Просмотр содержимого документа
«"Бугу эне" жомогу»
Чыңгыз Айтматовдун « Ак кеме» повестинен алынган
«Бугу эне» жомогунан үзүндү.
Алып баруучу: Бул жомок эзелки окуя, атам заманда жер бетинде чөптөн кой көп, кургак жерден суу көп болуп турган кезде уруу-уруу кыргыз журту Эне-Сай өзөнүнүн боюнда жашап турган.
Кыргыз уруусунун айланасында кас уруулар туруптур. Эл мүң-күрөп турган чакта, капилеттен элге душман кол салды. Баарын кырып жок кырып жок кылды. Ошондо токой аралап кеткен ойноок бала менен секелек кыз гана аман калды. Ата-энесин издеп жүрүп, алар жоонун колуна түштү. Кыз менен баланы ханга алып барышат.
Хан: -Эй, Майрык Чаар Жезкемпир! Бул экөөнү Тайга токоюна алып барып, кыргыздын аты чыккыс, үнү угулгус кыл. Экинчи кыргыз деген сөздү кулагым укпасын. Кыргызга жер үстүндө орун жок, түбөлүк аты өчсүн!
Алып баруучу: -деп Майрык Чаар Жезкемпирге буйрук берди. Кемпир бала менен кызды жетелеп Эне-Сайдын жээгине келет.
М.Ч.Ж. – Оо, улуу дайра, Эне-Сай! Бул адам баласын муздак кой-нуңа ал. Жер үстүндө бул экөөнө орун жок.
- Кана коштошуп алгыла, балдарым. Кучакташкан бойдон кеткиле.
Алып баруучу: Майрык Чаар Жезкемпир кыз менен баланы сууга түртмөкчү болгондо, жан жактан бир үн чыгат.
Бугу эне: -Ашыкпа акылман чоң эне, күнөөсүз балдарды жайлаба.
М.Ч.Ж. – Сен кимсиң? Адамча сүйлөгөн.
Бугу эне: - Мен Бугу- Эне боломун. Адамча сүйлөбөсөм сен кайдан түшүнмөксүн.
М.Ч.Ж. – Каалаганың эмне, Бугу эне?