СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биология сабагынан тест

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Биология сабагынан тест»



1.Дарак өсүмдөктөрүнүн сабагынын ички түзүлүшү кандай?

а) камбий катмары жок б) була катмары жок

в) эпидермис,була,камбий,сөңгөк, өзөк г) сөңгөктүн түкчөлөрү жок

2.Кайсы өсүмдүктөрдүн уругун топуракка 4-5см тереңдикке көмсө болот?

а) фасоль,жүгөрү б) буурчак,шалгам

в) бадырың,чамгыр г) чанактуулар,таруу

3.Алма-кайчылаш чаңдашуучу өсүмдүк,ал мөмө байлаш үчүн...

а) гүлү башка сорттогу алманын гүлү менен чаңдашат

б) гүлү өзүнүн гүлүнүн чаңчасы менен чаңдашат

в) гүлү башка түркүмдөгү өсүмдүктүн чаңчасы менен чаңдашат

4.Бактериялар кайсы касиетине байланыштуу экстремалдуу шарттарда жашай а-т.

а) татаал түзүлүшү б) өзгөчө формадагы органикалык заттар бар

в) абада учууга жөндөмдүү в) жогорку тукумдуулук, эң тез көбйүшү

5.Аскариданын жашоо мөөнөтү канча?

а) бир жыл б) бир ай в) 5 жыл г) 10 жыл

6.Кене кайсы класстагы жаныбарлардын тобуна кирет?

а) рак сымалдуулар классы б) жөргөмүш сымалдар клаасы

в) курт-кумурскалар классы г) ланцетниктер классы

7.Баканын териси кандай өзгөчөлүккө ээ?

а) калканчалар менен капталган б) кабырчык менен капталган

в) былжыр бездерди кармайт г) былжыр бездерди кармабайт

8.Кескелдириктин ысык күндөрү кыймылдуу болушу, ал эми суукта

кыймылсыз болуп калышы эмнеге байланыштуу?

а) тамактануусуна б) дем алуусуна в) зат алмашуусуна г) көбөйүсүнө

9.Кишинин баш сөөгүндө кандай сөөктөр бар?

а) маңдай,эки төбө сөөк б) эки төбө,эки чыкый сөөктөр

в) маңдай,эки төбө,эки чыкый сөөктөр

г) маңдай,экиден төбө,чыкый,желке сөөктөр









10.Кишинин шилекейинин бөлүнүп чыгышы...шартсыз-рефлектордук реакция б.с.

а) тамак аш жөнүндө жазган учурда б) тамак аш жөнүндө сүйлөшкөндө

в) тамактануу учурунда г) жакшы көргөн тамакты көргөндө

11. Адамдын тулкусундагы булчуңдардын түрлөрү кайсы?

а) мимикалык жана чайноочу б) бут курчоосунун булчуңдары

в) арканын,курсактын,жамбаштын булчуңдары

12. Жалпак тамандуулук ... келип чыгат?

а) спорттук машыгуулардан б) омуртка тутумунун ийрейишинен

в) узакка отуруудан г) тар бут кийим кийүүдөн

13. Лейкоциттер эритроциттерден... айырмаланат?

а) тегерек формасы менен б) ядросунун жоктугу менен

в) өз алдынча кыймылдоого жөндөмдүүлүгү менен

14.Тамак сиңирүү органдарын изилдеп,Нобель сыйлыгына ээ болгон

окумуштуу ким?

а) Сеченов б) Скрябин в) Павлов г) Мендель

15. Өз ара байланыштагы жаныбарлардын,өсүмдүктөрдүн жана

микроорганизмдердин тобу эмне деп аталат?

а) биоценоз б) фитоценоз в) биогеоценоз г) агроценоз

16. Копсументтер...

а) өсүмдүктөр б) жаныбарлар в) бактериялар г) козу карындар

17. Клеткадагы липиддердин кызматы?

а) сигналдык б) коргоочу в) транспорттук г) энергиялык

18. Гидросферада өсүмдүктөрдүн төмөнкү таралуу чеги 300м тереңдикке

жетет, себеби ал жерде...

а) кычкылтек жок б) жарык жок в) топурак жок

19. Литосферага түшүнүк:

а) кургактыктын бир бөлүгү б) аскалар жана граниттер

в) өсүмдүккө ыңгайлуу катмар г) жердин сырткы таш катмары







20. Жаңы сортторду жана породаларды пайда кылган негизги

кыймылдаткыч күч:

а) табигый тандоо б) жасалма тандоо

в) тукум куучулук өзгөргүчтүк г) мутациялар

21.Кайсы ткандар минералдык туздарды жана сууну өткөрөт?

а) булла б) түтүкчөлөр в) камбий г) соруу зонасы

22. Кош уруктануудан пайда болгон орган бул...

а) урук б) урук түйүлдүгү в) мөмө г) жөнөкөй мөмө

23. Аба аркылуу кандай оорулар жугат?

а) келте б) чума в) гастрит г) сасык тумоо

24. Канаттулардын жемсөөсү кандай кызмат аткарат?

а) тамак эритет б) зил бөлүп чыгарат

в) тамакты майдалайт г) тамакты убактылуу кармап турат

25. Тынч абалда жүрөк суткасына болжол менен канча жолу жыйрылат?

а) 100 000 б) 110 000 в) 90 000 г) 70 000

26. Балырларга мүнөздүү азыктануунун негизги жолу:

а) хемотрофтуу б) гетеротрофтуу в) автотрофтуу

27. Жөнөкөйлүүлөр ыңгайсыз шартты кантип жеңет?

а) өлүшөт б) бөлүнүшөт в) цисталанат г) тез-тез азыктанат

28. Кайсы өзгөчөлүгү боюнча инфузория-туфелька туздуу суудан

таза сууга качат?

а) тамактануу б) дем алуу в) көбөйүү г) дүлүгүү

29.Жөргөмүш сымалдуулар кандай азык менен тамактанышат?

а) суюк б) катуу в) кургак г) жумшак

30. Кайсы өсүмдүктөргө өзөк тамыр системасы мүнөздүү?

а) эки үлүштүүлөр б) бир үлүштүүлөр в) папоротниктер