СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим берүүгө болгон заманбап талаптар

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Билим берүүгө болгон заманбап талаптар»

  1. ТЕМА. БИЛИМ БЕРҮҮГӨ БОЛГОН ЗАМАНБАП ТАЛАПТАР


1.1. тапшырма. БУУнун көптөгөн документтеринде билим берүү “өзгөрүүнүн чечүүчү фактору” деп аталат.

Сиз бул билдирүүгө кошуласызбы? Жообуңузду негиздеп бериңиз. Бул билдирүүгө кошулам, анткени туруктуу өнүгүүгө өтүүнүн чечүүчү фактору катары билим берүүнүн жана тарбиялоонун кеңири таанылышы жана ага тыгыз байланышкан агартуучулук кылымдын башында туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү феноменинин пайда болушуна алып келди.


1.2. тапшырма. ИНСЕРТ ыкмасын колдонуу менен макаланы окуңуз. Окуп жатканда, дептерге карандаш менен белгилерди коюңуз:

  • мен муну билем;

+ - бул мен үчүн жаңы маалымат;

- - мен башкача ойдо болчумун, бул мен билгенге карама-каршы келет;

? - бул мага түшүнүксүз, түшүндүрмө, тактоо керек.


Эгер биз бүгүн балдарды кечээкидей эле окутсак, алардын эртеңкисин урдаган болобуз.

Джон Дьюи

Биздин заманда глобалдык өзгөрүүлөр ушунчалык тездик менен жүрүп жаткандыктан, азыркы биринчи класстын окуучулары мектепти аяктагандан кийин кандай билимге, көндүмгө жана компетенцияга ээ болоорун алдын ала айтуу кыйын. Азыркы татаал дүйнөдө адамды эмнеге жана кантип үйрөтүү керек?⌵

Көптөгөн глобалдуу чакырыктар биздин жашообузга коркунуч туудурбастан, ошондой эле ой жүгүртүүбүздү, жаратылышыбызды, чечимдерди кабыл алуубузду жана иш-аракетибизди жаңыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Бүткүл адамзатта кызматташуу, чыгармачылык жана инновациялар үчүн болуп көрбөгөндөй негиз пайда болууда. Билим берүү пайда болгон чакырыктарга жооп катары да, татаал коомдун пайда болушуна жана жер бетиндеги ар бир адамдын өзүн-өзү ишке ашыруусуна таасир этүүчү негизги чекит болуп келет. ⌵

Билим берүү системасы заманбап технологияларга муктаж. Коомдун глобалдык маалыматташтырылышы өсүп келе жаткан муундарды ар кандай маалыматты өздөштүрүү, сактоо жана жашоодо чыгармачылык менен колдонууга үйрөтүүнү талап кылат. Демек, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана колдонуу зарылчылыгы күч алууда. ⌵

Окуучу кандай сапаттарга ээ болушу керек жана ошого жараша билим берүү системасы кандай болушу керек деген ойлор тездик менен өзгөрүүдө. Мурун билим берүүнүн максаты – адамдарга бир нерсени үйрөтүү болчу. Эми анын милдети инсанга ишенимдүү компас болуп берүү, барган сайын белгисиз, туруксуз жана улам татаал дүйнөдө өз жолун багыттоо мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат.

Бүгүн биз мындан ары эмне болорун так биле албайбыз. +

Мугалимдер мындан бир нече муун мурун алардын айткандары окуучулары үчүн өмүр бою эң акыркы чындык болуп кала аларына ишене алышкан. Бүгүнкү күндө кырдаал андай эмес: мектептер балдарды экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө тезирээк даярдап, али жок жумуштарга, али ойлоп табыла элек технологияларга жана биз алдын ала айта албаган социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө үйрөтүшү керек. +

Билим берүүнүн ийгилиги мындан ары билимди кайра берүүдө эмес. Дүйнөнү жөн гана билим кызыктырбайт. Билимиңди кантип колдоносуң, өзүңдүн жүрүм-турумуң, жашоого канчалык ыңгайлаша аласың деген кызык. Бүгүнкү күндө ийгиликти аныктаган башкы нерсе мына ушунда, бүгүнкү күндө билим берүүнүн өзү да мына ушунда. -

Анын милдети – чыгармачылыкка, сынчыл ой жүгүртүүгө, баарлашууга жана кызматташууга тарбиялоо; заманбап билимдерди берүү жана жаңы технологиялардын потенциалын таануу жана пайдалануу жөндөмүн өнүктүрүү. Дагы бир маанилүү максаты: туруктуу адамзат коомун куруп, чогуу жашоого жана иштөөгө жардам берген жеке сапаттарды өнүктүрүү. Ошондуктан өзүн-өзү уюштуруу жана өзүн-өзү көрсөтүү технологиялары, сынчыл жана диагностикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү абдан актуалдуу болуп баратат. +

Мектептер окуучуларды башка маданияттын адамдары менен өз ара аракеттене турган, башка идеяларды, көз караштарды жана баалуулуктарды кабыл ала турган, айырмачылыктарга карабастан ишенип кызматташууга даяр болгон жана алардын жашоосуна улуттук чектерден ашкан маселелер таасир этээр дүйнөгө даярдашы маанилүү.+

Башка сөз менен айтканда, мектептер салттуу билим тез нарксызданып жаткан дүйнөдөн терең, олуттуу компетенцияларга, көндүмдөргө, жеке сапаттар жана өз алдынча билим алуу (үйрөнүү жөндөмдүүлүгү) менен бирге классикалык жана заманбап билимдердин комплексине негизделген дүйнөгө өтүшү керек.+

Дүйнө өтө туташкан, татаал жана байланышкан болуп калгандыктан, маселелерге, милдеттерге, көйгөйлөргө жана чакырыктарга дисциплиналар аралык мамиледе болуу зарыл. Окуучулар билимдин ар кандай тармактарына терең сүңгүп, идеялардын ортосунда байланышты түзүп, түшүнүктүн жана компетенттүүлүктүн тереңдигине жана кеңдигине жетишкенде, окуу натыйжалуу болот1.⌵


Кыргыз Республикасында билим берүүнү заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү максатында “Кыргыз Республикасында 2021-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасы” иштелип чыгып, Өкмөттүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтому менен бекитилген. ⌵

Программа 2040-жылга карата билим берүү системасынын көз карашын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт. ⌵

2040-жылга карата билим берүү системасынын көрүнүшү:

2040-жылга чейинки билим берүү системасы адамдын интеллектуалдык, чыгармачыл жана эмоционалдык дараметин каалаган куракта ачууга мүмкүндүк берет, окуучулардын сергек жашоо образын жана бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт жана жашаган жеринин географиясына, жынысына, динине, ден соолугунун абалына, каржылык абалына жана башка факторлорго карабастан бүткүл өлкө боюнча жарандардын ар кандай категорияларына бирдей билим берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт⌵.

Мында билим берүү системасындагы кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, анын өнүгүшүнө, мобилдүүлүгүнө, эмгекте талапка жооп бере алган инсанды калыптандырган сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүүгө өбөлгө түзгөн инновацияларга артыкчылык берилет.

Билим берүү системасынын 2040-жылга карата максаты – мобилдүү социалдык-экономикалык чөйрөнү эркин адаптациялоочу жана өзгөртө алган чыгармачыл жана дени сак адамдын потенциалын калыптандыруу...2



1.3. тапшырма. 2040-жылга чейин билим берүүнү туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана билим берүү тутумундагы пландаштырылган өзгөрүүлөр жөнүндө негизги сөздөрдү же тезистерди кыскача жазып, таблицаны толтуруңуз

1.1. Таблицасы.

+

-

?

адамдын интеллектуалдык, чыгармачыл жана эмоционалдык дараметин каалаган куракта ачууга мүмкүндүк берет,

окуучулардын сергек жашоо образын жана бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт.


жашаган жеринин географиясына, жынысына, динине, ден соолугунун абалына, каржылык абалына жана башка факторлорго карабастан бүткүл өлкө боюнча жарандардын ар кандай категорияларына бирдей билим берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

эмгекте талапка жооп бере алган инсанды калыптан- дырган сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүүгө өбөлгө түзгөн инновацияларга артыкчылык берилет.










мобилдүүлүгүнө,



1.4. тапшырма. Окуучулардын заманбап компетенцияларынын 4 компонентин аныктаңыз. Бул жерге жазыңыз:


интеллектуалдык, чыгармачыл жана эмоционалдык дараметине ээ болуу

Окуучулар татаал маселелерди чечуу жөндөмдөрүнө ээ болуусу

Окуучулар өзгөрүп жаткан чөйрөдө өзүн кандай алып жүрүү сапаттарина ээ болуусу

Окуучулар негизги көндүмдөрдү күнүмдүк иш-аракеттеринде колдоноо алуусу













1.5. тапшырма. Кесиптештериңиз менен 21-кылымдагы көндүмдөрдүн талаптары кандай өзгөрүп жатканын талкуулаңыз.


1.1. Сүрөт. ХХI кылымдын көндүмдөрү




1.6. тапшырма. Азыр сабактарыңызда калыптанып жаткан 21-кылымдын көндүмдөрүн жазыңыз:

Окуу жана жазуу жөндөмдүүлугү, эсептөө жөндөмдүүлугү, илимий сабаттуулук, МКТ –сабаттуулук, маданий жана жарандык сабаттулук, критикалык ой жүгүртүү , чыгармачылык көндүмдөрүн калыптануусуна маани берем.




1.7. тапшырма. Инфографиканы карап чыгыңыз. 21-кылымда адамды окутуу үчүн билим кандай өзгөрүшү керектигин карап көрөлү. Аны үч мүнөттүк эсседе сүрөттөп бериңиз






















1.2. Сүрөт. Билим берүү системаларынын өнүгүү логикасын өзгөртүү



21-кылымда билим берүү тутумундагы ар кандай максаттуу өзгөрүүлөр экономикалык, экологиялык жана саясий адилетсиздикти жоюу менен ажырагыс байланышта болушу керек жана адамдын акылмандыгын жана жыргалчылыгын эркин колдонууга жана жайылтууга шарт түзүүгө тийиш

Туруктуу өнүгүү – бул келечек муундардын өз керектөөлөрүн канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө доо кетирбестен азыркы замандын керектөөлөрүнө жооп берген өнүгүү. Туруктуу өнүгүү концепциясынын өзү маанилүү тарбиялык факторду камтыйт, анткени өнүгүүнүн борборунда адам өзү турат: экономикалык өсүш да, социалдык өнүгүү да ар бир адамдын кызыкчылыктарынын жана керектөөлөрүнүн призмасы аркылуу каралат.

Кыргыз Республикасы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөй эле 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнун максаттарына (ТӨМ) жетүү милдетин алды. Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары мамлекеттик саясатта камтылган жана 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында чагылдырылган.

Белгилүү болгондой, билим берүү азыркы коомдун турмушунда негизги ролдордун бирин ойнойт, анткени ал адам капиталын түзүүнүн, өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги булагы, демек ал өлкөлөрдун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн, коомдун прогрессинин жана адамдын жыргалчылыгын жогорулатуунун ресурсу да болуп саналат. Билим берүү өлкөлөрдүн жана бүткүл планетанын өнүгүү муктаждыктарын туруктуу чечүү жолдорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү аракеттеринин борбордук элементи болуп саналат. Ошондуктан билим берүү системаларынын өнүгүү логикасын өзгөртүү үчүн төмөнкүлөргө маани берүү зарыл.

. 1.Мамлекеттик билим берүү стандарттарына өзгөртүү киргизүү : ал билим берүүнүн натыйжаларына жана максаттарына багытталат.

2.XXI кылымдын жөндөмдөрүнө ,жаңы сабаттулуктарга ээ болгон окуучуларды окуутуп тарбиялоо,

3.Билим берүү коммуникациясынын жаңы форматтарын кыргызүү , билим берүү мейкиндигин түзүүдөө мугалимдердин ролун жаңылоо,

4.Жаңы муундагы технологияларды киргизүү,санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү ,

мектептерди жогорку технологиялык жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу STEM технологияларын колдонуу

5.Мектептин ролун трансформациялоо , шаардай болгон мектепке айландыруу , интернет аркылуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин көтөрүү.

1.8. тапшырма. 21-кылымдын тарбыячысына болгон талаптарды белгилеп, жазып алыңыз.


1.Өсүп келе жаткан муундарды ар кандай маалыматты өздөштүрүү , сактоо жана жашоодо чыгармачылык менен колдонууга үйрөтүү;

2.Окуучуга компас болуп берүү , өз жолун багыттоо мүмкүнчүлүгүн берүү ;

3.Балдарды экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө тезирээк даярдап , алы жок жумуштарга, алы табыла элек технологияларга , ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүүгө үйрөтүү;


1.9. тапшырма. "КООПСУЗДУК САБАКТАРЫ" колдонмосун жүктөп алыңыз3.

1. "Менин көмүртек изим" аттуу тесттин өтүңүз

"Менин көмүртек изим"

А. Дүкөндөн жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди сатып алууда, сиздин тандооңуз көбүнчө учурларда эмнеге тушөт:

* жергиликтүү, таңгакталбагандарга (1 упай);

* өлкөнүн түштүк аймактарынан келген, таңгакталбагандарга (2 упай);

* Франциядан, Нидерландыдан, Аргентинадан же башка өлкөлөрдөн келгендерге, таңгакталбагандарга

(3 упай);

* импорттолгон, жеке таңгактарга салынгандарга (4 упай) ⌵

Б. Дүкөнгө алган баштыгыңыз:

* зыгырдан же пахтадан (1 упай);

* кагаз баштык (2 упай);

* полиэтилен баштыгы, аны жаныма алып жүрөм (3 упай);

* дүкөндүн кассасынан алынган же дүкөндөн сатып алынган полиэтилен баштыктары

(4 упай). ⌵

В. Сиз кандай идиште сатылган суу ичимдиктерин көбүнчө учурда сатып аласыз:

* кагаз идишинде (1 упай);

* айнек идишинде (2 упай);

* алюминий идишиндне (3 упай);

* пластмасса идишинде (4 упай). ⌵

Г. Кайсы китепти тандайсыз:

* жаңы, дүкөндөн сатып алынган (4 упай); ⌵

* электрондук китепти (3 упай);

* кимдир бирөө окуганды (2 упай);

* китепканадан алынганды (1 упай).

Д. досуңузга белек даярдап жатканда, кандай таңгакты тандайсыз:

* ачк түстөгү кооз кагазды, анын эмнеден жасалгандыгы маанилүү эмес (4 упай);

* аны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн экологиялык энбелгилери

бар кагазды (2 упай); ⌵

* колдонулган кутуча же баштык, алдын-ала аны өз алдынча

кооздогондон кийин (2 упай);

* белекти таңгаксыз берүүнү (1 упай).

"Менин көмүртек изим" тестинин жооптору:

5тен 7ге чейин: чычкандын бутундай из. Браво! Учуп, ызылдап, башкаларды да сиздикиндей тандоого ынандыруудан башка эчтеке кереги жок.

8ден 10го чейин: Мышыктын изиндей. Супер! Мештин үстүндө жатып эс алууга али эрте,

кыла турган иш дагы да бар.

11ден 13кө чейин: Аттын туягындай. Бир орундан жылбай тургандан баш тартыңыз!

14төн 16га чейин: Пилдин изи. Аракет кылыш керек! Оор басып жүрөсүз, бирок

алыска барууга күчүңүз жетет.

2. "Көмүртектин изин" азайтуу үчүн жашоо мүнөзүңүздү өзгөртүүгө керек болгон нерселерди талдап көрүңүз.

___________________________________________________________________

_______________________________________________________________

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

3. Көмүртек изин азайтуу үчүн сиздин мектепте/коомчулукта кандай иш-чаралар жүргүзүлүшү мүмкүн?

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

4. «БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясы» оюнуна доклад даярдоо үчүн «Эл аралык сүйлөшүүчүнүн 10 осуяты» тиркемесин колдонуңуз

Эл аралык сүйлөшүүчүнүн 10 осуяты:

1. Талкууланып жаткан маселеге көңүл буруу, алаксыбоо. Четке чыкпоо, башка темаларга секирбей кунт коюу.

2. Формага эмес, мазмунуна көңүл буруп, негизги ойду угуп, аны баса белгилегенге аракет кылуу.

3. Маектешип отурган кишинин айткандарын туура түшүнүп, тастыктоону алуу үчүн сөзүн башкача айтып аныктоочу суроолорду бергиле ("эгер мен жаңылбасам, сиз ........ деп айткыңыз келди", "Мен сизди туура түшүнүшүмчө... - гендер!»).

4. Суроо бергиле.

5. Маектешип отурган кишинин сүйлөбөстүгүн сыйлагыла, паузаларды толтурууга шашылбагыла.

6. Маалыматты өзүңөрдүн көз карашыңардан да, башка бирөөнүн маданиятынын көз карашынан да чечмелегиле.

7. Башка бирөөнүн жүрүм-турумуна маани бербөөгө аракет кылгыла.

8. Баалоолорду жана баалоочу ой-пикирлерди четке каккыла.

9. Маектешип жаткан кишинин вербалдык эмес билдирүүлөрүн (мимика, ымдоо, поза, интонация ж.б.) таанууга үйрөнгүлө.

10. Бир жаңсоо, дене кыймылы, белгинин негизинде жыйынтык чыгарбоону үйрөнгүлө.


Презентацияда төмөнкүлөр жөнүндө сөз болушу керек:

• өлкөнүн климаты жана негизги жаратылыш ресурстары;

• өлкөнүн жарандарынын жашоосу;

• экономиканын алдыңкы тармактары;

• климаттын өзгөрүшүнүн жаратылышка, адамдарга жана экономикага тийгизген таасири;

• сиздин өлкөңүздүн конференциядан күткөн натыйжалары.

5. Сиз БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясын даярдоо боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдө Тынч океан чөлкөмүндөгү кичинекей арал мамлекеттердин биринин өкүлү болуп жатасыз. Суроолорго таянып, төмөнкү суроолорду чагылдырган доклад даярдаңыз.

1) Сиздин оюңузча, климаттын жылышынан күтүлгөн кесепеттеринин кайсынысы өлкөңүзгө эң чоң коркунуч туудурат?

2) океандын деңгээли ушунчалык көтөрүлүп, аралыңыздын бүт аймагын толугу менен суу каптап кетүү коркунучу пайда болгон учурда эмне кылуу керек?

3) Кайсы эл аралык уюмдарга жана мамлекеттерге жардам сурап кайрылууну пландап жатасыз?

4) Аралды толук суу каптаган учурда өлкөңүздүн маданиятын кантип сактап калууну пландап жатасыз?


1.10. тапшырма. Мектеп окуучулары үчүн даярдалган "Энергия жана айлана-чөйрө" колдонмосун жүктөп алыңыз



http://www.biom.kg/informatory/publications/5812cb34a6016dcc8ae57a45


163-170-беттерде берилген климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ылайыкташуу чараларын карап чыгыңыз

Сиздин жашаган жериңизде, мектепте кандай чаралар колдонулса болорун сүрөттөп бериңиз





1

2

3 Коротенко В. А., Уметов У. Т., Насырова А. Р., Марченко Л. Ю. КООПСУЗДУК САБАКТАРЫ: окуу-методикалык колдонмосу. 2-басылышы, толукталган /б., 2021. - 501 б