СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биология: Генетика жана селекция

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

#Генетиканын негизги түшүнүктөрү#

Генетика - заманбап биологиянын негизин түзгѳн жаш илим. Анын курагы 100 жаштан кичине кѳбүрѳѳк (1900 - жылдан бери). 1906 -жылы англиялык окумуштуу У.Бэтсон «генетика» деген аталышты сунуштаган. Ал «genesis» - «келип чыгуу» дегенди билдирген грек сѳзүнѳн келип чыккан.

Тукум куучулук – организмдердин өзүнүн белгилерин (түзүлүшүнүн, функцияларынын, ѳнүгүүсүнүн ѳзгѳчѳлүктѳрү) тукумдан тукумга өткөрүү жөндөмдүүлүгү, б.а. өзүнө окшошторду пайда кылуу.

Өзгөргүчтүк - организмдердин жаңы белгилерди алуу жөндөмдүүлүгү. Тукум куучулук жана өзгөргүчтүк – эки карама - каршы, бирок өз ара байланышкан организмдин касиети. Тукум куучулук түрдүн тектештигин сакталышына түрткү болот, өзгөргүчтүк түргө жаӊы белгилерди алууга мүмкүнчүлүк берет, түрдүн пайда болуусу үчүн ѳбѳлгѳлѳрдү түзөт. Генетикалык закондор универсалдуу, алар адам, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн ылайыктуу. Өсүмдүктөрдү өстүрүүдөжана мал чарбачылыкта генетиканын мыйзамдары селекция үчүн илимий негиз болуп эсептелет. Адамдын генетикасытармагындагы ачылыштар адамзатка тукум куучулук оорулар менен күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк берди.

Генетиканын тарыхы. Г. Мендель жанаанын генетиканын өнүгүүсүнѳсалымы

Генетика – бул организмдердин тукум куучулук жана өзгөргүчтүктүн закон ченемдүүлүгү жөнүндө илим. Бул биологиянын салыштырмалуу жаш тармагы. Анын пайда болуусун 1900 - жылга тиешелүү деп эсептешет, анткениүч ботаник - голландиялык Гюго де Фриз, немец К. Корренс жана австриялык Е.Чермак, бири - биринен көз карындысыз 1865 - жылы чыккан чех изилдөөчүсү Грег Менделдин «Өсүмдүк гибриддердин үстүндө тажрыйба» аттуу унутулган ишин табышкан. Изилдөөчүлөр алардын тажрыйбаларынын натыйжалары Г.Мендель алган маалыматтарга жакындаганына абдан таң калышкан. Кийинчерээк Г.Мендель тарабынан божомолдогон тукум куучулук мыйзамдарды ар түрдүү өлкөлөрдүн илимий кызматкерлери кабыл алышкан, ал эми кылдаттык изилдѳѳлѳр алардын универсалдуу мүнөздөмөсүн далилдешкен. Генетиканын өнүгүүсүндѳгү жаӊы баскыч залкар америка окуумуштуусу Т.Х.Моргандын аты жана анын окуучулары менен байланыштуу. Алардын изилдөөлѳрүнүн жыйынтыгы болуптукум куучулуктунхромосомалык теориясынын пайда болушу эсептелет, ал генетиканынгана эмес, жалпы эле биологиянын кийинки ѳнүгүүсүнѳ дагы таасирин тийгизди.