| 3)Жаңы тема. (10 мүнөт) Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү Бир өңчөй бышыктоочтор Этиштик, сын атоочтук, тактоочтук баяндоочторду, атоочтуктардан, кыймыл атоочтордон болгон сүйлөмдүн бардык мүчөлөрүн жандай келип айтылган жана бирдей суроого жооп берип турган бир нече бышыктооч бир өңчөй бышыктооч деп аталат. Бир өңчөй бышыктоочтор төмөнкү сөз түркүмдөрдөн жасалат. 1.3ат атоочтор: Музейлерге, театрларга бардык, метрону көрдүк. Маңдай жакта кериле берилеген Тянь-Шанга, ортодогу көйкөлгөн көлгө, тиги булуңга, машина өткөн кан жолго көзүн талдырды. 2.Сын атоочтордон: Быйылкы биздин күздүк буудайлар коюу, тегиз жана жакшы чыкты (оозеки кептен). Ал бүгүн өзүн сыпайы, токтоо жана мыкты алып отурду. 3.Сан атоочтордон: Ал катар салынган окшош үйлөрдүн алдына келип токтой калды да, адегенде биринчисине, андан кийин экинчисине, анан үчүнчүсүнө кирмек болду. 4.Тактооч сөздөрдөн: Жакында, алыста, кайда, кайсы жерде жүрсөк да, өз Ата Журтубузду эстейбиз. Биздин шартыбыз боюнча жазда, жайда, күзгө маал иш айрыкча күч алат. (А.У.) 5.Чакчылдардан: Ал этегин кымтый уялыңкырап отурду. (К.Ж.) Ал этек-жеңин кымтыланып, көйкөлүп, сыңар тизелеп отурду. (К.Б.) 6.Атоочтуктардан: Ал жөнүндө сабак башталганда, окуганда сүйлөшөрбүз. |