СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы»

ЖАШООНУ ОҢДОГОНДОРДУН ОКУЯЛАРЫ 1909-1910-жылдары Финляндияны эки жолу кыдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон элем. Бул өлкө адамга өзгөчө бир таасир калтырат. Бөлөк өлкөлөргө эч окшобойт. Адамдары да башкалардан айырмаланып турат.Биздин пикирлерибиз, кыймыл аракеттерибиз, жашоого болгон көз карашыбыз жана мамилелерибиз аларда жок. Кайсыдыр бир башка планетанын өкүлүндөй сезилишет. Ыйык китепте баяндалгандай, ак лилия гүлдөрүн эске салат. Ак лилиялар өлкөсү жөнүндө өзүмдүн чөнтөк дептеримдеги жазган күндөлүгүмдү жана байкоолорумду 1914-жылы «Съвременна мысл» деген журналга жарыялаган болчумун. Мен анда төмөнкүлөрдү белгилеген элем: …Финляндиядагы маданияттын мындай жогорулашы Европанын эч жеринде жок. Ал эң жаш өлкөлөрдүн катарына кирет. Калкы Волга дарыясынан өтүп, Урал тараптан көчүп келген. Балким байыркы болгарлар менен кошуна же алардын бир уруусу болгон чыгаар. Бир кездерде «Эч кимдин бизге зыяны тийбесин, жапа чектирбесин» дешип тынч жерлерди издешиптир. Ансыз деле алар өздөрүнө таандык табиятына ылайык жоош-момун христиан адамдар болушкан. Эч ким жашабай турган жана жашай албай турган бүгүнкү мекенине келип жайгашышкан. Орусия менен Швеция азыркы Финляндияны ондогон, жүздөгөн жылдар бою табигый бир чеп катары колдонуп келген. Швециялыктар дагы, орусиялыктар дагы Финляндияда чоң саздар жана өтүүгө мүмкүн болбогон чытырман токойлор көп болгондугунун айынан согушуу үчүн бири-бирине аскердик унаа жөнөтө алган эмес. 1808-жылдан баштап биринчи дүйнөлүк согушка чейин Финляндия орустардын бир облусу болгон. Бирок өздөрүнө таандык мыйзамдарга ээ болушкан. Бул укук аларга Александр I тарабынан берилген. 1894-жылы Николай II тарабынан дагы да бекемделген. …Петербург жана Вибург шаарларынын арасындагы жол көп дегенде 4 саатка созулат. Петербургда фин улутундагылар эмгектенген жеке менчик бир фин бекети (вокзал) бар. Бул бекетке алгачкы кадамды таштаганда эле өзгөчө бир жылуу сезим пайда болот. Орус бекеттеринде жана кассаларында булардан айырмаланып чаң, кир, иретсиздик дароо байкалып, кыйкырышуулар, ызы-чуулар тынчыңды алат. Фин бекеттери болсо таптаза, иреттүү жана тынч. Вагондорунда да аябай чоң айырма бар. Биздегиге окшогон орус вагондору түкүрүк идиши сыяктуу. Дубалдары сыйрылган, ар түрдүү сөздөр жана аттар жазылган. Жүргүнчүлөр менен контролерлор арасында же жүргүнчүлөрдүн өздөрүнүн арасында ар түрдүү түшүнбөстүктөр орун алган. Фин вагондорунда болсо, ар ким өз ордун билет. Мындай жагымдуу абалды немис вагондорунан гана кездештирген болчумун. Эч кандай түшүнбөстүк жок, эч ким вагонго түкүрбөйт, катуу үн менен сүйлөбөйт, чылым чекпейт. Өрнөктүү тазалык орун алган. Жол акысы арзан болгон үчүнчү класстагы жатуучу жайы бар вагондор да абдан сонун жасалгаланган, таптаза, шейшептер салынган. Сапарда эч ким эч кимге тоскоолдук жаратпайт. Уктап жатсаң эч ким катуу сүйлөп ойготпойт. Финдер негизи эле сүйлөбөйт, шыбырашат… Хелсинкфорс шаарында же финдер өздөрү айтышкандай Хелсинкиде, Вибург шаарында же финче айтканда Випуриде жана бардык чоң шаарларында көчөлөрдөн миңдеген адамдарды көрүүгө болот. Бирөөлөр келет, дагы бирөөлөр кетишет. Жалгыз жүргөндөр, кошо жүргөндөр, жолугушкандар, токтоп тургандар жана сүйлөшкөндөрдү көрүшүң мүмкүн. Бирок, бакырып-кыйкырып тынчтыкты бузган эч ким жок. Жөөлөшкөн көпчүлүктүн үнү да угулбайт. Финляндияда орус маданияты болбогондугунун биринчи белгиси да ушул. Бул өлкөдө полициялар жана аскер кызматкерлери да кыйкырып сүйлөшпөйт. Фаэтон ээлери (тиешелүү жүргүнчүлөрдү ташуучу ат арабаны башкарган адам) да жүргүнчүлөрдү кагып-силкмек түгүл, аларга кайрылган кезде үнүн да бийик чыгарбайт. Жолугуп калган достор пикир жана сезимдерин бакырып айтышпайт. Финдер жалгыз гана эркин болгондуктары үчүн эле каалаган убакытта каалаган ырын ырдап, каалаган музыкасын чалганга укугубуз бар деп ойлошпойт. Францияда деле жайкы түндөрү көчө ызы-чуусунан уктай албай чыгасың. «Баткактар өлкөсү» делген Финляндияда болсо адамдар башкалардын эгемендигине көбүрөөк маани берип урмат кылышат. Ал жерде эгемендүүлүк жана эркиндик жогору бааланат. Бирок алардын эгемендик түшүнүгү болбогон эле шылтоолор менен башкалардын тынчын алуу маанисин билдирбейт… *** *** *** Бекетке келгенде унаадан түшөсүң да, тамактануучу жайга бет аласың. Европанын бардык жерлеринде ашканалар кандай экендиги баарына маалым. Тамак-аштын үч-беш эселенген баада сатылаары белгилүү. Фин ашканасы менен ресторандарында эч нерсе сатылбайт. Ашканасына дасторкон жайылат да, тамактар ортодогу атайын үстөл үстүнө тизилет. Текчелердин бир четинде ар түрдүү табак, бычак, вилка жана кашыктар көрүнүп турат. Тамактангысы келген жүргүнчүлөр үстү ачык коюлган каалаган тамагынан каалашынча тандап алып тамактанышат да, кассага 1 же 1,5 марканы өздөрү барып төлөп коюп кетишет. Вибургдагы мейманканада (финче: равинтола) эки апта бою жашадым. Канча күн жатканым, канча таңкы, канча кечки тамак жегеним тууралуу мейманкана өкүлдөрү кабарсыз болчу. Чыгымдарымдын эсебин өзүм чыгарып, акчасын төлөшүм керек. Трамвайда билет саткан да, текшерген да эч ким жок. Жол акыны атайын кутучага таштайсың да каалаган жериңе чейин бара аласың. Менин таң калуума жооп кылып, финляндиялык бир мугалим мунун себебин мына мындай түшүндүрдү: -Жалпы Европада болгондой эле Орусияда дагы калкка ишенимдин болбогондугу үчүн билет сатылса кондукторду, адамдардын алган-албагандыгын текшерүү үчүн контролерду койсоң, анда кантролерду ким текшерет? Биз контролерго эмес, калкыбызга, инсанга ишенебиз… Бейиштей болгон Азиядан куулган финдер баткактык жана чытырман токойлорго көчүп келишип, өздөрү бейиштей шарт жаратып жашап кете алышты. Чынында баткактыктар өлкөсү болгон Суоми биздин түшүнүгүбүздөгү бейишке айланган. Баткактык жана таштак жайларды эң кооз бакча абалына жеткиришкен. Бул бакчада алар ак лилиялар сыяктуу жандуу, аруу жана таза. Алардын мындай артыкчылыгы жеке жашоолорунда гана эмес, жалпы коомдук жашоолорунда дагы көрүнүп турат. Профессор Чупров жазган акыркы саясий-экономикалык жааттагы макалаларынын биринде Финляндия менен Орусиянын мамлекеттик чыгашалар ортосундагы кызык бир салыштыруу ачыкка чыгат. Бул салыштырууда Финляндия башкаруусунда иреттүүлүк жана тартип, ал эми Орусияда жемкорлук бар экендиги даана чагылдырылган. Сайма көлүн 59 км. узундуктагы Сайма каналы Фин булуңуна байлап турат. Бул 59 км. аралыктагы каналды куруу үчүн чоң таштарды омкоруу жана тоолорду кулатып, тешип өтүү керек болгон. Мунун баарына болгону 13 млн. акча сарпталган. Бул жагдай кызыгууну жана көңүл бурууну жараткандыктан, профессор Чупров темир жолдорду куруудагы чыгашалар тууралуу изилдөө-салыштыруу жүргүзгөн. Жыйынтыгында 1 км. темир жолу Орусияда 115 000 рублга, Финляндияда болсо, рублга которгондо 36 000 рублга курулгандыгы айкын болгон. 1882-жылы Петербург-Хелсинкфорс жолунда ар бир километрге түшкөн орточо эсеп менен 5431 рубль кирешеге каршы Фин өкмөтү 2064 рубль чыгаша чыгарган. Або-Тавастгус жолундагы чыгаша ар бир км.ге орто эсеп менен 2878 рубль болсо, киреше бөлүгү кетирген чыгашасын актаган. Бирок ошол эле жылы Орусиядагы Балтика темир жолунда км. башына 8171 рубль киреше келгени менен, өкмөт 1 млн. 200 000 рубль чыгаша короткон. Ал эми километр сайын 11 143 рубль киреше алып келген Курск-Харков-Азов жолу үчүн өкмөт 3521 рубль сарптаган. *** *** *** Кез-кез Швеция, кез-кез Орусиянын башкаруусунда калган финдер жүздөгөн жылдан бери дипломатия жана аскердик чеберлик жаатында көптөгөн эмгек жумшашкан. Өз улутун, өз маданиятын жана өз цивилизациясын жаратышкан. Эң алдыңкы орунда мектептерине көңүл бурушкан жана бурушууда. Финляндияда билим берүү мажбур түрдө жана акысыз. Ар бир фин жараны окуй жана жаза билет. Ар бир финляндиялыктын үйүндө китеп текчелер орун алган атайын бурчтар бар. Бул китеп текчелеринде алгач өлкө мыйзамдары, окуу программалары болуп, андан соң маданият, үй башкаруусу, анан финдер үчүн эң чоң жашоо булагы болгон токойчулук жана малчылык сыяктуу өзгөчө багыттагы китептер турат. Чоң борборлордун баарында ачылган бардык китепканалар элдин кызматына багытталып ачылган. Жакшы уюштурулган китепканаларда күн бою эч кандай накталай кепилдик талап кылынбастан үйгө алып кетип окуп келүү үчүн ижарага берилет. Китепчилердин ишкерлиги өтө кенен болот.

Калкы 10 000ден аз болгон Вибург шаарында 12 чоң китепкана бар. Сырткы көргөзмө текчелеринде тизилген бир топ тилдердеги китептер жана искусство чыгармалары ал жерден кандай гана бийик руханий азык жана өзгөчө баалуулук табуу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Финляндияда спирт кошулган ичимдиктер ичилбейт. Ансыз деле 1907-жылы кабыл алынган мыйзамда мас абалга алып келген ар түрдүү ичимдиктин сатылышына тыюу салынган. Орус өкмөтү мамлекеттик буфеттери аркылуу аракты фин элине жаюу аракетин көргөн. Бирок финдер ал буфеттерге бойкот жарыялап, эч ким бут баспай коюшканда, алар аргасыздыктан жабылууга мажбур болушкан. Балким финдердин спирттик ичимдиктерге каршы болгон мамилелеринен улам, фин элинин келечегинин жаркын болуусуна айкын жол ачылгандыр. Европа үчүн «заманбаптыктын шарты» деп эсептелинген бул көчө ахлаксыздыгынан Финляндияда из да жок. Алардын үй-бүлөлөрүндө да, мектептеринде да, көчөлөрүндө да, бийлигинде да таптаза салттар орун алган. *** *** *** Ак лилиялар өлкөсү жөнүндө менин жазган күндөлүгүмдүн жана байкоолорумдун жогорудагы бир кесими Григорий Петровдун китебине баш сөз болууга жарайт деп ойлодум. Мен өз байкоолорумда Финляндияда көргөндөрүмдү жазып, бул өлкөнүн маданий бийиктиктерге кантип жеткенин көрсөткөн элем. Көптөгөн жылдар бою Финляндияда жашаган Григорий Петров болсо өзүнүн санат тили менен бул өлкөнүн өнүгүүгө кандай жол аркылуу жеткенин айтып берген. Фин эли мурда кандай болгонун, анан кандай болуп өзгөргөндүгүн баяндаган. Мектеп, бюро, казарма, чиркөө сындуу социалдык факторлор өлкөнүн руханий маданияты үчүн эмнелерди аткара алды? Ал жерде бул факторлор кандайча өз ордуна коюлган жана эң маанилүүсү Финляндиянын тарыхында жеке инсанга таандык сапаттар кандай роль ойногон? Чыгаан кишилер фин улутун чыгаан бир баатыр улутка айландырган же болбоду дегенде ошонун аракетин көрүшкөн. Г. Петровдун китеби биздин саясий-социалдык, экономикалык шарттарыбызды эске алып жазылган. Мунун натыйжасында бул китептин баркы дагы да жогорулайт. Бул китеп жазуучунун кол жазмасынан болгар тилине которулган.















































ТАРЫХТАН САБАК АЛУУ

Көптөгөн жылдар мурда Москва мамлекеттик театрынын дубалдарында капыстан жерпайынан шыбына чейин созулган жаракалар пайда болду. Ар күнү саны көбөйүп турган бул жаракалар имарат үчүн чоң коркунуч пайда кылган экен. Сахнада ар кайсыл театралдык оюн болуп жаткан учурда имараттын кулап, көптөгөн көрүүчүлөрдү басып калуу коркунучу жаралган. Бул балакеттин болуусунан кабатырланган адистер көптөгөн архитектор жана инженерлерди чакырышып, жаракалардын себептерин изилдеп табууну каалашты. Күттүрбөстөн тиешелүү жумуштарын баштаган адистер биринчи иши катары имаратты бардык жагынан изилдеп чыгышты. Андан кийин имараттын бир канча жерин ачып көрүштү. Москванын бул чөгө баштаган укмуштай тарыхый имаратынын жерпайы жыгачтан жасалгандыгын көрүшүп, абдан таң калышты. Кезегинде мамлекеттик театрды кура башташканда жердин бошоң экендигинен улам калың жыгач казыктар кагылып, алардын үстүнө кенен ташдубалдар курулган. Курулуп жаткан кезде бул жерпай жетиштүү деңгээлде бышык деп эсептелип, «көптөгөн жылдар бою чыдайт» деген тыянак чыгарылган. Айтылгандай эле чынында театр имараты ушул абалы менен көптөгөн жылдар бою тик туруп берди. Анткен менен, жылдар бири-бирин кубалап өткөн сайын убакыт да өз таасирин көрсөтүп, жерпайда турган такта казыктар чирий баштады. Албетте казыктардын чириши менен бирге имараттын жерпайы да кыйшайып, дубалдарда жанагы жаракалар пайда болушу күчөй берди. Мындай жаракалардын пайда болушунун себептерин тапкан инженерлер кулап түшүү коркунучу менен бетме-бет калган бул тарыхый имаратты кантип куткарууга болоорун ойлоно башташты. Натыйжада анын жолун да табышты. Бул мындайча болду. Бурчтарынан баштап имараттын алды чукулуп, чирип калган такта-казыктарынын ордуна гранит таштарын коюу аркылуу толугу менен фундаментти жаңылоого жетишишти. Ушул жол менен мамлекеттик театрдын бул эски имараты инженерлердин иш билги оңдоолорунун натыйжасында кулоо коркунучунан оолактап, куттуу имарат абалкы бекемдигине ээ болду. Өлкөлөрдүн тарыхы жана улуттардын өмүрү да Москва мамлекеттик театрынын таштан жасалган ушул имаратына окшойт. Мамлекеттик иреттин биринчи коюлган жерпайы, улутту башкаруунун эски усулдары ошол кездер үчүн жетиштүү көрүнгөн болушу мүмкүн. Бирок өткөн жылдар менен бирге шарттардын жана муктаждыктардын өзгөрүүгө учуроосунан да кача албашыбыз анык. Ушул себеп менен курулуп жаткан кезде жетерлик деп көрүлгөн негиздер, эски усул-ыкмалар бүгүнкү күндө алсыз жана жеткиликсиз болуп калышы мүмкүн. «Жаңы коомдор өздөрү менен бирге жаңы ырларды алып келет» деген белгилүү бир макал бар. Адам баласы ар дайым өзгөрүүгө дуушар болот жана токтобостон жаңыланып турат. Жаңыланган ар бир жаңы муун өзү менен бирге жаңы терминдер, тилектер, муктаждыктар, каалоолор жана арзууларды алып келет. Жаңы муундарга аябай эскирип кеткен, муктаждыктарга жооп бербеген, убактысы өтүп кеткен башкаруу системалары, усулдары таңууланып колдонула бербеши керек. Алар үчүн өздөрү жашап жаткан мезгилдин талаптарына жараша дагы жаңыраак, дагы акылга сыярлык, дагы да адилеттүү, дагы да бекем фундаменттерге таянган башкаруу усулдары колдонулушу абзел. Акылы терең, күчтүү башкаруучуларга ээ болгон өлкөлөрдө бул иштер азыркы күндө ушундай нукта аткарылып жатат. Мындай өлкөлөрдө калктын эң жакшы түрдө башкарылуусу үчүн силкинүүлөргө жана кыйроолорго мүмкүнчүлүк берилбей, дагы да көп билим жана дагы да көп мыкты пикир өнүктүрүлүп, ары жакшы, ары адилеттүү жолдорго багыт алышат. Өкүнүчтүүсү, кээ бир өлкөлөрдүн башчылары дагы деле тез арада эл башкаруунун усулу менен билим берүү системасынын оңолуп өнүгүшү зарыл экендигин түшүнүшпөйт же түшүнгүлөрү келбейт. Өлкөнүн денесинин ал жак-бул жагында жаракалар пайда болуп, система чөгө баштаган. Кейиштүү жагы өлкөнүн дубалдарында барган сайын кеңейип жана чукурайып бараткан жаракаларга маани да берилбей, көңүлкош мамиле жасалууда. Мындан улам сырттан караганда абдан бышык жана күчтүү көрүнгөн мамлекеттик курулуштардын капыстан эбегейсиз жарылып кетүүлөрүнө жана андан да бетер болуп кулап түшүүлөрүнө эч качан таң калбоо керек. Анткени, бул ачуу натыйжа өтүп бараткан мезгил менен бирге өзүн алмаштырып жаңылабаган улуттардын, өлкөлөрдүн качып кутула алгыс акыбети. Персия ушинтип кулаган. Ушул сыяктуу эле үч континентке 600 жыл бою бийлик кылган Осмон өлкөсү да, Австрия императору да өздөрүн жаңылай албай калгандыктары үчүн өмүрү бүткөн. Улуу Орус империясынын кулоосу, Бисмарктар менен Вилгелмдердин Германиясынын жок болуусу дагы дал ушул себеп аркылуу амалга ашкан. Эл оозундагы сөздөргө караганда бир кезде заалым бир өкүмдардын хан сарайынын дубалында от менен жазылган ушундай бир сүйлөм көрүнгөн: «Мане текел фарес!» Ошол кездерде бул сүйлөмдүн маанисин эч ким түшүнгөн эмес дешет. Кийинчерээк Даниал Неби деген киши бул от менен жазылган жазуунун маанисин мына мындай түшүндүрүп берген экен: -Бул жазуулар коркунучтуу бир нерсенин болооруна ишарат. Эски өлкө жашоо күчүн жана кубатын жоготту. Качып кутулууга мүмкүн болбогон бир түрдө жок болууга мажбур. Байыркы римдиктердин улуу императорлугу, Альба өкүмдарынын Испаниядагы салтанаты, Луи XVтин Франциядагы өкүмдарлыгы, Романовдордун Орусиясы, Хохенцоллерлердин Германиясы, Хабсбургдардын Австриясы да бирдей коркунучтуу натыйжа менен бетме-бет келишти. Тарых алар үчүн да: «Мане текел фарес!» өкүмүн берди. Бул ачуу акыйкаттар тууралуу терең маани берип ойлонуңуздар! Эч качан курт-кумурскадай өзүңүздөрдүн кичинекей маанисиз иштериңиздердин, дарттарыңыздардын жана маселелериңиздердин ылай-баткагына батып, чөгүп кетпеңиздер. Тескерисинче, өлкөнүн негизги түзүлүшүнүн жаңылануусун, чириген бөлүктөрүнүн оңдолуусун, улутка эң жакшы түрдө билим берилүүсүн өзгөчө ойлонуңуздар!.. Сиздер ичинде жашап бир бүтүндү түзгөн улут жана өлкөнүн түбөлүктүүлүгү үчүн аң-сезимиңиздер аркылуу мезгилден жогору көтөрүлүп, жаңы горизонтторго, жаңы-жаңы максаттарга багыт алыңыздар! Тарых бир тараптан кээ бир улуттардын жана өлкөлөрдүн ачуу жана коркунучтуу кулап жок болууларын кара беттерине жазып жатканда, экинчи тараптан болсо өнүгүү жана алдыга умтулууларын жазуу үчүн жаркыраган аппак беттерин ачат. Мына бул нерсе унутулбасын, жаркыраган беттерде жаркырап туруу да, кара беттердин караңгылыгына чөгүү да жеке инсандардын аракетчилдигинен жана аракетсиздиктеринен улам болот. Тарых адам коомун бир короо кой болуудан чыгарып, алардын же мээнеткеч кумурска ордосуна же бал жасаган аарылардын коомуна айлануусуна көп жолу күбө болгон. Ал беттеринин арасында миллиондогон инсандын өнөрпозго айлануу чараларын, өлкөнүн түзүмдөрүн кандайча күчтөндүрүүгө мүмкүн экендигин, калкка кантип эң жакшы түрдө билим берилүүсүн бизге көрсөтүп турат. Тарых өткөн чактын күзгүсү десек болот. Бул күзгүгө жакшы карангандар өздөрүн туура байкап, ката-кемчиликтерин көрүп, алардан сабак алышат. Келечектин жаркын болушуна ишеничтүү кадамдар менен бет алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Андай болсо, бир колунда тарых жарыгы, экинчи колунда келечек сүйүүсү болгон улуттар гана дайыма өнүгүүгө татыктуу талапкер.



























ЭЛ БААТЫРЛАРЫ ЖАНА УЛУТ Кээ бир өлкөлөр аябагандай коркунучтуу кризистерге кабылышат жана жок болууга чейин дуушар болушат. Ал эми дагы бир башкалары болсо жашоолорун өнүгүү жолуна багыттап, чиеленген маселелерин философиялык сулуулук жана кооздук менен тартипке салып, узун өмүрлүү жашай беришет. Чындыгында өлкөнүн келечеги премьер-министрдин, министрлердин же депутаттардын, жетекчилердин гана жоопкерчиликтеринде эмес, ошол эле учурда улуттун ар бир жаранын тынчсыздандырган, сөзсүз көңүл буруусу керек болгон олуттуу маселе. Шаардык, айылдык, билимдүү-билимсиз, башкаруучубашкарылуучу, жаш-кары, аял-эркек – баары, мейли алар ким болбосун билими менен, балким билек күчү менен жапа тырмак иштеп, өлкөнүн өнүгүү жолдорунун үстүндө ойлонуп, чын ыкластан өз салымдарын кошуусу абзел. Өлкөлөрдүн күчтүүлүгү же алсыздыгы, улуттардын таанылуусу же артта калып жок болуусу, бир гана жетекчилердин кемчилдигинен, компетентсиздигинен, күчсүздүгүнөн, иш бүтүрө албастыгынан эле эмес. Керек болсо, жетекчилер жакшы болсун же жаман болсун, мейли эл баатыры, жада калса заалым болсун, алар элдин бир күзгүсү болуп саналат жана элдин абалын толук чагылдырышат. Алар элдин дал өзүнөн бөлүнүп чыккан улуттук рухтун бирден нускалары болуп эсептелинет. Калктын көпчүлүк массасы кандай абалда болсо, башкаруучулар да дал ошондой абалда болушат. Мына ошол үчүн мурдатан бери: «Ар бир улут ылайык болгон абалына жараша башкарылат» деген сөз айтылып келет. Бул сөз бизге бир фабрикадан бирдей буюмдардын өндүрүлүшүн түшүндүрөт. Фабрика жакшы иштесе буюмдары да сапаттуу болот. Тескери учурда сапатсыз чийки зат колдонулуп, сапатсыз буюмдар өндүрүлө берет. Мурдатан бери талаш-тартыш болуп келген философиялык жана тарыхый маселеге бир аз токтоло кетели. Улуттардын тарыхын ким жана кимдер түзөт? Өлкө, өлкөлөрдүн жана адамзат жашоосундагы эң чоң окуялар кимдер тарабынан башкарылат? Жеке адамдар, башкача айтканда англис ойчулу Карлайл айткандай Эл баатырлары болушкан чыгаандар тарабынанбы? Же болбосо Лев Толстой жактагандай улутту түзгөн бардык жарандар тарабынан башкарылабы? Карлайл «…Тарыхтагы эл баатырлары» аттуу эмгегинде эл баатырларынын басып өткөн жолдорун, баатырларга тиешелүү сапаттар жөнүндө жазган. Анын оюнча, улут жуурулган бир чопо сыяктуу. Эгерде жакшы бир чебер устанын колунан өтпөсө, анда көрүнүктүү кооз форманы албай калат, тескерисинче жансыз копол бойдон кала берет. Бирок Иса (а. с.), Ибрахим (а. с.), Мухаммед (с. а. в.) сыяктуу инсандарга жөнөтүлгөн пайгамбарлар же Газали, Сократ, Наполеон сыяктуу ойчулдар же аскер башчылары чыгып жуурулган чопону колдоруна алышса, ага күтүлгөн кооз форманы бере алышат. Чындыгында айтылып кеткен жогорудагы чеберлер жашап өткөн доордогу коомго, кала берсе бардык адамзатка, изи тарых бою өчпөй келген кооз, сулуу форма беришкен. Чыңгыз хан Кытайды, Индияны, Иранды жана Орусияны карамагына алып, Азиянын миллиондогон адамдарын бир империя астында топтоого жетишкен. Ошондой эле Мартин Лютер адамдар тарабынан утуру алмаштырыла берип маанисин жоготкон христиан дининде реформа жасаган. Мындай түзөөчү жол баштоочулардын жанында бузуучулары да бар эле. Нерондор, Калигулалар байыркы Римди кыйраткандыгы сыяктуу, Бисмарктардын жана Хохенцоллерлердин жүргүзгөн туура эмес саясатынын натыйжасында Германия коркунучтуу силкинүүлөргө дуушар болгон. Кыскасы Карлайлдын ою боюнча, тарыхта улуттарды жана бардык адамзатты рухий күчтүү, зээндүү жана таланттуу кишилер башкарышкан. Алардын баары эл баатырлары болуп эсептелет. Ал эми Лев Толстойдун көз карашы болсо, Карлайлдын көз карашына карама-каршы келет: «Жашоону түзгөн, окуялардын багытын аныктаган фактор жалгыз киши эмес, элдин дал өзү» деп эсептеген. Ошол эле учурда Томас Карлайл мындай деген: «Эл катмары жерде жатып чиригенге жакындап калган саман жыйындысы сыяктуу. Чыгаан (лидер) кишилер менен эл баатырлары болсо, асмандан жарк деп түшүп саман жыйындысын тутандырган, эл катмарын жандандырган жана кыймылдаткан чагылган сыяктуу» Лев Толстойдун дагы бир айтуусунда мына мындай: «Кыялыңызда деңизде сүзүп бара жаткан бир кемени жандандырыңыз. Кеме сүзүп бара жаткан учурда сууда кемеге жол ачкан сызыктар пайда болот. Кемени тартып бара жаткан суудагы жарылган сызыктар десек туура болобу? Суу агымын пайда кылган кеменин өзү экендиги анык. Пайда болгон агымды алдына салып кубалаган да кеме. Андай болсо күч кеменин өзүндө. Агым анын натыйжасы». Толстой: «Бир улутта өнүгүү кыймылы башталганда, ал элде өзүнөн өзү алга карай жылыш башталат. Ошол эле учурда элдин таламын орундаткан өздөрүнөн ичинен бирөөнү жол башчы кылып шайлап алышат» деп айтат. «Согуш жана тынчтык» романынын автору Лев Толстой, эгерде Томас Карлайлдын «Эл баатыры – чагылган» салыштыруусун кабыл кылган болгондо мындай демек: «Ооба, лидерлердин ар бири өзүнчө эл баатырлары, алар чагылган өңдөнөт. Бирок, элдин катмары жуурулган чопо да, саман жыйындысы да эмес. Ошол чагылганды пайда кылган улуттун дал өзү. Качан гана булут же булуттар күчтүү кубаттанууга (зарядга) тойгон болсо, чагылган өзүнөн өзү пайда болот. Эгерде булутта кубаттануу жок болсо, анда чагылган кайдан?! Мындайда булут жөн гана буу жыйындысы болуп чогулат. Эл да мына ушундай. Эгерде эл лидер жана баатырларга ээ болсо, анда алардан чагылгандар пайда болот, эл ичинде баатырлар төрөлөт. Эгерде эл катмары муздак буу жыйындысы болсо, эч бир күч андан чагылган пайда кыла албайт». Бул эки теория мындай караганда бири-бирине карама каршы көрүнгөнсүйт. Бирөөсүн тандоо керек. «Кимисинин айтканы туура: Карлайлдынбы же Толстойдунбу?» деп ойлонсок болот. Анткен менен Карлайл менен Толстойдун көз караштарындагы карама- каршылык ал сырткы гана көрүнүш. Чындыгында Карлайл менен Толстойдун көз караштары бири-бирине каршы эмес. Тескерисинче, бири-бирин толуктайт. Бул жерде «Же Карлайл, же Толстой!» деген пайдасыз. Карлайлдын көз карашы туура. Албетте Толстойдун көз карашы да туура. Ар бири бир бүтүн чындыкты түзүп туруучу эки жартынын бирөөсү. Көз караштар тыйындын эки тарабы сыяктуу. Баатыр элдин сезимдерин козгоп алоолондурат. Бирок ошол баатыр өзү да күч-кубатты, толкунданууну элинен алат. Мисал катары бир лупаны алалы. Ал белгилүү бир аянтка таркаган күндүн нурларын бир чекитке топтоп берет. Күндүн нурларын бир чекитке топтоо менен отун, кагаз, саманга окшогон нерселерди тутандырат; ташты, айнекти жана темирди ысытат. Элдин боорунан бөлүнүп чыккан ар бир лидер да ушул лупага окшош болот. Ал элде чогулган жарылууга даяр күчтөрдү жана жакшы сапаттарын өзүндө топтойт. Аны менен болсо миллиондогон элдин рухун тутантат. Бирок, аба ырайы булуттуу болсо жана күндүн нурларынан куру калса, анда эч бир лупа бир кардын бүртүкчөсүн да эритүүгө жана жамгырдын тамчысын ысытууга деле күчү жетпейт. Швейцария быштагы жалгыз гана бийик тоолордо оттогон уйлардын сүтүнөн жасалат. . Түрдүү убактарда элдин ичинен чыккан жол баштоочулар да ыңгайлашкан шарттарда төрөлөт. Алар бир элдин ачылаар алдында турган гүлдөрүнүн жагымдуу жыттары. Наполеон тынчтыкты сүйгөн байыркы Кытайда эмес, Францияда өскөн. Орусия болсо айтылуу Толстойду өстүрдү. Ар дайым жана ар жерде бул маселелер ушундай. Германияны биринчи дүйнөлүк согушка дуушар кылган Вилгелм II эмес. Тескерисинче, немистердин зордукчул руху, согушчул руху Вилгелмдерде, Бисмарктарда, Хинденбургдарда чагылган. Байыркы Римди Нерондор, Каракалалар талкалаган. Бардык жерде жеке кызыкчылыгын ойлогон Испания Лойоланы, Германия болсо Крупсту өстүрүшкөн. «Ар бир улут ылайык болгон абалына жараша башкарылат». Ооба, ар бир эл башкаруу механизминин башына же күчтүү, же болбосо кайдыгер, же күчсүз бирөөнү шайлашат. Кайсы бирин шайлабасын ал элдин ошол убактагы руханий абалын чагылдырат. Элдин ичинде топтолгон жакшы нерселер барбы же жокпу? Жакшы жөрөлгөлөр барбы? Элдин акылы, каалоо-тилектери, жан дүйнөсү байбы же ууланган абалда чирүүдөбү? Пас, начар бир жашоо ичинде жок болуп кетүүдөбү? Бул жерде бардыгыбыздын жашоо мүнөзүбүз жана иштөө ыкмабыз негизги маселе болуп турат. Биз өз өлкөбүздө эмне кылуудабыз? Элибиздин келечеги үчүн кандай роль ойноп жатабыз? Түштүк деңиздеринде 5-10 бермет аралдары бар. Берметтер, ошол эле заңдардын жыйындысы. Жашоосун жоготуп өлүк үйүлмөлөр абалына айланышкан. Ошондон улам келечек үчүн кайсыдыр бир функцияга ээ болушу мүмкүн эмес. Деңиздердеги кичинекей полиптер өз денелеринен суюктук чыгарышат жана алар эч кандай байкалбайт деле. Бирок бул суюктуктардын жыйындысынан бир канча аралчалар пайда болот. Кала берсе, ал аралчаларды адамдар да колдонсо болот. Экинчи жактан, түштүк өлкөлөрүндө кумурсканын кээ бир коркунучтуу түрлөрү жашашат. Алар көбөйгөн сайын адамдар үчүн апаатка негизги себепкер боло баштайт. Айланасындагы үйлөрдү жана ичиндеги эмеректерди жеп жиберишет. Адамдар бул зыянкечтер пайда болгон жерден көчүп кетүүгө мажбур болушат. Эми келгиле, өз өлкөбүздүн абалына бир көз жүгүртөлү. Мамлекетибиздин ичиндеги ишибиз кайсы түргө кирет? Куруп, өнүктүрүүгөбү же кыйратып жок кылуу түрүнөбү? Мамлекеттин бактылуу келечеги, калктын каалоосунун жана ар намысынын натыйжасы экендигинин мисалы катары кичинекей жана кембагал өлкө болгон эки миллион калкы бар Финляндияны көрсөтө алабыз. Европанын чыгышында жайгашкан Финляндиянын климаты өтө татаал. Көбүнчө туман каптап турат. Жаз мезгилинде да тоң кетпейт. Август айынан баштап эле сууктар башталат. Андагы ландшафт (жер түзүлүшү) да өтө начар. Көптөгөн жерлер жылаңач гранит таштардан турат. Башка жерлери болсо чукур жана баткак. Бул өлкөдө кен байлыктар жокко эсе. Дыйкандык иштери чоң мээнеттер, чоң кыйынчылыктар менен болот. Эли да эч бир убакта толук эгемен боло алган эмес. Кез-кез бир кошунасынын, кез-кез экинчи кошунасынын колониясына айланып турган. Финдер өздөрүн Суом, өздөрү аябай сүйгөн өлкөлөрүн Суоми дешет. Бул сөз баткак деген маанини билдирет.





























































СУОМИ ТАРЫХЫ Финляндияда түрдүү мезгилдерде болдум, ошону менен анын көптөгөн аймактарында жашадым. Чоң шаарларында, көл жээктеринде, учу кыйыры көрүнбөгөн токой арасындагы айылдарында да болдум. Алардын күнүмдүк иштерине, майрамдарындагы шаан-шөкөттөрүнө да күбө болдум. Кыскача айтканда, бул улуттун музыкасын, адабиятын, сүрөт искусствосун, көз жоосун алган архитектурасын жана театр чөйрөсүн көңүл коюп изилдедим. Чындыкты айтайын, ушул көргөндөрүмдүн аягында ал өлкөгө болгон таң калуу сезимим дагы да күч алды. Финляндияда болгон ар бир учурумда, сырттан караганда башка улуттарга кабагы бүркөө көрүнгөн, түндүктүн өтө мээнеткеч жана тынч, бейпил элине дагы да ыраазы болдум. Фин улутунун жашоосунда, өзгөчө ушул эки нерсе айтылышы керек. Анын биринчиси, орус төңкөрүшү же болбосо 1917-жылга чейин алардын көз карандылыгы, экинчиси болсо, бул улуттун ичинен бир дагы улуу инсандын өсүп чыкпоосу. Финдерге таандык болгон чоң маданият ушул улуттун ар бир жаранынын эбегейсиз аракетинин жана изденүүсүнүн натыйжасында келип чыккан. Финдер Орусиянын түндүк батышынын эң акыркы чегинен орун алган. Ал эми ары жагынан Финляндия Швеция менен чектешкен. Финдер 1811-жылга чейин Швециянын талап-тоноочулугунун астында өмүр сүрүшкөн. Ошол жылдары Швециялыктардын фин улутуна каршы жасаган мамилелери, Австриянын Воеводинодогу жана Босния-Герцеговинадагы сербдерге каршы жасалган жаман мамилелери сыяктуу эле. Бардык башкаруу мекемелери, соода тармактары, фабрика жана мектептер, жада калса чиркөөлөр да шведдердин көзөмөлүндө болчу. Бүт мамлекет жетекчилери, соттор, аскер башчылары жана мугалимдер да шведдер тарабынан дайындалчу. Шведдер өздөрүн өтө улуу эл ойлогондуктан, ар дайым Финдерди төмөн көрүп, аларга акыркы тайпадагы улут сымал мамиле кылышчу. Финдер шведдер менен бир укукка ээ болгону менен, алар экономика, адеп-ахлак жана айрым түшүнүктөрү жагынан артта калтырылышкан. Мындай жагымсыз жагдайлар фин улутун чөктүрө албады, тескерисинче чыйралтып, маданият жана адеп-ахлак жагынан дагы да өнүгүүсүнө түрткү болду. XVIII кылымдын аягында же болбосо 1840-жылга чейин фин маданияты суусуз чөлдө өскөн гүл сыяктуу болгон. Ошол мезгилде финдер бир аз гана окуй алышчу жана араң жазышаар эле. 1808-жылы Орусия менен Швециянын ортосунда болгон айыгышкан согушта Орус падышасы Александр I армиясы менен Финляндиянын жарымын басып алгандан кийин, финдердин Борго шаарындагы “сейим” же болбосо фин улуттук курултайын топтоп, бардык Боумдун өкүлдөрүнө төмөнкүдөй суроо менен кайрылган: -Мындан кийин Шведдердин кол астында жашоону тандайсыңарбы же өз ичиңерде эркин болуу шарты менен орустардын башкаруусу астында болгуңар келеби? Фин улутунун башкаруучулары орустарга кошулууну туура көрүшкөн. Мындай ыңгайлуу тандоодон кийин падыша Александр I да финдердин швед башкаруу доорунан калган мыйзамдары менен жашашына уруксат берүүгө убада берген. Финляндиянын Орусияга кошулуусу эки тарап үчүн да пайдалуу болгон. Англия үчүн Индия менен Египеттин мааниси зор, себеби бул өлкөлөр бай соода борборлору болуп эсептелет. Бирок Финляндия Орусия үчүн мынчалык мааниге ээ эмес. Себеби Финляндия жарды мамлекет. Орусия Финляндияны басып алгандан кийин, ал өзү үчүн эч кандай экономикалык пайда көрө алган эмес. Бирок бул өлкөнү каратып алуусу башка бир тараптан Орусия үчүн пайдалуу болчу. Эң негизги кызыкчылык, Финляндиянын ошол учурдагы Орусиянын борбор шаары болгон Петроградга жакын болуусу эле. Финляндиянын чек арасынан Петроградга поезд аркылуу 4 саатта барууга мүмкүн болчу. Кайсы бир өлкөнүн Орусия менен согуш оту тутанса, Финляндиянын чек арасы аркылуу өтүп, душмандар Орусиянын борборуна чоң коркунуч туудурушмак. Фин өлкөсүн Орусия ошол себептен басып алууну туура көргөн. Башка бир тараптан ич ара көз карандысыздыкка ээ болгон финдер өздөрүнө таандык улуттук маданиятын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Орусиянын басып алуусунан кийин да швед калкынын көпчүлүк бөлүгү Финляндияда калууну тандашкан. Бирок алар андан кийин ал өлкөнүн ээлери жана башкаруучулары болбой калышкан. Алар да өздөрүнүн жаңы мекени деп эсептешкен Финляндиянын маданият жаатында өнүгүүсү үчүн өтө чоң иш аракеттерди аткарууга киришишкен. Өлкөнүн маданият жаатында өнүгүүсү үчүн аракет кылгандар алгач аз сан менен чектелген. Себеби бул мезгилде финдердин таланттуу жаштары, акылдуу мугалимдери жана кечилдери саналуу гана болчу. Бирок мындай жагдай алардын дем-күчтөрүнүн жок болуусуна эмес, кайра тескерисинче чыңалуусуна алып келди. www.bizdin.kg Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы 26





СНЕЛМАН.

Падыша Александр Iдин тушунда фин маданиятын өнүктүрүүгө белсенген адамдардын эң алдында Снелман аттуу кадыр-барктуу инсан бар болчу. Йохан Вилгелм Снелман 1806-жылы 12-майда Стокголм шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 1881-жылы 4-июнда 75 жашында Банскарбиде көз жумган. Снелман ошол мезгилдин эң чоң философу жана атагы таш жарган саясатчысы болгон. Бирок бул чыгаан заттын эң атактуу даңкы, анын фин маданиятын дүйнөгө тааныткан, улуттун чыныгы мээнеткеч элдик мугалими болуусунда эле. Снелман өзүнүн идеялаштары менен бирге элдин камын ойлогон элдик мугалим сапаты менен, үзгүлтүксүз иштөө аркылуу баткактар өлкөсү атанган Финляндияны ”Ак лилия гүлдөр өлкөсүнө” айландырышкан. Финляндиялык бул улуу бир ойчул өмүрүнүн аягына чейин өз мекендештеринин аң-сезимине төмөнкү чындыкты калыптандырууга аракет кылган: “Финляндия ар дайым Орусия жана Швеция өлкөлөрү тарабынан басып алуу коркунучу астында турат. Мындай күчтүү жана каардуу коңшулардын алдында аларга каршы туруу үчүн, маданият жана адеп-ахлагыбыз менен алардан дагы да бийик деңгээлде болушубуз керек”. Снелман “Сайма” деген аталыш менен чыгарган гезитинде калкына дайыма бул сөздөрдү айтып келген: “Качан гана биздин алакандай улутубуз айланабыздагы зор коңшуларыбыздан жогору маданиятка ээ болсо, ошондо ичибиздеги коркуу жоголот”. Финдер көп жылдар бою маданияттарынын өнүгүүсүн жана кубаттуу болуусуна аракет кылышкан. Ал эми бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрүнүн арасында фин маданияты алдыңкы орунда турат. Мына ушундан кийин алар чоң-кичине өздөрүнүн бардык коңшуларынын алдында көз каранды болуп калуу коркунучунан кутула алышты. Снелман - фин жаштарына мактанып айтаар үлгү инсан. Ал өзү менен бирге бир канча жаш мугалим, кечил, адвокат жана укук коргоочуларды алып, суусаган калкына илим-билим берүү максатында колдон келген бүткүл аракетин жумшоо үчүн үндөгөн. Булар төмөнкүдөй ураан чакырышкан: “Жогорку маданияттуу болуу бул норка тумак, модага ылайык кымбат баага кийинүү эмес. Кең келечектүү жаштар улуттун мээси сымал. Эл силерди жакшы билим алып, маяналуу кесиптин ээси болуп, кечкисин кумар ж. б. оюндарды ойногула деп окутпады. Мындай жолго баргандар интеллигенттер эмес, интеллигенциянын алсыз бир сөлөкөтү. Билимдүүлөрдүн баары улуттун аң-сезимин өнүктүрүүгө, алардын жан дүйнөсүн ойготууга, улуттук эрктүүлүктү күчтөндүрүүгө өздөрүндө болгон бардык күчүн жумшоосу зарыл. Бул алардын милдети. Айыл жашоочуларына, жумушчуларга жана калктын жарды катмарына эң жакшы жашоо шарттарын үйрөтүңүздөр! Элге жашоонун маанисин түшүнүүсүн жана коргой билүүсүн үйрөтүңүздөр. Биздин какыраган мекенибиздеги шартта деле ар бир айылдаштын жана жумушчунун мындан да эркин, мындан да бакубат, мындан да жетиштүү жашай билүүсүн түшүндүрүңүздөр. Калкка кандай иштөө керектигин үйрөтүңүздөр. Арзан жана жупуну болуу менен бирге, жашоого ыңгайлуу үйлөрдүн кандай курулаарын көрсөтүңүздөр. Өздөрүнүн жана бала-бакыраларынын ден соолугун чыңдоосун үйрөтүңүздөр. Бактылуу бир үй-бүлөнүн кандай куралуусун, жубайлардын бири-бирине болгон милдеттери эмне экендигин, жаш жеткинчектердин өз ара кандай мамиле кылуу жана кандай түрдө тарбиялануусу керек экенин үйрөтүңүздөр. Калкты бардык ишти өз убагында аткарууга, тартиптүү иштөөгө үйрөтүңүздөр. Өздөрүнүн жана башкалардын укугун коргоону жана урматтоого үйрөтүңүздөр. Мындай бардык иштерде калкка алгач өзүңүздөр үлгү болуңуздар. Өз ара жана эл ичиндеги мамилелериңиздерде элдик мугалим милдетин аткарыңыздар. Бүткүл Суомини эбегейсиз зор үй-бүлө элестетиңиздер. Мекенибизге ушундай көз караш менен караңыздар. Унутпаңыздар, эң жарды көмүрчү жана жалгыз бой аял дагы, биз үчүн фин улутунун жараны, сиздердин да кыз же эркек бир тууганыңыздар. Алардын сабатсыздыгын жоюп, маданияттуу калктын арасына кошуу сиздердин милдетиңиздер. Унутпаңыздар, улуттун сабатсыздыгы, корстугу, мастыгы, оорулуулугу, жардылыгы... булардын баары сиздердин кемчилдигиңиздер, сиздердин каталыгыңыздар”. Агартуучуларга мына ушул бир канча фин окутуучулары, мамлекеттик кызматкерлери, дарыгерлери дайыма ушундай жол көрсөтүшкөн. Булардын арасында өзүнүн жигердүү иши менен Снелман ар дайым үлгү көрсөтүп алдыда болчу. Ал кышта тытылган тайгак өтүгү менен, ал эми жазында эски кайык менен, кээ бирде жөө Финляндияны баштан-аяк кыдырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөөр эле. Токойлордо жана тоолуу өрөөндөрдө кез келген акылдуу кары-жаштарга сабак берип, китеп таркатып, алар менен ар дайым кат алышып турат болчу. Снелман өзүнүн барган ар бир аймагындагы акылдуу, зээндүү адамдарга төмөнкү насааттарын айтаар эле. “Бир мамлекетти жашылдандырып, суу менен камсыз кылуу үчүн бир-эки дарыя жетпейт. Жада калса анын эң четки жерлеринде да эч болбогондо сызып аккан тунук булагы, жылт эткен мөлтүр суусу болуусу абзел. Ал эми улуттун руханий суусуздугу да ушул сыяктуу. Улуттун руханий суусунун бардык жерлерде кандыруу үчүн албетте оргуштап аккан “булактар” болуусу абзел.” Снелман өзү барган ар бир аймагындагы жашаган адамдардын аң-сезимин ойготуп, аларга чоң таасир берээр эле. Аларды өзүнө максатташ катары кошуп, ар дайым алар менен кабарлашып турат болчу. Алардын жазган каттарын алып, кайра башка бир аймакка жөнөтүп турчу. Снелман өзүнүн жазган жооп каттарында аларды кээде мактап насаат айтса, кээде сындап тапшырма берээр эле. Снелман барган аймактарындагы ыктыярдуу мугалим досторун чогултуп, алар менен ой бөлүшүп, баарлашаар эле: “Карагыла, кара куурайдан кандай жип жана аркан өрүп жатышат. Алгач эң ичке кара куурай өзөктөрүн алып андан ичке жиптерди өрүшчү. Андан кийин ошол өрүлгөн жип топтомдорун чогултуп, калың аркан жиптерди жасашчу. Ал эми өрүлгөн жиптердин бир канчасын бириктиришип, кемелерге байланчу зор аркандарды даярдашат. Мына, биз жасаган иш да ушуга окшош. Агартуучулардын чачыраган ойлорун бир жерге чогултуп, эки миллион калкыбыз үчүн чоң күчтү пайда кылышыбыз керек”. Снелман жайкы эс алуу убагында айланасындагы мугалимдерди чогултуп, эки-үч жумалык курстарды уюштурчу. Жалпысынан алганда бул курстарга жүздөй адам катышчу. Эң алгач башталганда өз каалоосу менен катышкан адам аз болгон. Өлкөнүн кээ бир алыскы аймактарында эмгектенген окутуучулар өз кесиптерин жактырышпай, курстарга да мажбур түрдө катышышчу. Жада калса кээ бирлери: “Бул курстарды ким ойлоду, ким чыгарды? Мугалимдерге курс берүү кайсыл акылсыздын оюна келди?” деп кыжырданышкан. Снелман мындай айтылган нааразылык ой-пикирлердин баарынан кабардар болчу, бирок ачууга алдырбай, ал адамдарга бир дарыгер сыяктуу мамиле жасачу: “Оорулууну даарылоо керек” деп айтчу. Ал эс алуу курстарында мугалимдерге төмөнкүдөй насаатын айтаар эле: “Кымбаттуу досторум! Силердин тарткан түйшүгүңөрдүн канчалык деңгээлде оор экенин билем. Өлкөнүн алыскы аймактарында кыйналып эмгектенгендигиңердин бааланбай келе жатканын да билем. Ал эле эмес, жасаган эмгегиңердин акыбети кайтпай, материалдык жактан жардамга муктаж экениңерди да билем. Бирок кандай айла, кандай чара?! Анткен менен, эч унутпагыла, биз бир улуттун келечеги үчүн баштаган ак жолдун эң башталгыч учундабыз. Биз жаңы, таза бир улуттук билим берүү кыймылынын баштоочуларыбыз. Сабатсыздык менен алпурушуп жаткан мезгилде, улуттун бардык оор жүгүн ташуу биздин мойнубузда. Башталышында алар биздин ишти туура көрүшпөйт. А бирок биз жоомарттык, колу ачыктык кылабыз. Керек болсо, арабыздан курмандык да беребиз. Себеби мындай мамиле учурдун талабы. Мен силерди берешендикке, керек болсо өз жанын берүүгө чакырам. Бирок, бир нерсени айтып коёюн, бардык кесиптерде болгон сыяктуу мугалимдик кесипте да өз ишин сүйбөгөндөр жок эмес. Мындай адамдар өз ишинин чебери эмес, тескерисинче мугалимдик кесипти төмөн көрүп жаткандар. Буларга дос катары насаат айтам. Мугалимдик кесипти таштап, башка бир жактан ырыскыңарды издешиңерди суранаар элем. Кааласаң барып сатуучу бол, кааласаң бирөөнүн колунда катчы бол. Андай жалкоо адамдардын ордуна мугалимдик кесипти ыйык туткан, бул кесип үчүн бүт өмүрүн арнаган, катаал мезгилде ардактуу мугалимдик кесиптин асабасын бийик көтөргөн эр азаматтар келсин. Мынакей, мунун натыйжасында улутубуздун эң алды болгон, эл арасында аттын кашкасындай таанымал, чыгаан инсандар силер үчүн өз конференцияларын бере башташты. Алардын билиминен пайдаланып, силер да өз мектептериңерге барганыңарда окуучуларыңарга татыктуу билим бергиле”. Башталгыч мектептердин мугалимдери Снелмандын айткан мындай сөздөрүнөн таасирленишип, сабатсыздык менен күрөштө ар дайым ага жардамчы болушту. Бул мугалимдердин көпчүлүгү өздөрүнүн билимин тереңдетүү үчүн бардык күч аракетин жумшоого киришишти. Мезгил өткөн сайын булардын баары чогулуп, мамлекеттин чоң маданият күчүн пайда кылды. Кыска бир убакыт өткөндөн кийин, өлкөнүн бардык булуңбурчтарынан чоң-кичине жүздөгөн Снелмандар өсүп чыгышты. Снелман Суоминин ойгонуусу үчүн жалгыз гана мугалимдерден жардам күтпөдү. Кай жерде мамлекеттик кызматкер, дарыгер жана тигүүчүлөр чогулса, дароо аларга жардамга чуркап: “Улутту унутпагыла, ойгонгула! Силер, баарыңар ошол улуттун ичинде өсүп жетилдиңер. Эми эмне менен алек болуп жатасыңар? Сабатсыз, караңгы бир тууган досторуңардан качып жатасыңарбы? Же болбосо алардын көңүл ооруткан көйгөйлөрүн чечүүнүн чараларын издеп жатасыңарбы? Элдин жан дүйнөсүн ойготуп, алардын маданият деңгээлинин бийик болуусу үчүн кандай иш аракет жасап жатасыңар?” дечү.



































































АГАРТУУЧУ-МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕР

1816-жылы Финляндия Орусиянын курамына өз алдынча кээ бир тиешелүү укуктарга ээ болгон мамлекет катары кирет. Парламентте жаңы баш мыйзам кабыл алынып, анда Финляндия үчүн да өзгөчө укуктар каралган. Бул башмыйзамга 1-падыша Александр өзүнчө жарлык жарыялайт. Бул Жарлыкка ылайык Орусияга көз каранды болгон фин мамлекетине таандык болгон мыйзамдарга өзү баш болуп жана андан кийин келе турган падышалар да урмат менен карай тургандыгына сөз берген. Бир жолу Парламенттин ачылуу аземине байланыштуу, жалпы мамлекеттик кызматкерлер конгресси чогулган. Бул конгресске кесипкөй Снелман да катышып, сөз сүйлөгөн. Швеция убагынан баштап жумушчулардын абалынын тарыхын бүт айтат. Ал өзгөчө төмөнкү маселелерге басым жасаган: -Шведдер аябай жакшы, акылдуу, намыстуу, ак көңүл, маанайлуу жана маданияттуу инсандар. Аларды жакшы көрөмүн. Араларында ардактуу досторум бар. Швециянын бардык тармакта ийгиликтүү болушун чын көңүлдөн каалаймын. Бирок мындай кубануу менен бирге, биздин унутулган жана кембагал өлкөбүздүн Швециянын моюнтуругунан кутулганына сүйүнөмүн. Мен Шведдерден эмес, швед жетекчилеринен элимдин кутулганын алкыштаймын. Финляндиядагы Швед жетекчилери Финляндия үчүн да, Швеция үчүн да өзүнчө бир жүк эле. Шведдердин өз өлкөлөрүндөгү мамлекеттик жетекчи кызматкерлери акылдуу, намыстуу жана иштерман адамдар. Бирок, биздегилер андай эмес. Швеция мамлекети да башка өлкөлөр сыяктуу кетирилген каталарды кайталоодо. Эң күчтүү кадрларын борборго топтоп, эң жакшы кызматтарга дайындашып, чеке жерлерге тажрыйбасыздарын жөнөтүштү. Бардык эле элде болгон сыяктуу кээ бир назик жана бай швед үй-бүлөлөрүндө жалкоо, нолок, шок, арсыз, араккор балдар өсүштү. Бардык мектептерден айдалган, эч бир кызматка кабыл алынбаган, жеке фирмаларда иш таба албаган, өзүнчө да иш баштай албаган, чындыгында иштегиси келбеген жаштар, аталарынын байлыгын чөмүчтөп жок кыла баштаганда, ата-энелери «Бул баланы эмне кылсам?» деп ойлоно баштаган. Аталар кадыр-барк, аброюн пайдаланышып чоң жумуштагылар менен тил табышып, ишти жакшы билбеген балдарын Финляндияга мамлекеттик кызматтарга дайындатышты. Снелман сөзүн улантты: Мындай абалдагы өлкөбүзгө дайындалган эки миңдей Швециялык мамлекеттик кызматкерлерден эмнени күтөсүң? Көпчүлүгү мектепти да бүтүрбөгөн, керек болсо үчүнчү классынан мектепти таштаган билимсиз, жалганчы жана ахлаксыз мамлекеттик кызматкерлер убакыттарынын көбүн жумуш орундарында эмес, кафе-барларда өткөрүшөт эле. Бул мамлекеттик кызматкерлер иштегенди каалабайт жана ишти да билишпейт. Жумушуна акылы да жетпейт эле. Кызматтарына жеткен жоопкерчиликсиз, элге каршы менменсинген, текебер болчу. Жумушуна кеч келип эрте кетишет эле. Жумуш убактысында кофе, чай ичип жана тамеки тартып олтуруша берээр эле. Гезит окуп, кроссворд толтурушат же достору менен чогулуп алып бакылдашып, курулай талашып -тартышышат. Иши түшүп аларга кайрылгандарды өз кызыкчылыктары үчүн бир канча убакыт күттүрүшөт эле. Катчылары элге «Директор бош эмес. Чогулушу бар, күтүп туруңуз» деп корс жооп жолдошоор эле. Эл күтүп-күтүп акырында ишин бүтүрө албай, тарап кетишет болчу. Күтүүгө чыдагандарына уйкусуздуктан көздөрү кызарган, көңүлсүз кабыл алган директорго кирүүгө уруксат берилчү. Директор болсо эрдемсип, сөзгө конок бербей туруп, корстук менен: -Бүгүн бош эмесмин, эртең келиңиз!-дечү. -Кечиресиз, мен алыстан келдим... -Эртең дедим го! Түшүнбөй жатасызбы?! -Бирок менин акчам жок, эртеңге чейин күтө албаймын! -Сизге эртең дедим го!.. Сыртка чыгыңыз!.. Мына ушундай жумуш күнүнөн кийин директорубуз ишканасынан чыгып туура бир музыка, ыр-бийи болгон кафе-барга барат. Арак-шараптарды суудай ичип, айланасына кыз-келиндерди топтоп, көңүл ачышат. Бирок, мындай жашоого көп акча керек. Ошол үчүн мамлекеттик негизги маселелер ушул баткак жерлерде чечилип калган. Бул окуяларды уккандар айласыз кейишип, араларында мындай деп шыбырагандары болгон: «Бул эмне деген? Бул кишини Стокголмдон кандай жөнөтүштү? Качанга чейин минтип жашайбыз?» Эл ыйлап-сыздап, кыжырданышып жана бири-бирине арызданышып мындай дешет: «Мамлекет кызматкерлери өздөрү ушундай кылышса, неге биз мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланбайбыз?» Снелман сөзүн улантып: -Кудайга шүгүр, мына бүгүн мамлекеттик кызматкерлерибиз андай эмес. Акырындап ар бир бош кызмат орунга фин кызматкерлери жайгашууда же болбосо Финляндияда туулуп чоңойгон шведдердин түзүгүрөөктөрү кызматка алынууда. Бул замандын кадырын билели. Кызмат орундарыңарга барып эле жаңыча иштөөнү баштагыла. Эскини таштагыла. Чириген системанын изи да калбасын. Эми минтип мамлекеттик кызматтагылар эл кызматчысына айлана баштаганын элибиз дагы баамдап сезсин. Иши түшүп силерге кайрылгандарга, силерди чагып жаткан чиркейлер сыяктуу карабагыла. Колуңардан келишинче элдин ишин жеңилдеткиле. Элге карата жүзүңөр жылмайыңкы болсун. Натыйжада элдер эгерде бирөө-жарымдын иши бүтпөй турган болсо же каалаганы аткарылбаса, сиздин ал ишти аткаргыңыз келбегендигинен эмес, мыйзамга туура келбегендигинен экендигин билишсин. Сиздер, кымбаттуу мамлекеттик кызматкерлер, калкты агартууда мугалимдерден кем калбай тургандыгыңарды билгиле! Акырында Снелман какшык аралаш жылмаюу менен: -Билесиңерби, «мыйзамсыздыктын чоң мугалимдери кимдер?» деп суроо сурап, өзү жооп берди: -Алар мамлекеттик кызматкерлердин дал өздөрү. Мыйзамды так аткаруу алардын түздөн-түз жоопкерчилигиндеги милдеттери. Тилекке каршы мыйзамга баш ийбөөнү алар элге өздөрү үйрөтүшөт. Ошондуктан кымбаттуу кызматкерлер, жаңы Финляндия элинин атынан силерден суранамын. Мыйзамдарды аткара турган силерсиңер, кылган жана кыла турган жумуштарыңар менен элге үлгү болгула. Ушинтип аларга мыйзамды сыйлоону үйрөткүлө. Элдин адилеттүүлүк сезимдерин ойготкула! Бул сөздөр, Снелмандын биринчи сөздөрү болбогондой эле акыркысы да эмес эле. Жолугушууларынын баарында мүмкүнчүлүк таап, мамлекеттик кызматкерлерге ушундай ой-пикирлерди таркатчу. Акырында элдин мамлекеттик кызматкерлерге болгон урмат-сыйы жана ишеничи артты. Бир-эки муундан кийин толугу менен жаңы фин кызматкери деген бийик түшүнүк орноду. Мамлекеттик кызматкерлер, түшүнүк жана адеп-ахлак жагынан өсүп, дүйнөгө үлгү боло алышты. Азыр болсо фин калкы мамлекеттик кызматкерлери менен сыймыктанышууда.















































АРМИЯ - ЭЛДИК МЕКТЕП

Швециянын курамында турган мезгилинде да финдердин өздөрүнө таандык баш мыйзамы болгон. Бул мыйзамга ылайык, финдерде «Сайм» деп атаган өздөрүнө тиешелүү элдик Парламент иштеп турган. Ошондой эле өздөрүнүн почта кызматы жана акча бирдиги да болгон. Булар менен катар чакан армиясы да бар эле. Финдер орустардын курамына өткөн кезде да, бул өзгөчөлүктөрүн сактап кала алышкан. Бирок, Швеция карамагында турган кезде бул багыттагы мекемелердин башында дайыма швед улутундагы жетекчилердин турушу адатка айланган. Швед маданиятынын өнүгүүсү үчүн финляндиялыктар тирүү бир улоо сыяктуу колдонулган. Суоми деп аталган Финляндияда орус карамагына өткөндөн кийин финдер бардык бул кызматтык орундарды өздөрүнө өткөрүп алууга аракет кылып, өз өлкөсүнө ээ чыгуу үчүн болгон күрөшкө баш оту менен киришишкен. Бул алгач кичинекей кадамдар менен башталды. Мектептердеги башталгыч, орто жана жогорку класстарда шведдик мугалимдердин ордуна жаңы адистик алышкан финдик мугалимдер коюла баштады. Ушул сыяктуу эле, эми акырындап сот, доктор, инженердик ж. б. кызматтарда финдик адистер иштей башташты. Кичинекей фин армиясы да улутташтырылды. Шведдердин карамагында турган кезинде катардагы аскерлердин дээрлик көпчүлүгү финдерден болгону менен, андан жогорку даражадагы чиндегилер дайыма шведдерден болгон. Офицерлердин катардагы жоокерлерге каршы мамилеси да швед армиясындагыдай эле жагымсыз болчу. Шведдер - баатыр эл. Реформалоо мезгилинде, Густав Адольф жана Улуу Пётр доорлорунда Карл XII швед армиясынын атагын бүткүл Европага жайган. Бирок, ошол кезде шведдердин армиялык күчү ак сөөктөрдүн колунда болчу. Өлкөдө аскерлердин тукумунан чыккан атайын бир катмар пайда болгон. Бул катмардагы инсандар мамлекеттик кызматкерлерге, ишкерлерге жана бардык башка тармактагы инсандарга жогорудан карап төрөпейил мамиле жасашчу. Карапайым элдин балдарын, башкача айтканда катардагы аскерлерди өтө катуу тартипте кармап турушкан. Офицерлер кызматтык милдеттерин аткарып жаткан убактарында машыгуулар, параддар жана казармалардан башка эч нерсе менен алек болушкан эмес. Андан сырткаркы кездерде болсо, алтындай убактыларын арак ичүү, карта ойноо жана бийлөө менен гана өткөрүшкөн. Көпчүлүгүнүн билим деңгээли төмөн болгон. Мектептен чыккандан кийин китептерин жапкан бойдон, кайра ачышкан эмес. Коомдук жана улуттук идеялдары жок болгон. Жалгыз гана сыймыктанып, текеберликке салып, кылычтары менен чабышып ойногонду гана билишкен. Акчаларын маанисиз нерселерге жумшап, дайыма кымбат баалуу формаларды кийип жүрүүнү жактырышаар эле. Бийдин усталары болчу. Көбү араккеч жана кумарпоз болушчу. Катардагы аскерлерге каршы аябай орой мамиле жасашып, ал тургай, аларга зулумдук да кылышчу. Аларга «Казарманын малдары» деген лакап атты пайдаланышчу. Дайыма аларды төмөн санашып, акаарат кылышчу. Снелман баштаган жаш фин интеллигенциясы армияга да өзгөчө көңүл бурду. Айрыкча армиядагы катардагы аскерлердин билим алуусу менен алектенүүнү адатка айландырышты. Мунун натыйжасында мектептердин эң жакшы окуучулары, ал гана эмес, университеттердин студенттери окуулары бүткөн соң, аскердик мектептерге кирип, армияда кызмат өтөөгө жазыла башташты. 5, 6, 10 жылга созулган бул аскердик кызматтар мөөнөтүндө армияга тиешелүү милдеттерин эң жакшы деңгээлде орундатып, муну менен катар илимий темаларда да окуу жана изилдөө иштерин улантышты. Снелман бул жаштардын көңүлдөгү көйгөй-дарттарына котормочу болду. Катышкан чогулуштарындабы, жазган эмгектериндеби, деги баарында ушул пикирлерди айтып келген: «Эң жогорку маданияттуу көрүнгөн элдер деле жашоолорун толук тынчтыкта жана бейпилдикте өткөрө турганчалык жогорку маданият деңгээлине жете алышкан эмес. Адамзаттын караңгы доорунун таштандылары болуп калган кекчилдик жана жапайылык сезимдери деңиздин каарданган толкундары жээкке айыгышкан күчтө келип урунганы сыяктуу, адамдардын арасында дагы деле өз жашоосун улантууда. Ал тургай, аябастан жана аянбастан туруп оңго-солго кол салууда. Бул каарданган толкундарга каршы дубал сындуу көкүрөк керген адамдар өздөрүн коргоп жаткан учурда деле кааласаң да, каалабасаң да кээде ташкын соккулар чачырап жабыркатууга болгон аракетин токтотпойт. Мекенин коргоо үчүн көкүрөктөрүн тирүү мишень сыяктуу тоскон аскерлери болгон ар бир армия, күмөнсүз эң күчтүү жана кымбат армия болуп саналат». Чек арасында сыртты тике карап турган армия артындагы элинин бейпилдиги жана иштөө эркиндигинин кепилдигин берип турат. Снелман армия тууралуу мына мындай деген: «Армия дин жолунун жоомарт жолчулары сыяктуу болушат. Биз сындуу карапайым инсандар мекенибизди коргоо үчүн эмгектенип жатышкан бул жандуу чеп-дубалдарыбыздын маанисин бийик деңгээлде барктай албай жатабыз. Мындагы чеп-дубалынын ар бир бирдиги - жандуу бир инсан. Ал жердеги ар бир аскер биздин жашообузду кооруп куткаруу үчүн өлүмгө да даяр». Снелман сөздөрүн дагы минтип улантты: «Көчөдөбү, дүкөндөбү, чайканадабы, айтор бир аскерге жолугуп калсам, ага урматтоо менен салам айтып, ак дилден «кадырман боордошум, силер дайыма биздин бейпилдигибиз үчүн эң оор бир жумушту мойнуңарга алып жатасыңар. Жараткан силерге жардамчы болсун» дегим келет. Ойлоп көрүңүздөрчү, казармадагы ар бир аскер жандуу бир алмаз сыяктуу. Мындай кымбат баалуу жандыктардын миңдегени ар жылы армияга чогулушат. Алар узак бир мөөнөт кызмат өтөшөт. Аскердик мөөнөтү бүткөндөн кийин, аларды сопсоо болуп келген жерлерине кээ бирин сынык, кээ бирин сызык кылган бойдон кайтаруу кандай гана аянычтуу» Снелмандын руханий шакирттери болгон жаш фин офицерлери ушундай бир пикирде биригишти: Биздин жаңы улуттук армиябыз рухий жактан да жаңы, көнгөн адаттары жагынан да жаңы. Ал тургай, кызматтарынын натыйжасы жагынан да жаңы болууга тийиш. Катардагы аскерлер казармада багылган мал эмес. Алар болгону билим -тажрыйбасы азыраак болгон менин бир боорлорум. Мекенибиз аларды билим жана тажрыйба алуу үчүн казармага жиберди. Алар кызмат мөөнөтү соңуна чыгып, армиядан кайтып жатканда мекенибиз офицерлерден сурайт: «Кимдерди канчалык даярдадыңар, көрөлүчү? Эч кандай шек-күмөнсүз силердин колуңарга чын дилден ишенип тапшырган баёо балдарыбызды кантип окутуп, кантип билим-тажрыйба бердиңер?» Офицер катардагы аскердин жалгыз гана боордошу жана агасы эмес, ошол эле кезде анын билим алуусу жана үйрөнүүсү үчүн дайындалган кадимки мугалими болуп саналат. Катардагы аскерлерге карата офицерлердин көп жактуу жоопкерчилиги бар: Аскерлер офицерлерге аманат кылынган. Ден соолугунун абалына да жооп берүүгө милдеттүү. Аскердин мээси да офицерге тапшырылат. Анын зээнинин ачылуусуна жана пикирлеринин жогорулоосуна дагы офицерлердин жоопкерчиликтүү жообу болууга тийиш. Аскердин жүрөгү да офицердин колуна тапшырылат. Аскерлерде бекем адеп-ахлак пайда кыла турган, аларга жан дүйнө тазалыгын, адамдар менен болгон алаканы, жакшылыкты үйрөтүп, дүйнө таанымын кеңейте турган жана аларга мекенин сүйдүрүүгө дарамети жеткен адамдардын тобу офицерлер экендиги чындык. Жаш фин офицерлери бул оор жана опурталдуу жаңы милдетти мыкты деңгээлде иш жүзүнө ашыруудан жалтанышпайт жана мындай дешет: «Биз согушта гана эмес, тынчтык мезгилинде дагы ата мекенибизге пайдалуу боло алабыз». Кыскачасы, катардагы аскерлер менен болгон ар түрдүү баарлашуулардын сөзсүз пайдасы бар. Фин элинде буга чейин армия деген сөз мыскыл менен коштолуп келген. Мурда эл чогулуп калган жерлерде: -Эй, эл-журт! Армиядасыңарбы? -Бул жер кадимки казарма жыттанып кетиптир. -Муну армия эле бузган,-деген сындуу шылдың кептер көп айтылган. Жаш фин офицерлери бул сөздөрдү бир акаарат катары кабыл алышат да, мындай дешет: -Бүгүнкү күндө армиябыз мурункуга окшобогон өзгөчө армия болушу зарыл жана боло алат. Биз армияны элдик мектеп абалына алып келебиз. Жада калса ар бир аскердин армияда өткөргөн ар бир күнүн бир өмүр сагынуу жана сыймыктануу менен эстеп эскере турган элдик университет сындуу бийиктикке алып чыгабыз. Биз армиябызды мына мындай деңгээлге жеткирүүгө тийишпиз. Бул сөздөр эл оозунда лакап сыяктуу орун алып, кулактан-кулакка угумдуу болуп айтылып калсын: -Баракелде, аны армия оңдоду! -Ал мындай татыктуу билимге армияда жетти. Аскердик милдетин өтөп жаткан кезде ар намыстуу, шамдагай, эмгекчил, кичипейил болуп чыкты. Армия жашоосунун, аскердик кызматтын максаты мына ушундай билине баштагандан кийин, жаш фин офицерлери бул максатка жетүү үчүн эң кыска жолдорду жана эң жакшы усулдарды ишке ашырууну башташты. Эми офицерлер катардагы аскерлерге болгон ар бир кыймыл аракетин ойлонуп, өлчөп ишке ашырып жатышты. Аскерлерге болгон мурдагы терс аракеттерин өзгөртүшүп, акаарат кылууну, сөгүнүүнү да толугу менен ташташты. Швециянын карамагында болгон кездеги Финляндиянын армияларынын ичиндеги шарттар адам жашоосуна ыңгайлуу эмес болчу. Абдан кир болчу, дайыма жагымсыз жыттанчу. Кийимдери да жаман абалда эле. Берилген тамактар жетерлик эмес, ден соолук шарттарына да туура келбейт болчу. Көптөгөн аскерлер ачка калчу, жегендери да ооруп калчу. Пагондогу чинине карап жогору даражада тургандары аскерлердин тамак-аш жана жылынуучу отундарын тартып алышчу. Катардагы аскерлерге карата абдан орой жана зулум мамиледе болчу. Аларды эң оор жана жагымсыз, жада калса уят сөздөр менен сөгүү көнүмүш адатка айланган эле. Эми абал табигый түрдө толугу менен өзгөрдү. Армия жаңыланды. Дубалдар сырдалып, жаркыраган абалга келди. Терезелер ачылып, аскерлер жашаган бөлмөлөр дайыма аба алмашылып, ыңгайлуу шарттар жаралды. Казарманын айланасына көк чөп эгилди. Чөптөрдүн арасына ар түркүн түстө гүлдөр өстүрүлдү. Терезелерге пардалар тагылды. Алдыларына идиштерде өскөн бөлмө гүлдөрү коюлуп бапестеле баштады. Казармага сырттан кирип келе жаткан кезде ким гана болбосун, босогодогу бут кийим тазалагычка бут кийимин тазалап кире турган болду. Аскерлердин ар күнү жуунуусу мажбур түрдө ишке ашырылып, көнүп да калышты. Жогоруда айтылгандар сырткы тазалык тууралуу эле. Бул материалдык тазалыктын жанында, аскерлердин руханий тазалыгына да өзгөчө маани бериле баштады. Ал гана эмес, ахлактык өнүгүүлөрү да көңүл сыртында калган жок. Финдер арасында швед башкаруусу убагындагы ушундай бир сөздөр лакап сындуу айтыла баштады: -Шведге окшоп мас болуптур… -Шведге окшоп сөгүнөт экен… Анткени шведдер кезинде катардагы аскерлер да көбүнчө мас абалда жүрөт эле. . Алар оозго алгыс уяттуу сөздөр менен сөгүнүшөт болчу. Катардагы аскерлер, офицерлер бири-бирин сөккөндөй эле, генералдар да бири-бирин сөгүп сүйлөшчү. Бири-бирине ачууланган кезде сөгүнгөндөй эле, мактап жатып деле сөгүнө беришчү. Сөгүнүүдө колдонгон сөздөрү абдан жийиркеничтүү болчу. Эч ойлонбой, камырабай туруп энеге, атага, аялына, ал эле эмес динине да эң оор сөздөр менен сөгүнүп сүйлөшөөр эле. Жаш фин офицерлери казарманы самын менен тааныштырышты. Аскерлерди эрте менен, кечинде, тамактанаардан мурда жана кийин колдорун самындап жууганга көндүрүштү. Таза колаарчылар менен колдорун аарчууну, тиш щеткасын берип, тиштерин тазалоону үйрөтүштү. Тиш тазалыгынан кийин, аларга дил жана тил тазалыгы тууралуу айта башташты. Офицерлер сөгүнүүнү толугу менен унутушту. Сөкпөй туруп жана орой түрдө урушпай эле туруп катардагы аскерлер арасында тартипти эң мыкты орното алышты. Мурда жалгыз гана аскерлер гана эмес, офицерлер, жакшы үй-бүлөнүн балдары болгондор деле урушуп кыйкырышууну бир каармандыктай сыймык көрүшөөр эле жана ушуну армия жашоосунун бөлүнбөс бир бөлүгү катары кабылдап, эрежедей иш тутушчу. Ал гана эмес, алар түрдүү-түмөн сөгүнүүлөрү менен сыймыктанышчу. Жаш фин офицерлери армияга таптакыр башкача бир көрүнүштү орнотушту. Алар минтип айтышаар эле: -Армия – биздин үй-бүлөлүк очогубуз. Дин адамы үчүн сыйынуучу жери, мугалим үчүн мектеби, дарыгер үчүн бейтапканасы эмне болсо, биз үчүн да армиябыз дал ошондой. -Аялдардын арасында тургандагыбыздан да артыгыраак адептүү жана тарбиялуу болууга тийишпиз. Офицерлер сөздөрү жана кыймыл аракеттери менен катардагы аскерлерге ушундай нерселерди сунуштап жатышты: -Армияны араккечтердин барларына же каапырканага айландырбагыла. . Жерге түкүрбөгүлө. Жаман сөз жана түкүрүү менен казарманын абасын булгабагыла. Тилиңерди таза туткула. Досторуңардын кулактарын да булгабагыла. Корс-корс сөгүнүп сүйлөө иттин үрүүсүнөн да жаман. Сөгүнүү маданияттан узак болуунун белгиси. Эгерде жигиттигиңерди далилдегиңер келсе, жүрүм-турумуңар асыл болсун. Спорт менен машыккыла. Сууда сүзүүнү, күрөшүүнү, атка минүүнү, найза атууну үйрөнгүлө. Ар дайым, ар жерде кичипейилдигиңерден жазбагыла. Пайдалуу китептерден көп-көп окугула. Окуганыңарды жана укканыңарды үйрөнгүлө. Ушул жол менен жаш офицерлер билим берүүчү абалына келишти. Аскердик даярдык өзү да татаал болгонуна карабастан, алар катардагы аскерлерге билим үйрөтүү үчүн күнүгө 1-2 сааттан убакыт бөлүп турушту. Аскерлер үчүн оюн-зоок программаларын жана китеп окуу кечелерин уюштуруп жатышты. Бул кечелерде офицерлер катардагы аскерлер менен баарлашуу менен бирге, ар түрдүү элдерге таандык окуяларды жана каармандардын жашоолору тууралуу окуп жатышты. Мекенинин тарыхынан жана бөтөн элдердин тарыхынан чагылдырылган сүрөттөрдү, Финляндия жана башка өлкөлөрдүн пейзаждарын бирге көрүп, тийиштүү түшүнүктөрдү жеткиришти. Муну менен катар аскерлер милдетин өтөп үйүнө кайтышканда мекенине кантип пайдалуу кызматтарды кыла алаарын түшүндүрүп, алардын караңгылыгын жоюп жатышты. Аскерлерге бул максатта жазылган көптөгөн китептерди окутушчу. Офицерлер аларга мындай дешчү: -Силер айыл, кыштак сыяктуу кичинекей жерлерден келдиңер. Силер келген жердеги адамдар балким айылдарынан сырткары эч жакка чыкпагандыр. Адам баласына ылайык жашоонун кандай болоорун, балким, эч билишпейт. Көрүп, укпагандай эле, китептерден да мындай маалыматты алышкан эмес. Күнүмдүк жашоосун ойлошуп кылган эмгектери менен, балким курсактарын да зорго багышаттыр. Силер келген жериңерге бышпаган кам боюнча кайтып барууңар өтө чоң уят. Кичи мекениңерге жаңы жашоону сүйүнчүлөөчү болуп барышыңар керек. Силер ошол четтеги элдерибиздин рухтарын ойготуу үчүн барасыңар. Барган жериңерде жаңы ордолорду кургула. Ал ордолор тынчтык, бейпилдик, маданият жана талыкпас эмгек ордолору болсун. Кээ бир ордолордо каармандыктары менен билинген жигиттерден куралган бирдиктер болот. Алар өздөрүн “өлүм бирдиги” дешет. Башкалар да аларды ошентип аташат. Алар учуру келгенде жалгыз аскер калса да өлгөнгө чейин согушууга ант ичишет. Алардын ар бири каарман болот. Мекен үчүн жашоо, мекендин өнүгүп өсүүсү үчүн аракет кылуу дагы мекен үчүн өлүү сыяктуу бийик ар намыс болуп саналат. Жерди кантип иштетесиңер? Эгиниңерди кандайча эгип, жыйнайсыңар? Уй-эчкиңердин сүтүнөн, этинен, терисинен кантип пайдаланып жатасыңар? Токойдогу дарактардан керек болгондой пайдалана алып жатасыңарбы?.. Эркектердин айымдарга мамилеси кандай? Ата-энелер балдарын кантип тарбиялап жатышат?.. Эми келгиле, силерге жашоолорун эс-акыл менен уюштурган коомдор бул ишти кантип аткараарын айтып берели. Эмне үчүн баары Түрк кездемелерин, Чех шишесин, Ирландия койлорун, Дания сары майын, Бельгия өрмө-токумаларын, Орусия терисин жана Швед күкүртүн мыкты баалап, тандашат? Анткени, бул нерселерди эң жакшы өндүргөн жерлер ошол өлкөлөр. Силер да биздин өлкөбүздө кээ бир нерселердин эң мыктысын өндүрүүгө аракет кылгыла. Мунун баарын ким аткарат? Эч нерсени байкабаган көрлөр сыяктуу болгон энелерибиздин, аталарыбыздын, бир туугандарыбыздын көздөрүн ким ачат? Бут баспаган саздарды курутуу үчүн ким ал жерлерге барат?.. Эскертүү сыяктуу болгон бул суроолоруна офицерлер кайра өздөрү жооп беришет: -Силер! Эң башта силер аткарасыңар. Ошондо гана үйбүлөңөр, айылыңар, мекениңер үчүн силердин узун мөөнөт армияда жашаганыңар зыян болбогон болот. Тескерисинче пайдалуу болгон болот. Алардан алганыңарды эселеп кайра кайтарууга мүмкүнчүлүгүңөр болот. Силер армияга чийки кен сымал келдиңер эле. Эми даяр болгон баалуу таштай болуп кайтып жатасыңар. Күчсүз, берекетсиз фин топурагында жаш фин офицерлери тоодой чоң маданий потенциал чогултуп жатышты. Чоң бир фабрика сыяктуу эле, өз өлкөсү үчүн эс-акылдуу, күч-кубаттуу, билимдүү, динамикалуу инсандар өсүп жатты. Аскерлер өздөрүнөн жаш жагынан улуу болгондорду сыйлап урматтаар эле. Аскердик жашоосунда аларды өздөрүнүн жүрүм-туруму менен ыңгайсыз абалга салышчу эмес. Алсызыраак болгон катардагы аскерлер менен өздөрү атайын алек болушчу. Аскердик милдетин өтөп бүткөн соң да, аскерлер офицерлер менен байланышын токтотпой, кабарлашып турушчу. Армияда өткөн жылдарын ыраазы болуп эстеп, эми жашоого болгон көз караштарынын таптакыр өзгөргөнүн айтышчу. Өлкөдөгү жашоонун жаңы нукта түптөлүп келаткандыгы тууралуу пикирлерин жана пландарын офицерлерге жазуу аркылуу билдирип, алардан маалымат жана насаат күтүшчү. Кээ бир китептерди жөнөтүп коюуларын жана кээ бир гезит -журналдарга туруктуу кардар катары жазылып коюуларын суранышчу. Армия эң кичинекей айылдарга чейин көңүл көпүрөлөрүн куруп, ар дайым байланышта болууга жетишти. Өлкөдө ден соолукту сактоо жана маданият тармагы жаңыдан түптөлүү жолуна коюлду. Армия эми эл үчүн коркунучтуу түш болуудан чыгып, сыймыктануу менен эскерилген жайларга айланды. Айыл жана шаарлардагы тентек балдарга апалары ушундай дешчү: -Тезирээк чоңоюп аскерге кетсең экен. Балким армияда оңолоор белең... Аларга коңшулары кошумчалап: -Ооба, армия аны тарбиялайт. Мындай тентек балдарды жалгыз гана аскердик жашоо оңдойт. Мисалга айтсак: Пеко Йүсен, Рди Антонен экөө тең армиядан адам болуп кайтышты. Болбосо алардан үмүт үзүп койгон эмес белек?! Буюрса, силердин балаңар да аскерден адам болуп кайтышат. Эми аскер бирдигинин балдарыбызга бизден да жакшы тарбия берээрине биз да терең ишенебиз. Карыялар кошумчалап: -Ооба, ооба... Мурда көздөрүбүз көр экен. Ылайыксыз бир жашоо сүрүптүрбүз. Кудайга шүгүр кылабыз, азыркы жаштар жашоолорун акыл-эс жана тартип менен өткөрүүнү билишет. Ушинтип армия пикир жана ахлак жагынан жогорулаган. Жакшы ачыткы камырды жакшы ачыткандай эле, аскердик ордо элдин калың катмарынын ахлактык жактан жогорулап өнүгүүсүн камсыздаган. Армия элдик мектеп милдетин аткара баштаган.



























































ФУТБОЛ.

Наполеон Францияны башкарууну өз колуна алып бийликке келгенден кийин, бүтүндөй Европада согуштук кыймыл аракеттер токтогон эмес. Ал жалпы Европа мамлекеттерине каршы согушкан. Алардын ичинен өзгөчө Англияны басып алууга өтө кызыкдар эле. Бирок ошол эле мезгилде Англия да аны падышалык тактыдан кетирүүгө болгон бүт аракетин жумшай баштаган. Наполеон Орусияга да согуш ачуу максаты бар экендиги менен кооптондуруп жатты. Франция менен согушуу коркунучу пайда болгон Орусия 1808-жылы Швеция менен болгон согушууну токтотту. Анткен менен Орусиянын бул шектенген окуясы ордун таап, Франция менен болгон алаамат согуш башталды. Наполеон так 20 улуттун күчүн бириктирип, Орусиянын чек арасын көздөй бет алды. Натыйжада Москвага чейин кирип келишти. Бирок акыр аягында ою оңунан чыкпай, жеңилүүгө дуушар болду. Жоготууга учураган алсыз армиясы менен Францияга кайра чегинүүгө мажбур болду. Ал жакта эски күчүн жандандырууга аракет жасады. Бирок Англиялыктар бардык Европаны Наполеонго каршы үндөшүп, анын бүтүндөй таш-талканын чыгарышты. Колго түшкөн Наполеон азиз Елена аралына сүргүнгө айдалды. Наполеондун башкаруусунан тажаган башка Европа өлкөлөрү да, бул жыйынтыкка сүйүнүштү. Англиянын мындай күчүнө таң калышып, алардай болууну каалашты. Ошол окуядан кийин Англиянын бүт жүрүм-турум жана кыймыл аракети башка Европа мамлекеттеринде модага айланды. Бирок өкүнүчтүүсү, жаш жеткинчектер, өсүп келе жаткан муундар, улуулардан өрнөк алууда, алардын туура эмес жактарын айырмалай албай, көбүнчө ошолорду ээрчип өсүп жатышты. . Мисалы, тамеки тартып, алкоголдуу ичимдиктерди иче башташты. Катуу үн менен сүйлөшүп, корс мамилеге көнүштү. Маданий жактан толук өнүгүп бүтө элек улуттар англис жашоосунун күлкүлүү жана зыяндуу жактарын да кабыл ала башташты. Мына ушинтип бардык Европа Англиянын жаман жашоосунун күзгүсү болуп, ал тургай көчүрмөсүнө айланды. Колунда бар бай адамдар ат жарыштары үчүн Англичандар сыяктуу көп акча сарпташып, алкоголдуу ичимдиктерди иче башташты. Алар Англис модасындагы кийимдерди кийинишип, чач жасалгасын алардай өзгөртүшүп, үстү-башын аларга окшоп оңдоно башташты. Жаштардын баары спорттук жактан англис оюндарын ойноого өтүштү. Бул оюндардын эң кополу болгон футбол эл арасында кеңири тарады. Илим-билим алууну толук өздөштүрө элек Европа жаштарынын арасында футбол өзүнчө эле бир дин сыяктуу кулач жая баштады. Бардык өлкөлөрдө бай адамдардын балдары футбол фанатына айланышты. Мындай жагдайдан кумар кандыргандар футболду өз алдыларынча билим, өнөр деңгээлине көтөрүп алышты. Көчөдөгү элди толкундоого алып келип, анын эсебинен пайда табууну максат кылышкан акылсыз, сабатсыз кээ бир журналисттер жаштардын мындай кызыгуусунан пайдаланышты. Футбол үчүн гезиттерге чоң орун беришип, алардан чоң-чоң пайда көрө башташты. Мына ушинтип пайдасыз футбол жазуулары менен жаштардын аң-сезимине кол салышты. Футбол ойногон кыйын футболисттер жөнүндө жаштарды толкундантып көп-көп сөз кыла башташты. Снелмандын мезгилинде Финляндияда да мына ушундай жагдай пайда болгон. Ал учурларда фин жаштары чындап билим алууга кирише элек болушчу. Келечек жөнүндө айкын жана даана ойлору да жок эле. Финляндия Орусияга кошулгандан кийин Шведдерге карата душмандык көз карашы жоголгон. Бош жана жалкоо болгон фин жаштары, өздөрүн бүтүндөй футболго арнашты. Футбол бүт жаш муундун аң-сезимин жана ойлорун ээлеп, жугуштуу бир оору сыяктуу бардык шаар жана айыл жаштарына кеңири тараган. Алсыз жанда пайда болгон дарт сыяктуу же болбосо баткактагы чогулган чиркей сымал футбол клубдары күн санап көбөйө баштаган. Алар топту күчтүү тепкен буттары менен мактанышаар эле. Снелман жана анын максатташтары жаштардын күчтүү акылдарынын ордуна күчтүү буттарынын болушуна ыраазы болушкан жок. Алар бүтүндөй бир муундун акылсыз болуп жетилүүсүнө чыдай алышпады. Кала берсе футболдун эл сүйгөн оюн болуусун карап тура алмак эмес эле. Себеби, саналуу бир канча адамдын оюн талаасында топ менен алек болуусунда, аларга күйөрман болуп карап турушкан миңдеген, жүз миңдеген жаштар өздөрүнүн убактыларынын текке кетип ысырап болуп жаткандыгын сезишчү эмес. Эң зирек кезде акылдарын илим-билимге жумшоонун ордуна, алар алтындан баалуу убакыттарын бут арасында айланып жүргөн топко беришээр эле. Снелман жаштардын өздөрүнчө команда топтоп, футболго күйөрман болуусуна да ичинен каршы турган. Футбол ойногон ар бир тайпа өздөрүнө белгилүү бир ат коюшкан. Жада калса бул оюнду профессионал кесип түрүнө алып келишкен. Жаштар бул же тигил команданын күйөрманы болушуп, мүнөт калтырбай аларды тамаша кылышаар эле. Алар командасы үчүн бакырып, ыр ырдап, алар үчүн капа болушаар эле. Мынакей, ушинтип айланабызда аң-сезимин топ гана ээлеген жаштар пайда болду. Футбол алардын мээлеринин наркотиги сымал болуп калды. Топ менен таң атырып, топ менен кечти киргизген бул жаштар китептен алыс, билимден артта калган муунга айланды. Снелман бир убактарда Испанияда бир канча адамдын жомокторду көп окуп, рыцарларды туурап жашап калышкан күлкүлүү окуяларын айтып берген. Сервантес буларды белгилүү “Дон-Кихот” аттуу романында жазып калтырган. Снелман жана анын достору мындай дешчү эле: : “Испаниянын бул чоң жазуучусу бир канча жаштар мындай фантастикалык жомокторду окуп, өздөрүн аларга окшотушканы кичине көйгөй эмес экенин белгилеп, өз чыгармасында мындай коомдогу ооруга орун берип, аны менен күрөшүүгө аракет жасаган.” Сервантес бардык окурмандарына фантастикалык чыгармаларды көп окуунун ойлонуу жалкоолугуна алып келүүсүнө жол ачаарын айтып көрсөткөн. Ал мезгилдери испандыктар Өз мекендештеринин артта калган маданият жана экономикалык жактан өнүгүүсү жөнүндө эч кандай иш аракет жасашчу эмес. Алар бул багытта жигердүү эч кандай чара көрүүнү каалашпаган. Көптөгөн адамдар күндөп, айлап, жада калса жылдап тигиндей куру фантастикаларды окушуп, андан пайда таап жатабыз деп түшүнүшчү жана алтындай убакыттарын бош нерсеге сарптап жатышканын сезишчү эмес. Өлкөдө маданият, архитектура жаатында кесипкөй адамдар жок болчу. Улуттун зээни жана аң-сезими уктап, караңгылык каптай баштаган. Булар менен катарлаш корстук жана кедейлик күч алып, мамлекет өз күчүн жогото баштады. Мындай терс көрүнүштүн натыйжасында экономика жана адамдардын бейпил жашоосу жок болуу алдында калды. Билими бар бир нече адамдар, улутту ойготуу жоопкерчилигин өз мойнуна алышкан мугалимдер деле караңгылыктан чыгууга үндөөнүн ордуна, бурмаланган фантастикаларды окушуп, өз максаттарын жоготуп алышкан. Снелман минтип айтчу: “Чыгаан жазуучулардын баркын элибиз али түшүнүп билише элек. Мындай кыйын кезде бизде дагы жашоонун күлкүлүү жактарын баса белгилеп, элге сабак кылып жазып берген бир Сервантес жана эргежелдерди баян кылган бир Свифт өсүп чыгуусу зарыл болууда. Эргежел рухтуу адамдардын кылган саясат ушактарын, кыска ойлорун баяндап бере алуучу бирөөсү чыгуусу шарт”. Снелман жана анын достору бир жыйынтыкка келишип, төмөнкүлөрдү айтышкан: -Биздин Сервантес сыяктуу улуу жазуучубуз жок. Свифт сыяктуу чыгаан жазуучу да боло албайбыз. Бирок биз да колубуздан келип, акылыбыз калчаган бардык алар аткарган чоң иштерди аткарууга даярбыз жана жасай алабыз. Безгек, холера жана лихорадка микробдору көзгө көрүнбөйт. Мындай оорулар кичинекей болгону менен, чоң бир өлкөнү жок кылууга күчү жетет. Ал эми калкты руханий жактан жок кылган микробдор да ушуга окшош. Балким булар безгек оорусунан да бир канча кооптуу. Финляндия баткактар өлкөсү болгондугунан, келте жана кургак учук оорусунун очогу эле. Эл келте оорусунан запкы жеп, кургак учуктан улам көптөрү көз жумган. Снелмандын убагында мындай оорулар менен катуу күрөшүшкөн эле. Ошого карабастан, Снелман: -Бул да жеткиликтүү эмес. Булардан башка бизде да ой жүгүртүү оорусу, эрк оорусу, рух оорусу бар. Мындай рух оорусу бүтүндөй жаш муунду каптап калган. Беш-он жылдын ичинде коомчулуктун уюткусу болгон жаштардын руханий оорудан улам жок болуп кетүүсүнө кайдыгер карай албайбыз. Руханий оорулар менен да күрөшүшүбүз керек!-деп кайра-кайра айткан. Бир күнү чоң бир футбол клубу өзүнүн маарекелик майрамын белгилеп жаткан. Ушул себептүү футболдук мелдеш уюштурулду. Куттуктоо сөздөрү менен коштолгон майрам салтанаттуу түрдө өтүп жатты. Бул салтанатка ар тармактуу спорт чеберлери катышкан болчу. Снелман да достору менен келген. Чындыгында ал да чоң бир спорт клубунун сырттан жетекчиси болчу. Снелман өзүнө кеп кезеги келгенде, сөзүн төмөнкүдөй баштады: -Биздин жаштар да спортко кызыгып, аны менен машыгып жатканына кубанычтамын. Ой жүгүртүү менен жасалган көнүгүүнүн ден соолукка тийгизген пайдасы чоң. Чыңалган соо дене кандай абалда болсо, үстүндөгү баш да ошого ылайыктуу болот. Философияда өтө алдыга чыккан гректердин гимнастика жана түрдүү спорттук оюндарда ийгиликтүү болушу жөн жеринен эмес. Талыкпас машыгуу адамдын денесин чыңалтып, күчүн дагы да арттырат. Анын натыйжасында бою узарып, кадам бекемделип, дене чыңалат. Абасы кир болгон чоң шаарларда адамдар көбүнчө үйдө болушкандыктан, өз ден соолуктарына зыян келтирип алышат. Анан да жалкоо болуп калышат. Аны менен бирге күнүмдүк окуу, бири-бирине окшош өткөн күн кошулганда, баланын мээсине көптөгөн оор маалыматтар топтолот. Германияда мектеп окуучуларынын көбү көз айнек тагышат. Бул да алардын көздөрүнүн көрүүсүнүн бузулганынан кабар берет. Бул абалга келүүгө көптөгөн факторлор таасир берет. Бүкүрү денелүү, буттары ичке, колдору алсыз, ыраңы агарган адамдарды айыл жергесинен эмес, шаарлардан кездештиресиң. Буларды абасы таза жайлоолорго алып барып чуркатып, тоонун таза абасынан терең-терең дем алдыргың келет. Илгери ушундай кылышчу. Азыр биз да ошолорду туурап жатабыз. Дүйнөгө атагы чыккан инсандар төмөнкү эрежелерди жашоо тартиби деп айтышууда: -Эч нерседе ысырапкорлукка барбоо керек! -Эч бир иш бир тараптуу, бир көз карашта болбош керек. -Бардык иште максаттуу жана чеги менен болуу абзел. -Ар ишти өз убагында, өз жайында аткаруу шарт! Сократтын замандашы болгон Аристофан “Аңкоолукту алкоо” аттуу өчпөс чыгармасы менен философтордун денесинин алсыздыгын жана күчсүздүгүн айтып шылдың кылган. Аларды баштары билимге толгон, теориялары кургак болгон эки буттуу жандыктарга теңеген. “Гулливерди” жазган Свифт болсо, курсагын кургак абага толтуруп шишиген кур бака сымал чоң адам болгусу келген эргежелдерди шылдыңдап айтчу. Эргежелдер лилипуттар эле. Свифт лапуттарды дагы шылдың кылчу. Лапуттар чоң баштуу, ичке моюндуу жана арык денелүү, нормалдуу эмес жандыктар болчу. Булардын бүт жашоосу формулалар менен геометриялык фигураларга жараша куралган. Жашоолору да денелери сыяктуу жагымсыз жана көрүнүксүз болчу. Менин жана максатташ досторумдун сүймөнчүгү болгон Суомибизди лапуттар өлкөсүнө эч окшоштура албайбыз. Бизге лилипуттар да, лапуттар да керек эмес. Биз финдердин күчтүү буттуу жана кем акылдуу болуусун да каалабайбыз. Дене буттары чыйрак, бирок акылдары койдукуна окшош болгон адамдар биздин идеалдарыбыз эмес. Мындай адамдар улутубуздун үлгүсү болуп, биз максат кылган муун болуп бере албайт. Силер Финляндияда футболдун өнүгүүсүн көрүп толкунданып жатсаңар керек. “Күчтүү бут” атындагы футбол клубубуз, коңшулаш Швеция, Норвегия жана Дания менен ойногон турнирде жеңишке жеткенине кубанып жатсаңар керек?! Бирок мен силдердин кубанычыңарга кошула албаймын. Туура, футбол оюнчулары, клубдар өтө көп акча табышат. Ошону менен бирге оюнчулар машыгышып, өз денелерин чыңдашат. Футболдо көптөгөн клубдардын тапкан акчалары асман тирейт. Анткен менен, коомчулук өзүнө кандай пайда алып келүүдө?! Алар жөн гана алтындай болгон убакыттарын бош нерсеге жумшашып, бир гана ысырап кылган өмүрлөрүнө кубанышууда. Мен биздин Суомибизде да төмөнкүдөй ат менен таанымал уюмдардын чыгышын каалаймын: “Курч ойлор”, “Жогорку идеологиялар”, “Чоң жумуштарга кадам”, “Мээ толкуну”, “Максаттын туундусу”, “Ак дил”, “Индустриялаштыруу”, “Бүтүн коом”, “Эң көп сүт берген уй”, “Түшүмдүү урук...” Дагы да каалаймын, урматтуу биздин финдер! Ийгиликтерде бир гана коңшулаш мамлекеттер менен чектелбестен, Франция жана Англияны да багындыргыла. Бирок ошол жеңиштерде бир гана топ тебүү менен же болбосо билектин күчү менен эмес, билим берүүдө, чыгармачылыкта, соода-сатыкта, технологияда, саламаттыкты сактоодо, маданиятта, адеп-ахлакта, адилеттүүлүктө жана архитектура тармагында аларды басып өткүлө. Глобалдашкан дүйнөбүздө улуттар арасындагы уланып келе жаткан жашыруун согушта бир гана футболдук командаларыбызда ойногон оюнчуларыбыздын күчтүү кол, күчтүү буттарына таянсак көп алдыга жыла албайбыз, жаңылышасыңар. Атаандашыңдан келген топко багыт берүү үчүн катуу баш керек. Бирок билесиңерби, эң катуу баштын кочкорлордо гана болоорун. Мен кочкорлордукундай болгон күчтүү башты фин жаштарынын мактанып айтаар сыймыгы деп эсептебеймин. Сократтын жана Геркулестин сүрөттөрүн таап, аларды бири -бирине салыштыргыла. Сократтын дене түзүлүшүндө биринчи эле философ башы көзгө урунат. Кең бешене, мээнин ээлеген орду. Аны көргөндө Сократтын мээси баш сөөгүнө батпай, сыртка атылып чыга тургандай абалда экенине күбө болосуң. Эми Геркулестин эстелигин карап көргүлө. Эски грек алп каарманынын дене түзүлүшүн көрүп таң каласың. Чыйралган денеси, темирдей бекем буттары, кең далысы аны менен бирге өгүздүкүндөй болгон моюну бар. Ал эми башы болсо дене түзүлүшүнө салыштырмалуу өтө кичине. Бешенеси да тар. Булардын баары анын күчтүү денесинен кабар берет. Бирок бул каармандын акылы алсыз. Ал алп денелүү, катуу сөөктүү, күчтүү булчуңдуу адам болгон. Бирок, мынчалык күчтүү болгону менен, өкүнүчтүүсү, анын акыл-ою тайкы. Ал ойчул болбогон сыяктуу, руханий деңгээли бийик адам да болгон эмес. Мен силерге Сократ менен Геркулестин баштарынын бирөөсүн тандагыла дебеймин. Мен силерге өгүздүн бутундай болгон күчтүү бутту тарбиялоо менен бирге, анын жанында Сократтын башындагыдай акылга ээ болушуңарды каалаймын. Таштай катуу жана койдой аңкоо болбогула. Мына бул эрежени унутпагыла: “Бардык ишти өз убагында аткаруу керек. Иштин да, аштын да, шаан-шөкөттүн да өз убактысы болот. Түндү түндөй, күндү күндөй колдонгула. Күндүз эмгек кылып, илимге жетишкиле. Ал эми түнү уктап эс алгыла. Убакыт бири-бирине орунсуз алмашып, ысырап болбосун, пайдасыз өткөрбөгүлө. Финляндия бир гана топтун аркасында чуркаган, топ оюнун көрүүдөн ырахат алган, кымбат убактыларын топко гана арнаган, аң-сезиминде топ гана болгон адамдарга муктаж эмес. Бизге, фин улутун экономика, билим, маданият жана адеп-ахлак жаатында алдыга сүйрөй турган дүйнө таанымы кенен атуулдар керек. Маданият жана адеп-ахлактан артта калган өлкөлөрдүн терс жактарын ээрчип, алардан үлгү албагыла. Парижге баргандар казинолорго, Германияга баргандар пиво барларга барууну адатка айландырышат. Англияга баргандар болсо футболго үйрөнүшөт. Силер болсо, илим-билимге өтө бийик баа берип, ага чын көңүлдөн аракет кылгыла. Европанын билим жана максатка умтулуу дарыясына чумкуп кирип, андан өзүңөргө пайдалуу таасирин сиңирип алгыла. Финляндиялык жаш бир туугандарым! Силердин максат - бут менен топту бийик тебүү эмес, фин улутунун ар намысын, асабасын бийик көтөрүү. Билим менен адеп-ахлактуулукка умтулуу. Бул сүйүктүү мекенибизди бардык багытта бийиктикке жеткирүү. Мамлекетибизде жашаган бардык адамдардын бейпил жашоосу үчүн колдон келген бүт аракеттерди аткаруу.





























ЭНЕ, АТА ЖАНА БАЛДАР. Бүтүндөй Финляндияны ойготуу зарылдыгы пайда болду. Ал үчүн Снелман достору менен биргеликте жаңы өсүп келе жаткан муунга жакшы тарбия берүүгө бар үмүтүн байлады. Жаштар маселеси анын эң сүйгөн багыты болуу менен бирге, эң назик жана жүрөк сыздаткан темасы да болчу. Кээде жаштарга ачууланчу. Бирок улгайган адамдар алардын тарбиясыздыгы, адебинин бузуктугу тууралуу күнөө коюп, нааразылыгын билдире баштаган кезде, дайыма жаштардын таламын талашчу жана мындай дечү: -Күнөө жаштарда эмес, силерде! Жаштарды кандай тарбиялап жатсаңар, алар ошондой өсөт. Жашырбай туруп таасын чындыкты айткылачы, аларга кандай тарбия бере алдыңар? Эч нерсе бере алган жоксуңар! ...Апалар кийим-кече, идиш-аяктарды жууп тазалоо, бир нерселерди өрүү жана тамак бышыруу менен гана алек... Аталар болсо күн сайын жеке жумушу же ишканасы менен алпурушат. Кечиндеси саат бир кыйла болгончо кафе-барларда карта ойношуп, алтындай убакыттарын бөөдө коротушат. Эң өкүнүчтүүсү – балдар менен алектенүүнү унутуп коюшкан. Буга убакыт ажыратышпайт. Мындай жумуш бир караганда адамды чарчатма, татаал болуп сезилет. Демек, мындай кыйынчылыкка ким өзүн мажбурлагысы келсин?! Көп ата-энелер балдары менен сүйлөшүшпөйт. Эмне менен алектенип жүргөндүктөрүнө кызыгып да коюшпайт. Бош болгон кездеринде балдарынын баштарынан сылап коюуга гана жарашат. Аларга момпосуй жана оюнчуктарды алып беришет да: -Кана, эми тигиндей баргылачы! Шоктук кылып тынчыбызды албастан, өзүңөрчө ойногула!-дешет. Чынында бул сөздөрдүн нукура мааниси мына мындай: -Көзүмө көрүнбө! Эмне кааласаң ошону жаса, болгону мага жолтоо болбо! Мындай мамиле жасалган үчүн баланын акылы, пикири, жан дүйнөсү эгин эгилбей бош калган түшүм талаасындай ээнсиреп калат. Мындан улам жакшылык, чынчылдык жана сүйүү жөнүндө жакшылап сүйлөп берген кезде да, алардын баары балага кургак, таштай катуу, эң негизгиси таптакыр жат көрүнүш болуп туюлат. Ата-энелер балдардын жан дүйнөсүнө кайрыла билүүдөн аксашат. Калыпка салынган көнүмүш насааттары тарбия алуучулардын жан дүйнөсүндө чагылышпайт, жарытылуу натыйжа бербейт. Ачуу болсо да чындыкты айтуу керек болсо, баланын ата -энеси тирүү экендиги мындай турсун, ага-эже, таяке-таежелери, тууган-уруктары бар болгон чакта да, бала тоголок жетимдей чоңоёт. Жашыруунун кереги жок, коомубузда ата -энелүү жетимдер көп. Биздин да балдарыбыз ошолордун катарында эмеспи деп ойлонуп көрөлүчү!.. Кээ бир үй-бүлөлөрдө жакшы тамактандырып, жакшы кийиндиришет. Ден соолуктарына да жакшы камылга көрүшөт. Тактап айтканда, материалдык тараптан кемтиксиз кылышат. Өкүнүчтүүсү, баланын жан дүйнөсүнүн тазалыгы, кооздугу, ички муктаждыктары менен кызыгууларына көңүл бурулбай калат. Жыйынтыктап айтканда, бала материалдык жактан камсыз болгону менен, руханий жактан ачка калат. Чынында эле, мындай шарттарда чоңойгон балдардын тарбиясыз болуп калыптанышына таңыркабоо керек. Жогорудагыдай жагдайда торолуп, аны-муну түшүнө баштаган балдардын укпаганы, көрбөгөнү калбайт. Кыштак-калааларда таштандыларды көргөн адамдар: “Ден соолукка, чөйрөгө зыян келтирет го, буларды ким таштаган?! Мындай адат уят иш эмеспи!” деп ачуулангандарын жолуктура алабыз. Эми сиздер, балалуу ата-энелер, бир аз да болсо ойлонуңуздар! Өз жан дүйнөңүздөргө кайрылып, жыйынтыктуу чечимге келиңиздерчи! Балаңыздардын азыркы үй-бүлөлүк чөйрөсү анын адебинин бекем болуп чоңоюшуна туура келеби же келбейби?! Балдарга “Жалган айтпа, алдамчылык кылба, булар туура иш эмес. Минтсең уят, күнөө, башкалар жек көрүп калышат” деп айтышат. Бирок, өкүнүчтүүсү, ушундай сонун насааттарды айткан кишилер бири-бирин алдайт. Ал тургай, башкаларды жана ошондой эле балдарын да алдашат. Анан дагы “Эч кимге зыян келтирбегиле, ийкемдүү жана тарбиялуу болгула” дешет. Ошол эле кезде өздөрү бул айткандарына карама-каршы иш тутушат. Балдар алдамчылыкты тез сезишет. Ата-энелеринин өздөрү жаман, күнөө деп айткандарын кайра эле өздөрү бейгам жасап жатышкандыктарын көрүп, түшүнө албай таң калышат. Акыры, балдар мындай жыйынтыкка келишет: Ата-энелерибиз айткандарынан такыр башка нерселерди жасашат... Мындайда ата-энелерине ишенимдери калбайт. “Муну жасагыла, аны жасабагыла” деген насааттарды кулагына илишпейт. Анткени, балдар курулай сөзгө эмес, иш аракетке көбүрөөк маани беришет. Сөзү менен иши бир болбогон коомдо мына ошолорду кайталап чоңоё башташы трагедиянын башаты. Башка бир тараптан ата-энелер балдарына кичинекей болушса да сөз укпагандыктарына, айтканын аткарбагандыктарына ачууланып кейишет. Балдарды ошол абалга өздөрү алып келип коюшкандыктары жөнүндө түшүнүгү да жок. Ал тургай бул тууралуу ойлонуп да коюшпайт. Жемелөө жана жазалоо аркылуу алардагы сүйүү жана сыйлоо сезимдерин калыптандырууга мүмкүн эмес. Балдарыңыздардын жанында айтканыңыздар менен жасаганыңыздарга өзгөчө маани бериңиздер. Натыйжада алар сиздердин жакшы жактарыңыздарды өз көздөрү менен көрүп, чын ыкласынан урматтоого адат алсын. Айрым ата-энелер өздөрүнүн кийген кийимдерине, колу-буттарынын, жүзүнүн тазалыгына да анчейин маани беришпейт. Балдарынын жанында эски, чаң, жыртык кийимдери менен, ал тургай колу-бутун, жүзүн кир, тердеген, жуулбаган абалда алып жүрө берген иренжитүүчү адаттары болот. Сүйлөп жаткан кездеринде жана кыймыл аракеттеринде өзгөчө кылдат маани берүүчү жагдайларды эске алышпайт. Анан дагы, айрым түшүнбөгөн ата-энелер балдарынын көзүнчө бири-бири менен кадимкидей урушуп, салгылашканга чейин барышат. Ал гана эмес, балдарына кайрылышып: “Көрдүңөрбү, силердин атаңар кандай зулум” деп, же “Карагыла, апаңардын кандай адам экендигин көрүп алгыла” дегенге чейин барышат. Үй-бүлө мүчөлөрү чогуу отурган кездерде аны-муну сындап, ушактап, болбогон киреше үчүн ишканасындагы жоруктарды апачык айтып отура беришкендери да бар. Балдар дал ушул балалыгын же болбосо алгачкы 15-20 жылын, башкача айтканда, өмүрлөрүнүн жазын мына ушундай баткакта өткөрүүгө мажбур болушат. Эми ушулардын баары болуп өтүп артта калгандан кийин, улгайгандар “Эмне үчүн балдарыбыз Айды багындыра албады?” деп кайдагы кыялдарындагы эңсөөлөрүн айтышат. Данек экмейинче дарак өспөшүн ойлонбой туруп таң калышат. Ушундай ата-энелерге суроом бар: -Балдарыңарды окутуп-тарбиялап жатканыңарда, өзүңөр күткөндөй бийиктиктерди багындыра алуулары үчүн, аларга бүркүттүн канаттарын тагып коё алдыңарбы же болбосо өздөрүндө өсүп чыгуучу бар канаттарын да түптөрүнөн чаап салдыңарбы?! Чоңойгон улан-кыздардын катарынан орун алышкан кезде ата-энелери алардын келечектери тууралуу жарык кыялдарды кура башташат. Уулдарынын прокурор, инженер, доктор же бир белгилүү ишкер болуп калышын каалашат. Кыздарына болсо бай дөөлөттүү күйөө издегиси келишет. Балдары үчүн дайыма материалдык мүмкүнчүлүктү, мал-мүлктү жетишти- рүүгө аракеттенишет. Башкача айтканда, каржылык жактан гана жеткилең турмуш түптөөнү ойлонушат. Алар апалык, аталык ыйык милдеттерин өздөрүндөгү ушул жоруктары аркылуу эң жакшы деңгээлде аткарып жаткандай сезишет. Белгилүү жазуучу Лев Толстой абдан туура айткан: “Жашоодогу тартипсиздиктин эң чоң себептеринин бири ушул: Ар ким рахаттанып жашагысы келет. Бирок эч кимиси жашоосунун, маданиятынын деңгээлин жогорулатуу аракеттери аркылуу өмүр сапарын дагы бир жакшы нукка салууну ойлонушпайт”. Ар ким жашоодон бир нерселерди алууну каалайт. Бирок эч ким ага пайдалуу нерселерди берүүнү каалабайт. Алуу жеңил, берүү болсо азимдүүлүк, кайраттуулук өңдүү көптөгөн сапаттарды талап кылат. Бир топ адамдар коомдун ичинде талап-тоноочу жана мите курт сыяктуу зыянкечтик менен пайда табуучу катары жашаганга ыктайт. Жашоонун маңызын коомдун мойнуна минип алып күн көрүүдөн издешет. Мындай чарасыз, бечара жашоо философиясы арыштаган жылдар аралыгында балдарга да жугуп калат. Муну ким жугузат? Албетте эне жана ата... Ушундай таризде чоңоюп жаткан балдар табигый түрдө өзүмчүл, ач көз, айбандык каалоолорго ортоктош, жалкоо жана кайдыгер болуп калыптанышат. Мындайда аларды эч нерсеге сүйүү сезимин берип сый көрсөтүшпөй турган жоопкерсиз жаштар дей бериңиз. Булар ата мекен, элге болгон күжүрмөн сүйүү, аруу-тунук түшүнүк жана маанилүү, кымбат иш аракеттерге урмат-сый көрсөтүү мамиледен алыстап калышат. Ата-энелерин да ак дилден, нукура сезимдер менен сүйө алышпайт. Эмне эксек, ошону оруп жыйнайбыз. Эмнени бышырсак, ошону жейбиз. Эгер жаштыктын рухун эгин эгилбей калып кеткен талаалар сыяктуу таштап койсоңор, андан өскөн тикенди гана көрөсүңөр. Ата-энелердин өз балдарынын мээлерине жана жүрөктөрүнө жакшы нерселерди экпей коюулары акылга да, адепке да туура келбеген көрүнүш. Ал гана эмес, муну кылмыш деп бааласак да жарашат. Экинчи жагынан алып караганда, балдардын туура тарбия жана терең билим алуусу жалгыз гана ата-энеге тиешелүү маселе эмес. Ошол эле кезде коомго жана өлкөгө да тиешеси бар маанилүү маселелердин алгачкыларынан болуп саналат. Каалаганыңардай идеалдуу мыйзам-эрежелерди чыгаргыла. Калкыңарга каалагандай укуктарды бергиле, түрдүү-түмөн тандоо мүмкүнчүлүктөрдү жараткыла! Эгер балдарыңар керек болгондой тарбия, билим алышпаса, коомдун парламенти жана укук системасы канчалык жакшы болбосун, социалдык жашоосу тартипсиз жана күңүрт бойдон калат. Бул муун чыгарган кызматкерлер жоопкерчиликсиз жана паракор болушат. Эл өкүлдөрү жана банктар болсо саясий бир сыйкырчы сындуу болушат. Булар өздөрү өкүлү болуп турган элдин эмес, жалгыз гана өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынын артынан чуркап калышат. Мектептер жаңы муундун акылын жана жүрөгүн өстүргөн бир негиздүү жашоо булагы болуу ордуна, кууруп, куруткан бир жосунсуз мекемелердин кейпин берет. Жалпыга маалымдоо каражаттары көчөлөрдө жана жолдордо жасалма кооздукка жамынышып, аргасыздыктан денесин саткан бечара аялдарга окшошо башташат. Калктын ач жашаган топтору болсо, өздөрүнө жат көрүнүштөргө, айрыкча ток болгон, бийиктей туюнушуп, калктын айырмаланган каймактарыбыз деп санашкандарга ашкере кызгануу жана көралбастык, кастык сезимдери менен карашат. Биздин кичинекей, бирок кооз ата мекенибиз сиздерден бул нерселерди күтпөйт. Финляндиянын келечеги али алдыда. Болочокто ар бир адамдын карды ток болуп, бардыгы өз абалына канааттанган жагдайда жашашы керек. Жеке, үй-бүлөдөгү жана коомдогу жашооңуздарды ушундай келечекке карай пландап түптөңүздөр. Снелман жана достору шаар, айылдарды кыдырып, элдерге ушул сындуу көптөгөн кайрылууларды жасашты. Бул эскертмелүү кайрылууларды уккан ата-энелер балдарынын билим алуусуна, татыктуу тарбиялануусуна маани берип, ойлонууну башташты. Балдарына каршы келген жоопкерсиздиктерин аңдап түшүнүштү. Көптөгөн жерлерде бирикме-коомдорду куруп, келечек ээлери болушкан татынакай балдарынын окууларындагы ийгиликсиздиктердин себептерин изилдеп, андагы тоскоолдуктардын чечилүү жолдорун таба башташты. Жагдайга жараша жакшы иш тутууну колго алышты. Билим берүү багытында өздөрү жетиштүү даражада болушса деле, эң атактуу педагогдордун жана психологдордун бул иш аракетке жардамдашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири камсыз кылышты. Иш ушундай мыкты нукта башталгандан кийин, бул маселенин өзү да татаалдыгынан жанып, жеңилдей баштады. Эң атактуу педагог жана психологдору өлкөнүн аркы бурчунан берки бурчуна чейин кулач жайышып, билим берүү системасынын кандай нукта өнүгүшү жана ага карата кандай иш чаралар көрүлүшү керек экенин элдерге айтып берип түшүндүрүштү. Балдар психологиясы тууралуу да абдан мыкты кеп-кеңештерин берип жүрүштү. Балдардын жеке рухунун жогорку сапаттары менен бирге алсыз тараптары жана оорулары жөнүндө ата-энелерге түшүнүк берип, ушул жараяндын ичинде аларды зарылдыгына жараша өзгөртүүнүн жолдору үйрөтүлдү. Агрардык инженерлердин элге эң жакшы көчөттөрдөн кантип эң жакшы мөмө алууну үйрөткөндөй эле, даңктуу психолог жана педагогдор да өз учурунда балдарга кантип эң жакшы билим-тарбия берүү, ата мекенге жана элине кантип дагы көбүрөөк пайдалуу иш жасоону айтып жеткиришти. Мына ушундай өзгөчө дем-күч, кажыбас кайрат менен жасалган жигердүү иш аракеттердин натыйжасында фин үй-бүлөсү кайдыгерлик уйкусунан капилет ойгонуп, тездик менен өнүгүү жолуна түштү.







ЭЛДИК УНИВЕРСИТЕТ

Финдердин жаш интеллигенциясы Снелмандын айланасында биригишти. Бул кайраттуу коомго аздан да болсо жаңы маданият адамдары тынбай кошулуп жатышты. Снелмандын уюмуна Хельсинглорс университетинин жаш профессорлору, эң алыскы айылдардын мугалимдери, соодагерлер, фабрика ээлери, Өкмөттүк борбордун сыртында жашаган дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана юристтер кошулушкан эле. Бир ыргак менен соккон бул жүрөк жана бир пикир Финляндиянын ар бурчуна акырындык менен тарап жатты. Эч ким бул жакшы пикирди өзүнүн атак-даңкы үчүн колдонбоду. Алардын жумушу башка көптөгөн уюмдардан айырмаланып, кагазда гана калбай, сөзсүз иш жүзүнө төгүлдү. Бул коомдун мүчөлөрү өздөрүнүн маданий миссионерлик жоопкерчилигин моюнга алышып, чоң азим жана кайрат менен иштеп жатышты. Снелмандын уюмунун көңүлдүү жумушкерлери өтө чоң каалоо менен иштеп жатышты. Өз пайдасын көздөө алардын ойлоруна да келбеди. Китеп жыйноо акцияларын жарыялап, элдерден топтолгон китептердин ичинен маанилүү жана пайдалууларын аныктап, көчмө китепканалар аркылуу эң алыс айылдарга чейин жетишти. Окулган китептер башкаларына алмаштырылып, башка жерлерге жиберилчү. Мындайча ыкма аркылуу өлкөнүн бир учунан экинчисине чейин, бир айылдан бир шаарга чейин китеп тору менен курчап алуу рахатына бөлөнө башташты. Алар бардык адамдарды китеп менен тааныштырып, китептен пайдаланууну үйрөтүштү. Эл бул аркылуу билими жогорулоо менен бирге, караңгылык уйкусудан да ойгонуп жатты. Аптанын ар жекшемби күнү элге ылайык адабий, ден соолук, экономикалык жана адептүүлүк багыттарындагы сунум-сунуштар тартууланчу. Бул сунумдар жалпы эл үчүн болуп, мыкты адистер тарабынан даярдалчу. Эң мыкты мугалимдер жана чечен адистер тандалып, өлкөнүн ар бурчуна жиберилчү. Бул иш арекеттер аркылуу уюм түрүндө иштеп калган бир “ЭЛ УНИВЕРСИТЕТИ” пайда болду. Бул университетте профессорлордун көпчүлүгү сөзгө чечен жаштар эле. Алар элге көптөгөн темаларда маалымат берип, аларды билим жарыгына чакырып, эң катуу уйкуга чөккөн жан дүйнөнү да ойготуп жатышты. Аларды уккан кишилерде мүмкүн болушунча көп билим жана маалыматка ээ болуу жана өлкөлөрүнүн оңолуусуна салым кошуу каалоосу пайда болгону даана байкалчу. Мурда фин коомунун байлары байлыктарынын бир бөлүгүн чиркөөгө же кайыр иштери үчүн мураска калтырышчу. Снелмандын коому пайда болгондон кийин, байлар да билим берүү тармагына инвестиция кылууну үйрөнүштү. Фин өлкөсүнүн ар жерлеринде байлар үйлөрүн китепкана, жыйындар кааналары, спорттук залдар жана конференция өткөрүүчү жай катары эл колдонуусуна берип жатышты. Кээде элдин ыкластуу арекетинен улам, кызыктуу окуяларга да туш болуп жатышкандыгы жашыруун эмес эле. Мисалга алсак, саякатчы профессорлордун сабактарына ыраазы болгон айыл калкы өздөрүндөгү май, бал, жумуртка, токулган жана саймаланган нерселерди алып келип, аларга: “Өтүнөбүз, кабыл алып коюңуздар, үй-бүлөңүздөргө алып барыңыздар. Бизге билим үйрөтүүнү көздөп ушунчалык кыйынчылыктарга дуушар болуп, узак жактардан келип атасыңар. Биздин арзыбаган белектерибизди да алып койгула. Силердин бизге көргөн камылга-камкордугуңарга салыштырмалуу булар баасыз эле нерселер”,-дешчү. Ошол даңазалуу Элдик университеттин көптөгөн кыйынчылыктар менен өткөн 25 жылы аяктаган соң, Снелман жашаган Куопио шаарында улуттук бир маареке уюштурулган эле. Майрамдык маарекенин бүтүшүндө, жалпы фин элине “Кыям падышасы” аты менен таанымал Ярвинен сөз сурады жана аябай узун кайрылуу жасады. . Коноктор башка дагы көптөгөн сөздөрдү уккандан улам, бир кыйла чарчап калышкан болсо да, Ярвинендин сөздөрүн өтө кунт коюп баштан-аяк угушту. Ярвинен кайрылуусун мына минтип баштады: -Мен кезинде кембагал соодагер элем. Балалык кезимде шаарды айланып себет менен таттуу токоч сатчумун. Кийинчерээк, базардан бир орун алып, момпосуй сата баштадым. Чоң соодагерлер мага таттуу токоч, момпосуй жана кургатылган мөмөлөрдү насыяга берчү. Мен аларды сатып, карызымды өз убагында берип турчумун. Ошондуктан алар да мага ишенишчү жана жакшы мамиле кылышчу. Кийинчерээк чоңураак дүкөн ачууга жардам берээрин убада кылышчу. Ал кездерде кардым ток, кийимим бүтүн, татынакай бир бөлмөдө жашачу элем. Бирок ошого карабастан, абалыма нааразы болчумун. Жан дүйнөм ар дайым тынчымды алып, эч бир рахаттанчу эмес. Мындай жашоо мага муздак сезилип, дүнүйөм тарып, көп кездерде минтип ойлончумун: “Дүкөнүм кичинекей, кардарым дагы, кирешем дагы аз! Өмүрүм өткөнчө ушинтип кыйналып жашаймынбы?..” Ярвинен ошол жерде олтурган профессорлорго кайрылып, сөзүн улантты: -Мырзалар! Сабыр кылып менин башымдан өткөндөрдү уккула! Сиздер да билесиздер, таттуу токоч саткан бардык эле жаш бала чоңойгондо “Кыям падышасы” боло албайт. Ошондой эле, ар нан саткан жаш бала туулган айылына улуттук театр салынуусу үчүн он миңдеген марк (акча) бере бербейт. Ярвиненге окшоп айылында чоң бир гезиттин чыгуусуна салым кошо албайт. Мен бул сөздөрдү өзүмдү мактоо үчүн айткан жокмун. Бул минбар (трибуна) адамдардын өздөрүн мактоо үчүн чыга турган жер эмес. Менде да фин элинин бекем, туруктуу мүнөзү жана жаштык деми бар. Мен бул жерде дарактын кабыгы аралашкан кебектүү нан жеген, токой жана баткактар арасында жашап, кайрат менен эмгектенип келген фин калкынын өкүлү катары кайрылуу жасап жатам. Туура, балким элибизде “кыям падышалары” көп эместир. Бирок, фин элинин жарандары арасында мага окшогон Ярвинендер өтө көп. Мага окшогон миңдеген Ярвинен азыр да токойлордон дарак тамырларын чукуп, тоолордон таш топтоп жүрүшкөндүр. Алардын бир тобу кедей жашоолоруна нааразыдыр. Биз кыйынчылыктан жана мээнеттенүүдөн эч качан качпайбыз. Бизден жакшыраак шарттарда жашашат деп башкаларды кызганбайбыз. Бирок Ярвиненге окшогондорго жашоонун бул түрү өтө оордук кылат. Аларга мындай жашоо зеригиштүү туюлат. Жан дүйнөлөрүнөн жаңы нерселерди, жаркын келечекти каалашат. Күндөй жарык жашоону самашат. Алардын жан дүйнөсүндө ордуна батпаган энергиялары бар. Өткөн жылы Италиянын түштүгүнө барып, кыям жасоо үчүн бир кеме апельсин сатып алган элем. Ал жерде бир нече күн калуумду пайдалуу деп билип, Неаполго жакын жайгашкан Везувий жанар тоосунун чокусуна чыктым. Чокудагы вулкандын кратерин карап өзүмдүн жаштыгымды эстедим. Жаш кезимдеги ой-максаттарымды эстедим. Анан бүтүндөй элимдин абалын ойлодум. Кратердин ичинде кара түстөгү коюу лава көбүрүп кайнап жаткан. Кээде бул кайнаган масса кратердин тар оозуна чейин жогорулап, кайрадан төмөндөп турду. Вулкандын ичинде тарыраак оозуна баш бербей, ордуна батпай, башкача дем алууну каалаган чоң дөө бардай сезилди. Жанар тоонун ичинде чогулган лавага бул чыгыш жайы өтө тардай болуп көрүнүп турду. Ошондуктан, жер астындагы күч жана өрт кайнаманы сыртка чыгара ыргытып жатты. Бир кездер мен да ошол жанар тоосундай элем. Ичимдеги өрт өзүмө батчу эмес. Азыр болсо бүтүндөй фин эли ушул абалда. Ярвинен деген ким? Бул бүтүндөй фин эли болуп саналат. Ар бир Ярвинен өз ичине батпаган потенциалдык күч дегендик!..

























ЗААЛЫМ КАРОКЕП. Ярвинен сөзүн мындайча улантты: -Айымдар жана мырзалар! ! Мындан 25 жылдай мурун Финляндияны толкундоого жана коркунучка салган Йохан Карокеп эсиңердеби? Карокеп ууру жана заалым эле. Чоң шаарлардагы банктарды, соода-сатыкка байланыштуу ишканаларды жана чиркөөлөрдү талап-тонойт болчу. Уурулук кылып жатып, полицияны тоготуп да койчу эмес. Напсиси үчүн керексиз эле жерде адам өлтүрчү. Ошондуктан кармалган кезде да “жин тийди бекен” деп аны алгач руханий оорулуулар бейтапканасына текшерүүгө жиберишкен болчу. Карокеп баш көтөрүп, амал менен ал жерден качып, изин жоготту. Финляндияда аты аталбай калды. Качып баратканда аркасынан атылган ок катуу жаракат берип, ошондон өлгөн болуусу да ыктымал. Иш ошондой болгон соң, достору эч кимге билгизбей, сөөгүн бир жерге жашырып салышкандыр. Эл ушуга ишенип, эми Карокеп аты унутулуп калган. Эми, айымдар жана мырзалар, мени кунт коюп уккула! Карокеп тирүү. Өткөн жылы Италияга сапарым учурунда Неаполдо аны менен көрүштүм. Мен аны тааный албай калыптырмын. Финляндиядагы ар ким ойлогондой эле мен да аны каза болгон деп билчүмүн. Бир ресторанда тамактанып жатсам, мени таанып, келип, үстөлүмө бет маңдай отурду. Жанында үч уулу да бар эле. Алар келбети келишкен жигиттер экен! Фин элинин көрктүү жигиттери!.. Бойлору узун, далылары кенен, күрөң чачтуу жана көк көздүү... Жүздөрү түштүк Американын куйкалаган ысыгында караторулашып калган экен. Италиялыктар аларды Аполлон уулдары дешет. Үчөө Европанын үч бөлөк университетинде окууларын улантып жаткан учур экен. Чоңу Швейцарияда токойчулук окуусунда окуп Калифорниядагы бир токой сатуу фирмасын жетектеп, кичүүсү Францияда өнөр жай боюнча иштеп, ортончусу болсо, Германияда химия адистигинде окуп жаткан кездери экен. Ортончу уулунун тери, такта жана майлардын үстүндө жасаган изилдөөлөрү мыкты жыйынтык берип, Германиянын белгилүү бир университетинин да көңүлүн тартыптыр. Анын болочокто чыгаан химик болоору күтүлүүдө дешет. Бул эс-акылдуу, келбеттүү, жакшы мүнөздүү үч бала бир кездер өлкөбүздө уурулугу жана заалымдыгы менен аты чыккан Карокептин балдары. Ошол кездерде гезиттерде Карокептин да үй-бүлөсү бар экени, аялынын бул жасаган кылмыштардан кабарсыз экени, анан дагы Карокептин боорукер бир ата жана үй-бүлөнүн татыктуу ээси экени тууралуу жазылып чыккан. Кийинчерээк Карокептин аялы да, балдары да унутта калды. Бирок Карокеп балдарын унутпаптыр. Достору аркылуу Америкага алып келдириптир. Америкага бараткан сапарда аялы “лихорадка” деген ооруга чалдыгып каза болуптур. Үч жаш баласын Карокеп өзү тарбия берип өстүрүптүр. Алардын атасы да, энеси да, досу да өзү болуптур. Алар менен бирге билим алуу жолуна түшүптүр. Карокептин азыр аты башка. Аны азырынча ачык айтууну туура деп эсептебейм. Атлантика аркылуу кеткен биринчи кеме менен Геноага буудай жөнөтүптүр. Ошол эле кезде өзү да Италияны көргүсү келип, балдарына да көрсөтүүнү эңсептир. Карокеп өзүнүн жаңы ысымы менен жаңы мекени катары кабыл алган Түштүк Америка өлкөлөрүнүн бирөөсүндө буудай менен алектенген чоң соодагерге айланып, акча таап байыптыр. Сиздердин кыям падышасы болгон Ярвинен да анын жанында кедейлиги байкалган бай экен. Балалык жана жаштык кезибизде Карокеп экөөбүз абдан жакын дос элек. Экөөбүз тең кара чакыч менен иштеген кембагалдардын балдары болчубуз. Мен Карокеп менен бирге чоңойдум десем болот. Тагдыр тамашасы экен, экөөбүз тең бирдей куракта аталарыбыздан айрылдык. Жесир калган апаларыбыз бизди бирге шаарга алып барышты. Мени наабайканага шакирт кылып берди, Карокеп болсо дүң соода кылган бай бир соодагердин колунда иштөөгө өттү. Ал соодагер өлкө ичинде жүн, пахта жана кара чакыч чогултуп, башка өлкөлөргө экспортточу. Ал жактардан болсо, буудай алып келип, буудай экпеген айылдагы элдерге сатышчу. Карокеп келбети келишкен, акылдуу, намыстуу жана эмгекти сүйгөн бала эле. Бирок, бир аз ачуусу чукул болчу. Өзүн акаарат кылгандарды ар кандай оор жазалап коюусу мүмкүн эле. Ачууланган кезде денеси титиреп, жүзү саргайып, тиштери кычырап, жыландай заары чачырап, оозунан мына мындай сөздөр төгүлөөр эле: -Мен сага Карокептин ким экенин жана ага акаарат кылуудагы эр жүрөктүүлүк эмне экенин көрсөтөмүн. Ушундан уламбы, айтор жанагы чоң соодагер муну өтө жакшы көрчү. Ар жерде анын абдан намыскөй экендигин белгилеп турчу. Бирге иштегенден бир канча жыл кийин сатып алуу жана сатуу иштерин толугу менен ага ыйгарып, өтө чоң суммадагы акчаларды аманат калтыруудан чочулабай турган болду. Акыры эң чоң кампалардын бирөөнө мүдүр кылып дайындады. Ал жерде эч күтүлбөгөндөй, түшүнүү кыйын болгудай бир окуя жүз берди. Карокеп эч ким менен макулдашпай туруп, кожоюну буга таштаган чоң суммадагы акчаны айылдык бир элге таратып таштады. Бул жоругу аркылуу кожоюнун чоң зыянга учуратты. Муну менен гана тынчып калбастан, өзүн башынан баштап жумуш менен камсыздап, ушул даражага жеткирген белгилүү соодагер кожоюнун токмоктоп салды. Натыйжада сотко берилип, сот учурунда эч нерсе сүйлөбөй, такыр эч нерсе айтпай, ачууланып, анан эле шылдыңдагансып күлүп:- Менин ордума кожоюнумду камашыңар керек эле,-деди. Муну уккан соодагер “Карокеп жинди болуп калган окшойт” деп ойлонду. Карокеп бир нече ай абакта жатты. Бул убакыт аралыгында эч ким менен сүйлөшпөптүр. Жалгыз гана китеп окуу менен алек болуптур. Бирок темир тор менен курчалган абактагы кылмышкерлердин башынан өткөргөн окуяларын угуудан ырахат алчу экен. Карокеп абактан чыккандан кийин үй-бүлөсүн чет өлкөгө алып барып жайгаштырып, өзү кайра Финляндияга келди. Андан соң Финляндияда өтө чоң зулум жүрөктүүлөр гана жасай ала турган уурулуктар, заалымдыктар жана адам өлтүрүүлөрдү баштады. Эки жылдын ичинде бир нече банк жана он чакты чиркөөлөрдү тоноп, үч поптун колуна ажал карматты. Көп адам жактырган чебер бир дарыгерди оорулууларын даарылаганы бараткан убакытта өлтүргөн. Бирок акчасына тийген эмес. Анын өлтүрүлүүсүнө негиз болуучу себеп табылбаган. Кийинчерээк шаардын четиндеги мазардын жанында жайгашкан чиркөө тонолуптур. Ал чиркөөнүн жанында жашаган кечил терезеден адам кармап келаткан жарыкты көрүп, күзөтчүгө кыйкырып чиркөөгө карай басат да, канкор менен бетме-бет келет. Ал канкор алдыда бараткан күзөтчүнү бир уруп жаткыра коюп, аны ээрчип келе жаткан кечилди да темир менен уруп башын жарып салат. Бул кыска убакытта кечил “Жардамгаа-а” деп кыйкырууга үлгүрөт. Айлана аппак кар оронгон кыштын Ай жарык болгон түнү экен. Ошол кезде мазардын жанынан өтүп бараткан бир канча элеттик “Жардамгаа-а” деп бакырган кечилдин чакырыгын угуп, үн чыккан жакка карай чуркашат. Качып бараткан адамды көрүп, изинен түшүп кууп, узакка созулган кубалоонун натыйжасында жетип барышып, кармап полицияга тапшырышкан. Суракка алуу учурунда анын атын сурашкан кезде “Заалым жана канкор Карокепмин” деп жооп жолдогон. Ачуулануу жана шылдыңдап күлүү менен сүрүн бузбай банктарды, ишканаларды, чиркөөлөрдү кантип тоногондугун, үч кечил менен бир дарыгерди кантип өлтүргөндүгүн... баарын коркпой жана тартынбай туруп айтып берип жатты. . -Бул кылмыштарды жасап жатканда сага кимдер жардам берди? -Кылмыштардын баарын жалгыз жасадым. Жардамчыларым мага жалгыз гана маалымат беришчү. Алардын аттарын силерге эч качан айтпаймын. Бул кумардын баарын мен өз эсебимден ойнодум. Ошого байланыштуу жоопкерчиликти да өз мойнума аламын. Бул оюнда мен уттурдум. Чыгашанын баарын төлөөгө даярмын. Мына, мойнум силердин колуңарда. Кааласаңар чаап салгыла! Бирок, бир гана суранычым, жардамчыларым тууралуу менден эч нерсе сурабагыла. Андан кийин Карокеп ооруканадан качып, эч бир из калтырбай кайыпка айлангансып жоголуп кетти. Карокеп Неаполдо тамактанып жаткан үстөлүмдүн жанына келип, олтураардан мурда фин тилинде мага кайрылып: -Кечиресиз, сиз Ярвиненсиз, адашпадымбы?-деп сурады. -Ооба,-деп таң калып жооп бердим. -Юкко Ярвиненсиз да э?-деп кайра сурады. -Ооба. -Тамерфоорс аймагындагы Колмерви айылынансыз, чынбы? -Ооба, ооба. Бирок сиз буларды кайдан билесиз? Мен сизди биринчи жолу көрүп жатам. -Мен айыпталган Карокепмин,-дей алды... Юкко! Менин эски досум Юкко! Ах, менин бактылуу балалыгым. Кичинекей досуң Йохан эсиңдеби? Карокепке колуңду узата аласыңбы? Карокеп менен табышкан таң калыштуу ирмемдердин соңунда көңүлдөрүбүздү бир башкача сезимдер ээлеп, менин бөлмөмө шаштык. Түндүн кеч сааттарына чейин фин тилинде баарлашып, сырдашып олтурдук. Мага мындай деди: -Балдарым атасы Карокептин ким экенин билишпейт. Америкада эки жолу турак алмаштырдым. Үй-бүлөмдү түштүккө алып бардым. Өзүм түндүккө иштегени келдим. Мен жарым америкалык, жарым испан келбетинде жашай баштадым. Бирок жан дүйнөм фин бойдон калды. Азыр кандай экенимди көрүп турасың. Күнөөлөрүмдү мойнума алып, жан сырымды төксөм, аягына чейин уга аласыңбы? Менин окуямды эч кимге айтпоого намысың менен убада бересиңби? Ярвинен, мен сенин жашооңду билемин. Суомибизде болгон окуяларды да карап жүрөм. Сен кичинекей кезиңде эле сени жакшы көрчүмүн. Азыркы кыям падышасын да жакшы көрөм. Балалыктагы досуңдун кандай инсан болгонун билүүңдү каалайм. Йохан Карокепти жек көрүүңдү каалабайм. Карокеп канкор эмес эле. - Сен ошол кезде руханий оорукчан элең, андай эмеспи? - Сен оорукчан болгондой эле мен да оорукчан элем. Аң -сезими пас, жан дүйнөсү караңгылыктын оорукчаны элем. Ойлоп көрсөң, ээнсиреген капкараңгы үйдө жүргөнүңдү элестет. Жүздөгөн бөлмөчөлөрдө түрдүү-түмөн нерселер бар. Бирок, бир да жарык жок. Колуң менен сыйпалап, издеп баратасың. Албетте бир нерселер сынат. Ошондойдо башкаларга тиешелүү баалуу нерселерди талкалоо менен бирге, өзүң да жаракат аласың. Мындай караңгы жайда калган адам эсинен да адашат, канкор да болот, жарыктыктан насибин албаган бактысыз да болот. Ошол кезде, сиз да жакшы көргөн Йохандын абалы ушул болчу. Дагы канчалаган караңгыда калган Йохандар бар болду экен, ким билет... Колумду кармаган Карокеп сөзүн мынтип улантты: - Ах, Йукко, жашоонун ошондой караңгылыгында сен да чалынып, туура эмес бир тарапка ооп кетпегендигиңе абдан сүйүндүм. Кожоюнумдун кампаларын карап жүргөн кезде көп сыгылчумун. Жан дүйнөм тарыгансыйт эле. Мен да ага кошулуп “Ошол кездер мен да көп ойлонуп, жүрөгүмдүн кысылганын сезчүмүн” дедим. Карокеп улантты: - Карачы, миллиондогон Ярвинендер жана Карокептер жашоолорунун бир учурунда ойлонуп, жүрөктөрү кысылат экен. Жан дүйнөлөрү кенен, кооз жана бакыт берген нерселерди каалап калат экен... Турмушум деле жакшы болчу. Аялым жана үч кичинекей балдарым бар эле. Аларды чын жүрөктөн жакшы көрчүмүн. Өзүм жалгыз соода ишине кирүү максатым да болчу. Ошого карабастан көңүлүм тынч эмес эле. Күндөрдүн биринде кампадагы таразанын туура иштебегенин байкап калдым. Айылдыктардан буюм сатып алганда бир таразага, аларга сатканда болсо такыр башка таразага тартканын байкадым. Экөө тең элди алдоого ыңгайлаштырылган экен. Көптөгөн жылдардан бери бул ишинин ушундай ыкмада болуп келгенин, буга чейин билбей жүргөн болсом деле мен да ушул алдамчылыкка аралашканымды түшүндүм. Аябай капа болдум. Ошол кезде менде турган акчанын баарын элге таркаттым. Кожоюнумду да токмоктодум. Келип ажыратып калышпаганда, балким, жанын сууруп алмакмын. Сот менин камакка кирүүм жөнүндө өкүм чыгарды. Тараза менен алдаганы тууралуу айткым келди. Бирок айылдыктар “Таразага дообуз жок” деп жазып беришиптир. Мен да бул маселени ачпадым. Караңгы эл кожоюндун аларга насыяга эч нерсе бербей коюусунан коркуп, ал тууралуу арыздануудан толук баш тартты. Мен да унчукпадым. Бирок аларды жек көрө баштадым. Аларды нааразы болууга үндөп токмоктогум да келди. Абакта олтуруп алып ойлондум: Мөөнөтүм бүткөндө мени коё беришет. Ошондо эмне кылам? Алдамчы тараза менен башкаларды алдоону улантамынбы? Же болбосо мени алдоолорун көрмөксөнгө саламынбы? Ушул нерселерди ойлоо жан дүйнөмдү ого бетер кыйнады. Бактысыз эл, бактысыз адамдар! Алдашат да, алданышат да... Жаратканга болгон сүйүү үчүн деп чиркөө курушат. Анан ошол чиркөөнүн алдында миңдеген кишини инквизицияга өкүм берип тирүүлөй өрттөшөт. Мен адамдардын ушундай кыймыл-арекетине, бири-бирине болгон мамилеге нааразы болдум. Испанияда болгонум үчүн аларды руханий да, материалдык да кыйноого сала албаганыма өкүнчүмүн. Ал кезде болсо, адамдардан өч алууну чечкенмин. Банктарды тоноо аркылуу көптөгөн кишилерге зыянымды тийгизээримди ойлодум. Эң кубанып жасаган жоругум чиркөөлөрдү тоноо эле. Элге эң таанылган кечилдерди таап, аларды өлтүрдүм. “Жараткан, ушунчалык көп жамандык жасадым. Эмне үчүн дале тутулбадым” дечүмүн. “Колумдан келсе, жалганды, алдамчылыкты жер жүзүнөн таптакыр жок кылуу үчүн бардык адамдарды өлтүрөм” дечүмүн. Анан кайрадан кармалдым. Бир аз таң калганым эле болбосо, коркподум. Мени аттырып салуу ордуна, “жин тийди” деп эсинен адашкандардын ооруканасына жаткырышты. Өзүмө өзүм: “Акмактар, жалганчылар. Мен да акмакмын. Акмак болуп колго түштүм. Ай жарык түнү, жер аппак кар менен оролуп турган кезде да уурулук кылынчу беле?” дедим. Бир нече ай ооруканада жаттым. Улам суракка алып жатышты. Канча аракет кылбайын, дартымды уккулары келген жок. Айласын таап, ал жерден да качтым. Оюма жаман бир тамаша жасоо келди. Менин соккумдан улам башына жаракат алган кечил айыгып, кайрадан мазардын жанындагы үйүндө жашай баштаган экен. Ооруканадан качкан соң, бир досумдун үйүндө кийимимди, ал тургай кылыгымды да алмаштырып, ошол түнү туура кечилдин үйүнүн жолуна түштүм. Терезеден карадым. Китеп окуп жатканын көрдүм. Маңдайындагы жаранын изи дале кете элек болчу. Коңгуроону бастым. Кадамдарынын үнүнөн жакын келгенин байкадым. Эшигин ачпай туруп “Ким бул?” деп сурады. - Кечил таксырды издеп жатат элем. - Эмне кыласың? - Диний бир иш чара жөнүндө кеңеш алайын дегем. Кечил эшигин ачты. Колунда шам бар эле. Мени жакшы- раак көрө билүү үчүн шам койгучун жогору көтөрүп карады. Бир нерсени эстеп кеткенсип кабагын бүркөп титирей баштады. Мен босогосунда туруп алып: - Мени тааныдыңызбы?-деп сурадым. - Бир жерде көргөндөй болуп турам. Бирок такыр эстей албай жатам. Акыркы күндөрү эске тутуум өтө начарлады. - Мен эстөөңүзгө жардам берейин. Мазардагы окуя эсиңиздеби? Мен... Кечил бир кадам артка карай басты, бирок ызы-чуу көтөрбөдү. Эшикти да жабуу арекетин жасабады. Бир дем алып, аста сурады: - Сиз абакта эмес белеңиз? - Качтым. - Бул жерге келүү максатыңыз эмнеде? - Менин жашынуума жардамчы болуңуз деп... Бир кездер канкорлордун мүрзөлөргө жашынышканын окуган элем. Мен сизди кезинде өлтүрүүгө далалаттанганмын. Эми болсо бир кечилдин, аны өлтүрүү арекетин көргөн бир адамга кандай мамиле кылаарын көрүүгө кызыгып келдим. - Келиңиз, ичкери кирели. Үйгө кирээрим менен эшикти катуу жаптым да шылдыңдап күлүп: - Кайрадан өлтүрүүнү көздөп келди деп ойлоп, коркпой жатасызбы? Үйдүн ээси мени кайрадан башымдан бутума чейин карап: - Жок, коркпоймун,-деди. - Кандайча? - Көздөрү сиздикиндей болгон киши адам өлтүрбөйт. - Кандай экен менин көздөрүм? - Кубанычсыз, терең капалыкка көмүлгөн. Сиздин өтө чоң руханий ооруңуз бар экен. Бөлмөгө кирели. Эмне болгонумду түшүнбөдүм. Башта темирдей катуу болгон Карокеп, ысык бөлмөгө алып келинген тоң балык сыяктуу дароо ээрип, жумшап кетти. Кечил окуп жаткан китеп үстөлдө ачык бойдон калган экен. . - Кардыңыз кандай? Бир нерселер жегиңиз келеби?-деп сурады. Мен тоготпогонсуп “Шарап алып кел” дедим. Көөдөнүмө бир нерсе болгонсуду. Тамагыма бир нерсе такалып калгандай сезилди. Кечил чыгып кеткенде олтуруп ыйлай баштадым. Балалык кезимден бери эч ошондой ыйлаганым эсимде жок. Кечил бир идишке жылуу сүт жана бал менен сары май сүртүлгөн бир кесим нан алып келди. Мен тизелеп, анын колун кармап алып: - Мени кечириңиз... Кечириңиз...-дедим. - Бул маселеде тынчсызданбаңыз, жылуу сүттү ичиңиз. Эмне айткыңыз келсе да, тартынбай айтыңыз. - Эмне айткым келсеби? Мен адамдарга баш көтөргүм келди. Бул жерге болсо, сизди шылдыңдоо, балким, өлтүрүү үчүн келдим эле. Бирок Кудайдын буйругун караңыз, натыйжа башкача болду. Бул сөздөрүмдү араң таап, көптөгөн жылдардан бери сезип, байкагандарымды, жер жүзүнөн жалганды, алдамчылыкты, укуксуздукту өлтүрүүнү каалаганымды кечилге айтып бердим. Үйдүн ээси мени унчукпай угуп, кез-кез колумду, башымды сылап жатты. Мен окуямды айтып бүтүргөн соң кечил жылмайып сурады: - Сиз Жаратканга каршы согуш жарыялаган турбайсызбы? Чиркөөлөрдү жана банктарды тоноп, адамдарды өлтүрүүңүз аркылуу Жараткандын өкүмүнө каршы чыккан бечара адам экенсиз. - Бирок, андай болсо, эмне үчүн Жараткан мага жазасын бербейт? - Уулум, сен Кудайга адам сапатын берип, аны менен эсептешүүнү көздөпсүң. Ал пендедей эмес да. Кудай сен өңдүү карамүртөздөргө окшош эмес да, дароо өч алгыдай. Сага жазаңды дароо бербей, балким сага оңолууга мүмкүнчүлүк берип жаткандыр. Ал жазалоону эмес, кечирүүнү сүйүүчү зат. Кичинекей кезиңдеги күнөөсүз Йоханды эсте, ошого окшоого арекет жаса. - Андай болсо өзүм барып багынып берейин. - Жок, буга кажет жок. Иса пайгамбарга күнөөлүү айым келип, күнөөлөрү кечирилүүсү үчүн эмне кылуусу керек экендигин сураптыр. Иса ага: “Тур да кет, эч качан күнөө кылба!” деген экен. Сен да мындан ары намыстуу, дурус, мыкты адам бол. Ак эмгек менен иштеп, акча тап. Балдарың да бардыр, аларга жакшы тарбия берип чоңойт. Таза акча менен турмуш курууну үйрөнүшсүн. ...Ушундай, сүйүктүү досум Йукко! Мен кайрадан намыстуу жашоого кайттым. Балдарымды чоңойттум, окуттум. Менин окуям ушундай аяктайт. Эми сен мага кандайча кыям падышасы болгонуңду айтып бер. Анткени Ярвинен менен Карокеп экөө балалык чагынан дос эмеспи? Ал эле эмес, бул экөө элибиздин эки бөлүгү. Бирөөсү суук, караңгы, билимсиздик ичинде өлгөн. Экинчиси болсо, күндүн жарык нурларынын жардамы менен кооз бир Жаз жашоосун жашай баштаган. Ярвинен сөзүнүн ушул жеринде элдик университеттин профессорлорун карап, мындай деди: -Силер ушул ишиңерди улантуу аркылуу кыям падышасы Ярвиненге жана мага окшогон көптөгөн Ярвинендерге пайдалуу кызмат берип жатканыңарды билишиңер керек. Урматтуу мугалимдер! Ярвинендер менен Карокептер баары бир эле улуттун балдары. Ар бир бала кичинекей кезде жакшы таасир калтырган нерселерге ачык болгондой эле, зыяндуу таасирлерге да ачык болот. Мени эл сыйлап жаткан болсо, бул менин артыкчылыгым аркылуу эмес. Сүйүктүү досум Карокеп кылмышкер болгон болсо, бул да жалгыз анын күнөөсү эмес. Бул анын бактысыздыгы. Ярвинен менен Карокеп бир медалдын эки жүзү. Бир дарактын эки бутагы. Дарактын өзү болсо бул улутту түзөт.





















































ЯРВИНЕН, ОКУНЕН ЖАНА ГҮЛБЕ КАНДАЙЧА ПАДЫША БОЛУШТУ? Сөзүн улап Ярвинен мындай деди: -Мен мурда кедей көчө баласы элем. Эми болсо ийгиликтүү, элиме пайдалуу бир киши экендигимди айтсам болот. Ушул даражага жетишим менен кимге карыз болушум мүмкүн? Кандай деп ойлойсуңар? Ушул даражага келүүмдө бир конференцияга катышып калуумдун чоң мааниси бар. Мен ошол мүмкүнчүлүккө ээ болуума карызмын. Кичинекей дүкөнүм бар эле. Ал жерде шириндик, момпосуй сатчумун. Бир күнү экинчисинен айырмаланбаган, ушундай зеригиштүү жашоо жашаганымдан жан дүйнөм азап тартчу... Кирешем аз. Ички жан дүйнөлүк кулоого учурадым. Иче баштадым. Ошол кезде атактуу аалымдарыбыздан бирөөсү айылыбызга келип, ар жерге жарыя астырды: “Жаш-кары, билимдүү-билимсиз, айым-эркек... баарыңарды чакырам. Бардык өмүрүмдү кооз мекенибиз Суоминин өнүгүп-өсүүсүнө атадым. Болгону, бир нече саатта алган пикирлер менен көптөгөн жылдарыңарды өзүңөр жана мекениңер үчүн пайдалуу өткөрөөрүңөрдү үмүт кылам.” Мен ошол күнгө чейин бир нече жолу ачык абада өткөн конференцияларга катышкан элем. Көптөн бери көрбөгөн тааныштарыма да жолугуп калганмын. Ошондой болсо да конференцияларды жактырбайт болчумун. Себеби конференциялардын көпчүлүгү жетээрлик даражада болбогон кишилердин сунуму, доклады менен өтчү. Алар көбүнчө же фанаттык маанайдагы христиандар болчу – биз түшүнбөгөн сөздөрдү сүйлөп кетишчү, же болбосо жаш, бирок алдамчылыкты негиз алган кишилер эле. Алар пайдалуу нерселер эмес, маанисиз кеңештерин айта беришчү. Дагы бир конференция түрү деп Билим берүү министрлигине тиешелүү кишилердин жыйындарын айтсак болот. Алар командировкага бөлүнгөн акчаларын алуу максаты менен өлкөнү кезип жүрө беришчү. Ошол күнгө чейин катышкан конференцияларымда эч кандай олуттуу, пайдалуу пикир укпадым. Ошентсе да, ошол күнү айылыбызга келген аалымдын чакыруусу көпчүлүктүн катарында мени да кайдыгер калтырбады. Жыйынканада бут койгонго жер калбады. Ошол жыйын мени жандандыргансыды. Терең уйкудан ойготуп, жашоонун маанисинин эмнеде экенин түшүндүрдү. Максатыма кандайча жетээримди көрсөттү. Конференциянын темасы “Тонолгон китеп” деп аталчу. Сунум кылган киши Робинзон Крузо тууралуу сүйлөп жатты. Сүйлөгөнү Сократ сүйлөп жаткандай сезилди мага. Бир эле учурда философиялык терең ойлорду камтыган сөзү, жаш балдар да түшүнө тургандай жөнөкөй эле. Ал уккулуктуу сөзүндө мынтип айтып жатты: - Адам дайыма чоң бир ымыркай сыяктуу. Ич ара келишпестиктерин сөзсүз уруш-жаңжал, кыйкырыктар менен чечишет. Ошончолукка барышат дейсиң, Жараткандын бар экендиги тууралуу жакшы пикирлерди деле таяк менен коргоого даяр болушат. Даанышмандык менен философияны деле оюн-зоокко айландыргылары бар. Баарыңар эле Робинзондун окуясын окусаңар же уксаңар керек. Качан окугансыңар, эстегилечи? Кичинекей кезиңерде, туурабы? Робинзондун жоруктарын жаш балдар үчүн дешет. Жаңылышышат!.. Ошол китеп өнүгүүнү, чоңоюуну каалаган бир улут үчүн турмуш философиясы китеби болуш керек. Ушул Робинзон дегенибиз дүйнөнүн улуу каармандарынан бирөөсү. Жада калса Цезардан, Наполеондон да улуу каарман десек жарашат. Ал киши маданият тармагынын баатыры. Тайманбас, күчтүү бир эркке эң жакшы өрнөк. Робинзон Крузо - Англиянын жана Түндүк Американын өнүгүү сырына ишарат кылган бир ачкыч. Робинзон - Жер жүзүндөгү кубанычка бир символ. Ал өз алдынча бир философ. Ал татыктуу жашоого жетүү үчүн жүргүзүлгөн күрөшүүнү кандай жол менен жеңүү керектигин көрсөтөт. Адам баласы жер жүзүндөгү жаратылгандардын ичинен эң улуусу. Аалам анын кызматында. Адамзатка башка жандыктарга берилбеген эң баалуу белек катары акыл берилген. Инсан акылы - анын эң чоң байлыгы. Бирок акыл жетпей турган маселелердин да болушуна күмөн жок. Робинзон бизге акылдын эрк менен бириккенде кандай чоң нерселерге күчү жетээрин көрсөтүп турат. Ал мындай дегенсийт: “Чарчап калган жана оорукчан мээлердин жалган-жашыгын бир тарапка таштагыла. Менин башымдан өткөндү карагыла!.. Деңиздеги бороон кемени талкалады. Айланада мекен эмес, жашаганы бир курук жер да жок. Айлана сууга көмүлгөн. Жүргүнчүлөрдөн эч ким калган эмес. Бир жигит жалгыз тактага асылган бойдон өлүүдөн кутулган. Толкундар аны сүйрөп, ач жана кийимсиз абалда ээн бир аралга алып барып салат. Бул жигит ал аралда ачкалыктан өлүп кетти же жалгыздыкка чыдабай өзүн-өзү өлтүрүүгө барды дейсиңерби?” Робинзон чөккөн кемеден калган нерселерди миң бир мээнет жана кыйынчылык менен аралга тартып чыгат. Башта өзүнө ылайык жашай турган үй жасайт. Буудай эгип, жашылча өстүрөт. Жапайы эчкилерди кармап, алардын сүтүнөн, этинен жана жүнүнөн пайдаланат. Кийинчерээк аралга келген жергиликтүү элден бирөө менен достошуп, аны жардамчы кылып алат. Кыскасы, бош, ээн аралда мыкты, тартиптүү жашоо курууга жетишти. Болгондо да жалгыз өзү! Жапжаш жигит болуп туруп!.. Сунуучу сөзүн мынтип улантты: - Урматтуу мугалимдер, дин адамдары, соттор, инженерлер, адвокаттар, жумушчулар, мамлекеттик кызматкерлер, жаш Суоминин жалпы балдары, жаркын келечегибиздин кооз гүлдөрү! Силер да элдин ичинен бир Робинзон болуп чыгууну каалабайсыңарбы? Робинзон ээн калган аралда дилин түшүнбөгөн бир жергиликтүү кишиге билим берип, аны менен достошууга жетишиптир. Силер чоң шаарларда, окуу жайлары, гезиттери, театр жана музейлери, басмаканалары бар шартта жашап туруп, улутубуздун миллиондогон жарандары жөнүндө “Алар караңгы жана корс. Колдорунан эч нерсе келбеген араккечтер, уурулар!” деп арызданасыңар. Мунуңар туура болобу? Эми Робинзонду элестетүүңөрдү өтүнөөр элем. Ошого карап, жашоого жана адамзатка кандай милдеттерибиз болгонун ойлонгула. Ярвинен сөзүнүн уландысында: “Ошол конференция менин көзүмдү ачты. Күчтүү жана келбеттүү канаттарым пайда болгондой сезиле баштады. Ичимде чоң, таасирдүү киши болуунун арзуусу ойгонду. Кичинекей Суомибиз үчүн мен да кандай пайдалуу, чоң иштерди кыла алаар экенмин деген ойго кабылдым. Эмне кыла алат элем?! Болгон байлыгы 5-10 тыйынды түзгөн, шириндик саткан жаш жигит өлкөсү үчүн эмне кылууга кудурети жетмек?! Ошол кезде эң жакын досторум болгон 3 жигитти да конференцияга алып барган элем. Пикиримди аларга ачканымда ар биринин нааразылыгы менен бетме-бет келе түштүм. Досторумдан бирөө бут кийими, экинчиси темир, үчүнчүсү болсо жумуртка менен алектенээр эле. Жыйындан кайтып жатканыбызда, алар “Ар бирибиз ансыз да каарманбыз да, андай эмеспи? Бирөөбүз жумуртка сатсак, башкабыз бут кийим сатабыз. Сен болсо жаш балдарга шириндик сатасың. Биз кантип эле Робинзон болмок элек?” деп күлүп жатышты. Алардын шылдыңына чыдабай, мен, кырк жыл эл башчы болгонсуп сүйлөй баштадым: -Бул эмне дегениңер, достор? Мен шириндик сатышым мүмкүн, бирок эмнеге өзүмдүн кесибимде, ишимде бир Робинзон болбоюн? Мен жалгыз гана бал кошулган шириндик сатуу менен чектелип калбаймын. Балким, өлкөмдө аары багууну да жогорку деңгээлге чыгарам. Мисалы, бул ишимди ушундай нукка салам дейсиң, балдуу шириндиктер өлкөбүздө жалгыз гана байлардын чөнтөгүнө ылайык болуудан чыгып, колунда жоктор да сатып алууга күчү жете турган абалга алып келемин. Достор, мен чечимимди чыгардым. Сөзсүз өлкөбүздүн шириндик падышасы боломун. Бул сөздөрүмдү уккан досторум бири-бирин карап, күлүшүп: “Андай болсо, биз ким болобуз?” деп сурашты. Мен аларга: “Бирөөңөр бут кийим падышасы, экинчиңер жумуртка падышасы болоорсуңар” дедим. Кийин олтуруп алып план түзө баштадык. Үйгө кайтканыбызда таң атканга чейин уйкубуз келбей койду. Ушул нерселерди талкуулап чыктык. Кийин эмне болду дейсиңерби? Эмне болмок эле? Көп өтпөй азимдүүлүк, эрк жана кайраттуулук менен эмгектенүүнүн натыйжасында кыялдарыбыздын жашообузда орундалганын көрө баштадык. Бут кийим менен иштеген досубуз акча чогултуп, билимин жогорулатуу максаты менен Парижге жөнөдү. Ошол жердеги сапаттуулугу менен элге таанылган бут кийим өндүрүшүндө 3 жыл иштеди. Ал жерде усталыгын арттырды. Азыр эки уулу менен бирге иштейт. Экөө тең жогорку билимдүү. Бирөөсү химия бөлүмүн окуп бүтүрүп, Финляндиянын эң чоң тери ашатуу фабрикасында мүдүр болуп иштейт. “Окунен жана уулдары” фирмасы жалпы Европага таанылган. Окунен устаканалары Финляндиянын ар бир шаарында жана Европанын чоң шаарларында бар. Лондондун Пикадилиясында, Париждин Опера бульварында Окунендин бут кийим дүкөндөрүн жолуктурушуңуз мүмкүн. Ошол устаканалар жана дүкөндөрдү Окунендин кичи уулу башкарат. Ал Германияда университетте окуган. Француз тилин Париж тургунундай жакшы өздөштүрүп, англис тилин англистер менен иштеше ала турганчалык деңгээлде билет. Мода менен алектенген Англия принци Эдвард бут кийимдерди Окунен дүкөндөрүнө буюртма берип тиктирчү. Принц Эдвард Окунендин уулуна “кесиптеш” деп тамашалап “Экөөбүз тең принцбиз. Мен Англия ханышасынын уулумун, сен болсо бут кийим падышасынын уулусуң” дечү. Кээде, маанайы жайында болгон кезде: “Принц наамын алып жүрүүгө сен менден да көбүрөөк татыктуусуң” дейт эле. “Окунен жана уулдары” фирмасы жылына Финляндияда окуган зээндүү 9-10 баланы тандап, окутуу үчүн Германиянын Вирхов лабораториясына, Франциянын Пастер институтуна жана Америкага, Эдисондун жанына жиберип турчу. Ушул жерде конференцияда мен уккан Робинзон тууралуу дем берүүчү сөздөрдүн жакшы натыйжасын көрүп турасыңар. Бирок, албетте бул гана эмес. Себетке салып базарды айланып жумуртка саткан Томас Гүлбе болсо “Жумуртка падышасы” болду. Англия, Франция жана Германияда атакка жетти. Алгач Гүлбе айылдарды кыдырып, ишин жумуртка чогултуу менен баштады. Айыл-аймак үйлөрдү айланып ар үйдөн 10догон жумуртка сатып алчу. Акчанын ордуна айылдыктарга да өздөрүнө жаккан шаардан алып келген майдабарат нерселерден берчү. Ушул жол менен өзү чогулткан миңдеген жумуртканы чет өлкөгө алып чыгып сатчу. Гүлбе жаңы жумурткаларды гана сатып алчу. 3 күндүк жумуртканы да эски деп албайт эле. Ар бир жумурткага “Т. Г.” тамгаларын, башкача айтканда Томас Гүлбе марка мөөрүн басчу. Ушинтип иштегенине бир жыл болгондо Лондон, Париж жана Берлиндин атактуу ресторандары “Т. Г.” мөөрү басылган жумурткаларды талап кыла баштады. Финляндияны кыдырып жолкиреге көп чыгаша кетирбеш үчүн Томас ушундай система ойлоп чыгарды. Башталгыч класстардын мугалимдери менен кат аркылуу жазышып, өлкөнүн булуң-бурчуна жеткен “тор” уюштурду. Система өтө кенен болгонуна карабай, көп деле татаал эмес эле. Гүлбе өлкөнү аймактарга бөлдү. Ар аймакка рим тамгалары менен номур берди. Айылдардагы мугалимдерди болсо номур менен иреттеди. Андан соң мугалимге жумуртка тапшырган үй-бүлөнүн аты-жөнүн билдирген баш тамгаларын жазды... Башталгыч класстардын окуучулары мектепке жөнөп жатып бир күн мурда кечинде чогултушкан өздөрүнүн жана коңшуларынын тоокторунун жумурткаларын алып келип мектептеги жумуртка чогулткан мугалимге тапшырышчу. Мугалим болсо бир күндө чогулган жумурткаларга сыя менен керектүү белгилерди коюп, Гүлбенин кампалары жайгашкан Або шаарына жөнөтчү. Ал жерде жумурткалар атайын сандыкчаларга саман аралаштырылып салынып, кемелерге жүктөлчү. Бул системанын ийгиликтүү иштегендигинен улам Париж, Лондон, Бреслав, Анверс жана Берлиндин атактуу ресторандарынын кардарларына 2-3 күндүк жаңы жумурткалар жетип барчу. Эгерде бир жумуртка эски болуп чыга турган болсо, Гүлбенин фирмасына төмөндөгүдөй бир кат келчү: “15-апрель, VII, 15, М.” мөөрү болгон жумуртка эски болуп чыкты.” Фирмадагы тиешелүү киши 2-3 мүнөттүк изилдөөнүн натыйжасында оңой эле бул жумуртканын VII номурлуу Куопио аймагынан, 15-иреттик номурлуу мугалимдин мектеби аркылуу келген мадам Макиненден 15-апрелде келгендигин аныктачу. Мугалимге ушундай кат жазылчу: “15-апрель күнү мадам Макинендин бир жумурткасы эски болуп чыкты. Бул жагдай дагы бир жолу кайталанса, ал айымдан жумуртка албай коёрубузду эскерткиле!” Он жылдын ичинде Томас Гүлбе Финляндиянын “жумуртка падышасы” болду. Лондон, Париж жана Финсингенде жумурткаларды сактоочу жай мезгили үчүн суук, кыш үчүн жылуу атайын кампаларды курду Финляндиянын ар бир аймак борборунда тоок фермалар курулду. Ал жерде жумуртка басуучу тооктор багылып, айылдыктарга арзан баада сатылчу. Жумурткадан башка капаз жана аңчылык жаныбарлары менен да алектенген Гүлбе эчак миллиардер болгон. Эң маанилүүсү болсо, экспорт аркылуу Финляндияга миллиарддаган акча киреше алып келгендиги болчу. Томас Гүлбенин фирмалары ар жылы кирешесинин белгилүү бир бөлүгүн изилдөө жана билим берүү тармагына бөлөт. Айылдардагы билимканаларга 100 000 марка; зээндүү айылдыктарды Норвегия, Дания жана Швейцариядагы фермаларга барып тажрыйба таап келүүлөрү үчүн 100 000 марка; Фин агартуучулары чет өлкөлөрдө изилдөө жүргүзүүлөрү үчүн дагы 100 000 марка... Ушул максат менен Гүлбе 8 жылдан бери жылына 300 000 марка берип турат. Бүгүнкүгө чейин элдин пайдасына жумшаган акча 2,5 миллион, бирок бул акча Гүлбенин байлыгынын бир чети да эмес... Эми силерге токоч саткан бир баланын кантип “Кыям падышасы” болгонун айтып берейин. Робинзондун окуясынан алган сабагым аркылуу мен да өз ишимдин Наполеону болууну чечтим. Башта Финляндияны, кийинчерээк Европаны толугу менен багындырып, өз империяма кошуп алууну арзууладым. Бул максатыма сөзсүз түрдө жетишим керек эле. Карагылачы! Бийиктиктерди багындырган адамга жараша турган бул план чындыгында кедей, сабатсыз фин баласынын планы болчу. Мен планымды ишке ашырып, максатыма жеттим. Бирок, башында, албетте кичинекей бийиктиктерди ашуу менен баштадым десем болот. Сироп жасоочу ишкана ачтым. Баса, бул кичинекей фабрикам дале иштеп жатат. Саманкана же картөшкө кампасына окшогон бул фабрикам өтө жөнөкөй эле. Банктардын бирөөсүнө барып мүдүрүнө жолуктум да, “Мен Финляндиянын “Шириндик падышасы” болгум келет” деп ага пландарымды, максаттарымды бир-бирден айтып бердим. Мени уккан мүдүр:. “Арекет кылып көр. Тобокел кылып сизге кичине кредит ачалы” деди. “Шириндик падышасы” деген кулакка кооз угулган сөздү биринчи жолу ошол банктын мүдүрүнүн алдында айткан элем. Баштаган ишимди ийгилик коштоду. Чыккан сироп тунук, коюу жана өтө таттуу болду. Алгачкы жылдар сиропту алып айылдарды айланып, элге таратып, ордуна картөшкө алчу элем. Кийинчерээк, Финляндиянын 5 жеринде ушундай фабрикаларды ачтым. Андан соң жаңы иш ачмай болдум. Финляндиянын токойлорунда кулпунай көп болот. Кышындасы айылдарды кыдырып элге сироп таркатып, анын ордуна жаз келгенде кулпунай алып кете баштадым. Балдар кырларга, токойлорго барып терип келген кулпунайды мага тапшырышты. Ушул жол менен кулпунай мага кызылчадан да арзанга келип жатты. Айылдыктар менен жумушчулар Ярвинендин кыямын нанга сүртүп жегенге көнүштү. Кыям-нан бул айылдыктардын түшкү жана кечки тамагы эле. Анткени кыям арзан болуу менен бирге даамдуу да, таттуу да, пайдалуу да болчу. Кийинки жылы Финляндияда кулпунай жакшы мөмө бербей калды. Мен Орусия менен Германияга буюртмаларды бердим. Орусиядан Владимир шаарынын атактуу гиластары келе баштады. Ирландиядан болсо курамында шекери мол болгон бир картөшкө түрүн алып келтире баштадым. Ошол эле кезде айылдарды кезип, элге мөмөлүү дарак боло турган көчөттөрдү жана картөшкөнү таркатып, аларды кантип эгүү, өстүрүү керек экенин үйрөттүм. Аста-аста Финляндия менин бакчама айланды. Финляндияны бир дене сыяктуу көрө баштадым. Миңдеген нерв жана кан тамыр, андагы кан, булчуң мен үчүн тыныгуусуз иштеп жаткандай сезилди. Жумушумдун мындай нукка түшүүсү мени кубандырып, ырахатка бөлөп жатты. Эсимдин баарын сироп, картөшкө, кулпунай жана гилас ээледи. Бул ишимди дагы алгалатуунун жолун ойлончу болдум. Кыям менен шириндиктерди жактырган өнөрпоздор менен акындар конструктивдүү сындары менен мага аябай жардамчы болушту. Ар жасаган жаңылыгым аларды да кубантып жатты. Мен болсо “Ярвинендин кыямынын баасы кантсем дагы арзандайт?” деген ой менен алек болдум. Дарыя жээгинде эмгектенген кайыкчылар күндөр бою, тоодогу көмүр казуучулар болсо айлар бою мен жасаган кыям менен азыктанышчу. Англиянын токой фирмасынын ошол кезде убактылуу Финляндияга келген мүдүрү жумушчулар табит менен жеп жаткан кыямга көз салып, өзү да татып көрөт да: “Бул кыям кадимки падышанын дасторконуна ылайык экен. Мындай шириндиктерди кантип мынча арзанга өндүрөсүңөр, түшүнө албадым” дейт да, артынан “Мен 50 миң идиш кыям буюртма кылсам, мага да ошол баада бере аласызбы?” деп сурады. -Анда 2 % арзандатып да берем,-деп жооп бердим. Ярвинендин кыямы Англияда атагы чыкты жана жакшы таркады. Кийинчерээк Дания, Голландия, Бельгия, Германия, Франция, жада калса Америкага да экспорттоло баштады. Менин ишим көптөгөн бөлүктөрдөн турат. Ар бөлүмдүн башчысы катары өз ишинде адис болгон окумуштуулар иш алып барышууда. Алар кез-кез өлкөбүздүн ичинде саякат кылып, айылдыктарга картөшкө, долоно, гилас жана кулпунайды кантип дагы жакшыраак өстүрүп үрөн алууну айыл элине түшүнүктүү тил менен конференцияларда түшүндүрүү ишин алып барышат. Азыр болсо жай үчүн суук, кыш үчүн жылуулугу менен атайын кампаларым бар. Ар жылы Месина портунан бир кеме апельсин, Сингапурдан болсо күрүч сатып алып келемин. Фин жаштары менин бул ишимдин шылтоосу менен каалашынча банан жей алышат. Ярвинен элдик университеттин профессорлоруна кайрылып, мындай деди: -Силер менден да жакшы билесиңер. Шекер энергиянын кампасы жана ден соолукка пайдалуу азыктануу үчүн абдан керек. Жакшы жана жетиштүү азыктанган коомдо аракечтик азаят. Себеби шириндик - ачуунун, ачуу болсо - шириндин душманы. Араккорлор шириндикти сүйүшпөйт. Шириндикти сүйгөндөр болсо, аракты жактырышпайт. Ошондуктан, Ярвинен кыям кутуларына “Аракка тоскоол” деп ат койгон. Ал кутулардын ар бири коюлган дасторкондун көркү болуп ажарын ачкан. Бул кутуча кирген үйдөгү бардык жаш балдардын жүзүнөн кубаныч менен жылмаюуну көрө аласыз. Үй-бүлө башчысынын күнүмдүк тапкан акчасын алкоголго каржылабай, мына ушундай пайдалуу азыкка жумшагандыгына аялдар аябай ыраазы болушчу. Ярвинен сөзүн мына мындай сөздөр менен бүтүрдү: -Портто Ярвинен маркасындагы миңдеген сандыктардын кемелерге жүктөлгөнүн көргөнүмдө, жүрөгүм кубаныч жана сүйүнүчкө толот. Аларды өзүмдүн аскерлеримдей көрөм. Чындыгында аскерлер үй-бүлөлөрдүн кубанычы жана улуттун бейпилдиги үчүн кызмат өтөшөт. Мен кыялымда ар бир кутуну өз-өзүнчө баалаймын. Көптөгөн жылдардан бери эмгегимди аздектеймин. Жашоомдун баарына урмат менен караймын, себеби жашоом маанисиз жана пайдасыз өткөн жок. Финляндияда болобу, башка өлкөдө болобу адам жашоосун таттуулаштырууда мага түшкөн ишти кайраттуулук менен орундаттым. Мына ушулардын баары үчүн мага иштөө демин берген жанагы “Робинзон Крузо” деген аталыштагы сүйүктүү китептин автору Даниель Дефого да таазим кылам. Ошондой эле элге нурун чачкан силерге да ыраазылыгымды билдиремин. Узактан келген бир профессордун жаккан учкуну силердин кайратыңар менен өчүп калбай, чоң отко айланды. . Силер менин рухумдун чырагына май тамчылаттыңар. Чын дилимден чексиз ыраазымын! Сиздер аткарган бул ыйык иштин акысы жөн гана курук “ыракмат” менен төлөнбөйт. Чарчабай-чаалыкпай дагы көп ийгиликтердин ээси болушуңарды каалаймын. Жалпы тарыхты окудум. Бир канча окумуштуулар менен да баарлаштым. Ойлондум, ойлондум... Дале ойлонуудамын... Көрсө, жер жүзүндөгү элдердин көпчүлүгү дале адам-жапайылыктан кутула элек экен. Бир гана айырмасы, азыркы адам -жапайылар башкача болот экен. Башка элдердин жерлерин зордук-зомбулук менен басып алган аскер башчыларына урмат-сый көрсөтүп, аларды көккө чыгарууларын түшүнө албаймын. Улуу Искендер, Каннибал, Скипион, Цезарь, Улуу Карл, Наполеон жана да ушулар сыяктуу миңдеген аскер башчылары башкалардын жерин басып алгандан башка эмне кылышыптыр?! Бул басып алуулардын натыйжасында улуу мамлекеттер пайда болсо да эл муктаждыктан, ачкалыктан өлүүдө. Миллиондогон адамдар сабатсыз калууда. Ар жерде уурулук, селсаяктык, уруш-жаңжал жана бири-бирин жек көрүүлөр, бузукулук туу чокусуна жеткен. Атасынын байлыгы же дипломуна ишенген кан соргучтар, эл арасында сасыган баткакты басып жүргөн, сабатсыздык жана селсаяктык баткагына түшкөн миллиондогон элдин ичинен бирөөсүнүн да абалын оңдоону ойлоп да коюшпайт. Сабатсыз, араккор жана ач жарандардан турган чоң мамлекет асты саздак болгон жерге курулган бийик имаратка окшогонун алар билишпейт. Тарых миңдеген жолу мындай текебер баатырларга сабагын берип келүүдө. Алардын каталарын нечен жолу жүзүнө уруп көрсөткөн. Куу Меттерних, зордукчул Албанын өкүмдары курган заңгыраган имараттары бир уруш менен кулабады беле?! Тарых аларды жаш балдардын кагаздан жасаган оюнчук кутучаларын бузган сыяктуу бузду да, бирок тилекке каршы эч ким алардан сабак албады. Саясатчылар дале эски талап -тоноочулук оюндарын улантууда. Ар дайым мамлекет чек араларын кеңейтүүнү көздөйт. Бирок кеңейтилген чек аралар ичиндегин элдин акылын, пикирин, жан дүйнөсүн жана материалдык деңгээлин жогорулатууну ойлонушпайт. Биздин кичинекей Суомибиздин чек арасы мындан кең боло албайт. Мен өлкөбүздө элибиздин санынын барган сайын өсүүсүн каалаймын. Суоминин 2 миллион болгон элинин жакшы тарбиялуу жана билимдүү болуусу көптөн күткөн арзуум. Ошондой эле өздөрүнүн жашоолорунда жана да мамлекеттин өсүп-өнүгүшүндө жакшылыктардын жана ийгиликтердин куруучусу болууларын тилеймин. Ярвинен мына ушинтип сүйлөп, жыйында олтурган мугалимдерге урматтоо менен башын ийип, сөзүн бүтүргөндүгүн билдирди. Муну угуп олтурган Форстен Форстен аттуу бир карыя “Омийин” деп койду. Анын аркасында турган элдин ичинен да “Омийин, омийин, омийин...” деген үндөр угулду. Алар Хельсинки университетинин профессорлору болгон Форстен Форстендин үч уулу болчу. Карыя өзү болсо дарактардан кара чакыч чогултуу менен жанын бакчу. Башкарма тике туруп сөз алды: -Ярвинендин бул маанилүү сөздөрүнөн кийин башка сөз сүйлөөгө кажет калбады. Анын сөздөрү эл деңгээлинен билими жана байлыгы жагынан жогору болгондорго “Бизге жакын келгиле, бизге үйрөткүлө!” деген ачуу кыйкырыктын мааниси!-деди. Бул салтанат болгонун болгондой Ярвинендин сүйлөгөн сөздөрү менен бирге Фин гезиттерине толугу менен чыкты. Ушул кайрылуу Финляндияда олуттуу бир окуя болду жана жаңыруусу көпкө уланды. Эл оозунда узак убакыттар бою айтылып жүрдү. Финляндия элин агартууну самаган көңүлдүү мугалимдер ордосу мунун натыйжасында коомдогу көптөгөн эр-азаматтарды жандандыра алды.Кээ бир шаарларда колунда бар соодагерлер элдик университет үчүн имараттарын беришти. Ал тургай айрымдары жаңы имараттарды куруп берүүгө сөз беришти. Бир канча мугалим, сот жана дарыгерлер жумуштарынан кийинки убакыттарда кафе-барларда олтуруп ысырап кылуудан баш тартышты. Алар кайрадан китеп менен достошушту. Кымбат убакыттарын китеп окууга бөлүштү. Элди агартуу үчүн алгач өздөрүн оңдоону туура көрүштү. Ар жерлерде таланттуу жазуучулар, сөзгө чечендер өсүп чыга баштады. Бардык эл чогулган жерлерде, кафе-барларда, оюн-зоок, көңүл ачуу жайларында акча чогултулуп, ал каражатка элдин керегине жарай турган китептер сатып алынды жана эң алыскы айылдарга да жөнөтүлө баштады. Керектүү темалар тандалды. Бул темаларда эң жакшы жазылган китептер үчүн белектер коюлду. Жазуучуларга эмгектерин басуу үчүн жардам берилди. Элге китептерди ушул жол менен арзан баада жеткиришти. Жашоосунун акыркы жылдарында аябай картайган Снелман достору менен минтип баарлашат эле: “Финляндиянын азыркы абалы менен бала кезимдеги абалын салыштырганымда кыялымда мындай бир көрүнүш жанданат: Чоң жана кароосуз, эскирген бир үй бар. Бардык терезелери жабык. Тыштан караганда каралбай калган, ташталган үйгө окшойт. Ичи капкараңгы, чаң жана желе баскан бул үй мазарды эстетет. Акыры күндөр өтүп бир канча жаш, күчтүү, эр жүрөк жана кайраттуу адамдар келип пардаларды дароо жууп тазалап, терезелердин чаңын аарчышты. Үйдүн ичи күн нуру, таза аба жана гүл жыттанды. Бөлмөлөрү толук иретке келтирилип, сырты да оңдолуп-сырдалды. Эми ал ташталган үйдүн ичи да, сырты да жапжаңы жана жандуу абалга келди. Кадимкидей жашара түштү. Өзгөлөр да бул үйдөн желмогуз көргөнсүп качпай, тескерисинче жанына келип, суктануу менен таң калып карап калышты. Мына, ушундай кооздукту жана түп тамырынан өзгөрүүнү ар бир мамлекетте, ар бир шаарда, кала берсе, эң четтеги айылыбызда да жасоого болот. Ал үчүн бир гана аң-сезими жандуу, руху ойгоо жана дүйнө таанымы кенен, окуудан, үйрөнүүдөн, мээнет кылуудан жадабаган, бардык сезими менен эркин болгон адамдарга муктаждык бар.







АЙЫЛДЫК, ЖУМУШЧУ ЖАНА ӨНӨРПОЗДОР. Снелман бала кезинен эле элге таандык маселелерди жана дүйнөдөгү өнүгүүнү хан сарайдагы аң-сезим, “кожоюн” жана “кул” түшүнүктөрү менен айтылышына кыжырданат эле. Себеби, бардык тарых сабагы китептеринде падышалар жана вазирлер, ак сөөк үй-бүлөлөрдүн интригалары, ошондой эле барондор, генералдар, таанымал агартуучу, жазуучу жана искусство адамдары жөнүндө жазылган. Алардын өмүр баяндары айтылган. Согуштар, хан сарай интригалары, дипломатиялык куулуктар, буюртмалуу өлтүрүүлөр жана төңкөрүштөр эң майда түшүнүктөрүнө чейин түшүндүрүлөт. Тарых мугалимдери да бир гана ушуларды айтышат, ушуларды түшүндүрүшөт. Өткөн көптөгөн кылымдар бою башка-башка жерлердеги коомчулуктар жана эл катмарларынын кандай жашоо жашагандыгы жөнүндө эч айтышпайт. Миллиондогон адам: жумушчу, айылдык, өнөрпоз кылымдар бою тарыхтын изилдөөчү аймагынын сыртында калтырылган. Элдин сезимдерин ойготуп, логикалык жактан өнүгүүсү үчүн аракет кылгандардын саны аябай аз. Же болбосо элдин материалдык жана рухий жактан өнүп-өсүүсү үчүн аракет кылгандар сейрек болушкан. Жашылдандырууну, мал чарбасын, кыш, кагаз жана материал өндүрүүнү дайыма өркүндөтүү жолунда болушкан. Бирок жумушчу карапайым элдин рухун, маанайын, ден соолугун, азык оокатын жана жашоо шартын оңдоону эч качан ойлонушкан да эмес. Элдин жашоосун кандай болсо ошондой абалына калтырышкан. Элдин проблемаларын ойлонуу эч кимдин иши эмес сыяктуу. Ар дайым жана ар жерде элди сабыр жана чыдамкайлык менен жалгыз калууга мажбурлашкан. Кыйынчылыктарга жана жокчулукка чыдоо элдин тапшырмасы катары кабыл алына баштаган. Бир канча темада аларды кемсинтишкен. Ар дайым жана ар жерде мындай деп сөздөр айтылган: «Эл акмак жана аңкоо. Жалкоо, корс жана ач көз». Өкүнүчтүүсү, бул сөздөргө мына бул сөздөр да кошулуп айтылган: «Эл сабырдуулук жана чыдамкайлыгы менен кыйындыгын көрсөтүп жатышат. Суукка, ач калууга чыдашат, арызданышпайт». Ар ким элдин бул сабырдуу жана чыдамкайлык мүнөзүн толкундануу менен айтышат. Элдин бул мүнөзүн чоңойткондон чоңойтушат. Снелман элдин сабырдуулук жана чыдамкайлык даражасын курулай чоңойткон сайын чоңойткондорду жек көрүп жана элди да урушат эле. Өздөрү үчүн эркиндик жана кеңчилик, бактылуулук каалаган элге да, жокчулуктарга каршы сабыр жана чыдамкайлык талап кылган чоңдорго да ачууланчу. Үнөмдөө саясаты дешет, бирок өкүнүчтүүсү чоңдор өздөрү молчулук ичинде, а эл болсо чыдамкайлык менен алек. Снелман мындай татаал абалга чыдагандыгы үчүн элге да ачуусу келет болчу. Элге жасалган укук тебелөөлөргө каршы унчукпагандыктарына, аң-сезиминин төмөндүгүнө, жашоонун материалдык руханий жардылыгына, адилетсиздикке көнүп алышына ачууланат эле. Снелман ачууланган кезде мындай дечү: «Миллиондогон адам бир гана кара курсагын тойгозуу үчүн жашап жүрөт. Тытынып иштөөнүн ордуна жалкоолук менен алек».Ачуусу таркаган кезде болсо мындай деп кошумчалайт эле: «Бирок кемчилик элде бекен?» Снелман мындайча салыштыруу колдоноор эле: -Бак жана токой… Бактын ичинде чыйыр жолдор ачылган. Жолдорго ичке, сонун, таза кум төгүлгөн. Жолдордун эки бети гүлдөр жана мөмөлүү көчөттөр менен кооздолгон. Айдоо жерлери ар күнү сууланып тегиз кыркылган жашыл чымдарга бөлөнгөн… Айлана кооз гүлдөргө оролгон… Чорголордо суу… Жолдордун чекелерине отургучтар орнотулган… Бул бакчада чебер багбандын бар экендиги караган адамга ар бир жердеги ар бир көчөттөн байкалып турат. Келгиле, токойду карап көрөлү. Токойдун көрүнүшү башкача. Бул жакта бардыгы жапайы, өз абалына ташталган. Уруктары каерге түшкөн болсо, дарактар жана тикенектер ошол жерде өсө берет. Токойлордун кээ бир жерлери адам өтө алгыс жерлерге айланган. Катуу шамалда жыгылган дарак ошол жерде чирийт. Токой ичинде пайда болгон чыйыр жолдор адамдардын ары-бери катташы менен пайда болгон. Ал чыйыр жолдордун жакшырышы үчүн эч ким алектенбейт. Мына, элдин элитасы жогоруда айтылган бакчага окшойт. Билим алуу, тарбия, конфорттуулук, ден соолук, искусствонун таттуу даамы ар дайым алар үчүн. Ал эми элдин абалы болсо табигый абалдагы токойго окшойт. Эгерде кадырын билишсе аны карашат. Бирок аны жандуу жана керектүү болгондугу үчүн кадырлашат. Токойдогу дарактар да, бактагыдай эле дарактар болгондой, элдин ичиндеги ар бир адам да, элитадагы адамдардай эле бир адам. Алар да жаратылышынан эле акылдуу жана таланттуу. Эң жогорку руханий абалга ачык жана ыңгайлуу. Бир гана аларга мээнет кылыш керек. Миллиондогон адамдардын ар бирине толук өнүп-өсүүлөрү үчүн мүмкүнчүлүк бериш керек. Снелман бардык айылдык, жумушчу жана өнөрпоздордун же кең элдин катмарын бардык тараптан ойготуп, туура жолго багытталышын жана сабатынын жоюлушун жашоосунун эң негизги иши катары санап, Финляндияда билим берүүнүн жана тарбиялоонун жол баштоочуларынан болгон. Ал бардык жерде мындай сөздөрдү кайталады: Мамлекетибизде элдин калың катмарынын сабатсыздык ичинде калышына кайдыгер кароо уят! Өзүн маданияттуу деп санаган ар бир адамдын бул маселеге кайдыгер кароосу - кылмыш. Мамлекет дегениң, үстүңкү кабаттары кең терезелүү, бийик шыптуу, желдетилген жана жарык, ал эми жер төлөөсү болсо караңгы, тар жана кичине терезелүү бир чеп эмес да. Снелман өзгөчө мындай сөздөрдү да баса белгилеген: -Өлкөбүздүн элинин көпчүлүк бөлүгүнүн илимсиз жана маданиятсыз, билимсиз калтырылышы, өзүнчө кылмыш. Мамлекеттин өзүн-өзү кыйратуусу, талап-тоноосу дегендик. Жапайылардын кембагал болуп, өлкөлөрүнүн байлыктарынан пайдаланууну билбегендиктеринен ачарчылыктан өлүшкөндөрүн айтышат. Чындыгында, бир өлкөдө жашаган ар бир жарандын ээ болгон материалдык жана рухий потенциалдык күчүнөн пайдаланууну билбегендик жана каалабагандык дагы жапайылыктын жеткен чеги. Эң жакшысынан жана эң кымбатынан он миллион дарагы болгон бир токойду көз алдыңызга келтириңиз. Бул токойго эч ким карабаса, тазалабаса, аны кооруган багбан киши болбосо, мунун эмне пайдасы болот? Чопчоң дарактар катуу шамалдардан кулашат жана жамгыр сууларына нымдалышып чиришет. Бул кооз токой кароосуздуктан чиркейлер мекенине, баткакка айланат. Токойдун таза абасынын ордуна жүздөгөн аянт кеңдигинде келте оруусунун микробдору учат. Снелман: «Түшүнгүлө! Түшүнгүлө! Түшүнгүлө!» деп кайракайра айтаар эле: «Өлкөдө иштеген, окуган ар бирөөсү, өзүнчө чоң байлык. Булардын жеп-ичүү үчүн жумшаган акчаларын эсептеңиз. Жөнөкөй бир абалда өстүрүлгөн ар адамдын өлкөбүзгө эмне пайда алып келээрин ойлонуңуз. Эми өлкөбүздөгү аракечтердин санын карап көргүлө! Эгерде, коомчулук тарабынан жакшы бир билим алган болгондо, алардын ар бирөөсү мамлекетибиз үчүн иштеген чоң бир күч болот эле». Снелман Европага жасаган саякаттарынын бирөөндө болгон окуяны айта берер эле. Берлинде таанымал бир европалык журналист менен таанышыптыр. Ал киши славян улутунда болгондугуна карабай, эмгектерин немис тилинде жазат экен. Ошол убакытка чейинки гезиттерге жазган сансыз макалалары жана түрдүү брошюралары менен австриялык немистердин Галициядагы Лехтерге, Моравядагы чехтер жана словактарга, Воеводинодогу серптер менен хорваттарга үстөмдүк кылуусунун туура экендигин далилдегенге аракет кылыптыр. Бул саткын киши, мындайча жазаар эле: -Славян улуту - аял мүнөздүү назик бир улут. Бул улуттун элдери кыялданууну жакшы көрүшөт. Бирок кыялкеч жана куунак эмес. Жаратылышынан жалкоолор. Көп убакыттан бери көз каранды жашагандыктары үчүн, өз алдынча иш кылууну билишпейт. Булар тил албас, тополоң бир эл. Ийгиликке жетишпеген учурларында, адамзатты уялткан жана маданияттуу европалыктарды жийиркенткен бечара жана жалкоочо бир жашоону тандашат. Ийгиликке жеткен учурларында, өзгөчө соода тармагында макоо, алдамчы, паракор, ач көз, куу жана амалкөй болушат. Чоң жана оңой пайдалардын артын сая куушат. Тапкан-туткандарын ысыраптык менен жумшап жок кылышат. Славяндарга акылман жана катуу немис тарбиясы керек. Славян улуту коюу жана жумшак жүндүү, кир, сасык койдун терисине окшойт. Аны тазалоо үчүн немис теричисине берүү керек. Ошондо гана андан жакшы жана ысык бир тон болот. Жетишээрлик деңгээлде акылдуу болгон бул саткын журналист жогорку билимге ээ. Европа тилдерин жакшы билет жана жакшы сүйлөйт. Жазган макалалары адамды өзүнө тартат жана таасирдүү жазылат. Макалаларынын арасына түрдүү улуттун, кээ бир кылымдарда жашаган ойчулдардын, тарыхчылардын жана адабиятчылардын эмгектеринен алган жазууларды да кошуп жазат эле. Тилекке каршы, макаланын мааниси дурус эмес болчу. Себеби ал макалалары үчүн Австрия мамлекетинен көп суммада акча алат эле. Башкача айтканда калеминин изин сатат эле. Бул саткын журналист да башка элдердей эле табиятында жаман киши эмес. Башкача айтканда, жаман адам катары жаратылган эмес. Кийин напсиси үчүн, көңүл ачуу үчүн аял, кумар, арак ичкен адам болуп калган. Мындай кир жашоо үчүн албетте көп акча керек. Бул киши, жогорку билими жана ээ болгон талантын колдонуп намысы менен адал акча тапса болот эле. Бирок, мындай таза жашоо үчүн рухтун алоолонуп жанышы зарыл. Пикир тазалыгы жана жогорку адеп-ахлак керек. Кыскасы, идеалисттик мүнөз керек. Булардын баары саткын журналистке жат нерселер эле. Австрия университетинде окуп жүргөн кезинде кара мүртөз Меттерничтин туура эмес идеясы менен азыктанган болчу. Меттернич - эски ак үй “түлкүсү”, Европалык министр кылыгындагы Византия шакирти. Жеке кызыкчылыгына басым жасоо менен байлык топтоо саясатын жүргүзүп, билип туруп белгилүү пландын негизинде, бардык европа улуттарынын ахлагын бузган. Ал адамдарды өзүнө тартуунун жолун паракорлук менен ишке ашырган. Меттерничтин өзгөчө пара ала турган катчылары жана адистери болгон. Алар кимди, кантип жана эмне менен сатып алууну изилдешчү. Меттернич убагында паракорлукту жеңил жана оңой пайда табуу жолу катары, сыйлуу иш катары жайган. Коомчулук ичинде адеп-ахлактын абасын жутуу мүмкүн болбой калган. Интеллигент сезилген адамдардын негизги бир бөлүгү дагы Меттернич саясатынын көмүр кычкыл газына ууланышкан. Өкүнүчтүүсү, жакшы бир максаттарга талапкер болгон жаштар да ушундай түрдө төмөнкү деңгээлге түшүшкөн. Жаштардын чоң идеялары жана жол көрсөтө турган жол башчылары жок эле. Пикири жок жана максатсыз чоңоюшту. Ушуга байланыштуу биздин саткын журналист да ушундай жаман атмосферада өсүп, ахлак сезимдерин бүтүндөй жоготуп алган. Ал идеалисттик иш аракеттерди күлкүлүү жана жасалма мүнөз катары көрүп, олуттуу карабайт эле. Жашоодо Шиллер сыяктуу жакшылык жана тууралык издегендерге таң калчу. Жыл өткөн сайын бул саткын журналист, киник философиясын аркалаган бир философ болду. Немистердин урматы үчүн славяндарга душмандык кылууну адатка айландырган. Мындай дээр эле: -Мен жакшы жазамын. Ошол үчүн немистер мага көп акча төлөшөт. Ошол себептүү кылган ишине ахлактуу деп ишенет эле. Ага каршы чыккан славян улутчулдарына мындай деп жооп берчү: -Менден эмне каалайсыңар? Силер Флоренция менен Венецияда италиялык эки айкелчи Донателло жана Веррошионун айкелдерин көргөн жоксуңарбы? Ошол айкелдер армияда маяна алып иштөөчү аскер башчылардын урматына коюлган. Бул шаарлар аскер башчыларына көп маяна төлөгөндүгү үчүн, алар да ошол шаарлар үчүн жакшы кызмат өтөп беришкен. Эгер Милан, Геноа, Пиза, Верона жана Рим шаарлары, бул аскер башчыларына тигилерден да көп акча төлөшкөндө, алардын кызматын аткарышып, Венеция жана Флоренция үчүн согушкандай эле булар үчүн да баатырларча согушушмак. Мына, мен да жазма ишинде ошолордоймун. Мага немистердин берген акчасынан көп акча төлөгүлө, мен да силер үчүн жазайын. Андай кыла албайсыңар. Андай кылгыңар да келбейт… Менин чабуулума чыдагыла жана өзүңөрдү коргой билгиле. Мен күчтүү душмандар менен согушууну жакшы көрөмүн. Берлинге жасаган сапарларынын биринде Снелман ошол саткын журналист менен жолугуп калды. Финляндияда жүргөн кезинде бул журналисттин адабий макалаларын да, атын да уккан эмес экен. www.bizdin.kg Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы 100 Берлинде бирөөсү фин, экинчиси славян болгон, немистер айткандай «Маданият алып келүүчү» эки меймандын урматына дасторкон уюштурулган эле. Тамактануунун аягында, коноктор азайып калган кезде, Снелман бул маданият куруучу славянды элден ээн жерге чакырып, маданияттан артта калган элдер үчүн да эмгектениш керек экендигин аябай түшүндүрдү жана ага ыкластуу болууну, өз жан дүйнөсүнүн дабышын тыңшоону сунуштады. Артта калган мамлекеттерди бир гана жоомарт жана улутун сүйгөн адамдар куткарышаарын талыкпай түшүндүрдү. Маданияттуу жана өнүккөн өлкөлөрдүн жанында эч качан өзүн төмөн көрбөө керек экендигин айтуу менен, мындай деди: -Мисалга алсак, биз, финляндиялыктар, алардан сөзсүз озуп өтөбүз. Себеби жалгыз гана шаар калкын окутуу менен чектелбейбиз. Башталгыч класстар менен токтобойбуз. Эч бир айылды мектепсиз жана китепканасыз калтырбайбыз. Ар бир айылдыкты, балыкчыны, отунчуну, устаны жана бардык жумушчулардын үй жана ишканаларын билим нуру менен жаркыратабыз. Балдарыбыздан жапжаңы, күчтүү, билимдүү жана асыл бир муун өстүрөбүз. Башында Снелманды жакшы уккусу келбей жаткан жанагы журналист, убакыт өткөн сайын анын таасиринде калып, көбүрөөк сүйлөшкүсү келди. Кеч бир оокумда коштошуп жатып «… өкүнүчтүүсү сиз менен кечирээк таанышып калдым» дептир. Эртеси күнү Снелман Суомиге кайтат. Он беш-жыйырма күн кийин беш саптан турган кол тамгасыз бир кат алат. Катта «Сиз менин жан дүйнөмдү жаңырттыңыз, жакшы жакка бурдуңуз. Азыр болсо менин бул жашоодо чыдап жашай турган ордум жок. Бүгүнгө чейинки жашоомду жек көрүп отурам. Каалабасам да жашоомо чекит койгону турам!» деп жазылган эле. Снелман каттагы жазууну тааный албаптыр. Эч нерсе түшүнгөн жок эле. Венада чыккан гезиттердин акыркы сандарын окуп жатып гана мындай деген жазууга көзү түштү: “Кайгылуу бир кырсык. Чоң трагедия… Таанымал журна лист бир авариядан кийин катуу жаракат алып, үч сааттан кийин кайтыш болду”. Ошондон кийин каттын кимден келгендигин толук түшүндү. Снелман бул окуяны айтып бүтүп мындай деди: -Бул жерде, негизгиси, башка маани бар. Отуруп ойлонолу, өзгөчөлөнгөн талантка ээ болгон бир адам... Чоң акыл… Аз табылуучу кең билим… Кыйын адабияттык жөндөм жана… Жыйынтыкчы?.. Жыйынтыгында ошондой зор талант напсисине жана шаан-шөкөткө мас, кумарпоз, араккор, ысырапкор, калемин ижарага берген жана уругуна, улутуна кыянаттык кылган бир адепсиз болуп жашады… Чындыгында бул адам жакшы бир тарбия алганда – жаш кезинде элдин акылын жана пикирин чоң сезимдер менен алоолондуруудан алынган канааттануу сезими өнүп чыкмак. Ушул улуу сезим жашоону ысырап кылуу рахатынан жогору тураары айтылганда, балким бул адам, өз элинин ичинде маданиятты алдыга сүйрөөчүлөрдөн болмок. Университетти аяктаган жогорку билимдүү, тагдыры адабият менен чиеленишкен, өкмөт борборунда чоңойгон даяр кадр. Дагы эмне керек?.. Мына ушундай киши адам болбосо, мектеби, китеби болбогон жана жашоонун дагы жакшы, дагы кубанычтуу, дагы тартиптүү болушу үчүн эмнелер кылыш керектиги жөнүндө эч бир сөз укпаган сабатсыз калктан эмнелерди күтсө болот? Миллиондогон адам дене жагынан, түшүнүк жана адеп-ахлак жагынан чирүүдө. Эч ким бул чириндинин жагымсыз жытын сезбей жатат. Же баарынын жыт алуу сезими иштебейт же баары бул жаман жытка көнүп калышкан жана табигый абалга айланып калган. Айтыңыздарчы, бул иш ушундай болчу беле? Миллиондогон адам төрөлүүдө, алар түркөй караңгылык ичинде жашап өтүүдө. Араларындагы көптөгөн тубаса зээндүү адамдар сабатсыз жана кароосуз калууда. Миллиондогон кичинекей бир туугандарыбыз корс, заалым жана ашказанынын кулу болуп чоңоюуда. Айтыңызчы, булардын баары табигый абалбы? Снелмандын элге кайрылуусу тынбай уланып жатты. Катуу айтуулары, чындыкты бетке чабышы арамза, жалкоо акылдарды да ойготуп, көңүлдөргө от жана дем берип жатты. Дарыгерлер, айылдык дин кызматкерлери, башталгыч класстардын мугалимдери, мамлекет кызматкерлери түрдүү жерлерде калктын жашоосун изилдей башташты. Гезит-журналдарда, түрдүү китептерде калктын жашоосуна байланышкан макалалар чыга баштады. Бул макалалардын арасында өзгөчө эки китеп көптөгөн окурмандарды өзүнө тартты. Алардын бирөөсү «Айыл дарыгеринин аңгемелери», экинчиси болсо «Айылдык дин адамынын күндөлүгү» аттуу китептер эле. Бул китептер басма сөздө өзгөчө бир козголоңдун пайда болуусуна себеп болду. Кээ бирөөлөр бул китептерди мактоо менен көккө көтөрүштү жана мындай деп жатышты: «Эли үчүн жүрөгү сыздаган жана окуу-жазууну билген ар ким бул китептерди сөзсүз окуусу керек. Бул китептер «көрлөрдүн» көздөрүн ачат. Жан дүйнөсү караргандар бул китептерди окуганда андагылардан өзүн көрүп, уялганынан жүздөрү кызарат.» Башка кээ бир адамдар болсо бул китептерге акаарат кылышып, жазуучуларына наалат айтып жатышты. Акаараттары мындайча эле: «Эки китепте да фин элине каршы акаарат бар. Толтура жалган-жашык жазылган. Апыртылып жок нерселер кошулган». Эки китептин тең авторлору фин элинин элита катмарына каршы үндөрүнүн жетишинче кайрылышты: «Ойгонгула! Элибизди куткарып калуу үчүн ар бириңер ишиңерге өзгөчө жоопкерчилик менен карагыла. Өлкөбүздүн элинин көпчүлүк бөлүгүнүн жошоосу аябай коркунучта. Айылдыктар жана кара жумушчулар өлүп жатышат. Жан дүйнө жана материалдык жактан караңгылыкта.» Жакшы ниеттүү жазуучулар болушкан дарыгер жана дин кызматкери китептеринде жалган нерселерди жазышкан эмес. Бир гана таасирдүү болуу үчүн болгонун болгондой жазышкан. Алар айыл элинин жашоосун болгонундай чагылдырышкан. Макаланы окуганда таасирленген калк «Миллиондогон бир туугандарыбыздын мындай жакыр жошоосуна кандайча чыдап тура алабыз? Бул иште «күнөөкөрү мен эмесмин» дегенге болбойт» деп жатышты. Таасирленген экинчи бирөөлөрү «Мындай жакыр жашоого адамдар кандайча чыдап жашап жатышты экен? Бул жашоо Дантенин «Тозогунда» чагылдырылган жашоодон да бетер экен. Ал чыгармада адамдар күнөөлөрүнүн айынан кыйноолорго дуушар болушат. Бирок бул адамдардын күнөөсү эмне? Дантенин «Тозогу» болсо жөн гана гениалдуу ойлонуп табылып жазылган бир адабий чыгарма. Ал эми жогорудагы калкыбыздын жашоосу болсо, өкүнүчтүүсү, чыныгы бир жашоонун дал өзү























































ЭЛДИН ДЕН СООЛУГУ МЕНЕН КҮРӨШКӨН ДАРЫГЕР. «Бир айылдык доктордун аңгемелери» аттуу эмгектин автору болгон дарыгер жумушунун алгачкы күнүнөн баштап көрүп билгендерин жаза баштайт. Медициналык факультетти кандайча бүтүргөнүн, иш жашоосун кандай бийик максат жана идеалдары менен баштагандыгынын баарын жазат. Балалык чагы жана жаштыгы жокчулук, жакыр жашоодо өтүптүр. Атасы кичинекей бир кыштакта өтүкчүлүк менен тиричиликтерин өткөрүшкөн экен. Бардык эле адамдардын жыргал жашоодо жашай албасын билет болчу. Бирок дайындалган иш жайында көргөндөрүнө ишене албай чочуй түштү. Өзүн чыныгы ааламда эмес, коркунучтуу түш ааламында жүргөндөй сезе баштады. Биринчи эле жолуккан нерселери, ага тарыхтагы эски доорду, адамдардын үнкүрлөрдө жашаган жашоосун эстетти. «Кандайча, мен өлкөмдүн эң жаман жерине келдимби?» деп ойлоно баштады. Жака белиндеги айыл кыштактарды айланып көрүп чыкты. Ал жерлерде да абал дал ошондой экен: кээ бир жерлердин ал айылдан да жаман абалда экендигине күбө болду. Жерпайы жок, дубалдары биринин үстүнө бири коюлган таштардан болгон үйлөрдү көрдү. Бул үйлөрдүн эшиктери тешик-түшүк, терезелери болсо жок экен. Эшиктеринин тешиктеринен шамал жана кар үйдүн ичине кирет. Жамгырда шыптарынан суу тамчылайт экен. Бул жактарда айнекти көпчүлүк билишпейт экен. Колдонгондор аз. Терезе делген тешиктерге майлуу кагаз же кезде меден кагып коюшат. Кээде болсо терини керип коюшат экен. Таптакыр ачык калган тешиктер да болот. Бөлмөнүн бир бурчунда таш топурактан жасалган меш турат. Ал жерден от жагылганда бөлмөнүн ичин көз ачыштырган түтүн каптап калат. Үстү баштары да түтүндөн ыш болот. Айылдыктар дайыма бир эле кийим менен иштешип, тамак жешип, ошону менен жатып укташат. Ай бою жуунушпай, кир да жуушпай көнүшкөн. Үстү баштарын бүт бит, бүргө басып кеткен. Айылдыктар трахома оорусу менен ооруп, суук тийип, натыйжада кургак учук оорусуна чалдыгышат экен. Ичүүчү суу кудуктары ажатканаларынын жанында болгондугу үчүн суулар дайыма микробдуу болуп, ичкелте ооруусунан эч арыла алышпаптыр. Балдардын арасында болсо ичөткөк, кызамык жана суучечек оорулары жайылган. Миңдеген жаш балдар кичинекей кезинде эле жашоо менен кош айтышат экен. Элдин азыктанышы начар жана жетишсиз. Ошентсе да ичимдикти көп ичишет экен. Мындай тең салмаксыз, начар азыктандырылган жакыр жашоодо дүлөй жана дудуктар, көзү азиздер, майыптар, акылсыз жана акмактардын саны улам көбөйгөн. Доктор бул айылдардын ичинен бирөөсүн мындайча сүрөттөйт: «Бул айылга кирсең, адамды өзүнчө бир коркуу каптайт. Өзүнөн, жашаган жеринен, коомдон жана маданият деген нерседен уялат. Өзүмчө ойлоном: Бул жерден алыста, тээ шаарда театрлар жана концерттер, университеттер жана конференциялар, филармония жана артисттер, парламент жана депутаттар жана ошондой эле акын-жазуучулар, окумуштуулар, сабаттуу эл, алардын жашоосуна ыңгайлуу шарттар бар. Бул жактарда болсо миңдеген адамдар тозок жашоосун жашап өлүп кетүүдө. Мисалы, айылдагы бир үйгө кире турган болсоңуз, үч жаш бала кызамык оорусу менен ооруп, жайдак жерде жатат. Алардын жанында эне толгоо тартып, жан кейиткен оору менен алпурушууда. Ал эми мас болгон ата бир четте үңкүйүп отурат, эгер ага кайрылып: «Эй, уялбайсыңбы? Үйүңдө ушундай балекет болуп жатса, сенин ичип мас болгонуң эмнең?» десеңиз, төмөндөгү жоопту аласыз: «Сен да бул жерге олтуруп карап көрчү! Жөн гана мас болбостон, жаның кейип кыжаалаттыктан өлмөксүң. Биздин жашообузда башка бир тандоо мүмкүнчүлүктүн өзү жок! Башка бир үйдө, башка бир кейиштүү көрүнүш: Эне кургак учук дартынын айынан кан кусуп, башын жаздыктан көтөрүүгө да дармансыз. Келте оорусу менен күрөшкөн ата өз абалына келе албай жандалбаста. Эки оорулуу тең жерге төшөлгөн жууркан сымал үнсүз жатышат. Бул үйдөн керебет да, диван да табылбайт. Эки оорулуунун ортосунда бирөөсү 1, ал эми экинчиси 2 жашта болгон балдары жатышат. Экөө тең жандуу бир скелет сыяктуу... Айланадагы кошуналарынын эч бири оорулуулар менен алектенишпейт. Аларга мындай жагдай көнүмүш адатка айлангандай. Үй ичиндегилердин ар бири өз дарттары менен азап чегишүүдө... Бир жерде келте оорусу сыяктуу жугуштуу жана жийиркеничтүү оору тарай баштаганда, ал жерге мамлекет тарабынан бир канча дарыгерлер жөнөтүлөт. Эл буга ачууланып «Эмне үчүн бул уколдорду пайдаланып жатасыңар? Балдарды даарылабагыла, андан көрө өлүшсүн. Ач адамдардын саны азаят. Силер чоң адамдарды даарылагыла!» деп кыйкырышат. Жардам алууга жана даарыланууга ар бир үйдөн оорулуулар келишет. Кээ бирин айыкпачудай жара баскан, кээ бирин котур баскан оорулар кездешет. Ал эми кайсы биринин көздөрүн ак басса, кээ бирлери рак ооруусуна чалдыгышкан. Адам үмүтсүздүккө кабылып, чарчоонун жана алсыздануунун натыйжасында кайдыгерлик сезими пайда болот. Төрөп жаткан аялдын жанындагы үңкүйгөн ичкич күйөөсү айткандай, адам мас болуп же сыгылып өлүүнү каалайт. Мындай окуяларга саресеп салган дарыгер шаар элине, саясатчыларга, билим жана искусство чеберлерине, журналисттерге кайрылып минтип айтчу: -Мырзалар жана айымдар! Качанга чейин мындай жашынмак оюнун ойноону улантасыңар? Ар дайым мекенди сүйүү, эл достугу жана маданиятка кызмат жөнүндө сөз кыласыңар. «Учурдун заманбап адамдарыбыз!» деп төш кагасыңар. Бирок, өлкө жана улут үчүн, элдин бейпил, ден соолукта жана адамча жашай алуусу үчүн эмне кылдыңар? Кээ бирлери элдин мүлкүнөн миллиондорду уурдап өлкөбүздү аёосуз тоношууда. Элдин казынасына кол салышууда. Кай бирлери үйлөрдө, мамлекеттик ишканаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларда тоноочулугун улантышууда. Айланадагы болуп жаткан окуялардан кабарсыздай, шаар ичинде бейкапар жашоолорун өткөрүшүүдө. А бирок, тилекке каршы, ары жакта эл оорудан көз жумууда. Арактын артынан кууган миңдеген адамдар арам тамактын, арактын кулуна айланышууда. Элдин түпкү тамыры чирип, улуттун уюткусу түгөнүүдө. Кеч болуп кала электе мекенибизди жана улутубузду куткаргыла! Эл ичин аралагыла! Аларды даарылап, илим-билим берип, туура жолго багыттагыла! Үйлөрүн кандай салууну, аны кантип жасалгалоону үйрөткүлө! Калкка пайдалуу, күн нуру тийген жана таза абалуу, жылуу үй куруп бергиле! Аларга чыныгы адамча жашоону үйрөткүлө! Ушундай татыктуу жашоосу үчүн жардам берип, шарт түзгүлө. Китептин аягында төмөнкү сөздөр орун алган: «Өлкө - бул чоң бир үй-бүлө. Анын мүчөлөрү - жалпы эл. Улуттун ар бир жараны - силердин бир тууганыңар. Калктын кетирген кээ бир каталыктарына жана жетишпегендиктерине алардын өздөрү күнөөлүү, бирок, көпчүлүк учурда башкаруучулардын же болбосо калктын каймактарынын кайдыгер мамилесинин натыйжасы». Адабият чөйрөсүндө дарыгердин китеби жөнүндө бир канча талаш-тартыштар болгон. Бирок, коомчулукта китеп керектүү кызыгууну пайда кылды. Мына ушинтип өз максатына жетти. Финляндиянын бардык медициналык мекемелеринде кесиптештери тарабынан бул китеп терең изилденди. Райондук, облустук жана аймактык кызматкерлер топтолушуп, бул китептеги ортого коюлган маселелерди изилдеп, талкуулап, анда көрсөтүлгөн кемчиликтерди, терс көрүнүштөрдү жоюу үчүн сабак ала башташты. Бул темалар айланасында ар жерлерде конференциялар уюштурулуп, жаңы документтер топтоло баштады. Мурунку кездерде сүйлөшүлүп талкуулоодон да коркушкан же маани берилбеген калктын бул жаман абал -жагдайын баары көрүп, ынанып, түшүндү. Бардык жетекчилер, саясатчылар жана билим адамдары партиялык ат салышуусун, жеке кызыкчылыктарын бир жакка коюшуп, улуттун саламаттыгын коргоону камсыздап, дагы да жакшы шарттарда жашоосу үчүн колдон келген бардык иш аракеттерди көрө башташты. Өлкөдөгү кургак учук менен жабыр тарткандардын жана бул дарттын натыйжасында көз жумган адамдардын саны такталды. Бир жылдын ичинде ичкелтеге, трахомага кабылгандардын, кароосуздуктан жана ачкалыктан өлгөн жаш балдардын, тиш оору менен жабыркагандардын, жаракат алгандардын саны такталды. Булардан башка алкоголдук ичимдиктер үчүн жумшалган каражаттар эсептелди. Аракечтиктин айынан пайда болгон уруштар, жараат алуулар, адам өлтүрүүлөр, өрттөр жана уурулуктар ачыкка чыкты. Натыйжада, келип чыккан булардын санынын көптүгү элди коркутту. Так ушул натыйжалар адамдардын аң-сезимине бүлүк салды. Сандардын көптүгүнөн элдин баары мындай коркунучтуу көрүнүштөрдүн тез убакыттын ичинде кайра өз калыбына келүүсүн арзуу кылып күтүштү. Өкмөт, аймак жана аймактык башкаруучулар, кичи аймактар, илимпоздордон куралган дарыгерлер тобу түзүлдү. Тиш дарыгерлери, балдар жана аялдардын ооруларын аныктаган адистер баары биригишип бүтүндөй өлкөнүн калкын даарылай башташты. Алар барган жерлеринде ооруларды дарылоо менен бирге элге дарттан сактануунун эрежелерин, ооз жана тишти таза кармоону үйрөтүп жатышты. Кароосуздуктун натыйжасынан ар жылы көптөгөн жаш жеткинчектердин көз жумуусун айтып талдоого алышты. Айылдагылар да аз-аздан адам жашоосунун материалдык жана маралдык баалуулуктарын түшүнө башташты. Беш-он жылдын ичинде көптөгөн айылдын айланасы жакшы жакка өзгөрүүгө багытталды. Үйлөр малкана сыпатынан арылып, адамдардын көңүлү жай ала турган куттуу мекенге айланды. Айылдыктар дагы да жакшы, дагы да жылуу кийимдерди кие башташты. Мамлекеттин эң өнөрлүү уздарындай, алар да кийим тигүүчү жайларда күрмөлөрдү, чепкендерди, шымдарды, ич кийимдерди жана бут кийимдерди чыгарууга белсеништи. Бардык кийимдер үчүн эң сапаттуу жана эң жарашыктуу кездемелерди тандай башташты. Андан соң бул чыгарылган кийимдер өлкөнүн бардык тарабына жөнөтүлүп, арзан баада сатыла баштады. Кыштак жеринде мындай кийимдерди кийген адамдардын көңүлдөрү көтөрүлүп, кубанычтары койнуна батпай сүйүнүштү. Кырк жамак болуп куралган эски кийимдерди эл кийүүнү токтотту. Мындан кийин жай айларында да жылаңач адамдарды кезиктирүүгө мүмкүн эмес эле. Жөтөлүүлөр, сасык тумоолор, астма жана суук тийүү кескин кыскарды. Кургак учуктун курмандыктары да тең жарымына чейин азайды. Жаш балдардын өлүмү жокко эсе эле. Трахоманын келип чыгуу себеби аныкталды. Көптөгөн жерлерде калк арасында мындай оорунун бар экени да унутулду. Аялдардын да саламаттыгы жакшырып, ден соолугу бекемделди. Төрөлүүнүн саны кескин көбөйдү. Мына ушинтип бөбөктөр чың денелүү жана ден соолукта төрөлө башташты. Өлкөдө жумуш менен камсыз болгондордун саны да бир канчага көбөйдү. Эл дагы да көп киреше тапкандыгынан жакшы тамактана баштады. Акыр аягында бүтүндөй мамлекеттин саламаттыгына кам көргөн дарыгер бул дүйнө менен кош айтты. Калкттын саламаттыгы үчүн күрөшүп жашаган дарыгердин өлүмү өлкөдө чоң бир кайгыны жаратты. Миңдеген айылдардын жашоочулары жаназага катышуу үчүн чогулушту. Айылдыктар келбеттүү, ден соолуктуу эр азаматтарын жаназага катышууга жиберишти. Бул азаматтар калктын саламаттыгын коргогон дарыгердин табытын өз желкелеринде көтөрүшүп узатышты. Мындай катар тизилген жигиттерден куралган саптарды көргөн шаар эли, алардын ар бирин бир арчага, ал эми жалпы көрүнүштү калың арча токоюна окшотушту. Кабырдын жанына келгенде, айыл жаштарынын бири табыттын башына келип төмөнкү сөздөрдү айткан эле: -Биз кыштактардан, элет жерлеринен чогулуп сенин кабырыңа келдик. Бирок, кабырларга коюлушу адатка айланган гүлдөрдү жана гүлчамбарларды алып келген жокпуз. Биздин Суоминин ичиндеги сен өстүргөн гүлбакчаңдан элдерге үлгү болуу үчүн биз өзүбүз тандалып жиберилдик. Улутубуздун мээнеткеч багбаны! Жаткан жериң жайлуу болсун! Биз үчүн жасаган үлкөн эмгегиңди ар дайым эстеп жүрөбүз, эч качан унутпайбыз. Сен элдин дарыгери элең. Жүз миңдеген айылдыктарды даарыладың. Улуттун тамырларына таза кан бердиң. Биздин денебизди жиптей бүгүп күчкө толтурдуң. Өлкөбүзгө канчалаган баатырларды жана эр азаматтарды кастарлап тартууладың. Бизге ден соолугу чың адам болуп, жакшы иштөөнүн ырахатын үйрөттүң. Эл сенин атыңа айкел-эстелик тургузууну каалашат. Албетте, сен буга ылайыксың. Бирок, сенин эң сонун жана жандуу эстеликтериң бизбиз. Биз баарыбыз жаңы жашоонун уруктарыбыз. Аял-эркек - баарыбыз мекенге, калкка кызмат үчүн, кайрат менен иштеген жандуу эстеликпиз. Саламаттыкка жетишкен элибиздин жүрөгүндө убакыт өтүшү менен сенин таасирдүү элесиң дагы да ысык жана таза бойдон калат. Сен Цезарь да эмессиң. Сен Наполеон да эмессиң! Бир карыш жер да басып албадың, бир тамчы кан да төккөн жоксуң. Бирок өлкөбүзгө ойлонгон, окуган, күчтүү иштеген билектерди, дени сак уул-кыздарды тартууладың... Улутунун саламаттыгы үчүн үзгүлтүксүз улуу бир ишти чын дилинен иштеген бул улуу баатырдын эмгеги түбөлүккө эскерилсин. Кечил Мак Доналд Кечил Мак Доналд жазган китеп таасирдүү чыкты. Көптөгөн жылдар бою өлкөдө колдон колго өтүп, элдин оозунан түшпөй жүрдү. Диний окуу жайдын студенттери бул китепти өздөрү үчүн дайыма жанында жүрүүчү бир чөнтөк китеби катары кабыл алышты. Эч кайсыл динге ишенбейбиз дегендер деле Мак Доналддын китебин көңүл коюп окушчу. Бул китеп фин диний кызматкерлеринин жана фин элинин руханий өнүгүүсүндө чоң таасир калтырган. Кийинчерээк бул китеп “Күн китеби” деген атка конду. Китептин автору кечил Мак Доналддын жашоосу да китебиндей эле абдан кызыктуу болчу. Ата-теги Шотланддардан эле. Швецияда төрөлгөн фин атка минээр үй-бүлөнүн тарбиясын алып өстү. Протестанттык мазхабды карманган бул уруу ишенимдер аралык согуштарда өлкөлөрүндө куугунтукка дуушарланган. Шотландиядагы граф үй-бүлөсү болгон Мак Доналддар диний чөйрөгө таандык болуулары менен атагы чыккан. Аларда ар бир үй-бүлөдөн эч болбоду дегенде бир баланын кечил болуп чыгуусу адатка айланган эле. Бул уруудан чыккан ар бир кечил жогорку деңгээлдеги билимдүүлүгү менен айырмаланып турчу. Христиан китеби Инжилди терең изилдеп чыккан Мак Доналддар үчүн дин жалгыз гана ымыркайды сууга чайкоо, никелөө жана жаназа расмисин өткөрүү эле эмес болчу. Алар жалпы элдин руханий устаттыгына жана насаатчылыгына милдеттенишкен. Дайыма семиз, “мага эмне?” деген кайдыгер католиктерге каршы күрөшүү менен алек болушкан Алар католиктер тууралуу “элдин паразиттери”, “арамза кызматчылар” жана “диний чагымчылар” деген пикирде эле. Өнүгүү жана жакшы жакка өзгөрүү үчүн күрөшкөндөргө көмөк көрсөтүп, алар менен достошушар эле. Асылдыгын жоготкон чиркөө илиминин аруулануусу, оңолуусу жана күндөлүк жашоодо колдонулуусу үчүн күрөшүп, ошого жараша иш чараларды өткөрүшчү. Лютердин реформалоо толкуну Шотландияга жеткенде, Мак Доналддар протестанттыкка өтүшөт. Өтө берилген католик болгон ханыша Мария Стюарт чараны Лютерди өлкөдөн айдап чыгуудан издеди. Мак Доналддар качып, падыша Густав Адольфтун өлкөсү болгон Швецияга жашынышты. Ошол кезде окуган адамдардын саны аз болгондуктан, алар билимдүүлүгү менен дароо эле коомдо өз аброюн табышты. Мак Доналддар көп өтпөй эле падышанын үй-бүлөсү менен да жакшы мамиле түзүштү. Бул жагдай швед аристократтарынын кызгануусун жаратты. Талаш-тартышка себепкер болууну каалабаган шотланддар жаңы журту болгон Финляндияга көчүп, жайгашышты. Алар швед аристократтарынын арасында ак каргадай акшыйып айырмаланып калышты. Бирок, Фин элин өздөрүнө боордош катары көрүп, аларды жактырышты. Мындан да маанилүүсү, финдер да аларды жактырып, жылуу кабыл алышты. Жада калса Фин өлкөсүнүн булуң-бурчунда жашаган айылдыктардын да Мак Доналддардан толук кабары бар эле. Алар жөнүндө сөз башташканда эле кубануу менен “биздин Мак Доналддар” дешчү. Мак Доналддар Лютер мазхабын тандоо менен бирге, динге болгон бекем мамилелерин да коргоп калышты. Үй-бүлөнүн ар мүчөсү ыйык китепти окуп түшүнчү. Ар үй-бүлөдөн бир баланын сөзсүз түрдө кечил болуу салтын да улап жатышты. Ушинтип Снелман заманында Лука Мак Доналд кечил болгон эле. Лука фин, швед тилдери менен бирге немис, француз жана англис тилдеринде да эркин сүйлөчү. Кийинчерээк орус тилин да үйрөндү. Германиянын эки бөлөк университетинде докторлук илимий даражасын коргогон. Философия жана экономика тармактарында адис эле. Бирок ага кошумча астрономия менен геологияга да кызыкчу. Лукага Хельсинки университетинде диний илимдер кафедрасын жетектөөнү да сунушташкан. Парламентке эл өкүлү болууну да убада кылышкан. Ошентсе да ал жалгыз гана элине пайдасы тийген кечил болууну каалаганын айтып, бул сунуштардын эч бирине макул болбоду. “Ойлонсоңчу! Ушундай мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербе” деген досторуна жылмаюу менен ушинтип жооп берээр эле: “Мен болбосом деле карьера кылууну эңсеген башка кечилдер бар эмеспи?! Ал да калса, дин бул карьера куруу жери эмес да. Дин - кызмат кылууну гана талап кылган институт. Саясатка аралашкан кечилдер, да демагог кечилдер да дин “денесине” оору берген бир жара сымал болушат. Менимче эң жогорку даражалуу карьера бул фин элине кызмат кылуу карьерасы.” “Бирок, ушуну да унутпа...-дешчү достору, -сен графсың, аристократсың, жогорку деңгээлдеги маданияттуу инсансың... анан элет жеринде болууну эңсейсиң. Айыл жеринде акылыңдын, ахлагыңдын жана башка бардык күтүүлөрүңдүн жообу катары сага жалгыз гана кара ылайды сунушташат. Ал жерде адамча жашоо жок...” “Сөзүңөр туура болсо, анда менин айылга дароо баруум, мен ойлогондон да зарыл экен... Дарыгер ден соолугу жайында болгондор үчүн эмес, оорукчандар үчүн өзгөчө керектүү эмеспи? Демек фин эли биз ойлогондон да көп оорукчан. Жаз жана жай мезгилдеринин айларында белиме баштыгымды асып алып, Финляндияны кезип чыктым. Эл чогулган жерлерде калк менен баарлаштым. Түн-күн дебей тоолордо чабандар менен, токойдо көмүр казгандар менен жолугуштум. Эң мыкты малчылар ошол жерлерде жашашат. Алар өздөрү эле букалардай чоң болбостон, сезимдери да өрчүбөй калган. Ушуну айтайын, элибиз үчүн коркуп калдым. Өзүмдөн уялдым. Маданиятыбыз үчүн бул өтө уяла турган абал. Элибиздин дээрлик көпчүлүгүнүн экономикалык, акыл-эс жана ахлактык жактан ичинде турган кооптуу абалы ар бир жоопкерчиликсиз дин адамы үчүн өтө уяттуу жагдай. Мындай жогорку сезимдер менен сүйлөп жаткан Луканы достору таң калуу менен угуп жатышты. Ал сөзүн улады: “Мен мунун баарын көрүп-билген соң, эч нерсе кылбай олтура берүүгө ыраазы боло албадым. Унчукпай олтурууга да эч болбойт эле. Мен добушум жеткенге чейин кыйкырып, кандай кооптуу абалда болгондугубузду баарына жеткирүүм керек. Элибиз терең өлүм уйкусуна кабылган. Бул уйку өтө коркунучтуу. Бул уктоо күнөөнүн дал өзү!” Лука Мак Доналддын китеби жан дүйнөнүн кыйкырыгы, кооптуу абалдын эскертүүчүсү эле. Китеп өтө терең сезимдер менен гана жазылбай, анын адабий жана маданий деңгээли да жогору болчу. Майдандагы коркунучтуу абалды уста сүрөтчүдөй кылдаттык менен тартып койгонсуйт. Эл Данте сүрөттөгөн “Тозокто” жашап жаткан эле. Дантенин тозогунда адам баласы өмүр бою азап көрүп жашап, капаланып, кайгырып, анан дагы ошол кайгысын унутуу үчүн арак-шарапка кайрылып, ага берилип, аны менен ууланып, адеп-ахлаксыз сүйлөп, бала-бакыраларынын да адеп-ахлагын бузуп, келечек муундарды да өстүрө койбой тамырына уу куюп чиритишет. Лука Мак Доналд китептин баш сөзүндө, бир кездер кемеде Африкага саякат кылган учурда өзү көргөн жапайы инсандардын турмушунан мына мындай сөз кылат: “Жапайы африкалыктар ошол кезде мага адам келбетиндеги айбандар сыяктуу көрүнгөн эле. Эми түшүнүп жатам, көрсө мен алардын абалына боорум ооругандан дагы көп кадыресе жийиркенгендиктен ошондой ойлонгон экенмин. Өзүмчө текеберленип “Биз маданиятыбыз менен булардан алда канча алдыда экенбиз” деген ишенимде болчумун. Азыр болсо антип ойлонбойм. Өз элиме аралашып жашап көргөндөн кийин, ошол Африка жапайыларын күн өткөн сайын көбүрөөк сыйлай баштадым. Анткени биздин элибизден болгон кээ бир боордошторубуз алардан алда канча корс, ахлагы тарабынан да алда канча төмөн.” Лука китебин элдин ичиндеги мисалдар менен улантат. Элдин жашоосун бир театр устасына окшоп сахналаштырып, көз алдыбызга сунат. Окурманды айылдын кумарканаларына, ишканаларына, үйлөрүнө жана базарларына саякат кылдыргансыйт. Бул саякат учурунда ошончолук көп нерсени көрсөтөт дейсиң, кастык, жалган, көз боёмочулук, уурулук, жан дүйнө жардылыгы, таш боорлук, менменсинүү, аракечтик, уруш-жаңжал, аялдарга жана балдарга болгон зордук-зомбулук... булардын баары элдин жашоосунда жай таап, адатка айланган кадимки оорулар болгонун көрсөтөт. Бул абалдын жаман ниеттен эмес, эч бүтпөгөн кедей-кембагалдык жана аны менен уланган азаптын натыйжасында чыккан алардын жообу болуп жатканына ишендирет. Анткени ар бир инсанды өз алдынча таразаласаң, ал руханий жактан, ахлак жагынан төмөн болбошу мүмкүн. Бирок начар жашоо шарттары жана аларга болгон адамдыкка сыйбаган мамиленин жана төмөн санап, кор көрүүнүн натыйжасында ушул абал пайда болууда. Рухтары жамандыкка толгондон кийин, алар өздөрүнөн төмөн тургандарга күчүн чыгарууда. Ушул азаптуу абалдан кутулуу катары аракечтикти тандашат да, бир аз да болсо ушул бечара абалдарын унутта калтырышкансыйт. Бирок бул алардын маселелерин чечпей, кайрадан ого бетер туңгуюкка түртөт. Мас болгон соң алар акыл-эстери менен кош айтышкан абалда зор мээнет кылып тапкан акчаларын акыркы тыйынына чейин пайдасыз нерселерге коротуп түгөтүшөт. Ого бетер корстонушуп, айбандык сезимдерине кул болуу менен жашоолорун улантышат. Улуу, аруу инсандык сезимдер алардан качып, жандарына жакындабай калат. Акыйкаттуулукту да, адилеттүүлүктү да, Жаратканды да эстеринен чыгарышат. Мак Доналд “Мен Кытайда да болгонмун...” деген сөздор менен китебин улантат. “Кытай элинин жашоо шарттарын да, жан дүйнөлөрүн да изилдеп, таанууга мүмкүнчүлүк жана убакытым болду. Таң кала турган, сырдуу жана ошол эле кезде коркунучтуу эл десек болот. Аларды Кудайга ишенбеген калк катары тааныйбыз, бирок чындыгында алардын деле түшүнүксүз көптөгөн өздөрү ишенген “теңирлери” бар. Болгону аларда ыйыктык түшүнүгү жана сезими жок. Бирөөлөр жасап койгон буу, электр, шамал менен иштеген машиналар сыяктуу болушат, бирок рухтары жоктой сезилишет. Мекендерин да айбандык сезимдер менен сүйүшкөнсүйт. Иттер өз көчөсүн, бөрүлөр өз ийинин кандай сезимде сүйгөн болсо, алар деле мекендерин ошондой эле сезим менен сүйүшөт. Муну инстинкт десе болот, руханий сезим эмес.” “Мындай практикалык атеисттер биздин элибизде да көп, жүздөйт, миңдейт...-дейт Мак Доналд. -Кеп алардын толугу менен Жараткандан кабарсыз болууларында эмес. Алар Кудайды сөздөрүнө эч кошушпайт. Алардын күндөлүк жашоосунда Жараткандын орду жоктой. Християнбыз дешет, бирок же Иса пайгамбарды таанышпайт, же жашоолорунда момундук сапатынан бир из да жок. Исанын аты эч маани туюнтпаган бир аттай унутта калгансыйт. Кандайдыр бир себеп менен кургап, суу акпай калган дарыялардын орду дарыя аталып жүрө берет эмеспи? Биздин курулай християндарыбыз да ушундай. Исасыз, Кудайсыз, динсиз християндар! Маселенин таң калаарлык жагы, жүздөгөн чиркөөлөр бар. Улам жаңылары да курулууда. Чиркөөлөрдө миңдеген кечилдер бар. Майрам сайын салтанаттар уюштурулат, ымыркайлар сууга чайкалышат, күнөөкөрлөр чокунушат, диний ырлар аткарылат. Бирок мунун баары бекерге. Бул чиркөөлөр карыкартаңдардын эле жерине айлангансыйт. Диний салтанаттарга элдин көпчүлүгү маани да беришпейт. Диний кызматкерлер өздөрүнүн жумушунан башка бардык жумушту аткараар абалга келишти. Бул абалга эч бир жан көңүл да бурбайт. Адамдар унутта калтырган дагы бир нерсе ушул: Християн кечилдер Исанын апостолдорунун жумушун улоолору керек болчу. Алардын милдети жалгыз гана чиркөөдөгү расмий салтанаттар эмес, калктын руханий жана көңүлгө караган жагы менен иштөөлөрү керек!” Сөз кезеги келгенде “Сиздерге бир нерсе айтайынбы?” деди Мак Доналд. “Бул кооз сыйынуу жайларыбызды эстеген сайын дарыялардын жээгине курулган суу тегирмендери эсиме келет. Эптеп бир имарат курулат. Ичине тегирмен ташы жайгаштырылат. Таш чоң тегирмен чаркына уланат. Суу аккан сайын чарк да айланат. Чарк болсо ташты айландырат. Бирок тегирмен ташына дан таштаган бир жан жок. Жада калса жанашып, барып да койбойт. Таштанды абалында унутта калып кете берет. Биздин Фин чиркөөлөрү да мага унутта калган, колдонуудан чыккан тегирмен сыяктуу сезилет. Чарк айланган сайын таштар да кычырап айланууда, бирок буудай дандары ташталбагандыгы үчүн натыйжада ун жок. Билимдүүлөр жана эки жүздүүлөр доорунда Иса пайгамбар айткандай: Өсүп турган жана куураган анжир дарагы жөнүндөгү мисалдай... Ошол сыяктуу эле биздин навайканаларыбыздын эшигинде нанга окшогон жыгачтан жасалган нерсе асылат. Касапканалардын эшигине да жыгачтан жасалган малдын эти сымал нерсе асылат. Булар сыртынан нан менен эттей көрүнгөнү менен чындыгында алар жыгач бөлүгү гана. Албетте аларды жегенге болбойт, алар жөн гана белги болушат. Кайгыруу менен ойлономун. Фин чиркөөлөрү жана дин кызматкерлери жыгачтан жасалган нан жана эт сымал!.. Билемин, менин ушул сөздөрүмдөн кийин чиркөөнүн жүздөгөн жасалма диндарлары ачууланып: “Бул дин кызматкерлерине акаарат, динге душмандык!” дешет. ”Мен да аларга “Жалганчылар, эки жүздүүлөр...” деп жооп бермекмин.” деди Лука Мак Доналд... “Мен чиркөөгө акаарат кылбаймын, бирок силер чиркөөнү алсыздантып, майып абалга алып келгендигиңер үчүн кайгырамын. Мен диний кызматкерлерге да акаарат кылбаймын, бирок чыныгы кечилдерди, руханий дүйнөсү кенен инсандарды издөөдөмүн. Мен аларды туура багытка үндөөдөмүн. Коомчулукка жана жаштарга кайрылып суранамын: “Келгиле, тегирмен таштарына буудай данын төккүлө. Ошол дандар силер болгула. Сыйынуу жайына чын көңүлдөн киргиле, чаңдан, кирден, жөргөмүш желесинен тазалагыла. Элдин жүрөгүндө өчүп бараткан дин жалынын тутандыргыла. Миллиондогон адамдын рухий жашоосуна суу чачкыла!..” Лука Мак Доналд кийинки сөздөрүндө адамдын жашоосунда диндин орду кандай болуусу керек экендигин айтты: “Дин чиркөөгө адамдарды чогултуп салтанаттарды өткөрүү гана эмес. Чындыгында салтанаттар кийим сымал дене үчүн керектүү нерсе, бирок эч качан дененин өзү боло албайт. Алар диндин өзөгүн түзбөйт. Эң алгач бир дин болуусу керек. Анын формулалары жана аныктамалары кийинки кезекте келет. Инсандарда ыйман сезимин ойготкула. Дем алуу, ичип-жеш, адамдар менен мамиле кылуу сыяктуу эле, руханий дүйнөгө азык болгон Жаратканга ыйман кылуу сезимин ойготкула. Бизде жалпысынан алганда мектеп окуучулары мамлекеттик сынактарын тапшыргандан кийин майрамдоо максатында чогулушуп китептерин өрттөшөт. Эмне үчүн? Бул эмне деген? Мунун мааниси мына мындай: Руханий жактан өлүк болуп эсептелген мектептерибиз жандуу түшүнүктүн ордуна окуучуларды купкургак түшүнүксүз формулалар менен зэриктирүүдө. Себеби окуучуларда билимге болгон сүйүү сезими ойготулбайт. Аларга билимдин маанисин жана ордун үйрөтүшпөйт. Билимге болгон кызыгуу, сүйүү, умтулуу болбой туруп, билим кайдан болсун? Илимпоз кайдан чыксын? Санатты түшүнүп, баалоочулар болбой туруп санатка муктаждык болбогондой эле... “Мен бир роман жазуучусу эмесмин,-дейт Лука Мак Доналд, -менин китебим бош убактыңыздарда кыялга бөлөнүп окуй турган китеп эмес. Мени силерге жиберген жашоонун өзү. Жашообузда аткаруубуз абзел болгон көптөгөн иштер бар. Жашоонун кыйынчылыгынан, түйшүгүнөн баары нааразы. Бирок жашоону иретке келтирүү, дагы жакшы абалга алып келүү үчүн арекеттенген эч ким жок. Баары көрүүчүлүк ордун ээлеген. Жумушчулар, офицерлер, кечилдер, министрлер, мугалимдер, кабарчылар, айылдыктар, шаардыктар... эмне менен алексиңер? Эмне үчүн эч кандай аракет кылбайсыңар? Эмне үчүн жашооңорду иретке салууну ойлонбойсуңар? Эмне үчүн ысырапка жол коюп, кыйынчылыкта жашайсыңар? Абалыңардан уялбайсыңарбы? Өлкөнү өнүктүрүп өстүрүү формуласын издөө ордуна, паракорлук, талап-тоноочулук, кордоочулук менен алексиңер. Эмнегедир бул суроолор менен ишкерге, дарыгерге же мамлекеттик кызматкерге кайрылсам эч күнөөсү жок, таза адамдай болуп, таңыркашат. “Эмне үчүн биздин кемчилигибиз, жалкоолугубуз, жашообуздун начардыгы тууралуу сөз кыласың. Макул, ыраазы болдук, биз жалкообуз, аңкообуз, уятсыз, ары жок адамдарбыз. Макул, анда эмне кылалы? Кандай кылалы?” дешип куулук кылышат. Айылдарды, шаарларды, өлкөнү башкарышат, мектептерде окуучуларга сабак өтүшөт, конференцияларды уюштурушат, гезиттердин беттерин толтура макалалар жазышат, адамдарга акыл үйрөтүшөт. Баары акылдуу, баары билимдүү! Чын-чынына келгенде “Эмне үчүн жаман жашайсыңар?” деп сураганда баары момоюшуп, эч нерседен кабарсыз адамга айланышат. Мештин ичин отун-көмүр менен толтуруп күйгүзгөнүбүздө “Мен эми эмне кылайын?” деп сурабайт, айланасын ысытат. Чырак да ошондой, ал да айланасына жарык берет. Сиздер да ушул суук жашоону ысытуу үчүн меш, караңгылыкты жарыкка айландыруу үчүн чырак болуп дароо иш баштагыла. Ошол үчүн мен ар түрдөгү диндарлыктан сөз кылдым. Дин жандуу болбосо, билим да, өнөр да, философия да, саясат да, технология да адамдарды жамандыктардан куткара албайт. Асманда күн менен жылдыздар, деңизде балык, топуракта сөөлжан, талаада чөп, үйдө эне, өлкөдө министр... баары Жараткандын бар экендигинин белгиси. Баары бирге бир үй-бүлөнү түзүшөт. Бардыгы, бардык нерсе бири-биринин жакыны, тууганы. Бири-биринин жолдошу, досу, кесиптеши, жардамчысы. Ааламга зыян келтирсең, айбанаттарга да жамандык кылган болосуң, үй-бүлө мүчөсүнө да жамандык кылган болуп эсептелесиң. Мына ушунун баарын мен диндарлык деймин. Тарыхта ушундай күчтүү улуттар жашап өткөн. Эр жүрөктүүлүктөрү менен, улуулуктары менен даңкталышкан. Бирок аягында алар жалпы адеп-ахлаксыздыктын курмандыгы болуп кала беришкен. Мен силерди жалпы чирип, жок болуудан ойгонууга чакырамын. Ошондуктан, ар бир окурманыма китебимдин ар бөлүмүнүн ар барагынын аягында ушуларды эстетким келет: Жашоону оңдоону качан баштайсыңар? Силер, эй мырзалар жана айымдар, жашоого карызыңарды качан төлөйсүңөр? Китептин кадыры канчалык? Кайра-кайра окуган сайын кайрат-күч кошулуп, шык пайда болуп, идеялар жанданып, жүрөктө баатыр от сезим күчөп, жашоонун тереңиндеги мазмунду адамдык бийиктик түзөөрүнө түшүнүп калууга жетсек, мындай керемет күчтүн ээси – жакшы китеп болуп саналат. “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” да публицистикалык стилде жазылган дал ошондой мазмундуу жана маанилүү китеп. Өнүгүүнү өздөрүнөн өзгөчөлөнтүп баштаган адамдардын аз эле сабы улам көбөйүп, бир өлкөнүн деңгээлин ар тараптуу көтөрүп, жаңыча жакшы нукка бургандыгына ушул китептеги окуялар далил болуп берет. Бул китеп мындан 90 жыл мурда, т. а. 1923-жылы орус тилинде жазылган. Ошол эле жылы колжазмасынан серп тилине которулуп, китеп болуп чыгарылган. Серп тилинен болгар тилине которулган. Орус тилиндегиси биринчи жолу 2004-жылы «Страна белых лилий» деген аталышта басылып чыккан жана бетачары Хелсинки шаарында өткөрүлгөн. Окуя баяндалган мамлекеттеги элдин тилине - финчеге 1978-жылы чыгарманын түпнускасы болгон орус тилинен эмес, түрк тилинен которушкан. Мына кызык! Көптөгөн тилдерге байма-бай которулуп, бир нече басылышта жарык көргөн. Болгар тилинде 14 жолу, түрк тилинде 16 жолу жарыкка чыккан. Автору Григорий Спиридонович Петров (1866-1925) китепти жазгандан 2 жылдан соң каза тапкан. Китептеги каармандардын бири тууралуу кыскача белгилеп өтөлү ...Дарыгер атак үчүн иштебеди, ак дилинен иштеди, акы алууну да эңсебеди.




















































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!