Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
Баткен облусу Лейлек району
“Бел-Алма” орто мектеби.
Дилбаян.
Тема:
«Райондук интеллигенциянын
өкүлү катары мугалимдин ролу».
Башталгыч класс мугалими:
Нарабекова Гүлсүнай Абдижапаровна.
Райондук интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу.
План:
Киришүү.
Негизги бөлүк.
Корутунду.
ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ латын сөзүнөн алынган . Мааниси түшүнгөн , акылдуу , билген , ойлогон дегенди түшүндүрөт . А мен болсо адеп-ахлакты , жүрүм-турумдун жана билимдүүлүктүн терең таза сезимдер маданияты деп түшүнөм .
“Райондук интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу” деген темада болсо интеллигент , таптаза идеалдуу, адамдар суктанганышкан адамдарды айткым келди. Интеллигент деген сөздү кыргыздар анча колдонбогон эле . “Агартам” , “Көгөртөм” деп эл үчүн күйгөн , жанын берген адамдарды билем . Көрүп да келем . Мен турган айылда , райондо , Кыргызстанымда коомго салымын кошуп келген жана кошуп келе жаткандар бар. Тарыхты карасам да өрнөктүү инсандар көп. Алыс эмес жакынкы аралыктан эле алып карап айтып өтсөк : Исхак Раззаков , Апсамат Масалиев ж . б .
Ушундай коомду алга сүрөйм деген адамдардын бири Ахмед Ясавий , окуучуларын ээрчитип кетип бара жатып : “Эгерде сен алың жетпей кайсы бир жерден токтосоң , ошол жерди өнүгүп өстүр” деген экен . Акыл эмгегин , билимдүүлүгүн , жогорку адеп-ахлактуулугун , эмгектин , турмуш-тиричиликтин , жүрүм-турумдун , татаал чыгармачылык эмгек менен кесип кылып маданиятты өнүктүргөн жайылткандарды интеллигенциянын өкүлү деп айтсак болчудай .
ИНТЕЛЛИГЕНТ латын сөзү акыл-эс деген мааниде . Сезим органдары тарабынан кабыл алынган нерселерди билимге айландырган, акыл- эсти , ой-пикирлерди , түшүнүктөрдү пайда кылган дегенди түшүндүрөт .
Эл үчүн туулуп, коомдо аты аталып , төбөсү көрүнгөн , атагы алыска кеткендерди айтып да , эскерип да келебиз . Бүгүнкү күндө кут даарыган Лейлегимдин эл мугалими №3 эксперименталдык гимназияны , “Ата-энелер” мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов агайды интеллигенциянын өкүлү деп айта алам . Дагы да “Санарип мугалам” билим берүү долбоорунун негиздөөчүсү Асылбек Мадалиев агайды , “Билим кербени” долбоорунун негиздөөчүсү Бийик Рыскуловду айткым келет . “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” деген китепти Билимдар долбоорун тааныгам . Окуп чыгып сынакка катышып тест тапшырып да көрдүм . Автомашинаны жети облустун ичинен Баткендин Сүлүктү шаары утуп кеткени да абдан кубандырган . Майрамгүл Эргешова эжекеге насип кылган, ал Сүлүктү шаарындагы №7 И.Раззаков атындыгы орто мугалими эле . Агайдын сабактары да эң таасирдүү. Жүрөгү таза силердей жаштар көп болсун деп ыр арнаган мугалимдер болгон эле. Ошол сабактан кийинки берилген корутундунан жазып өтсөм:
Бар болгун иним Бийигим ,
Жугумдуу болсун билимиң .
Талбастан алга чуркай бер!
Тайтоорудай күлүгүм.
Көзүңдө жанып көк жалын ,
Жүрөктө күйүп өрт жалын .
Кыргыз деп кызмат кыласың ,
Ийгилик сага көк жалым .
Совет доорунда агартуу тармагындагы билим , тарбия берүүчүлөр интеллигенттер болуп келген . Карапайым жумушчулар өзүн өнүктүрүүгө , китеп окууга мүмкүнчүлүгү болбогон . Азыр бизде кенен каалагандай окууга , өзүн-өзү өнүктүрүүгө аябагандай сонун мүмкүнчүлүк бар . Ошол шарттарды канчалык деңгээлде пайдалануу ар бир адамдан көз каранды деп ойлойм . Ушундай ар ким өзү үчүн окуп , өзүн өнүктүрүп турса , маданият , коом оңолуп жакшы иштеп , сезимдери өнүгүп , жакшы жашап калышы мүмкүн . Бири-бирине зыян бербей сезимдерин жабыркатпай мамилелер жогорку даражада , жапондор сыяктуу маданияттуу болорбуз . Алардай өнүгүүгө жетебиз .
Коомубуз таза инсандарга , коом менен ооруган идеалдуу адамдарга муктаж . Өспүрүмдөр , окуучулар жакшы акылга , сөзгө муктаж болуп жүрөт . Мунун жолун тапсак , бир чекитке карай басып кадам таштасак , максаттарыбыз жакшы жакты көрсөтүү менен багыт алсак , жапондорчо руху азыкталгандардан болсок . Анткени Нуржигит кадырбеков агай айткандай : Адам биринчи кезекте руху менен баалуу. Руху жок дене эч кимге керексиз болуп жерге берилери-мунун далили” . Рухту асырап , байытып, көрктөнтүп, чырайына чыгаруу – ар бир инсандын мойнундагы ыйык парз , асыл аманат .
Интеллигент деп мен ушуларды айтып өтсөм , айылымда , мектебимде кесиптештеримдин арасында да мындайлар жок эмес . Бизге накыл сөзү менен жасаган мамилеси , көрсөткөн иштери менен үлгү болгон агай Ж. С. Улукбеков жана эжеке С.П. Токтобаеваны белгилеп айтып өткүм келет. Кыргызда макал бар :“Келиндин келгендегиси эстен кетпейт” -деген. Менин да жумушка жаңы келгендегим такыр эсимден кетпейт. Колдоо көрсөткөн жакшы сөзү менен жумушка тарткан ушул мугалимдер болгон. Коом карама-каршылыксыз өнүкпөйт дегендей , эгер алар дем – күч көрсөтпөгөндө мен оңой эле артка чегинип , сынмакмын. Үй бүлөдөн да колдоо болсо шыктанып , жакшы иштеп кызыгып , маанай сонун чарчаганын байкалбай да калат . Мен Дүйшөн Шаматовдун “Билим – бакыт канаты” аттуу китебинен конкурс болуп катышып калганда , таанышып окуп чыктым. Кызыгуум менен аябай жакшы окудум. Ошондо мектеп жетекчинин жаш мугалимдерди кандай жумушка тартып, мектепке орноштуруу , кыйынчылыктарды жеңип өтө алышына жардам берүү жөнүндө жазылганын окуп аларды эстедим. Менин жетекчилер ошондой жакшы адамдар экенин ошол китепке аларды жазып койгондой экенин айтып өттүм . Жаш мугалимдерди жумушка тартуу , аларды мектепти эле эмес мугалимдик кесипти таштап коюуга чейин барышынын алдын алуу керек . Мен да алардай иш көрсөткүм келет , менден кийинки муундарга үзгүлтүксүз жардамымды аябайм деп өзүмө сөз бергем.Үлгүлүү устаттардан болуп жүрө бериңиздер. Ыраазычылык билдирем жетекчилер!
Эмгегиңер эки эселеп кайта берсин!
Эли-журт колдоп - коштоп бата берсин.
Бийик максат багындырсын көп ийгилик ,
Билбегенди билдирген мугалимдерим.
Биз коомду оңдоп, коомдон интеллигенцияны алып чыгарабыз деп айтуу да өтө кыйын болуп калды . Саат сайын убакыт зымырап , мезгил алмашып , чагылгандай тез өзгөрүүлөр жана өнүгүүлөр болуп жатат . Улам эле бир окууду же китепти окуп , треньерлердин семинардык сааттарына барып катышып отуруп билимибизди жаңылоодобуз . Себеби коом , мезгил ошону талап кылып жатат . Коом өнүгүүдө жана өтө тез өзгөрүүдө . Технологиянын өнүккөн өскөн доору . Жаш өспүрүмдөрдүн билими , көз карашы , азыркы Z муундар ошол технологиянын адамы биз окутуп жаткан өспүрүмдөр . Алар төрөлгөндөн эле ошого калыптанып ылайыкталып технологияга тартылып чоңоюуда, өсүүдө .Башкарып да кетүүдө. Биз X муундун адамы болгонубуздан аларга көнүгүү, алар менен мамиле куруу бир аз оор кыйынга турууда. Эми алардын мезгили менен агым менен көнүгүп кетебиз деп ойлойм .
Корутундулап айткым келет аралыктан окутууга даяр болбосок да , техниканын тилин , түрүн изденип жатып өнүктүрүү , окуу кандай болорун мезгил тааныштырды. Санарип мугалим кылып бизди окутуп кырдаалдан чыгууга себеп болгон Асылбек Мадалиев агайга чоң ыраазычылык . Ар күн сайын өзүбүздү өнүктүрүү менен изденүү аркылуу психиологиялык да , маданият жагынан да , технология жаатынан да өнүгүп барсак .
Гапыр Мадаминов агайыбыздын эмгектери чет тилдерде которулуп , иштери тасма менен көрсөтүлүп жатканы да мага сыймыктай сезилди . Бул ар бир мугалимди кубантпай койбойт . Ушундай жолдо ийгиликтер менен бара берсек Лейлек мугалимдери Кыргызстанды гана эмес , дүйнөнү ээрчитип кетиши да мүмкүн .Билими эмгеги менен барктуу , даңктуу мугалимдерибиз аябай көп . “Аян” окутуу борборунда да салымын кошуп интернет тармагында күзгүдөй көрүнгөн Бакыт Шооруков агайды да айтып өтпөсөм болбойт .
Сөзүмдүн аягын залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун : “ Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”- деген сөзүнөн таасир алып , күн сайын тарбияланып , окуп , изденип , жакшы жакка өнүгүп өсүп адам бололу !