Кыргыз тили
8-класс
Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
Илим-билим пайдалуу, Талыкпастан сен дайым, Көп-көп окуу, ардагым.
Сабактын темасы:
Бир тутумдуу
жана эки тутумдуу
жөнөкөй сүйлөмдөр
Сабактын максаты:
- Сүйлөмдөр грамматикалык түзүлүшү боюнча канчага бөлүнөт?
- Жөнөкөй сүйлөмдөр тутумуна карай карай канча топко бөлүнөт?
- Эки тутумдуу жана бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр деген эмне?
Жаңы тема:
Бештин айынын он төртү.
Бир тутумдуу жана эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр .
Сүйлөм адамдардын ортосунда өз ара пикир алышуу кызматын аткарат. Ал аркылуу бир нерсе жөнүндө кабар берилет, же суроолор менен бирөөгө кайрылабыз, же ички сезимдер билдирилет.
Сүйлөмдүн айтылыш максаты жана грамматикалык түзүлүшү ар түрдүү. Алсак, айтылыш максаты боюнча жай, суроолуу, илептүү, буйрук сүйлөмдөргө бөлүнөт.
Грамматикалык түзүлүшү боюнча сүйлөмдөр экиге бөлүнөт.
1) Жөнөкөй сүйлөмдөр; 2) Татаал сүйлөмдөр.
Жөнөкөй сүйлөмдөр бир гана сүйлөмдөн турат.
Жөнөкөй сүйлөм деп – бир гана сүйлөмдөн, же болбосо бир гана грамматикалык негизге ээ болгон сүйлөмдөрдү айтабыз.
Жөнөкөй сүйлөмдө бир эле грамматикалык негиз (баш мүчө) болот, ал эми татаал сүйлөм эки же андан көп грамматикалык негиздерден турат.
Мисалы: 1. Күн ачылат. 2. Күн жылып, кар эрийт,
жер жылыйт. 1-сүйлөм – жөнөкөй, мында бир эле баш мүчө бар. 2-сүйлөм – татаал, ал үч сүйлөмдөн түзүлдү, анда үч баш мүчө бар.
Жөнөкөй сүйлөмдөрдүн грамматикалык түзүлүшүнүн эң
зарыл негизин баш мүчөлөр – ээ жана баяндооч түзөт . Мына ушул баш мүчөлөрдүн сүйлөмдө толук же толук эмес катышкандыгына байланыштуу жөнөкөй сүйлөмдөр экиге бөлүнөт:
1. Эки тутумдуу сүйлөмдөр.
2. Бир тутумдуу сүйлөмдөр.
Тутумунда эки баш мүчөсү тең (ээ, баяндоочу) бар сүйлөм эки тутумдуу сүйлөм деп аталат . Эки тутумдуу сүйлөмдөр тилде кеңири колдонулат. Мисалы: Той бүттү. Журт тарады (К.Б.). Асия уктай албай жатты (Ч.А.). Түн ортосу ооп кетти (Ч.А.).
Көпчүлүк учурларда бул сыяктуу ээ менен баяндоочтун гана айкашынан түзүлгөн жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ар бир мүчөсүнө тиешелүү айкындооч мүчөлөрү да болот: Амангелдинин чабандык иши Тоң районунда даңазаланып келатат. Кыргызстандын жумушчу табы жылдык планды ашыра орундатуу үчүн бардык күчүн жумшоодо.
Эки тутумдуу сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрү сүйлөм ичинде дайым эле толук катыша бербейт. Кээде стилдик талапка жараша жана контекстке карай сүйлөмдүн ээси айтылбай да калат. Бирок мындай кырдаал ал сүйлөмдүн түзүлүшүнө (структурасына), мазмунуна таасир этпейт. Тактап айтканда, ал эки тутумдуу сүйлөм боюнча эле калат. Анткени андай структурадагы сүйлөмдүн ээси кайсы экендиги баяндоочунун аягындагы жак мүчөдөн же андан мурун айтылган сүйлөмдөрдүн мазмунунан ачык билинип турат. Мисалы: Ал шордууну кечээ жөнөттүм (Т.С.). Лагерге эртең саат ондо жөнөйсүңөр. Сөзмөр киши экен, Торгой чал. Түнү менен билген акылын айтып чыкты (Ч.А.). Мында акыркы сүйлөмдүн ээси экендиги өзүнөн мурунку сүйлөм аркылуу белгилүү болуп турат.
Бир тутумдуу сүйлөмдөр.
Бир тутумдуу сүйлөмдө баш мүчөлөрдөн бирөө эле катышат, тактап айтканда, же ээ же баяндооч.
Мисалы: 1.Жер шаары. 2.Түнүчүндө учуп баратабыз.
1-сүйлөмдө заттын аты жөнүндө кабар берилди, бирок баш
мүчөлөрү белгисиз. 2-де баш мүчөлөрдөн баяндооч гана катышты
(Эмне кылып баратабыз? – учуп баратабыз – баяндооч. Качан? –
түнүчүндө – бышыктооч), ээ катышкан жок.
Бир гана баш мүчөнүн негизинде уюшулуп, бүткөн бир
ойду туюндурган, экинчи баш мүчөнүн болушун талап кылбаган
сүйлөм бир тутумдуу сүйлөм деп аталат.
Бир тутумдуу сүйлөмдөрдүн бардык түрлөрү үчүн мүнөздүү болгон жалпы структуралык өзгөчөлүк, жогоруда көрсөтүлгөндөй, аларда грамматикалык ээ болбойт жана анын сүйлөмдө катышышынын зарылчылыгы да жок болот. Жөнөкөй сүйлөмдүн бул түрү бир гана баш мүчөнүн (көбүнчө баяндоочтун) базасында уюшулуп, кандайдыр бир кыймыл-аракет, көрүнүш, бир нерсенин абалы, белгиси тууралуу кабар берет. Бирок бир тутумдуу сүйлөмдөрдүн семантикасы (мааниси), тутумундагы сөздөрдүн синтаксиситик жактан жиктелүү мүмкүнчүлүгү, баш мүчөсүнүн (баяндоочтун) уюшулуу жолу, кыймыл-аракетти аткаруучу жактын мүнөзү ар түрдүү болот.
Мисалы, кээ бир сүйлөмдөр кыймыл-аракет
белгисиз бирөө тарабынан аткарылгандыгын билдирет, экинчисинде кыймыл-аракетти аткаруучу субъект жалпыланган мүнөздө болуп, үч жакты тең ичине камтыйт, айрымдарында аракет кылуучу жак таптакыр эле белгисиз болот ж.б. Ошондуктан кыргыз тилиндеги бир тутумдуу сүйлөмдөр семантикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрүнө карай белгилүү жактуу сүйлөм, белгисиз жактуу сүйлөм, жалпылама жактуу сүйлөм, жаксыз сүйлөм, атама сүйлөм, кемтик сүйлөм, баяндоочу кыскарылган сүйлөм болуп бөлүнөт.
Бышыктоо:
236-көнүгүү
Бир тутумдуу сүйлөмдөрдүн баш мүчөсүн тапкыла жана синтаксистик талдоо жүргүзгүлө.
Кийинки
сабакта
көрүшкөнчө!