Сабактын темасы: Ырыс алды ынтымак
Сабактын максаты: Ырыс алды ынтымак аттуу жомоктун мазмунун менен таанышасыңар.
Өз алдынча суроолорду түзүп, жооп берүүгө көнүгөсүңөр.
Ынтымактуу болуунун баалуулугун сезесиңер.
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүу
Сабактын усулу: Интнрактивдүу топто иштөө.
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, интерактивдүү доска, сүрөттөр.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу
Үй тапшырмасын суроо
Алтын эреже
Сабакка көңүл бурабыз,
Мугалимдин сөзүн угабыз.
Кол көтөрүп сүйлөйбүз,
Бирөөнүн сөзүн бөлбөйбүз.
Жагымдуу маанай түзүү
“Ай чыкты карачы” ырын ырдашат
Ынтымактуу биригет,
Ынтымаксыз бөлүнөт.
Ынтымак элдин бакты бар, -демекчи азыр биз Алиппе сабагыбызды баштайлы.
Жаңы темага өбөлгө түзүү
Балдар сурөттөргө көңүл буруп карагылачы эмне байкап жатасыңар?
Биринчи жана экинчи сүрөттөгү болуп жаткан кырдаалдарды салыштыргыла.
Кандай окшоштуктарды жана айырмачылыктарды байкадыңар.
-Ооба, окшоштуктар экөөндө тең балдардын бири-бирине болгон мамилеси жөнүндө болуп жатат.
Адептүү
Акылдуу
Тартиптүү
Ынтымактуу
|
Адепсиз
Ынтымаксыз
Тартипсиз
|
-Ал эми айырмачылыктары биринчи сүрөттө балдардын мушташы бири бирине болгон туура эмес мамилеси, ынтымаксыздыгы, адепсиздиги жөнүндө болуп жатат.
-Экинчи сүрөттө болсо балдардын достугу, адептүүлүгу, биримдүүлүгу бири бирине болгон сый урматы жөнүндө болуп жатат.
-Балдар кайсы сүрөттөр силерге жакты?
-Ооба экинчи сүрөттөгү балдар жакты.
-Эмнеси менен алар өзгөчөлөндү? Бир сөз менен жалпылап айтып көргүлөчү.
-Ооба, алар ынтымактуулугу менен өзгөчөлөндү.
-Анда биздин бугунку өтө турган жаңы темабыз
“Ырыс алды ынтымак”
кыргыз эл жомогу
-Илгери тогуз уулду бир киши жашаптыр. 
-Балдарын ынтымаксыз экен. Бир күнү ынтымаксыз тогуз уулду бир бирден башка киши уруп кетишет.

Ошондо атасы тогуз табылгы алып келип: балдарым күчүнөрдү сынайын. ----Бул тогуз табылгыны тобу менен сындыргылачы?- дейт.

Бооланган тогуз тал табылгыны сындыра албай коюшат.
Байланган табылгыны чечип тогузунун колдоруна бирден берип:
-Эми сындырнылачы,-дейт.
Бирден сындырып жиберишет.

Анда атасы:
-Силердин келечегинерди ойлодум.

-Капа болдум. Ынтымагынар жок болсо, душмандар силерди жалгыз табылгыдай сындырып коёт.

Ушундан кийин тогуз уулу бирдиктүү жашаптыр. Эч ким буларга катыла албаптыр.
-Балдар жомок силерге жакты деп ойлойм. Жомокту угуп жатып эмнени элестеттиңер?
-Силерде кандай ой пайда болду?
-Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу табылдыбы? Өз алдыңарча ойлонуп көргүлөчү.
-Балдар жомокто силер түшунбөгөн сөздөр кездешти деп ойлойм.
-Анда кезекти сөздөрдүн дубалына берели.

-Бул табылгы тоодо өсөт. Сөңгөгү катуу. Көбүнчө кызгылтым түстө болуп, бадал өсүмдүкө кирет. Табылгыны сындырыш оор ал сынбайт. Илгери апаларыбыз табылгыдын жүн сабоо жасаткан. Аталарыбыз андан камчы жасашкан.
-Ал эми карыя тобу менен сындыргылачы деп айтпадыбы. Тобу менен дегени чогу баарын бир сындыр дегени. Дагы балдар жомокто бооланган деген сөз болду.
-Табылгылырды чогултуп жип менен же зым менен чогу бир байланганын айтабыз.
-Азыр балдар сүрөткө карата сүйлөп түзуп дептеринерге жазып алгыла. Сүйлөм баш тамга менен башталып аягына чекит коюлат.

-Балдар сүйлөм канча сөздөн түзуулду?
-Ооба сүйлөм беш сөздөн түзулдү.
-Кийинки сурөттү карап сүйлөм түзулө.

-Сүйлөм төрт сөздөн түзүлдү. Бул сүйлөм эмне жөнүндө айтылды?
-Ынтымак жөнүндө сөз болду.
-Эми ынтымактуу деген сөзгө тыбыштык талдоо жүргүзүп көрөлү.
-Бул сөздө канча тыбыш, канча тамга бар?

-Себеби созулма уу тыбышы бир эле тыбыш болуп кулагыбызга угулат. Бирок эки тамга менен белгиленет.
-Балдар эми жашынган соз оюнун ойнойлу. Азыр биз ынтымак деген сөздүн ичинен бир нече жашынган сөздөрдү табабыз. Ал үчүн биз сандардын өсүү тартиби менен сөз курайбыз.

-Азаматсыңар балдар силер жашынган сөздөрдү таба алдыңар.
Сабакты бышыктоо:
Эми окуган жомогубузду чыгарманын картасы менен бышыктайлы.

Мына балдар биз силер менен чыгарманын картасын түздүк.
-Балдар бул макалдарга көңүл бургула.

Ошондуктан балдар “Карынын сөзүн капка сал” –деп бекеринен айтылбаса керек.
Улуулардын сөзүн угуп алардын айткан акыл насааттарын дайыма аткакрыш керек. Алар силерди эч качан жаман жолго салбайт. Мен силерди жаман жолго барбайт деп ишенем.

Баалоо: Окуучулардын билимин баалоо.
Үйгө тапшырма: Жомокту окуп келүү. Макал жаттап келүү.
Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу сабагы»
№35 Жумабек Чаргынов атындагы орто билим берүү мектеби
Математикалык чемпионаттар
1а,б-класстар
Мугалим: Турукманова Гүлзар
Мурзаканова Гулжамал
Программа
1. .=
2.Мисал иштөө
3.кроссворд
4.кулп,ключ
5.Пазл чогултуу
Катышуучулар
1а-класс
1.Арунбаева Сумая 2.Мейманжанов Султан
3.Сапаңова Арууке
1б-класс
1.Калбаева Арууке 2. МаксымбековИбрахим
3.Шайлообекова Зейнеп
Саламдашуу
Саламатсыздарбы урматтуу түйшүктүү кесип ээлери болгон мугалимдер жана окуучулар.Бүгүн билим башаты,билим ачкычы болгон башталгыч, 1-классынын окуучулары менен биргеликте. USAIDдин”Керемет окуу”долбоорунун алкагында ”математикалык чемпионаттар”аттуу таймашка катышабыз.
Эң бир терең керемет бар илим кайсы?
Жер үзүндө бааланбайт анын баасы.
Предметтер талабын багындырган,
Математика илимдердин ханышасы-демекчи
Математика-бул адам рухунун эң күчтүү жана эң кооз чыгармасы.деп Стефан Банах айткан экен.
Калыстар тобу менен тааныштырып өтсөм
Төрайымы: Толубаева Б
Мүчөөлөрү: Калбаева С
Мүчөөлөрү: Жолдошбаева Б
Бала дүйнө бал дүйнө сулуулугуң,
Барктайычы наристелер улуулугун.
Бир үйдү шаар кылган балдар го дейм,
Буралычы балдарга көңүл нугун. Деп биринчи тапшырмага өтсөк.
1. тапшырмада окуучулар 10го чейинки сандарды салыштырышат.
белгилердин жардамы менен.
2.Математика турмуш менен тең кандаш,
Үйрөнгүнүн жашоо менен тең тайлаш.
Акыл эсти жай-жайына таптаган, Эсеп чыгар аны менен бел байлаш.
Ал эми бул бөлүктө окуучулар жаныбарларга жардам беришип,мисалдарды иштешет.
3.Математиканы сүйгөнгө- оңой
Күлгөнго татаал демекчи бул бөлүктө окуучуларыбыз
Кроссворд менен алектенишет.
4.Математика-көз карандысыз ой жүгүртүугө эң кыска жол-деп бул бөлүктө,ар бир окуучу кулптун ключүн табышат.
5.Пазл чогултуу
Жашоодо так болушту
Турмушта сак болушту
Достукка бек болушту.
Өмүр өтүп баратканын
Кеч кирип таң атканын
Баарлашып келишкенди
Соодалап чечишкенди дагы бизге математика илими үйрөтөт экен балдарым.
Балдарым бакыт гүлдөрүм,
Баарынар жүрөк сүйгөнүм.
Бала чактан умтулуп, билимиң болсун сүйгөнун.деп акындар айткандай билимдуу,акылдуу,адептүү балдар,кыздардан болгула демекчимин...
Сөзүмдүн аягында калыстар тобунун төрайымы:
Толубаева Бурул эжеге сөз берсек.
Көңүл бурганыңыздарга чоң
Рахмат!