Просмотр содержимого документа
«Бир өңчөөй мүчөлөрдүн байланышуу жолдору»
Кыргыз тили
8-класс
Кыргыз тили жана адабияты мугалими:
Мырзагелдиева Э.К.
Бейпил күндүн ачып билим эшигин,
Бергим келет менден алчу кешигин.
Аларга эмей анан кимге арналмак,
Эл агартуу мугалимдик кесибим.
Сабактын темасы:
Бир өңчөөй мүчөлөрдүн байланышуу жолдору
Сабактын максаты:
- Бир өңчөй мүчө канча жол менен байланышат?
- Бир өңчөй мүчөгө кандай тыныш белгилер коюлат?
Тең байланыштагы сөздөр бирдей суроого жооп берип, бирдей милдет аткарышса, бир өңчөй мүчө деп аталат.
- Бир өңчөй мүчөлөр бири-бири менен интонация аркылуу байланышса, анда бир өңчөй мүчөлөрдүн арасы үтүр менен ажыратылат. М.: Жолборс,аюу, түлкү, карышкыр төртөө тапкандарын ортого салышып , оокат кылууга убадалашты.
- Бир өңчөй мүчөлөр байламталардын жардамы менен өз ара байланышат. Бул учурда төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек. А) Бир өңчөй мүчөлөрдү жана, менен сыяктуу кайталабай турган байламталар байланыштырса, анда алардын араларына үтүр коюлбайт. М.: Жакшы жолдошторум Мирбек менен Талант. Б) Же, да жана башка байламталар менен бир өңчөй мүчөлөр менен кошо кайталанып келе беришет. Мындай учурда бир өңчөй мүчөлөр үтүр менен ажыратылат. М,: Жапарды Айша да, Уулжан да чоң кубаныч менен тосуп алышты. В) Же , же болбосо деген байламталар кайталанып келсе, бир өңчөй мүчөлөрдүн ортосуна үтүр коюлат. М.: Бакчага алма тергени же Асан, же Мээрим, же Илим барат.
191-көнүгүү.
Сүйлөмдөгү интонация аркылуу байланышкан бир өңчөй мүчөлөрдүн арасына ылайык келүүчү байламталар аркылуу байланыштыргыла жана синтаксистик аткарган милдетин аныктагыла.
М.: Абышкаң – оттон, суудан кайра тартпаган кайраттуу киши.
Абышкаң – оттон да, суудан да кайра тартпаган кайраттуу киши.
Абышкаң – от менен суудан кайра тартпаган кайраттуу киши.
Үйгө тапшырма.
193-көнүгүү.
Сүйлөмдөргө тыныш белгилерди коюп, алардын коюлуш себептерин түшндүргүлө.
М.: Балачактагыдай кызык, кымбат, тамашалуу мезгил кишиде болбойт эмеспи.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат! Ден соолугуңар чың болсун!