| 1 | Окуу ишмердүүлүгүгүн мотивдештирүү | Окуучулар менен учурашуу, жоктоо. Жагымдуу маанай түзүү. Сабакка болгон даярдыгын текшерүү. Кызыктуу маалымат суроо менен сабак башталат. Үй тапшырмасын суроо. Өтүлгөн тема боюнча суроо-жооп иретинде берилет. Бүгүн балдар мен силерди түстөр аркылуу топторго бөлүп алам. “Өнөрлүү бала” жомогунун суроолоруна жооп бергиле Балдар биз китепти көп окусак акылдуу, билимдүү жана адептүү болуп чоноебуз. Бүгүнкү сабакта силердин билиминерди жана билгичтигиңерди китеп менен баалайм. | Саламдашышат. Сабакка даяр келишет. Бири-бирин карап жылмайышат. Кызыктуу маалымат айтып беришет: Адам көзүн ачып чүчкүрө албайт. Адам чүчкүргөндө анын бардык булчундары менен катар жүрөгү да токтойт. Кызыл түс – Акыл, Жашыл түс- Билим, Көк түс –Адеп. Түстөр аркылуу үч топко бөлүнүшөт Карточкадагы суроолорго талкуу жүргүзүшөт Окуучулар топтордо иштеп көбүрөөк китепке ээ болууга аракет кылышат | Диагностика-к баалоо |
| 2 | 2. Билимди актуалдаштыруу | Дидактикалык чыгармаларга кайсылар кирет? Азаматсынар балдар! Демек дидактика грек тилинен которгондо өрнөктүүлүк, үлгүлүүлүк, үйрөтүүчүлүк деген маанини билдирет экен. Дидактикалык чыгармалар түздөн-түз акыл айтуу, адептүү жүрүш-турушка үндөө, ак ниет, чынчыл, эмгекчил, кайрымдуу, адамгерчиликтүү, боорукер болууга чакыруу максатын көздөйт. | Окуучулар оюн ортого салышат. Табышмактар Макалдар Жанылмачтар Үлгү ырлары Окуучулар тема боюнча билгендерин эркин айтып беришет. | Калыптандыруучу баалоо |
| 3 | Жаны билимди өздөштүрүү | Кыргыз элинде дидактикалык чыгармалар оозеки чыгармачылыктын маанилүү бөлүгүн түзөт. Адамга акыл үйрөткөн жана адептүү жүрүш-турушка үндөгөн элдик оозеки чыгармалардын ичинен макал-лакаптар “сөздүн гүлү”, “сөздүн чүйгүнү” катары бааланат. Анткени макал-лакаптарда адам турмушунун берген тажрыйбалары,негизги корутундулары эң кыска, бирок өтө таамай, курч, учкул, терең мазмундуу сөз тизмектери эки же андан көп саптардан турган ыр түрмөктөрү аркылуу айтылат. Макал менен лакаптын бири-бирине окшоштугу жана айырмачылыгы да бар. Окшоштугу: Макал да, лакап да турмуштан алынып,элестүү сүрөттөлөт. Айырмачылыгы: макалда айтылуучу ой аягына жеткирилип, айтылган ар бир окуяга корутунду чыгарылат. Мисалы, Билеги күчтүү бирди жыгат, Билими күчтүү миңди жыгат. Лакапта адамдын ою гана айтылып, корутунду чыгарылбай көмүскөдө калат. Ошондуктан лакап көбүнчө окшоштуруу, салыштыруу иретинде же бирөөгө таандык болуп айтылат. М: Шодокондун бүркүтүндөй шоңшоюп. Лакаптар уйкаштыкка анчалык муктаж эмес. Ал эми макалдар көбүнчө уйкашталып учкул тизмектешет. “ Адам оюнун, акыл-эсинин энциклопедиясы” болгон макалдар дээрлик дүйнөнүн баардык элине таандык. Жапон элинде: «Боекчунун шымы боелбойт», Авган элинде: «Карапачынын үйүндө бүтүн идиш жок», Адыгей элинде: «Кайышчынын камчысы жок», Кытай элинде “Желпигич сатчуу колу менен желпинет”, Вьетнам элинде: “Темир устанын чайыр кесе турган бычагы жок”, ал эми кыргыз элибизде: Устанын тогоосу жок» делип мааниси жагынан өтө жакын келет. Эмесе балдар бүгүнкү тема боюнча тапшырмаларды аткаралы. “ Ким тапкыч” оюну 1-тапшырма: Сөздөрдөн макал куроо. Алыс, азаптан, жигит, болот, адептүү Жокко, түн, күн, билими да Наадансын, болсоң, ыймансыз, ыймандуу, адамсың. болсоң. 2-тапшырма: Макалдардагы калтырылган сөздөрдү тапкыла. Бетке ..................................... жок Касапчы.........................сатат Жигиттин уялганы........................... ........................баатыр жоодо жок. Кеңешип .................................оорубайт Кыздын ...................................улук. 3-тапшырма: “ Адашкан тамгалар” | в | б | и | л | и | м | б | а | л | у | у | т | у | | и | й | н | е | ф | ч | м | е | н | е | н | ө | с | | з | л | к | у | д | у | к | ү | ш | ө | к | я | ы | | ъ | г | ж | ң | к | а | з | г | а | н | д | а | й | 4-тапшырма: Жомоктогу сюжеттүү сүрөттөргө карата макал айтуу 5-тапшырма: Макал айтышуу: (үч топ чынжырча түрүндө) Топтор чынжырча түрүндө макал айтышып таппай калганда кийинки топ айта берет. | Мугалимдин тема боюнча берген маалыматын кунт коюп угуп эске сакташат. Мугалимден билбегенин сурашат. Мугалимге суроо берүүнү үйрөнүшөт. “ Ким тапкыч” оюнунда берилген сөздөрдөн макалдарды курашат. Адеп тобу: Адептүү жигит азаптан алыс болот. Билим тобу: Билими жокко күн да түн. Ыйман тобу: Ыймандуу болсоң адамсың, ыймансыз болсоң наадансың. Ар бир топко макалдар жазылган ватмандар берилет, топтор өз ара кеңешип калтырылып кеткен сөздөрдү ордуна коюшат. Бетке айткандын заары жок Касапчы энесине сөөк сатат. Жигиттин уялганы өлгөнү. Үйдө баатыр жоодо жок. Кеңешип кескен бармак оорубайт Кыздын кырк чачы улук. Адашкан тамгалардын арасынан макал таап чыгышат.. “Билим алуу ийне менен кудук казгандай”. Жомоктогу сүрөттөргө карап ой жүгүртүп, ылайыгына жараша макал айтышат. Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн. Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат. Акылдуу болсоң озосуң, акылсыз болсоң тозосун. Топтор аракет кылышып, кайсы топ биринчи тапса упай кошулат. Топтор макал таап айтууга аракет кылышат. | Калыптандыруучу баалоо Калыптандыруучу баалоо |
| 5 | Жыйынтыктоо. Кайтарым байланыш. Үйгө тапшырма Билимин баалоо | Демек, балдар “Макал бар жерде акыл бар” демекчи макалдарды өз сөзүбүздө кошуп сүйлөгөнгө аракет кылып, адептүү, ыймандуу, билимдүү балдар- кыздардан бололу Бүгүнку сабак силерге жактыбы? Эмне биле алдынар? Макал-лакап жазылган кичинекей китепче жасап келүү (чыгармачылык менен). Окуучулардын жаны тема боюнча алган билимдерин текшерүү максатында баалоо баракчасын таркатып берет. (+, - коюп чыгуусун түшүндүрөт) Окуучулардын билими жекече жана топтук болуп бааланат. Топтун мыктысы табылат. (чогулткан китепчеге карата). | Окуучулар баалоо баракчасын толтурушат (+, - белгиси менен белгилешет) Тапшырманы Кызыктуу аткардым маалымат алдым
Мен Жагымдуу маанай Макал менен түздүм лакаптын айырмасын билдим Жаңы сабакка Сабак кызыктуу активдүү болду катыштым | Жыйынтык баа |