СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Болчокторду кобойтуу

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

интернеттен алынды

Просмотр содержимого документа
«Болчокторду кобойтуу»

Сабактын темасы : Бөлчөктөрдү көбөйтүү


Отүү мөөнөтү:

Классы: 5М1

Сабактын максаты: 1. а) Бөлөчөктү натуралдык санга;

б) бөлчөктү бөлчөккө көбөйтүү;

в) аралаш сандарды көбөйтүү эрежелерин үйрөтүү;

г) өз ара тескери сандар жөнүндө түшүнүк берүү;

2. Бөлчөктөрдү көбөйтүү менен болгон амалдарды аткаруу

машыгууларын өркүндөтүү, бекемдөө. Бөлчөк , сан жөнүндө

түшүнүгүн кеңейтүү;

3. Биргелешип иштөөдө өз ара кызматташуу көндүмдөрүнө ээ

болушат.

Сабактын методу: Репродуктивдүү метод, интерактивдүү метод.

Сабактын тиби: Аралаш, жаңы материалды окуп үйрөтүү.

Сабактын формасы: Математикалык диктант, аңгеме сабагы, оюн сабагы.

Сабактын жабдылышы: Математикалык диктантка даярдалган баракча, үй тапшырманы текшерүү үчүн экранга чагылдырууга берилуучу электрондук вариантта даярдалган уй ишинин көнүгүлөрү, эреже мисалы менен жазылган плакат, скотч , жуптарды түзүү оюнуна керектелүүчү программа, топ кимге берилет оюнуна керектелүүчү магнитик футболисттер ( мисалдары менен бирге) , магниттик топ., билимдерин баалоо үчүн жылдызча, төрт бурчтук, үч бурчтук жана түз сызык.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу учуру:

1. Саламдашуу;

2. үй тапшырмасын текшерүү;

3. Таяныч билимдерин кайталоо;

4. Сабактын темасын жана максатын айтуу;

окуу ишмердүүлүгүн мотивациялоо;

5. Жаңы материалды түшүндүрүү, билимин жалпылоо жана

системалаштыруу;

6. Билимдерин бышыктоо;(көнүгүү жана матем-к оюндар аркылуу);

7. Сабакты жыйынтыктоо,баалоо, үйгө тапшырма.


2. үй тапшырмасын текшерүү: үй тапшырмасын текшерүү алдын ала электрондук варианта даярдалып проектор аркылуу доскага же экранга чагылдырылат.

Бөлчөктөрдү кошууга жана кемитүүгө карата үч маселе чыгарууга берилген.

3 маселе чыгарганга – « »

2 маселеге - 

1 маселеге - 

3. Таяныч билимдер

жана билгичтиктер: Көбөйтүү амалын кошуу амалы менен алмаштыруу,

бөлчөктүн негизги касиети, көбөйтүүнүн закондору,

даража, бөлчөктөрдү кошуу жана кемитүү.

Таяныч билимдерин кайталоо: (Алдын ала окуучуларга фамилиялары жазылган диктантка ылайыктуу баракчалар таркатылып берилет. Диктантты текшерууну окуучулар баракчаларын алмашуу менен бири-бириникин текшеришет. Текшерууну проектор аркылуу доскага чагылдырылып берилген туура жооптор аркылуу текшеришип, бааларын өздөрү коюшат.

Доскадагы жооптор жана баасы:



Математикалык диктант

1. Дурус бөлчөк 1ден чоң. (жалган)

2. 36/ 6 буруш бөлчөк (чын)

3. 2/10 кыскартылбас бөлчөк (жалган)

4. Бөлүмдөрү ар түрдүү болгон бөлчөктөрдү кошууда алымына алымын кошуп алым кылып, бөлүмүнө бөлүмүн кошуп бөлүм кылып жазабыз. (жалган)

5. 12 санынын эң чоң бөлүүчүсү 6 болот. (жалган)

6. Каалаган эки натуралдык санды көбөйтүүдө алардын ордун алмаштырганда көбөйтүндү өзгөрүп кетет. (жалган)

7. Эгерде сандын и 10 болсо, анда сандын өзү 30 га барабар. (чын)

8. 23 туюнтмасынын мааниси 8 болот. (чын)

9. Эки жөнөкөй сандын көбөйтүндүсү жөнөкөй сан болот. (жалган)

1 0. менен барабар. (чын)

Баалар: 10 туура жоопко –

8,9 туура жоопко - 

5-7 туура жоопко - 

1-4 туура жоопко - /

4. Сабактын темасын жана максатын айтуу; окуу ишмердүүлүгүн мотивациялоо;


Сабакка чейинки мотивация:- Бөлчөктөрдү көбөйтүүнүн турмуштук зарылдыгын

билүү;

  • Бөлчөктөрдү кошуу амалын колдонуу, жаңы бөлүмгө келтирүү;

  • Каалагандай сандарды көбөйтө билүү;

Милдеттер: - Бөлчөк сандарды натуралдык сан менен көбөйтүү;

  • Бөлчөктөрдү бөлчөктөр менен көбөйтүү жөндөмүнө ээ болуу;

  • Турмушта колдоно билүү;

Өбөлгөлөр: - Окуучунун ой жүгүртө билүүсү;

  • Көбөйтүүнүн таблицасын билүү;

  • Аралаш сандарды буруш бөлчөккө айландыра билүү;

  • Бөлчөкөрдү кыскарта билүү;


5. Жаңы теманы түшүндүрүү:

Д о с к а д а :

Тема: Бөлчөктөрдү көбөйтүү


I Маселе : ( Бул маселеде жалпы жолду бирдик катары

карайбыз да 9 барабар бөлүккө бөлөбүз.

1 үлүшү ге барабар).

1 саатта- бөлүк

4 саатта-? .

+ + + =


жообу: 4 саатта бөлүк.

Эреже: Бөлчөктү натуралдык санга көбөйтүү үчүн анын алымын ошол санга көбөйтүз да, бөлүмүн өзгөртүүсүз калтырабыз.


II Эми бөлчөктү бөлчөккө көбөйтүүнүн эрежесин чыгаралы:

Бөлчөктүн негизги касиетин пайдаланып төмөнкүнү алабыз.


Ошондуктан .



Мисал: 6 =



I

Эреже: Аралаш сандарды көбөйтүүдө аларды адегенде буруш бөлчөккө айландырып алып, көбөйтүүнү аткарабыз.


II

Мисал: 3

(көбөйтүүнү аткаруудан мурда кыскартуу жүргүздүк).

Бөлчөктү көбөйтүү үчүн натуралдык сандардай эле орун алмаштыруу топтоштуруу кошууга жана кемитүүгө карата бөлүштүрүү закондору аткарылат.

IV Айрым учурларда эки сандын көбөйтүндүсү 1ге барабар болуп калат.

Мисалы: ; ; ; ;

Мында ; сандарын

өз ара тескери сандар деп аташат.

Эреже: Көбөйтүндүсү 1 ге барабар болгон эки сан өз ара тескери сан деп аталат.







6. Билимдерин бышыктоо; (көнүгүү жана матем-к оюндар аркылуу);


Бир эле учурда кыздар компьютерде жуптарды түзүү оюнун , ал эми балдар доскада математикалык футбол оюнун ойношот.


Жуптарды түзүү. (кыздар үчүн оюн) Бул оюн компьютер менен ойноло турган оюн.

Кыздар бөлчөктөрдү көбөйтүүгө карата мисалдар жазылган карточкаларды компьютердин экранынан алышат.Ордуларынан мисалдарды чыгарышып, анын алдында жазылган бир нече жооптордун арасынан туура келүүчү жоопту тандап көрсөтүп, кийинки карточкага өтөт. Окуучулар көбөйтүүчүлөрдүн жана көбөйтүндүнүн маанилери боюнча туура барабардык келип чыккандай жуптарды түзүшөт.Мисалы, жана = . Туура барабардык түзүлгөндүгүн компьютер өзү текшерип, чыгаргандарына карата тиешелүү баасын коюп берет.



Мисал:


Тиркеме:

1. 5.

2. 6.

3. 7.

4. 8.


Топ кимге берилет? (балдар үчүн математикалык футбол оюну)


Дидактикалык максаты: Бөлчөктөрдү көбөйтүүнүн тиешелүү ыкмасын бышыктоо.

Жабдуу: Футболисттер менен дарбазанын сүрөттөрү.

Мазмуну: Машыгуу үчүн 5 класстын балдарын чакырабыз. Ар бир окуучунун өзүнүн номерин алат. Алар математикалык футбол ойношот. Окуучулар төмөндөгү эреже менен ойношот: топту тебүүнүн багыты мисал менен көрсөтүлгөн.Мисалды туура чыгаруу менен, топ кайсы оюнчуга бериле тургандыгын алар билишет. Топту берүүчү футболисттин номери мисалдын жообу аркылуу белгиленген.Алардын ичинен эң акыркысы топту дарбазага киргизет.

Көңүл бургула, оюн башталды!

- - номерлүү футболист топту кайсы оюнчуга берди? ( - номерлүү оюнчуга)

- Аны силер кантип билдиңер? ( )

- номер топту кимге берет? ( - номерге)

Футболист топту тебүүнүн багытын туура көрсөткөндүгү үчүн тиешелүү бааларын алат.


7. Сабакты жыйынтыктоо, баалоо, үйгө тапшырма.


Б аалоо: 1) Yй тапшырма боюнча баалоо:

3 маселе чыгарганга –

2 маселеге - 

1 маселеге - 

2) Математикалык диктанты балоо:

10 туура жоопко –

8,9 тура жоопко - 

5-7 туура жоопко - 


3) Кыздар үчүн жуптарды түзүүнү баалоо:

өз убагында жуптарын тапкандарга– « »

андан кийинкиге - 

башкалардан жардам алгандарга - 

жуптарын таппагандарга - /

4) Балдар үчүн математикалык футболду баалоо:

Топтун багытын тез тапкандарга –

убакыттын өтүшү менен кийинкилерге - 

жардам алгандарга - 

топту тебе албагандыгы үчүн - /

5) Жалпы баалоо:

- «5»

 - «4»

 - «3»

/ - «2»

Колундагы фигуралар боюнча бааларды кошуп, бардык иштеген иштердин санына

бөлөбүз. Бөлүүдө калдыгы 5 же 5 тен жогору сан болсо, тийинди б.а. баа 1ге чоноёт, ал эми 5тен кичине болсо, тийинди канча болсо ошол баа коюлат. Ошондо бүгүнкү сабак боюнча окуучу бааланат.


Yй тапшырма берүү: Окуучуларга үйдөн бөлчөктөрдү көбөйтүүгө карата сюжеттүү маселе түзүп келүү сунуш кылынат. № 572, 573, 574 калгандары.