүү уюмунун билим берүү программаларын, анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларынын жардамы менен ишке ашырууга карата даярдыгы билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия берүү учурунда аныкталат.

Диний билим берүү уюмдарына (бирикмелерине) билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар тиешелүү конфессиянын жетекчилигинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен берилет.

Мамлекеттик мектептерден, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынан башка билим берүү уюмдарында билим берүү программаларын ишке ашыруу тийиштүү лицензияларды алгандан кийин гана башталат.

Билим берүү уюмдарын лицензиялоо жана мамлекеттик аккредитациялоо (аттестациялоо) Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органынын лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча мамлекеттик инспекциясы беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзөт.

Мамлекеттик аккредитациядан (аттестациядан) өткөн билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө укугу бар.

Коомдук, коомдук-кесиптик жана башка бирикмелер тарабынан жогорку окуу жайларды аккредитациялоо (аттестациялоо), ошондой эле чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер тарабынан аккредитациялоо (окуу жайынын өтүнүчү боюнча) тиешелүү бирикме (чет өлкөлүк жана эл аралык уюм) аныктаган тартипте ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.


41-статья. Сапатсыз билим берүүдөн келип чыккан зыяндын ордун

толтуруу


Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөрдү сапатсыз даярдаган учурда бул бүтүрүүчүлөрдү башка билим берүү уюмунда кайра даярдоого жумшалган кошумча чыгымдардын ордун толтуруу боюнча кесиптик орто жана кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмуна доо коюуга укуктуу.


42-статья. Билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу


Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра уюшулушу, жоюлушу мүмкүн.

Эгерде уюмдаштыруучу билим берүү уюмунун көрсөткүчтөрүн талап кылынган ченемдерге чейин жеткирүүгө милдеттенме алса, окуп жаткандардын укуктары менен кошо аны аткарууну ишке ашыруу менен бирдей камсыз кыла алса, билим берүү уюму башка түрдөгү билим берүү уюмуна кайра уюштурулушу мүмкүн.

Билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу же жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында жүзөгө ашырылат. Мындай учурда уюмдаштыруучу окуп жаткандардын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) макулдугу боюнча башка билим берүү уюмдарына которуу жоопкерчилигин өзүнө алат.

Жоюлган учурда билим берүү уюмдарынын акча каражаттары жана башка, мүлкү, милдеттенмелерди жабуу боюнча төлөмдөрдү чыгарып салуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана билим берүү уюмунун уставына ылайык пайдаланылат.


VI Глава

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн экономикалык

негиздери жана каржылоо


43-статья. Билим берүүнү каржылоонун булактары


Билим берүүнү каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

- мамлекеттик билим берүү уюмдары үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;

- уюмдаштыруучу катары жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана жарандардын каражаттары;

- билим берүү уюмдарынын менчик каражаттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган консультативдик, илим изилдөөчүлүк, басма, өндүрүштүк жана киреше киргизүүчү башка иштерден, ошондой эле бюджеттен тышкаркы билим берүү ишинин негизги жана кошумча билим берүү программаларынын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде келип түшкөн валюта каражаттары;

- депозиттик салымдардан түшкөн кирешелери;

- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кошкон каражаттары, башка жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу соопчулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;

- кредиттер;

- мамлекеттик билим берүү уюмдарын мамлекеттик каржылоо имараттарды, курулма, жер участкаларын, жабдууларды берүү, билим берүү уюмдары сарптаган чыгымдын ордун толтуруу, энчилүү жана башка формада стипендияларды, гранттарды, кредиттерди, жеңилдик берүү түрүндө ишке ашырыла тургандар;

- окуп жаткандарга берилчү мамлекеттик гранттар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген дагы башка булактар.


44-статья. Билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби


Билим берүү уюмдарын каржылоо билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү жана типтери боюнча окуп жаткандардын ар бирине класс-комплектисине жана тобуна эсептелген типтүү ченемдердин негизинде, ар бир окуучуга иш жүзүндө жумшалуучу чыгымдарды ырааттуу көбөйтүү принцибинде жүзөгө ашырылат.

Окуп жаткандардын ар бирине класс-комплектисинин, топтун типтүү ченемдерин эске алуу менен билим берүү уюмдарынын муктаждыгын каржылоонун көлөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитүүчү ар жылкы республикалык бюджетте каралат.

Мамлекет билим берүү муктаждыгына артыкчылыктуулугун камсыз кылгыдай, ошондой эле инфляция шартында тиешелүү чыгымдоо статьялары корголчу өлчөмдө каражат бөлүп турууга кепилдик берет.


Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы N 464 "Мамлекеттик билим берүү гранттарын 2006-2007-окуу жылына багыттар жана адистиктер боюнча сандык бөлүштүрүүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июлундагы N 263 "2007-2008-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы N 340 "2008-2009-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июнундагы N 351 "2009-2010-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ N 76 "2010-2011-окуу жылы үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде окуй тургандарды кабыл алуунун санын жана адистиктердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июну N 329 "2011-2012-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде окугандарды кабыл алуунун багыттарынын, адистиктердин жана көлөмүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому


Кошумча булактарды тартуу мамлекеттик бюджеттен каржылоонун ченемдерин же абсолюттук өлчөмдөрүн азайтууга алып келбейт.

Билим берүү уюмдарынын финансылык каражаттары алынып коюлбайт.

Окуп жаткандардын ар бирине класс-комплектиге жана топко эсептелген типтүү ченемдер мамлекеттик билим берүү уюмдарынын туруктуу иштешине жана өнүгүшүнө зарыл болгон шарттарга жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Билим берүү процессинин жана билим берүү технологияларынын ар кандай усулдагы билим берүү программаларын ишке ашыруу учурунда, анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларын билим берүү уюмдары тарабынан пайдалануусу каржылоо ченемдеринин көбөйүшүнө алып келбейт.

Аз комплектелген айылдык мектептерди каржылоо ченемдери окуп жаткандардын санына карабастан кеткен чыгымдарды эсепке алуу менен түзүлөт.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдери мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдеринен төмөн болбоого тийиш.

Кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары лицензиялык ченемдердин чектеринде уюмдаштыруучунун эсебинен ашыра каржылануучу квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин (жумушчуларды жана кызматчыларды) жана адистерди жеке жана (же) юридикалык жактар менен түзүлгөн келишим боюнча анын наркына акы төлөтүү аркылуу тийиштүү деңгээлдеги билим берүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.

Мамлекеттик бюджеттен билим берүү уюмдарына бөлүнүп берилген каражаттар казыналык тарабынан контролдонот. Билим берүү уюму иштеп тапкан калган бардык каражаттарды камкорчулар кеңеши жана коомдук институттар контролдойт.

Мамлекеттин эсебинен билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү республикалык бюджетте өзүнчө сап менен аныкталат. Адистиктердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Билим берүү уюмдары бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттардын чегинде окуп жаткандарды жана педагогдорду социалдык жактан колдоо боюнча чараларды өз алдынча иштеп чыгат жана ишке ашырат.

Кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары өздөрүнүн каражаттарын пайдалануунун багытын жана тартибин, анын ичинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөгө жана материалдык жактан стимулдаштырууга багытталган үлүштү көзөмөлчүлүк кылуу кеңешинин макулдугу менен өз алдынча аныктайт.


44-1-статья. Мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан акча

каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетту коомдук

угуу


Мамлекеттик билим берүү уюмдары отчеттон кийинки жылдын 1-августуна чейин жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө коомдук угууларды өткөрүүгө милдеттүү.

Билим берүү уюмдарынын билим берүү процессинин катышуучулары, жарандык сектордун өкүлдөрү жана бардык кызыкдар адамдар коомдук угууларга катыша алышат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


44-2-статья. Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши


Камкорчулук кеңешинин курамы катыштык негизде төмөнкүлөрдүн ичинен түзүлөт:

- ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн;

- илимий жана билим берүү уюмдарынын;

- коомдук, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын;

- студенттик же ата-энелер бирикмелеринин;

- билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн;

- жеке адамдардын.

Камкорчулук кеңешин түзүүнүн тартиби, мүчөлөрүнүн саны, компетенциясы жана ишинин тартиби мамлекеттик билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


44-3-статья. Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңешинин

ишин уюштуруу


Камкорчулук кеңеши өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу жана акысыз негизде жүзөгө ашырат.

Камкорчулук кеңешинин ыйгарым укуктары ар жылдык коомдук угууда аны шайлаган учурдан тартып башталат жана мамлекеттик билим берүү уюмунун уставы менен аныкталган тартипте аяктайт.

Мамлекеттик билим берүү уюму камкорчулук кеңешинин ишин жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзөт (жай, зарыл документтер).

Мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан бюджеттен тышкары акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетто чагылдырылган маалыматтардын тууралыгын текшерүүнүн жыйынтыктары жана иш жүзүндөгү чарбалык ишинин натыйжалары боюнча камкорчулук кеңеши сунуштамаларды берет, ал билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эске алынат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


45-статья. Билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк иши


Билим берүү уюмдары өндүрүштүк, анын ичинде бюджеттен тышкаркы билим берүү ишинен киреше алууга укуктуу, ал уставда каралган иштерди аткарууга багытталат.


46-статья. Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы


Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасына билим берүү, илим-изилдөө иштерине, билим берүү чөйрөсүнүн башка маселелерин чечүүгө пайдаланылуучу курулуштар, коммуникациялар, машиналар жана жабдуулар транспорттук, ошондой эле башка материалдык жана техникалык каражаттар кирет.

Билим берүү уюмдары өздөрүнө бекитилген жана (же) менчик укугуна таандык болгон имараттарды, курулуштарды, жабдууларды, ошондой эле социалдык, маданий жана башка багыттагы мүлктү, Кыргыз Республикасында колдонуучу ченемдерде аныкталган деңгээлден төмөн болбогон күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базалары уюмдаштыруучунун жана өз каражаттарынын эсебинен өнүктүрүлөт жана билим берүү уюмунун менчиги болуп саналат.

Мамлекеттик билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү өзүнө бекитилип берилген бюджеттик каражаттардын жана өзүмдүк каражатынын чегинде билим берүү уюмунун өзү тарабынан жүзөгө ашырылат. Жабдууларды алууга, капиталдык ремонт жүргүзүүгө кеткен чыгымдардын өлчөмү билим берүү уюму тарабынан тиешелүү тартипте бекитилген киреше жана чыгым сметасынын чегинде керектөөгө жараша жана болгон финансы каражаттарына лимиттерди белгилебестен билим берүү уюму өз алдынча аныктайт.

Башында турган мекеменин карамагындагы чарбалык эсептеги билим берүү түзүмдөрү учурдагы ремонтко жана алардын балансында турбаган, өздөрүнө бекитилип берилген материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө тиешелүү финансы чыгымдарын жумшоого укугу бар. Бул финансы чыгымы ошол мекемелердин бекитилген кирешелер жана чыгымдар сметаларынын чегинде жүргүзүлөт жана бюджетке алынып коюлбайт.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук жака аймактык органдары ведомстволук караштуулугу бар билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын күтүү жана өнүктүрүү маселелерин чечүүгө жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

Билим берүү, илим-изилдөө, өндүрүштүк ишке жана билим берүү чөйрөсүндөгү жана башка маселелерди чечүүгө жана пайдаланылуучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы мамлекеттик эмес (жеке менчик) уюмдарга бекер ижарага берилбейт. Материалдык-техникалык базаны мамлекеттик эмес (менчик) уюмдарга ижарага өткөрүп берүүдөн түшкөн киреше бюджетке алынып коюлбайт жана мамлекеттик билим берүү уюмдарынын уставдык максаттары үчүн пайдаланылат.


47-статья. Билим берүү тутумунун менчик мамилелери


Мамлекеттик билим берүү уюмдарына алардын ишин камсыз кылуу максатында, уставда каралган имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, ошондой эле керектелүүчү, социалдык, маданий жана башка багыттагы зарыл керектүү башка мүлктөрдү оперативдүү башкаруу укугу берилет.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарына алардын ишин камсыз кылуу максатында, уставда каралган имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, ошондой эле керектелүүчү, социалдык, маданий жана башка багыттагы зарыл керектүү башка мүлктөрдү уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар) менчикке өткөрүп берет же оперативдүү башкаруу укугун берет. Ушул ченем, эгерде мамлекет уюмдаштыруучу болуп саналган учурга жайылтылбайт.

Билим берүү уюмдарына билим берүү уюмдарынын жүргүзгөн ишинин натыйжасы болуп эсептелген ага жеке жана юридикалык жактардын интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин продуктысына белек түрүндө, соопчулук иретинде берген акча каражаттарына, мүлкүнө жана менчиктин башка объектилерине, ошондой эле жекече жүргүзгөн ишинен түшкөн кирешеге жана ошол кирешеге сатылып алынган мүлккө менчиктөө укугу таандык. Аларды ажыратуу маселеси өзүнчө чечилет.

Бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк билим берүү уюмунун өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат.

Мамлекеттик билим берүү уюмдарына белгиленген тартипте берилген жер участкаларын оперативдүү башкаруу укугу берилет. Бул участкаларды пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодекси менен жөнгө салынат.

Мамлекеттик билим берүү уюмунун имараттары жана курулмалары мамлекеттик билим берүү уюмуна гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мүлкү билим берүүдөн башка максаттарга пайдалануу үчүн алынып коюлбайт.

Республикалык жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмесине кирбеген мамлекеттик жогорку окуу жайлары негизги билим берүүчү катары сакталып калуу менен акционердик коомго кайра уюштурулат. Мамлекеттен ажыратылууга жаткан жогорку окуу жайынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет. Бошотулуп алынган финансы каражаттары республикалык жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайларын өнүктүрүүгө жумшалат.

Билим берүү уюму мүлктүн сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат. Билим берүү уюмдарынын бул жагындагы ишине контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары өздөрүнө мурда бекитилген же мамлекеттик менчиктен ажыратылып ижарага берилген мүлктү сатып алууда артыкчылык укуктарынан пайдаланышат.


48-статья. Билим берүү уюмдарынын интеллектуалдык менчиги


Материалдык активдер формасындагы (илимий эмгектер, лекциялар, патенттер, программалык камсыз кылуу, билим берүү, дистанциялык жана маалымат технологиялары) интеллектуалдык менчик билим берүү уюмдарынын жана алардын кызматкерлеринин билим берүү жана экономикалык иштеринин булагы катары кызмат кылган менчиктин башка түрлөрүндөй эле корголууга тийиш.


VII Глава

Билим берүү жаатындагы эл аралык

кызматташтык жана тышкы

экономикалык иш


49-статья. Эл аралык кызматташтык


Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишмердигинин алкагында жүзөгө ашырылуучу билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтык чыныгы өнөктөштүккө, өз ара ишеним көрсөтүүгө негизденет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормаларынын негизинде түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн борбордук жана региондук мамлекеттик башкаруу органдары, билим берүү уюмдары, билим берүү тутумундагы ишканалар жана уюмдар чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен түз байланыштарды орнотууга, мамлекеттер аралык жана эл аралык билим берүү, илимий жана илим-изилдөө программаларын жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттер аралык жана эл аралык коомдук билим берүү бирикмелерине кирүүгө укуктуу.

Башка мамлекеттердин жарандарын Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окутуу, кайра даярдоо жака квалификациясын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн мамлекеттер аралык макулдашуулар, ошондой эле билим берүү уюмдары же айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдер боюнча жүзөгө ашырылат.


50-статья. Тышкы экономикалык иш


Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн борбордук жана региондук мамлекеттик башкаруу органдары, билим берүү уюмдары, билим берүү тутумундагы ишканалар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тышкы экономикалык ишин өз алдынча жүзөгө ашырышат.

Алар банктарда жана башка кредиттик уюмдарда валюталык эсептерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачууга укугу бар.

Мамлекеттик билим берүү уюмдары, ишканалары жана билим берүү тутумундагы уюмдар тышкы экономикалык иштен алган, менчик укугундагы өзүнө таандык валюталык каражаттарга ээ. Алар билим берүү тутумун өнүктүрүүгө жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалат.


51-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаган

этностук кыргыздарга, чет өлкөлүк жарандарга жана

жарандыгы жок адамдарга билим берүү кызматын көрсөтүү


Кыргыз Республикасы башка мамлекеттерде жашаган этностук кыргыздарга жана башка чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде атайын билим берүү уюмдарын түзүү формасында билим берүү кызматын көрсөтөт. Кызмат көрсөтүү тартиби мамлекеттер аралык келишим, ошондой эле жеке адамдар менен түзүлгөн келишим боюнча жөнгө салынат.

Башка мамлекеттин жараны болуп саналган этностук кыргыздарга мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик билим берүү уюмдарында окуу үчүн квота берилет.

Этностук кыргыздардын контракттык форма боюнча окуусу үчүн акы төлөө Кыргыз Республикасынын жарандары төлөгөн өлчөмдө алынат.


52-статья. Эл аралык келишимдер


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификациялаган зл аралык келишимге жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарга шайкеш келбеген учурда, Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

Мамлекеттер аралык билим берүү уюмдар алардын ортосунда жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен түзүлгөн келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат.


52-1-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик


Ушул Мыйзамды бузган же анын аткарылышына тоскоолдук кылган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


VIII Глава

Корутунду жоболор


53-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши


Ушул Мыйзам 2005-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кире турган 47-статьянын сегизинчи бөлүгүнөн башкасы жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-жыл, N 2, 53-ст.);

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-жыл, N 12, 575-ст.);

2002-жылдын 25-июлундагы N 130 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясы.


54-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык

келтирүү жөнүндө


Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев


2003-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!