Просмотр содержимого документа
«Кайталоо сабагы.»
Сабактын темасы:Бир түйүнчөк акча
Сабактын максаттары:
билим берүүчүлүк: аңгеменин мазмунун окуп, талдап түшүнөт;түшүнгөнүн айтып бере алат; каармандарга мүнөздөмө бере алат, аны чыгармадан мисал келтирүү менен далилдей алат; чыгармадагы окуяны чыгармачылык менен улантып, өз оюн билдире алат.
өнүктүрүүчүлүк: өз алдынча сынчыл ой жүгүртүүгө, өз оюн эркин, так, көркөм айтууга көнүгөт.
тарбия берүүчүлүк: байкагычтыкка, чынчылдыкка, боорукерликке үйрөнөт.
Сабактын формасы: “Акыл чабуулу” топто иштөө, кластер түзүү.
Сабактын тиби: ой жүгүртүү, талдоо
Сабактын жабдылышы: окуу китеби,иллюстрациялар,ватман,карточкалар.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу(класска жагымдуу маанай тартуулоо)
Өтүлгөн тема боюнча мугалим окуучулардын билимин текшерет жана бышыктайт.
Жаңы темага киришүү.
Мугалим классты эки топко бөлөт да, ар бир топко бирден суроо берет.
Чынчылдык деген эмне?
Боорукерлик деген эмне?
Ар бир топтун мүчөлөрү топ ичинде талкуулашкан соң, өз ойлорун айтышат, мугалим доскага жаза берет. Башка топтун мүчөлөрү экинчи топтун жоопторуна эң аягында кошумча суроо киргизсе болот.
Андан соң,мугалим: “ Акча баалуубу?” же “ Чындык баалуубу?” деген суроону ортого коёт. “Акча баалуубу” деген окуучулар кызыл карточканы,
“Чындык баалуу “ деген окуучулар жашыл карточканы алышат да эки тарапка бөлүнүп турушат . Эмне үчүн мындай жоопту тандагандыктары тууралууөз ойлорун айтышат.
Балдардын ойлорун чогуу талдагандан кийин, окуу китептеги текстти тыным жасоо менен окуп, талдап отурушат.
Чыгарманы окуп бүткөндөн кийин, балдардын текстти окуганга чейинки жооптору менен салыштырып, талдоо жүргүзүшөт. Аягында китепте берилген суроолордун негизинде билимдерин бышыкташат.