Сабактын темасы: «Бугу эне» жомогу
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: чыгарманын мазмунун эстерине салышат, каармандарга мүнөздөмө бере алышат, өз оюн чыгармадагы окуялар аркылуу далилдей алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: сынчыл ой жүгүртүп, каармандарга өз баасын бере алат, талкууга катышып, өз оюн айта билүүгө көнүгөт.
Тарбия берүүчүлүк: Ата Мекен, жаратылыш, эл-журттун ыйыктыгын, аларды коргоо керек экендигин түшүнөт, кичи топтордо иштөө аркылуу бирин-бири колдоого, сыйлоого үйрөнөт.
Көрсөткүчтөр:
Жогорудагы коюлган максаттар ишке ашат, эгерде…
-жомоктун мазмунун толук билсе;
-өз оюн чыгармадан мисал келтирип далилдеп бергенге үйрөнсө;
-каармандарга, анын ичинде Бугу энеге кластер түзө алса;
-сынчыл ой жүгүртүп, каармандарга өз баасын бере алса;
-жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүү менен колдоно алса;
-Ата Мекен, жаратылыш, эл-журттун ыйыктыгын, аларды коргоо экендигин түшүнсө;
-кичи топтордо иштөө аркылуу бирин-бири колдоого, сыйлоого үйрөнсө;
Сабактын тиби: билимдерди жалпылоо
Сабактын усулу: кичи топтордо иштөө, «Блумдун ромашка гүлүн» колдонуу
Сабактын жабдылышы: Алтын эреже, сабактын максаты, баалоо таблосу, Блумдун таксономиясы, ватман, маркер, скотчь, А4 барагы, стикер
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу
Журнал толтуруу
Классты толуктоо
Класска жагымдуу жагдай түзүү
«Эне-Сай» ырын айтышат.
Окууучулардан үй тапшырмасын суроо аркылуу өтүлгөн тема боюнча алган билимдери текшерилет жана бышыкталат.
Класс 6 кичи топко бөлүнөт.
Үй тапшырма: «Бугу Эне» жомогунан алып тарткан сүрөттөрү каралат.
«Бугу Эне» жомогуна этап менен слайд аркылуу токтолуп өтүшөт.
1-слайд. Географиялык картадан Енисей дарыясын таап, куймаларын атоо
2-слайд. Орхон-Эне-Сай таш эстеликтери тууралуу маалымат
3-слайд. Кыргыз энелеринин кошогун угуу
4-слайд. Кан кууп келиптир» деген сөздүн маанисин чечмелөө
5-слайд. Майрык-Чаар-Жезкемпирдин лексикалык мааниси
6-слайд. Майрык-Чаар-Жезкемипр менен Бугу Эненин диалогу
7-слайд. Эне-Сай менен Ысык-Көлдун ортосун географиялык карта аркылуу көрсөтүү, кайсы жол менен келишин болжолдоо.
8-слайд. Кыргыздардын Умай-Эне тууралуу түшүнүгун талдоо.
1-тапшырма
Синквейн түзуү
1-топ. Бугу Эне
2-топ. Күлчө баатыр
3-топ. Бала
4-топ. Кыз
5-топ. Майрык-Чаар-Жезкемпир
6-топ. Хан
2-тапшырма
«Блумдун ромашка гүлү» менен иштөө
1.«Бугу Эне» жомогундагы башкы каарман ким?
2.Енисей тууралуу силер эмне билесиңер?
1.Окуя кайсы мезгилде болду эле?
2.Мен силерди туура түшүндүмбү, Күлчө баатыр эл-жерин коргогонбу?
1.Эмнеге нарксыз жоо салтты бузуп, аза күтүп жаткан элге кол салды?
2.Кандай көйгөй пайда болду?
1.Эгерде сен бала менен кыздын ордунда болсоң, эмне кылат элең?
2.Чыгарма эмнеге үйрөттү?
1.Бугу Эненин ордунда болсоң, кандай кадам таштамаксың?
2.Сенде кандай сезимдер пайда болду?
1.Бугу Эненин кылганы туурабы же туура эмеспи?
2.Каарманга кандай баа бересиң?
3.Окуянын жыйынтыгы кандай аяктады?
3-тапшырма
Калтырылып кеткен сөздөрдү таап, ордуна жазгыла. Маанисин түшүндүргүлө.
1-топ
… баары тынч эмгекти таштап салып, жоокерчилик, талоончулук менен күн көрүп калыптыр.
2-топ
Кең өзөндун жээгинде … .
3-топ
Мөмө-чөмө менен … жүрүп отурушту.
4-топ
Кыргындан аман калган кыргыздын тукуму бар экен, …. ! – деп эл сестенди.
5-топ
Экинчи кыргыз деген сөздү … .
6-топ
… экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум уласын деп мен ал жерди Теңирден сурап алдым.
(Кыргыз тукуму курут болуп кетээрде; кан кууп келиптир; буту менен басып, мурду менен тынгандын; өзөк жалгап; бырыксыган күл калды, каңырсыган жыт калды; кулагым чалбасын)
4-тапшырма
| Адамдагы оң сапаттар | Адамдагы терс сапаттар |
| | |
Сабакты жыйынтыктоо.
Рефлексия менен жыйынтыкталат.
Жашыл өң – толук түшүндүм
Сары өң – анча-мынча түшүндүм
Кызыл өң – түшүнө албадым
Окуучулардын алган билимдерин баалоо критерийдин негизинде
жүргүзүлөт. Окуучунун билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо:
- Берилген суроолорго так, туура жана түшүнүктүү жооп бере алышы;
- Оюунун жыйынтыктуулугу жана аны ирети менен айтып берүүсү;
-жомоктун мазмунун толук билиши;
-өз оюн чыгармадан мисал келтирип далилдеп бергенге үйрөнүшү;
-каармандарга кластер түзө алышы;
-жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүү менен колдоно алышы;
-Ата Мекен, жаратылыш, эл-журттун ыйыктыгын, аларды коргоо экендигин түшүнүшү;
-кичи топтордо иштөө аркылуу бирин-бири колдоого, сыйлоого үйрөнүшү;
Критерийдин градациясы:
--талаптын баарына жооп берсе «5»;
--бешөөнө же төртөөнө дал келсе, «4»;
--үчөөнө дал келсе, «3»;
--экөөнө туура келсе, «2» деген баа коюлат.
Үйгө тапшырма берилет.
«Бугу Эне» жомогуна SWOT анализ жүргүзүү
Таркатмалар
«Ооба», «жок» жообу менен жооп беришет.
1.Атам заманда кыргыздар Эне-Сайды жердешкенби? (ооба)
2. Бугу-Эне жана балдар Эне-Сайдан Ысык-Көлгө 1айда келгенби? (жок)
3.Майрык-Чаар-Жезкемпир балдарды сууга түртүп жибердиби? (жок)
4.Бугу-Эне адамча сүйлөйбү? (ооба)
5.Куш элге алаамат болорун айтты беле? (ооба)
6.Кыргыз элин Күлчө баатыр кырдыбы? (жок)